КУЙРУЧУК МЕНЕН КАЛМЫРЗА ЫРЧЫ
Шабдан баатыр ажыга жөнөмөк болуп Токмок шаарындагы Аалыкан төрөнүн мечитинен эл жакшыларына учурашын калуу үчүн кыргыздын оң-солунун бай, бийлерин чакырат. Кулжыгач — Байзак ажы да келет. Ал жанына жакын көргөн жигити Акчоронун Аалыбайын жана Куйручукту ала барат. Көп мал союлат, узатуу үч күнгө созулат. Калмырза ырчы ошондо Шабданды аябай мактап, айрым урууларды жамандап ырдайт: Аллатаалам жараткан,
Ал Мухамбет аты бар. Асмандан түшкөн каты бар, Азирети Аубакир,
Артынан өткөн Чалыяр. Кудай досу Мухамбет, Мухамбетке биз үмөт. Каржысы жеткен адамга Ажыга бармак зор милдет. Эми кабыл болсун ажыңыз,
Хан болсун кырк жыл башыңыз. Хан Жантайдан туулган
Катарда сиздей ким чыккан? Агер чыкса бир чыгаар Калыйпа менен Урумдан.
Эми, калк — кызыл тал, сиз — терек,
Калк кысылса сиз керек. Калкың бирге кетүүгө Каржысы жетпейт, жан бөлөк. Эл — кызыл тал, сиз — терек, Эл кысылса сиз керек. Элиңдин бирге кетүүгө
Эби келбейт, жан бөлөк. Бээжинден уста алдырган, Медересе салдырган.
Түш эңкейсе бешим деп, Динге кубат берсем деп. Коногуна эр Шабдан Койдун зти жетпеген. Кожо, молдо, дубана Эшигинен кетпеген. Ушунча калктын баарын Баатыр өзү эптеген. Аксакалың Баяке,
Айлың барган ажыга. Ак элечек салынган Зайыбың барган ажыга.
Маамыт, Төлөн аты уйкаш, Иниң барган ажыга.
Бул өңдөнүп кыргызда Кимиң барган ажыга?
Ала куш, Маамыт иниңиз Ааламды жеке билдиңиз. Нечен сотко айланган пендени Түбүнөн сурап токтоттуң.
Ар кылганың эр Шабдан, Бүгүн ажыга кетип жоктоттуң.
Мен эми, илгерки өткөн элди айтам, Өткөн элдин ичинен
Өткөн эрди айтамын. Солтодон чыккан илгери Эшкожо менен эр Канат. Баатыр Шабдан төрөмө Бар кылбаймын муну да.
Саяктан Медет болгон дейт, Эсенгулдан Ормон дейт. Эски адамдар көп ^актайт,
Булар да мыкты болгон деп. Адигине Алымбек,
Арбагы оогон катынга,
Мунун несин айтам маалым деп. Курманкожо,
Кулжыгач,
Ар кимиси бирбир баш. Кемисия кылышкан, Эрегиштен эр өлүп, Эсебин баатыр табышкан. Эми убал болду саякка, Убара болуп бечара, Булар барат каякка?
[moderated] менен ногой, дункана, Сагынат сизди бечара. Сагынгандын себеби, Бербей турган Бексулга, Медет болгон эр Шабдан. Бекип калган катуу ишке, Себеп болгон эр Шабдан.
Эми Ак боз бээни жүз сойсок, Атын Шабдан жүз койсок! Өзүндөй болбос кеменгер,
Кош эми, аман барып, аман кел! —
деп созуп бүтүрүп бери басканда Куйручук ордунан ыргып тура калат, айтышмакчы болгондо, аны Баязак этегинен силкип отургузуп коёт. «Куйручук, азыр Шабдан жакшылыкка баратканда сен Калмырза менен чырлашып айтышканың туура эмес. Калмырзанын бул оозу барда далай кезигесиң, айтышаар болсоң ошого камына жүр»,— дейт тыйып.
Шабдан ажыдан келгенден бир, эки жылдан соң Балыкчынын АкЧийинде чоң топ болот. Бул топ беш күнгө созулат. Топтун убактылуу төрагасы Байзак, орунбасары бугу Чыныбай дайындалат.
Топ жүрүп жаткан, эс алуу маалында баягы Калмырза ырчы саяктарды жамандап дагы ырдайт:
КызылСуу менен Шамшыда, Сооронбайдын Дүрү бар. Солто менен тынайдын Соолбос кызыл гүлү бар. Кулжыгач, Курманкожодо Ушулардай кимиң бар?
Эми бура тартпай саяктар, Бурулуп басып буга бар! —
деп Калмырза ырдаганда Куйручук эл ортосуна келип төмөндөгүдөй ырдайт: Ырчы деп койсо Калмырза,
Ыгы жок сөздөн айдайсың. Түзүктөп сөз таап айтпаган, Сен түбү жок өскөн айбансың. Уюткусуз ачыган,
Ирип калган айрансың. Табышмактуу бул сөзүм Талаага кетпейт майнабы. Калыс болгун адамзат, Мен айтпай эле коёюн.
Аксакал Байзак карыны. Көкүмбай, Курман, Мырзабек, Көкдөөлөрдөн миңим бар. Сен,
чалдарыңды мактайсың, Жаштарыңдан кимиң бар? Жаңшап ырдап коюуга, Жаагымда тилим бар. Эми айтышчу болсоң кел бери! Мен айтылуу Куйручук, Атактуу саяк элдеги. Эээй, жалгыз үйлүү Калмырзам, Ата байкуш аа, Ата кургур аа...
Жеңе албайсың сен мени! — деп шылдыңдап анын жүрүштурушун туурап күлөт). Элдин баары күлүп калышат. Калмырза ордунан обдулуп кайра ырдай турган болгондо Чыныбай Калмырзаны чакырып, эл ортосуна келип, Куйручукту да чакырып:
Эл, журт, оң жагымда турган Куйручук — саяк, сол жагымда турган Калмырза — сарбагыш.Мен экөөнө калыс тууганмын. Бул экөөнүн бүгүнкү чырлуу ырына калыс болоюн, эл, журт, калыстыкты бүгүн мага бергиле!? —деп сурап калганда эл чуулдап:
Чыке, сиз туура айтасыз! — дешет. Анда Чыныбай:
Калмырза, сен Шабдан ажыга баратканда Шабданды аябай мактап ырдадың, Шабданга мактоо жарашат, Шабданды сен эмес бүткүл эл, айрыкча орус калкы да баалайт. Бирок сен саякты эки жолу кордоп, кемсинтип ырдаганыңа чыдабай Куйручук сени жамандап ырдап чыкты. Бул жеке Куйручуктун эмес, бүткүл саяктын ыры. Сен түз ырдабай өз айыбынды чукутуп алдың. Куйручук сени «түбү жок», «теги жок», «жалгыз үйлүүсүң» деп эл ортосуна ырдап отурат. Куйручуктун бул сөзүнүн жарымысы калп болсо да, жарымы чын чыгаар. Мындай жамандашып ырдоодон эл бузулат, чыр чыгат. Мунуң туура эмес. Ырчылыгыңда талаш жок. Мындан кийин агымга карата чындыкты айтып, түз ырдап жүр. Бүгүнкү ырың боюнча сен Куйручуктан жыгылдың»,— деп экөөнү жайларына таратат. Чыныбайдын бул калыстыгына эл ыраазы болот. Калмырза шылкыйып Шабдандын жанына отурат, Шабдан да Чыныбайдын калыстыгына кошулуп:
Мындан ары бирөөнү мактап, бирөөнү жамандабай түз ырдап жүр!» — деп коёт. Куйручук жанына барганда Байзак:
Кайран Куйручугум,
жарайсык, мен сени баягыда шашпа дегеним ушул болчу,— деген экен.
Эй, бу Куйручук! Эркалы Осконалы уулу
#42 31 May 2018 - 18:26
БОРБАШ КУУДУЛДУН ҮЙҮНДӨ*
Бир айылда бир катын урушчаак болсо, катындын баары урушчаак дегендин чындыгы барын бир уруунун Борбаш деген куудулу аныктагысы келди. Чоң куудулдардын таамай айткан курч кеби, өзгөрө калган кебетеси, адам кайталагыс кыймылы эл оозунда лакап болор жорук-жосундуу болсо, Борбашта ал касиеттердин бири жок туруп, ошо чоң куудулдарды туурайт. Эсжинди манаптын жорук-жосунун иштейт. Бирде бука болуп жер челгенсийт. Айгыр болуп азынайт. Кочкор болуп мекиренет. Теке болуп бакылдайт, эшекче айкырат. Ага өз жаратылышындагы осол кыймылы, орон жосуну, кай кездери шай келгенсийт. Албетте, ага кишилер күлөт. Бирок, күлкүнүн да күлкүсү бар деңизчи. Борбашка күлгөндөр анын куудулдук асыл өнөрүнө эмес, туурамчылыгына, бирде орой, бирде осол кыймылына, бирде орундуу, бирде орунсуз кеп-сөзүнө, анан ага өзү аябай ишенгенине күлүшөт.
Т. Сыдыкбеков. «Күлкү жана өмүр» китебинен.
Оо, куудул болбосоң коё кал... — Мөөрөшү буканын өзү...
Аңкылдашы деле кадимки эшек...
Хихи... эмнеси болсо да сокур чымыны бар өзүнүн...
Ой, кудайдын мунусуна да каниет.
Жоошбай, Куйручугубуз жок болсо да Борбашыбыз бар!
Ушуну айткан кишилер өздөрүнүн Борбашы барына кадимкидей сыймыктанышат. Ага Борбаш ыраазы.
Өз өнөрүн өстүрүүдө. Деген менен оозго алынды. Кадыр-баркка да ээ болуп калды. Неси болсо да өнөрлүү киши таш жалак калбайт тура.
Кичүүлөрү — «Борбаш аке» дешсе, улуулар: Кудая шүгүр. Куру алакан эмеспиз,— өзүбүздүн Борбашыбыз бар күлдүрөр» — дешет.
Ага көңүлү өскөн Борбаш манчыркайт. Кай кездери жакшыларына да дөгүрсүйт. Тике айтып кепке сындырат. Бири ага ачууланат. «Ай ушунуу» деп кээрдесе, Сири ага күлөт:
Ой койчу. Анын эмнесине ачууланасың. Өзүбүздүн Бокебиз да. Жүрө берсин күлдүрүп...
Айтор, бир айылдын Борбаш куудулунун тентектиги да, осолдугу да кечирилди. Деген менен уруу ичи тынч, атаанчылы аз, ынтымактуу. Ал ынтымак бечара Борбаш куудулду семиртти. Киши семиргенде пейил күтөт деңизчи. Өзү куудул Борбаш ал пейилди эки эсе күтүп, өзүнчө жалгыз үй олтурган кези. Анткени, уруунун ага манабы «тепсөөрүндө калбай» көбүнчө обочо конушат. Козусун өңөрүп, кымызын чаначтап теңденип, сасык байлар ал ага манабына союшун, суусунун жеткирип турат эмеспи.
О калк кадырлаган кишинин ырыскысы элден тура. Балким, биз ага — манапча жалгыз үй олтурсак, союш менен суусун келип турар деген үмүт Бокенде болду.
Тирүү жан — тиштүү бака, ырыскыдан куру калмак беле. Кай кездери Бокеңдин
насиби — союш да, суусун да келип калат. Бул, менсинген Бокеңдин бар зоболосуна сыйынгандыктан деле эмес: уруунун ынтымагынан, берекесинен. Айыл жакшыларынын
«ат качырбас боз айтырларынан». Анан баарыдан мурда: «Өз өнөрпозубуз — Бокемдин өз кадырынан да».
Үңүлө калса кабагы каткат, кирпиксиз жүлжүк көзү нурсуз мөл, боргол мурду баштыктай, эткэел, бет мол. Бир көргөн киши адегенде күлүп да жиберет. Ошондон улам:
«Ээ биздин мол оңтүсүбүздү көргөндө эле күлбөсүн күлөт дечи,— деп Борбаш өзүнө корстон.
Ооба, Бокең өндүрдө жалгыз үй олтурган кези. Ат дүбүртү жакындады. Анан сырттан үн эшитилди.
Үйдө киши барбы?
Борбаш ыңгыранды, төрдө жамбаштап жаткан боюнча козголбой. Кайнатага кызматы элпек келин үйдөн чыга чоочун кишиге иймене карады. Жолоочу өзүнчө эле кобурап койду:
Элденжурттан калган ээн үйдө жалгыз келин бар экен го. Келин чоочуп айтты:
Жалгыз эмесмин аке. Үйдө атамдар дагы бар!
Аа балам, алты бакан селкинчек, андай теппей мындай теп... деп курбуларың мвнен көңүл ачар жаркын жаң экенсиң. Сени ошол катарындан бөдүп, ушул боз өндүрдө калган атаң— кишиби? Же... Келин чочуп айтты дагы:
Атам киши эле аке...
Жолоочу күлгөн болду. Атынан түштү кобурап:
Атаң киши болсо учурашайынчы. ..
Келин атын алып мамыга байлагычакты, жолоочу өзү эле үйгө шып кирип келди да, төр жакка карап кырааттап салам айтты:
Ассаломуалейкум, өз төрүндө дөңгөч болуп жаткан мырза!
Борбаш алик ордуна ыңгыранды. Сол бутун көтөрдү. Мунусу эсжинди манапты туураганы, чоочун кишиге кыр көрсөткөнү болучу.
Жолочу тек өзүнчө кобуранды:
Ээ, казы боломун деп, Борбаш бойдон калган «мырза» сен экенсиң го.
Борбаш жансыз дөңгөч болуп солк этпеди. Жолоочу Борбаштын оң капталын баса отурду да бет алдынча кобурап:
Балтасы келип бул дөңгөчтү жаргыча, жанымды сеп алдырайынчы. ..
Эшиктен келген келин жолоочунун жоругуна аңтаң. Не кеп айталбай, не эмине иштерди билбей селейди. Жолоочу мурутун жаныпжанып сурап койду!
Балтаңар барбы, балам?
...бар — деди келин сактана.
Ак балтабы, сом балтабы?
Келин эмне дээрин билбей, мукактана түштү. Жолоочу келинди кызындай эркелетип айтты!
Дөңгөчсүз деле жагарга отун бар тура садагасы. Андан көрө от тутандыр, казанынды ас. Алабакандагы чучукту, картаны сал. Ай алар аздык кылат го. Берки сүрдөн да чүйгүндөп сал!
Калануу турган чыгдандын ары жагындагы алабаканда чучук, карта, сүр бар экенин билген жолоочу жөн киши эмес деп келин калтаарый түштү эле:
Коркпо садагасы. Балта, шынаасы келгенде бул дөңгөч өзү эле жарылат. Ага дейре эт бышсын. Таң эртеден бери өксүбөй жол тартып келдим бул үйгө. Карын ач. Тездетип жибер!
Жолоочунун кебине келин ынана түштү. Арыбери караганча отту тутандырды. Казандын көчүгүн эмчек аймалаган жаш музоонун тилиндей жалын аймалады.
Айтканындай чучук, карта анан сүр бат эле «бүлк-бүлк» кайнап, жолоочу чырым этип, куш уйкуну салды. Чынында уктап деле жарытпады. Тигил дөңгөч кантээр экен деп бир- эки ирет «корр» эттирди коңурукту.
Дөңгөч эч белги берген жок. «Ээ, бу өзү дайнын таппай жүргөн көөдө экен. Оюндагысын иштей берсинчи. Кайда качмак эле. Бу бейбаштыгын айтып, бийге салсам, буюруса, Бокеңдин алдына тогуз айып тартып, тизесин кучактайт дечи».
Ушул оюна бек Борбаш чын деңгөччө солк этпейт. Эт бышкандыр деп ойлоп, жолоочу баш көтөрдү. Сакал сылады. Эки жагына каранды. Үн чыгарды. Көңүлүндө алда бирөөлөр менен кеңешкенсидн. Анан:
Ээ ырчынын Аксак сарысы, сен айтчы? Киши дөңгөчкө акбалта өтөбү, сомбалта өтөбү? Аа сомбалта деңиз! Жолоочу дагы эки жагына каранды: — Ээ сынчынын Сынсандыгы, сен айтчы? Алыс жол тартып келаткан жолоочу ээн үйгө туш келсе, андагы аштамакка өзү ээ болуп, карын тойгузса, аа жолоочу айып уубу, не үй ээсиби? Аа жолоочу
мискин айыпсыз деңиз!
Жолоочу келинге жалына айтты:
Садагасы эт бышкан тура, чыгар. Дасторкон кой. Жай олтуруп жейли эми. Келин
«кын» дебестен, жолоочунун айтканын иштеди. Жолоочу мукур кынынан нукур кестигин чыгарды да колун, кестигин жууду. Ашыкпай картаны, чучукту кести. Ашыкпай бир кесимден оозго салып, таңдайда эригеп май татымын алып, тамшана чайнады.
Жарыктык, сыртты кур оттогон быштычыкманын жаясы тура. Жеген оозго жарашчу насип экен даа...
Келин ийменип араң айталды:
Атам да жесин, аке?
Жок, атаң кантип жейт? — деп койду жолоочу картаны этиет оозуна салып.
Эмне дээрин билбей жаш келин буйдала калды. Жолоочу эми чучуктан кесип, оозуна жакындатып, өтө бир сылык сурады алда кимден:
Куучунун куур баштыгы сен айтчы? Үй ээси куудулсунса, анан ал куудулданбай куу дөңгөчкө айланып төрдө жатып калса, аны өз сомбалтасы жара чаап отко салса болобу? Аа, куудулсунса, куудулданалбаса, куу ит. Манапсынса, манап болалбаса, ал кек ит. Экөө тең болалбай, элденжурттан бөлүнүп, ал жалгыз үй налса, ал көр ит...
Эртеден бери солк этпей жаткан Борбаш оонай берип обдула турду:
Тааныдым? Тааныдым? Куйручук абам экенсиз Кечириңиз абаке! Кечириңиз? Өзүңүз айткан менин куу иттигимди, кара иттигимди, көр иттигимди... Кечириңиз Куйручук аба? — Борбаш Куйручуктун мойнун кучактап, жалынды-жалбарды.
.— Атым тартуу, башым тартуу. Куудул болбой куруюнчу... Мени киши болсун десеңиз ошол куудулдук касиетиңизден жарты чымчым бере кетиңиз, жарыктыгым!
Куйручук Борбашка одурая карады: — Ээ, куудулдук — касиет дечи. Буга дейре сен аны кандай туюнчу элең?
Өзүңүз айткан — көр ит экемин... Кулдугум бар...
Акын, акылман, куудул журттун төрүндө олтурчу байыртадан. Сен көр иттигиңден боз сеңирде жалгыз үй олтурасың. Эл кыдырып, оңсолдогу журттан чыккан акылман куудулдардан таалим алыштын ордуна... Эсжинди манаптын жоругун иштеп, үйүңө салам айтып кирген кишиге сол бутуңду сундуң. Ушул айыбыңа тогуз айып тарттырып, жазалатсам болор эле. Ит менен битке киши эрегишпейт дечи...
Борбаш Куйручуктун тизесин кучактады:
Көр иттигимди кечир, аба?
Кой? Өйдө бол! Айылдын төрүнө кон! Өнөрлүү ит күнүн көрбөйт. Ак үйдүн төрүн күлдөтөт! Абийир сакта! Өз башыңдагы касиет өзү гүлдөйт!
Айтканыңыз келсин...
Табактагы ырыскыдан ал! — деди Куйручук үй ээси Борбашка.
Экөөбүз табакташ бололу?
Куйручук улуу сөздүн учугун улай Борбаш эшитпеген кепти айтты. Кымтынып, ийменип, коркуп олтуруп Борбаш эт жегендей да болбоду...

