<<БЕШ КАМАНГА» ЖОЛУККАНДА
Күзгө маал Куйручук атын камдап, тонун шайлап дагы бир жолу Кетмен-Төбөгө аттанат. Жолду ката улам өргүй, Узун-Кабактагы,
Толуктагы эл менен эсендешип, сапарын улады. Узун-Акмат суусун кечип, арылай бергенде алдынан жалгыз атчан утурлай бастырды. Башында суусар тебетей, кемер кур курчанган, бейкасам чепкенинин жакасын көтөргөн коңкогой мурун, кара мурут жигит саламга келбейэтпей эле корс этти.
Эй, сен кимсиң? Каяктан келатасың?
Куйручук аны саамга сыдырып тиктеди да жооп узатпай атын темине берди. Тигинин ызасы келе түштү. — Эй, эдирейтен кара мурун эминеге унчукпайсың,
ыя! —деп, ал дагы атЫн теминип калды. Куйручук дале үн катпай, буйтай бергенде, берки омуроолото келип, тизгинден ала тургандай жүткүндү.
Сен эмине дудуксуңбу же талкан сугунуп алгансыңбы?
Кара муну! — Жолоочу баштагы тейден атына камчы салды.
Эй акмак! Мурдун жем баштыктай болуп...— Тигил тизгинден алды. Камчысын үйрүп турат.
Айткын дайныңды!
Болбосо... атка сүйрөтөм.
Тарт колуңду! — Куйручук беркинин колун кагып жиберип, тизгинин тартты.
Эмине?.. Рыскулбектин жигитимин мен! Ырайын бузганын мунун...— Эми, ал жеңинен тартып, өзүнө имерди.
Атаңдын гөрү эй! Кудайдын жигити болсоң дагы... Чыккын жолдон! — Куйручук жигиттин атын омуроолото алга теминди, жеңин тартайын десе, «тырт» дей түштү.
Эй акылсыз, мобу чепкеним айрылса, алдагы атыңды берсең дагы албаймын!
Уктуңбу! Айтып бар, жанагы мактанган манабыңа, Жумгалдан сени жута турган бөө келе жатат дегин. Бар! Тез жөнө!
Омээй! Эй, бу чыныңбы же... Адегенде мага катылып турасың, анан атактуу атабызга шек келтирген деги сен кайсы машаяксың, ыя! Мына кызык!
Кызыкты дагы көрөлексиң,
кызыталак!
Мен — Куйручукмун!
Уктуң беле? Ооба, ошонун өзүмүн! Өзү тургай эки кара көзүмүн! Эми түшүндүңбү?
Же дагыбы?
Тигил тизгинди бошото берип, таңгала карады: — Омеей! Кара муну! Ээй...
Угуп алгын! Сөз бирөө, кулак экөө. Баргын айткын бекзаадаларыңа.
.. Айтпадымбы өзүмдүн ким экенимди!
Чын эле ошол, Куйручук болсоң... Колдогону күчтүү дешет. Ыраспы...— Жигит апкаарый түштү. Жалтактады.
Сен кандай айттың, дал ошондой. Жөнөгүн зми, жолго түш! Чаап барып мени келатат де! Тез! — Куйручук буйра сүйлөп, тигил атынын башын бура берерде кайра токтотту.
Кел, камчы алмашалы!
Сен калыссың. Ушунда ишенишебиз.
Чындык болот.
Ырас дегендей жигит камчысын сунду. Куйручуктун камчысын колуна шып эттире илип алып, артына карабай, айылды көздөй чаап жөнодү.
Бул күнү Рыскулбек манап өзүнүн эл бийлеген алты уулун айылына чакыртып кеңешип таиашкан. Алар али таркап кете элек болучу. Куйручуктун келатканын угушкан соң, өз ара күбүршыбыр боло түшүшүп, көпкүлөң эмелер күпүлдөп да алышты:
«Олуялыгы, колдоочусу бар экени анык болсо, биздин ким экенибизди ажыратып, таанып көрсүнчү!
Сынайлы — дешти. — Чын колдоочусу болсо тааныйт, окус тааныбай калса, жанагы опурулган ээн ооз сөзү үчүн оозун кемечтеп, атын жыгып алып, айылына жөө айдайбыз!
..
Куйручук айылга жакындап калганда баягы чааш кеткен жигит алдынан утурлады. Ал эми мурдагысындай ыргыштабай жоошундай түшкөнү билинип турду. Сөздөрүн этият сүйлөп, мырзаларынын шартшабыятын айтып берди.
Уктум жигит, уктум. Кел экөөбүз эле шартташалы азыр, эгерде аларды таанып койсом мага алдагы атыңды бересиңби?
Эгерде тааныбасаңчы?
Анда мен жөө каламын.
Жигит азга ойлоно түштү. Тарткынчыктай калды. Анысын Кукең байкай койду:
Жүрөгү жок, аякчы десе! Болуптур, кудай езүмөкубат берсин!
...Суу бойлото тигилген жумурткадай он чакты боз үй. Дөбөгө заматта эл жыйналып калган экен. Куйручук дөбөгө түз !бастырды.
Элге алыстан кыйкыра салам айтты. Көпчүлүк бир ооздон алик алды. Эки жигит чуркап келип аттан түшүрдү. Элдин ортосунда тогуз кишн тебетейлерин баса кийип отурат. Рыскулбектин балдарың бирден таанып, ар бирөөнүн атын атамай азыркы милдети эле. Өзүлөрүн мурда көрбөсө да алардын атадан алтоо экенин билет, аттары жадында жүрөт. А тигилерге дагы үчөенү кошуп койгондору,
көз будамайлоо экенин Кукең илгиртпей түшүндү. Куйручук жигиттен алган сегиз* кыр камчыны бекем кармап, ортога отургандарга басып келди. Элдин кобурсобуру дымый түштү. Бүркүт карашы менен ал малдаш урунуп, жер тиктегендерди бир сыйра карады. Күн батыш тарапта отурган таар чепкенченди жон талаштыра тартып алды:
Дымагын кара, кара жемсөө Дыйканбайдын!
Тур өйдө! — деп аны ордунан тургузуп жиберди. Дыйканбай жонун сыйпалай четке чыкты.
Арылай кадам таштап, өтүп баратып кайра артка жайрылып калды да, куур тонго камчы шилтеди:
А сен эл куруткан алдамчы Акмат эмей, эшексиңби?
Чак түштө чалмакей салган Кукең болчубу?.. — Эненди тирүүлөй жуткан Эгемберди эмей, кимсиң? — деп анын аркасына да камчысын солоду. Эти ачышкан эме «иий!» дегенин да жашырбай, тура качты.
Миң койго тойбогон Миңбай ушакчы, мына сата! — Араң турган жамаачы тону тырт айрылды.
Баланын убалсообуна карабай, караңгыда короо жайтарткан Бактыяр имиш сенсиңби?!
— Катуу камчы ^жеген тигил кыңкыстап жиберди.
