Жакшылык кыл бирок билгенге Жакшылык кылуу бул ыймандан
#1 28 Январь 2018 - 16:09
Салам достор!
Сөздү чынында эмнеден баштоону билбей турам....
Мындан толук 2 жыл мурун Москва шаарында бир кыз менен таанышып калдым.
Чырай жүздү жакшынакай баардык жактан төп төп келишкен кыз эле.
Арадан эч канча күн өтпөй кыз жигит болууну сунуш кылдым ал кыз да көп күттүрбөй 10 күн дегенде макулдугун берип сүйлөшүп калдык.
Ошонтип күндөр күнгө уланып калды жанагы кыз ар 2 күндүн биринде ичим ооруп калды көрүнүшүм керек эле деп айта берчү болду.
Чынында жаш болчумун анча маани бербей түшүнбөй да калат элем
Ошонтип жүрүп акыркы ..Бауманская метрого келип Кыргыздардын оору канасына көрүндүк а мени ичкериге кирүүгө койбоду эшикте туруп калдым.
Ойумда баары жакшы жакшы болот деген эле үмүттө туруп калдым.
Арадан көп өтпөй бир медсестра чыгып телефондо сүйлөшүп калды бизге бир кыз келди 6 айлык боюнда бар экен эмне кылалы алдырам деп жатат деп айтып калды.
А менин башыма чооң гилтейген неме түшүп кеткендей болду жакшылап угуп ал телефонду өчүрүп кирүүгө келе жатканда алдынан тороп эле сурай баштадым азыркы келген кызбы мени менен келген кызбы деп ооба дал өзү эмне билбейсиңби деп калды жок эмнени билишим керек деп сурасам эркектин баары ушундай кылгылыкты кылып акырында эч нерсени билбей калат тур акмак деп түртүп өтүп кетти.
Жашоом астын үстүн болуп кетти ага чейин жанагы кыз чыгып калды ал мени мен аны карап эле туруп калдык.
Болоор иш болду эми баарын билесиң мени тынч кой өз бактыңды ойло деп ыйлап бара жатты .
Келчи сүйлөшөлүчү деп чай ичкени кирдик да ал жерде болгон окуянын баарын айтып берди мен баарын туура түшүнүп өзүм жебеген самсага акча төлөөгө макул болдум .
Көөпкө сүйлөшүп олтурдук ал апасына чалат а мен өз апама чалам да неберелүү болчу убактыңыз келиптир апа деп өчүрүп койдум кайра эле апам чалып эмне дейсиң түшүнбөдүм деп сурап калды ооба апа бир убактары акмкчылакм кылып койгом айта алган эмесмин деп айтып салдым.
Чынында апама сизге бирнерсени айта албай жүрөм бирок бир күн айтам деп өзүнчө эле бирдемени айта берчүмүн айтчу эч нерсе жок бирок ошонтип тамашалап койчумун.
Ошол күнү үйгө алып келдим ата энем менен таныштырдым.
Энене деген эне да байкуш апам макул балам сенин бактылуу болушуңду эле каалайм деп тим болду.
Ошол күн 20.03.2016 болчу кыздын ата энесине чалып сүйлөшүп калды кыздын ата энеси да менин ата энем сыяктуу ажырашып калган эле
Көп өтпөй кыздын апасы эжеси келип калды Москва шаарына ошонтип той белгиленди 27.03.2016 баары ыраазы Аллах ыраазы деп мен да макул болуп ич ичимден апама айта албаган сырым менен үйлөнө бердим .
Той болот анын эртеси да болот дегендей анын эртеси да болду арадан 3 ай өтүп уулду болдум Аллахтын кудурети менен өзүмө окшош аны эч ким сенин балаң эмес деп да айта албачуудай окшош эле 16.06.2016 балам жарык дүйнөгө келген күнү мен ошол күнү канчалык кубанганымды бир кана Аллах көрүп турду кубанычым ичиме батпайт эле .
Ошонтип өзүмдөн 2 жаш кичүү иним (А....н) деп ат койду турмушта ыссык суук болот экен мен көргөнүм жок бир да болсо үй бүлөө урушпай жашаганын.