#43 31 May 2018 - 18:28
КУЙРУЧУК МЕНЕН КАСЫМАЛЫ
Нарында белгилүү манап Чоконун ашы өтмөкчү болот. Ашка бүт кыргыз жергеси чакырылат. Элдин баары келет. Бирок, Ак-Талааны бийлеген Касымалы Манап эли менен келбей калат. Ашка бир манаптын же
бир эле уруунун келбей калышы ал учурдун салтында уруу аралык чоң чатактын болоорлугун айгинелеген.
Уруу аксакалдары отурган өргөөгө Байзак ажы баш болуп, Чоконун уулу Казы, кайдуунун мыктылары киришет.
Байзак ажы, ашка бу чоро туугандардан башка чакырылгандар бүт келишти. Ашты баштай бербейбизби, — дейт Казы.
Байзак чочуп кетип, оюндагысын ортого салды:
Алысжакын дебей, чакырган элиң бүт келсе, канатташ чоро элин, тууганың Касымалыны катыштырбай ашты баштаймын дегениң Казы балам орозкелирээк жумуш. Аш жалпы кыргыздын ынтымагы менен өткөнү дурус. Чоро элин, Касымалысы менен кошо кайра чакырт. Менин пикиримди аксакалдар да жок дебейт го...
Уруу аксакалдары — Ажы туура айтат. Аш тынч, ынтымакта өткөнү жакшы — деп жаалап калышты.
Мага жымсагыраак айтылды, мен барбаймын — деп коюптур. Нимкыялыраак киши эмеспи, эми мен киши жиберген менен да келбейт, Сиздин эле тилди албаса — дейт Казы.
Байзак бир аз ойлонуп туруп: — бул ишке Куйручук барсынчы,— деп коёт. Куйручук Ак-Талаага жөнөйт.
Куйручук тааныбаган бир жигит боз үйдүн эшигин көтөрүп, аны үйгө киргизет. Касымалы эки куш жаздыкты катар койдуруп, чалкасынан жаткан экен. Кирип келаткан Куйручукту көрүп көзүн жуумп уктамыш болуп калат. Муну байкаган Кукең да
«Атсаломуалейкум! »—деп катуу кайкыра салам айтат. Касымалы бир көзүн кичине жылтыратып ачып, Куйручукту тааныса да таанымаксан болуп, саламын алик албастан, уйку сурамыш этип бир капшытына оодарылып, тетири карап жатып алат.
Куйручук да карап турмакпы, чепкенин чечип керегеге илип, кудум өз үйүндө жүргөнсүп, жүктөгү жууркандардан алып алдына салып, эки ак жаздыкты жазданып, ал дагы экинчи капшытты карап жатып калат. Бирок, Касымалынын бүт кыймыларакетин тыңшап жатса, Касымалы чукуранып кайра бери карай оодарылганын баамдайт. Куйручук да Касымалыны карай оодарылып, экөө тең Бири-бирин көздөрүн жылтыратып тиктеп көпкө жатышат. Бир аздан кийин Касымалы кичине кыйшая калып, алаканын эки жолу чапканда, тез эле бир жигит баш багат. Касымалы жигитке «мен иччүдөн төргө алып келип койгун, коногум экөөбүз ойноп ичебиз» деп буйруду.
Куйручук ичинен бул эмине шумдугу деп, ал дагы Касымалыны туурап көзүн ачыпжуумп жатса, баягы жигит чарадай болгон чоң жыгач табакты төргө апкелип коюп, кайра чыгып кетти. Куйручук табактагы каймагы алынбаган, жаңы уюган топоздун жуураты экенин жаземдебей билди.
Аңгыча Касымалы куду эле жаш баладай эмгектеп табакка жакындаганда, Куйручук да аны туурады. Экөө табактын эки четинде биринбири тиктеп туруп калышты. Касымалы кадимки тамак коруган ит сыңары «ырр» деп койду эле, ушуну күтүп турган Куйручук
«аррарр» деп барып, Касымалынын башын табактагы жууратка матырып алды. Кадимки күр дөбөттөй күркүрөп, эки далынын үстүнөн ныгыра басып аны өйдө тургузбай койду.
Куйручуксуңбу? — деди Касымалы.
Ооба — деди Куйручук.
Куке коё бер, тогуз топоз айыбым бар.
Андан тышкары айтканымды аткарасың!
Макул, сөзүң эки эмес.
Аңгыча жанагы жигит кирип келип «кокуй Касыке» деди эле, «таш оозуңа, бар нары»
деп аны чыгарып жиберди.
Эртеси эртең менен аттар токулуп, аттанар алдында Касымалы кермеде байланып турган топоздорду көрсөтүп, «Куке алаар айыбың тигине» дейт. (Куйручук эмне кылар экен деп, сынап он топоз байлаткан). Куйручук атына минип, топоздорду санап, «айыбың тогуз, ашканы доңуз» деп онунчу топозду бир салат да, «тогузу меники, доңузу сеники, багыла берсин, жүргүлө кеттик» деп жүрүп кетишет.
Байзак Куйручукка «кыргыздын ынтымагы үчүн туулган, тетирлерин теске салсын деп кудайым берген уулсуң да» деп ыраазылыгын билдирет.

