ЖЫҢАЙЛАК КЫДЫР
Кукем жокчулук турмуштун азабын тартып жүргөн боз улан кезинде «Токмок деген шаарда чоң базар бар экен, ошого барып иштеген киши жыргайт имиш» деген каңшаар сөздү угуп, ал жакка барууга бел байлайт. Кеч күз болуп, суук күчөп, белбелести,
тоо этегин кар басып калган учур экен. Куур шымчан Куйручук ар кайсы жеринен жүнү булайып чыгып турган кырк жамак чапанын жип менен курчанып, бутундагы жыртык кийиз чокоюна самандан батек салып кийип, жолго чыгат.
Балалыктын бал үмүтү азгырган Кукем Кызарт дабанын кыркалап, Баба-Ата тоосу аркылуу сапарын улайт. Андан ары Шамшынын белин ашып Чүйгө түшмөкчү болот. Баба-Атанын туу белине чыкканда алдынан аппак сакалдуу, жылаңайлак карыя жолугат. Ээн жерде жалгызжарым жүргөн чалга саал таңданат. Туурулган согончогунан кан агып турат. Байкуш чал тимеле үшүпшишиген.
Ал карыяга салам айткан Куйручук ушундай кары кишинин кар үстүндө жылаңайлак жүргөнүнө боору ооруйт. Бутунан чокоюн дароо чечип:— Атакебай муну кийип алыңыз,— дейт. «Жок балам, өзүң жаш экенсиң, суук өтүп
бөөдө ооруга чалдыгасың» — деп болбой коёт тиги карыя. Өз атасы Өмүрзактын бир кездери, абалы эсине тартыла калган Куйручук «бу да менин атамдай тура» деген ойдо зээни кейип: «Менин да сиздей атам бар, чокойду кийип алыңыз» деп караманчаңөшөрүп туруп алат.
Ээ балам, мейлиң, мейлиң... Мендей карыны сыйлаганың,
өз атаңы сыйлаганың.
Сени кудай сыйласын, Кыдыр колдосун, тилегиңди берсин. Көзүң өтүмдүү, сөзүн ,
жетимдүү, үйүң келимкетимдүү,
эришиң элден, аркагың желден болсун! Бак карасын, таалай жалгасын, өмүрлүү бол, кор болбо, кем болбо уулум, оомийин! — деп карыя алакан жая батасын берип, чокойду киет.
Келе балам колуңду бер, жолуңдан калба. Жолуң шыдыр, жолдошуң кыдыр болсун!
деп Куйручуктун колун кармайт. Кебездей жумшак кол ага абыдан жагымдуу сезилиптир.
Ошондо баягы карыя башка сөз айтпай шарт бурулуп арылай бергенде, көз ирмемге ойго алаксый түшкөн Куйручук «жакшы барыңыз ата» деп кошбеш айтууну ойлоп, ага умтула калганда аппак сакалы Мурдагыдан узарып, жайкала түшүп, карыя заматта көздөн кайым болот. Кардагы из да жок, а чокой ошол эле ордунда калыптыр.
Эй, бу Куйручук! Эркалы Осконалы уулу
#22 29 May 2018 - 20:28
КУЙРУЧУК ЖИГИТ КЕЗИНДЕ
Токмоктогу күндөр.
Куйручук балбан.
Куйручук 16—17 жашка чыгып, кызматка толук жарап калган кезинде иштеп пул табам деп атасына көрүнбөй чыгып Токмок шаарына келет. Ал жердеги бир байдын дүкөнүнө кароолчулукка орношот. Мурда шаарды көрбөгөн эме ошол эле күнү эл чогулган жерге келсе кишилер топтоп болуп чай ичип отурушат, Куйручук аларга жакын барат.
Келиң, отуруңуз, чай берейинби? — дейт сатуучу өзбек.
Мейлиңиз,— деп отура калат. Самоорчу алдына чай, нан коёт.
Атаңдын көрү, менин кардым ач экенин айттырбай билген ушундай да мээрман, адамкерчиликтүү адам болорбу деп берген чайын ичип алып басып кетип баратса, баягы чай берген неме жакалап калат, «чаканы бербейсизби», — деп.
Чака үйдө эле, алып келип берейин, мени жакалаба! —десе тиги коё бербейт. Ал жерден Куйручук качат,— сага бере турган чакам жок, өзүң чакырып чай бересиң да, кайта чака "дейсиң, чака бош эмес, ичинде суу бар,— деген соң, тиги самоорчу:
Мени маскара кылат, баччагар! —деп иреңи бузулуп кууп барып кармап алат. Экөө чатакташып турса бир байбача ортолоруна түшө калып, эмне болгонун сураса жогоркудай. Байбача жанынан ал үчүн он тыйын төлөп бошотуп алып, шаар көрбөгөн бала экен, мындан ары кагылаар дейт да үйүнө алып барып акыга иштетет. Үч күндө ташый турган көмүрдү бир күндө ташып түгөтүп байдын тамагын ичип, берген акчасын чөнтөгүнө салат. Бай болсо баланы ичинен жактырып түпкүлүктүү малай кылып алуу максаты менен шаардагы дүкөндөрүнө күзөтчү кылат. Айына эки сом элүү тыйын берүүгө макулдашат. Ошол кезде шаардан бир ууру чыгат. Ал көпчүлүктү тажаткан ууру экен. Бир күнү Куйручук аны атайы аңдып жүрүп бир казан палоону
Демделгей жеринен көтөрө качканда кармап алып байларга тапшырган соң, бул эрдигин жактырышып, айлыгын жети сом кылып көбөйтүп беришет. Анткени бул ууруну буга чейин эч кимиси кармай алышкан эмес. Ошондон кийин Куйручук күзөткө атчан тура турган болот.
Мындан бир ай чамасы өткөн соң ууру дүкөндүн төбөсүн тешип жатканын көрүп калып, аны аңдыйт. Баягы ууру дүкөндүн ичине кирип көлөшкө толтура акча тыгып, тамдын үстүнө ыргытып жиберет. Ал өзү чыга электе Куйручук тамдын үстүнө ыргытылган көлөштү акчасы менен алып, тезинен чаап жетип коңгуроо кагып элди чогултат. Ууру дүкөндүн ичинде камалып турса да бирөө даап кол сала албай, акыры Куйручук кирип, байлап чыгат. Куйручуктун айлыгы эми он беш сом болот.
Ошентип ар кыл күлкүлүү окуялары, берегидей эрдиктери жана карандай тыңдыгынын аркасында элге алынып, кийимкечеси оңолуп, минерине аты болуп Токмок шаарында дурус жашап турганында атасы Өмүрзак издеп таап, Жумгалга алып кетет. Эмгегине деп берген жалгыз бээсин Көкүмбай манап чыгым үчүн деп келээри менен тартып алып коёт.
Ошондо да Чүйдөн таап келген биртике акчакаражатын жумшап аял алып, үй күтөт. Барабара эр жетип, Куйручук билегинде күчү бар, эңишкенди эңген, ллышканды жеңген, оозунда сөзү бар, келбети чыңаган темирдей, кара шириңки, муруту тик, бүркүт кабак, өзү сүрдүү, орто бойлуу өткүр азамат болуп чоңоёт.
Бир күнү Куйручук Кочкордогу бир ашка барып калса балбан күрөшкө түшүүнү талап кылат. Бет келгени атактуу чоң балбан болсо, анын бир кармоосунан чыкпай бат эле жыгылып калат да өзүнүн «Балбак» деген ураанын чакырып чуркаган бойдон барып атты минген боюнча элди тегерете чаап «мен жыгылдым, байгени жыгылган алат» деп элди күлдүрүп, байгеге сайган атты ноктолоп алып: «мен кеңешип туруп жыгылгамын, жалган десе балбаныңар Токтосун деген манаптын жанын алып берсин, болбосо мен Кекүмбайдын жанын алып беремин»,— деп көшөрүп жатып мөөрөйдү алып алган экен.
Чүйдүн талаасында казак, кыргыздын чоң манаптарынын баары чогулуп, эки элдин
байыркы чабуулдары туурасында кеп козголуп, эрегише кетип балбан күрөштүрмөк болушат. Казактын чоң балбанына эч Ким чыкпай Куйручук чыгат. Ал казактын балбанына алы жетпесин билген соң бетинен аткып, чеңгелдеп, аялбуял кылбастан колу тийген ар кайсы жерлерин тырмактап кан чыгарып, элди күлдүрүп отуруп жыгып кетет. Ошондо казактын Ногойбай деген төрөсү үч күн мөөнөт менен Олоңжетпес деген балбанын алдырат.Катуу ызаланган немелер күрөштүн мөөрөйүнө 1000 сом саят. Болжонгон күндө Олоңжетпес келип казак, кыргыз тобунун дал ортосуна келип олтурса дөбөдөй эле көрүнүп калат. Куйручуктун да айласы кетип эптеп эле жыгыштын амалын издей баштайт.
Куйручук чыкканда эле жылаңаяк, жылаңачтанып буканы туурап күркүрөп, жер чапчып келет. Балбандын жанына келгенде да ага жакын жолобой кыйгачтап, сыртын салып букаларча күркүрөп туруп алат. Олоңжетпес жакындап кармашайын дегенде жер чапчып кум аралаш топурактан чеңгелдей келип тигини көзгө болжоп уруп калганы. Ал эки колу менен көздөрүн ушалап, түкүрүнүп туруп калганда Куйручук Олоңжетпести бар күчү менен жаакка урат. Олоңжетпес артынан кууп калат, улам кылчактап топурак чачып, буйтап барып жаакка дагы шак эттире чаап качат. Куйручук элди айланып, береги кылыктарын көрсөтө берет. Элдин күлкүсү талааны жаңыртат. Олоңжетпес тигини кууп же жетпей, элдин күлкүсүнө капталып күшүлдөпбышылдап өлөөрчө суй. жыгылат. Акырында нарыбери буйтап туруп Куйручук аны дал төшкө сүзгөндө Олоңжетпес жыгылып калат. Жыгылганда да куйрукка тээп башын аттап качат. Элдер күрөш эмес эле тамаша көрүп жаткансып күлүп атып эстери ооп калышат. Ногойбай мөөрөйдү бербей турган болгондо Куйручук «анда балбаныңды кайра алып чык» деп чарчап жылбай калган Олоңжетпести кыстай берет. Аргасы түгөнгөн Ногойбай мөөрөйдү берип кутулат.

#23 29 May 2018 - 20:30
КӨБӨГӨНДҮН ТАКЫБАЛАРЫ
Кочкордо Көбөгөн деген манап болгон. Ал кезде кыргыз арасында жүргөн өзүбектердин көбү элдеги насыяларын жыйнап, биринэки кылып элди алдап карызга батыруучу б. а. байманаптар бир жактан эзсе, букара элди алар экинчи жагынан эзип, азапка малыитып турушкан. Өзүбектер динди мыкты билген (эл ал убакта динге аябай ишенишкен) кишилер өңдөнүп «төрөбөгөн аялды төрөтөбүз» дешип тумар жазып бере салышып, ал аз келгенсип аялдарды алдашып жана башка көптөгөн айлаамалдары менен адамдардан козу, кой, аркан, жип өңдөнгөн өзүлөрүнө керектүү оокаттардан алып турушкан. Ушундай кесиптеги «Көбөгөндүн такыбаалары» дечү үч бай өзүбек Токмоктон чыгып Көбөгөндүн элиндеги аласанасыяларын жыйноого келип калышат. Булар элдин берген козу, коюн да жөн ала беришпей кулагын карыштап, жонун басып, жактырбай кыйнап, өтө арзан баага түшүрүшүп бейбечараларды токсон алакеттен өткөрүшөт.
Бир күнү Куйручук Көбөгөндүкүнө барса Көбөгөндүн байбичеси айтат: «Ушул соодагерлердики өттү, бир жагынан элдин берген малын жактырышпай кууланышса,
экинчи жагынан келиндерди алдашат. Дегеле ушулардыкыбы. ..— деп. Буларга бир сыр көрсөтүүнү ойлойт да ал түнү Куйручук чогуу мейман болуп баягылар менен бирге конок үйгө алардын баш жагына жатып алат. Түнү кадимкидей эле суук болуп калган кышка чукул убак. Бир маалда бирөө аттарын чөпкө койгону эшикке чыгып кетет. Ордуна Куйручук жатып алат да эшикке чыккан өзүбек кайта кирээрде ит болуп ыркырайт. Ал киши үйгө кирип жылуу төшөгүнө жатууга эки көзү төрт болуп, бир нече жолу «Исмат аке! Исмат аке!» деп секин чакырса да Исмат акеси кебелбей уктап жатат. Бир маалда айласы кетип керегеден камчы алганда Куйручук орун которуп өз төшөгүнө барып жатат. Ал адам камчысы менен ордуна жатып алган итти чабам деп, жанында жаткан байдын бетин жара чаап салат. «Кокуй эле кокуй» деп уйкусунан чоочуп бай турат, эмне болуп кеткенине такыр түшүнбөй карайлашып баары ойгонушат. Байдын бетинен каны токтобойт көпкө чейин өзүбектер бири-бири менен урушушат, «сиз кылдыңыз, сиз кылдыңыз» — дешип. «Мен сизди чапкан эмесмин, ушул жердеги ордума жатып алган итти чаптым эле» деп анысы болбойт. Эми эмне кылабыз, баш да айрылды, ак шейшеп салынган сыйлуу жууркан-төшөктөр да булганды, баарынан да эртең элдин бетин кантип карайбыз, дешип, дурусураак акыл таба алышпай турушса Куйручук аларга айтат:
Бир гана жолуңар калды, эч кимге билинбей кеткиле, болбосо, кыргыздар шылдыңчыл эл болот, эртең эле силерди шылдыңдап чыгышат. Кайда барсаңар да журтка күлкү болосуңар, кутулбас айыпка жыгыласынар! —Анын айтканын макул алышып,— ушул ишти эч кимге жарыялай көрбөң,— деген үчөө түнү менен качып жоголушат. Эл насыя төлөөдөн кутулуп өңүп калышат.

