Куйручуктун ысымы кыргыз элине атактуу куудул катары белгилүү. Ал эми бул китепке а кишинин куудулдугуна айкалышкан акылмандык,
олуялык касиет-сыпаттары,
акындык, чечендик таланты жана башка артыкчылыктары жөнүндөгү элдик баяндар камтылды.
Эй, бу Куйручук! Эркалы Осконалы уулу
#2 29 May 2018 - 18:15
Китеп жөнүндө сөз
...байыртадан бери алпка, жоокерге күч берген куудулдук күлкүнү Көкөтөйлөр, Куйручуктар улады. Куйручук күлкүсү тек элдирселдир кеп, серең-сураң кыймылы менен кишини кытыгылабады. Кенен ойлонулуп, өз мезгилиндеги коом түзүлүшүн, кишилердеги кем-кемтикти, терс жоруктарды сын кароолуна алды. Калайыктын оюн айтты. Бей-бечералардын, алсыздардын муң-зарын бөлүштү. Каражемсөө атка минерлердин, алдамчы сүткорлордун, чала молдо дин бузарлардын, акынсынып ыр касиетин качыргандардын, куудулсунуп айыл арасында ит кубалагандардын чекелерине тийген ок болушту кеменгер Көкөтөйлөр, асыл Куйручуктар.
Куйручуктун иштеген жоругу, айткан кеби, кыймыларакети калктын дилинде тек куудулдук гана эмес, акылмандык касиетке ээ болуп келген.
Түгөлбай СЫДЫКБЕКОВ.

#3 29 May 2018 - 18:18
Бу китеп Куйручук жөнүндө. Демек, сөз оролу да Куйручук туурасында болмогу ийги.
Адам уулунун ашкан ашуу, баскан жолуна серп салсак, асан чакыргандагы өз аты өзгөрүп, жамы журт ысым берген адамдар кездешет. Албетте, мындай урмат-сыйга жөн салды эле пенделер арзый бербеси айдан ачык. Демек, ушунун соңунда «элдин уулу,
«элдик киши» сыяктуу түшүнүктөр баш багып тургансыйт. Ошолордун бири Куйручук. Өз аты Кудайберген.
Куйручуктай кыргыздын кыйырына таңкы чолпондой таанылган, оо дегенде оозунан сабак-сабак ыр чыккан, узун сөздүн учугун чубаса, албан түрлүү сыр чыккан, күлкүсү күндү батырган, тамашасы таңды атырган ак таңдай ырчылар, чебер ойлуу чечендер, жорго сөздүү жомокчулар, куйкум кептүү куудулдар элибизде арбын. Деген менен Куйручуктай көрөңгөсү ар кыл түстө көбүрүп-жабырган, көп кырдуу, төгөрөгү төп, төрт аягы тең жорго таланттарды санай келсең беш салааң жумулбайт, Ал киши не бир асылдуу сапаттарга эгедер экен. Куудул десең куудул, чечен десең чечен, акын десең акын, айтканы айткандай келген, дегени дегендей болгон олуя да тура!
Мына ушундай өлчөмсүз өнөр, касиеттерди өзүнүн өң» .боюна батыра алган Куйручукка таң калбай коё албайсың!
Элибиздин соңку мууну Куйручукту куудул катары гана билип келди. Ыраматылык Касымалы Бектеновдун «Куйручук» деген китеби эки ирет жарык көргөн. Жер жамандап барбасын! А кишинин жазгандарынан Куйручуктун өзү, эл сүйгөн сөзү, калк ичиндеги кадырбаркы, башка чамачаркы дааналанып көрүнбөй калган. Кукең тек гана
«купшундаган куудул», «байманаптарды шылдыңдоочу» катары көрүнөт. .Кээде, жомоктогу Алдар-Көсөгө да окшоп кетет. Чыныгы куудул, акылман Куйручук кыйла эле бурмаланган. Куйручук менен аралашып, чогуу жүргөн адамдардын аты-жөнү ачык жазылбаган. Албетте, буга ошол кездеги компартиялык идеологиянын ооздугу, чектеген эрежелери да себепкер болгондугу айкын.
Дагы бир айта кетүүчү кеп. Куйручук атайылап куудулданайын, элге куудул көрүнөйүн дебеген. Анын жашоо-турмуштагы жөндүү жорук-жосундары гана күлкүгө алынып, аңыз болгон. Ушул себептүү калк а кишини куудул да санаган.
Кыргыз элинде Көкөтөй, Жоошбай, Бекназар деген белгилүү куудулдардын өткөнүң билебиз. Булар Куйручукка өздөрүнүн куйкумдуу кептери, сөз тапкычтыктары жана күлкүлүү жоруктары жагынан окшошо алышат.
Бирок, Куйручукту алардан айырмалап, бийиктетип турган сапаттары жогортодо айтылган шык, жөндөмдөрү, ошол эле кезде бийлик ээлери менен жамы калктын урматына бирдей татыгандыгы. Мындай чоң абройго Куйручуктун кара кылды как жарган калыстыгы, акылмандыгы көтөрмөлөгөн. Ал ошол кезендин саясатынан алып караганда уруулар арасындагы элчилик милдеттерди да аткарган. Дайыма акыйкаттыкты туу тутуп, эл арасындагы талаш-тартыштарды эпке келтирген.
...Куйручукту акын дедик. Эмесе, мунусуна да токтоло кетүү жөндүр. Ал Суусамырда чоң ырчы Найманбай менен беттешип, аны жеңет. Тер-Жайлак жайлоосунда өткөрүлгөн ашта атактуу Токтогул баш болгон Эшмамбет, Курман, Коргол ырчылардын баарын бириктирип жеке өзү сөзгө жыгат. Ал кезде азыркыдай ажылдашпай орундуу кепке моюн сунуп калышчу турбайбы. Чүйдө кара жаак Калмырза менен беттешип, экөө катуу кармашын улантканда, ортого калыстар чыгып, аларды токтотуп, «эптүү сөз Куйручуктуку» дешет. Кыргыздар он алтынчы жылы Кытайга качып барганда өзүн акын, чечен санаган Түк баш манаптын соболуна ыры менен жооп берип, эл алдында башын шылкыйтат.
Ырас, ал акындыкты кесип тутуп, колуна комуз алып; эл аралап ырдаган эмес. Ошентсе да ылайыгы келген учурларда чоң ырчылардын денгээлинде ырдай алган; А чыны, аны акын көрсөтүп турган касиет — Кукендин ченде жок чечендигинен улам эмеспи.

#4 29 May 2018 - 18:20
«Куйручук Манасты, көбүнчө Семетейди эң бир сонун кынаптап, куюлуштуруп,
кара сөз түрүндө айтаар эле. Аттиң! Кагазга түшпөй калганы да!» — деп тамшанган карыялар азыр да бар.
Кайран гана киши! Олуялыгы, сынчылыгы жөнүндө айтып өттүк. Кукеңдин сөзү эм болуп, оорулуу киши айыкчу экен. Бала көрбөй зарлаганга батасын берсе, кабыл болчу дешет. Ошондой эле адамдардын тагдыр, келечегин алдын-ала жаңылбай айта алыптыр. Жарыктык, ооруп-сыркабай эле өзүнүн да өлөөрүн билиптир. Ал бул сапаттары жагынан Санчы сынчы, Калыгул олуя, Садыр аке, Кыдыр аке, Сыдык акелерге окшошот. Тээ илгеркидеги батасы журтту байыткан Бакай бабабыздын кудурет-касирети оошкондордун бири — Куйручук турбайбы!
Китепке жазуучулардан тартып, калк ичиндеги сөз билги, куйма кулак адамдардын
Куйручук туурасында уккан, билгендери топтоштурулду. Мурда кагазга жазылбаган, басмадан басылбаган баяндар арбын. Басма сөздөн изделип, иргелип. чогултулгандары да бар. Бу — чачылганды жыйноого жасаган аракет болду. Куйручук ар кыл адамдын кебинде, ар кайсы китеп, гезит бетинде кала берсе, анда Куйручук болбой калбайбы... Улам жүрө унут болбойбу. Ал эми улуу адам жөнүндөгү улама кептердин бир китепке бириккени оң эмеспи, окурман!
Эми окурмандар эске алуучу кээ жагдайларды айта кетели. Баяндарда айрым ысымдар арбын кездешет. Алар — Байзак, Көкүмбай, Мырзабек жумгалдык эл бийлеген кишилер, Канаат кочкорлук, Касымалы Ак-Талаалык, Чолпонкул чүйлүк, Түркмөн суусамырлык манаптар. Ал эми Шабдандын ысымы жамыга белгилүү.
Жогортодо аталгандардан Байзак жөнүндө саал кеп козгогонубуз жөндүү. Элдин айтымына караганда Байзак Куйручуктун келечегин көрө билип, анын эл ичиндеги кадырбаркынын жогорулашына түрткү болот. Эл аралатып, жол көргөзөт. Байзак өзү заманындагы зобололуу адам экен. Акылгөй, калыс жан болуптур. Кыргыз — кытай, кыргыз — казак чек араларын аныктоочу топту башкарыптыр. Чоң топ-жыйындарда Шабдан менен бирге Оң менен Солдун маселелерин чечүүгө катышыптыр. Орусиядан чен алыптыр. Атактуу Калмырза ырчы Байзакка төмөндөгүдөй учурашып ырдайт:
Манастын суусун Кытайдан, Талашкан Байзак аманбы? Кыргыздын каны Шабданга, Жанашкан Байзак аманбы? Хан Шабданга катарлаш, Олтурган Байзак аманбы. Ызаат кылып сөздөр,
Кол сунган Байзак аманбы? Кытайдан чекти бөлгөндө, Чен келген Байзак аманбы. Кыргыздын ханы Шабданга,
Тең келген Байзак аманбы?
Бейзак туурасында буларды айтканбыз, баяндарда анын ысымы көп учурайт. Окурмандар «Бу ким, ким болгон?» деп отурбай, анын жөнүн азыноолак билип. алсын дегенибиз. Байзакты замандаштары «баатыр», «ажы» деп да аташкан. Ошондуктан ушул эки аталыш тең жолуга берет.
Окурмандар эске алуучу эң негизги жагдай бу — Куйручук жөнүндөгү улама, айтым кептер эл ичинде кандай айтылса, ошондой, ыксыз бурбай-тербей берүү го аракет жасалды. Ашкере сөз жасап кошууга, көркөм фантазияларды көбүрөөк жамоого ниеттенбедик. Эл билген, эл сүйгөн Куйручук кайра элге өз баанаркы менен көрүнсүн дедик. «Акыңды билем десең жерине бар, чеченди билем десең элине бар» деген. Анын сыңары баяндардын басымдуу көпчүлүгү Куйручуктун мекени — Жумгалдан жыйналды. Китепте бирин-экин окуясы окшош баяндар бар. Анткени, ар ким өз чаркына, уккан- билгенине жараша кеп салат эмеспи. Ушул жагдай дагы эске алынды.
Китептин даярдалышына жардамдарын берип, кеп-сөздөрүн аябаган адамдар, авторлош болгондор тууралуу кыскача маалыматтар китеп аягындагы «Түшүнүктөргө» камтылды.
Эркалы ӨСКӨНАЛЫ уулу, китептин жаратманы.