#44 31 May 2018 - 18:32
КУЙРУЧУКТУН ШАБДАН БААТЫРГА ЖОЛУККАНЫ*
Бир жолу Чүй башына агайынчылап келген Куйручук шаңдуу келаткан жоон топко кездешти. Көрсө, кеминдик төбөлдөр экен. Падышадан алган чени алданемедей көрүнүп, карасакал нур жүздүү, кыйла келбеттүү Шабдан баатыр үстү жумшак, сыйда жал боздун эч айныбас кой жоргосун көшүлтүп топ алдында. Куйручук токтолбой салам айтты:
Ассаломуалейкум Шабдан баатыр! Көк-Ойроктон дем алып теминген жарыктьж Кемин дайрасына жыбылжыган булак менен кошкон кудайыма тобо!
Алчактаган карагердин үстүндө дүмүрөйгөн сүрдүү кара киши кээрдеди:
Эй! Баатырдын албуут дарыясына мөлтүр булак болуп кошулгудай касиетти сен кайдан алган томаяксың ыя?!
Куйручук да ага тике одурая карады:
Он сегиз миң ааламдын бир эгеси — Теңирим берген ал касиетти мага. Мусулманчылык жолунда кол куушуруп салам айтсам, аликке келбестен... эртеги көк букадай мурдун таңырайткан өзүң кимсиң, баса!
Тигил оолуга түштү:
Берегини турган жерине атматы менен кагып киргизейинчи. .. Баатыр жолумду берчи...
* Т. Сыдыкбеков. «Күлкү жана өмүр» китебинен.
Не дейт бу көк бука! Кан жолдо салам айткан жолоочуну кийиз казыкча жерге кактырса саа окшогон жиндисине, Шабдан баатырың Оң менен Солго калыс боло алат беле?.. Бугу, сарыбагыш, саяк, саруу, черик эмес, жамы казак, кыргыз менен ногой, [moderated]ын, акпаашанын өз журту орустун ортосундагы данакери деп жүрсө быяктагы көп журт... Эмике Шабдан баатырың ошо жалпы эл баамдаган төппү же жанына одурайган, күдүрөйгөн тентектерин топтоп алып, кан жолдон салам айткан жолоочумискиндерди кийиз казыкча жерге житирип жүргөн мүйүз токмокпу?!
Бетке чаап айткан Куйручуктун алп кебине ыраазы болгон Шабдан мыңк-мыңк күлдү да, деп койду:
Олда Баяке ай. Бул өкүмпастыгың кепке кедерги болду го?! Узун өзөндүн кулуну — жамы журттун куудулу Куйручукту бөлчү эмес белең?.. Ат жалында эшитээр албан баян, күлөр күлкү келген тура! Дарыяга куяр мөлтүр булак ошол! Айткандарына кулак кансын. Айылга жүрү, биз менен.
Куйручукту катарга алып Шабдан тизгин какты. Боз жорго соорду бүлкүлдөттү. Баятадан жым тургандар кызык кептен кур калбайлы дешип темине бастырышты.
Кан жолдогу кеп каадасы: эл-журттун эсенчилиги, малбаштын амандыгы суралат. Эл арасында эмнедей окуялар болду. Кандай той-тамаша, не кагылыштар өттү. Журттун жайыты жай, көөнү тынч, пейли токпу. Же ойдо жок жерден чыга калган коога, барымта, доо барбы?
Ушул ызааттан кийин гана кептин ыгын келтирип, Куйручукка кезек өткөрүп акылман куудулдун уккулуктуу кебин эшитип, куудулдук жоругуна жол бою күлүп бастырууну ойлогон Шабдан баатыр «Жанагы Баякенин оройлугу эми жуулду го» деп күлө бакты:
Э Куйручук, жанагы айткан мөлтүр булактыгыңды аныктачы кана?..
Баатыр жакшы эле тунук элем. Көнөкбаш ылайлап жибере жаздабадыбы. Тыякбыягында бастыргандардан күлкү чыкты. Баяке үндөбөй булкуя каранды.
Көздөрү канталап, ачууланып келатканы байкалды. Кудай билет. Баатыр жолун тоспосо, ал азыр куудул турмак кудайдын өз элчиси болсо да Куйручугуңуңду атына согончоктотуп жөө айдап, Кеминдин суусунан жети жолу кечирип, атын жыгып алып, кайда барсаң анда бар дейт беле. Же моокуму канганча сабатат беле ким билсин?..
Э теңирге шүкүр, Баатыр,—деди буурул сакал кызыл жүздүү киши:
Айыкпас кеселдин эми жан сергиткен күлкү дечү ыраматылык акебиз. Кепти күлкү аралаган соң — көңүл кири тарайт деңиз — көнөкбаштан тазаланган булактай... Анан да бу Куйручук балам. Менден көп кичүү экен, балам дейин. Жаңылбасам Жумгалдык Кулжыгачтан го? Ая Курманкожодон! Акун, чечен, куудул үчөөнүн конушу миң. Ал үчөөнүн теңирим чын сүйгөндөрүндө «өз журтум», «бөтөн журту» жок! Ал үчөө жамы атпай журттун баласы. Эмесе, Куйручук баламдан бир кеп сурайын. Дал чынын айтар:
«Саяк менен сагызганга убал жок» деген накыл эминеден улам айтылды экен?..
Ар ким, бир кимдер тек жымыйышты. «Куудул эмине деген жооп айтаар экен. Деле жооп табылаар бекен, бу тике кепке деген жымыйыштар.
«Ан чеченим, ушу кепти ыксыз жерден айттың» деп айталбай Шабдаң баатыр ансыз да элпектенген жоргонун тизгинин какты. Бу тизгин кагуудан улам тигил чечени кеби Баатырга жакпай калганын сезди. Сезгенде не. Атылгаи ок — жерге житти. Айтылган кеп көңүлдө калды... Чечен чийки май жегенсип тымыды... Куйручук бөгөлбей айтты:
Э аке ай! Бу накылдын төркүнүн өзүңүз деле билесиз го? «Ууру жашынган коңулдун үстүндөгү бадалга сагызган коно калып: «Ууру мына! Ууру мыналап» шакылыктайт. Тиги коңулда көчүгү бүлкүлдөгөн ууру айгакчыны сүймөк беле. Ынтымак
курса чоң эл болучу эки уруунун жакшылары өздөрү жакалашат. Саяк ал экөөнү ынтымакка чакырса, ал экөө кошула калып, бечара саякты төпөштөшөт. Таяктан ким сактанбасын, саяк да сактанат. Экөөнүн момунуна саяк болушат. Ошондон улам Сиз сураган накыл кепти УУРУ менен УРУШЧААК чыгарган дешет бизде калыс журт!
Кыргыздагы эки чоң уруу — бугу менен сарыбагыш экөө бир Кылжырдын тукуму — эки агайын журт экенин унутушуп, ынтымактары ыдырап, чабыша бергендигине
келтирип, тике айткан Куйручуктун ачык кебине Шабдан ыраазы болду. Саал намыстана да түштү. Ушул кептин чыгышына себепкер болгон өз чеченине ичинен ачууланды.
«Жалпыга .бирдей— каранын каны, акпааша менен жамы кыргыздын ортосундагы данакери» катары Куйручуктун кебин кубаттады.
Төп айттың Куйручук... «Бөлүнсөң бөрү жеп кетет» деген накыл байыркы Бакай бабадан берки кеп эле. Жарыктык Улуу Тоонун суусунанбы, не биздин журттун дуусунанбы? Кырк уруу кыргыз бир пааша боло албай койдук го...
Куйручук анчейин күлдү:
Кокту сайын айыл. Айыл сайын көк кочкор. Андан кийин көп кочкор. Кептеше кеткенде «бир казанга эки кочкор башын кайнатпаган» да ошолор. Кездеше келгенде: кепке көнүшпөй карсакурс сүзүшө кетишкен да ошолор! Чоку айрылып, мүйүз сынып ошо кочкорлор былчылдашканда. .. бечара кара калктын заманасы куурулат тура, баатыры.
Куйручуктун айткан сөздөрү өздөрүнө тийип жаткан соң, Шабдан кеп бурду:
Куйручук элиңден чыккан өнөрпоздор барбы өзүңдөн бөтөн?
Бар баатыр! — деди Куйручук. —Билимөнөр казынасы элде болот тура. Анан калса, кудайым, биздин саякка такырыраак жерин бергени менен ырчылыкты, сынчылыкты, манасчылыкты, анан жалпы эле шайырдыкты энчилегенби. .. Эчтемеге эби жок, жетимдикте өскөн Кудайберген деген бир баласы «узун куйрукту чологуна улаган Куйручук» атанды дейт. Анысы айыл арасындагы эле жөн кишиси саяктын. Болот калам кармаган Ак-Талаалык Тоголок-Молдосу эзелки баба сөзүн, эмдиги элдик нусканы ак кагазга тамгалап соңкуларга мурас калтырып жатыр. Кетмен-Төбөдөгү [moderated]дан Токтогул ырчы чыкты. Ырчылыгы мыкты.
Башка калкты айталбаймын, баатыр. Биздин кыргызда, ал журттун бир тукуму жумгалдык саякта өнөрпоздорубуз көп эле. Колдо бар алтындын баркы жок деген чын экен. Ошо көп өнөрпоздорубузду бийликтеги кишилерибиз анча жактырбайт. Же ошол өнөрпоздордун өз мүнөзүнөнбү, же акундун ачуу тилиненби? Айылынан адашып башка жактан жай тапкандардын бири — Калык ырчы. Ал Акынын баласы Калык акундугу — бетке чабаар, курч чыкты. Анан тиги Кетмен-Төбөлөп барып, Токтогул, Өтө, Эшмамбеттерден таалим алып жаагы ачылып олтурат!
Мен көйкашкалардын үчтөн бирин атадым, баатыр. Несин сурайсыз?! Айта берсек эмине көп, өнөрлүү көп бизде!..
Болумушту уламышка улай, терсти оңго кынай маселдете айтып, куюлуштура капкайдагыны чубуртуп, өз уруусун да, башкаларды да сынга ала сүйлөгөн Куйручуктун сөзүнө, ар түрдүү салттуу, нускалуу кебине, ат үстүндө келаткан киши кейпин көз боочудай өзгөртүп жиберген касиетине баатыр ыраазы.
Бали, Куйручук калк оозунда мактагандай бар экенсиң!
Өнөрлүү өлбөйт деген ушул...
Бу Куйручуктун ордунда башка киши болгондо — журт агасы болсо да бая Баякеден кордук көрмөк.
Э Баякеңер өзүнөзү бүгүн «ДӨӨ» көрүп, кишини ызаласа ызалар. Эртең ал зомбугулу үчүн «БӨӨ» атанып, калайыкка жексур көрүнөт... Ошондой, незек экөө! Өзүн- өзү дөө эсептеген, калк көзүнө бөө болуп каларын эрте билсе өзүнө ийги. Хихи...
Каймана айтылган Куйручуктун бул кебине Шабдан катуу ойлонуп калды.— «Бүгүн
«дөө», эртең «бөө» дегени жеке эле Баякеге тийеби? Же... «Эртенки болорду бир куудулдун көзү көрөт, бир акундун тили билет» дешчү эле илгеркилер. Мени да мээледиби, бу...
Куйручук да Шабдандын оюн байкагандай болду. Ал тек зериккенсип, аста баш көтөрүп асманга кылыя карады. Аскаларга сур булут чулганып, кою көлөкө каптап келаткан болучу... Куйручук өзүнчө эле кобурап койду:
«Жайдын күнү жаш баладай» дегенди билги айткан экен го. Шабдан баатырдын Токмоктон келатканына, үйүнө жетерине күйбөй кудайым нөшөрүн төктүргөн турабы?..
Эч кимден үн чыкпады. — Ылдамдай жүрсөк кантет? — деп Куйручук теминил койду эле, туурадан үн чыкты.
Асмандын нуру — адөөлөттүн чыгы. Жамгырга жалакайланаар эчки менен саяк жок мында!
Аттигиниң кимиси болсо да тигиге бир чалдырдым деп Куйручук тилин тиштей калды тынымдай. Анан тек күлгөнсүдү:
Эчки курусун жамгырга жалакай чычаңдап... Мен куруюн бала чагымдан чагылгандан коркуп калган жайым бар. Эл жайлоодо. Күн күркүрөп, кара жамгыр төгүп жиберди. Чагылган жаркылдады. Биздин саяктын эчкилери жалакайдый жалакайы. Маараганы маарап, бакырганы бакырып, айылга жамырады. Безилдеген ээлери кудайлап жалынышты. Ошол кезде эчкиден бетер чычаңдап капталдай чапкан атчандар көрүндү. Алаңгычакты «чарт» атылган чагылган асманды как жарып, көкүрөгү басыла электе тигил
атчандардын бири ат-маты менен кулады. Көрсө, ал бечара агайынчылап келаткан сарыбагыш экен! Кудаанын амирине айла жок дечи. Ошончо жалакай эчкиге, же бериде калакайлаган саяктын бирине тийбей, чагылган сарыбагыштын атынын туягынын учунан кулагынын учуна ойноп чыгыптыр! Ажал ушундай, жолу ичке, баатыр. Кокустан азыр чагылган атылса, бу жолу өң сарыбагыш аман, мени чырпып кетеби?.. Тездей жүрөлү, баатыр!
Ушуну айтып Куйручук атына камчы басты, алга узады. Беркилер үн берип күлүштү. Күлкү, шыкак менен өр таяна тездей келатышты.
Айткандай сур булут ойноду. Баш ылдый жел сылады. Адегенде кара жамгыр ириири тамчылай түшүп, күн күркүрөдү. Чарт эткен чагылган асманды тең жарып жиберди бейм... Күндүн күркүрөгү капчыгайды тиретип, өрдөп баратканда Куйручук аттан ооп түштү. Артта андан көзүн албай боз жоргону алчактата термелтип келаткан Шабдан шашып
калды:
Жеткилечи! Оозуна шайтан түкүргөн киши эле... Айтканы келип калдыбы, балээ болуп... Өзү да жоргонун тизгинин какты. Аттан түшө калган киши:—Куке дегенде, Куйручук үлдүрөдү араң:
...Чагылган.. .
Алаңгычакты Баатырлар да жете келишти. «Эмине болуптур?» деп сурагычакты мурда келген киши ишенимдүү айтты:
Чагылган тийиптир, баатыр...
Жакшылап карагылачы. Тамыры барбы? — деген суроодон кийин биротөло жан таслим болуп, «үзүлүп» бараткан Куйручук үлдүрөп, оозунан көк түтүн чыгарды дейсиң
эми ага чагылган тийгенинен шектенүүгө болбоду.
Чагылган тийгенди жерге көөлбөтөт. Оонаткыла! — деди карыя. Айтылгандай ырымдалды. Бир аз эсине келгенсиди да келбегенсиди Куйручук. Анан калса кайран кишинин карасур иреңи күйүп кеткенсип каракөк тарта түшүптүр.
...Куудулданса аттан кулаганы болор. Өңүнүн кара көк болушу колдон келеби, теңири...
Кудаанын буйругу. Куудулдун кулагында деген чын экен го. Жана өзү айткан кеби төп келди го эгем...
Кулагы эшиткендерге өзүн ишендирип Куйручук «тиги дүйнөнү» көздөй жөнөй берди. Өз кийими эмес, кургак, ийи жумшак тон кийди.
Өз аты эмес, үстү жумшак, омоктуу атка өңөрүлдү. Үн чыгарып, күлүп сүйлөгөн бири жок.
Элжуртуна кабар айттыралы, баатыр!
Эл кишиси эле. Кара ашына мал союлса оң болор, баатыр.
Молдо ыйман айтсынчы...
Айтор, ушундай кеп-кеңешти, кейишти, өкүнүчтү угуп Куйручук азырынча «тигил дүйнөдө». Баса, Куйручуктай калк кадырлаган кишинин өлүмү аргандай ушак-айыңга, болжолгр жол берет дечи. — Шабдан, Шабдан башы менен жанындагы Баякесин тыялбаптыр. Эсил Куйручукту жигитине жыга чаптырыптыр деп айтышаар. Айтышаар
эмес, айтышат ошондой ден. Эл оозунда элек жок. Бу — жоболоңдуу иш. Бир баатырга эле эмес, жамы журтубузга көлөкө түшөт. Оң-сол кошулуп кун кубалашы да ыктымал. Кубалашат, Куйручуктай кишинин кунун...
Жан берип жатканга ыйман ;угузуп, өлгөнгө куран окуп, тирүүлөргө шарыятты, актыкты айтуучу Ак-Молдо — Баатырдын өз молдосу дайыма ыйык сакталган китепкаптан «Шартлииманды» этиет алды да, аппак жаздыкчанын үстүнө жая койду. Үйдөгүлөр ушунчалык жым болду. Коюу кирпиктери жумулуп, Ак-Молдо саал термелгенсиди. Ансыз да ак жүздүү иреңи каймагы алынган сүттөй мелтирей түштү да эриндери сыйкырдуу эбиреди: Ал ыйманын айтып бүтүрөр замат Куйручук да көзүн ачты. Үстүнө айкара жабылган кымкап тон бүлк этти. Кадимкидей козголуп алды. Анан ак кымкап тондун алдынан оң колун чыгарды. Өтө бир этиеттикте сакалын сылады.
Анан, анан... Ушу аз убакыттын ичинде «О дүйнөдөн» көргөндөрүн кеп салды.
Адегенде айткандары сырдуу эшитилди. Анан кеп төркүнү диний уламага чаап, бирде дөөперилердин икаясына чагылыша калып жатты. Кадимкидей күлкү көңүл сергитти.
Шабдан баатыр да күлкүгө жыргады. Анан Куйручуктан өтүндү:
Атпай журттун теңир сүйгөн асыл КИШИСИ — КУЙРУЧУГУМ! Күлкү чачкан өнөрүңдүн күчүнө кулмун! Бизден көргөн сыйды бөтөндөрдөн деле көрүп жүргөндүрсүң. Ал үчүн эмес — абийир үчүн өзүңдөн сурарым: «Шабдандын Ак-Молдосу тирүү мага ыйман айтты» деген кеп оозуңдан чыкпас?
Сыйгасый, Баатыр! Мен өзүм иштеген жоругумду Сизге жалаа жапкыдай кан эмесмин, бек эмесмин, манап змесмин. Куйручукмун!
Аргымакка минип, өз атын коштоп, эсил Куйручук элине кайтты.

#45 31 May 2018 - 18:34
ЧҮЙГӨ КОНОККО БАРГАНДА
Илгери жумгалдыктар Чүйгө аз каттоочу дешет. Бир жылы күз айында Байзак ажы баштаган бир топ киши, ичинде Куйручук да бар экен, Чүйгө конокко жөнөп калышат. Жолдо баратып, эки жерден ат откозуп туштөнүшөт. Бараткандар биринен сала бири солтолордун меймандостугу, туураган этти кесмелеп берерлиги, конокторго шейшеп капталган жууркан жаба тургандыктары жөнүндө кызуу кеп кылышат. Суктанышат. Мактап киришет.
«Коногум, конок үйүңдү ойлоп отур» — дешчү эле илгеркилер — дейт Байзак тигилерге. Бардыгы тунжурап, унчукпай калышат. Куйручук гана Байзакка кайрылып: — Ажы бүгүн эки жосунсуз ишиме унчукпай тимеле койсоңуз... Эртеңден баштап өз салтыбыз, өз шартыбыз менен сый көрүп, кийин коногубузду ошол жөрөлгө менен сыйлайбыз — деди.
Куйручуктун бул сөзүнүн жүйөөсүн Байзактан башка бир дагы адам түшүнгөн жок. Айрымдары капарына да албады. Кечке жуук солтонун мартабалуу адамдарынын бири Рысбектикине келип түшүштү. Сыйга сый уланып, тайдын эти тартылды. Кесмеленип, тууралган эт алдыга коюлуп, коноктор улуулата табакка кол салышты. Куйручук бир алгандан кийин эле кабагын бүркөп, колун тасмалга аарчып, тиши ооруган мүнөзд» жаагын басып отуруп калат. Байзак дагы кесменин арасынан этин терген болуп, эки ирети алымыш этип, калган коноктордун алышын күтүп жай олтурат.
Куке, бир жериңиз ооруп турабы? — Эттен албайсызбы? — деп отургандар сурайт. Куйручук унчукпайт.
Куке, бир жериңиз ооруйбу? Бирдеме болдубу? — дейт үй ээси Рысбек Куйручуктун эт жебей, кабак бүркөгөнүнө ыңгайсызданып.
Ошол бирдеме болгонунан ооруп жатат го тиштерим... Сорпого бышкан камырга коно калган эттин бүдүрү тийип кетти эле, тишим «зыр» дей тушпөдүбү, камыр камаган тиш ушуну кылмак...»— деп баягы калыбында отура берет.
Чүйгүн эт жеп жүргөн кадырлуу конокторуна камыр коштуруп, эт тартканына Рысбек катуу сынып калат.
Жатаар маал болуп, меймандар конок үйүнүн жанында сүйлөшүп турганда, «орун салынып бүттү» деген кыязда бир жигит менен бир келин үйдөн чыгат. Куйручук ал жигитти ээрчитип кайра үйгө кирет. Жигит кайра тез эле чыгып, коноктор менен сүйлөшүп турган Рысбекти чакырып кетет.
Ажыбыз ак шейшепке жатканды абдан жаиан көрөт. «Кудай ак болотнайга оротконуңду кечирээк бере көр» — деп, Жалал-Абадда бир мундуз байдыкына конгондо шейшепти алдырып салганын өзүм көргөмүн. Башка меймандарың кандай жатса өздөрү билет. Ажы жатпаса, мен жатмак белем, ажы экөөбүздүн шейшебизди алдырып салыңыз
дейт Куйручук Рысбекке.
Ансыз деле, ичинен сынып турган Рысбек «Куке, ажы кандай жуурканга жатат?» — деп шашып калат. — Төөнүн көзүнүн жүнүнөн капталган, таза жибектен жасалган жууркан жаап жүрүшөт го... — Куйручук тамашачынын аралаштыра түшүндүрөт.
Меймандар орун даяр орун алгыла — дегенде үйгө киришсе, баарына тең баштарына экиден ак жаздык коюлуп, бүт жибек жууркан жабылыптыр. ..
Рысбек эртеси шашкеде конокторунун ыгына көнүп, тайдын этин үйрүм тарттырат. Коноктор кечкисин да Жумгалдагыдай эт жешип, жатаарда шейшепсиз жууркан жамынышат.
Эртеси кайра тартышып, жолдо өздөрүнчө келе жатканда «Алда Куке-ай, ак буудайдын машине унунан чачтай кылып, кесмелеп берген эттен да кактыңыз» деп калат Байзактын бир жигити. «Ал эле дейсиңби, анысынан да бүт жууркандардын аппак шейшебин сыйрытып салганычы... Ээ, Куке ушу эки жоругуңуз тең орозкелирээк болбодубу» — деп дагы бирөө Куйручукка сөз тийгизе баштайт. Ошондо Байзак сөзгө кошулуп:
Эй баатырларым. .. «Бирөөнүн тоогун жесең, каз байла» деген бар. Солто элинен бизге келген конокторго аларчылап кесмелеп эт берип, шейшептүү жууркан жаба алабызбы? Кеп ошондо. Үйрүм эт жегенди, конокторго шейшепсиз жууркан жапканды, демек, биздин элдин салтын солтолор мыйзам катары түшүнүштү. Куйручуктун акылмандыгына ыраазы болгула. Бая күнү «Коногум, конок үйүңдү ойлой олтур» дегеними бекер айткан эмесмин. Эми алар бизге конокко келишсе үйрүмдөп эт тартып, шейшепсиз жууркан жаба берсек болот. Таарынышпайт. Өзүбүз да кепке калбайбыз... Кесмелеп эт жегенди, шейшептүү жуурканга жатканды силер эмес, мен дагы жакшы көрөмүн. Машине ун табылат.Кайдан болсо да алдырат элек. Бирок, чачтай кылып кесме кескенди биздин келин-кыздарыбыз үйрөнө элек. Оболу ошолор кесме кескенге үйрөнүшсүн, ак болотнайга элибиз кеңири жетишсе, силер жакшы көргөн солто элинин сыйына тез эле өтүп коёбуз — дептир.