#24 29 May 2018 - 20:31
ӨЛГӨН СЕН ЭМЕС, ТИРҮҮ МАГА ОТУН ЖОК
Куйручук Байзак баатырга үзөңгүлөш жүрүп, эл аралаганга чейин, демек, боз улан курагында атыккан ууру болуптур. Ал уурулугу менен өзүнүн кара жанын гана эмес, бейбечараларды да кошо баккан. Жалаң байлардан уурдаган. Бирок, бир да бирөө аны күнөөгө тартып, айыпка жыга албайт. Айлакерлиги, сөз билгендиги менен кутулуп кетчү экен. Коркпой-үркпөй, ээн-эркин айыл ичинде жүрө берүүчү дешет.
...Көл кылаасындагы Чырпыкты деген жерде бир чоң бай той берүүгө камынат. Ал учурда Куйручуктун ошол чөлкөмдө жүргөнүн көрүшөт. «Баягы суу жукпас жүрөт дейт. Эки-үч күндө той башталат. Биз той берип топурап жатканда, тигил жылкыма кол салаары бышык. Кой муну башкалардай эркелетип отурбай, ким көрдү кылып салайын» деген ойго келет бай. Ары ойлонуп бери ойлонуп бир жигитти Куйручукту таап, чакырып келүүгө жумшайт. Алар келгиче дагы бир жигитине тапшырма берет:
Сен ары балбан, ары шерсиң. Бир кишиге алың жетет. Мага жанагы Куйручук деген суу куйдуну жок кылып бер. Үстүңө үй көтөртүп, айдаганыңа мал берем. Экөөбүздөн башка, муну эч бир жан билбесин. Жаныңа киши кошсом, эртедиркечтир билинип калат. Жалгыз өзүң бүткер. Куйручук келгенде аны алаксытып турам. Ал келери менен шек билгизбей айылдын четиндеги мүрзөгө барып, эски күмбөздөрдүн бирине жашынып жата бер. Мүрзөлөрдүн берээк жагында той камылгасына үйдүрүп койгон отун бар. Отунду ары ташып, мүрзөгө жакын жыйып салгын. Куйручукту ошол отунга жумшайм. Аттан оодара тартып, башка чаап, колу-бутун таңып, оозуна чүпүрөк тыгып, үстү ачык көрдүн бирине ыргытып салгын. Калганын өзүң билесиң — дейт.
Дүнүйөгө кызыккан эр көкүрөк жигит байдын айтканына макул болот. Көп өтпөй
Куйручук да келип калат. «Кел баатыр, биздин айылга келчү эмес элең» деп бай аны аттан түшүрүп үйүнө киргизет. Астына дасторкон жайдырып, кымыз сунат. Кепке тартып, бир кыйла убакытка алаксытат. Андан соң «Жыйырма жылкы, отуз кой союлат тойго. Отун деген неме опсуз керек. Мага кол кабыш кылып бер бүгүн. Кайра келип коногум бол. Тойдун астынан . ооз тийгизейин» деп Куйручукту баягы отунга жумшайт. «Бу сасыган бай мага кандай эле жалпаңдап калды?» — деген суроого өзүнчө жооп издеп, Кукең баягы
отунду апкелгени жөнөйт. Кыраакы эмеспи. Шектенип калат. Ээрдин астына катып жүргөн жоон саптуу, сабынын башында коргошун уютулган камчысын алып, жеңинин ичинен кармап, калың мүрзөнүн жанында аттан түшпөй арыбери бастырып турат. Ангыча баягы эргул арбак кейиптенип, мүрзөдөн чуркап чыгып, Куйручуктун атын суулуктан кармайт. Бетиб-ашын көөлөп, тытылган эски кийим кийип алган болот.
Сен кимсиң? Быякка эмне келдиң? дейт.
Мен кишимин. Мобу отунду алганы келдим — дейт Куйручук.
А мен арбакмын. Отунду мен аламын — дейт ал, Куйручукту оодара тартмакчы болуп, бутунан толгоп. «Атаңдын оозуга-урайын! Өлгөн сен эмес, тирүү мага отун жок» деп, «арбакты» чокудан ары камчынын сырты менен басып калат. Сендиректеп калганда, күүлөнүп барып экинчи жолу шилтейт. Тигил башынан кан жая берип, көмкөрөсүнен жыгылат. Аттан ыргып түшүп, Эки-үч жолу өзөртө тебет. Биротоло өлбөгүдөй кылып, эсин оодарып, атынын чылбырын чечип, колубутун бекем, чиелеништире байлап, мүрзөнүн арасына сүйрөп салат.
...Отунду артынып, байдын үйүнө келет. Куйручукту көрүп, байдын тынчы кетет.
«Тигини бир балээ кылып келген экен» деп ойлойт.
Мүрзө жактан сага кишикара жолуккан жокпу? — деп сурайт, билмексен болуп.
Жолукту. Арбакмын деп, отунду талашат. Өлгөн сен эмес, тирүү мен отун таппай жүрөм, биякта бай той берген жатат деп чокуга чаап, келген жагына кууп ийдим. Эмгиче, арызданып олтургандыр тыяктагыларга — дептир Кукең байды огобетер чоочутуп.
Айласы түгөнгөн бай акыры Куйручукка чынын айтат. Кечирим сурап, жалынып- жалбарат. «Элге айтып, мени шерменде кыла көрбө?! Эр жигиттин ичине ээр-токумдуу ат батыптыр. Ичиңде болсун!»— дейт. Тойго соймокчу болгон бир бээсин берет.
Ой тиги «арбагыңарды» алып алгыла, биротоло арбак болуп калбасын? — деп, Куйручук бээни жетелеп, атын камчыланып жолго түшөт.

#25 29 May 2018 - 20:32
КАЛЫЙ БАЙДЫ КОРКУТКАНЫ
Куйручуктун анда жаш кези. Көкүмбай манаптын атасы Чыныбий Токмоктогу Калый деген байга көп береселүү болуп калат. Убагында төлөй албай айласы кетет. Бир күнү Калый бай атайы аттанып келип: «карызыңды бүт бергиниң, болбосо шорук кылам» — деп жатып алат.
Чыныбийдин наамынан баарыбыз тең эле алганбыз. Баарылап төлөйлү,— дешип Курманкожонун мыктылары жылкы чогулта баштайт.
Карыздоону өндүрүп, Калый бай кайра кетүүгө кам урат. Малга кароо эме жылкылардын ичинен бир жоргону тандатып жетекке алып, өз атын минип жолго чыгат. Жылкыларын жигиттеринен айдатып жиберип, алардын артынан өзү женейт. Муну байкаган Куйручук утурлап алдыга кетет.
Жол калың мүрзөнү аралап өтөт. Алды саз. Ал саз жээгине атын тушап, кийимин бүт чечип, саздын кара баткагына оонап, үстү ачык мүрзөгө жашынып калат.
Жайдын күнү кымызга тойгон Калый ат үстүндө үргүлөп келет. Айланага серп салып, тушуна келгенде Кукең чуркап чыгып, жетектеги жоргонун жүгөнүн шыпырып жиберип аны өзүнүн мойнуна илип коёт. Бир аз барган соң, артка чалкалап тартынып, кетенчиктейт.
Калый «чү» деп артын карайт. Кудай бетин көргөзбө! Жетелеп келатканы баягы жорго эмес эле, көрдөн чыга калган жалаңкыч! Эси ооп, аттан кулайт...
Куйручук сууга барып жуунуп, кийимин кийип, атына минип кайра келет. Тиги дале эси ооп, кыңкыстап жатат. Байды атына өңөрүп, Чыныбийдин үйүнө апкелет.
О кокуй, буга эмине болду? — деп сурашат.
Жогортон келатсам, мүрзөнүн арасында жатыптыр. Бечаранын араң эле жаны бар...
Калый көптө барып араң эсине келет. — Мага көрүнчү көрүндү. Жетелеген жылкым, тири укмуш! Кантип келип калдым? —деп аялуу таңыркайт.
Мүрзөнүн арасында жатыптырсың. Куйручук келатып, көрүп калып апкелди. Көрүп калганы ырас болуптур! Болбосо...— дешет үйдөгүлөр ага.
Катуу коркуп калган бай түндөсү уктай албай, улам чоочуп, кыйналып чыгат.
Малы менен да жерге кирсинчи! Өлсөм да үйүмө барып өлөйүн! Мен эми кетейин,— дейт эртең менен Чыныбийге.
Жаныңызга бир киши кошолу, малды жигиттериң айдап кете берсин. Бий да дагы андан кооптонот.
Айланайын бий! Жанымды Куйручук алып калыптыр. Ошону эле кошуп бер,— деп өтүнөт бай.
...Куйручук Калый байды коштоп, анын үйүнө келет. Сыйын көрөт.

#26 29 May 2018 - 20:34
АЙТЫЛЫП КАЛЧУ ИШ БОЛДУ
Куйручуктун жаңыдан гана Куйручук аталып, Байзак ажы аны ээрчитип эл аралатып жүргөн кези экен. Демек, кадырбаркы, калыстыгы, уңгулуу сөзү узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына жете элек убак.
Жайдын толугунда Соң-Кел жайлоосунда Кочкор, Жумгал, Ак-Талаа, Нарын тараптагы байманаптардын жыйыны өткөрүлүп калат. Куйручук да Байзак ажы менен кошо келет. Чоң жыйын башталгыча ар кай жерде өзүнчө майда «кеңешмелер» өтүп жаткан болот. Куйручук мындайыраактагы калың топко кошулуп, өзү тааныгандары менен сүйлөшүп отурган эле... Кукең жөн турчубу, жанындагыларга күбүршыбыр сөз айта салса, он чакты адам дуу күлүп калат. Баятадан элдин ортосуна чыгып сүйлөп жаткан манаптын уулу «мага күлүп жатышабы» деген ойдо Куйручукка: — «Жөн отурбайсыңбы, камчы менен чоку талаштыра бир салчу жигит экенсиң» дейт. Куйручук ага атырылып: —
«Жөн отурган кишиге асылбагандай кылып, чоку талаштыра чаап акылына келтирүүчү баш сенде экен» — деп жооп кайтарат.
Анда жигит:
Томаягым, жазыксыз кишини башка чапкандын айыбы ээр-токумдуу ат, билесиңби?
Билем. Чап мени башка! Күрөң жорго меники, чаба албайсыңбы, тос башыңды, мен чабамын! Кер кашка сеники!—деп Куйручук ордунан атып турду.
Манаптын уулу мени кантип чаба алсын деген кыязда «кана мени чапчы» деди эле, Куйручук камчысын бүктөй кармап, аны баштан ары тартып жиберди. Суусар тебетей жерге ыргып түштү.
Тигине кер кашка ээр токуму менен сеники — деп Куйручук Байзак ажынын жанына келип олтурду. Баласынын чокудан ары бирди жегенине ызаланган манап ажынын жанына келди.
Ажы жөн турган баланы бул балаңыз чокудан ары бир салды. Чатак чыкса бизден көрбөңүз?!
Анан кимден көрөбүз? Эки бала чокуга чапмай ойноп, кунун өздөрү бычканын бүт эл көрүп олтурбайбы — деди Байзак.
Тиги манап бир чети сөз жүйөөсүнө багынып, бир чети Байзактын зоболосунан жалтанып, аргасыз унчукпай басып кетти. Чоң жыйын да аяктады.
«Эл аттанганда Куйручугум жөө калбаш» — деп Байзак ажы Куйручукка бир
жигитинин атын алып берди. Ал аттын кандай экенин, өңү-түсүн толук баамдабай, шашкан тейден Куйручук эл менен кошо конокко кирип кетти.
Эл үлүштүн* коногун жеп эшикке чыкканда, Байзак ажы менен кетүүнү ойлогон Куйручук эми жанагы атын тааныбай калды. «Куйручугумду ызалап коюшпасын» деп
Үлүшжыйындарда, топтордо берүлүүчү тамак.
өзүн Байзак ажы күтүп калганын билип, аябай шашып калды. Кермеде элүүдөн ашуун ат байлануу эле. Айласы кетти. Аңгыча кудай жалгап бир боз үйдөн өзү жакшы тааныган мергенчи мылтыгын асынып чыга калбаспы. Анын мылтыгын алып, милтесине өзү от коюп, ошол жерде топурап тургандарга «атыңарды алгыла, мен өзүмдүн атымды атамын!»
деп кыйкырды.
Манаптын баласын башка чапкан эме, атса атып салат — дешип, бардыгы аттарын шашып-бушуп чече качышты. Кермеде жалгыз гана ат калды. «Мылтыктын сүрү кыйын да, атымды эми тааныбадымбы» — деп күлүп, мергенчиге ыракматын айтып, мылтыгын кайра берди.
Ээ, Куйручугум, сага чогоолдук да, балалык да жарашпайт. Бирок, бүгүнкү эки окуяң тең айтылып калуучу иш болду — деди ага Байзак ажы жолдо келатып.

#27 29 May 2018 - 20:35
КАСЫМАЛЫ БИЙДИ ЧОКУГА ЧАПКАНЫ
Кочкордо Касымалы деген бий болот. Аксым, көпкүлө киши экен. Өткөн-кеткенди, айылына келгендерди чакырып алып «он сом берейин, башка бир чаптыр» деп кыйнай бермей адат табат. Анын бул обу жок тамашасы элге жакпайт.
Бир күнү үйүнүн жанындагы көк майсаңда он чакты адам менен кымыз ичип отурса, жолдон жолоочулап барган Куйручук өтүп калат. «Эй бери келе кет» дейт Касымалы аны колун булгалап чакырып. Куйручук атынын башын бурат.
Мени билесиңби? — дейт Касымалы.
Билбей анан, башка чапкыч Касымалы эмессиңби. Башы шишип алигиче айыкпай жүргөндөрдү да билем — деп жооп берет Куйручук.
Анда мындай, он сом берейин, башыңды тос! — дептир Куйручукка.
Ой Касыке, мен жыйырма сом берейин, сен башыңды тосуп көрчү? — дейт Куйручук ага.
Эч кимден мындай сөз укпаган бий «мени кантип чаба алмак эле» деген ойдо,— жыйырма сомуң болсо, кана чаап көрчү?.. деп тебетейин алып, башын тосот. Куйручук камчысын бүктөй кармап, тигини чокудан ары тартып алат. Касымалы башын мыкчып, сыңар тизелеп отуруп калат. —Мээң ордуна келгей эле, алгы башыңдын акысын — деп, алдына жыйырма сомду ыргытып, Кукең жөнөп кетет.
Куйручук жаңыдан Байзак ажыга кошулуп, жигити катары кызмат кылып жүргөн убагы экен. Башы жарылып, ыза болгон бий эртеси бешалты кишини Жумгалдын Кара- Ойундагы Байзак ажыга жиберет. Алар Касымалы бийдин айтуусу боюнча Байзакка даттанышат.
Жигитиңиз жосунда жок жорук кылып бийди төбөгө чаап отурат. Аныңыз жазасын алып, айыбын тартмайын бий эшикке чыгып, элдин жүзүн кантип карайт? Сөзгө сөлтүк, кепке кемтик болбойбу... Мартабалуу адамга кол көтөргөн жигитиңиздин күнөөсү чоң болуп калды го... Кандай дейсиз ажы? — дешип маселени кабыргасынан коюшат.
Көрүп тургандар бар беле? — дейт Байзак аларга.
Бар. Ушул келген алты кишинин үчөө көрүп турган чапканын — деп үч кишини көрсөтүшөт.
«Эмесе, ушу турган баарыбыз калыс бололу. Жалганды сүйлөбөйлү. Кудай угуп турат. Күнөөсү болсо, Куйручукту айыпка жыгабыз» — деп Байзак ажы Куйручукту чакыртат. Ал болгонун болгондой айтып берет. —Ушундай беле? — деп алиги үчөөнөн сурайт Байзак. Алар чындыктан кача алышпай, аргасыз баш ийкешет.
Анда, Касымалы башын жыйырма сомго баалап, Куйручукка саткан турбайбы. Уялып тим болуп калбай, кайра элчи жиберип дооматын арткан күнөө өзүндө эмеспи.
Айта баргыла, камчы менен башка чапкан кандай экенин билип жүрсүн! Тентектигин койсун?! — деп Байзак ажы Кочкордон келгендерди кетирип жиберет.
...Ушул окуядан кийин тамашакөй бий мындай тамашасын таштаптыр.