Ар бир үй-бүлөдө уруш болсо керек эч бир жан кыйынчылыгы жок бакытка жете албаса керек биз да урушуп калабыз ортодо түшүнбөстүк болот бирок кайра эле жарашып жашай беребиз.
Күндөн күнгө мындай көрүнүш көбөйүп кетти келинчегим экөөбүз уруш кетип акесинин үйүнө кетип калды жалынып жалбарып алып келдим кайра жашай баштадык келип кетип санасам 3 жолу болуптур себеби мен аябай каттуу кызганам аялымды кызганбай кимди кызганат элем башка ал аны түшүнбөйт эле мени жаман көрүп калдыбы билбейм күндөн күнгө өзгөрүп калды балам 5 ай болгондо Кыргызстанга жөнөттүм келинчегим экөөнү тең 12.12.2016 жакшына барып баламы таштап өзү кайра келип калды арадан 4 ай өттү ошонтип жашап жүрүп 07.12.2017 күнү Кыргызстандан чалуу келип балам ооруп жатканын айтып калды шашылыш түрдө билет алып кайра эле ошол күн 12.12.2017 болгону толук 1 жыл дегенде Аллах берген уулумду көрдүм барганча жакшына болуп айыгып калыптыр.
Палеекет жок жерден болот дегендей аппендицит болуп калдым 22.12.2016 операция болуп оору Канада жатып калдым жаңы жылга чейин чыгып кетейин деп доктурлар менен сүйлөшүп 30.12.2017 чыгып кеттим 1 январь туулган күнүм эле келинчегимди апасынын үйүнө алып баргам жакшы ойдо келинчегим апасын 27.03.2016 көргөн бойдон көргөн эмес эле а эми мен ошол күндөн бери келинчегимди көргөнүм жок азыр болсо өтө көп нерсени ойлоп калам булар ушул күндү күтүп жүрүшкөнбү баласы чонойуп калганда алып койом деген ойдо жүрүшкөнбү билбейм бирөөгө жакшылык кылып өзүм башыма түйшүк арттырып алдым го чиркин эмне себеб болду билбейм келинчегим чалып кел үйгө деп чакыргам ангыча апасы телефонду алып чакырба болду барбайт деп телефонду өчүрүп койду чалам албайт жазам окуйт жооп жок кече жакында келинчегимден кат келди баары бүттү мени унут я не хочу жить с тобой прощай.
Бул жерде менин күнөөм кайсыл мен кай жерден жаңылдым апасын көрө элек деп апасынын алдына алып барганымбы же ичиндеги баласын сактап калганымбы же өз бактымды бирөөгө арнаганымбы билбейм билбейм
Өлгөнчө өкүнүп жашоодон эмне пайда
#2 28 Январь 2018 - 16:38
Бирок, кыздын наамысы да, уяты жок экен. Ошончо жакшылыкты билбеген кыздын колунан да жакшылык келбейт. Акылы иштесе тырышып жашап, сизге татыктуу жуубай болуп бермек.
Билдирүүнү түзөткөн: Tansuluu09: 28 Январь 2018 - 16:40
#3 28 Январь 2018 - 16:53
#4 28 Январь 2018 - 17:21
Андай адамдарды жараткан озу жазалабаса, пенделердин колунан келээр иш эмес!
Убакыт дары,кудай озу тараза баарына!
#5 28 Январь 2018 - 17:31
#6 28 Январь 2018 - 17:40
Өлгөнчө өкүнүп жашоодон эмне пайда
#7 28 Январь 2018 - 18:10
Alixan__ (28 Январь 2018 - 17:40) жазган:
Бул кундор отот, кандай болгон кундо да олум жонундо ойлобонуз!
Олум ак,эртедир кечтир алып тынат,ага чейин кудай берген омурду жашаныз!
Дуйнодо жалгыз болсо да,ансыз да бактылуу боло алаарынызды далилдениз!
#9 28 Январь 2018 - 22:16
Alixan__ (28 Январь 2018 - 17:40) жазган:
Аялыныздын ошончо абийирин жапканынызга рахматы ушул болсо, анда кетип жок болгону жакшы болуптур. Ага эмнеге кайгырасыз? Ансыз деле жашап келгенсиз, жашай бересиз. Мындан кийин сак болунуз. Жакшы кызга жолугушунузга тилектешмин.