#46 31 May 2018 - 18:37
БАЙЗАК БААТЫРГА ТОКОЛ АЛПЕРГЕНДЕ
Жумгалдын манабы Байзак убагында акылмандыгы, кара кылды как жарган калыстыгы аркылуу бүтүндөй кыргызга таанылган, кадырбарктуу адам болгон. Кыргыз менен кытайды, кыргызказактын чек араларын өтө билгичтик менен ажыратып, ого бетер зоболосу көтөрүлгөн. Аны кадимки Шабдан ызааттап, «баатыр» дечү экен. Ошондон улам Байзак баатыр аталып калыптыр. А чынында «баатыр», «аке» деген урматка бардык эле эл бийлегендер жетишкен эмес.
«Бири кем дүнүйө» деген сыңары Байзак да көпкө чейин бала көрбөптүр. Байбичеси өзүнө тете ары акылдуу, ары тараз бойлуу, терең ойлуу, кара сууга башын жууса башынан түшкөн суу айран болуп уюп калган, аны короочусу ичип алган касиеттүү зайып болот. Деген менен согончогу конабаптыр.
Күндөрдүн биринде Байзак баатыр Суусамыр тарапка аттанып калат. Аларга удаа Куйручук да атка минет. Баатырдын өз жогунда анын үйүнө атайылап кайрылат да, байбичесине: «Камынып туруңуз, баатырыңа токол алдырта келем» — дейт. Байбиче аны демейдеги тамашадай көрүп: — Ики, кудай бардыр, баатырга токол тандап алып бергенди сага ким коюптур? — деп күлөт. — Ыя алып бере албайт деп турасызбы?! Алып берсем,
сүйүнчүсүнө эмне бересиң? — деп Куйручук да ыкыстатат. — Баарын эле көрүп, баарын эле билип тургандай айтасың го. Эмнени кааласаң ошону ал — дейт байбиче. Куйручук
«Болду, болду. Сөзгө туралы!» деп тигилердин артынан чаап кетет.
Байзак баатыр Кичи-Суусамырдагы Түркмөн болуштукуна өргүп калат. Болуш баатырдын түштүгүнө баглаы козу сойдуруп, кечки тамагына тайдын этин тарттырып, сый көрсөтөт. Ал жерде кадырлуу меймандар жайлоонун көк шиберине көлдөлөңдөй отуруп, бал кымыздан суусунга жутуп, таза абадан искеп, табигаттын ажайып кооздугуна бой жазат. Эриккенде аркаркулжага аңчылык кылышат. Эми эртең кайтабыз деген күнү Куйручук алардан бөлүнүп, «Мамбет байдыкында жумушум бар эле...» деп аттанып кетет. Көрсө, Мамбет байдын бойго жеткен кызы бар экен. Кудалаган жери жок, башы ачык экен. Аны айыл аралап жүрүп, Кукең мурда эле билип алыптыр. Бу жөнүндө Байзакка ооз ачпаптыр. «Кудай кошкон куда болот, пайгамбар кошкон дос болот, куда түшүп келдим» дегенди айтып күүгүм талаш Мамбеттикине кирет. Андай сөздү капылтапылдан уккан Мамбет таң калат:
Куйручук, бу сенин оюнуңбу же чыныңбы? Эгер чының болсо, сен куда күтмөк тургай, алигиче аялың жок, бойдок жүрөсүң го. Же биз билбеген балдарың барбы? Же кайсы бир туугандарыңдын балдарына кудалайын дедиңби? Деги күйөө болчу бала ким? Кимдин баласы?
Күйөө балаң жалпы кыргыз элинин баатыр уулу Байзак! Мына ошого деп кызыңа сөйкө салганы келип олтурам,— дейт Куйручук токтолбостон.
О, Куйручук тамашаңды кой... Ал баатырга биз кайдан тең бололу? — деп шектенет Мамбет ишенкиребей.
Анда Кукең: «Эгер мага ишенбесең, эки уулуңду тең жаныма кошуп бер. Азыр эле барып Байзактын өз сөзүн угушсун» — деп тигини шаштырат.
Мамбет эки бирдей уулун Куйручукка кошуп Түркмөндүкүнө жиберет. Алар келишсе Байзак баатыр төрдүн сол жак капшытында куш жаздыкка чыканактап жаткан экен. Куйручук ээрчите келген эки жигитке ушул жерге тургула деп босогонун жанын көрсөтөт да, өзү дароо эле Байзактын жанына барып бир нерсени шыбыраган болот.
Я, эмне дейсиң? Деги катуураак айтчы? — деп Куйручукту зекимиш болот тиги. Куйручук үнүн мурдагыдан да акырын чыгарып, эки колун созуп, алаканын тигинин кулагына тосуп, бир маанилүү нерсени айтымыш этет. Байзак даана уга албай «Я, эмне дейсиң?» — дейт дагы кайра. «Ээ, баатыр, баарын айтып бүттүм. Макулсуңбу? » — дейт Куйручук бу жолу элге угуза сүйлөп. Тажап кеткен Байзак «макулмун» дейт, башын ийкеп эчтеме шектенбей.
Куйручук эки жигитти ээрчитип, кайра Мамбетке келет. Болгонун айтып беришет. Мамбет ишенет. «Болуптур! Баатыр өзү каалап айтып жатса, кызыбызды бербейбиз демек белек. Кыз баланын акыры бараар жери күйөө эмеспи» деп демин басат. Куйручук дагы ыкыстатат:
Баатыр колуктусун эртең эле өзү менен кошо ала кетем деген. Эгер элдин баарын топуратып, үйүбүзгө котолотпойбуз десеңер, кызыңарды түн бою камындырып, эртең менен эрте себин төөгө жүктөп, жеңелери менен мага кошуп бергиле. Мен баатырды колуктусу менен Туура-Кайыңдынын оозунан тосуп алам. Ал эми ырым-жырым, калың малын үч-төрт күндө алып келип, колуңа салам.
Бардык иш Куйручук айткандай бүтөт. Андан соң Байзакка келип эртеси жолго
чыгаарды бышыктайт. «Чабал өрдөк мурда учат эмеспи». Атым чаалыккансып турат, эртең силерден эрте жолго чыга берейин» деп Байзакка кулак кагыш кылат.
Эртеси түшкө жакын Байзак жоро-жолдоштору менен аттанып, жолго түшөт. Бешим ченде Туура-Кайыңдыга жакындайт. Аңгыча алардын алдынан атына кайра-кайра камчы уруп Куйручук чыгат.
Оо баатыр, сүйүнчү! Сүйүнчү!.
Байзак анын кокусунан чыга калып, карбаластаганына таң калып:
Оо болсун! Болсун! Деги ал эмине сүйүнчү? — дейт.
Жаңы колукту сизди күтүп отурат. Тигинекей! Куш бооңуз бек болсун! — деп Кукең колун сунат.
Эмне дейт? Кайдагы колукту? — деп огобетер таң калат Байзак.
Түндө өзү менен макулдашып кеткенин айтат Куйручук. Байзак көпчүлүктүн көзүнчө
«макулмун» дегенин эстейт. Сөз баасын түшүнгөндүктөн, анүстүнө Куйручукту да кыйбай Байзак аргасыз моюн сунат. Эми бардыгы Туура-Кайыңдыга бурулушат.
...Жасана кийинип, элечекти кабагына түшүрө кийген колуктуну колтуктап алган шакылдаган эки жеңеси Байзак баатырдан көрүндүк, жеңкетай доолашып, алдынан тосуп чыгышат.
Ошентип, байбиче менен азилдешип, Куйручук Байзак баатырга токол алып берет. Байзактын балдары мына ошол токолдон таралат.

#47 03 June 2018 - 16:18
ЭЙ, БУ КУЙРУЧУК!
Куйручук кедей-кембагалдардын малын Анжиянга айдатып, саттырмак болот. «Семиз малыңарды жыйнагыла, айдап барып, соодалап, үй-бүлөңөргө кийим-кече, кездеме, кантчай алып келелип—дейт. Бардыгы макул болушат. Айылайылдан мал топтолуп, алыс жолго бара турган белдүү эр жигиттер шайланат. Мал айдап, күтүрөп жөнөп калышат, Жумгалдын жогору жагынан.
Ал кезде мал сатуу жөнүндө болуштун уруксат кагазы керек болгон. Жумгал өрөөнү боюнча малды алыска сатууга Байзактын гана мөөрү жарай турган. Куйручук жолдон Байзак баатырдын айылына кайрылып, иштин жөн-жайын түшүндүрөт. Ал Куйручуктун эл камы үчүн кылган аракетине ыраазы болот. Малды эч жерде кармай турбаган тил кат берет. Анан өз короосундагы көк кочкорду табыштап: — Куйручугум сенин калыстыгыңды кийин билемин, баасын мага алып келип бергин, байгесин өзүң алгын,— деп чыпалак алышат.
Көк кочкорду малга кошуп, узак жолго чыгышат. Жалал-Абадга келишет. Малды оңдуу сата алышпайт. Кызык окуя ушул жерден башталат. Анткени, бул жакта кочкор сүзүштүрүү тамашасы бар экен. Эл экиге бөлүнүп, кочкорлорун сүзүштүрүп уудуу түшүп жатышыптыр. Эки тарап Бири-бирине кадимкидей доо коюп, жеңгени байге алып, жеңилген жагы куру калат. Байге алган кочкорлорду тимеле туу жыккан күлүктөй даңктап, кадырлашат экен. Жем-чөп, сабиз менен бордоп, таптай тургандыктары да белгилүү. Тапталган кочкорлордун жүндөрүнөн май тамат. Көздөрү күйгөн шамдай жылтылдайт. Коё берсе буканы да аңтара сүзчүдөй болуп, октос берип, сүрдүү турушат.
Ошентип, Жумгалдыктар кызык мелдештин үстүнөн чыгышты. Куйручук «Байзак баатыр берген көк кочкорду ушул мелдешке алып чыкпайлыбы? » — деп мал айдагандарга кеңеш салды эле, бардыгы макул болушту.
Көк кочкор тиги кочкорлордой анча чоң эмес, бирок, тыгырчыгынан келген, төрт саны жоон, чыгырык мүйүз, жүнү кылчык жана көк боёк менен боёлгондой эле. Куйручук калың топту жарып ортосуна кирди: — Агайын-туугандар, силердин кочкорлор дасыккан, сүзүүнүн ыгын билет. Ал эми «аркалык кочкор» жолдо келе жатып эле, койгун десе болбой ээлигип, биринчи жолу мелдешке кошулганы турат. Мелдештин шартык бизге айтып берсеңер угалы — деп көпчүлүккө кайрылды.
Кара сакал, узун бойлуу киши ортого келип, мелдештин шартын айта баштады:
Аркалык туугандар, кочкор сүзүштүрүү оюну биздин эл үчүн атадан калган салт. Байгени калыстар чечет. Кочкорлорун эки адам жетелеп келип, экөөнү жытташтырат да кайра алып кетет. Эгерде жытташкандан кийин сүзүшпөй калышса, анда мелдешке кошулбайт, алып кете бересиң. Эки кочкор сүзүшүп бүткөндө жеңгенине жеңилген тарап байге берет.
Көк кочкорго бет кылып, узун моюн, чыгырык мүйүз, куйругу көмкөрүлгөн казандай, жүндөрү апсайган чоң кара кочкорду алып чыгышты. Очоюп, аюу кебетеленет. Көк кочкор анын жанында бала кочкордой эле байкалат. — Оо, кокуй мунуңарды өлтүрүп койбойбу... Мындайдын далайын жапшырган, анүстүнө силердики мурда сүзүшүп
көнбөгөн да дегендер болду. — Ээ көрөрбүз — деп сыр бербеди Куйручук, Сыягы,
«Жалал-Абаддык кочкор» далай байге алган окшойт.
Эки адам жетелеп барып, көк кочкор менен кара кочкорду жытташтырды да кайра артка жетелеп коё беришти. Эки кочкор эки жакка саал кетенчиктеп барып, бир убакта кудум найзакерлер качырышкандай качырышып калышты. Мүйүздөрү кагышканда «карс» деген үн чыгып, экөөнүн тең баштары жерге кире түштү. Экөөнүн тең арткы буту, куйругу көтөрүлө түшүп, экөө тең сендиректей калып, анан артка бир топ кетенчиктеп барышып, кайра түтүндөй качырышты. Бу жолу эки мүйүз тийишкенде эле кара кочкор чалкасынан кетти.
Аркалык агайыныбыздын кочкору жеңди! Байгеси бир койдун пулу деп дароо беришти. Ошентип көк кочкор Жалал-Абаддан Анжиянга барганча көп тамашаларга катышып, бир да жолу жеңилбеди. Далай даңкайган кочкорлорду көмөлөтө сүзүп, көбүнүн мүйүзүн омкорду. Көргөн элдерди таң калтырды. Көк кочкордун улам атагы чыгып, жолду ката отуз кочкорду жеңди. Ага кызыгып «сат» дегендерге бербей жүрүп отурушту.
Анжиянга барганда көк кочкорду дагы бир жолу мелдешке салып, аны жеңгенден кийин,— эми бу «баатырды» мындан артык кандай баага сатмак элек-деп Куйручук кырк койдун пулуна саттырып жиберди. Байгени бөлүп алышып, баасын Байзакка сактап коюшту.
Калың малды Анжыяндын базарына айдап барып сатышты. Теңинен көбү соодаланды.
«Калганын эмки аптага күтөбүз» деп шаардан алысыраак талаада кайтарып жатышты. Ошол убакта орозо бүтүп калган мезгил болот.
Бүгүн айбашы, эртең айт. Мен мечитке барамын — деп Куйручук жанына эки жигит алып, шаарга жөнөйт. Намазга түшүү үчүн чоң мечитке көп эл чогулган. Куйручук элдин арт жагына туруп калат. Биринчи жолку намаз бүткөндөн кийин экинчи намаз башталат. Ага да Куйручук кайра кошулуп түшөт. Эл көп болгондуктан үчүнчү жолку намаз башталат. Бу жолу да кошулат. Намазга түшүрүп жаткан ыймамдын алдына чоң жоолук жайылып коюлган. Намаз акы жана орозо кармабагандар орозо күнөөсүнөн кутулуу үчүн ошол жоолукка ар ким пул таштап кетүүсү парз экен.
Куйручук ыймамга таанылуу максатында үч жолку намазга акча таштайт. Анын үч жолу намазга түшкөнүн ыймам да байкаган эле.
Эл тарап кеткенден кийин артында Куйручук калат. Ошол учурда ыймам сопусун чакырып: — бир укмуш соопчул адамды көрдүм, тээтиги адам үч жолу намазга түштү — дейт. Аңгыча Кукең да кепичин кийип, аларга басып келип, «ассаламуалейкум, молдокелер» деп кол берди да:
Экөөңүздөрдүн бир күнкү тапкан олжоңор экен. Жоолуктун пулун мен алайын,— деп жоолукту төрт бурчунан кармап колтугуна кысат.
Уке, бул пулда сиздин эч кандай акыңыз жок. Жоолукту таштап коюңуз — деп ыймам кызаңдайт.
Ээ ыймам аке, сабыр кылыңыз! Бул адам — Куйручук! Эй,— бул Куйручук! Ушул жоолуктагы пул менен кутулсаңыз эле, кудай деңиз!—деп жанындагы сопусу колунан кармап токтотот. Ыймам аңтаң болуп, сопусу экөө Куйручуктун артынан акмалап, сыртка чыгышты.
...Куйручук жоолуктагы акчаларды эшиктин сыртындагы, жолдун өйүзбүйүзүндөгү кайыр сурагандарга таратып жатты.
Бул окуяны көрүп турган ыймам «бул тегин кйши эмес» — деген ойдо сопусун
жиберип Куйручукту кайра чакыртып алды.
Ыймам аке, сиз жанагы берген пулуңузга нааразы болуп чакырдыңызбы, же дагы пул бергени жатасызбы? — деди Куйручук.
Ыймам анын колун кармалап: — Келиңиз, аркалык Куйручук! Сиздин кайыр сураган адамдарга соопкерчилик кылганыңызды көрүп отурдум. Анык соопкер экенсиз. Мен ал
пулду аларга бермек эмесмин,— деп чынын айтты. Сопусуна Куйручукка бир аттын пулун берүүнү буйрук этти.
Ээ, ыймам аке, айтпадым беле, ушу жоолуктагы пул менен кутулсаңыз, кудай деңиз дегем,— деп сопу кол сандыгын ачып, бир аттын пулун Куйручукка карматты. Кукең ыракматын айтып кол алышып кете берди.
Бул адамды кайдан билесиң? — деди ыймам сопусуна.
Ээ ыймам аке, мындан эки жыл мурда чоң базарга барып калсам, ушул адам калың злдин ортосунда бийик текчеге чыгып алыптыр. Аны — Куйручукту курчагандардын көбү менменсинген соодагерлер, көпөстөр экен. «Келе беш пул бергин» дейт. Ал соодагер унчукпаетан чөнтөгүнөн «ме алың» деп сунат. «Келе он сом» дейт. Тигиниси деле «ме алың» дейт. Кыскасы, «бербеймин» дегендер болбоду. Куйручук алган пулду өзү албай ошол жердеги бейбечараларга узатып турду. «Ой сен көпөсүм, бир тыйын да бербеймин дебедиң беле? Эмне себептен бердиң? — деп эл күлкүгө тунат. Кеч бешимге чейин не бир сараң соодагерлер «бербеймин» деп келип эле, ал сураганда чөнтөгүндөгү акчаларын сууруйт. Мен ошон үчүн жана сизге эскертпедимби — деп сопу ыймамды жылмая карады.
Куйручук мал айдагандар менен ыймамдан алган аттын пулун тең бөлдү. Эртеси калган малды бүт сатышып, элге деген буюм-тайымдарды аттарга жүктөп кайта Жумгалга сапар тартышты.