#28 29 May 2018 - 20:36
ТУРУСБЕК МАНАПТЫ САБАГАНЫ
Куйручуктун алыскы элге тааныла элек жигит убагы. Күндөрдүн биринде жолоочулап баратып, Чектеги Мырзабек манаптын үйүнө кайрылып калат. Кадырман болуш болсо дагы Мырзабек жолоочуну өзү аттан түшүрүп, жарык кабагы, жакшы саламы менен тосот. Алты канат ак үйдө экөө кымыз ичип отурганда Мырзабек сөз арасында өтүнүп калат:
Куйручук эр элең, тиги үйүң күйгүр Турусбекти менин алдымда ыза кылып, шагың сындырып уруп бербейсиңби? — Ушунуку мага өтүп жүрөт,— дейт. Ошол убакта Турусбек эл арасьш бөлүпжарып, чагым салып, Биялы, Түркмөн манаптар менен биригип, анын болуштугуна залака тийгизип, жер-суу талашып тургандыктан эки манаптын аябай басташып, катуу нааразылашкан кездери экен.
А уруп берсем, эмине бересиң? — дептир дароо Кукең.
Айтканыңды беремин,— дейт манап дагы чечкиндүү сүйлөп. —Анда, Асанбектин кара кашка аргымагын алып берсең, уруп берем Турусбекти! — деп Куйручук да шар кетет. Буга Мырзабек макул болот.
Эмесе, Турусбекти ушу бүгүн эле конокко чакыргын. Бирок, биздин үстүбүзгө жигиттерин киргиздирбе. ..— деп Кукең айлаамалын ошол замат эле ичинен болжоп коёт. Экөө кеңешип алышат.
Жоолашкандардын да чакырган конокко келмейи бар. Салтты бузмагы жок. Турусбек эки жигити менен аттан түшөт. Жандаган жигиттерди башка үйгө киргизишет. Конок үйгө Турусбек, Куйручук жана Мырзабектин [moderated]-Молдосу жайгашат. Алар адегенде чай ичип, андан соң бал чайкаган кымыз ичип олтурушат. [moderated]-Молдо шарияттан кеп салат. Турусбек Куйручукту тааныса дагы манаптыгына салып, аны атайы таанымаксан болот. Тоотпогон түр көргөзүп, манчыркап огобетер куудулдун кучунашына тиет.
Бир маалда колго суу куюлуп, тасмал жайылып, тайдын эти тартылат. Ушул учурда Мырзабек жүйөө таап, эт тарткан жигитти жумшаган болуп үйдөн чыгып кетет. Турусбек манап эмеспи, Куйручук этти устукандап, туурап берет деген ойдо олтурган болот. Табакка өзү кол салмак кайда... Муну Кукең жакшы билет. Ал келалга келбей эле, тигилерден озунуп, бир улуу устуканды алып, шашпай, чүйгүндөтө кесип жеп олтура бериптир. Молдо манапты, молдону манап карайт. Таңгалышат. Куйручук унчукпайт. Ого бетер алардын напсисин ачып, жиндерине тийип, казыкартадан оозуна салып, картылдата чайнап, шорпону шоркурата ууртайт.
Турусбектин аябай чыдамы кетет: «Ой, этти устукандабайсыңбы? » — дейт акырая карап. А Кукең болсо, камырабай «көзүң жокпу? Эмине, колуң жокпу? Алып жей бербейсиңби, табактан! » деген сөздү айтып, ууртунан жылмаят. Ошондо «сен кайдагы акмаксың ыя!» — деп ачуусу келип, опурулат. «Алдында турган тамакты жөн жебеген акмак сенсиң да» — деп шылтоо таппай турган Куйручук манапты басып жыгылат. [moderated]- Молдо «өлтүрдү» эле, «өлтүрдү! » — деп кыйкырат. Мырзабек жигиттери менен кирип келсе, Кукең Турусбекти жыгып, башын керегеге такап муунтуп алган экен. Экөөнү ажыратышат.
Уяттуу конокторго эт туурап бербей, кайда жүрөсүңөр ыя? — дейт Мырзабек жигиттерин жемелемиш этип. Ошондо да Кукең:
Мырзабек! Кайдагы бир акмагың менен табакташ кыласың мени! — деп камчысын алып жер сабайт. Ал эми Турусбек иштин жайын түшүнгөн окшойт, үндөбөй отуруп, аттанып кетет. Куйручук убада боюнча кара кашка аргымакты токутуп минип, өзүнүн атын жетекке алып, жолго салат.
Кийин кайсы бир тойдо Куйручук Турусбекке жолугуп калат.
Ай Куке... баягыда Мырзабектин тилине кирип, мага колуң тийди ээ, каапыр!—дейт Турусбек таарынычын айтып.
Туке, сен да бир аргымак берсең, эми Мырзабект сага уруп берейин!—деп тамашага чалып, Кукеси кутулуп кетет.

#29 29 May 2018 - 20:37
СООДАГЕР САРТТЫ КОРКУТКАНЫ
Черикчи деген байдын соодагер [moderated] досу болуптур. Ал жылына үч жолу унаасына мата бөз жүктөп, Жалал-Абаддан Жумгалга каттап туруучу экен. Келген сайын Черикчи экөө сүйлөшүп алып, апкелген кездеме, чүпүрөктөрүн улам кымбаттатып элди алдоону өнөкөткө айлантат. «Зарылдын пулу күйөт» дегендей, кыйналыпкысталса да эл бечара малга айырбаштап турат. Элден чогулган малды Черикчи экөө түштүккө айдатып, базарга сатып улам олжого туйтунушат.
...Күндөрдүн биринде Куйручук Жумгалдын ылдый жагынан өйдөкү айылдарга бара жатса, кыяда кетип бараткан чоочун атчанды көрөт. Эки атка сылай жүк жүктөп, жетекке алып жайбаракат. Аттардын артынан жүк жүктелген качыр ээрчип алыптыр. Чиркештирип байлаган жиби жок болсо дагы үйрөтүп койгонсуп аттардын соңунда. Акыл калчап көрүп, чоочун атчан кадимки соодагер [moderated] экенин Куйручук жаземдебей билет.
«Атаңгөрү көпөс, ушул тоюнбай койду. Буга бир кызыкты кылайын. Баягы Калый байдын жүрөгүн түшүргөн усулумду колдонойун» деп кыска жолго салып, атынын жүрүшүн ылдамдатып, тигинден алдыга озуп кетет. Жапсарга атын тушап коюп, Баш Куугандынын көрүстөнүнө жетпейрээк ченден [moderated]ын келишин күтөт. Кийимин дырдай чечип, ылайга
оонап, бетибашына шыбанып, тебетейин тетирисинен кийип жашынып турат. Бир маалда илкипсалкыган [moderated] да келет. Кукең шырп алдырбай басып барып, алдыңкы жетектеги аттын жүгөнүн шыпырып, өзүнүн мойнуна илип коёт. Калың мүрзөнүн тушуна келгенде чылбырды саал артка чирене тартып, мышыкча мыёлоп жиберет. [moderated] артын жалт карап алып, «ааа» деген боюнча кылчайбай качып женейт. Аты көлшал болуп, эптеп Черикчи байдын үйүнө жетип, ээрден ооп түшөт.
Куйручук [moderated]ын унааларын өз айылына алып барып жүктөрдү түшүрүп, бир айыл элди бүт чакырып, үй башына калыстык менен бөлүштүрүп берет. Кечинде жанына жардамдашаар бала кошуп, [moderated]ын аттары менен качырын Черикчи байдыкына жеткирет.
Түгөл-Суунун аркы өйүзүндө оттоп жүрүшүптүр. Баамдасам чоочун мал. Анын үстүнө качыр бизде кайдан болсун. Сураштырып көрсөм, [moderated] досуңдун өткөнү көргөндөр
бар экен. Алып келдим — дейт.
Айланайын Куке? Малы менен да, матасы менен да жерге кирсин? Андан көрө бу шордуу өлүп калып, балээсине мен калам го?—деп Черикчи бай чебеленет. — Эки күндөн кийин тилге келет. Бир аз киши болот. Көзүнүн тирүүсүндө элине жеткир, өлсө да өз үйүндө өлсүн! — дейт дагы Куйручук аттанып кетет.

#30 29 May 2018 - 20:38
ШАБДАН МЕНЕН МАКУЛДАШУУ
Байманаптардын өкүмү сүргөн убак. Курманкожону Көкүмбай менен Курман, Кулжыгачты Байзак, Чойбек, Мырзабек, Суусамыр элин Түркмөн, Сары-Камыш, Чаткалдан беркини Райымбек билчү. Булардын ичинен айрыкча, Байзак дубанга маалым айлакер, акылман, сөзү эки болбогон элдик киши экен. Учурунда кыргыздын ханы зсептелген Шабдан да сыйлап, айтканын эки кылчу эмес дешет. Жыл санаты белгисиз, кайсы бир жылдары Чүй боорунда чоң жыйын болуп, ага Байзак чакырылат. Жөнөөр алдында. Куйручук жетип барыптыр.
Ажы-Ата! Сиз менен кошо барып келсемби? Суранып келдим,— дейт. Байзак бир аз ойлонуп туруп:
Куйручугум, азыр кунансың, убагында өзүм деле алпарам,— дейт. Анда Куйручук:
Кунандан күлүк чыкпайбы...— дегенде,— болуптур тентегим, кошул,— деп кошо ээрчитип жөнөптүр.
Бел ашып, суу кечип жүрүп отурушуп Чүй өрөөнүнө түшүшөт. Болжогон жерге келишсе, эл кара таандай. Байзакты гана күтүп калышса керек. Байзак топтолушкан элге барбай мындай бура тартып көрүнө бир дөбөчөгө барып токтойт. Аттарынан түшүп жаңыдан жайланыша баштаганда Шабдан жигиттери менен келип Байзакка учурашып калат.
Куйручук элдин эң акырында Шабданга колун берип, колун колунан чыгарбай,
«таксырым сизден бир нерсе сурагым келди, бересизби?» дейт.
Менин кунанчыкма ушул деп күлүмсүрөйт Байзак Шабданга. Куйручук ого бетер батылдана түшөт.
Берсе берейин, айтып көр — дейт Шабдан.
Берсеңиз ушул, эртең топто кулагыңызга үч жолу шыбырайм, ошого макул болуңуз,— дейт. Шабдан болуптур дегендей баш ийкептир.
Эртеси топ ачылат. Куйручук бир жигиттин жоргосун көрүп, аны жактырып ээсинен сурап алат. Жорго колго тийген соң кайран Кукең тизгинди жыя кармап, үзөнгүнү чирене тээп, кыйгачтай жөнөйт.
Андан соң камчысын булгалап:
Элжурт, сөзүңөрдү токтоткула, тартип сактагыла, жыйын эми баштала турган болду,— деп өзүнчө эле жар салып жүрүп олтурат да жоргону топураңдата Шабданга жетип келет.
Таксырым, кечөөңкү сөз оюңдадыр, — деп кулагына эңкейимиш болот деле кайра тартат.
Арыбери удургутуп эл көзүнө көрүнүп коёт да Шабданга дагы келет. Кулагына эңкейип дагы эч нерсе айтпай кайра жөнөйт. Аны эч ким топко жарчы кылып дайындаган эмес. Максаты — Шабдандын жакын, ишенимдүү адамы катары элге көрүнүп, өзүн жамыжуртка таанытып коюу эле.
Обочодо Куйручуктун бул кыймыларакетин курсактуу, чедирейген, башына суусар бөрк кийген өңү сары, мурутчан бир адам байкоос алып турган экен.
Ай жигит токточу — дегенде Куйручук токтой калат.
Кайсы элденсиң?»
Саяк болом.
Ысымың ким?
Кудайберди, Куйручук.
Эки атыңдын кимисине ишенебиз?..
Кудайбердиге. ..
Аа чындыгында, кудай берген жигит көрүнөсүң, бу Шабданга кандайча жакындыгың бар?
Жакындыгым деле жок, ушу топту сен бийлейсиң деген. Муну уккан соң чоң курсак киши жым дей түшөт.
Жакшы, жакшы, жарачу уул экенсиң. Эми баатыр, менин бир ишиме жарап бере аласыңбы? Эгер жарасаң алдагы өзүң минип жүргөн жорго менин уулумдуку, башоту менен сеники болот.
Айтып көрүңүз?
Айтсам кеп мындай, тетиги сага кулагын тоскон
Шабдандын кызы мекин келиним эле, төркүлөтүп жиберсем келинимди бербей койду. Эр окшойсук, эпке келтирип келинимди алып бер.
Байым сөз эки болбосун?
Болбойт уулум!
Анда эмесе Шабданга жакыныраак барып көрүнөө тур. Ыгын өзүм табам деп жүрүп кетти.
Баягыдай жоргонун оозун коё берип, оройчарай Шабданга чукул келет да:
Таксыр, тетиги адамды тааныган чыгарсыз — дейт, сөөмөйү менен көрсөтүп. Шабдан башын ийкейт.
Сизден сурарым ушул. Таксырым, «болуптур» деп коюнузчу,— дейт. Шабдан акичүкүсүн аңдабай туруп эле «болуптур» деп коёт.
Куйручук карап турсунбу, дароо байга жетип: «Жорго меники болуп калды го байым, жүрүңүз» деп, аны Шабдандын үйүнө ээрчитип барат. «Шабдан жиберди, бул байдын келинин берсин, «болуптур» деп макулдаштык» — деп шашкалак салып жатып, байдын келинин колуна тийгизет.
Топ бүтөт. Шабдан Байзакты үйүнө ээрчитет. Келсе кызы жок.
Букен кайда?
Ботом өзүң атайы киши жиберип, «болуптур» деген турбайсыңбы. Кайнатасы кошо келип алып кетти, — дейт чочуган аялы. Ошондо Шабдан Байзакты карап:
Атаа такыр башым, кечеки кунаным дегениң, кунан эмес эле анык күлүк турбайбы!
деп күлүп тим болгон экен.