Кайран киши карап турмакпы, атайы кедей абышканын кементайын жамынган Атаканды да жон талаштыра бир салды: А, мынабу Атакан акмакты кара! — деди,
камчысын кончуна сайып жатып.
Эми баягы адаштырмайга кошулган үчөө калган. Бизди да сабайбы дегендей кыйпычыкташат.
—Силердин жонуңар кычышкан жокпу? Рыскулбектин балдары болгуңар келеби... Түрүңөрдү кубултпай, шүк жүргүлө! — Куйручук аларды ордунан тургузду. Анан Рыскулбектин балдарына кайрылды:
О, бу силер беш эмес, алты каман экенсиңер го. Током ырын ырдаарда санактан жаңылып калганбы? — деди да карскарс күлдү.
...Куйручуктун бу жоругуна Кетмен-Төбөнү керипчойгон бу мырзалардын бирөө дагы кайбат-каяша айталбады. Эл алдында шактары сынып, шаабайлары сууду. Куйручуктун
олуялыгынан сестеништи,
колдоочусунан коркушту. Анүстүнө анын олуялыгы азыр дагын далилденип олтурбайбы.
..
Куйручук Дыйканбай ээрчитип кирген үйдөн даам сызып, анын «конуп, конок болуңуз» дегенине көнбөй атына минди. Айылдан жаңы эле узай бергенде жолун акмалап турган да бир атчанды көрдү. Ак сур аргымак "минген, аземдүү кийим кийген ак сакалдуу карыя бастырып келди. Рыскулбектин өзү экен.
Жол болсун Куйручук балам! Мен боз үй тараптан баарын байкадым. Эси жок бөлтүрүктөрүм кимге тийишерин аңдашпай чекилик кылышты. Өздөрү уят болушту. Акылсыздыкка алдырышып, азууларын арсайтышкан сыягы. Аны үчүн улуу башымды кичик кылыпг алдыңан тосуп, өзүм кечирим сураганым бу. Атыңды да„ даңкыңды да уккамын уулум. Эми үйүмө кайрыл, кадырлуу коногум бол! Сыйымды көр! — Рыскулбек ушинтип өтүнүп турду.
Карынын көңүлүн калтыруу салтта жок. Куйручук Рыскулбек менен чогуу анын үйүн көздөй бастырды. Кулагы кепте болгону менен ак таңдай Токосунун айтылуу ыры эсине түштү:
Акмат, Дыйкан алдамчы, Атакан, Миңбай жалганчы. Эгемберди, Бактыяр, Эл жегенге жардамчы!
Көөмөйүндө андан аркы сөздөрү куюлушуп келди. Суналып аккан УзунАкмат тарапка көз жиберип, кеткиче Токтогулга учураша кетүүнү болжоп койду.
Эй, бу Куйручук! Эркалы Осконалы уулу
#62 08 June 2018 - 22:09
Калганын да берилүү менен күтүп калам. Баш көтөрбөй окуп жаткам толук жазылган го деп.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#63 09 June 2018 - 01:31
ЭКИ МИҢ СОМ
Бир сапар Куйручук Токмокко келип өз жумушун бүтүрүп, кайтмакчы болот. Коңур салкын күздүн күнү. Ушул тапта Токмок шаарында тогуз болуш солто, төрт болуш тынайдын жыйын баштап жатканын көрүп, бул жыйынга кулжыгач Байзак баатырдын
өтүмдүү, кадырлуу экенин билип, күндөп-түндөп Байзак баатырды алып келүү акылын ойлоп Куйручук Жумгалга жөнөйт. Максаты ошол жыйын курган манаптарды Байзак аркылуу пайдаланып калуу. Ал катуу келатып Шамшынын оюнда Байзак баатыр келатканда алдынан чыгат:
Сизди Шабдан баштап көп эл күтүп жатат, бастыралы ылдам,— деп, Токмоктогу, Икрам байдын короосуна түшүрүп, Шабданга кабар айтат.
Тогуз болуш солто, төрт болуш тынайдын мыктыларын, силерди Байзак баатыр зарыл жумушум бар деп чакырып жатат,— дейт дагы, конок камын көрүп, кечинде аларды Байзактын үстүнө чакыртып келет. Тамак желген соң «бизди эмнеге чакыртыңыз эле, Байзак баатыр» дешет.
Анда Куйручук айтат:
Кадырлуу Байзак аксакал карып калды, карыздар болду, андыктан Байзак баатырдын кадырын сыйлап карызынан үзгүлө, атайын келген экен,— дейт.
Күтүлбөстөн айтылган сөзгө Байзак да каршы чыга албай калат. Манаптар:
Жакшы болот, эмне берели? — деп Бири-бирине карашат. Анда Куйручук:
Сен азмын дебе, манаптык кыл, төрт болуш тынай мин сом бер, бирок бир гана киши берсин, бай эмеспи Сарбозбай чыгарсын. Тогуз болуш солтонун байы — Өзүбек миң сом чыгарсыи,— дегенде, макул болушуп, айтылган эки миң сомду беришет.
Акчаны Куйручук алып, эшикке элден мурун чыгып, дарбазаны бекитип, кулпу салып коюп элди чыгарбастан короого камап алат дагы, «менин эшик ачаарымды бергиле, болбосо чыгарбайм» дегенде, Дүр манап:
Элди зарыктырбай эшикти ач,— деп кийип турган чепкенин чечип берет.
Ушундан кийин Куйручук эшикти ачат, эл чыгып кетет. Таң атаары менен базардан чоң куржунга батышынча асыл буюмдардан алып шыкайт да Байзак менен чоогу жөнөп кетет.

#64 09 June 2018 - 01:32
ТУУРА БИИДЕ ТУУГАН ЖОК
Куйручук Көкүмбай манап менен бирге Көлдүн тескей тарабына — Тоңго барат. Аларды ошол жактагы куда-сөөктөрү той берип чакырышкан болучу. Бул жакта Куйручукту билбегендер, көрбөгөндөр али көп эле. «Куйручук келиптир» дегенди угуп ага учурашканы, сөзүн угалы деп келгендери, «бир көрүп калалы» дегендер да жок эмес.
Сыйлуу меймандар атайын тигилген конок үйдө олтурушканда көлдүк Чыныбай деген бий Куйручукка осолураак сүйлөп, тийиштик кылат. «Куйручук бу сени сынчы деп угам, сынчы дейин десем, ырчыга окшойсуң, ырчы го десем, тыңчыга окшойсуң. Кана, кыйын болсоң мага сын берип көрчү?» — деп өзүнүн сөзүнө өзү корстон болгондой кыткылыктап күлөт.
Чыныбай — дейт Куйручук. —Оозуңдан чыккан сөзүң көтөрүм уйдун омурткасындай оркоюп калды. Бу жерде биз жоробозодо тамашалашып отурган жокпуз. Сен мени, мен сени биринчи көрүшүбүз. Ары жагын акылга салып өзүң калчап көр. Сени сындабаймын, таарынбагын. ..
Кеп жебеген Чыныбай бий асылып болбойт. «Качнай сындагын, же менден коркуп
атасыңбы?» — деп сөздү чоюп, көбөйтүп кирет.