#48 03 June 2018 - 16:20
МЕН СЕНИ МИНИП БАРДЫМ
Илгери казак-кыргыздын бай-манаптарынын ортосунда алык-салык жыйноо боюнча чатак чыгып, кыргыздын оңу менен солуна айкын таанымал Шабдан Жумгалдын манабы Мырзабекке дубай салам кат жазып, мындай ишке Куйручук жарачу эле деп ага киши жөнөтөт. Мырзабек Жансары деген жигитин жиберип
Куйручукту алдырат да: — Сен, чечен, кара кылды как жарган калыс, тонун аңтара кийип элди күлдүргөн куудул, көк эшек минген маскарапоз экениңди билип Шабдан чакырткан экен, бүгүндөн калбай жөнө! — дейт Куйручукка, «эмне болсоң ошо бол» деп табалагандай. ..
Куйручук макул болуп, айылдан чыгып жолдун боюнда ары өткөн, бери өткөн байларды тосуп чыгым салат. — Сен мага жакшы ат камда, сен тебетей, сен күрмөшым, кепич маасы дайындагын. Мен жоо менен беттешкени баратам, сен күмүшбычаккамда. Эгер айтканымды дайындап бербесеңер Мырзабекке айтып көргүлүктү көрсөтөм,— дейт. Болуштан корккон байлар анын айткандарын түнү менен камдап беришет. Кукең таң куланөөк салганда сапарга чыгат. Ашуу ашып, таңдай катып, минген аты жүрбөй калганда коштоп келаткан аттарынан улам алмаштырып минип, сабап уруп отуруп Бишкекке келип
Шабданга жолугат. Эки элдин ортосунда айрым бай-манаптардын кесепетинен болоорболбос чыр аябай ырбап, казак менен кыргыздын ыркы бузулчудай учур экен. Куйручук кыргыздан барган калыстар менен бирге казак өкүлдөрүнө беттешет. Чындыктын бети ачылып, жүйөөлөшүп, акыры эки элдин ынтымагы ыдырабай жакшылык менен бүтөт. Шабдандан сый көрүп, Куйручук бир нече күндөн кийин кайра айлына жөнөйт. Келген соң кимден эмне алса чыпчыргасын коротпой кайтарып берет.
Мырзабек кардын сылап, эки ууртун салаңдатып, көзүн чакчайтып, Калыйча деген кара сур байбичесинин кашында акылдаштары менен ыңгыранып отурган маалда Кукең камчысын сүйрөп кирип барат, салам айтып. Мырзабек анын кийген кийимин көрүп адатынча сол жаккы ууртун бүлкүлдөтүп: — Эй, куу каптал, томаяк, кантип барып келе калдың! — дегенде:
Мен сени минип барып келдим! — дейт Кукең. Бул сөздү укканда Мырзабектин куйкасы курушуп, күйбөгөн жери күл боло: — Бул эмнеси? Кутурган акмактын өнөрүн көрсөң? — деп күүлөндү.
Болуштун «бөрк ал десе баш алган» күлтүңдөгөн жигиттери дагы эмне сөз чыгаар экен дешип чоңунун оозун тиктейт.
Саамга токтоп туруп Куйручук:— Антип айтканымдын себеби, сенин кадыр-баркың Кызарттын белине дейре эле экен... — деди да аттанып кете берди.

#49 03 June 2018 - 16:20
ЖАЛАА
Куйручуктун бир зарыл жумушу чыгып Нарынга келип калса котолошкон эле элдер... Көрсө, ашкан балбан, бирок, үйүнөн үрүп чыгаар ити жок, түндүк тартса төбөсү көрүнгөн Саманкулак деген азамат жок жалаа менен айыпка жыгылып жаткан экен. Ал мындайча. Ат-Башылык Казы деген манап «Бул менин тогуз жылкымды уурдап башка жакка бутташтырып ашырып жиберди» деп курулай доо кылып, бийди жалдап, жазыксыз байкушту 12 ай түрмө жазасына кестирип, анан тогуз жылкы өндүрүп алууга өкүм чыгартат. Саманкулактай бечеранын сөзүн ким укмак, бийлик да, бий да Казынын колунда. Өзүнө окшогон бирин экин эр жүрөк адамдар кийлигишип көрүшсө алардын сөзүн тиги билермандар каакы оордуна көрүшпөптүр. Иштин жүйөөсүн сурап толук билип алган Куйручук жарданып карап тургандардын арасынан алдыга чыгып:
О, калайык! О, момун журт! Улуктар! Менин силерге айта турган сөзүм бар, ук! — деди. Аны тааныбагандар, «Бир кокуй киши окшойт, ушул эле жетишпей тургансыган. Ажыдаардын куйругун басып бөөдөсүнөн өлөт ээ» дешип шыпшынышат. — И жигит, кана артың болсо айт! — деди улуктардын бири.
Бул, Саманкулакта кенедей да күнөө жок! Муну каралап жаткан киши ким айыптуу экенин өзү билбейт тура. Казы Куйручукту көргөндө үтүрөйүп кабаккашы бүркөлө түштү.
Кана, сен эр болсоң ууруну көрсөтүп берчи! Кукең шашпай туруп:
Ууру менин мурдум.
Бул эмне дейт? Анда Куйручук: — Жоголгон жылкыны уурдаган менмин. Силер Саманкулакты актап, мени кескиле, уурдаган малды он күндүн ичинде төлөп берүүгө менин кудуретим жетет. Бий ары ойлонот, бери ойлонот. Кайракайра Саманкулакты суракка алат. Ал актыгын айтып карганат. Бий эми кедейди актап, Куйручукка асылат. Куйручук Казы менен суракта көздөшкөндө: — Я, Казым, уурдалган жылкыларды коё туруп баягы менин минип жүргөн атымды зордуктап союп алганыңды мойнуңа аласыңбы? Же болбосо айлыңдын жанынан жайынча өтүп бараткан адамдардын баарын тоноп алчу элең го. Чынбы? Эгер муну калктын көзүнчө тансаң, андан бийдин алдында жаныңды бер да танып кете бер! ^ деп лыкылдата баштаганда көпчүлүктүн көзүнчө доо доолап, мөөрөйү үстөм болуп.чамгарактаган Казы, бу сапар мант берип кете албайт. Чын болчу,— деп айтылгандарды мойнуна алат. Кимди айыптап, кимди кесээрин билбей бийдин башыкатат да: — Түү, баары тең жалган... Силердин өзүңөрчө чатагыңар бар окшойт. Ишиңерди карабаймын! Эки ортодо мени убара кылдыңар. Өзүңөрчө тынышып алгыла!:— деп кол шилтеп кете берди. Эл Куйручуктун кыраандыгына, ажатчылдыгына, айлакечтигине таң калды.

#50 03 June 2018 - 16:23
МАНАСЫМ БАРДА КАЙДА БОЛСО КОНОМ
Куйручук жолоочулап баратып кун кечтеп кеткендиктен жолдогу бир айылга кайрылат. Жолоочу атын мамыга байлап салып үйгө кирип барса төрдө бир киши төө чепкен менен башын чүмкөп алып, куурума чай ичип жаңыдан тердегени отуруптур. Салам берсе алик албайт. Куйручуктун жини келет. Аялы казандын жанында, өзү төрдө... Кел, отур, деген деле киши жок. Аялы куурума чайдан куюп, төргө чейин басып келип сунуп, бошогон чыныны алып кетип турат. Тигилерге жараша мамиле кылып Куйручук өзүн өзү билип экөөнүн дал ортосуна келип отурат. Зайыбы куурума чай куюп эрине сунду эле Кукең аны ортодон шып илип алып, билмексен болуп иче берди. Тиги тердегени отурган неме башын бекем тумчулап, көзүн жылтылдатып «мага качан аяк сунат» дегенсип күтүп отурат. Ана берет жок... Мына берет жок. Тыңшаса жанындагы чоочун кишинин чайды ууртаганы угулат. Аңгыча аяк бошогондо аял аны ала коюп, мелт- калт куя эрине сунду эле Кукең тигинден мурда озунуп аны да илип ала коюп,
шоркуратып ууртап кирди. Муну билген үй ээсинин ачуусу келе түштү. Бирок ал анысын билгизбей өзүнчө тишин кычыратып, күрсүлдөп жөтөлгөн болду.
«Тердесем болот эле, капырай...— деп ал зайыбына каңкуулады. Аялы чоң кесеге куурума чайдан куюп, сунуп баратканда, Куйручук аны да тиге жеткизбей кагып ала койду да «Өх!.. Жаңыдан ымшып келатам» деп иче берди, аял мейман бошоткон аякка кайра дагы куурма чай куюп обдулуп күйөөсүнө сунуп бараткан, Куйручук эпчилдик менен муну да илип кетти. Аял эмне дээриң билбей оозунан алдыргаң бөрүчө мостоюп отуруп калды. Кукеңдин эки колунда эки идиш, экөөнү алмак садмак «шор» эткизе ууртап: «Бах! Чай эмес бекен. Тердегени аз жерден калдым...» деп чай сунган зайыяты улам карап коёт. Үйдүн ээсинин мейманга аябай кыжыры кайнап, ичинен түтөп, калчылдап чыкты. Коломтодогу күйүп аткан тезекти көсөмүш болуп, жини түйүлгөн муштумуна чыгып, алдыртан зайыбын жекире тиктейт. Аял бир эрин, бир мейманды
карап жалдырайт. Куйручук билмексен болуп: —Дагы калдыбы куйчу, жаңыдан алкашалка түшүп тердеп келатам» — деди эле берки чүмкөнүп отурган киши чыдабай кетип, үстүндөгү чепкенди ыргытып жиберип: — Ой, сен кандай кудай урган немесиң ыя?! — деп олуна кетти. Мейман андан калышпай: — А сен кандай төбөңдөн урган соргок неме элен? — дейт.
Үй ээси олурайып карап: — Тоббо! Муну кудай урган турабы? — деп күүлөнө кетти.
Анда Куйручук: — Ушу сен мынабуреки чоң казан куурума чайга эле тоё калам деп турасыңбы?! Койду сойсо башын жеп, койчусунун акын жеп, ага тойбой элди жеп, саламга алик албай минтип оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып келжиреп турган, сен тойбойсуң! Ооба, эч нерсеге тойбойсуң! — деп жооп кайтарды. Муну укканда үй ээси безге сайгандай тура калып: — Бу эмне дейт?! Кокуй, кокуй көргүлүктү ушул саяктан көрмөк болдум ээ! О кайдасыңар жигиттер! Кармагыла, бул оозуна алы жетпеген немени!
Кокуй дебей, кок тиштеп Ата-бабабыз атам замандан бери кызыгып уккан Манастан укпайт да, тамагын аяп, мейманды кубалаган сенде да абийир барбы?.. Манасым барда кимдикине болсо коном. Мурду жарык кара атандай болгон, түк күтпөгөн кемпай... Куйручук шарт чыгып кете турган болгондо тиги киши «көрүнгөнгө айтып абийиримди кетирбесин деген тейде: — Ой, бери токточу! Кана, ачууңду коюп мындай отурчу,— деп кара күчкө мейманга жалпактайт. Куйручук сабыр кылып төргө жылып отурду. Мейманды анча жактыра бербей зайыбын карап: «Эт сал» дегенсиди, аялы туруп ала баканда илинүү турган эттен салмак болду эле эри кайра аркасына кылчайып: «аз эле салсаң» дегенсип колун жаңдап оозун чулчуйтуп шыбыраган болду. Анан мейманга карап: — Кана эми Манасчы болсоң баштай бер. Аяк ташташыңды көрөйүн,— деди. Куйручук үнүн тигиникиндей ичкертип: — Манастын «суу кошконунан» баштайынбы, же...
Эмне дейт! «Суу кошкон Манас, ынак Манас» деген да болчу беле. Сен анык бир кокуй неме окшойсуң. Деги башымды катырбай билгениңден баштай берчи,— деди үй ээси. Анда Куйручук тигинин жанына жакыныраак жылып отуруп, жай баракат тамагын жасап бир көзү чалыр, үстүңкү ээрди калбайган түйрүк тиги мырзанын өзүн туурап, үнүн да ошонукундай чыгарып:
Ээй, Таластан чыккан эр Манас... Алтайдан келген шер Манас! Манас... Манас... Манас...—
деп, коюп ийчүдөй колун үй ээсин карай арбаңдатып, тарбаңдатып ушул саптарды кечке кайталай берди. Бир убакта бай: — Ой, бу сен кайра-кайра эле кулак мээни жеп
«Манас... Манас» дей бересиңби. Мындан бөлөк билгениң барбы, же калжыраган
немесиңби? Токтот мулуңду! — деди кызыраңдап. ч Куйручук: — Сага окшогон нейли таш кишиге «Манас» да жарашчу беле? — деп аныкынан пыгып башка колу ачык бир кедей адамдын үйүнө түнөп, таң атканча «Манастан», өзүнүн ар кандай окуяларынан, чечен сөздөрүнөн айтып берип элдин жарпын жазды.