#31 29 May 2018 - 20:41
ЗОБОЛОНУН КӨТӨРҮЛҮШҮ
Куйручуктун жигит кези. Ар кандай кылыкжоруктары менен атагы чыгып, өйдөсүнгөндөрдөн өчүн алып, текеберлүү далайлардын оозунан сөзүн алып, биртике кадырбарк күтүп, кеп маштап, өз алдынча топ баштап калган учуру. Ошондой күндөрдүн биринде ал «атактуу Шабдан баатыр Токмок калаасында кыргыздын оңсолундагы өңчөй мыктыларынын башын коштурган чоң жыйын курат экен, Жумгалдан Көкүмбай, Байзак, Курман баштаган бир топтору ат тандап даярданып жатышат» деген кабарды угуп, көктөн тилегени жерден табылгандай сүйүнөт да, жүрүштүү көр байталын минип, беркилерден үч күн мурда жөнөп кетет. Ал жакка кандай максат менен, эмнеге бараткандыгын жеке өзү гана билет. Куйручук эки конуп Токмокко жетет. Шабдандын энеси Жумгалдык саяктардын кызы экендигин мурда укканы бар. Ал атынын башын түптүз эле Шабдандын айылын көздөй бурду. Мындай учурларда атактуу манаптар айылына тиешеси жок бөлөкбөтөн немелер жөнсүз келе бербеси үчүн (андайлар айылдын сыртындагы жол менен өтүп кетишчү) бир чети сүр катары, бир чети меймандарга ызаат көрсөтүү максатында «жакшыларды минген атынан, кийген кийиминен, сөөлөтүнөн таанып алып келгиле» деп тың жигиттерден атайын кароолго «кайгуулдарды» коюшкан. Шабдандын жигиттери адаттагыдай эле жол карап турушат эле, түш ооп калган мезгилде
«жакшыларданбы» дешсе анча сөөлөтү жок, биз тааныбаган дөөлөттүү немелерденби дейин десе ошончолук дөөлөтү жок, карапайым кийинген, ээр — токулгасы да эң жөнөкөй, бирок басыктуу атын чапчаң теминип, адамды тике караган өзүлөрү курактуу бейтааныш бирөөнүн бастырып келатканын бетмаңдайынан көрүп калышты. Бул бечара өзүнө окшогондор билинбей өтүп кетчү чет жактагы жолду билбейт го, болбосо атактуу Шабдандын айылын карай айбыкпай, атырылта бастырып келаткан кандай машаяк экен, билбесе билдирип коёлу деген тейде бекер ашка курсагы тойсо өңүнө чыгып, анчамынча алсыздарды абдыратканды аябагандай эрдик катары сезген, эч санаасыз эсирген немелер меймандын «Ассалоом алейкум!» — деп кастарлап салам айтканын алик албай, экөө тең бирдей кыр көрсөтө камчы үйрүп, аттарын туура тартып тура калышты. Куйручук да жакшы эле албеттүү экөөнү капарына албагандай анча тогото бербеди:
О киши менен иш жок, саламдан айланган дөбөттөр! Эки аяктап басып жүргөндүн баарын эле адам дебейт, аюу деле эки аяктап басат. Ал эми силерге окшоп каадалуу жерге үйүрлөп, карды тоёр замат качырып сала бергендерди «дөбөттөр» деп коёт. Киши көргөн киши силерче аңыраңдабай азга аярлап, салам айтса алик алып, меймандын алыжайын
сурайт, анан барып дайнын сурайт, — өктөм сүйлөгөнүнөн улам мынчалык каршылыкка эзели учурап .көрбөгөн немелердин оюна чын эле бул жигит Шабдандын жакын өңтааныш, туугануруктарынан го деген ой келдиби, баягылар чыңа
Лып турган абалдарынан жана түшүшүп, тигинин Шабданга ким болоорун, кайдан келе жаткандыгын уялыңкы сурашты.
Мен Жумгалдан атайы эжемди издеп келдим, — дегенде экөө тең:
Эжеңиз ким? — дешти жарыша.
.— Шабдандын энеси менин эжем болот.
Оо, анда сиздер бастыра бергиле, мен эжеңизге кабарлап коёюн, — деп бирөө айылга чапты. Баягы жигит барып: — Сизди атайы издеп Жумгалдык саяктардан бөбөгүңүз келди, — деп угузду Шабдандын апасына. Ал киши: «Келген жигит менин төркүндөрүмөн болсо бир үйгө киргизип жакшылап сыйлап, жылуужумшак жаткырып койгула», — деп тапшырды. Болгон сыйын көрүп Куйручук ал күнү жатып калды. Эртеси ал эртең менен эрте турду. Булактын муздак суусуна бетиколун чайып эжеме учурашайын деп турду эле, ангыча эжеси чакыртып калды. Шабдандын апасы өзүнчө чоң өргөөдө турат экен. Чакырган жигит Куйручукту коштоп келип боз үйдүн эшигин түрө бергенде үй ичи толо адамдар экенин чукулдан байкады. Дал ушул кысталыш көз ирмемде «эгерим көрбөгөн адамды кантип тааныр экенмин» деген күдүк ой пайда болуп, кайра ага өзү «ай, анын да бир айласын табаармын» деп чечкиндүү жооп бере сала боз үйдүн босогосунан аттап өтүп, көпчүлүктү эс токтото бир сыйра кыдырата караганда, көзү өзүнүн бар кыймылын сынаакы караган төрдөгү байбичеге уруна түштү да «болду болбоду эжебиз ушул» деген жыйынтыкка келди.
Чоң өргөөгө толо отурушкан адамдарга ирээти менен салам берип келип, «кел бу жакка өт» дегендей ишарат кылган баягы кемпир менен кош колдоп жылуу көрүштү. Көптү көргөн, ары кыраа кемпир бөбөгүнүн али жаш туруп, бул жакка биринчи сапар келип жатып, чоочун адамдар отурган чоң өргөөгө тайманбай кирип келгенинен, калдастап калбай, алдыартын аярлап карап алып салттуу салам бергендигинен улам «неси болсо да жүүнү тирүү экен» деп өзүнчө компоюп койду. Бөбөгүнүн келгендиги жөнүндө мурда эле айтылганбы, орто саал тына түшүп, алдыларындагы кымыздар ичилип бүткөн соң бөбөгү менен эркин сүйлөшүп алсын дегендей, үйдөгүлөр бата жасашып, бир баштан чыга жөнөштү. Чоң өргөөдө эми экөө гана калышты.
Ии, эл-журт эсенчилекте турабы, аты-жөнүн, келген жайыңды сүйлөй отур? — деди эжеси.
Куйручук эли-журту эсенчиликте турушкандыгын, эжеси тааныгандарды жана өзү туурасында толук айтты. Андан бөлөк ортодо аркы-берки кыйла кептер сүйлөндү.
Жөн келбеген болууң керек, эмне соболуң бар иним? — деди эжеси акырында.
Менин сизге бир эле соболум бар, ошону аткарсаңыз экен... —деди Куйручук каадалуу.
Ал эмне собол, айт, тартынбай айта гой, колдон келген иш болсо аткарылаар. ..
Соболум эле ушул эжеке, жакынкы күндөрдө Токмокто чоң жыйын болот эмеспи, кыргыздын оң-солунун өңчөй мыктылары топтолгон ошол жыйын башталаар алдында мен топтун түштүк жагынан бастырып чыгам, Шабдан жээним топтун түндүк тарабынан бастырып чыгат. Экөөбүз тең элдин так ортосуна келип калган ченде мен: салам айтып. — О Шабдан жээним кандай? — дейм, Шабдан болсо: Алик алып — О таяке жакшы, жакшы,
дейт. Ошентип экөөбүз эки тарапка бастырып чыгып кетебиз. Болгону ушул. Шабдандын апасы Куйручукту көздөрүн кымыңдата кызыга карап алып: — Болуптур бөбөгүм, уулум менен акылдашып жообун кечке чейин берейин, — деди. Эмнегедир ак өргөөдөн дили агарып чыккандай жеңилденип чыкты ал.
Куйручук кечти чыдамсыздык менен күтүп жатты. Бешим ченде Шабдандын бир жигити келип Куйручуктун башын, далысын, тулку боюн, анан бутун ченеп кетти. Таякеси жээнинин сыйын көрүп жата берди.
Шабдан Куйручуктун кабарын мурда эле уккан сыртынан, бирок, Куйручук катары таанылганы жакындан көрө элек болчу. Эртең топ башталат деген күнү эртең менен эрте Куйручукка сындуу карагер ат токулуп коюлду, «адамдын көркү чүпүрөк» дегендей башына ак калпак, жарашыктуу кара чий баркыт күрмө шым, белине кемер кур, кырмызы чепкен, бутуна намаркан маасы гөлөшү менен даярдап келип кийгизип көрүштү эле куп жарашып калды. Куйручук Шабданга ыраазычылыгын билдирди.
Баягы жыйын болчу күн келип жетти. Тыякбыяктан чакырылган эл келип бүттү окшоду. Тегерек тарта жыйналган элдин карааны калдайып көзгө өтө сүрдүү да, эрдүү да. Сүйлөшүлгөн сөз боюнча Куйручук сындуу карагер атын салт бастыра топтун түштүк тарабынан" , Шабдан ак бозун минип топтун түндүк тарабынан бир учурда бастырып чыгышты. Экөө тең элдин чок ортосуна келип калган учурда Куйручук: — Ассалоом алейкум! Оо, Шабдан жээним кандай? — деди — качантан бери бүгүн биринчи жолу көрүшкөндөй кабелтең үн сала.
Алеки салам, жакшы, таяке жакшы! — деди Шабдан дагы добушун бийик чыгара сөөлөттү. Экөө саламдашып көрүшүштү. Куйручук ага: — Даражаң өссүн, кем болбо! — деди алкай. Экөө эки тарапты карай кылчайбай бастырып кетишти. Шабдан жыйынды Куйручукка башкартты. Бул окуяга күбө болуп турган баягы мыктылар да, не бир чоң сүйлөгөн манаптар да «Даңкы далай жерге тараган кадимки Шабдан «таякелеп» мынчалык кадыр тутуп жаткандан кийин» ... дештиби Куйручуктан кыйла сестенип калышты.

#32 29 May 2018 - 20:43
КАЛТАР ТЕБЕТЕЙ
Куйручук Кочкорго барса, бир айылда той болуп жаткан экен. Кочкордун алдуубелдүү манаптары Суранчы, Мураталы, Мамырбай, Сарыбайлар менен жолугушат. Сөздөнсөз чыгып, алар Куйручукка собол таштап калышат:
Куке, бу сен жөн келген жоксуң. Дайыма келип, бизден айтканыңды алып кетесиң. Эмне үчүн Төрөгелдинин Кудайбергенине барбайсың? Ал эч кимге эч нерсе бербейт. Чычканга да кебек алдырбайт. Биз айтканыңды качан эки кылдык? Бу жолу ошол зыкымга барып бир нерсе алып көрчү, эр болсоң. Андан кийин айтканыңды берели.
Ээ, макул. Анын акылынан менин акылым кем болбосо, сөзүм жерде калбас. Ал Кудайберген болсо, мен дагы Кудайберген эмесминби... — деп жөнөп кетет.
Үйүн сурамжылап билет дагы, атын мамыга байлап, үйгө кирет. Бир аял олтурган болот. Үйдүн ичи аябай жасалгалуу. Төргө аюу талпак салынган. Түз өтүп барып эле аюу талпакка отурат. Тиги аял тура калып: «Ал жер баатырдын орду эле» деп чыйпыйы чыгып кетет.
Баатырың ким?
Кудайберген — деп жооп берет аял.
Ошол баатырыңды урайын! Менин атым да Кудайберген. Аны да кудай берген, мени да кудай берген, — дейт Кукең өкүмүрөөк сүйлөп. Аял унчукпай калат.
Кудайберген өзү дөңдө Эки-үч киши менен сүйлөшүп отурган экен. Чоочун кишинин аттан түшкөнүн көрүп, үйүнө келет. Экөө учурашат. Куйручук ага энчилүү ордун бербей, кайра аюу талпакка ого бетер келберсий отуруп алат. Өз ордуна уруксаатсыз, тоготпой олтуруп алганына тигил тырчый түшөт:
Куйручук, мен сенин тамашаңа таңсык эмесмин. Тамаша көрсөң, мына менден көр. Тамашанын түрүн көргөзөм сага. Бир нерсе өндүрөм деп келгенсиң го сыягы. Мени сөзгө жыксаң же татымдуу тамаша көргөзө алсаң, бирдеме аласың. Болбосо, кулагы узундун да тушамышын бербеймин...
Аа, сабыр кылыңыз. Бизден да тамаша болуп калаар — деп Куйручук секин сүйлөп, акыл калчап, аны менен жаакташууга шашылбай, ыгына көнгөн болуп олтура берет.
Кудайберген комузду мыкты черткен, кыл кыякты сыздаткан өнөрлүү адам болуптур. Узакка дейре Куйручукка өнөрүн көргөзөт. Кукең да кезеги келгенде узун сөздүн учугун чубап, Кудайбергенди кеп-сөзгө марытат.
Эки Кудайберген Бири-бирине ыраазы болушат. Ал күнү Куйручук сыйлуу конок болот. Эртең менен Кудайберген кадырлуу коногун дагы бир боз үйүнө ээрчитип кирет. Мына эмесе, ал чоң мүңүшкөр да турбайбы! Боз үйдүн ичине кыркалакей алгыр куштардын түрүн таптап, кондуруп коюлтур. Ителги, куштан баштап, борбашка чейин бар экен.
Экөө токойго, суу жээктерине чыгышып, кыраан куштарга коён, кыргоол алдырышып, кечке тамаша кылышат. Кечинде үйгө кайтышат. Жатаар маал болот. Кукең ичинен ойлонот: «Бу аты уйкашым да оңой киши эмес турбайбы. Кечээтен бери сөзүнөн да, сыйынан да, өнөрүнөн да кемтик кетирбей, алдырбай турат. Эми мага эч нерсе бербей
турган. Эртең эрте кетпесем, уят. Өзүм сөзгө сынып калышым мүмкүн...» Аңгыча, ууктун билегинде кыстарылган кара калтар тебетейди көрүп, «жым» дей түшөт. Ошол тебетейдин тегерегинде тамаша чыгарууну болжоп коёт.
... Кудайберген Төрөгелди манаптын Үркүнчү деген уулунун баласы. Үркүнчү өтө кырс, ашкере бой көтөргөн, эч кимди теңсинбеген адам экен. Бирок, аңдыдөңдү абайлабай көпкүлөң тартып жүрүп, жаңылыштыктай жакын карындашын ала качып алып, кепке кемтик болуп, эл аралабай калган жаманаттысы бар. Муну Куйручук да уккан. Ушул жараатты тиги тебетейден улам кайра чукуп коёюн деп ойлонот Кукең. Амалы эле сөз чыгарып, сөзгө жыгуу.
Бардыгы уктагандан кийин баягы тебетейди ууктан алып, Куйручук жанына катып коёт. Таң атып, кобур-собур чыгып калганда тебетейди эки бутуна кийип, жууркандан чыгарып жатып алат. Кудайбергендин аялы боз үйдүн түндүгүн тартып, кайра кирсе
конок калтар тебетейди бутуна кийип жатканын көрөт.
Кокуй!? Кокуй!? Бул кандай адепсиз конок эле... Ушундай да болобу? — деп алаканын шак коюп кыйкырат.
Ой эмне болуп кетти?—дейт Кудайберген башын көтөрүп.
Эмнеси курусун! Кастарлаган коногуң калтарыңды бутуна кийип алыптыр... Башыңа сылапсыйпап, сыйга кийип жүрсөң, мунуң бутуна кийгенин кара... Кокуй, шылдың, киши укпасын! — Аркыберкини айтып, тыбырайт ансайын аялы.
Кудайберген төшөгүнөн өйдө болуп караса, Куйручук чын эле калтар тебетейди бутуна кийип жатат.
Ой, Куйручук бул эмне деген акмакчылыгың? Адам кылбаган ишти кыласың. Кудайбергендин ачуусу келет.
Сага окшоп, өз карындашын өзү ала качкан акмактын башынан менин бутум өйдө эмеспи... Сен адам кылганды кылдың беле? — деп Куйручук тигини талуу жеринен кармайт.
Болуптур Куке, тебетейди кийип кет, — дептир Кудайберген сөзгө алдырганын билип.
Куйручук атын минип, кулпурган калтар тебетейди кийип, баягы манаптарга кайрылып келет.