#5 29 May 2018 - 18:21
КУЙРУЧУК АТКА КОНГОНУ
Анда Куйручуктун бала чагы. Жолоочулап келе жатып Байзак баатырдын айлына (Жумгалдагы азыркы Кайырма) туш болуп калат. Байзак баатыр адатынча бирин-эки айыл аксакалдарын чогултуп кызуу маек куруп дөңчөдө отурган экен. Атын четкерээк тушап, олтургандарга салам айтып Кудайберген да тигилердин катарына көчүк басат. Аксакалдар кызуу кепте, ортодо кымыз куюлуп ирети менен сунулуп турду эле, аңгыча тамак бышып калгандыгын билдирип колдорго суу куюлуп, сорпого удаа алдыга эт да тартылат. Баарына бирден устукан тийип, дасторкон үстүндөгү жашыраактары эт туурай баштайт. Эт туурагандарга кошулган Кудайберген арачолодо эт жегенге да үлгүрүп, эт туурап да башкалардан мурда бүтөт. Туураган эт алдыларына келгенде андан бир аз алат. Куюлган сорпосун ичип, колун ###### элден мурда табактан чыга берет. Аны көрүп калган Байзак баатыр дагы жесин дегенчелик кылып:
Туураган эттен алсаң боло, ал дагы?—десе;
Шумкар бир тойгон соң, экинчи кайрылып кол салбайт,— деп жооп берген экен Кудайберген. Жаш баланын көзгө сайгандай курч айтылган бул жообуна ыраазы болот Байзак баатыр.
Атаңдын көрү — ээй... Береги Курмучуктун сүйлөп турганын карабайсыңарбы, бул тегин уул болбойт,— деп Кудайбергендин ушул сөзү үчүн ат мингизип, өзүнүн эски чепкенин жаап: — Мындан ары келип тур, Курмучук балам,— деп узаткан экен.
Кийин Кудайберген адамдын оюна келбеген ар түркүн күйгүлтүк, куйкумдуу кылык- жоруктары аркылуу Байзак атагандай «Курмучук» эмес, Куйручук аталып
кетет. Ошентип, Куйручук деген аттын келип чыгышына түздөн-түз Байзак баатыр себепчи болгон.
«Куйручук бала кезинде ашкере тентектигинен улам «шумбала», «куйругу жок» атыккан. Ошол «куйругу жок» ылакап атынан бара-бара Куйручук аталып кеткен» — деген да элде кептер бар.

#6 29 May 2018 - 18:22
ЖАЗУУЧУЛАР АРАСЫНДА*
Күндөрдүн биринде Куйручук келиптир. Кукем эртең биздин Союзда болот деген сөз тарады. Кукемдин бул келиши — атайы кездешүү деле эмес, кадимки Кукемче келиш. Өзү
Т. Сыдыкбековдун «Күлкү жана өмүр» китебинен. Кыскартылып алынды.
доо койгон акындары кандай кишилер экен. Баш терилери оң, өздөрү салабаттуу, сөз казынасын ачкан кадимки акылмандарданбы? Не баягы эки сөздү эптеген, эбин таппай кепшеген жамакчыларданбы? Ошо «АКЫН» атанган эргулдарды өз көзүм көрсүнчү деп келгени бизге да сезилди. Себеби, эзил Кукем башкаларчылап ийменбеди. Бөлбүрөп чочулабады. Өз чөйрөсүн таап, өз дүйнөсүн ачып: көксөгөнүнө жетип, көңүлү көтөрүлгөн кишиче жарпы жазыла, пейлин төктү.
Анан Кукем жаркын жүзү менен өзүнө арбай берип, акылман кеби куйкумдуу айтылган сайын черим жарылды. Каткырыгым жаңырды. Өкүнүч жашым, каткырык жашын улады — каткырык жашы өкүнүч жашымды чыгарды. Бир менден эмес, бул укмуш жаш курбулардын көздөрүнөн да тамды.
Жоомарт келбетине жарашыктуу тармал чачын тармалданта саксайып кол жоолук алып, күлүп жатып көзүн сүртүндү:
Кайран кишиде кишидеги укмуш касиеттердин гүлү топтолгон тура,— деди өзүнчө эле кобурап. Анын бурап күлгөндүгүн байкаганы байкады. Байкабагандары каткырып жатышты. Кубанычбек санын чаап мүлжүңдөдү:
Бул балаңыз кандай? — деп акындардын бирин көрсөттү.
Кандай болсун... —деди Куйручук. — Куюлуштура меселдетип, тигил акындын сырт көрүнүшү менен анын ички дүйнөсүн атайылап, далайдан бери изилдеп жүргөн кишиче бир карашында ага мүнөздүү баа бере:
Сөзүн сыйласа, бу балам жамакчы, өзүн сыйлабаса аракчы тура. Эминесин айтайын...
Бу жолу күлкү анча үйдү жаңырткан жок. Мен күлгөн болуп Куйручуктун көрөгөчтүгүнө ичимен таң калдым. Чынын айтсам мени эмине дээр экен деп сактандым. Көрөрү менен кишиге мынчалык таамай баа берүүгө ар кимдин чактысы жетпейт дечи. Өмүр бою бирге өсүп, бири-бирин жеткилең тааный албагандар канча. Деле кишини бир көргөнүндө мүнөздөө, кантсе да акылман көрөгөчтүн баамы баамдар нерсе го.
Азыр көрөр замат Куйручук аке ар бирибизге таамай ат коюшу: тек болжоп айткан кеп эмес — ар бир акындын сырт көрүнүшүндөгү бир өзүнө таандык өзгөчөлүгү, анын ички дүйнөсүнө, акыл-эсине, кыялына, шыгына төп келген таамай аныктама. Чечен сез менен жамактап Куйручук акенин куюлуштура айтышы, кароолго дал тийген октой болушу бир эсе болсо, ал «октун» кишидеги жеке сапатты таамай ачышы эки эсе болгондугу күлкүнүн жаагын айырды. Себеби, бири-бирибизди кыйла жакшы билишкен биз, ошо жакшы билишип туруп эле бири-бирибизге мындай таамай мүнөздөмө бере алчу эмеспиз. Көрсө: чымчыкты касапчы сойгондой, киши дүйнөсүн көрөгөч акылман көрөт тура!
Жана Кубанычбек эшиктен жапылдап кирери менен эле Куйручук ага одурая карап өзү бизден сурады:
Бу арабанын четки тындай жулкунган кайсы бала? Касымаалы арсактап күлүп жооп берди:
Малик уулу Кубанычбек деген акын балаңыз ушу!
Ээ... — деди Куйручук аке, эбакыны эсине салгансып:—Жыгырма сегизинчи жылы Суусамырга Жайлоо Советине чыканактай кара бала келди деген эле. Бу замандын алпы Каба уулу Кожомкул анда төрага болучу деди эле. Ичкериден келген мейман деп ошо алп Кожомкул ушу баланы үйүнө чакырып жетилген кара козу союп, чаначка кымыз чайкатып сый эткенде... бу бала эки чанач кымызды эки ирмеп жутуп, бир козунун этин үч сугунуп, майланышкан уурттарын колунун сырты менен жанып:
Берген этиң ушул элеби?! — деп бошой калган чоң жыгач табакты тегеретип жибергенде. .. коркконунан өңү саруулап эси оой түшкөн Кожомкул алп араң сурады деген:
бул чыканактай кара балаңардын ата-энеси тирүүбү? —деп. Ээ бул баламды акын дедиң сен. Ооба, ооба. Акындын акылы тилинин учунда. Хихи... бир осол жагы: карды катуу тойгондо ал ырдаймын деп ырдай албай энтигип алчу эле. Кепти кепке улай албай
мертигип калчу эле. Ээ, кымыз ичип, эт жеште Кожомкул алптын жүрөгүн түшүргөн бала кеп даанасын эптеште кандай болду экен чамаң?..
Демейде, сынчы Өмүркул Жакишев айткандай: «Жаактууга жай бербес, жайдак атка бой бербес» Кубанычбек Куйручук акеге жооп айталбай, сары ооз балапанча ооз ачып акактагансыды.