#10 28 Январь 2018 - 23:00
#12 29 Январь 2018 - 11:44
#13 29 Январь 2018 - 14:09
Мен бул окуяны мындай тушундум...
Татынакай кызды жактырып калгансыз, ал кыз ал учурда жигити менен мамилеси келишпей, анын устундо андан боюнда болуп калып, айла-амалын таппай ой басып, кыйналып жургон сааттарында сиз жолуккансыз.
Кызды жактырып калып, сунуш киргизгенсиз. .. Кыздын сиздин сунушунузга создуктуруп жооп бергени, балким сиз ал кызга таккыр эле жаккан эмессиз, ал кыздын табитиндеги жигит эмес болгондурсуз. .., бирок ал катуу ойлонуп, кабыргасы менен кенешип, озун алаксытып, мурунку жигитин унуткаруу, убакыт откоруу учун же балким "бул менин бактымдыр... " деп тагдырына баш ийип, "азыр жакпаса, кийин суйуп кетээрмин" деп озун-озу кучко салып эле сизге макулдугун бергендей...
Аборт кылганы барганы, балким... боюнда бар экенин сизге айтпай, курсагындагы баланы алдырып салып, сиз менен жашоону ак барактан баштайын деген оюу болгондур...
Кыздын боюнда бар экенин билип туруп, ага кайра уйлонууну сунуш кылганынызды мен бул сиздин турмушка женил ойлуулук менен мамиле кылганыныз же бул сиздин эрдигиниз деп да айта албайм.
"жок эмнени билишим керек деп сурасам эркектин баары ушундай кылгылыкты кылып акырында эч нерсени билбей калат тур акмак деп түртүп өтүп кетти". Мед.айым биринчи жолу коруп аткан адамын, оной эле "акмак! " деп, анан дагы сизди туртуп отсо, сиздин сырткы кебетениз, турган турпатыныз, устунуздогу кийген кийиминиз деги эле сиз жудоонку, озунузго тын эмес жигиттей туюлдунуз мага. (Мени кечирип коюнуз, жазгандарым сизге катуу тийсе). Негизи бар ушундай кээ бир адамдар сырткы кебетесине, кийген кийимине карап мамиле жасагандар.
Эки адамдын ортосунда эки тараптан тен суйуу, бирин-бири сыйлоо болбосо, андан ары жашоону улап кетуу ото оор. Суйуп же жактырып кете албай кыйналып кун кечирип, эптеп жашап атканы аз келгенсип, эки кундун биринде кызганып, уруш, жан-жал чыгарган эринин бул кыялы ото эле ашыкча! Жактырбаган адамы башты оорутуп болоор-болбос нерселерге кызганып турса, адамдын кыжыры келет, тажайт!
Кыз энесине баардык чындыкты айтып берген...
Ал уй-було менен сизди эч нерсе байланыштырбайт, бала башкадан. Аларга ото ыйгайлуу болду сизден алыстоо, эч нерсе жоготкон жокпуз деп ойлошот... алар беймарал...
Бул тагдыр... Бул жолкусунда болбосо, кийинкиси менен бактылуу болоорсуз.
Бакыт каалайм!
Балким тен-тени менен тезек кабы менен болгону жакшыдыр...
Кечириниз...
[/
Билдирүүнү түзөткөн: Alixan__: 29 Январь 2018 - 14:16
Өлгөнчө өкүнүп жашоодон эмне пайда
#14 29 Январь 2018 - 14:10
Билдирүүнү түзөткөн: Alixan__: 29 Январь 2018 - 14:17
Өлгөнчө өкүнүп жашоодон эмне пайда
#15 29 Январь 2018 - 15:03
#16 29 Январь 2018 - 17:21
#17 29 Январь 2018 - 21:36
Админ теманы түп тамыры менен өчүрүп салыңыз рахмат
Өлгөнчө өкүнүп жашоодон эмне пайда
#18 01 Февраль 2018 - 10:13
#19 23 Февраль 2018 - 14:08
#20 31 Май 2018 - 20:13