#51 03 June 2018 - 16:24
СУПАТАЙДЫН ТОЮНДА
Жумгалдагы чоң бай — Супатай деген адам (Балбак уруусу) эркек балалуу болуп, баласынын атын Балбак коюп, Жалал-Абаддан 100 атка күрүч жүктөтүп келип, көп мал союп, СоңКөлдү жайлаган элдердин баарын тең чакырып чоң той берди. Тойду Шордун талаасына өткөрдү. Беш кишиге бир Табактан эт, бир табактан күрүч тарттырып, бир күндү жалаң тамак берүү менен бүткөрдү. Экинчи күнү кыргыз оюндары биринен сала бири болуп эр сайышта Жумгал тараптан чыккан Отор менен Ак-Талаа тараптын Кыдыргыч балбаны экөө көпкө чейин сайыша албай бакандары сынып жатты. Күчөнүшүп алган немелер узакка алышыша албай жатып бир убакта экөө бирдей аттан ыргып кетишти. Жумгал тарабындагылар «Кыдыргыч биринчи учуп түштү» дешсе, Ак-Талаа тарабындагылар «аттан алгач Отор ыргыды» дешип эки тарап чырдаша түшүштү. Эки топ Куйручукту калыстыкка тартышты. Куйручук Жумгалдык
тарга карап: — Силердин Оторуңар эмне ойноп атып түшүптүрбү? Бул адилеттүүлүк э мес, аттан экөө тең түшкөндөн кийин байгени экөө тең бөлүп алышсын! — деп калыстык кылды. Ошентип, бир тогуз байге тең экиге бөлүндү. Эми, Көкүмбай менен Мусакожо беттешет, эр сайышка аялдардан алып чыккыла деп калды. Мусакожо тараптагылар Молто кызы Айша дегенди элден бата алдырып, атка мингизип Сарыкер менен Көбөй балбандын коштоосунда алып чыгып келди. Ал бир найзасын өнөрүп кыйлага арыбери бастырып турду. Көкүмбай тараптан эч ким чыкпай акыры байгени өзү жеке алды. Байгеси бир өгүз, бир кымкап чепкен эле. Эңиштен атактуу Сарыкер балбанга, күрөштөн атактуу Дөөт балбанга теңдеш чыкпай алар да байгеге жеке ээ болушту жана дагы майда тамашалар жүрүп жатканда Куйручук эл ортосу менен атчан бастырып Мусакожонун алдына келип: — Салоомалейкум болуш, ак калпак кийип, сарала шайы чапан жамынып, кемпирдин молосундай болуп отурган кейпиңди көр, келе, мен минип жүргөндөй бир жакшы ат бергин! — деп катуу сүйлөдү. Биз Мусакожо эли Мусакожонун жанында отурат элек, балакет болуп, Куйручукту сабатат го деп турсак, антпестен кайра жаркылдап күлүп, Абдыкерим деген жигитин чакырып, азыр бир жакшы ат алып кел деп жиберди эле, анысы чаап барып жол жоргосу бар тору ат жетелеп келди. Куйручук атты ноктодон кармап туруп: «Оомийин, казың карыш болсун, сакалың тизеңе жетсин, эркек уулдуу бол, өмүрүң узун болсун! — деген бата берип, атты жетелеп кетти. Анткени Мусакожо суйдаң сакал, казысы жерге тийген семиз киши болчу. Үчүнчү күнү ат чабылып, Шордун чатына байге сайылып, күлүктөр Соң-Көлдүн кептешинен коё берилди. Төө баштаган бир тогуз байгени Курткалык сокучу Бекбоонун тор аты чыгып келип ал алды. Ушуну менен той тарады.

#52 03 June 2018 - 16:25
ЖЫГЫЛЫП ДА БАЙГЕ АЛГАН
Куйручуктун балбандык жайы дагы болгон. Балбандыкты атайы тутунбаса да чоң аш- тойлордо өзү тараптан балбан чыкпай калган учурларда күрөшкө түшүп байге алып, элине намыс алперген. Он сегиз мертебе атактуу балбандар менен бет келип, он алтысын жеңген. Бир ирет алыша албай тең чыгып, а биринде жеңилген экен. Мунусу дагы кызык! Жыгылып да байге алгамын!» — деп Кукем өзү күлүп калчу дешет. — Бу баянды Куйручуктун уулу Мукаттан уккамын,— деди Бейменжан аке.
* * *
Кең Чүйдүн тынайында көп эл-журт чакырылган той өтөт, ырасмыга ылайык элдик оюн-тамаша башталат. Ошондо Жаманкул ырчы жар салып, балбан курөш болорун баяндайт. Ар жерде топтоп болуп балбан тандагандар, кажыкужу түшүп, балбан кийчү жаргак шым камдагандар. Көп узабай калың элдин уу-дуусу басыла түшөт. Ортого күнтуудан келген Ак балбанды алып чыгышат. (Илгери далысы жер жыттабаган, айтылуу балбандар ак балбан атыккан). Анын аты, атагы да көпчүлүккө дайын экен. Эч ким даабайт. «Түшөмүн» деп бая баатырсынгандар, эрдемсип ээликкендер, жээликкендер чоочулап дымыйт, четтей беришет.
Куйручук да балбан тандашып жүргөн болот. Аңгыча, бир жигит арыбери жетелеп турган ак боз атка көзү түшөт. Аргымак сыны бар, асыл мал экен. Күмүш чегерилген ээр токумдуу, үстүнө килемче жабылыптыр, көкүлүнө үкүсү тагылыптыр. Сураса,
«балбандын байгесине берилет» дейт жетелеп турган жигит. Ак бозго кызыккан Кукең дароо — мен түшөмүн,— деп тартынбай, кийимин чечпейэтпей туруп балбанды беттеп жөнөйт. Кыйлага дейре алышып, буттан торой чалышып, бир маалда Куйручук жыгылып калат. Мынакей, кызыгы! Жыгылган балбан бозала болуп, ыза жутуп элге эптеп басып келчү эмеспи. А Кукең антпейт. Тура калып, тиги бадбандан мурда элди карай аттапбуттап артын карабай чуркап жөнөптүр. Карап тургандар анын мунусун түшүнбөй элейип аңтаң... Куйручук түз эле баягы ак боз атка жетип, үзөңгү теппей секирип минет да элди аралата чабат. Биртыякка, бир биякка удургутат: «Ак балбандан коркпогон мен балбан эмей ким балбан?» — деп, бирде жоргосун салдырып, кээде таскактата калып,
аттан түшпөй коёт. Эл кыраан каткы, күлбөгөн киши жок. Ошондо Шабдан баатыр аш ээсин чакырып:
Ак бозду Куйручук алсын! Балбандын байгесине башка ат берели! — деген экен.

#53 03 June 2018 - 16:27
АНЖЫЯНГА САПАР
«Өтүгүңүздүн үнү түрдүүчө чыгат...»
Куйручук Кул деген жакын тууганын ээрчитип Анжыянга бармакчы болот. Туура- Кабак ылдый, Сары-Камыш, Толук аркылуу жолго чыгат. Туура-Кабактагы Чөкө манаптын айылына күн бата жете келишет. Арыбери өткөндө Чөкөгө кайрылмайын кетчү эмее экен. Анткени Чөкө абыдан адамкерчиликтүү, нарк тутунган, сый билги адам болот.
...Эт бышкыча «Куйручук келди» деп чогулган элдин суроосу боюнча «башканы коюп Манасты айт» дегендей, Манастан куюлуштуруп кеп салып отурат. Сөз улам кызуулап, бардыгы мемиреп сөз тыңшайт. Бир маалда Чөкөнүн эки ата өтүшкөн тууганы Оркул керегеге башын сүйөп уктап кеткен экен, кайдан билсин, «быйт» эттирип коё берет. Отургандар конокторго сыр бербей укмаксан болушат. Чөкө Куйручуктан уялып ыңгайсыз; боло түшүп, кырым өтүгүн ушалап, кычыратымыш болуп калат.
Чөкө аксакал, бу өтүгүңүздүн үнү түрдүүчө чыгат экен... Мурунку үнү мындан башкача беле? — деп Кукең азил таштайт. Эл дуу күлөт. Уктап кеткен Оркул чоочуп ойгонуп, эки-жагын каранып, эмне болуп кетти дегенсип, Чөкөнү тиктейт. Ал бетинен түгү чыгып, сыртка чыгып кет дегендей ишарат кылат. Оркул акырык жылып, үйдөн чыгып кетет. «Ушул тууганың улуу сөз сүйлөнүп жатса, укканга кудурети жетпей уктап калды, уят дагы болду. Мунун өзү да, укум-тукуму да жарыбай өтөт. Кеп билбес, аяк бошотоор, адам түрүндөгүлөр гана чыгат мындан» — дептир Куйручук.
Эртеси Чөкө — куттуу үйдөн кур кетпейт эмеспи, бир ат минип кеткин!—деп, бир ат тарттырат астына.— Рахмат, Чөкө аксакал. Эми, атка ат алмаш. Кулдун атын самаган жерге жетер эмес. Жылкыңдын ичинде кула жорго бар. Ошону бер. Анча деле чоң жорго эмес. Бирок, жүрөмал, алыска моюнбайт — дейт Куйручук сөбол салып. Куланы Чөкө өзү да билбептир. Өйдө-төмөн көчкөндө гана жылкычылар кармап келип, жүгөн катып, оор жүк жүктөшчү экен.
Мен апкеле коёюн...— деп баягы Оркул чаап кетет. «Кула жоргону» жетекке алып кайра жетип келег энтеңдеп. — Чөкө баатыр? Мен айткан кула бул эмес» башка кула... Ат алмашканга эмне аядың? Түндөгү өтүк үшалаткан тууганың ушулбу? Бул өзү дагы жарыбайт, элди да жарытпайт, аай,— деп, саал кейий түшөт. Угуп турган жылкычылар таңгалышат.
Капырай, бу конок, даана олуя окшойт. Берки куяаны кайдан билет? Өзү кишинин көзү түшөөр деле мал эмес. Көп жылкынын эле бири... Анүстүнө Куйручуктар Сары- Жайык менен келишти. Тиги Кыргоодогу жылкыларды көрүшпөсө... Кайдан билди? — дешип өздөрүнчө күбүршыбыр.
Жылкыга дагы бир башка жигит кайра чаап барып, <баягы куланы алып келет. Кула жоргону Кулга мингизип, «кудай жол бер?!» — деп Анжыян көздөй жол тартышат.
Анжыяндын базарында
Экөө узак жол жүрүп, ат тердетип Анжыянга да келишет. Анжыяндын базарында эл жыкжыйма. Жөөлөапүп араң басышат. Мындай көп элди, жайма базардаты түрдүү өлүү буюмдарды Кулдун биринчи көрүшү эле. Улам бирин кармалап, көпкө буйдалып, ансайын кызыгат. Көзүнө баары эле сонун көрүнөт. Атасы Жасоол уста киши болгондуктан бир мети, тегирмендин ташын чеккенге бир чоң балка алат. Андан соң баягы кула жоргону сатышып, кийимкече, бөз, мата алышат. Бирок, Кул жөө калды. Кукең болбой саттырып ийди. Ошондуктан Кулдун жүрөгү дүпөйүл.
Эми алар жержемиш базарын аралашты. Кул андасанда өрүк, мейизди жеп көргөнү бар. Ал эми анделекти жемек тургай көргөн эмес болучу. Сонуркап бир анделек алып, кандай жээрди билбей Куйручукту карайт. — Ээ, тууганым муну анделек деп коёт, муну минтип соёт — деп Куйручук чайчыныдай немени үстөлдүн устүнө коюп, макиси менен экиге бөлүп, жей башташат.— Мындан бирди жесе эле тоёт дечү эле, жыйырманы жесе да киши тойбой турган эме го... деп Кукең кобурайт, оозу жөн турбай. Аны угуп калган соодагер: — Ээ ака, кел мелдешебиз. Жыйырманы жеп кетсеңиз аткез, жебей калсаңыз пулун төлөң,— деп ач кенедей жабышат. Экөө мелдеше кетет.
Куйручук анделектерди четинен алып жей баштайт. Кул узунунан тилип, сунуп турат. Он бешти жеп бешөө калганда тигини сынамакка «эми болгону бешөө калды, укам жесин» десе, соодагер болбойт: — Аа, койуң! Энди бирди жесең кусасың... Мелдеш деген мелдеш. Бүт жең не катынсыңбы?
«Аа болуптур» деп баарын тең жеп бүтүп: — Келе дагы бешти? — дейт Куйручук. — Оо, өлгүр! Бу анделек эмес, мени да кошо жейт го! Энди катыныма кантип барамын? — деп соодагерди кара тер басат.
Андан арылап, мал базарга барышса, он үчон төрт жашар чамасындагы бала кара жорго минип, өйдөтөмөн удургутуп жүрөт. Элдин баары ошого карайт. Ээси курсагы салаңдаган, чүйлүсү буканыкындай буржуйган жоон өзүбек экен. Үч жарым миңге сурап турат. Куйручук анын жанына барып үчкө бергин дейт.
Мал базар көрбөгөн аркалык, жаман малды базарга алып келчү адам эмесмин! — деп өзүбек көтөрүлө сүйлөп, ыңгыранат.
Куйручук Кулга ишаарат жасап, көзүн ымдап коёт. Кул дароо түшүнөт. — Ээ ака, мейли кара атты алдым, анагы бурчка баралы. Пулуңду санап алгын,— деп Кукең ылдамдай басат. Өзүбек артынан ээрчийт. Ошол убакта Кул кара жоргону жетелеп жөнөй берет. Куйручук тигини улам алаксытып, узагыраак ээрчитип барып, бир маалда адаштырып салат.
Элдин арасына кирип, далдоодон кийимин которуп жылаңач этине өзүбек чапан
жамынып, башына чаар топу кийип базардын оозуна келип, өткөнкеткенди карап отура берет. Же Куйручукту таппай, же жоргосун таппай күшбыш этип, алдастап чуркаган баягы өзүбекти көрөт да ууртуна чоң тоголок жаңгакты салып, жаагын чулчуйтуп, бир бутун сыртына толгой отуруп, бир көзүн чалыр кишидей акшынтып, жанына келген
«өзүбегин» кадала тиктеп калат. «Ой тобоо! Жаагынын чулчугу, бутунун тойтугу, көзүнүн көрлүгү болбосо, менин жоргомду алган адамга түспөлдөш экен да...» — деп өзүбек аны улам карап, анан кете берет. Жамбашын сүйрөп Кукең да базардан чыгат.