#7 29 May 2018 - 18:23
Каткырыктан дубал титирегенсин жатты.
Баса: арабанын четки атындай жулкунуу акын Кубанычбектин жекече мүнөзүн укмуштай так элестеткенин көргүлө. Биз кийин жалгыз жүрүп ал аныктаманы эстегенибизде кадимкидей күлөбүз.
Кубанычбекке удаа үйгө Жоомарт кирди. Ага да одурая карап Куйручук өзү сурады:
Чөккөн кара бууранын тизесиндей бапыйтып өз чачын өзү тебетей этип, кийип алган бу — кайсы бала?
Бөкөнбай уулу Жоомарт акын деген балаңыз — деди Кубанычбек жапылдап. — Бу балаңыздын өнөрү ушундай, чачын тармалдатып, саксайтып башына кийип алат!
Ээ, чунагым, өтүрүк айтпа: «тармалдатып» деп. Энеси жорго кулундаган кулундун
жорголугу ошончо: — ал жорго кулак жапырып сүлкүлдөгөндө арткы туягы алдыңкыдан карыш сөөм ашык сермеле, соорусуна суу токтойт. Энеси күлүк кулундаган күлүк аркар аяк, тайган төш келип, марага жакындаган сайын көкүлүн күнгө карай сермейт. Кош аягы эликче каргыйт. Энеси — күлүк болсун деп төрөгөн бала эки тизгин, бир чылбырды кулуна алганда, кандуу ооз карышкыр болуп эки ийинин кажыйт. Алы келсе элдин, алы келсе айлынын, алсыз болсо, өз үй-бүлөсүнүн тынчын алат. Кара-өзгөй шум, кара жемсөө зулум атанат. Ак жүзүн көргөн карарып кетет.
Бу баламдын несин сурайсың. Энесинен тармал төрөлүптүр. Акын дедиң— акындыгы
нак! Айтса тили так. Жазса каламы өткүр. Эбелекти талаадан кубалаганчалык желденмеси өзүнө кесир этпесе, бу — тармал балама кудайым чоң өнөрүн бериптир. Өмурү болсо, өргө чабар кези алдыда!
Адегенде катуу чыккан күлкү тып басылды. Биз жакшы билген Жоомартка берилген мүнөздөмө калетсиз таамаи айтылды. Чынында эле жашынан өткүр чыккан Жоомарт акын бир аз алабармандыгы, калдастыгы, шашмалыгы ага дайыма «аяк тосуп» тургандай сезилчү мага. Жоомарт ушул шашмалыгын ченемдеп токтоо тартса, анын жаратылышындагы эрдиги эки эсе күч алаар эле деп ойлоочумун мен да.
Куйручук акенин Жоомарт акынга берген мүнөздөмөсү мени аябай таң калтырды. Себеби, Жоомарттын шашмалыгы мага эч жагычу эмес. Жада калса, ал бирге тамак ичип отурганыбызда башкалар алдына келген ашты жаңы эле иче баштаганда Жоомарт аяк бошотуп тура жөнөйт.
Ой кайда ашыгасың саксайып — десең:
Силерчилеп эле бышылдап олтурмак белем. Иш калды тиякта — дейт.
«Иш калды». Киши тамак ичкиче анын иши да күтө турат эмеспи. Жоомарт аны укпайт. Кайсактап, эки жагына карай сала шуулдап жөнөйт.
Жоомарттын ушул ашыкмалыгы — азыр Куйручуктун: «Эбелекти талаадан кубалаганчалык шашмалыгы өзүнө кесир этпесе...» деп айтышына төп келди го.
Туура алты жылдан кийин ошо шашмалыгынын кесепети тийип, машинеде күндө өзү отуруп жүргөн ордуна өзү олтурбастан ортодогу Аманкул Куттубаевдин ордуна озунуп отурушу машинеде кулаганда, кайран акын анын алдына басылып өмүрү үзүлдү...
Машине кулап Жоомарт каза тааптыр деген кабарды Райкан Шүкүрбековдон угар замат баягыдагы Куйручук акылмандын элеси көз алдыма келди: «Өмүрү болсо»... деген эле. Көрсө, ал акылман кайран Жоомарттын өмүрү кыска болоорун сезген белем!
Сөзсүз сезгендир, анын өмүрүнүн кыскалыгын Жоомарттын калдастак мүнөзүнөн улам Куйручуктуң баамчыл акылы гана байкаган экен. Акыл ченеми — акылга сыя элек эмеспи.

#8 29 May 2018 - 18:23
Кантсе да баарыбыздан кийин Мукай кирди күңгүрөнө, саал күлүндөй.
Куйручук Мукайга тике карады. Үндөбөдү. Жоомарт жаак терин кол жоолугу менен сүртүн: — Бу балаңызды кандай дейсиз? — деп сурап койду.
Э, кандай деймин. Өңүнө жараша ичи бар экен — деп койду Куйручук тек.
Бу жолу эч кимибиз күлбөдүк. Кичинесинен жетим өсүп, өзүнөн кичүү ини, карындаштарынын түйшүгүн көп тарткан Мукай ойчул, баамчыл. Адабиятка баарыбыздан эрте түшүнгөн, китепти баарыбыздан көп окуган, ары акын, ары жазуучу Мукайды чынында эле бир көрөр замат так баалаш кыйын болчу. Бети чаар, иреңи суук өңдөнүп туруп, ойлуу жылмайышында өзүнчө сүйкүм жылдыздуулук бар. Күңгүрөнгөн ойчулдуктун көзгө урунаар-урунбас сүйкүм көлөкөсү чаарды чайып турат.
Ошондон улам: «Өңүнө жараша ичи бар экен» дегенди Кукем оң мааниде — ойчул, акылман киши дегени экенин не бир көргөн көзгө өңүндөгү чаарды көрө коюп: «Өңү чаар
ичи да чаар» дегени экенин эч бирибиз: «Ачык айтыңыз» деп сурай албадык.
Кукем да күңгүрөндү. Мукай да күңгүрөндү. Жаратылышы эки башка бул эки адамдын күңгүрөнүштөрү бизге табышмак бойдон калды...
Эске алар жагдай: киши аргандай көрүнүштөрдүн тереңдигин, мазмундуулугун анча эске тутпай тек мүнөздүү, кызыктуу учурларды супсак эскерип калары да, мага ошол жолу сезилди. Ага, биз кийинки жылдары тек Куйручуктун Кубанычбекти — «арабанын четки атындай жулкунуп» дегенин, Жоомартты: — «Чачын чөккөн кара бууранын тизесиндей саксайтып... » — дегенин гана эске тутуп, андан башка эчен бир кишини ойго салар, кишиге таалим-сабак болор кеп-сөзүн кармай албашыбыз күбө болот.
Келген акын-жазуучулардын бардыгына Куйручук өз сынын берип, күлкү канат күүлөгөн сайын Касымаалы Жантөшев чеченсип, улам туурадан чыгып, Кукемдин өзүнө тийишкенсип жатты. Ага кайран киши камырабады. Тек укмаксанга салып коёт да, кебин улайт. Маалмаал кана Жоомарт күйкөлөктөп: — Кукеме тийишпеңизчи, Касыке...—деп коёт. Касымаалы аны тоотпойт. Мурунду ышкырта тартып айылда бирге өскөн курбусунан бетер Куйручукка сүйкөнөт: чеченсип, куудулсунуп, куйкум сүйлөп, Куйручук менен айтышкысы келет. Ушинткен Касымаалыны жактырбадыбы, не аны тоготподубу, сактандыбы? Айталбаймын. Азырынча Куйручук ага эч сын айтпады. Тек аны байкамаксан болот. Кепти меселдете айтат. Каш-кабагы түктүйө, сакал, муруту чачырай түшкөнү — болумушка,
дүйнөгө, өмүргө, ой жүгүртүп дайым ойдун көлүндө тереңдеп сүзгөндүгүнүн күбөсү экени байкалат.
Мен мурда келгендиктен эртеден бери Кукемдин оң жагында, диванда олтурган элем. Тек жыргап ачыкжаркын: күлүп олтурганым болбосо, оозумдан анча Кеп чыкпады. Касымаалынын жаакташканы мага да осол көрүндү. Бирок, Жоомартчылап ага ачык айталбадым. Билбеймин. Балким, бул менин мүнөзүмдөгү кемтигимдир: кишиге тыңсынып жаакташуу, кеп-сөз талашуу менде анча боло бербейт. Бирөө осолдук кетирсе, аны көрмөксөн калуу, уялтпоо: «Өзү сезип, өзү байкаар» деген ойдо калуу, курулай айтыш-тартыштарда тек өзүм менен өзүм болуп, өз оюма алагдыланып олтура берүүм бар.