Ошондо Куйручуктун «Бери карап угуп тур, көңүлүңдү буруп тур».. — деп Чыныбайга сын бергени:
Катыныңдын жанынан карыш чыксаң, кабагың бүркөлгөн, кайсарлыктын кара шейшебин чүмкөнгөн, алдыартыңды абайлабай сүйлөгөн, аласасы барларды алты жылга сүйрөгөн, жакынына жан тарткан, жазыксызды калтаарткан, чолок акыл, чорт аяк, ичиң ийненин көзүндөй тар, өөдүксөөдүк кебиң бар, мурдуңдун учунан алысты көрө албаган, какшанганга калыс болуп бере албаган кокуй экенсиң! Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок. Адилетсиздигиң алдагы башыңдан да чоң турбайбы! » — деп эл көзүнчө ашкерелеп салат. Олтургандардын айрымдары «башыңдан да чоң экен» дегенге күлүп жиберишет. Анткени, Чыныбайдын башы чын эле чоң экен. Ошентип, бийдин жаагы жап болот.

#65 09 June 2018 - 01:34
СЕН АЙНЫСАҢ, МЕН ДА АЙНЫДЫМ
Улактын уулу Шералы деген адам жашы бир кыйла өйдөлөп, алтымыштын ашуусуна таяп калганга дейре балалуу болбойт. Анын ак уул, кызыл кыздын атасы болсом деген ой- тилеги күч эле. Санаасы сан талаага, ою он талаага бөлүнүп, атургай согончогу канабагандыгынан улам байбичесине тили тийип, экее кез-кез ушул себептүү кермур айтышып калган учурлары да аз эмес болуучу.
Бир жылы күзүндө ошол Шералы турган Бостоң-Кайың деген айылда чоң той өтөт. Тойдо Шералынын кашка аты чыгып, баш байге алат. Ушу тойго келген Куйручук эл таркаган соң, анын үйүнө кайрылып, «ат байгелүү болсун» айтып, саамга алжай сурашып токтой калат.
Ээ, Куке эл катары баары эле бар. Мал десе өрүш толо малым оокат десе үйүм толо оокатым деле жетет. Ошентсе да, бу бири кем дүнүйөдө армансьгз пенде болбогондой, мен дагы армандуунун биримин го. Башка чукакмын. Аялымдын төрөтү кечигип баратат. Кудайдан эртеликеч жалбарып тилегенибиз да, сураганыбыз да — Бала! — деп Шералы муңайып сүйлөйт.
Аа, Шеке тилей турган, сурай турган жөнүң бар экен. Эптүү тура! Пейли кең, март кудайдан бир эркек уул сурап берейин, береги кашка күлүгүңдү мага бересиңби? — дептир Куйручук,— ат мамыда байланган күлүктү көрсөтүп.
Оозуңа май Куке! Кашканы азыр деле алыңыз! — дейт Шералы карбаластап,
күлүктү кермеден чечмей болуп.
Жок, адегенде бала сурап берейин! Убадама турайын! Күлүгүңдү анан алайын! Сен дагы убадаңа тур! — дейт Куйручук тигини токтотуп.
Куйручук Шералынын зайыбын сыртка чакырып: «Эмдиги жылы жайында эркек уул төрөп алгын!» деп ат үстүнөн бата берет. — Куке! Күлүгүңүз багылуу!» — деген Шералы Куйручукту жакшы маанайда узатат.
Кукең айткандай эле жай капортосунда аялы уул төрөп, Шералы кубанычка бөлөнөт. Той берет. Күтүрөгөн күз келип, бала күлүшүп калат. Аштойлордун күчөгөн учуру. Баягы кашка ат аштойлордо алдына күлүк салбай, улам биринчи "чыгып турат. Ээсин байгеге маарытат. Ошондой салтанаттуу күндөрдүн биринде Куйручук Шералыга келет. Дагы аттан түшпөй учурашып: «Күлүгүмдү бер, алганы келдим!» — деп бакылдайт. Эмнегедир Шералынын өңү өзгөрүлө түшөт. Кашка ат да мамыда байлануу болуучу.
Куке! Мындан башка эмне аламын, канчаны аламын десең дагы макулмун. Муну балама энчилеп койгомун... — дейт Шералынын пейли бузулуп. —Куйручук Шералынын күлүктү бербесине көзү жетип:
Биз, экөөбүз ушу кашкага убадалаштык эле, башкага убадалашкан эмеспиз. Жылкыдан жыйырманы, топоздон тогузду айтсаң да албаймын! Болуптур анда, сен айнысаң, мен да айныдым! — деп Куйручук атын такымга салып, ашыга бастырып кетет.
Ал кеткенден кийин көп узабай, кечке жуук баланын эти ысып, куса баштайт. Түнү бою эти от менен жалын болуп кыйналып чыгат. Эртең менен чарчап калат!

#66 09 June 2018 - 01:35
БУ КУНААЖЫН СОЙКУЛУКТАН ЖАДАБАЙТ
Беш-алты киши өздөрүнчө эрмектешип айылдын четиндеги дөңсөөдө олтурушкан эле. Арасында Куйручук да бар. Ал өткөн-кеткенден, нарктуу сөздөн кеп уруп, уккандын кулагынын кычуусун кандырган адатын баштаган болуучу. Анда-санда булуттарды кызылга боёп, акырындап батып бараткан күндү тиктеп, ойлоно калат. Анан аңгемесин улайт кайрадан. Аңгыча кашаттагы булак тараптан суу көтөрүп келаткан кызыл көйнөкчөн келин көрүндү. Эми ал сез үн саамга токтото калып, алиги келинди колун серепчилеп карап калды. Беркилер дагы ошол жакка бурулушту. «Олда кокуй ай, алда кокуй ай!» — деп жан-жагын карап кейип-кепчиди Куйручук.
Ой Куке! Эмне болуп кетти? — дешти жанындагылар эч нерсеге түшүнө беришпей.
Көрбөй турасыңарбы, Медетбектин кызыл кунаажынын! ? Кара букасы капшыттан кетпей, күрөң букасы күүгүмдө келип күл челип турганын... Адал тамак ичирбей, анык кудай урганын! Эми бу кунаажын сойкулуктан жадабайт, согончогу канабайт! Оо, Күласал болбой күмүрөң калгыр! — деген экен.
...Медетбек байдын ошол токолу эзели төрөбөптүр.

#67 09 June 2018 - 01:36
КУТУРГАН КИШИНИ АЙЫКТЫРУУ
Жумгалдын Таш-Дөбө айлында жашаган Жумалы деген киши өзү айтып калаар эле дешет...
Илгери Жумалынын атасы Байөмүрдү Кең-Суу деген кыштоодон кутурган карышкыр кааптыр. Кыргызча ырым-жырым жасашат. Бирок, ага болбой кырк күн чамасы өткөндөн кийин Байөмүр кутуруп ооруйт. Кыйын деген молдо, бакшы, табыптарды алып келишет. Эч айла болбойт. Көздөрү чоктой кызарып, эки ийнин кажып, күндөн-күнгө оорусу күчөгөндөн күчөй берет. Айлалары кетип, колу-бутун байлап, боз үйдүн керегесине таңып коюшат.