#33 29 May 2018 - 20:44
ЖУУШАҢ МЕНЕН БООРГО САЙЧУМУН!
Илгери коңшулаш элдердин башын бириктирген аш-тойлор көп болчу тура. Ошондой үч улут элдин башын бириктирген чоң аш болот. Ашка казак, өзбек жана кыргыздар күлүк аттарын, балбандарын алып келишет. Ат чабыш, жамбы атыш, эр оодарыш өңдүү элдик оюндар болуп, кезек эр сайышка жетет. Өзбек менен казак тарабынан кебетеси келишкен, абдан зор балбан чыгат. Ал дөөдөй болгон найзакерди мыктылап жабдып, кийинтишип, тандамал жакшы ат мингизип, найза карматып кара аламан журтка көрсөткөнү коштоп
чыгышат. Балбандын зор турпатын көрүп алышып эле кыргыз тарабынан эч ким даап, түшпөй коёт. Тигилер баягы найзакерин элди аралата коштоп: — Кана, баатырыңарды алып чыккыла! — деп шаштырат. Эч ким чыга турган эмес. Убакыт создугуп кетти. Сайышка бир да бирөө даап түшпөй койгондо намыстанып кеткен кыргыз манабы: — Кыргыз кырылып калганбы? Эмне үчүн муну менен сайышууга киши чыкпайт? Казан кулак кайда? Сабыр сен эмне жер тиктейсиң? Булардын жанынын таттуусун кара! Өлсөңөр өлөөрсүңөр. .. Бириңер чыккыла! — деп ар кимге опурулду. Бирок, кимге болсун жан таттуу эмеспи, сайышка мурда түшүп жүргөндөр да чыкпай коюшту. Тиги манап ого бетер элди жекирет. Калк эмне кылаарын билишпей камалып турушту. Баягы билерман эми бирөөлөрдү — «сен чык! сен чык!» деп зордой баштады. Акыры аргасы түгөндү окшойт:
Мен ушинтип казак менен өзбектин жакшыларына шерменде боломбу ыя! Бу кандай жорук! Кайда жүрөт баягы баатырсынган, чеченсинген Куйручук? Демейде анын тили буудай кууручу эмес беле? Ал да жашынып калганбы?..
Ошондо Куйручук элдин арасынан суурулуп чыга келди да: — О, таксыр! Ачууланып жалпы элди каарыбаңыз, элде не жазык! Баатыр болуу оңой эмес... Андай эле сизге намыс керек болсо, башка элдин билермандарына уят болбоюн десеңиз, найзаны колго алып өзүңүз чыкпайсызбы? Чыгыңыз, кана биз карап туралы. Жан кимге болсун таттуу... Манап эми Куйручуктун өзүнө жабышты: — Сайышка мына сен түшөсүң!
Макул, мен түшсө түшөйүн, — деди Куйручук.— Анда, найзанын учуна жуушаңды аштагыла да учун аябай өтөгүлө! Болгула бачым! Тиги дөөдөй болгон найзакер дөдөй неме го, менден өлгөнү жүргөн! Бол, учтадыңарбы? Болгула! Көөдөнүнөн сайганда далысынан чыга түшкөндөй болсун... — деп Куйручук үнүнүн болушунча бакылдай берди. Анын сөзү тиги найзакерге, аны коштоп жүргөндөргө да дапдаана угулуп жатты.
Мейли өлсө... Мен аны аяп түшпөй турса, коркутуп сур көрсөтмөкчү болуп атка конуп алган тура! Баатырдык дардайган көлөмдө эмес... Ап бали, бали! Дагы өгөй түшкүлө! — деп Кукең башын жоолук менен таңып, ыргыштаган ак боз атты минип жылаңач эле түшмөк болду. Берки баатырдын алып чыккан жандоочтору кыргыздар жакка чаап келишип Куйручуктун найзасын көрүшөт да «кудай ууур... тамашалап жаткан экен десе, чындап эле айтканындай найзасына жуушаңды аштатып алган тура!» деп чоочушат. Куйручук андан беш бетер:
Келе, карматып эле койгула колума. Ачуум кайнап турат, тимелечи! ... — деп аябай жини келип, буулуккан болуп атын ойдолото арыбери бастырат. Бир убакта найза да колуна тийди. Ошондо Куйручук: — О, журт! Мага ыраазычылыгыңарды билдирип, ак батаңарды бергиле! Мен аны менен беттешкенде эле боорун жара саям. Тигил найзакер
тарапты кылчая карап:— Атаңдын көрү, ашып кетсе кыркта экен, мейли эми өзүнөн көрсүн... Жеңе жүргөм, жеңип эле келем, буйруса. Кана, оомийин деп койгула,— деди эле эл түп көтөрө: «Оомийин», деп бата тартып жиберишти.
Кукең найзаны колго алып, боз атын атырылтып жылаңач ортого чыга калганда ары жактан элчи жетип келип экөөнү сайыштырбай токтотуп, элге карап мындай деди: — О, агайын туугандар! Калың эл, уккула! Бекер эрегиш менен эки ортодо киши өлө турган. Эгер сиздер макул болсоңуздар эр сайышты токтотолу да, байгени эки баатырга тең бөлүп берели!
Бул пикирге эл дагы макул болуп, эки ортодо эр өлбөй, эл намысы корголуп, күчтү
айлакердик жеңген экен.

#34 29 May 2018 - 20:45
КҮН КАЧАН АЧЫЛАТ
Жазга жуук үзүмчүлүк маалында бир нече күн катары менен күн бүркөлүп ачылбай байлардын малы жутап четинен кырыла баштаптыр. Тоо арасындагы кыштоодон бир короочо кою кырылган бир мырза чөп издеп жакага келатса Куйручук жолугат. — Э,
Куйручук, сен бары-жоктун баарын билчү элең. Бу, күн качан ачылаарын билесиңби? — деп сурайт. Анда Кукең асманды кыйлага тиктеп туруп:
Күн жарыктык, сенин өлгөн атаңдын ичи качан жарылганда гана ачылат экен...
Ал эмне дегениң, айтып чечмелеп берип кет, — деп тиги бучкактап болбойт.
Мырзам, сенин атаң маркум, тирүү чагында далайларды какшатып, салык салып, алык алып чыгымдачу эмес беле? Атаңдын көзү өткөнүнө көп убакыт болсо да баягы тирүү кезинде элден жеп-ичкендерин сиңире албай ичи көөп турат, ошонун кесепетинен күн да ачылбай жатпайбы. Кудай буйурса бүгүн түштөн кийин сенин атаңдын ичи жарылат... Ошондон кийин күндүн чайыттай ачылганын көрүп ал! —деп Кукең кылчайбай кете берет. Айткандай эле күн түштөн кийин мемиреп тиет.
Менин көрдө жаткан атамдын ичинин көпкөнүн билген, анын ичи качан жарылса, ошондон тартып күндүн ачылаарын билген Куйручук анык эле олуя экен го... — деп мырза таң калат.

#35 29 May 2018 - 20:46
БАШЫН САТЫП АЛГАМ
Жаныбек дегендин уулу Бектен аттуу манап өзүнүн мал-мүлкүнө көзү тойбой андан- мындан безип, өңчөй кудайдан жөө качкан ээнбаш, ууру, кескилерден чогултуп 40 жигит курайт. Алардын баарысына кылыч, чокмор, найза, шалк этме, чоюн баш камдап берип ары өткөн, бери өткөндөрдү, жарды-жалчыларды, өзүнө каршы манаптарды тоноп, алардын жүрөгүнүн сары суусун алат. Атыккан «40 каракчы» аталып журт көкөйүнө көк таштай тиет.
Бай, манап, болгуш, бийлер буларды теске салмак түгүл, өздөрүнүн жүрөктөрү оозуна тыгылат. Каракчылар айылдагы бойго жеткен кыздарды да ботодой боздотуп атаэнесинен тартып кетип турушат. Бир ооз каяша айтып кармаша кеткенди канкор манап мойнуна кыл чылбыр салдырып, атка сүйрөтүп, адам жасабаган кордуктарды көрсөтүп мыкаачылык менен өлтүрөт.
Куйручуктун анда толуп турган кези. Ал 40 каракчынын башчысы Бектен менен жүздөшмөкчү болуп Токмокко келет. Куйручук келээрки базарга чейин камданып, атын суутуп, табына келтирип турат. Базар күнү калаага сатканы айдап келаткан ар кимдин малын тартып алышып, кайра базарга сатып жиберишкен каракчылар Токмоктун базарынын четирээк жагындагы көк майсаңга топтолушат. Башчысы Бектен эки бутун кара кашка атынын жалына арта салып таштап, олжологон малдардан түшкөн акчасын эсептеп жаткан учурда Куйручук анын жанынан чукул бастырып өтүп баратса: — Токто, томаяк! Саламың кана! Эмне салам бербей өтүп баратасың?! — деген ачуу үн чыгат. Куйручук андан качпай бура тартып токтоп: — Олжонузга жолтоо боломбу деп, салам бергеним жок, — дейт. — Сен мени тааныбайт окшойсуң!
Ошо таанышайын деп келаттым эле Сизге!
Эмне дейт! Сен кимсиң өзүң? Мындай эр жүрөк азаматты жолуктура элек дөөгүрсүгөн немеге, бул өөн учурап, ачуусу келди. — Мени асмандан түштү дейсизби, мырза. Атым Куйручук болот. Бектен мунун кабарын уккан эле. Аңгыча заардуу, зордукчул манап чөнтөгүнөн 100 сом сууруп чыгат да: — Ме, Куйручук болсоң ал, бирок мага камчы менен төбөгө бир чаптырып туруп аласың муну. Болбосо, мени төбөгө бир чапкын да жаныңан 100 сөлкөбай бергин!—дейт, карышкырдыкындай канталаган кызыл көзүн акшыйтып, «ушул чаба алмак беле» дегенчелик кылып. Куйручук андан тартынбай:
Тос башыңды! — дейт. Бектен бу жөн эле кууланып жатат, деп көп анча ишене бербей суусар тебетейин колуна кармап башын тосо берет. Куйручук үзөңгүнү чирене тээп, табылгы саптуу жез баш камчысын бүктөй кармап туруп тигини чоку талаштыра тартып жибергенде каракчынын көзү караңгылай түшүп, башы менен жерге сайылат. Куйручук төш чөнтөгүнөн 100 сомун ага ыргытып: — Ушундан кийин элди карактап, журтка бүлүк түшүргөн каракчылыгыңды коюп жүргүн! — деп табында турган күлүк аты
менен каракчылардын тобун жарып таскактата жөнөп кетет. Бектендин тигинтип, беделинин түшкөнүн өз көздөрү менен көрүп турган каракчылар Куйрукчукту же кубалаарын, же жөн коёрун билбей нес болуп калышат. Анткени, башын 100 сом коюп өзү тосуп бербедиби.
Ушул окуядан кийин Бектен тигилерге өөдө карап кыр көрсөтө албай баягы кырк жигитинен кол жууп, жазыксыз элди жабыркаткан каракчылыгын койгон экен.