#9 29 May 2018 - 18:24
Сын берүүчүлөргө Кукем сынын айтып күлкү сээлдепзалча тымый калды эле, ошол эле Касымаалы артисттенип кепти тактап айтып мени көрсөттү:
Куке, мабу жаныңызда унчукпай олтурган балаңыз жөнүндө эмне айтасыз? Жанагы
«Кең-Суу» китебин жазган ушу...
Куйручук жүзүн мага бурду да меселдетти:
Э бу баламдын несин сурайсың. Ачык кабак, жайык төш азаматтын жаркыны. Жамандык келбес колунан, жакшылык кетпес оюнан, ою тунук турбайбы. Бет алганын бөктөрөр деми күчтүү турбайбы. Унчукпаса, төп сүйлөр кеби күчтүү турбайбы! Бу баланын несин сурайсың!
Бу жолу эч ким күлбөдү. Замандаштар тым-тым болушту. Билбеймин. Аларга Куйручуктун мага айткан сыны ашыкча сезилгенин, неанчейин айтылган кеп болгонун. Ошол бир айтылган бойдон мага берилген бул сынды эч ким эскербеди. Ошол жолу жонумдан тер кетип, кандайдыр бир осолдук сезип жымкалганым боюнча өзүм да ушул
кырк үч жылдан бери эч эскербедим. Тек: «Кукемдин берген сыны төп келер бекен» деп ошондон ушул кезге дейре өзүмдү сынаганым сынаган.
Касымаалы, Мукай, Кубанычбектен башкаларыбыз бойдокпуз. Тигил үчөө Куйручукту үйлөрүнө чакыралбады. Турмуш кыйла оор мезгил, ошентсе да бир кишини киши болгондо да Кудайберген — Куйручук сыяктуу акылман куудулду өз төрүндө меймандап, эсил киши менен чер жазыша маектешүү — ал кишинин жакшылыгын алуу баа жеткис белек болучу. Жөн белек эмес: замандар бою калктын акылмандыгын сактап, өнүктүрүп келаткан баа жеткис руханий белек!
Айрыкча, кеп-сөздү өзүнө курал эткен акын, жазуучу үчүн бул издеп табылгыс жолугушууну биздин үйлүу-жайлуу курбуларыбыз пайдалана албады.
Жоомарт, Алыкул, Касымаалы, мен — төртөөбүз ал күнү Куйручукту базардагы ашпозго баштап барып меймандадык. Өз үйүбүз болбогон менен колдон келишинче
сыйыбыз сыйдай болду. Манты, лагман, пало алынды.
Жоомарттын калдастыгынын пайдасы ушул сыйда көрүндү. Аны биз толуктап, жарпыбыз жазылып кенен отурдук. Ичимдик аттуу болгон жок. Аны Куйручук каалабады. Аш төрөсү — мантуу, пайгамбар жеген күрүч, анан мынабу кесмеси узун жарыктык лагманды ачуу аралаштырып адал тамакты макрөөлөбөйлү. .. Башыңар жаш балдарым. Ат мертигип аксайт, азамат жутунуп аксайт. Ынсапырыс төрөйт. Кишини ит этчү ачкөздүк менен арамдык. Ачкөз менен арамдын колунан келичү иш — жамандык?!
Өнөрлүү — жамандыкты өзүнө үйүр этсе, ошо өз өнөрүн өлтүрөт. Өнөрү өлгөндөн кийин ал өзү тээ Кызарттын белинде күнгө күйүп курумушу. Анын куну жок — өңү өчөт, өзү өлөт...
Заман силердики. Башыңар — жаш. Үмүтүңөр — алда! Токтогул айткандай, өнөрлүү болсоң, өргө чап, балдар! Эки аяктап басып, киши атын алып жүрүшүп ит болгондор аз эмес...
Куйручук ушул насыят кебин айтып жатканда Касымаалы ага өз лакабын улап туурадан кошулганын токтотподу. Адатынча үндү кырааттап, артисттенип бирде орундуу айтса, бирде осолураак айтып куудулданды. Анда-санда гана Жоомарт күлүп:
Касыке, Кукеме тийишпеңизчи — деп коёт. Ага Касымаалы көнбөйт. Бир кезде Куйручук Касымаалыга одурая карады.
Ушу сени энең кандай күнү төрөдү экен?.. Эчэчтекеден элес албагаң Касымаалы мактана кетти:
Мени энем орок оруп жүрүп эле талаада төрөп, өзү киндигимди кесип, өзү этегине ороп үйгө келген экен!
Куйручук тек күлгөнсүдү, тек кобурап койду:
Олда сенин энендин сабасынын кеңдиги ай?! — деп.
Кеп айтамын деп айталбай Касымаалы оозун ачкан күйүндө акактап калды. Жоомарт күйкөлөктөдү:
Мына, ушуну укмаксыз, Касыке. Кукем менен айтышпа дебедим беле...
Биз тек күлгөнсүдүк. Күлкүбүз — күлкүгө окшободу. Касыкемдин осолдугу бизге да доо кетиргендей болду. Балким ошону сездиби? Алдындагы аштан ашыкпай ала отуруп Куйручук кеп салды:
Айланайын зайыпзат асыл го! Үйүндүн күнү, балдардын энеси. Жаркын жүзү күлө караганда алдыңа жылуу илеби тиет. Терс карап уйкуда жатканыңда эки далыңдын ортосуна башын катып, бышбыш ал да уктап жатса, жылуу деми саа кубат берет. Бу — эрдикатын эки жуп, бири-бирисиз күн көрө алабы? О, кыйын кезде зайып эркексиз күн көрө алат. Эркек жөн кезде да зайыпсыз темтейип калат. Бу айланайын зайып зат — адам баласынын ЭНЕСИ эмеспи!
Ушу кебинен кийин тамакка бата этип, биз Кукемди узаттык.

#10 29 May 2018 - 18:25
КУДАЙ БЕРГЕН*
Чынчынына келгенде кыска элдин кыйырына, узун элдин учуна кеңири таанымал Куйручук — кыргыздын сүймөнчүгү, ардагы. «Куудул атым — Куйручук, Кудайберген өз атым» деп өзү жардаган. Ырас, куудул атагы алты дубан Ала-Тоо аймагына түгөл маалымдалып, кыргыздын касиетин, сыймыгын көтөргөн.
Кунручук! Төрт тарабынан төп келип, «жигитке жетимиш өнөр аздык кадат» деген макалды аркалаган артык талант. Жаралгандан итий оорусу, бечел азабы, энеден жетим, аларга кошулташыл көр турмуштун жабырын тартып, жан багуунун жолун издеп, жаштайынан айлаамалдуу тапкычтыгы, муң бас тайманбастыгы, азапкордукка чыдамкайлыгы, акыры жеңип чыккан эпчил азаматтыгы аркасында чыңалып бой жетет.
Саран байларды, дүйүнөпоз соодагерлерди илме кайып амалдар менен таш каптырып, тамакаш, буюмкийимдерин тоноп, өзү сыяктуу ачжыланач томояктарды тоюнтупкийинтет. Ошентип, жардыжалчылардын, эзилген көпчүлүк букаранын калканчына айланат, кадырбаркы көтөрүлөт. Токмоктогу өзбек, кыргыз соодагер, байларына жалданып, малын айдашып Анжыян, Букарды аралап, өспүрүм чагынан шаар, элет жаатындагы дөөлөт менен жардылык, кызыл кулактык менен момундук, зулумдук менен көз карандылык эришаркак жашаарын баамдайт. Салтанат, кайгы, аштой, кыз узатуу, жаштардын оюндарындагы кыйла каада, жөрөлгөлөргө катышып, сөөлөттүү акылман, санжыргалуу ырчы, жомокчу, комузчу, чоорчу, кыякчы, көз боочу, дарчыларды куштарлана тыңдап таасирденет. Эңиш, сайыш, күрөшкө чыгып, эл намысына жараган балбандардын күч таймашына, ыкмаларына көз айрыбай ыкласы түшөт.
Табиятынан зээндүү, ички кудурети күчтүү (али чети оюла элек), толукшуган жигит Куйручук дал жогоркудай көптүн абийирин коргогон эразаматтардан болууга шерденет. Кара жанын карч уруп, адамдык сезиминдеги, боюндагы жабык сырды четинен өнүктүрүп, чубап чыга баштайт. Тили жатык акындыкты, «Манас» баштаган дастандардан да чолуп, жеке кыргыз эмес, өзбек, казакча өлөңдөр менен ашуулардан, тамашамыскылдардан айта баштап, комуз, домбура, дутар кылдарын коштотуп топту аралап, калайыктын жарп жазарына айланат.
Чукугандай таамай чечендиги, чынчыл сөздөрү, даанышман кыраакылыгы, элдин таламын талашкан калыстыгы артып, бара-бара чоң топторго аралашат. Кызыл тебетей эл башы аталган барктуу манаптарды жыйын учурунда тайманбай беттеп, башкалар даабаган жүйөлүү, кептүн кыбасын кандырган акылман сөздөрү аркылуу ийине келтирип, саяк Байзак, сарбагыш Шабдан манаптардын алкоосу менен «мындан ары Куйручуктун айтканы эки делбесин» жардыгы аркасында сыймыгы көтөрүлүп, даңазасы оңсолго тарайт. Ажат ачар калысы катары Байзак баатыр, Көкүмбай манап, ыктуу учурда Шабдан төрө шыноорлотуп, тамаша шыгына канып, кээде өзүлөрү да мазактоосун көтөрүп, Куйручукту аттаптондоп кадырлашат. Көп далилдин ичинен сөзүн, тамашасын анча алик албай, тоңдоосун тарткан Шабданга сыр көргөзүп, акыры чочутуп, тон жамынып ат минген, сапарчылоого кошо жүргөн учурундагы нөшөрлүү, чагылгандуу жолдогу жоболоңун келтирели. «Жаан басылганча береги айылга кайрылалы баатыр» — дегенине Шабдан болбойт. Шөмтүрөп үшүгөн Куйручук амал ойлоп алдыга чабат. Чагылган чартчурт жаркылдаганда атынан сулк кулайт. Шабдан эки жигитин чаптырат. Алар башын көтөргөндө Куйручук араңжан кыңылдайт.
Баатырга угузгула. Тилимди албай убалыма калып, каныма забым болду. Мага чагылгандын огу тийди. Балдарым жетим калды. — Шалк этип эстен танат.