Бир күнү аксакал кишилер Жумалыга кеңеш салышат.
Жогорку айылдардагы жараш уруусунда Кылыч молдо деген касиеттүү киши бар. Бир айла болсоошондон гана болоор. Барып алып келгин — дешет.
Жумалынын Ак-Боз деген жакшы жоргосу болот.
Ошону минип Кылыч молдого жөнөп калат. Кыштын күнү экен. Кар калың. Жоргосу менен кар жиретип чыйыр салдырып баратса, алдынан Куйручук чыгат. Жумалы салам айтат. Ал алик адып, «Ии, кичине молдо каякка баратасың?» — дейт.
Атамды кутурган карышкыр каап, ошондон ооруп жатат. Молдобакшыдан эм болбой, күчөп кетти. Кылыч молдого баратам, чакырып келгенн—деп Жумалы көйгөйүн билдирет.
Куйручук саал ойлоно калып, собол таштайт:
Ой, кичине молдо... Мен атанды айыктырып берсем, алдагы Ак-Боз жоргоңду бересиңби?..
Берейин Куке! — дептир Жумалы сүйүнүп кетип.
Анда азыр кайра үйүңө кете бергин. Кылыч молодон да айла болбойт. Бүгүн ал түндө бүркүтүмдү жиберемин. Кудаа кааласа атаңа шыбаа болот. Мен Чоң-Дөбө жактагы Нусуп уулунун айлында боломун... Эмесе, сүйлөштүк, кичине молдом,— деп бастырып кетет.
Жумалы саал ыргылжың боло түшүп, бирок «кой Куйручук да касиеттүү киши эмеспи, тилин алайынчы» деген ойго келип, кайра үйүнө кайрылат. Жолдон Куйручукка жолукканын эч кимге айтпайт. Сурагандарга Кылыч молдо үйүндө жок экен деп коёт.
Түн ортосу ченде аксакалдар, — Жумалы, сен чарчадың, барып эс алчы, биз отуруп туралы... — дешет. Жумалы там үйүнө барып уктап калат. Бир маалда эле «Жумалы тур!»
деп кыйкырат бирөө. Эшикке чыкса,— Сүйүнчү! Атан айыкты! — дешет ар кимдер.
Боз үйгө чуркап кирсе, колу-буту чечилген атасы төрдө малдаш токунуп, келме келтирип отуруптур.
...Көрсө, кыйналган Байөмүр уктап кетет. Чай кайнам убакыт өтүп-өтпөй, катуу чоочуп кыйкырат дагы, «Карышкырды бүркүт алып кетти! Тигине алып кетти!—деп ойгонуп, көзүн ачат. Аздан соң кадимкидей кеп-сөзгө келип:
Мени чечкиле! Кудаа кааласа айыктым. Киши болдум, айланайындар! —дептир. Ошондо гана Жумалы олтурган аксакалдарга, дүрбөп келип калган коңшу-колоңдорго
Куйручукка жолукканын, анын айткан сөзүн төкпөй-чачпай айтып берет.
Кокуй, Куйручукту таап кел!—дешет аксакалдар. Жумалы түнү боюнча издеп жүрүп, Кукенди таап, чакырып келет. Түлөө жасашат.
Ой кичине молдо, убада боюнча Ак-Бозду бересиңби? — дейт Куйручук.
Макул, алыңыз! — деп Жумалы шар жооп айтат.
Сен жаш эмессиңби... Жоргоңду өзүң эле мингин. Убадага бек турган жигит экенсиң! Бейилиңе ыраазымын! Мага эртең бир жакшы ирик берип жибер... дейт дары Куйручук түлөөдөн ооз тийип кете берет.

#68 09 June 2018 - 01:37
БАТАНЫ КУЙРУЧУКТАН СУРАГЫЛА!
Кетмен-Төбөдөн «Сыдык аке», «Сыдык ажы», «Сыдык болуш» деген кадырлуу атка конгон адам өткөн. Ал киши да өз мезгилинде акылмандыгы, олуялыгы менен жамы кыргыз журтуна таанылган адам болуптур. Үйүнөн күнүтүнү кишикара, конок үзүлчү эмес экен. Айрымдар сыйсыпат жасап, атайы учурашкаиы келсе, айрымдары илгери үмүт менен ак батасын алганы кайрылышат.
Кээ бирлери жөн гана касиеттүү адамды көрө кетүүнү эңсешсе, кээ бирлери анын үйүнөн даам сызууну кут катары эсептеп келишчү тура.
Куйручук дагы убагында Жумгалдан атайылап издеп келип ушу кишиден бата алып кетет. Сыдык аке Куйручуктун жөн адам эместигин баамдап, аны жактырат. Келген сайын жакшылап тосуп алып, кетеринде дайыма урмат көрсөтүп узатат. «Куйручугум мен сөзүцдү эңсегенде, сен өзүмдү эстегенде агаңа учурашып кетип жүр» дечү экен.
...Куйручук бир топ күнү тынбай жол жүрүп Сыдык болуштукуна жетип, ага кол берип учурашат. Куудулдун сөзүнө кумар болгон эл чакыртпай эле дагы топтолот. Анын сөздөрүн угуп, көпчүлүк кумардан канат. Коштошоор күн да келет. Аттанар алдындагы дасторкон жайылып, Сыдык болуш Куйручуктун жайыраак аттануусун өтүнөт. Андайда дайыма сөзү белен Куйручук: «Сыдык аке! Мага ат мингизе турган болсоңуз аттын өңү кер болсун! Анчалык күлүк эмес, ашкан жорго эмес, башын жерге салбай турган, ара жолдо калбай турган, балбан бышты асый болсун! Үстүндө ээр токулгасы, башында жүгөн, ноктосу катылуу, канжыгасында камчысы байлануу болсун!» — деп тамашага салып, сөз кыйытат. «Болуптур, бир аз сабыр эте тургун, айтканындай болуп калаар» дептир Сыдык аке дагы.
Астыга куюлган чыныдагы чай оозго тие электе эшик ачылып, башына кара көрпө тебетей, үстүндө жеңил күрмө шым, бутуна өрмө чокой кийген жигит шып этип кирип, колун бооруна алып салам айтат. Анын артынан шайы жоолугун чекесине жаба салынган, карала чыт көйнөгүн боюна келиштире тигип, жарашыктуу кийинген келин жүгүнүп, босого аттайт. Отургандар алик алып, удаа-удаа алкашат. Жигит шамдагай кыймылдап, дароо кайра сыртка чыгып, кырчоого кыстара байлай койгон чаначы менен эки көздүү куржунду ичке көтөрүп кирет да Сыдык акеге кайрылып: «Ажы аке! Сиздин батаңызды алалы деп келдик эле. Келинчегим экөөбүз баш кошконубузга беш-алты жыл болду. Балалуу болсок деп көп тилейбиз. Бирок, эмнегедир ошол тилегибиз чоң кудайга жетпеди. Ошон үчүн сиздин батаңызды алалык деп келдик. Куру келе албадык. Беш жылдык эмгегибизге байдан алган кер быштыны ээр-токулгасы, жүгөн куюшканы менен, бөктөрүнчөгү, канжыгасына байланган өрмө камчысы менен ала келдик эле» — дейт. Олтургандар Куйручук менен Сыдык акенин эмелеки сөздөрү дал келгенине таң калышат.