#36 29 May 2018 - 20:49
КЕТМЕНТӨБӨГӨ САПАР
Жолдо. Кабактын кан Чөкөсүнүн үйүндө
Кетмен-Төбөнүн Үч-Терек деген жеринде саяктын өйдөчекти уруусунан Сыдык аке деген киши болуптур. Ал жашоотурмуштун кандай болорлун алдынала билген, баамчыл, көзү ачык экен.
Куйручук күндөрдүн биринде Жумгалдын өйдө жагынан аттанып, Кетмен-Төбөгө барып, Сыдык акенин батасын алып келемин деп жөнөйт. Ат тердетип, Кабак чөлкөмүнө келип, Чоң-Жекаттын Кыргоосундагы күздөп олтурушкан айылга кез келет. Атынын башын бура тартып, бир чоң боз үйгө кайрылат.
Абды! — деп үй ээсинин атын айтып кыйкырат. Абды эшикке чыгып, ага салам айтып, кол алышып учурашат. Куйручукту таанып, коңшуколоңдор да келип калат.
Куке, түшүңүз, үйгө кириңиз?! — дейт Абды өтүнүп.
Жок. Мен сеникине түшпөймүн. Конот го деп нээтиң бузула түштү. Сенин канжыгалык эле алың бар. Үйдөгү жүгүңдүн алдында уйдун ийленген жартык териси турат. Алып чык?! Эки канжыга алып кетемин,— дейт.
«Муну кайдан билди» дегенчелик кылып, таңгала түшүп, Абды айтканды алып чыгат. Куйручук аттын үстүнөн түшпөй туруп, эки канжыгалык кайыш тилип алып, — мен бүгүн Чөкөнүкүндө боломун, — деп бастырып кетет.
Чөкө Куйручукту кубанып тосуп алат. (Чөкөнү эл Кабактын кан Чөкөсү дешчү экен). Алжай сурашып олтурушат. Куйручуктун келгенин уккандар биринен сала бири келе баштайт. Дасторкон жайылып, самоорлоп чай коюлуп, үй ичи, тышы да конок камында.
Малга бата кылып бергиле, — дейт чай ичилген соң Чөкө.
Бардыгы сыртка чыгышып, конокко тай союуга бата жасалат. Куйручук айланага серп салып, кырман жакты көрсөтүп, «Бул эмине?» дейт собол салып.
Ал жыйылган буудай. Күн ала булут болуп турганынан бастырбай жыйып койдук. Эртең бастырабыз.
Азыр аттарыңарды жайдактап, бүт теминге салгыла! Бүгүн күн жаабайт. Эртең шашке ченде жаайт.
Ага чейин буудайыңар бүтөт, — деп Куйручук элди жумушка чегерет. Ал айткандай, ал күнү көктөн тып этип тамчы тамбайт. Эртеси шашкеде гана жаан жаайт.
Чөкө ата тай сойсо да, кой сойсо да этин бүт казанга салдырчу экен. Тайдын эти бүт казанга салынып, көпчүлүк Куйручуктун кызыктуу сөздөрүнө маашыр болушат. Бир маалда эл андан «Семетей» айтып берүүсүн сурашат. Ал элдин суроосун канааттандырып,
«Семетей» айтат. Түн бир оокум. Олтургандардын арасынан бирөө коңурук тартып уктап кетет.
Коңурук тарткан ким? — деп Куйручук сөзүн токтотот. «Молдобала уктап кетиптир» дешет аны жапырт карашып.
Мойнуна буурчак байлаган кара дөбөттөй болбой, чык эшикке! Сага корогон кайран Семетейим! Сенден туулган тукумдан макоо менен сакоо чыгар! — деп аны эшикке чыгарып жиберет. Сөздү токтогон жеринен улап, таң атырат.
Кийин Куйручуктун айткандары туура келип, Молдобаланын бир баласынын тили чулдур, бир кызы сакоо туулуптур, дагы бир баласы кемакыл макоо болуп калат. Ушул күнгө чейин бул жөнүндө «Куйручуктун айтканы келди» дешет.
Сыдык аке менен жолугушуу
Эртеси Куйручук Чөкөнүкүнөн КетменТөбөгө жөнөп кетти. Жол жүрүп ҮчТерекке — Сыдык акенин айылына да жетти. Куйручуктун келатканы эки болуш эл жыйын кылып жатканда угулат. Каратал, Байгазы деген болуштары «Куйручукту сынайлы, жөлөмөсү болсо, Сыдык акесин тааныр, болбосо тааныбай калар» дешип, Сыдык акенин башына малакай кийгизип, болуштардын катарынан төмөн отургузуп коюшат. Аңгыча Куйручук да келип калат. Эки жигит чуркап келип атын алган соң, калың элге жалпы салам айтып, түз барып, Сыдык акеге кол берип учурашат.
Ой эмине сен албарстыча түрүңдү бузуп кубуласың? — Тур өйдө! — деп Каратал болушту колунан тартып тургузуп ийип, Сыдык акенин жанына отурат. Мурда көрбөсө да акесин жазбай тааныганына эл таң калат.
Эки-үч күндөн кийин айылда чоң той болот. Тамаша, оюндар башталат. Бир маалда баягы болуштар Сыдык аке менен Куйручукка келишиге, «азыр көк бөрү тартылат, силер бир тарап, биз бир тарап бололу, бир таштаган батта бир кой!» дешет. Сыдык аке макул болуп, эл эки тарапка бөлүнөт. Улакчы жигиттер тандала баштайт.
Конок экен ушуну салгыла! — дейт Байгазы болуш балбан чалыш бир жигитти көрсөтүп. Куйручук ордунан ыргып турат.
Жок. Улакчыны өзүм тандап алам. Жорткондо жолу болбогОн эмени көрсөтөсүң, бүгүн мунуңдун жолу болбойт! Менин өз атымды токугула?!
Ушуну айтып, элди аралай басат. Башында малакайтебетейи бар, сары жаргак шым кийген жигитти колунан жетелеп элдин алдына алып чыгат:
Маңдайың жарык! Ырыскың куюлуп турат! Жалтанбай түшө бер! — деп көпчүлүк менен кошо батасын берет. Бул бала үч жолу түшөт. Мен Жумгалдан кой ала келген эмесмин, үч койдун баасына акча коёмун — дейт. Он беш сомду калыстын колуна карматат.
Куйручуктун жигити эркечтен тартылган «улакты» үч жолу удаа баттага таштап кеткенде калыстар да, эл да абдан таң калышыптыр.
Кескелдирик жуткан жигит
Тойдон тарап келе жатышса, жолдон обочо бир чоң боз үй тигилип турганын көрүшөт. Куйручук атын моюнга бир салып, кыйкырып барыш, боз үйдү камчысы менен сабап өтүп, кайра тартаарда, үйдөн эки жигит, бир аял чуркап чыгат.
Оо айланайын, касиеттүү Сыдык аке! Ырас болбодубу! — деп жалыныпжалбарып жиберишет. Сыдык аке: — Айай балдар, мен эмес, ал мынабу, саяктын Куйручугу, — дейт. Эки олуяны кетирбей үйгө түшүрсө, үйдө бир жигит төшөктө жатыптыр. Ооруганына бир кыйла болуп, кыйкырыктан чочуп ойгонуп, «оо» — деп тура калганда, оозунан сөөмдөй кескелдирик көк килтир болуп коломтого түшкөн экен.
Жумгалга кайтуу. Кулубайдыкында
Куйручук кайра Жумгалга тартаарда Сыдык аке: — «Эришиң элден, аркагың желден болсун!» — деп бата берет. Ээртокуму, камчысына чейин даяр, маңдайында бармак басыш кашкасы оар кара жорго мингизип, бүктөсу жазылбаган ак калпак кийгизип,
«сырдуу калпак» кем болбойсуң! — деп жөнөтүптур.
Куйручук Жумгалды каран, үйүн көздөй жүрүп отуруп, Кабактын СарыБулуңуна келип, бүгүн жатып ат өргүзүп кетейин, — деп Кулубай деген аттуубаштуу кишиникине кечкурун кайрылып калат.
Ушу маалда Кулубай түлөө кылайын деп агатуугандары менен койго бата кылганы камынып калышкан болот. Үч чакырымдай жерден атчан кишинин карааны көрүнүп
калат. Кулубай: — Тээтиги киши келгиче коё туралы, ким болсо да койго чогуу бата кылалы, — деп токтотуп коёт. Куйручук экенин таанышпайт.
Жакындай бергенде Куйручук атын камчыланып: — Оо кара ооз, мени батаңа орток кылдың, артың оңолот, эми коюңду соё бер,— деп алыстан айтып түшөт. Ал күнү Кулубайдыкына конот. Эртең менен: — Ой кара ооз, жылкыңда бир кара боз тай бар экен, ошол мага буйрук! — дейт. Кулубай алып келгиле деп киши чаптырат. Баргандар жылкынын четинен эле бир тайды кармап келип калышканда, боз үйдө отурган Куйручук көрбөй туруп эле: — Кетем, мага буйрук тай эмес, башка тай келди,—деп ордунан турат. Куйручукту эшикке чыгарышпай, жадынып кайра отургузушат. Өздөрү чыкса чын эле башка тайды мамыга жаңыдан байлап жатышыптыр. Кулубайдын атасы Абды атка өзү минип чаап барып, кара боз тайды алып келе жатканда, — мына эми өзү келди, — деген экен Куйручук.
Куке, кечээ артың оңолот — дедиңиз, — ал эмине сөз, — деп Кулубайдын атасы суроо узатат баарлашып отурганда. — Төрөбөгөн аялы бар экен Кулубайдын, аны коё берет. Башка аял алып андан балалуу болот, артың оңолот дегеним ошол, — дептир.
Кийин Кулубай Айымбүбү деген төрөбөгөн аялын коё берип, башка аял алып балачакалуу болуптур. Кулубайдын балдары азыр эл арасында.