#11 29 May 2018 - 18:27
Шабданга жигиттери керезин угузушат. Баатыр кейип, бөктөрүнчөктөгү нооту чепкенин чечтирип «өлүктү» ороп, анылга өңөртүп келет. Жапакеч мырза «атпай кыргызга маалым куудул Куйручукту ээрчитип жүрүп өлтүрүптүр»,
кайрандын
«таңтамашасынан айрылдык» — деп жаманатты болуудан чочулап, кара ашына мал сойдуруп, башка үйгө «өлүгүн» койдуруп, Жумгалга кабар жөнөтөрдө акмалагандарды
* Ш. Бейшеналиев. «Кыргыз маданияты» гезитинен.
үркүтүп, нооту чепкенди жайкалта кийип, «тирилип» сыртка чыгат. Анын опуртмалуу тамашасына элейген элге кошула Шабдан башын чайкап ыкшып күлөт.
Тентек, мени аябай коркутпадыңбы? ! Ушинтип да мазактайсыңбы? Анда Куйручук мурутунан жылмая:
Э, Баатыр! Калайыккалктын бакиси сизден коркот. Сиз менден бир жолу корксоңуз не болмокчу?
Тентек мындан кийин мени мазактабай жүрчү. Мени коркутканыңды эч кимге атпа. Ооз бастырыгына үстүңдөгү чепкенге кошо ат мингизем — дейт Шабдан.
Куудулдун шарапаты менен кулкутандар кара ашка союлган этке тоюнушту. Эл оозунда элек жок. Шабданды кантип коркутканы дароо тарабаспы. Мунусу сыпайыраак тамашалоо. Ал эми залимирээк, мытайымыраак төбөлдөрдү алсак, кетментөбөлүк Керимбайды, кочкорлук Канаат ханды, куланактык Касымалыны, атбашылык Казыны,
көлдүк Чыныбайды ж. б. сараң сасык байлардын жагымсыз, кунаса жорукжосундарын келекелеп, ырайымдуулук, ызаат, айкөлдүк, кайрымдуулук сындуу касиеттерге чакырып, жуйөөгө жыккан, уяткарган окуялары арбын.
Куйручуктун куудулдугун арттырган касиеттин дагы бири — адамдын сырт келбети менен ички маңызын (албетте, тиешелүү кишиге, ыктуу учурда), абалкы Санчы, Толубай сынчылардын жөрөлгөсүн улантып, таамай мүнөздөмө аркылуу сүрөттөгөнүндө. Өңгөнү коёлу, өз аймагынын азуулу манабы, мартабасы артып арааны жүргөн Көкүмбайды сынап бер, сенин жалтанбас, адил, кыраакылыгынды байкайлы дешип дөөгүрсүгөн кыйла манаптар бир жыйында кысмакташат. Куйручук эч тартынбастан Көкүмбайды. бадырая тиктеп туруп минтип сынаган: «Маңдайы жазы, балбан төш жолборстой мараган, көзунүн асты менен караган, имерилип кайтадан элин кайсаган, канча жесе тойбогон, жардыга жарты кашык аш арттырып койбогон, букараны камырдай жууруган, бүркүт кабактуу,
мүнүшкөрлүк адаттуу, кан тырмактуу, кара жемсөө залимдин бирөө. Анын эмнесин сынайын».
Куйручуктун чынчылдыгына, таасын аныктоосуна кыбасы канган манаптар бир ооздон жактырышканда Көкүмбай да аргасыз күлө багып, ичинен тыныптыр. Куйручуктун эр жүрөк, эл намысын көтөргөн баатырлыгынан кайпыта сөз кыпчыйлы. Аш, тойлордо айтылуу лөк балбандар менен кармашууга далайлар жүрөк заадаланып даабаган учурларда Куйручук шымаланып чыгып, а тургай айла, илээ менен бирде букача жер чапчып булт коюп, мант бердире чарчатып, бирде ашынган атаандашынын көзүнө насбай бүркүп, же топурак, кум чачып карайлатып жыккан жоруктары эл оозуна айтылуу, кагазда жазылуу. Баатырлык, ыкмачы балбандыгы жагынан элдин, мыктылардын батасын алган. Бул жаатында Куйручук өзү 1938жылы гезитке жарыяланган эскерүүсүндө 27 жашына
чейин 18 жолу күрөшкө түшкөнүн айткан.
Куйручуктун даңазасын толуктаган касиеттин мыктысы — акындык дарамети. Анын айтыштарга түшкөнү, жарчы болгону, «Манас» айтканы белгилүү. Болгондода атактуу Найманбай, кара жаак ырчы Калмырза менен айтышып, жеңген аңазалары талашсыз. Кыскача, мисал келтирели. Найманбай менен Суусамырдагы жыйында айтышкан. Солтонун манабы Чолпонкулдун шыкагына бөлөнгөн Найманбай өз тарабын мактап, саяктарды кордоп, анысы аз келгенсип өзүн көтөрө чалып:
Мен Балыктын уулу Найманбай,
Кудай берген жел сөздү
Мен айта берем ар кандай.
Бир сөзүмдү карасаң,
Сөөмөй менен сайгандай,
Бир сөзүмдү карасаң,
Каргылуу кара тайгандай — деп опурулат.
Куйручук да жооп иретинде өз жагын жактап, солтолордун кемтигин чукуп, бирок кайраштырбоого, ынтымакка үндөп:
Саякты кордоп кетесиң,
Солтону зордоп нетесиң. Айбанмын деп көп айттың, Айбан болсоң чөп салам. Тайган болсоң бок салам,
Сенин ичиңе эми чок салам,— деп
жайлоодо чогулган элдин шатырашатман колдоосу менен мөрөйу үстөмдөйт.

#12 29 May 2018 - 18:28
Калмырза менен айтыштын жөнү мындайча. Шабдан Мекеге жөнөөрдө Токмоктогу мечиттен кошбеш айтышып узамакчы болуп, ар дубандын мыктыларына алдынала күн болжоп кабарлайт. Мыктылар чогулушат. Байзактын тобунда Куйручук да келет. Чогулгандарга Шабданды, Сарбагышты мактап Калмырза заңкылдайт:
Аман барып, аман кел, Ак боз бээни жүз сойсо, Атын Шабдан жүз койсо, Казак менен кыргыздан Алды чыкпас сендей эр... Адигине уруунун
Арбагы ооган катынга,
Анын эмнесин айтам батына, Пайдаң тийип турчу эле Алты болуш саякка,
Окус көзүң өткөндө Пааналашат каякка?..
Куйручук ызаланып жулунат. «Калмырза өзү ким? Тентип, кумарпоз болуп жүргөнүн козгоп, оозун бас кылайын» — дейт. Байзак тыят: «Ашыкпа, кези келет. Кудай жолуна аттанган Шабданды тынч жөнөтөлү».
Кийин Көтмалдыда топ болот. Ошондо да Калмырза ырдап, бугу, саяктарды кемсинте шыбыргактатат. Ошондо теминген Куйручукту Байзак: «Эми ортого чык. Баягы мен айткан кезек эми келди. Катыра кайтар жообуңду»,— деп жөнөтөт. Куйручук анын айбын чукуп, качан болсо Шабдан жакты мактап, башкаларды кордогонуңду койбодун, ырк бузаар чагымчылсың деп жаалуу капшырат. Калмырза айтышууга жутунат. Куйручук:
«кел айтышалы, анан күрөшөлү, ооз омуртканды омкором» — деп опурулат. Шабдан токтотот. Чыныбай Шабдан менен Байзактан өтүнүп калыстыкка чыгып, ортодогу Куй- ручуктун ок колунан, Калмырзаны чакырып сол колунан кармап туруп, экөөнүн ырын териштирип, Куйручуктуку жүйөөлүү экендигин далилдеп акча уучтатат. Мындан кийин асылышпай ырдашкыла деп ажыратат.
Айланчыктап барган Калмырзага Шабдан да нааразыланган имиш: «Ар качандан бир качан уятка калтырасың, качан мени макта, башкалардын мыктыларын жаманда дедим. Акыры өзүң топто сындын. Насаатчыл ырчылыкка өтчү мындан ары».
Куйручук акындык өнөрдү ыйык, асыл касиет катары урматтаган. Ооз көптүрмө кур жамак, кунарсыз сөз кураштырамыш этип, биринен сала бири өтүп жарылдаган ырчы сөрөйлөрдүн тизгинин кагып, Кетмен-Төбөдөгү бир ашта Куйручук төмөнкүдөй шаңкылдап тыйган:
О Түнкатар, Түнтөй журт экен, Түтүнү сайын ырчы экен.
Төрт болуш элде ырчы мен, Биздин Жумгал тынч экен.
Куйручук акындардан Токтогулду барктаган. Тоголок Молдо менен көзү өткөнчө азилдеш, сырдана катышын үзбөгөн. Өзүнөн кичүү Калыктын ырчылыгын, чынчылдыгын, Багыштын манасчылдыгын жактаган.
Куйручук жашында гана эмес, кадырбаркка карк толгон кезинде да капшапка капталып, куугунтук, ыза, кордук көргөн. Баарыга кызмат өтөөчү элдик таланттардын душмандары, кордоочулары ачык да, астыртан да кол салуудан тартынбайт. Тап күрөшү
айтышкан советтик социалисттик түзүлүш чыңалып жаткан, 30жылдардын башында калк шайыры Куйручукту «кезегинде бийлөөчүлөрдү жандаган, оокаты тың» деп кулакка тартышкан.
Калк кастарлаган Куйручукту андай ызалоодон атактуу акын, коомдук ишмер, партиянын Кыробкомунун мүчөсү Аалы Токомбаев 1934жылы Кочкор, Жумгалга партиялык тазалоо өнөктүгүнө топтун жетекчиси болуп барганда таланган мал-мүлкүн кайтарып, мүңкүрөгөн абалын ондоп, кулактыктан куткарат. Бул окуяны элден, Жумгалдагы кадырман мугалим, кечээ жакында гана көзү өткөн Кудайберген Карымбаевден (ошондо А. Токомбаевге шериктеш болгон) иреттүү уккам. Аалыке өзү да эки мертебе кандайдыр адамга, болгондо да өнөр кесибиндегилерге жакшылык кылуунун кайтарымы өзүнөн болбосо да акыйкаттан, башка бирөөлөрдөн жасаларын акылмандык канаттануу сезим менен айтканын күндөлүгүмө түшүрүпмүн, эсиминен да чыкпайт.
Өзгөчө Куйручукту кулактан куткаргандан кийин экинчи ирет жолугушуусу кызык болгонун, көңүлүнө жылуу илеп чөгөргөнүн бериле баяндоочу Аалыкем. Көрсө Куйручук, биринчиден, адамдык ыраазылык парзын туйгузса, экинчиден, сезимтал кадырлуу акынга өмүр бою оюнан чыккыс сынсыпат аныктамасын айткан экен.