Сыдык аке Куйручукту саал үңүлө карап алып, «Батаны менден эмес, ары төрдө отурган Куйручуктан сурагылачы. .. Анын касиети меникинен артыгыраак болуп турат» дейт. Жаш жубайлар алакан жайып, баш уруп, Куйручукка таазим кылышат.
Тилегиңер кабыл болсун! Очор-бачарлуу, ынтымак-ырыскылуу жубайлар болгула! О кудай, сөзүмдү эки кыла көрбө! Оомийин! — деп бата берет. Сыдык аке менен коштошуп, кер быштыга минип, Куйручук Жумгалга бет алат.
...Куйручуктан ак бата алган жигиттин аты Жээнчоро, келинчеги Барчын экен. Кийинки жылы эркек уулду көрүшүп, улам учтары узарып, очор-бачарлуу үй-бүлө болушат.

#69 09 June 2018 - 01:39
КУЙРУЧУКТУН АҢГЕМЕСИ
Бул аңгемени Шыйкымбай уулу Жолдошбайдан уккан элем.
Куйручукту жыйырма беш жашымда ушул Толуктан көрдүм. Жаагы кере карыш, узун бойлуу киши экен. Омокенин үйүнө конду.
Жер үстүндөгү манаптарды көп көрдүм — деп сүйлөй баштады Куйручук,— өз заманында Касымбектин уулу Султангазы үч миң үйлүү чорону бүтүн билген киши экен. Ушул мени чакыртты. Эки чакыртканда бара албадым. Үчүнчү чакыртканда бардым. Барсам, мейман үйүн атчан жигиттер уук улап тиккен экен. Чоңдугунан бир капшытынан сүйлөсө, быягынан үн угулбайт.
Жигиттер барган меймандарды ат алып тосуп, бизди ошол үйгө түшүрдү. Бирпас отурган соң Султангазы жолборс ичик жамынып биздин үстүбүзгө келди.
Үчүнчү чакыртканда араң келдиңиз Куке, менин атымды уккан жоксузбу, же мени сүйгөн жоксузбу? Эмне үчүн келбедиңиз? — деди.
Мен анын кекете сүйлөгөнүнө түшүнүп туруп:
Иии иним, менден кичүү экенсиң, бирок мени такып калдың. Бу манап деген иттин богунан да көп экен дедим. Ошондо таш тиштегендей сүйлөй албай калды. Олтуруп- олтуруп:
Конокко бүгүн канча киши келди? — деп жигиттеринен сурады.
Сексен киши келди.
Бээ союп, конок кылгыла,— деп тапшырды. Бээ союп конок кылды. Ошондо конгондордун көзүнчө менден сөз сурап калды.
Куке Сизди адамдан айтып туруп алат дейт. Айтпайсызбы, мен камында болуп күтүнүп турайын,— деди.
Мен айтып алам. Мага он топоз бересиң. Онутең кара кашка болсун, бир бука кошосуң, букасы да кара кашка, он бир болот. Ушуну алам мен. Башка эч нерсе албаймын.
Болуптур Куке, сиздин урматыңызга үч күн улак болот, анан жөнөтөбүз. Үч күндөн кийин:
Сапарга уруксат бериңиз дедим. Он кара кашка топозду кермеге байлап коюптур. Букасы кызыл кашка экен.
Топоз бузулуп калыптыр, букасы кызыл кашка болуп, албаймын — дедим.
Кызыл кашканы агытып жиберип, дароо кара кашка бука алып келип байлады. Ошону менен он бир болду.
Топоздон башка мага берүүгө тогуз согум бээ байлатып, ноотудан кийим камдатып, тогуз согум уй, тогуз ирик алып келип коюптур. Ушунун баарын мен үчүн камдаган экен. Өзүм айткан топозду алып, башкасынын бирөөнү да алганым жок.
Сизге арнап, баарын ырастап койдум эле, эмне үчүн албайсыз? — деди Султангазы.
Мен тамакка көп тоюп алып, кусуп койчу адам эмесмин, өз айтканымды алам,— дедим да жүрүп кете бердим.
Ошондо Султангазы мага баа берди:
Ой ырахмат Куке, ушун үчүн журт аралап Куйручук атка конгон экенсиз, ырахмат! токтобүбү токол, томпой 003 жигит
Куйручук казак туугандардан келе жаткан Шамшыны ашып кетмек. Бир коктуда төрт үй турат. Кеч кирип калгандыктан конуп кетүүнү туура таап, атынын башын айылга бурду. Түмөнбай байдын үч аялы бар. «Байлык эмне дегизбейт, жокчулук эмне жегизбейт» дегендей үч аялына үч башка энчи бөлүп берген. Бул Токтобүбү деген токолунун айылы. Ак өргөөдөн окчун тигилген эки кара алачыктын бирөө жылкычыныкы. Бирөөндө койчусу турат. Тигилерге катарлаш тигилген дагы бир кара алачыкта орто жашап калган жесир аял он бир, ои экилер чамасындагы эркек баласы менен Токтобүнүн күлү менен чыгышып, оту менен киришип кара тамак үчүн жалдангандар. Куйручук токол менен учурашып, төргө барып отурду. Түндүктү, керегенин баштарын одурая карап алып:
Түмөнбай байдын үйү ушулбу?
Ооба, ушул!
Куудул бешмантын чечип, тебетейин алып топучан малдаш урунду. Анан сакалын сербеңдетип, оозун күбүрөтүп:
А кудая парпардигер! Ак майга тоюп, кызыл чай ичип буюрса жакшы эс алат экемин!—деп тура калып жүктүн үстүнөн жаздык алып кыйшая кетти. Токтобүбүнүн чыйпыйы чыкты.
Эмне жумуштап келдиңиз? Үйдүн ээси жок. Өзү барда келиңиз!
Өзү казанын, тамакашын артына кетти беле? Аял мукактана түштү. Эркеги жок үйгө коно албайсыз.
Ошол сени жалгыз эси чыгат? — деп мен келип отурбаймынбы.
Чалымын ачуусу чукул. Баары бир жаткыра албайм.
Койнуңа жаткырбасаң жаткырба. Мен капшытка эле жатам! — деп куудул мурдун чүйрүп, бир көзүн жуумп, бир көзүн тостойтту. Акыры жадаган аял эшикке чыгып кетип, бир аздан кийин эки эркекти ээрчитип келди. Эркектер салам айтып киришти.
Курдаш, жүрүңүз, биздин үйгө. Буюрган насипти татып, жатып аласыз. Бай үйүндө жок эле. Ал жокто бул үйгө эч ким конбойт,— деди анын бири.