#37 29 May 2018 - 20:54
РАЙЫМБЕКТИН АШЫНДА
Биздин Жумгал тынч экен
Жумгалдын этек жагындагы, КетменТөбө багытындагы СарыКамыш, Толук болуштугун бийлеген Райымбек манап өтө кадырбарктуу, зобололуу адам болуп
Тур. Ал киши о дүйнө кеткенде уулу Кудайберген атасына бүт кыргызды — Жалал- Абад, Ош, Анжыян, Талас, Чүй, Нарынды жердеген элди чакырып ТерЖайлак жайлоосунда чоң аш берет. Ал тургай ОлуяАта, Ташкен, Намангандан да эл келет.
Улуулардын сөзүн улап айтканга ышкыбоз, куйма кулак, сөз билги адамдар билишет. Аксакал баатыр менен Эрназар баатыр эр сайышка түшүп, Эрназар шейит кеткен ушу... Ал өзүнчө узун сабак сөз.
Илгертен кыргызда аштойлор акынырчыларсыз өтчү эмес го. Бул дүңгүрөгөн ашка Жеңижок, Токтогул, Эшмамбет баштаган атактуу акындар келишет. Шабдан баатыр да бу ашка катышыптыр. Ошондо КетменТөбөлүк Токтогул, Эшмамбет, Коргол, Курман, Жаңыбай деген ырчылар Шабданга учурашып биринен сала бири ырдап атышат дейт. Баары тең эле Шабданды көкөлөтө мактапжактап киришет. Ал эми анын жанында отурган
Байзак баатырды таназар албай калышат. Ырга кошушпайт. Буга Шабдандын өзү дагы, Байзак дагы ыңгайсыз боло түшөт. Себеби, Шабдан Байзакты эң жакын кеңешчиси, акыл кошоор адамы катары абыдан сыйлапкадырлачу экен. Байзак баатырдын кабаккашын байкаган кыраакы Куйручук аны жагымсыз жагдайдан куткаруу үчүн алиги ырчылар ырдап бүтөөрү менен аларды карай бир эсе тамашага чалып, бир — эсе чымчып ырдап коё берет:
Түңкатар, Түнтөй журт экен, Булар түтүнмөтүтүн ырчы экен. Түн каткандын итиндей, Түпүрөп ырдап турчу экен. Жатакчынын итиндей, Жабылып ырдап турчу экен. Төрт болуш элде мен ырчы, Байзаке, биздин Жумгал тынч экен! —
деп элди күлкүгө бөлөйт. Коргол обдулуп жооп бермекчи болгондо, Токтогул аны ырдатпай тыйып коёт.
Акындарды жайгаштырганы
Ушул аштын ички тартибин башкаруу, тейлептескөө Куйручукка тапшырылат. Аштын ырасмысы төрт күнгө созула турган болот. Демек, атабабадан калган салтсанаага ылайык мейман күтүү, аларды эриктирбей көңүлүн көтөрүп, жарпын жазуу чоң озуп алуу жумуш.
:Мунун да өз эрежеси, мыйзамдары бар.
Куйручук ашка келген ак таңдай ырчыларга өзүнчө бир өргөө тиктирет. Аларга атайын сыйсыпаат жасаттырат. Кечкисин меймандардын элижерине, соболсопкутуна байланыштуу ырчыларды бөлүштүрүү, үйүйлөргө жайгаштыруу керек. Акындардын ак өргөөсүндө ыр жаңырат. Таңтамаша, күлкү күчөйт.
Бир маалда аксылыктар Токтогулду сурап келишет, — бизге ырдап берсин — деп.
«Күнүтүн чапса талбаган, кара кашка аргымак берип, Токтогулду алып кетесиңер»— дейт Куйручук. Сурагандар бир атты мамыга байлап, Токтогулду ээрчитип кетишет. Андан соң Таластан келгендер — Эшмамбет ырчы бизге ырдап берсин дешет. — «Жалкуйругу төгүлгөн, жарышка түшсө бөлүнгөн күлүк Эшмамбеттин баасы» дейт жана Кукең.
Корголду сураган КетменТөбөлүктөргө «Жол жоргосу дагы бар, таскактачу жайы бар, жакшы ат берсеңер, Коргол ырдап берет силерге» — дептир. Аңгыча, Суусамыр, Жумгалдан келген меймандар Калыкты өтүнүшөт. Анда Кукең: «Жаш болсо да жарайт Калыгым, алыска таптап чапкыдай, ардактап жабуу жапкыдай бир тобурчак оң келе тургандыгын» айтат. Чүйлүктөр Жаманкул ырчыны ырдап берсин» — деп киши жиберет.
«Жаманкулга бир кара кашка теке жетелеп келсеңер эле жарашат» дегенде отургандар кыраанкаткы түшөт.
Ой, эмне күлөсүңөр бу Жаманкулдун ыры деле эл жатаарга чейин түгөнбөйт — дептир анда тамашаны күчөтүп. Жаманкул ал күнү таарынып ырдабай коёт.
Куйручук эртеси «кечээги ыр акыңар» — деп ырчыларга өз энчилерин — бирден ат бердирген экен.
Куйручук баатыр кайдасың?
Абалтадан аштойлордун кызыгы — күлүк чабуу болгон эмеспи. Күлүк ээлери, саяпкерлер чабандес балдар мындайда жүрөгү алып учуп, уктай албайт. Көпчүлүктүн көңүл кушу да көкөлөйт. Кепсөздүн чордону да ушунда болот. «Кайсы тулпар чыгаар экен, тууну кайсынысы жыгаар экен?» «Байгеге марып ким бактылуу болор экен?» дегендей соболдор бардыгын ойлонтот. Күлүгү чыкса элдин да, эл башкарган эрдин да намысы... Кеп байтеде эле эмес... Ошондуктан күлүктүн күлүгүн, тулпардын тулпарын апкелишет. Аттын кулагы менен тең ойногон чыйрак балдар тандалат ат чапканка.
Жамы кыргыз чакырылган бул ашка чабылганы жүздөн ашуун камбарата тукуму келди. Атаңгөрү ай, «чү» — десе эле «булуттуу көктүн астынан, муунду чөптүн үстүнөн» сызчудай туйлашат. Ээлигишет. — Аттар чубатууга салынарын жар салып Найманбай ырчы заңкылдайт.
Күлүктөр чубатуудан өтүп жатты. Көпчүлүктүн көзү аларда. Айрыкча, сай күлүк ээлери алчытаасын жеген саяпкерлер бир да атты куру өткэрбөй сын көз менен карашат. Көпчүлүк чуркурап бата берген соң күлүктөрдү айдап жөнөштү. КетменТөбөнүн манабы Керимбай ары сынчыл, ары баамчыл, кыраакы, сынаакы адамдарын жыйнап:
Менин аргымагым биринчи келет... туу жыгат, туурабы? — деп сурайт алардан. Жооп айталбай тунжурашат. Сиздики чыгат дегендер да болот.
Жок, сиздики бу жолу чыкпай калды, үчүнчү, төртүнчү болуп келет. Буга чейин көп жолу баш байге алып берди эле, ошого канимет кылыңыз, — дейт кары саяпкер.
А кимдин күлүгү чыгат экен, менин көк бууданым турганда — деп жана собол салат Керимбай.
Жумгалдык саяк, Мышыктын Карагери учкан куш менен жарышса утуп чыкчу мал экен, жаныбар чуркай турган чагы экен. Ошол биринчи келет... Караандатпайт башка
күлүктөргө. ..
Керимбай сыр билгизбей ойлонуп калат. Карагерди чыгарбаска амал табат. Эки мергенчи дайындап, — Эч кимге билгизбей, шек алдырбай алдын тосуп Карагерди атып салгыла. Андан соң ал ишти силер да ден да билбеген болом. Байге толугу менен силердики, — дейт.
Күлүктөр келе турган учур жакындайт. (Ал кезде чоң күлүктөрдү азыркыдай 3035 чакырымдан эмес, 5060 чакырым алыстыктан коё беришчү экен). Эки Шыпшайдар мылтыктарын белендеп буйткада жашынып олтурушат. Бир маалда куйрукжалы шамалга
жайылып, артында чаңы бураган Карагер көрүнөт. Башына кызыл оромол байлаган чабендес бала тизгинге колу карышып, ээрге бекем жабышып, ал келет. «Өпкөбоордун тушу деп, өлөөр жериң ушу — деп», мергенчинин бири Карагер өтө берерде мылтык сунат... Жок...— Акебай, ушундан көрө мени атып салчы!— деп мылтыгын ыргытып жиберет ал. Экинчи мерген шашкалактап, саал узай түшкөн күлүктү мээлейт. Бирок, анын да колунан мылтыгы түшөт. Көрсө, Карагер касиеттүү мал тура! Мергенчилер аны мээлегенде эки колунун ордунда эки канаты бар кичинекей жылаңач бала күлүкгүн соорусуна отура калып, канаттары менен Карагерди сооруга чапкылап баратыптыр! Эки мергенчиге тең көрүнүптүр. ..
Ошентип, көкүлүн көккө ыргытып, туягын жерге мылгытып, кулагын жапыра чуркап Карагер келет маарага. Башка аттардын өзүлөрү түгүл караандары да көрүнбөйт. Күлүктүн ээси — Мышык деген киши (өз аты Кулжабай экен, көзү мышыктыкындай, өңү сары болгондуктан ушинтип коюшуптур) кубанганынан ыйлап алыптыр дейт. Ал колунда жок, кедей экен. Ага байге берилбей чыр чыгат. Чай кайнам убакыт өткөн соң гана экинчи, үчүнчү күлүктөр келет.
Бу жолдон кошуп жиберген ат, болбосо чоң күлүктөр удаа келчү эле го — дейт Керимбай туталанып.
Томаяктын атына кайдагы байге, зобололуу адамдын ашында зобололуу адамдын күлүгү байге алганы оң дегендер да болот. Байманаптар ар кайсы шылтоону жамынып, байгени ар кимге ыроолоп салат. Баш байге эки миң сом, алтын чегерилген ээртокумдуу, Анжиян килем жабылган ат экен. Кадимки Токтогул акынга аттын ээрин ал дешет.
Ошондо Токтогулдун ырдаганы:
Албаймын аттын ээрин, Алганда алты боломбу? Кузгундардын колунан, Байгеси болду коромжу. Куйручук баатыр кайдасың? Тапсаңчы мунун айласын... Көрсө боло кедей да, Карагер аттын пайдасын. Эки миң болсо байгеси, Эки сом тийбей ээсине, Кетирип салды айласын...
Шунда калыстыгы как жарган, катаал сөзү таш жарган кайран Кукең, тиги
«мыктылардын» колун арканжипсиз байлабай жыгып: Балбаның жыкса бак болот,
Күлүгүң чыкса ат конот. Манчыркаган кээ бирөө Мансабына мас болот. Жолдон тосуп жеп алган Жок оокат кайдан аш болот? Ээсине ээлик кылдырбай, Энчилеп алып кеттиңер,
Баш байгени шак тоноп. Апталык жерди чуркаган, Ай туяк тулпар ат болот. Адамдын жебей эмгегин, Адилет жүрсөң бак конот. Ач көздүк менен тоюнган Аз оокат кайдан аш болот Тура чуркап кээ бирөө Туурадан чыгып тап коёт, Кудайды карасаңарчы, Карагер аттын байгесин.
Куйручук минтип алып коёт, —
деп, күлүктүн ээсине байгесин толук кайтарып бериптир. Токоң да мындай калыстыкка ыраазы болуп, Мышыктын көңүлүн көтөрөт:
Куйругунан чуу чыккан, Бүгүн ашта туу жыккан, Карагер ат жаныбар, Маңдайындаагы бар. Кулжабай — Мышык таптаган, Саяпкери таанымал. Баракелде Мышыгым, Байгеден
күлүк чыгарган. Бишкек менен Наманген, ОлуяАта дубандан, ТерЖайлакка толтура Эл жайылып куралган. Элирип атың туу жыгып, Эки миң теңге пул алган. Букарадан сенчилеп, Чыккан барбы кумардан... Дегеле, Куйручуктун мындан башка учурларда дагы чоң чырчатактарды, талаштартыштарды калыстык,
акыйкаттык менен жөнгө салгандыгы, ал тургай уруулар арасындагы тирешүүлөрдө элчилик милдеттерди аткаргандыгы жөнүндө кептер арбын.

#38 29 May 2018 - 20:57
АК ТАҢДАЙЛАР АРАСЫНДА
(Коргол Досу уулунун айтканы*)
... Атактуу Райымбектин ашы. КетменТөбө менен Таластан, бержагы Жумгал, Суусамырдан бир боордошкон эл бээлерин байлай, союштарын айдай барышып, ТерЖайлактын тегизине кыркаар үй тигишти. Аш ээлери — боргемик эли дагы абыдан камданышкан экен. Көк шиберлүү көйкөлгөн жайыкта жумурткадай аппак үйлөр жайнайт. Коноктордун сыйсыпаатын чуктоого ар бир үйгө үчтөн жигит, экиден келин дайындалган. Мал союлуп, эт бышырыла турган жерлер аркы Долоно — Булак суусунун жээгинде. Илгертен меймандос кыргыздын уулкыздары ийиктей имерилип, берекелүү дасторкон жайнатышат. Бир жагынан чай тегеренип, бир жагынан ээк черткен бал кымыз сунулат.
Аштын ички ырасымдарын башкаруу Куйручукка тапшырылган. Ар кайсы жерден, алысжуук элден ашка отуздан ашык ырчы ат арытып келиптир. Ар кимиси өз өнөрүн көрсөтүп, көптүн көңүлүн бурат. Конок күтүмүн алгандардын арасында боргемиктеги Осоке деген чоң бай үй тигип келгени белгилүү болду. Жаш алган токолу Кашымкан ашкан сулуу, көргөндүн кумар отун жандырып, кыялы, кыймылы менен эразаматтарды мас кылат. Осоке сексенге таяп калса дагы Кашымканды катуу кызганат. Күндүртүндүр көзөмөлдө. Эшиктен кирген жигиттерди жекире тилдейт.
Сулуу келиндин кабарын уккан Курман ырчы менен Карамырза ырчы экөө ошол Осокеникине атайылап барышат. Көпкөлөң эмелер көз кысып, Кашымканга тийишип, шойкомдонушат. Келин кылчаккылчак чалын карайт.
Мусанын тайганындай улуп, ырчы дегениң жаман журт турбайбы! Кеткиле кутубузду учурбай? — деп Осоке эки ырчыны үйдөн кууп чыгат. Ошондо ырчылардын арасында бар элем. Курман келип Эшмамбет ыр
чыга датын айтты. Эшмамбет ачууланды. «Осоке какбашты бир каптап өтпөсөк болбойт. Ырчыларга тил тийгизиптир! » — деп баарыбызды Осоке байдын үйүнө ээрчитип жөнөдү. Анда менин курч, жаш кезим. — Жакшылап ырдап, сен биринчи тийишкнн, — деди Эшмамбет мага. Мен:
Ой Осоке абышка, Атагың чыкпайт алыска. Качантан бери камындың, Кашымканды алышка. Кызыңдан кичүү Кашымкан, Казыр түшчү калыска. Карылыгың жетиптир,
Мага бергин карызга! —
деп ырчылардын каптамайын баштадым.
Чоң кула жээрде минген Эшмамбет атын тартып тура калып, зоңкулдап коё берди:
Карылык басып кысталып, Каткан шири жыттанып. Какчаңдаба Осоке,
Баянды Коргол ырчыдан уккан Жапар Кенчи уулу.
Кашымканды кызганып. Көрүң жакын төрүңдөн, Каларсың жерге ныкталып. Карамырза, Курманга, Качырдың бекер тиш салып.
Айтпаймын сөздүн жаздымын, Артыңда калган жаштыгың. Картайган кезде капырай, Кашымкан сулуу жаздыгың. Жарга согуп таштадың, Жалындап турган жаштыгын. Жанына батты далайдын,
Жаш аял алган пастыгың. Ар ким кирсе кызганган, Айтам сенин Осоке Акылыңдын аздыгын. Катып алам дебегин, Кашымкандын аштыгын.
Кашымкан белиң кындырдай, Карайсың мени тындырбай. Өңөрүп алып кетейин, Өлөрман чалга кор кылбай. Алкымың аппак кылайып, Азапты тарттым муңайып, Жалынга түшөм сен үчүн, Жаралдың мага ылайык.
Жайлаган жайлооң ТерЖайлак, Жаадырайсың көз жайнап. Кызганчаак чалга кор болуп, Кыйналдың кургур шор кайнап!
Эшмамбет ушинтип ырдап жатты. Самсыган эл, аялэркек дебей бизди тегеректешти.
Кокуй чаба көр Куйручукка! Береги ажылдаган иттер абийирди айрандай төгүп жибермей болушту. Башканын тилин алышпайт булар, бир токтотсо ошол Куйручук гана токтотот! — деп Осоке бир жигитин чаптырды. Ырдамай уланды. Токтогул Осокеге жан тартып, болушкансып ырдады:
Айта бербей жемени, Ырчылар сөзгө келели. Капа кылып албайлы, Абабыз менен жеңени. Аксымдык кылыш жарабас, Ар иштин болот ченеми. Карыны бир аз сыйлайлы, Карөзгөйлүк кылбайлы. Карчытынан чымчыбай, Калыстык менен ырдайлы.
Кашымкан жеңең кашкайып, Кадиксиз сулуу турбайбы. Кызганып койсо карысын,
Карышкырча бурдайбы! —деп
басыла электе Кулуке ырчыны кудай урду! Ал дайыма бука минип жүрүүчү. Айтыша кеткен ырчысынан жеңилип баратканда аттан оодара тартып букасынан түшө калып сабап да салуучу. Акындык жайы аз, оргубаргы, зөөкүр чалыш неме эле. Анын сырын билгендер
жалтактап качып туруучу. Ошол Кулуке букасы менен элди жөөлөтүп, Токтогулду демитип ырдай баштады:
Кесирлүү чалды коргойсуң, Эшмамбеттей болбойсуң. Кесепеттүү Токтогул,
Керилип туруп муштасам, Кемегеге сойлойсуң! Ырчыны итке теңеген, Осокедей какбашты, Токтогул ким деп ойлойсун? Айткан тилди укпайсың, Кашымканга ыктайсың.
Атаңдын оозу Токтогул, Алкынып барып бир койсом, Алты күнү уктайсың!
Кулуке ушинтип жиндене баштаганда, бир чети Тотогул экөөнү арачалап, бир чети тиги зөөкүр ырчынын көңүлүн улап, бая ыза болгон өзүн да тынчытуу үчүн эми Курман ырдап сала берди:
Оо, Кулуке!
Колунан кокон өнбөгөн, Коюнан жыргал көрбөгөн. Кокуй чал мобу өлбөгөн. Сасык айран, көк курут, Саясатка көнбөгөн.
Садага кетсин сулуудан, Салпаяк чал бу өлбөгөн. Адырга бүткөн талдайсың, Аякка куйган балдайсың. Ардагым сулуу Кашымкан, Алжыган чалга кор кылбай, Ала качсам кандайсың? Беш көкүл сонун саамайың, Белеске тийген айдайым, Бекене чалга кор кылбай, Бел байлашка кандайсың?
Көп узабай топ жарыла берип, кара кашка жорго минген, суусар тебетей кийген, күмүш кемер курчанган өкчөлүү өтүгү менен үзөнгүнү чалкалай теминген Куйручук келип калды. Ал топ ырчыны беттеп, эч кимден жалтанып койбой токтолбой төгүп кирди:
Оо жабыржабыр жабырлар, Жамгыр жааса дабырар. Жай албаган байкуштар, Жалбыракты жамынар. Жамыраган көп ырчы, Ушул беле ырыңар.
Оо, дүбүрдүбүр дүбүрлөр, Мөндүр жааса дүбүрөр. Чычаң байкуш чычандап, Чырканакка жүгүрөр. Чыйылдаган көп ырчы, Ушул беле күүңөр. Токтогул сага не болгон, Токтоолук кайда жоголгон.
Торпогунду алдыбы, Осоке барып корооңдон. Эшмамбет сага не болгон, Эсиң кайда жоголгон. Эшегиңди алдыбы,
Осоке барып корооңдон. Ор текедей калжайып, Оолугуп ырдап дардайып, Карыяны сыйлабай, Ээрчитип келген экенсиң
Эшмамбет жолдошжорондон. Карамырза, Курманды, Карандай кудай урганбы? Каптап баарың кордойсуң, Картайган кезде тууганды. Койгун деймин Жолойду, Коргол да мына чоңойду. Кадырлуу ырчы калкына, Карынын алдын торойбу? Карыларын сыйламак, Кадимден калган салтыбыз. Ырылдашсак сыйлашпай, Ырчылар кетет баркыбыз. Топко ырдабай чыр кылсак, Тоодо калат тарпыбыз. Илгертен эле ырчылар, Карыларын сыйлоочу, Кутмандуу кыргыз калкыбыз!
Куйручук ырын бүтүрдү. Ырчылардын баары аны тааныйт экен. Эшмамбет Куйручуктун «Оролмо тоонун ор теке» деп тамашалаганына ызалана түштү. Жооп кылып, ага каршы ырдайм дегендей камданып калды эле аны Токтогул тыйып койду. Аскага чыгып дардайып, алды жагын аңкайып карап турган чоң сакал тоонун текесин көргөнүңөр бардыр. Эшмамбет Куйручуктун жанагы сөзүнөн улам ошого куп окшой түшкөнүнө баарыбыз күлдүк. Анан калса ат минип турган чоң кара сакал алибеттүү ырчы күлкүгө себепкер болду. Ангыча баягы Кулуке туурадан чыгып, Куйручукка катылып
калды:
Кара казан кырмычык, Кырып жеген тырмышып. Эсине келип токтогун, Эненди урайын Куйручук!
Куйручук маңдайындагы букачан Кулукенин букасына камчысын жаңсап тап берип койду эле, анын букасы жер чапчып, «мөө» деп өкүрүп жиберди. Ого бетер дуулдап күлдүк. Анан Куйручук:
Өгүз минип дардайган, Өкүм сүйлөп маңдайдан, Өчөлөңдөп урушкан,
Өлөрман чалыш кандай жан? Бука минип дардайган, Бузуку сүйлөп маңдайдан. Бурганактап жинденип,
Буулугуп чыккан кандай жан? Мингениң уйдун букасы,
Кийгениң таардын жукасы. Өшөнөшөң этесиң,
Азыр топтон кетесиң. Кетпёгенде нетесиң. Тамтаңдаган бузуктун, Таанытсын кудай жетесин! —
деп качырып сала берип, буканы соорудады эле, Кулуке мурунтукка алы жетпей, букасы өкүргөн бойдоп мөңкүп жөнөдү. Күлкү ого бетерден күчөдү. Өзгөчө обочорооктогу атчан аялдар аябай шаңкылдашты. Куйручук эми аларга кайрылып келди:
Ой ак элечек катындар, Ача майкуйрук капырлар. Кызыл түпөк найзага,
Кыйшайбаган баатырлар. Айткан тилди алгыла, Тамашага баргыла.
Кыргыйек куштай кылтыйбай, Бастыргыла алдыга!
Аялдар аштын тамашасы өтчү тарапка жөнөдү. Куйручук ырчыларды ээрчитип, аларга арналып тигилген ак өргөөгө киргизди. Эшмамбетке жанынан он сом сууруп берди. «Сага катуу айтып койдум» — деди. Ошентип жоон топ ырчылар дагы ыкка көндү.