#13 29 May 2018 - 18:29
Ал мындайча.
А. Токомбаев узакка созулган азаптуу, ушакайыңдуу, талаштартыштуу партиялык катарды (коммунисттерди) тазалоо Кочкордо аяктап калганда жолдоштору менен атчан Кызартты ашып, Жумгалга сапар тартат. Капысынан туу жондо күбөлөнгөн ак тон кийген Куйручук тосуп чыкпаспы. Жергесине Аалынын келерин бирөөлөрдөн укканбы же сырлуу жарыктык божомолдоп туйганбы, кантсе да табышмактуу, ызаттуу жолугушту. Жылуу учурашып, ашуудан ылдыйлап, шар аккан терең сууну жиретип алга "кечүү баштаган Куйручук жалт карап Аалыга сүймөнчүк менен баарына угуза: — Өкүттө калган чөлдүн бүркүтүндөн болгон кагылайын! — дебеспи.
Ат жалында, ээрде шаңкайган, ошондо отуздагы келишимдүү Аалы азаматтын бүркүттөй, болгондо да чөлдүн кыраан, алгыр, тумшугун жанып, өкүттөсүн кандырууга шукшурулуп көккө атыларын, демек, олжосу али алдыда ченсиз, кыраан талантты каймана мааниде келиштире, эркелете сынсыпаттаганын кара!
Сырт дидар менен ички дараметти чакмактай, элестүү, жасемдебей баалоо олуя чалыш Куйручуктун баамчылдык касиетинен болуу керек. Анын сыноосунан жеке Аалы эмес, кийинчерээк 1938жылы өнөрпоздордун олимпиадасы убагында алдыңкылардан аталган кыргыз жазуучуларынын кыйласы таанышууга, бир чети сынатууга үстүнө кирип учурашып, өз сыпаттарын угушкан. Албетте, дароо көпчүлүккө маалымдалган. Бу саам сыналган үчөөнө гана токтололу. Шайдоот, чечкиндүү, кажарлуу Кубанычбек Маликовду
«арабанын четки атындай жулкунган азамат», мүнөзүнө жарашаталанты толкупташып
буркулдаган Жоомарт Бөкөмбаевди — «чуудалуу буурадай дуудар чач эргулум», оюнкараак, тамашакөй, жайдары окторулган Касымаалы Жантөшевди — «кагылайын, сен энеңдин ичинде кантип жаттың экен?» — деп жардангандарды күлкүгө карктантып, ооздон түшкүс, айтылып каларлык, ар кимине мүнөздүү сапаттарды дал таап сын берген, касиеттүү Куйручук. Ырас эле жогоркулардын жүрүмтурумунда, келбеттеринде Куйручук далдап айткан сыпаттоолор даана банкалчу.
Арийне, ар бир зор талант сыяктуу эле Куйручук бүткүл калкыбызга таандык.

#14 29 May 2018 - 18:31
КУЙРУЧУКТУН БАЛА ЧАГЫ
Алты жыл бутум баспады.
Кудайберген — Куйручук эмчектеги кезинде итий менен сыркоолоп, дарты өтүшүп кетип, муунжуүнгө түшүп буту баспай калат. Апасы айылчылап же бир жакка жумуштап кеткенде төшөгү кургак турсун үчүн атайын жасаттырган чонураак бешикке уулун бөлөп кетуүчү болот.
Айыт күнү экен. Алты жаштагы Кудайбергенди курсагын тойгузуп, баягы бешигине бөлөп апасы айыттап кетет. Көпкө узабай коңшу айылдан айыттап жүргөн кызкелиндер шарактап үйгө кирип калат. Үй ээн эле.
Айт маарек болсун!..
Ботом эч ким жок го...—дешип шыңкылдашат. Аңгыча Кудайберген бешиктен башын чыгарып, «Силердин да айтыңар маарек болсун!»— дептир чоң кишини кичирейтип койгонсуп. Тиги кызкелиндер саамга делдээ калышып, анан чурулдап үйдөн качып чыгышат.
...Кантип коркушпасын, бешиктеги «ымыркай бала» көз ирмемде чоңоё калып, сүйлөп жатса...
* * *
Кудайберген алтыга толуп, жети жашка оогондо буту бассын деген тилек менен атаэнеси ырымжырым жасайт. Айылдын четиндеги ээн коктуга баланы алпарып таштап, бир үйүр жылкыны туштуштан жапырып, үркүтүп аны көздөй айдашат. Дүпүрөп, тебелечүдөй болуп келаткан жылкылардан коркуп Кудайберген тура калып чуркап кетет. Аркан бою чуркап барып кармана албай кайра жыгылат. Ушундан кийин азаздан таяк менен басканга жарап, үч айдан соң өзү биротоло басып калат. Кийинчерээк, жетиге чыкканда мунусун айылапага жамактап ырдайт:
Абайлап уккун жашкары, Алты жыл бутум баспады. Атаңдын көрү бечел деп, Атакем бир күн коктуга, Алпарып мени таштады. Алымбайдын жылкысы, Айгырлары алышып. Кулунтайы жарышып, Жампайып жаткан шордууну, Жалпайтып кете жаздады. Ошондо чыккан туугандар, Мынабу эки буттун таскагы — деп элди күлдүрөт.
Карыжаш эрмектеп «ээ Кудайберген баягы ырыңды айтып койчу?» — дешсе, тартынбай ырдап берет.
Кудайберген тогуз жашында апасынан ажырап калат. Ошондо: Кайсактап издеп таппадым,
Кайгырып көздү жаштадым. Кагылайын апаке ай, Каргадай жалгыз жетимди, Какшантын кимге таштадың? Элеңдеп издеп таппадым, Эчкирип көздү жаштадым. Эмине кылам апаке ай,
Эрмегиң жалгыз мен элем,
Эми кимге таштадың? —
деп кошуп, өзү менен кошо элди дагы ыйлаткан экен... түтүк түгөткөн сүт, түтүн чыккан мүрзө
Энесинен эрте ажыраган Кудайберген атасынын жакын тууганы Чыныбийдин үйүндө башпааналап жүрүп калат. Козуулак кайтарат. Талаадан чоң капка тезек терип үйгө ташыйт. Чыныбийдин аттарын сугарат, жемчөп берет. Эшикэликти шыпырат. Уй, эчки саагандарга жардам берип, музооулактарын салып берет. Айтор, түйшүгү түмөн. Түнкүсүн жаткан орду эски боз үйдүн бир жак капшыты. Чыны акеси малжандуу, бардар,
зобололуу адам. Бирок, жетим иниси менен анчалык иши жок. Көңүл салбайт. Жанын жанга уруп, жамбашын жерге уруп үйдөгү, сырттагы жумуштарды ынтаасы менен бүткөрүп турса дагы Кудайберген анын аялы Айымбүбүгө жакпай койду. Ушундан уламбы, көп учурда чала тоют болуп, курсагы куркурап турат.
Ошондой күндөрдүн биринде Кудайберген жакшы амал ойлоп тапты. Суу жээктеги жоон камыштан кесип, түтүк жасап алды. Эл кызуу уйкуга киргенде ошол түтүгүн алып, акырын жылып чыгат, Чыныбий аялы экөө жаткан ак өргөөнүн бир ыптасы чий каланган ашкана экенин жаземдебей билет. Ашканада чарачара бышкан сүт болоору да ага маалым. Боз үйдүн туурдугун саал өйдөлөтүп түрөт дагы, баягы түтүгүн кереге көздөн чарадагы сүткө сойлотот. «Курсак ток, кайгы жок» деп, кымыңдап кайра барып, өзүнүн төшөнчүсүнө кирип кетет.
Эртең менен Айымбүбү чыгдандын ичине баш багып чоочуп алат. Таң калат.
«Капырай, бу эмнеси? Сүт кыйла бөксөрүп, каймагы бузулуп калыптыр... Кызыгың түшкүр... Эшик деле байлануу болуучу. Бу эмнеси? — дейт ою онго бөлүнүп. Эртеси, анын эртеси да ошондой болду. Чыныбийге айтсамбы дейт. Казанаяк катындын жумушу эмеспи деп кагып салабы деген ойго кетет.
...Ортодо үч күнү чыгдандагы сүт абалкысындай бузулбай турду. Бирок, үч күндөн кийин кайра да эки ирет удаа кайталанды. Айымбү эми корко баштады. «Шумдугуң кур! Деги бул эмне деген сыр, эмне жышаан? Жакшылык эле болсо экен...» Акыры чыдабай эрине айтып көрсө, мурда ойлонгондой кагуу жеп калды.