#54 03 June 2018 - 16:30
ӨЛГӨН АДАМ ТИРИЛГЕНДЕ
Куйручук Чүйдөгү Шабдандын айылына барып калат. Аны Шабдан каада менен тосуп алат. Ошол кезде казактын мартабалуу бийинин агасы өлүп, кабар келет. Шабдан жанжөкөрлөрү менен кошо Куйручукту да ала барат. Ырасмы боюнча сөөктү жууганга кыргыздардан бир адам киргизүүнү суранышат. Барган кыргыздардын көбү ар кайсы шылтоону айтып макул болбойт.
Сен кирип чыкпайсыңбы? — дейт Шабдан Куйручукка.
—• Өмүрүмдө сөөк көргөн эмес элем. Сиз атайын айтып калдыңыз. Кирсе, кирип берейин. Бирок, сөөккө колумду тийгизе албаймын. «Биздин киши сөөккө суу куюп
<5ерүү үчүн кирет» деп уруксат сурап бериңиз, кокус колум тийип кетсе, талмам кармап казактарга баарыбыз уят болбойлу? — дейт Куйручук.
Шабдан казактын билермандары менен Куйручукту суу куюп берүүгө макулдашат. Сөөк жууганга беш адам кирет. Куйручук суу куюп жатып, сөөктүн оң колунун сөөмөйү, ортону жана аты жогу саал бүгүлүп калганын байкайт. Колду тиги төртөө көп аракет кылып жаза алышпайт. Ушундан пайдаланып, Кукең бир «сыр» көрсөткүсү келет.
...Оң жагында жууп жаткандарга байкатпай, сол жагындагы кишинин кемселинин чөнтөгүнө алиги бүгүлгөн колду иле коёт. Чөнтөккө кол илинген киши бурулайын десе эле, бир жак ыптасы салмактана түшөт. Карай салса, шумдугуң кур! Өлүктүн башы өйдө көтөрүлүп келатат. Тигилерге байкатпай Кукең дагы сүйөмөлөп коёт. Өйдө туруп келаткан өлүктү көргөндө баягы киши «ай» деп бир кыйкырып алып эшикти карай жанталашат. Өлүктүн колу чөнтөктөн чыгып кетип, өлүк боз үйдүн керегесине жөлөнүп,
тик туруп калат.
Өлүк тирилди! — деп кыйкырат Куйручук. Сөөк жууп жаткандар кыйсыпыр түшүп, эшикке качып баратып, көшөгөнүн этегин басып алышат. Көшөгөнүн жиби үзүлөт. Боз үйдө отурган аялдар «тирилген» адамды көрүшүп, чуру-чуу түшүп, биринин үстүнө бири жыгылып, эшикке чыгышат. Боз үйдө жалгыз Куйручук гана калат. «Өлтүрдү мени, өлтүрдү» деп ачуу үн менен кыйкыра берет. Кирүүгө эч ким даабай, жакаларын кармап, келме келтирип көпчүлүк боз үйдөн алыстай баштайт. Ал тургай айрым коркоктордун шашылып атка минип жөнөгөндөрү да болот. «Кандай шумдук болуп кетти» дешип эл аң- таң. Куйручук,— келгиле эле, келгиле, өлдүм, өлдүм!? — деп кыйкыра берет. Бир аздан соң үрөйү учкан, шайы оогон киши болумуш этип, сыртка чыгат:
Бу өлүгүңөр тирилип, мени өлтүрүп коё жаздады. Ал өлбөй эле, мен өлө турган болдум! Араң дегенде түндүктүн жел боосуна байлан, керегеге танып салдым! Эми, мынча болду, эмне кылайын? Жылаңач эшикке алып чыгайынбы же куран окуп кайра жаткырайынбы? — дейт.
Эмне кылсаң да кайра жаткыр. Каалаганыңды беремин — деп өлүктүн ээси жалдырайт.
Кукең кайра боз үйгө кирип, элге угуза куран окуйт. — Сен тирилип эшикке чыксаң, элдин жүрөгүн түшүрөсүң. Өлгөн кишинин тирилгени түбүндө жакшы болбойт. Жат! — деп катуу кыйкырат. Дагы бир жолу куран окуп болуп, «Жат! Жат!» деп кайталайт. Мындаи соц кайрадан эшикке чыгат.
Жатпай койду. Чоң молдо келип куран окуса, жатаар беле,— деп суроо салат жарданып тургандарга.
Бий бир чоң молдосун жумшайт. Анысы калчылдап, коркуп алган. Молдо араң басып
боз үйдөгү өлүктүн тушуна келет. Куйручук молдого «боз үйгө кирип окуңуз» десе, ал
«шарыят боюнча өлүктүн көзүн көрбөй окуйт» деп кирбей коёт. Кукең да амалданып
«анда молдоке, корксоңуз эшиктен деле окуңуз дегенде, тиги чөк түшө калып, көзүн чылк жуумп куран окуп кирет. Куранын созбой, тез эле бүтүрөт.
Молдоке, сиз боз үйгө кирбей койдуңуз. Өлүк менен кармашып, көнүп калбадымбы, мен кирейин анда,— деп Куйручук дагы боз үйгө кирет.
Кой эми, молдокем куран окуп жатат. Сиз эми чындап өлүңүз. Арты жаман болот. Эмне дейсиз? Куран окуган молдону ала жатам дейсизби?! — деп элге угуза сүйлөйт. Аздан соң дагы катуу кыйкырат:
Молдоке, кудай берип салды! Шылк дей түштү! Эми кириң? Экөөлөп жаткыралы?
—. десе: — Өзүңүз эле жаткырыңыз, шарыятта экинчи өлгөн адамды молдо көрүүгө болбойт! — дейт, молдо ого бетер калтаарып.
Куйручук өлүктү жаткырган болуп боз үйдөн чыгат:
Молдокемдин кураны болбосо, мени менен кармаша бермек экен. Эми кире бергиле! Кайра тириле койбос, тирилсе анда акыр кыямат болот го деп элге кайрылат. Көпчүлүктүн үрөйү учуп калыптыр. Боз үйгө жакындабай дале коркушат. Эптүү сөз сүйлөп, бал тилге салып араң дегенде өзү баштап аялдарды боз үйгө киргизет.
Эми тынч жат, казак тууганым. Кыргыз баурдасыңды кошо ала жатып коё жаздадың. Эми тирилсең келбеймнн— деп көшөгөнү ачып сыртка чыгып кетет...
Куйручукту мактагандар мындан көп. «Тобаа, ойбай, катуу уят боло жаздадык гой, алиги эр жүрөк кыргыз болмаса» — деп казактар жакаларын карманышат.
Сөөк коюлат. Кыргыздарды абдан сыйлашат. Өлүк ээси Куйручукка ыраазылыгын билгизет, көк нооту чепкен кийгизип, көк кашка жорго мингизет.
Осындай керемет адамды ээрчитип жүргөнүңүзгө үлкөн рахмет — деп Шабданга ээртокуму менен ак боз ат тартуулайт.
Жолдо келатып, Шабдан Куйручуктун намыс алпергенине ыраазы болот. Сөздөн-сөз чыгып — тирилген өлүк менен кантип кармаштыңыз! — деп сурап калышат.
Эр болсоңор өлүп, кайра тирилип көргүлөчү? Анан Кукеңдин кармашканын көрөсүңөр! — деп Куйручук жооп узатат.

#55 03 June 2018 - 16:31
ЖЕТИ ЫШКЫН
Куйручук кедейлердин согумун эмитен камдайын деген ойдо Суусамырдагы байларга жөнөп калды. Жолдон ат откозуп, тескейдин этегинен ышкын терип, куржунга салып, канжыгасына байланып койду. Атын Атай байдын айлына бурду. Башка байлар дагы ошол чөлкөмдө экенин билет. Атай бай жоон топ адам менен дөңдө кымыз ичип олтуруптур. —Мына, эңсеген кишиңер да келатат! —деп калышты алыстан Куйручукту таанышып. Эки жигит утурлап атын алды. Куйручук туягына күмүш чегерилген элик шыйрак, жылан боор камчысын сол колуна бүктөй кармап баары менен кыдырата саламдаша баштады. Атай байга келгенде: — Өйдө качкан кара букадай кышылдаган март байым аманбы? — деп «чү» дегенде эле тамашалуу кебинен таштап, анын оң жагына келип олтурду.
Атай бай жигитин чакырып: — Үйгө баргын да Айымканга айткын, жаңы кымыз апкелсин?! Сыйлуу конок келди, конок камын жей берсин! — деп аны боз үйгө жумшады. Куйручук сөзүн баштады. —Атай байым! Бу Суусамырдагы байлардын байы, алдуу- күчтүүсү, улуусу дагы өзүң. Азыр өзүңө ылым санаган байлардан жетөөнү чакыртып бер. Ат тердетип жөн келген жокмун. Атайын сүйлөшө турган сөзүм бар. Жетөө жакшы көргөн жети уулун учкаштыра келсин! — деди тигиге бурулуп. Атай көп ойлонуп турбай, Кооман, Карагул, Ити, Султанкул, Сарбан, Артык жана Садык деген байларга киши чаптырды. Арачолодо кызыктуу кептер сүйлөлүп, күлкү күлкүнү коштоду. Аңгыча байлар дагы бирден балдарын учкаштырып, келип калышты.
Силерге айтаар сөзүм бар. Кааласаңар айтамын, каалабасаңар айтпай деле коёмун...— деди Куйручук табышмактуу сүйлөп. — Ии, Куке! Айтыңыз, сөзүңүздү угалы!—дешти байлар бир ооздон. Куйручук байлардын балдарын тегерете карады.
Бу балдар өз балдарыңарбы же бирөөлөрдүкүбү?
Ыя кокуй Куке! Өзүбүздүкү эмей...
Кийин өзүбүздүкү эмес болчу дебейсиңерби?
Кантип ошентели?..
А жакшы көрөсүңөрбү ушу балдарыңарды? — деди жана Кукең улам түйүндүү суроолорун берип. — Жакшы көргөн үчүн учкаштырып жүрбөйсүзбү. ..— дешти байлар элейишип.
Анда эмесе, ишти баштайлы,— деп Куйручук жанындагы куржундун оозун чечип, балдарга бирден ышкын бере баштады.
Мегой, балапан аңдыган мышыктай болгонум...— Мегин, түлкүнүн бачкиси мурундаган тентегим... Карма муну, сүткө тойгон күчүктөр тогологум... деп балдардын өздөрүнө ылайыктуу күлкүлүү ат коюп, бардыгын каткыртып, ар бирөөнө бирден ышкын карматты. Атай байдын баласына ышкын берип жатып: «бу ышкын жети ышкынга тете»
деди.
Үч күнү коно жатып, байлардын сыйын көрүп, кеп-сөзү менен алардын кумарын жазды. «Кар түшкөндө бир келип кетем» деп үчүнчү күнү аттанып кетти.
Кар жаап, кыш дагы келди. Байлар кыштоого конуп, Бири-бирине атаандашып, согум союп жатышкан убагы. Куйручук сөзүнө туруп кайрадан Атай байдыкына келип түштү. Баягы байларды балдары менен кошо дагы чакыртты. Алар дале Кукең балдарга бирдеме ала келгендир деген ойдо жагалданып олтурушат. Куйручук тигилерди сырдуу тиктеп, тегерете карап айтчу сөзүн маалкатты. Бардыгы эмне деген сөз чыгаар экен дегендей жүздөрүнөн тынчсыздануу байкалат.
Эмесе табышмактантпай айтайын,— деди да Куйручук кебин улады: — Мен, баягы келгенимде мынабу балдарыңарга бирден ышкын берген элем. Эсиңерде чыгар. Эми ошол ышкынды доолап келдим. Алгандын бермеги бар... Ыгы келсе ышкындын өзүн бергиле?
Отургандар саамга дымын түштү. Андан соң күлүп калышты.
Кана эмесе! Кыйын болсоңор кыштин күнү Кукеме ышкын таап бергиле. Балдарын учкаштыра чаап, ышкын гана жешет... Мына силерге ышкын! — деген үндөр чыкты. — Балээ болду го... Кыштын күнү кайдагы ышкын? Байлар тунжурап калышты. — Көп убакыт кетирбегиле, малыңар келе турган убакыт болуп калды,— деп Куйручук да аларды шаштырды.
Аңгыча алардын ичинен Атай бай обдулду: — Эй, байларым! Бирөөнун тоогун жеген, каз байлайт. Кукем балдарыбызга ышкынды ырым кылып, жакшы ниети менен бергендир. Эми, бир байталдын тезеги деле өлүп калат. Ар бириң бир ышкынга баалап бирден согум бергиле!? Кыштын күнү кайдагы ышкынды тапмак элек. Менин уулума жетөөнө тете бир ышкын берген. Мен жети ышкынга жыгылдым. Жети жылкы берем! Эртеңден калбай Кукемден кутулалы...— деп байларга карады. Эл ого бетер дуулдады. «Эби менен тузакка түшүрүп, сасыган байларды тушабай гана жыкты го» дешти күбүршыбыр болушуп.
Эртеси жети бай жети жылкы жетелеп келди. Атай бай айгыры менен алты бышты чыкма байтал берди. Куйручук жанына жардамчы алып, жылкыларды өз айтсына айдап
жөнөдү.