Ботом, эч ким жатпайт дейсиз. Береги аял өзүм жатам!—деп жатпайбы? Жалгыз жаткырбай мен деле жатсам эмне болот эле?
Куудул оозун кыйшайтып койгондо эркектин бирөө бышкырып эшикке чыга качты.
Малга мал эш, жанга жан эш. Түмөнбайдын үйүнө түнөбөй эле коёюн. Мобул жарылып бышкан көмөчтөй болгон катыны өзү жата берсин! — деп эшикке чыгып кетти.
Ай төбөгө көтөрүлүп, ой тоолор төгүлгөн нурга бөлөнүп жарык. Аңгыча тигил коктудан бир караан чыкты. Короонун четине келип, айлананы бир аз тыңшап туруп Токтобүбүнүн өргөөсүн көздөй басты. Ооба, ал, сойку аялдын түнкү коногу. Мындай бир
кызыктуу окуя болорун куудул жана өз белгисинде билип, тигил койчу Эрмектин үйүнө жатпай дөңгө чыгып кеткен. Куйручук сыртка чыгып кетери менен Токтобүбү өз үйүнө казан асып, ойношун күтүп жатты. Тигил жигит кирип барганда кылыктана тосту. Эки кишиге ченеп салган чүйгүн этти булоолонтуп, чоң кара табакка чыгара баштады. Куудул жанагы киши кирген жакка утурлай басты. Нары коктунун таманындагы талдын арасында байланып турган тору кашка атты көрдү. Ачка жаныбар окуранды. Аны чечип алып
өзүнүн атынын жанына аргамжылап, жайдактап ээр токумун алып койду. Анан кайра басып жанагы токолдун үйүнө келди. Тамагын эчакжешип, төргө керилте төшөк салып, ага орсок тиш, томпой ооз кара жигити жатып калыптыр. Аял да чечинип жатты.
Муздап кетипсиң. Тигил чокко жылынып келчи,— деп жумшады жигит. Токтобүбү келип отко кактанды. Шыкаалап турган куудул:
Ой, томпой ооз, топоз мурун. Тигил аялды бышырып жейсинби? — дегенде эси чыккан Токтобүбу төшөгүнө кире качты. Тигил ойношу куур шымын, кемселин көтөрө эшикке чуркады.
Эй, Түмөнбай! Токолунду тозок отуна күйгүзүп, шишкебек кылып жеп жүргөн неменин шиши толуптур. Карма!—деп кыйкырды. Иттер ажылдап, жыланач качкан кишинин аркасынан кетишти. Токолдун жүрөгү оозуна тыгылып, титиреп, чүмкөнүп жатты. Ойгонгон койчу чыга калып кыйкырды. Кудай бетин көрсөтпөсүн, айыл конгон
коктунун ичин тажаал ээлегендей кылды. Койчу жигит Куйручуктун жанына басып келди.
Ит, куш көрдүнүзбү? — деди.
Көрдүм, томпой ооз, топоз мурун, орто бойлуу, арам ойлуу бир ит токолдун үйүнө шимшип кирди. Шишкебек эмес эле токолду бышырып жейин деп жатканда кыйкырып жиберип, араң аман алып калдым! Жүрү,— деп койчуну ээрчитип барып талдын арасында атын таппай жүргөн жанагы неменин үстүнөн чыгарды. Жылаңайлак экен. Шымын кийе албай калтырайт. Көрсө ал «бирөөгө бекер бир чөйчөк айран куйбаган, кошунасын көөлөп, кошомат кылып корккон адамды сыйлаган, сасык айран, көк курут, малын ит жеп, желкесин бит жеген» Жаманбай деген сараң байдын уулу экен. Кармап алышты. «Ууру» дешти. Акыры томпой ооз жалынып Куйручук менен койчуга чынын айтты. Үчөө чогулуп Токтобүбүнүкүнө келишти.
Эй, көчүгү сокудай, көкүрөктөгү эки эмчеги топудай болгон сойку, Куйручук деген мен болом. Ооз басырыкка мобул ак эмгеги менен алдында кызматын кылып жүргөн койчуга мен айткандарды бересиң. Тээтиги сандыгыңды ач. Беш кез карала сатинди бери алып чык. Койчунун келинчегине бересиң. Анын алдында көк гүлдүү чыт жатат. Аны тигил жылкычынын аялына бер. Булар сенин сойкулугуңду эч кимге айтышпайт. Эми ал сараң байдын уулуна карады:
Сенде күнөө көп. Эртең бийге салып тогуздап айып тарттырам.
Атакебай, андай кылбаңыз! Мындан кийин ушул жакка бассам бутум сынсын,— деп томпой ооз жигит жалынып жиберди. Куудул:
Сенин төш калтаңда беш сом бар, ошону бери алып чык. Жигит титиреген колу менен төш чөнтөгүн сыйпалап беш сом акчасын алып чыкты.
Эртең менен аттанарда Кукең беш сомду майдалап өзү жанынан бир сомду жетим балага, эки сомун койчуга, эки сомун жылкычыга берди. «Байбиче, чепкен тиктирип кийиңиз» деп тиги жесир аялга куржундагы беш кез трайкесин карматты. Сойку аял менен томпон ооз Куйручуктан соо кутулгандарына сүйүнүштү.

#70 09 June 2018 - 01:41
КОШОКТУН ПАЙДАСЫ
Куйручук менен Көкүмбайдын чоң аталары айтылуу Медет датканын балдары. Экөө жакын тууган. Кадимки Шабдан баатыр алардын Баалы деген эжесинен төрөлгөндүктөн, Шабдан менен Көкүмбай таяке-жээн болушуп катташып жүрүшкөн.
Шабдан баатыр Жумгалга барып Көкүмбайдыкында конуп жаткан. Баатырга учурашабыз деп келишкен Жумгалдын байлары, манаптары да арбын эле. Көз байланып, күүгүм кирип калган кез. Үйдөгү коноктор ар кандай окуялардан кеп салып отурушкан. Аңгыча жакын эле жерден аялдын кошогу угулду.
Үйдө ким бар биле албайм, Каралуу аял кире албайм. Жокчулуктан кыйналып, Жаралуу боЛгон куландай. Топ жетим ачка жалдырап, Алачык калды аңгырап. Өлгөндүн бербей акысын, Сарымсак сөгөт балдырап.
Коноктор делдейип тыңшап калышты. «Бечара Дербишаалынын жесири го? Сарымсактын коюн багып жүрүп көчкү басып өлдү. Сарымсак ошол бечаранын таман
акы, маңдай теринин акысын бербей жүрөт» дешти. Көкүмбай бир чети Шабдандан уялып, бир чети ачуусу келип, алаканын чапты эле бир жигити кирип келди.
Чакыр, жанагы куу этекти! — деди. Жигит чыгып кетти. Коноктордун алдына Сарымсак байды дыргаяктатып алып келишти.