#15 29 May 2018 - 18:32
Эл кеп кылып жүрчү ар түрдүү, коркунучтуу имиштерди эстеди. Түндөсү чыгданды көзөмөлгө алуудан да чочуду. Айылападагы кемпиркесектерди чакырып баабээдин жасады. Жок. Бул ырымы да жардам бербеди. Эки-үч күнү тынчып калат деле, чарадагы мелт-калт сүтү кайра бөксөрөт.
Арачолодо Кудайберген дагы бир жаңы жоругун баштады. Козу-улак кайтарып жүргөндө, тезек чогултканы барганда жолдон обочо калың мүрзөнүн дал жанындагы топтошуп өскөн чийлерди түбү менен омкоруп, улам кичинеден көңдөйлөтүп каза берди. Эртеликеч бош боло калгандагы эрмеги ошол. Арадан он чакты күн өтүп, жер алдындагы жашыруун кепе дагы даяр болду. Үстүнө талчырпыктан жаап, чымдан калыңдап, топурактан жок билгизбей таштап, түтүн чыккыдай тешик калтырып, өзү сойлоп киргидей ооз жасап, түптүү чийди омкоруп эшик жапкыч кылып, айтор, оюндагысындай «үйгө» ээ болду.
Келим-кетими, коногу көп Чыныбийдин үйүндө кой-козу тынбай союлуп турат. Ал тургай апта кур болбой, тай да союлат. Жоон топ коноктор келсе бээ союлган күндөр болот. Кудайберген момурап жүрө бербеди. Союлган койкозулардын керчөө, шыйрактарын, бирден-экиден жилик эттерин билгизбей жер үйүнө ташып келип жүрдү. Кээде жылкынын чучугун апкелип, баканга илип же унталканга солоп сүрсүткөнгө да үйрөнүп алды. Тамакашы бапыраган эмелер муну кайдан билсин. Шек алышпады. Ал эми Кудайберген чычымдын дайыма курсагы ток. Жер үйүнө жамбаштай жатып, күндүзү жегени шишкебек, кээде сүрсүгөн чучук. Түнкүсүн нчкени сүт.
Чарадагы сүттүн баймабай бөксөрүп турганы Айымбүбүнү жедеп жүрөк заада кылып бүттү. Акыры кудайарбактарга багыштап куран окутайын бир ылаажы болоор деп чечти. Атайы молдо чакыртып, айылдагы карыкартаңдарды алдырды. Бир жандык мал сойдуруп, этин бышырып мүрзөгө келишти. Жаңы эле тасмал жайылып, молдо куран окуй баштаганда үстү ачык эски мүрзөнүн жанындагы үч түп чий түбү менен кошо кыймылдап, сексеңдеп калбаспы... Шамал деле жок. Бардыгы эле карап калышты. Чийлер чын эле жер менен кошо кыймылдап жатат. — Шумдугуң кур ай! Дагы эмне балээси...— деп Айымбүбү ойлогучакты болбой жер алдынан итче улуган үн угулду. Бардыгы келме келтирип, элеңдей орундарынан тура баштаганда мышыкча чаркыраган үн чыгып, баягы чийлер түбү менен өйдө көтөрүлүп, жер алдынан түрү суук арбактын башы көрүндү. Дыркырап баары качып жөнөштү...
Шумдуктуу кабар тез эле айылдын баш аягына тарады. Айыл ичи уудуу, күбүршыбыр. Көбүртүпжабыртьш, кошмолоп кеп кылгандар мындан көп. Эми ар бир үй мүрзөгө келбей эле үйүйдөн арбактарга куран окута баштады.
Бул окуядан үчтөрт күн өтпөй дагы бир табышмактуукабар угулду. ...Эки атчан баягы эле мүрзөнүн жанынан өтүп келатышып, эски көрдөн кадимкидей бурулдап түтүн чыкканын көрүшүптүр. Элдин үрөйү учуп, башы маң. Кудайга жалынып, тобо келтиргендер, куран окуткандар көбөйдү. Акыры айыл аксакалдары кеңешип, дагы бир жолу түп көтөрүлө көрүстөнгө барып кудай жолуна, арбактарга ак боз бээни курмандыкка чалууну эп көрүштү.
...Молдо кырааты менен куран окуп жатты. Көпчүлүк кыбыланы карап, алакан жайып, бата кылды. Бу жолу элдин арасында Кудайберген да бар эле.

#16 29 May 2018 - 18:33
КӨНӨЧӨКТӨГҮ КАЙМАК
Куйручук бала кезинде бир байдын үйүндө козу байлап, кой саадырышып, тезек- куурай терип жүрүп калат. Күндөрдүн биринде баягы байдын үйүнө кудайы конок болуп кадырлуу киши келип түшөт. Конокко бай чоң урмат көрсөтөт. Козу сойдуруп, кымыз чайкатып өздөрүнчө конок үйүндө күтүмүн келиштирет. Маек куруп кечке жанында болот.
Куйручук кирипчыгып оокат жасап, кеч киргенде от жагып, ага улам куурай таштап, жарык берип турган болот. Ушу убакта баягы конок Куйручукту тиктеп: — «Бай тетиги балаңдын көзүндө кеп бар» — дейт. «Жок коногум, баламда кеп жок» — дейт бай. Ага болбой коногу мурдагы сөздөрүн кайра кайталап, байды ишендирүүгө тырышат. «Бул киши менин көзүмө асылды да калды, буга бир сыр көрсөтөйүн» — деп Куйручук ичинен толгонуп калат.
Бай менен айылдаш бир жесир кемпир боло турган. Ал кемпир абдан тажаал, беймаал, чатак чыгарганга өтө жакын киши болучу. Куйручук ошону эсине алат. Ал аңгыча зт желип, чай ичилип дегендей жатаар маал келет. Керели кечке кымызга, этке, майга нык тойгон конок башы жаздыкка тиер менен уйкуга кетет. Ошол кезде Кукең акырын эшикке чыгат да, кемпирдин үйүнө шырп алдырбай кирип, кереге башында илинип турган көнөчөктү каймагы менен көтөрө чыгат. Кайра келип коноктун колдорун, оозун, сакалын каймак менен аябай майлап, калган каймакты көнөчөгү менен жанына коёт да, ордуна келип жатып алат.
Эртең менен болот. Бай эрте туруп, даарат алууга киришкенде, баягы кемпир бакырыпөкүрүп байга келет.
Ой тынччылыкпы? — деп делдейет бай.
Кайдан тынччылык болот! Баягы сенин куураган куу жетимин көнөчөктөгү каймакты көтөрүп кетиптир! — деп чырылдайт кемпир.
Бай «көрөлүчү» деп түндүк жабууну кайра тарттырып, кемпир экөө боз үйгө кирип келишет. Келсе, көнөчөк коноктун төшөгүнүн жанында турат. Аны кемпир көрө салып:
«Катыгүн бай, каймакты коногуң өзү жеген тура»— дейт дагы алаканын шак коюп эшикке чыга качыптыр. Алардын бакылдагы менен конок ойгонот. Бай коногун карап, «Оо кудай урган түндө тойгон жок белең? Уят эмеспи» — деп чыгып кетет. Ак жеринен күйгөн конок башын көтөрүп: «Ой жашабагыр десе, бу эмне кылганың ыя?» — дейт. Кукең болсо, «Өзүң жеп алып анын эмнесин мага айтасың» — деп култуюп жатып алыптыр.

#17 29 May 2018 - 20:00
АЛА ЖАТ, БАЛАМ
Субан деген байдын жалгыз баласы өлүп калат. Энеси Калыйча баласына кыркашы берилгиче эле чоң күмбөз салдырып, айланасын коргондоттурат. «Балакатка жетелек балага, неге мынча опсуз жумуш кылышат?» — деп эл да жактырбайт аларды. Бул аз келгенсип, Калыйча күн сайын эртең менен көрүстөнгө барып, күмбөздү кучактап «ала
жат, балам, ала жат» — деп ыйлай берчү адат табат. Агатуугандары, абысынажындары, молдотбакшылар кой десе болбойт. Ай айланса дагы Калыйча бул өнөкөтүн койбойт.
«Капырай ыйлап атып, эми тирилтип алмак беле... ой, обу жок катын!» — дешип айыл- ападагылар жаман көрөт аны.
Бул кабар Куйручукка угулат. «Кой, Калыйчаны экинчи ошоякка баргыс кылайын» деген ойго келип, бир күнү көрүстөнгө андан мурда барып ак кездемеге оронуп, бетибашына топурак сүйкөнүп алып, күмбөздүн бир капшытына жатып алат.
Аңгыча Калыйча келип, күмбөздү кучактап: «ала жат балам» — деп ыйлай баштайт. Бир топ убакыт өткөн соң ыйлапыйлап башын көтөрөт. Ушул маалда ак кийимчен сөлөкөт
«Апаапа! Келиңиз! Келиңиз, ала жатайын» — деп колун сунуп аны көздөй басат. Калыйча бир бакырып алып, арт жагын карабай качат. Үйүнө
келип, өналеттен кетип жыгылат. Тилден калат. Байдын заманасы куурулуп
«байбичемден дагы ажыраймынбы? » — деп чочулайт. Садага чаптырат. Куйручук да түлөөнүн этинен эл менен кошо жеп билмексен жүрө берет.
Калыйча он чакты күн төшөктө жатып, араң тилге келет. «Ала жат балам» деп айткыс болот.