#40 31 May 2018 - 18:16
НАЙМАНБАЙ ЫРЧЫ МЕНЕН БЕТТЕШҮҮ
Суусамырдын манабы Түркмөн атасы Зарыпбекке аш берет. Чүй, Көл, Нарын, Ат-Башы, Кетмен-Төбөдөн бери эл чакырылат. Ашты кудасы, солто элин бийлеген Чолпонкул манапка башкартат. Чолпонкул ошол ашта саяктардын шагын сындырып, басмырлап коюу максатында атактуу Найманбай ырчыны «саяктарды кордогун» деп жиберет. Ал аштын жарчысы да болот. Найманбайдын Жумгалдын мыктылары — Калпа ажы, Байзак, Көкүмбай, Мырзабек, Курман манаптар турган жоон топко келип ырдап турганы:
Эй, билбегендер көп чыгар, Эмесе, билинтип айтып берейин. Алдыңарга баяндап,
Өзүмдөн кабар төгөйүн.
Мен Балыктын уулу Найманбай, Айта берем ар кандай. Сөздөрүмдү байкасаң,
Сөөмөй менен сайгандай. Кээ бир сөзүм байкасаң, Керүүдөн сызган тайгандай. Кээ бир сөзүм кубантат, Кымызга суусун кангандай. Айрым айтаар сөздөрүм, Аңдап көрсөң айбандай. Саяктар сага кеп айтам, Салмактуу сөздү эми айтам. Жайыкышы жатышкан,
Биринбири атышкан. Баштагыдан байкасам, Баатыр болуп калыпсың. Бири-бириңди аябас, Каапыр болуп калыпсың.
Эми чоң Чолпонкул кеп айтат, Чоюлган чоңдор баары айтат. Алардын сөзүн баяндап,
Акын Накең жар айтат. Чолпонкул эмес, Чолпонум, Айтамгалуу солтого,
Алтын тутка болгонум. Алты уруу элди башкарып, Акылын таап соргонум. Асылдын айткан сөзүнүн, Айтайынчы болжолун. Акмактык кылып саяктар,
Абайлабай койбогун. Эзелтен ушу саяктар, Ээнбаш өскөн эл болот. Ээлиге берген өзүнчө, Эсакылы кем болот. Абалтан калың саягым, Аламан өскөн эл болот, Алыша берген өзүнчө, Акылы тайкы кем болот. Көпчүлүгү күүлөнүп, Көйрөң чалыш эл болот, Күүлөнө берип куру бекер,
Көрүнгөнгө жем болот. Аштык айдаар жери жок, Бел кыла турган бели жок, Тебише берген өзүнчө,
Буларың, тентек өскөн эл болот. Саяктар, жаны менен карыңар, Жабыла кулак салыңар. Баатырсынчу болсоңор,
Башына келтек чабылаар. Чоң Чолпонкул кеп айтат, Ордуңардан козголбой,
Бек отурсун деп айтат. Опурулуп сүйлөбөй, Тек отурсун деп айтат.
Күбүрөшпөй, күлүшпөй, Тынч отурсун деп айтат. Бакашака болбостон,
«Кынк» отурсун деп айтат. Аткарбасаң айтканын,
Камап коёт Чолпонкул.
Ачуусуна тийсеңер, Сабап коёт Чолпонкул.
Саяктар, айткан тилди албасаң, Мойнуңардан байлатаар. Жетелетип тепкилеп, Жетимдей шоруң кайнатаар.
Өз үйүндө жүргөндөй, Өжөрлүктү койгула.
Жарчынын кеби ушундай, Жайланып тыптынч болгула! —
деп ырын бүтүрдү. Жумгалдын манаптары ыңгайсыз абалда калышат. Айрыкча, Байзак баатырдын ачуусу келип: — «Бу карыган акмакка каяша кыла турган саякта бир бала туулбай калганбы?» — деп жанжагын караса, «Мына мен чыгам!» — деп, Куйручук атын камчысы менен такымга басып алып, адегенде «Өш дейм өш», «Кет эле, кет» — деп Найманбайды омуроолотуп, жөөлөтүп барып, элди күлдүрүп, анан атынын тизгинин тыкчыйта тартып, аны беттеп турган жери:
Эй, Балыктын уулу Найманбай, Айткан сөзүң айбандай. Акылыңдан адашып,
Айта бербе ар кандай.
Асыласың оолугуп, Ажына болуп калгандай. Угуп тургун Найманбай, Улубагын ар кандай.
Уңгулуу кептен айтпастан, Урушканың бул кандай? Күлгөнүңдү токтот деп, Күүлөнбөгүн Найманбай. Көзөлүңө айтып бар,
Күлө берем ар кандай. Жүргөнүңдү токтот деп, Жөөлүбөгүн Найманбай. Карап тургун кайбарым, Жүрө берем ар кандай. Алты уруу элдин ичинде, Айбанмын деп мактандың. Танып кетээр жөнүң жок, Тайганмын деп айтканың. Айбан болсоң чөп салып, Арыктатпай багайын. Тайган болсоң тартайып, Күнүгө өпкө салайын* Маарап койчу кой болсоң, Адырды көздөй жайайын. Мөөрөп койчу уй болсоң, Сазга айдап барайын. Боздоп көрчү төө болсоң, Тикендүү жерди табайын. Кишенеп көрчү ат болсоң, Минип алып чабайын. Акындын сөзү так болот, Так сүйлөсө бак конот.
Тамтаңдай берсе сага окшоп, Талаада калып жок болот. Тартагай шыйрак, ичке бел, Тайган деген ит болот.
Ачка болсо тайганың, Тарпты искеп жеп коёт. Тайган болсоң итсиң да, Ит болсоң Наке түгөнгүр,
Үрүп жүрүп бүттүң да. Жорудай болбой жолуң тап, Кажырдай болбой кайра тарт. Эшектей болбой элден кет, Качырдай болбой жолдон кайт! Чолпонуңду зор дейсиң, Саяктарды кордойсуң. Чолпонкул качан чоң эле, Башынан качан иши оң эле? Чокчоңдобо тим эле, Чолпонкулуң ким эле?
Кечээ солтодон качып келгенде, Көтүнөн богу шорголоп,
Эр Байзакка корголоп, Элечек кийип башына, Уй сааган катын ал эле,
А мен уй саадырган бала элем! Ак сакалын жайкалтып, Башыбызда таажыбыз.
Меке — Дилде, Каабага, Барып келген ажыбыз. Калпа ажыны көрбөйсүң, Көрбөй туруп сүйлөйсүң. Анын бияк жагында,
КараОйдо жаткан карк алтын, Бүт кыргызга баркы алтын, Жыгылганды таяган, Жыртылганды жамаган. Үзүлгөндү улаган, Чачылганды жыйнаган,
Хан Байзакты көрбөйсүң. Көрбөй туруп сүйлөйсүң, Анын бияк жагында, Уйдун этин жебеген, . . . Убадам эки дебеген,
Хан Медеттин тукуму, Айтканынан кайтпаган, Калпалардан бата алган, Калкка КөкДөө атанган. Көкүмбайды көрбөйсүң, Көрбөй туруп сүйлөйсүң. Анын быяк жагында,
Хан Качыке уругу, Дыйканбайдын кулуну,
Төмөнкү Кулжыгачтын улугу, Мырзабекти көрбөйсүң, Көрбөй туруп сүйлөйсүң.
Анын быяк жагында, Бала Курман атанган, Бадышадан кат алган. Орустардын закүнүн, Көкүрөккө жат алган.
Курман турса көрбөйсүң, Көрбөй туруп сүйлөйсүң. Мына ушундай Найманбай, Саяктарды ким дейсиң? Санжыргасын билбейсиң.
Билсең айтпайсыңбы Найманбай, Билбесең бокту жеген келжиреп, Тайгандайсың Найманбай!
Кет эле кет! Нанманбай! Өш эле өш! Найманбай! Чөк эле чөк! Найманбай! —
деп Найманбайдып атын дагы омуроолотуп барып, ырын бүтүрөт. Эл кыраанкаткы. Чолпонкул боз үйгө кирип кетет. Эсине ак падышанын жасоолдорунан качып, баш калкалап Жумгалга барганы, Байзак баатырдын сөзгө сүйлөшүп, куткарып алганы түшөт.
...Жакын агалары орус солдатты өлтүртүп коёт. Ошондо аны барымтага байлап кетишмекчи болгондо, бел ашып, Байзакка келип, бир айча жашырынып жүрүп калат. Күндөрдүн биринде «жасоолдор издеп келатышат» деп калышат. Чолпонкулду аялча кийиндирип, уй саадырып коюшат.
Кукең анын ушу эски жараатын куп келиштире чукуп олтурбайбы. .. Кечинде Чолпонкул Куйручукту чакыртат. Ал атын мамыга байлап, салам айтып кирип, чөк түшүп, камчысын санына таянып, Чолпонкулдун теке маңдайына олтурат.
Куйручук акын экенсиң. Найманбай карып калган окшойт. Жаңылып калды. Ырыңды кайталап койчу, толук укпай калдым,— дептир Чолпонкул. Кукең жанагы ырда кайра кайталап бериптир.
Бул ырдын жандырмагы болобу? — дейт Чолпонкул.
Болот баатыр! — Куйручук буйдалбай жооп берет.
«Болсо, кана айтып көрчү...» дегенде Куйручуктун айтып турганы:
Чолпонкул эмес чолпонум, Айтамгалуу Солтого,
Алтын тутка болгонум! Арнамыс күткөн элиңе, Айланта салган коргонум. Ак болот элең кетилдиң, Ашкере күлүк экенсиң, Анан кайра жетилдиң. Атагы дайын кыргызга, Атаңдын аты Тынаалы, Артыкча бүткөн жан элең, Аксатып койду азыраак,
Артыңдан салпылдап учкан кулаалы. Алданын салган ишине,
Чопо анан кандай кылалы? —
дегенде эле Чолпонкул: — Болду, болду Куйручук —дейт. «Адегенде көтөрө чалдың, анан
«акболот элең кетилдиң» — деп дагы жылаандын башын чыгарып койдуң. Акын экенсиң, жүрөгүңдө кара жок эр экенсиң, кел эми чыпалак алышып жүрөлү» деп чыпалак алышып:
«Карагул сага он эки болуш солтодон бир тобурчак ат табылаар, кара кашка тобурчакты
ээр токуму менен Куйручукка алып келип мингиз» — дейт.
Карагул Чөлпонкулдун жакшы көргөн жигити экен, өзү минип жүргөн кара кашка тобурчакты ээр токуму менен алып келип Куйручукка мингизиптир.

Супер-Инфо
super.kg
видео