Кырк кой, эки саан уй, бир атты тигил Дербишаалынын жесирине азыр жеткир. Эртең мененкиге калсаң малың бүт таланат,— деп Көкүмбай аны жекирди. Ошол түнү жесирдин үйүнө ал айткан малды Көкүмбайдын жигиттери айдап барып берди. Жанагы кошокту кошкон аял, Дербишаалынын жесири эмес, Куйручук эле.

#71 09 June 2018 - 01:42
ӨКҮРҮГҮМДҮ БЕР!
Байзак баатыр дүйнөдөн кайтыш болгондо, чоң ашы да кошо өткөрүлөт. Аягы Талас, башы Чүй, Ат-Башы, Нарын, ТогузТоро, Ош, Жалал-Абаддан бери көп эл чакырылат. Ашты жалпы жонунан Көкумбай манап башкарат. Ал эми ички ырасымдарды башкаруу Куйручукка тапшырылат. Баштарына кызыл чүпүрөк байланган кырк жигит кошок айтып, өкүрүп турат:
Чаар-Музоо, Көгарт, Бозбармак, Жериң калды хан ата.
Кулжа, Текес, Үрүмчү, Чегиң калды хан ата. Калың саяк, сарбагыш, Элиң калды хан ата. Кара-Кече, Бозкоргон, Жериң калды хан ата.
Кайгырып ыйлап көп саяк, Элиң калды хан ата. Касиеттүү Соң-Көлдөй, Көлүң калды хан ата.
Ажы атанын барында, Орустан ооп эл келген. Орундуу адам ушу деп, Орустар алтын чен берген. Көктүн көркү абада, Көкөлөп учкан куу эле, Күлдү болуш топ элге,
Хан ата күмүштөп сайган туу эле.
Асмандын көркү абада, Айланып учкан куу эле. Алты болуш элине,
Хан ата алтындан сайган туу эле! Кызыл чаар жолборстун,
Тишин алган ажы ата. Кырчылдашар душмандын, Үшүн алган ажы ата.
Кара чаар жолборстун Тишин алган ажы ата. Кас санаган душмандын, Үшүн алган ажы ата! Кан ата!
Алтындан кылган чен калды. Айтылуу саяк эл калды. Күмүштөн кылган чен калды, Хан ата!
Күрдөөлдүү саяк эл калды.
...Ушунда Кочкордун манабы Канаат Жумгалдык туугандарына таарынып, катуу намыстанат. Кабар айткан чарбамандардан кеткенби, айтор, Байзак ажынык кайгыш болгонуң ал кеч угуп калат.
Кемин, Чүй, Ат-Башы, Нарынга кабар мурда жетип, ушу турган Жумгалдан Кызарттын белине чыгып деле кыйкырса угула турган Кочкорго кабардын кеч айтылганы кандай? — деп туталанат. Келбей да коё албайт. Ошол себептүү Канаат таарыныч билдирнп жигиттерин, жакын адамдарын коштоп, Байзакка өкүрбөк келет.
. Ат алган жигиттер алардын аттарын албай коёт. Ал кезде кадырбарктуу, сыйлуу адамдар атын алмайын аттан өздөрү түшкөнү намыс болгон.
Куйручуктун ачуусу келип, Канааттын атын камчы менен башка-көзгө чапкылап: — Атангөрү Чоң-Өтүк, биз деле силердин чөпкө какап өлгөн атаңарга өкүрүп барганбыз. Келе өкүрүгүмдү? Өкүрүгүмдү бер! —деп аларды кайта артка кайырат. Чөпкө какап дегени, Канааттын жакын аталары жайыт талашкан чабышта өлүптүр.
Же кетип калалбай, же кайрылып келе албай, айласы кеткен Канаат айылдан обочо турат. «Эмне кылабыз, канткенде кутулабыз?» — деген кепти айттырып Көкүмбайга бир жигитин жиберет. Көкүмбай:—Мек билбейм? Аны Куйручук чечет!—деп коёт. «Кантип кутулабыз? — дейт Канаат шаа» — деп алиги жигит кайра Куйручукка келет. Анда Куйручук: — Ой конокко келгенсип өкүрбөй келесиңер, өкүрүгүмдү берсеңер эле кутуласыңар, — дептир.
Акыры Канаат атынын башын буруп, жигиттери менен өкүрүп түшөт.

#72 09 June 2018 - 01:43
МЫПАРДЫН АШЫНДА
Куйручук Ат-Башыда Мыпар сопу дегендин ашы болот деп барса, аш небак куралып калган. Ал ашка кадимки Калмырза ырчы барган экен, ошону жарчы кылып, калган ырчыларды бир жерге чогултуп мүчөсүн бергени Касымаалы деген манап тогуз жылкы, тогуз кымкап чалан, 30 сом алып келип тилдеп жатканда Куйручук үстүнөн чыгат.
Ырчы деген ит болот, курулай каңкылдап ашка келген аял, эркекти таңыркатып. Иттер да чогулуп кабышып калса эл таңыркап калат, мынабул олжону Каракол, Анжиян дубанынын ырчысы канча болсо ынтымакташып, урушпай-талашпай бөлүп алгыла дагы жаагынарды жаап, элди аралап ырдабай тим жүргүлө,— деп Касымаалы элүүдөй киши менен кайра тартат.
Касымаалы ошол ашты башкарган, анан калса өзүнөн башка кишини сүйлөтпөгөн, адамдарды оюна келгендей уруп, айыптап-кыйыктаган заардуу манап экени Куйручукка деле белгилүү болучу. Баягы тогуз жылкы, тогуз кымкап чапан, 30 сомду бир топ ырчылар бөлмөкчү болуп, «канча ырчы барсыңар, мындай чыккыла» дешип эл четине чыга турган болушат. Дароо эле Куйручук ошол жерден жаман ээр токумдуу ат минген үч кедейди бөлүп алып чыгып, быякка бастыргыла десе алар болбойт: — Биз ыр билбейбиз, айланайын аке,— дешип жалынгандарына болбостоң, оозуңарды баскыла, мага гана жигит болосуңар,— деп унчуктурбай аттарын сабап айдап тиги ырчылардын чет жагына тура калышат.
Ырчылардын арасына келген сен кимсиң ой, кара киши? — деп сурашса:—Мен Сонунмун! Бишкек дубанынан төрт ырчы эми келдик,— дейт Куйручук. Анда ырчылар болбой:
Тим эле кишилерсиңер, силерге олжо бербейбиз,— дешет. Ошол жерден Куйручук абыдан бийик үнү менен: — О, Касымаалы, Касымаалы! —деп кыйкырганда, ырчылар чочушуп: — Атандын көрү, мына бу кара кишинин ажалы жетти, Касымаалы деп атынан айтып кыйкырат, эми ал сабайт, шордуу. Бишкек дубанынан келдик деп коёт. Кимсиң десек, «сонунмун» деп атын да кубултуп жөн айтпай жатты эле, эми анык сонун болот ээ!
—дешип туштушунан тилдешип, жемелеп жатышты.
Кыйла узап, аш берген үйдүн жанына жетип калган Касымаалы дароо артына кайрылды. Куйручуктун ачуу үнүн угуп, «мени минтип итче атымдан айтып чакырган ким, кызыталак», — деп жанагы элүүдөй кишиси менен жетип келет.