#18 29 May 2018 - 20:02
ЖЫЛГЫС КЫЛЫП ТУШАДЫМ
Кетмен-Төбөдөгү шоңколордун айылынан бешалты киши Чыныбийдин үйүнө конокко келет. Кудайбергенди кечинде аттарды тушаганга жумшашат. Аттарды алып жөнөгөндө коноктордун бирөө:
Айланайын эртең издеп убара болбойлу, жылгыс кылып тушай көр! — дейт.
Уктуңбу, Кудайберген? Жылгыс кыл! — дейт Чыныбий дагы тигинин сөзүнүн удулун бекемдеп, эч нерсени таназар албай.
Макул акелер! Жылгыс кылайын...— деп Кудайберген аттарды алдына салып, оттуу жерге алып барат. Анын «жылгыс кыламын» деген жообуна алиги конок дагы, Чыныбий дагы маани бербей кала беришет.
Кудайберген аттарды тушап отурбай эле, макисин алып чыгып, баарынын тең толорсугун «чыртчырт» кесип салат.
Эртеси «коноктордун атын алып кел» десе, жылгыс кылып салгам, кантип апкелем деп барбай коёт. Чыныбийдин ачуусу тарагыча, качып кетет. Аттарды алганы келишсе баары тең бир орунда тегеренип чын эле жылбай калышыптыр.
...Айласы кеткен Чыныбий конокторунун ар бирине бирден ат мингизип, айылдарына жөнөтөт.
Кудайбергенди тилдесе: — Андан артык кантип жылгыс кылам? Тушаган ат жылмак тургай, кош аяктап секирбейби. .. Өзүңөр айткандай кылдым да — дептир ал жооп берип.

#19 29 May 2018 - 20:03
БЫЧАКТАРЫ ЖАЛАҢДАГАН КОНОКТОР
Дагы бир күнү Чыныбийдикине алыстан сыйлуу коноктор түшөт. Казан асылып, чай ичилип, кымыз сунулуп дегендей, конок ырасымы жасала баштайт. Кудайбёргён эшикте эт бышырып, самоорго чай кайнатып, кээде үйгө баш багып коноктордун чоожайын байкап, кызмат кылып жүргөн болот.
Эй жигит, эт быштыбы? — дейт бир маалда үйгө баш баккан Кудайбергенге меймандардын бири.
Бышайын деп калды аке — дейт ал.
Эмесе тезде. Эртең эрте жолго аттанабыз, айланайын! Суупууңду ырастай бергин — деп аны баласынтат. Баласынтканы ошол да... Кыргыздын адатсалтында келген конок казанаякка кийлигишпейт. Конок каадасы менен отурат. Бул, бир чети ошол үйдү сыйлагандык да эмеспи.
Бала болсо дагы баарын жакшы түшүнгөн Кудайберген «булардын өздөрүнө жараша иш кылайын» деген ойго келет. Эт али быша элек, казанда. Бирок, Кудайберген кумган, чылапчынын көтөрүп кирип, коноктордун колуна кыдырата суу куят. (Ал кезде коноктор эт кесип жей турган бычактарын өздөрү ала жүрүшчү экен). Бычак, макилерин кошо жууп, табак тартылаарын күтүп, даярданып олтуруп калышат. Эт мына тартылат, жок. Ана тартылат, жок. Чай кайнам убакыт өтөт. Коноктордун чыдамы кетет. Бири-бирин карап, бул эмне кылгандары дегендей кыязда эшик жакты улам карап олтура беришет. Бычактары колдорунда. Эт желмейинче, кайра чөнтөккө салган дагы салтта жок. Айтор, айлалары түгөнөт. Бир маалда «кандайсыңар коноктор» деп Кукең үйгө атайы баш багып коёт.
Ыя айланайын тамагың кана? — дешет тигилер чыйпыйы чыгып.
Колуңарды деги жууп алдыңар, отура тургула эт бышсын, бышканда жегиле, акелер деп Кудайберген эшикти жаап салат.
Аңгыча Чыныбий келип: — Конокторду байкап чыктыңбы? — деп сурап калат. — Байкадым. Бычактарын жалаңдатып олтурушат, баары тең жарынып өлчүдөй болуп,— дейт Кудайберген. «Бул дагы эмне балээ баштады» деген ойдо үйгө кирсе, чын эле баары тең бычактарын колдоруна кармап олтурушуптур. Конокторго сыр бербей Кудайбергендин жоругуна Чыныбий аргасыздан күлгөн болуптур.
* * *
Мунуң дайыма сизди элге уят кылып жүрөт. Ушундан кутулбайсыңбы? дешчү экен Чыныбийдин агатуугандары. «Жайына койгула. Болойр бала бешигинде булкунат. Баралына келгенде Кудайберген баарыбыздан кыйын чыгат» деп Чыныбий аларды тыйып коёт.

#20 29 May 2018 - 20:23
ЭЛ АРАЛАГЫН
...Ошондо кичине жылдын келиши катуурак болуп, араң эле чынкурандын жаңырышына жетти.
Куйручук жаздан тарта ашканада ийленип, ышка коюла элек эркеч чаначтын ичиндеги куйкаланган ириктин санын, төрт кабыргасын, бээнин бир чучугун, чоң кесим жалын көрүп жүргөн. Көптөн бери эле май жыты кылган буудай жарманы сүт катыктап ичишип, кээде жупка жасап жеп калышчу. Бирок, тиги эттен таптакыр салышчу эмес. Байдыкына дал ошол жутамчылыкта экөө тең суусар тебетейчен, ат жабдыктары мыкты эки жигит келип түшүп калат. Куйручук чуркап келип аттарын алып, мамыга байлай коюп, эшик ачып киргизди. Бай тура калып, аялы төргө көлдөлөң сала коюп жакшы кабыл алышты. (Ал кезде кыргыздын салты боюнча конокту сүйбөсө ошол үй ээси айып тартуучу).
Бай эшикке чыгып Куйручукту чакырып «тигини кармачы, муну кармачы» — деп, бешалты субай жандык карматты эле, бири да бычакка илинээр эмес, баары эле бака экен!
Аңгыча ал аялы менен кобураша түштү. Аялы «согумдуи этинен ооз тийсин деп атайын арнап сактап койдум эле» деп күйөөдөгү кызынын атын айтып жатканын угуп, Куйручук: — кайран байым туура айтат, жанагы бакалардан көрө ошол сүр эле сонун да
деп, ичинен кымыңдап тим болду.
Эт бышып, кара жыгач табакка жакшылап жасап, үстүнө чучукту коюп, бай кичине кыңкайып бир табак этти эки коноктун алдына салынып турган тасмалдын ортосуна койду. «Бизге кой сойбой өлүү эт тартат» деген кыязда эки конок табакта этти устукандабай жай олтуруп алышты. Жумгалдын көкүрөгүндө көбүнчө чий жагышчу экен. Куйручук чийди ичкертимиш болуп улагадан өйдөлөп табакка ыкыс берип турганда, чаранын түбүндө калган майдачүйдө эттен Куйручукка да бирдеме берсем деп, алаксып жаткан бай коноктордун эмдигиче эттен албай олтуруп алышканын көрө коюп, «алгыла айланайындар эмдигиче ала элексиңерби» деп чочуп кетти. Баятан ыкыс берип араң турган Куйручук коломтодогу күлгө колунда тутамдап, күйүп турган чийдин башын
матырып алганда жарык жалп өчүп, үй караңгы боло түштү. «Силер албасаңар мен алайын» — деп коноктун астындагы этти табагы менен эшикке ала качты.
«Бул шүмшүктү үйгө жолотпо десе болбой, ушуну кылмак» деген гана байдын аялынын чаңкылдаган үнү угулуп турду.
Куйручук этти бир-эки күн сактап жеп, ал түгөнгөндө башка бир айылга кетип калды. Эл жайлоого чыккан кез. Куйручук балдар менен чикит ойноп жүргөндө баягы бай келип аны колдон алды.
Бай Куйручукту тыгыз моюндан чылбырдын бир учу менен күрмөтүп, өзү атка минип жетелеп жөнөдү. Айылдан чыгып токтоп, анын мойнундагы чылбырды чечти да, тетиги билектин жалбырагынан терип кел деди. Куйручук келгиче бай атынан түшүп басмайылын чечип көрпөчөнүн бир каатын бошотуп, эки каатын ээрге бек тартып кайра атына минди.
...Аялы күйөөсү учкаштырып келген Куйручукту көрө коюп чаңырып сала берди:
«Өлүгүңдү көрөйүн! Бул шүмшүктү жогот. Жалгыз кызыма сактап жүргөн сүрүмдү, салып берген коноктун этин ала качып бетибизден отубузду чыгарбадыбы. Барыдан да коногубуз ачка жатпадыбы! ..»
Каңкылдаба! Менин баягы Бишкектен алып келген көйнөкдамбалымы, күрмөшымымы, өтүгүмү алып кел, самын да ала чыккын,— деди бай аялына.
«Кийимдерин бир жакка бердирип илет го, самын менен эски өтүктү эмне кылат болду экен» деп ойлоду аялы.
Бай кийимдерди, самынды Куйручукка берип: — сууга жуунуп, анан кийингин,— деди.
Аялы өз көзүнө ишенбей, баягында табактагы этин ала качып, тиги кордукту көрсөтсө, бүгүн болгон бир сыйра кийимин кийгизип, зыңгыратып койсо... деп, таң калып турду.
Сен таң калба,— деди бай аялын карап,— жалгыз кызга сары майдай сактаган сүрүңдү салып берсең; мал сойбойт деп кыяз кылып керейип эт жебей коюшту эле, намысты мага ушул бала алып бербедиби? — Ошол эки манапты куп осол кылдың! Кудайбергеним, кор болбойсуң! Эми от жакпай эл аралагын! — дептир ал анан.

Супер-Инфо
super.kg
видео