#56 03 June 2018 - 16:33
КАРЧЫГА МЕНЕН ЧУЧУКТУН ОКУЯСЫ
Бишкекте болгон чоң жыйынга катышып, Жумгалга кайтып келе жаткан Байзак баатыр Кочкордогу Канааттыкына өргүй кетүүнү чечет. Жанында Куйручук да бар. Канаат да жыйында бир болгон. Ал кадырлуу коноктордун урматына казысы таман чыккан бээ союп, аларга мактаныч кылып карчыга менен казынын жарымын көрсөтүп ысык үйдөгү баканга илдирип коёт.
Арачолодо жөн турбай, Куйручуктан «сенин куржунуң кайсы?» — деп сурайт. «Менин куржунумдун сага эмне кереги бар? Бере турган бирдемең болсо, өзүм деле салып аламын» — деп ал дагы айтпайт. Учурдан пайдаланып Канааттын тийиштик кылганы жатканын баамдайт. Себеби. Кукен да аны далай жолу кеп-сөзгө сындырып ал тургай ыза кылып да койчу эмес беле...
Акыры Канаат Куйручуктун куржунун таанып, ичиндегилерди антарып, алдыга жаят.
Сенин качан өз жаныңдан акчаң чыкчу эле, буларды өндүрүп алдың да бчрөөлөрдөн. Эми, оокатыңды үчкө бөлөбүз. Бир бөлүгү мага, бир бөлүгү өзүңө, бир бөлүгү менин аялыма,— деп, урсок-мокко салып куржунду кыйла бөксөртүп салат.
Аа, «Чоң-Өтүк» мен да сага бирди кылайын... Куйручук ичинен тынат. (ЧоңӨтүк атты койгон да Куйручук).
Жатаарда, тезекке жабылып турган эки ала капты мерчемдүү жерге катып коёт. Андан соң аттарына өзү чөп салып, ээртокумдарын албайт. Эт желип, чай ичилип, аркы-беркини сүйлөшүп отуруп көптө жатышат.
Күн сууктап калгандыктан Байзак менен Куйручукка «ысык үйгө»— тамга төшөк салынат. Ал эми ат кошчу жигиттер боз үйгө жайгашат. Тамдын бир жак капталы — Канаат менен аялы экөөнүн орду. Байзактан уялып дегендей, көшөгө тартып коюшкан.
Бээнин этине нык тойгондор кызуу уйкуга киргенде, Кукең баягы илинүү турган карчыга менен казыны көтөрүп үйдөн чыгат. Кайра кирип, Канаат менен аялынын чечип койгон кийимдерин бүт алып, ороп-таңып экинчи капка салат. Карчыга менен чучукту
куржунга теңдеп жетектеги атына артат да кийим-кече салынган капты өзү минген атына бөктөрүнүп, Жумгалды көздөй жөнөп берет.
Эртең менен Байзак ойгонсо, жанында Куйручугу жок. Эшикке чыкса, аттары да көрүнбөйт. «Дагы бир балакет ишти баштаган го» — деп шексип, арыбери басып турат.
Канаат аңгыча чукуранып ойгонуп, кийинейин десе эле кийими жок. Аялыныкы да жымжылас. Айлалары кетип, сырттан кийим суратып төшөктөн турушат. Караса, бакандагы эт да жок. Канаат ызалыгын билдирбей, калп күлүмүш болот.
Анын үйүнө алып бараткан оокаттарына тийип эмне кыласың? Тамашаң башыңа жеттиби? Канаат аялы экөө кийимин уурдатып жибериптир, — деп атагың чыгат. Куйручуктун өнөрүн билбейукпай жүрдүң беле? Сен эмес, хан экенинен жазганбай Шабданды эчен мүдүрүлтүп жүргөн кишиге тийиштик кылып...— деп безилдеген аялы бир кыйла чебелеиет.
Канаат бир жигитин жумшайт:
Куйручук көп узай элек, чакырып кел! — Чабарман Кызарттын белине жакындаганда аттарын тушап коюп, өзү уктап жаткан Куйручукту көрөт. Аттан түшө калып: — Эй, Куке, туруңуз! — дейт акырын түрткүлөп.
Ии, балам келиптирсиң. ..
Келдим. Сизди Канаат чакырып жатат.
«Чоң-Өтүк» чакырганда барып чечише тургандай анда эч жумушум жок. Бара албаймын. Уктап жатып, эч нерсени билбей, кийимкечесин уурдатып жүрсө, ал эл бийлеп жыргатпайт. Мындан ары сак болсун! Кийимдерин алып барып бергин,— деп жигитти кайра чаптырат.
Кийимкече баргандан кийин Байзак менен Канаат көпкө күлөт.
«Бу Куйручук барган эле жерде жөн жүрбөйт, уят кылып» демиш болуп Байзак сыртынан жайкайт.
Байзактар келсе, Кукең атын откозуп жаймажай. Аркыберкини кеп салып отуруп Жумгалга кирип келишет. Жолдон Байзак менен коштошуп, Куйручук өз айлына бурулат. Баягы карчыга менен чучукту казанга салдырып, коңшуколоңдорун чакырып: «Чоң- Өтүктүн» бизге буюрган олжосу, аябай жегиле!—деген экен бапыраңдап.

#57 03 June 2018 - 16:33
КАНААТТЫ ЫЗА КЫЛГАНЫ
Кочкордо Суранчы бай чоң той берет. Жумгал, Суусамыр, Кочкордогу кудасөөк, тууган-туушкандарын жана эл бийлеген мыктыларды чакырат. Байгесине бир үйүр жылкы сайып ат чаптырат. Бул ат чабышка Жумгалдык манап Көкүмбай Бекболоттун Нарбаш деген атактуу күлүгүн кошот. Бекболот да Курманкожо уруусунан.
Нарбаш далай дүңгүрөгөн аш-тойлордо эчен жолу туу жыгып, кыргыз тургай быягы казакка, тыягы кытайга чейин таанылган тулпар экен. Кийинчерээк Кочкорлук Канаат манаптын Кара аты дагы мыкты күлүк атыгып Нарбаш менен теңтайлаша чуркай баштайт.
Ушул тойдо да саяпкерлер күлүктөрдү сынап көрүп, Нарбаш менен Кара атка баа беришет. — Ай, жаныбарлар, экөө тең башка күлүктөрдү теңине албай, биринбири билип, атаандашып турат. Айтыш кыйын, экөөиүн биреө чыгат — дешет.
Калың эл жарданып, дөбөчөдө күлүктөр келчү тарапты карап турат. Аңгыча алыстан аттар көрүнөт. Айткандай эле, алдыда Нарбаш менен Кара ат... Бирде Нарбаш озуп, бирде Кара ат озуп, экөө катуу эрегишип чуркап келаткан болот. Канаат «менин атым чыгат!»— деп дардактап турат. Бир-маалда, тынчы кетип: — Айланайын кара тулпарым! Намыс! Чурка! — дейт кыйкырып.
Канаат, бол атыңдан түш! Кара ат күүлүү келатат! Сүрөп келе калайын! — дейт Куйручук аны шаштырып. Канаат минип турган атынан түшүп Куйручукка бере салат. Ал шап ыргын минип, күлүктөрдү карай шукшурулуп, чаап кетет.
Мына кызык, ал Кара атты сүрөбөй эле, «Курманкожо! Нарбаш!» — деп ураан салып Нарбашты сүрөп жөнөбөспү... Нарбаш аркан бою алдыга чыгып келет.
Канаат ызаланат. — Ия кокуй, Куке, бу эмине шылдың кылганың? Менин атымды минип, анан менин күлүгүмдү сүрөбөй, Нарбашты сүрөгөнүң кандай?..
Адегенде Абайылдалап Кара атты сүрөдүм. Анан калыстык кылайын деп, Курманкожолоп Нарбашты сүрөдүм. Нарбаш ошондо озуп кетти. Бу кандайсың, Канаат? Өзүмдүн күлүгүм чыгып келатса, анан сенин күлүгүңдү сүрөмөк белем! — дептир Куйручук күлүп.

#58 03 June 2018 - 16:36
ЧОЙБЕК БОЛУШКА СЫН БЕРГЕНИ
Куйручук Чаектеги Чойбек болуштукуна түшөт. Болуш аны урмат менен тосуп алып, сый көргөзөт. Андан «оң ага өзүн сынаткысы келет.
Кана куудулум, көзү ачыгым! Кереметиңди кепке тартып, мени бир сынап көрчү, мен кандай адаммын?..
Болушум, кеп чынынан бузулбайт! — дептир Куйручук.
Кыраакы болуш сөз төркүнүн түшүнө калып: «болгонун болгондой айт, капа болбоймун» деген экен. Ошондо Куйручук:
Чойбек! Сен асмандан учкан ак шумкарсың, учканды куткарбассың! Тике качырган арыстансың! Качырганды кайсаарсың! Желедеги боз айгырсың, желеге бөлөк айгырды жолотпойсуң. Душманга келгенде тегирмендин ташысың, өз элиңе келгенде жайыл дасторкон ашыеьщ. Бирок, мындан аркы басаар жолуңду боз чалып турат. Кыйын ишке кириптер болосуң...
Анан Садыр аке айткандай, өмүр отуң кыска белем...— деп сын сөзүн бүтөт. (Айтылуу Садыр аке дагы Чойбекти сыртынан сынап, «атаңгөрү ай өмүрү кыска болоор» деген экен).
Эми сын түйүнүн жандыралы.
* * *
Чойбек менен Суусамырдын болушу Түркмөн жер талашып, өз ара көп нааразы болуп турушат.
Кыштын бир күнү Түркмөн болуш Кочкордон келе жатып Чойбектин айылына кайрылбай кетип бара жатса, бирөө Чойбекке келип, «Түркмөн сиз менен учурашпай, качып баратат» дейт. «Чакырып келгиле» деп Чойбек жигиттерин чаптырат. «Мен ооруп баратам, баралбаймын» — дейт Түркмөн. «Оорумактан өлүп кетсең да барып кетпейсиңби! ? — дешип аны аттан оодара тартып, эки жигит кар жиретип, күйүктүрүп алып келишет. Мына ушундан тартып, Түркмөн Чойбекке огобетер кекенип калат.
...Куйручук мейман болуп кеткенден бир-эки ай өтүпөтпөй Чойбектин болуштугунда күтпөгөн жерден кырсык башталат. Чойбектин Жалал-Абадда жашаган Абдрахман деген соодагер досу болот. Ага «күзгө чейин миң сом карыз берип туруңуз» деп кат жазып, киши жиберет. Акчанын ордуна Чойбек ага «миң кой берем» дептир. Ал кезде бир кой — бир сом экен. Абдрахман анын суроосун канааттандырып «Чойбек катың боюнча миң кой бердим» деп кат жазып берет. Миң кой дегени миң сом дегени тура... Барган киши кайра келе жатканда астынан Түркмөн учурап калат.
Кайдан келе жатасың?
Жалал-Абаддан.
—• Эмнеге бардың эле?
Чойбек Абдрахманга жиберген. Андан миң сом алып, ордуна миң кой бермей болду.
Койчу, Чойбек кантип эле Абдрахманга миң кой бере койсун? — дейт Түркмөн. Жигит мактанып, чөнтөгүнөн Абдрахман жазган тил катты көрсөтөт. Түркмөн катты окуп жатканда алиги жигит атына чуркап кетет. Түркмөн арабча сабаты ачык киши болуптур,
«кой» деген сөздү «кол» деп оңдоп салат. (Араб тамгасында «й» тамгасы «л» тамгасына оңой оңдодот). Чойбек катты окубай туруп, сандыкка каттырып койгондугун кийин Түркмөн жанагы жигиттен чекмелеп сурап, билип алат. Ичинен тынып, кымыңдап,
«Чойбек болуш падыша өкмөтүнө каршы чыгып, Жалал-Абаддагы соодагер досунан кол сураптыр. Ал кагазды өз көзүм менен көрдүм» деген арыз жазат уездге. Уездегилер
текшерүү жиберет. Аларды Чойбектикине Түркмөн өзү ээрчитип барат. Чойбектин эч нерсе менен иши жок. Кадимкисиндей жаркылдап, конок камын жейт. Бир гана кекээрлешип келбей жүргөн Түркмөндүн өзү келип калганына бир чети таңгалып, бир чети шек санап отурат. Чай кайнамдан кийин Чойбектен баягы катты сурашат. Аларга Абдрахмандын катын алып берет. «Миң кол бердим» деген жазууну өкушат.
Эртеси сурак жүргүзүшө башташат. Миң кол чогулбаганын, Чойбектин аскердик камылгасы жок экенин билишсе дагы, «баары бир шектүү» деген тыянак чыгарышып, аны ага-инилери Мырзабек, Баатырбек, Кылжырбаш жана Карыбек менен кошо сүргүнгө айдай турган болушат.
Атасы Дыйканбай:
Мен падыша өкмөтүнө отуз жыл кызмат кылгам. Кара санаган эмесмин. Карыганда өз каалоом менен арыз жазып, кызматын бергем. Карыбек жаш, эрмек кылайын. Мырзабек элиме баш-көз болсун! Экөөнү таштап кеткиле? — дейт. Текшерүүчүлөр макул болуп экөөнү таштап кетишет. Калгандарын Бишкекке алып келип, андан ары эки жылга Уралдагы сүргүнгө айдап жиберишет.
Эки жылдан кийин Чойбек элине аман-эсен келет. Бирок, көкүрөк оорулуу болуп калат. Келгенден көп өтпөй кырк эки жашында дүйнөдөн кайтат.
Ошентип Куйручуктун айтканы бу жолу да туура чыгат.

#59 03 June 2018 - 16:37
КУЙРУЧУКТУН МАНАПТАРГА СЫН БЕРГЕНИ
Бир күнү чоң жыйында Жумгалдык манаптар Куйручукка каардуу Көкүмбайды сынаталы, эгер ал «көк дөөнүн» бетине туура сөздү жалтанбай тике айтса, анда мындан кийин анын алдынан кыя өтпөйлү, сөзүн экк кылбайлы дешип, өз ара макулдашат. Көкүмбай да көптүн тилине көнөт.
Ошондо Куйручуктун Көкүмбайга сын бергени:
Маңдайы жазы, балбан төш, жолборстой мараган, көзүнүн асты менен караган, имерилип элин кайсаган, канча жесе тойбогон, жардыга жарты кашык аш арттырып койбогон, букараны кууруган, камырдай жууруган, бүркүт кабактуу, мүнүшкөрлүк адаттуу, кан тырмактуу, кара жемсөө залимдин бирөө. Мунун эминесин сынайын. Таноосу тар, баш териси калың, балдары букаранын тепкисинен чыкпайт!
Көкүмбай «менин балдарымды жаман сынайсың» деп Куйручуктун атын тартып алып коёт.
Кетмен-Төбөлүк «бала болуш» атанган Байгазы өзүн Куйручукка сынатканы келет.
Сынчы туурасын айтат, муну билип кой! Сенин башың куу Байгазы, этегиң куу Байгазы, ортоң алешем Байгазы экенсиң! Сенден эркек тукум калбайт! — дептир. Чын эле андан эркек тукум калбаптыр.
* * *
Бууракандык Сыдык болуштун үч аялы болот. Бирок, үчөө тең эркек төрөбөптүр. Ал аялдарын Куйручукка сынатып көрөт.
Сыдык азырынча бойдок экенсиң! Элиңде оозу чоң, сол эмчегинин үстүндө калы бар, кара далы бир кыз жүрөт. Ошол сага ылайык! — дейт. Болуш сынчынын айтканына ынанып, баягы кызды төртүнчү аялдыкка алып, андан Сатар аттуу уулдуу болот. Ал уулунан эл камын жеген азаматтар чыгат.
Узун-Кабактагы атактуу манап Райымбекти да сындатышат. «Жери тар, эли аз экен. Өзү чоңташтын түбүндөгү кабылан турбайбы! »— дептир аны.

#60 03 June 2018 - 16:39
ТАЛАСКА БАРГАНДА*
Отузунчу жылдары Куйручук Таласка келет. Ал кайда барса, аны ээрчигендер көп. Чат-Базар деген жерден базарга кайрылышат. Таластык мыктылардын көбү ошерде экен.
Эскертүу: Жогорудагы баяндар Жумгалдык Б. Арыков, Кетмен-Төбөлүк, К. Алымкулов. Таластык Ч. Шакетаевдин, И.Анын фондусуна тапшырылган материалдарынан пайдаланылды.
Куйручукту мурдатан тааныган Нусубалы деген киши: «Куке, биздин жакшыларыбыз мына ушулар, буларга сың айтып койбойсузбу? »— дейт.
Куйручук тигилерди бир сыйра сыдыра тиктеп, алдыда турган Байгөнчөк уулу Кадыркулга токтолот. «Чөлдүн ылаачыңындай кубарган неме экен. Бул заманга ыраазы эместей көрүнөт. Кармалып кетер бекен...» — деди дейт. Андан соң Чоңмурун уулу Жолдошалыны «жакшы эле болчу неме экен, артынан асылгандары көп го, санааркагаңына караганда. Ак жерден бу да кармалып кетер бекен...» деди дейт жана дагы. Үчүнчү болуп турган Төлөнгө: «Кара-Жаркетиктин белиндей болгон эме экен, бул эл башкара албайт. Тоотоонун боорунан кийик кармап, мергенчи болчу жөнү бар» деген баасын айтат. Булардан кийин төртүнчү болуп турган болуштун орунбасары кашка башты: — Кашка-баш, бир торпокко башма баш, мындан эч нерсе чыкпайт! — дегенде көрүп тургандар күлкүсүн тыя албай каткырып жиберишет.
Куйручук сын бергендердин кийинки тагдыры дал ал айткандай болгонун таластыктар эмдигиче кеп кылышат.

Супер-Инфо
super.kg
видео