Эмне! Сен кимсиң?! — дейт Куйручукка. Анда Куйручук тигиндей өтүп үзөнгүнү чирене тээп кекээрлеп:
Мен Сонунмун! Башыңа тийчү союлмун. Конок бербес байлардын Кара көзүн оёрмун. Мечиттин мунарындай, Мазардын чынарындай Жантайдын Шабданына «Кызыл дубана» деп ат койгон, Алтымышбайдын болуш уулун Атка сүйрөтүп тап койгон, Өлөм деп коркпогон, Өрттөн качпаган, Өлкөмдү мактаган Өз атым Куйручук, Атам Өмүрзак,
Айтышсам көңүл чак,— деген менмин.
А көгөнгө кирип, белдик байлаган сүзөнөөк кара текедей бакылдаган өзүң кимсиң? — дегенде Касымаалы аттан түшө калып көрүшөт.
Куке, көрбөсөк да атыңды угуучу элек, кыргыздын эрке баатыры, акыны деп билүүчү элек, качан келдиңиз? — деп анан баягы ырчыларды тилдеп:
Ой акмактар, Кукемдин бергенин алгыла, бербесе жок, ал эми сиздики башка болот, бул ашты сиз билиниз,— деп атайы көтөргөн үй дайындап, айтканын аткарып тургула деп эки жигитти жанына коюп жүрүп кетет.
Куйручук алиги олжону Каракол, Анжиян дубандарынын ырчыларына үч жылкы, үчтөн кымкап чапан, он сомдон бөлүп, айдап апкелген жанагы үч кедейге Бишкек дубанына тийиштүү олжолорду берип, «мындан кийин ырдабай жүргүлө» деп эл көзүнө калп эле аларды тилдеген болот. Үчөөнө бирден жылкы, бирден кымкап чапан, он сом бердирет.

#73 09 June 2018 - 01:47
МАЛАЙ АЖЫ МЕНЕН МАЕК*
Көркөм өнөрдү шыксыздар будамайлап анын баркын түшүргөндө ага каршы турган эл акылмандары дегеле калтыс, калп аныктамаларга, ар кандай терс көрүнүштөргө ынабаган. Аны калк алдында ачык сынга алган. Жамакчы ырчы сөрөй жулмалап сөз баркын түшүргөндөй эле чала молдо дин бузарлар да: алла. ак пайгамбар, жаратылыш, тагдыр, болмуш, бу дүнүйө, тиги дүнүйө, актык, дозок, бейиш, нур кыздар жөнүндө кеп салышып, бирде киши ишенсе, бирде ишенбегендей укмуштарды божурашат.
Молдо, не ажы атанган киши сыйкыр сырын ачып жаткансып өз билгенин өтө бир ишенимде таасирдүү айтышында ага түркөй киши: «Тоба... касиетинден айланайын жарыктык! » деп ичтен күбүрөп жака кармайт. Ааламдан, дүнүйөдөн, болмуштан, тагдырдан, маалыматы бар сергек кишилер бирде ага ынанса, бирде ынанбай жымыят. «Ээ молдоке, ушу айтканыңыз калпысыраак болуп калды» деп күңк эткендер да болот. Жок, деген менен көпчүлүк кепти жалганга чыгарыш кыйын. Карач, Көкөтөй, Куйручук, Жоошбай сыяктуу акылмандар/ куудулдар, акындар гана молдонун шарыятын, диний аныктамаларын күлкүнүн, какшыктын күчү менен каймана төгүндөйт.
Бир жолу Куйручук жолоочулап келатып, Малай молдонун үйүнө конуп калды. Малай тек айыл арасындагы анчейин молдо эмес, Мекеге барып, ажы атанган, даражалуу киши. Чынында молдолугу да кыйла жеткилең, чечен киши. Өз төрүидө болсун, не бөтөн үйде, калк жыйынында болсун Малай ажы — Малай молдо шарыяттан, «Курандын» тапсиринен не тигил, бул дүнүйөлөрдөн, бейиштозоктон, тагдырдан, ырыскыдан кеп салып олтурганында бу касиеттүү кишинии алдына чыкчу молдо да, ажы да, чечен да жок. Көпчүлүк «жымм» Малай молдонун кебине уюп олтурушат.
Ал урматка Малай ажы өзү да көнгөн. Деле кишиден бөтөнчө иреңи суук Малай тек бир кара жанын баккан жөн киши болсо, ага ирегеден орун тийбес беле. Ким билсин? Кулагы калкандай, кашкабагы, бет иреңи ботколонуп, мурду баштыктай Малай өтө жай кобурайт. Ал өзү айтпай эле алла атынан сүйлөнгөн сыйкырдуу кепти периште кулагына шыбырап... аны касиеттүү ажы элге угузуп жаткансыйт. Салабаттуулугу, кебинин
Т. Сыдыкбеков. «Күлкү жана өмүр» китебинен.
сыйкырдуулугу, анан ага эч жарашпастай болуп жарадган иреңинин сууктугу — ошо иреңи суук болуп туруп эле өзүнүн бүт олуттуу дүнүйөсү кереметтешип, алланын атайын жиберген элчисиндей аны бийик этип койгонун көр.
Өзүндөгү ушул касиетине төп — Малайдын теги тектүү, агатуугандары малдуу, баштуу, зобололуу.— Касиеттүү бабаларыбызга кут конгон тура. Бул кездеги биздин тукумдун куту — Малай ажы деп сыймыктанат бүт уруу.
Өз дилинде ушундай кадырман киши менен бир Куйручукча беттешип коюшка куштар болуп жүрчү Кукем бүгүн ошо Малай молдонун үйүнө өзү эле атайылап келген бул жолу.
Эл куудулу Куйручукту Малай жактырдыбы, жактырбадыбы. Ким билсин? Баамчыл киши сыр бербейт дечи. Куйручукту төрүнө олтургузду. Жакшылап меймандап, сый этип коюшту, кандан, бектен тайманбай бетке чабар «бу шайтандын достусун» шарыят жобосуна баш ийдирип, динге киргизип коюшту ойлогон Малай молдо те Акчокуну
чулгаган коңур булуттун койнунан түшүп келген периште сымак бул жолу өтө бир сыйкырдуу олтурду. Ар бир кеби ойлонулган кеп. Куйручукка илмек калтырбайт. «Ээ шайтандын досу, мен алланын амирин саа угузайынчы. Сенин тилиң байланаар» деп ойлоп коюп, деле Куйручук эшитпеген шумдуктардан кеп салды. «Өзүң билбегенди билгенге тырыш дечү эмес беле менин сыйкырым. Молдокемдин бул айткандарын көңүлгө түйчү» деди Куйручук өзүнө.
Куйручуктун иреңи да анча жылма эмес. Кабак-кашын күдүрөйтүп, калкандай мурутун түктүйтүп, кобулдуу мурдун баштыктай этип, касиеттүү молдонун айткандарын кетирбей кулагына куйду.
Куйручук келди дегенде эле айылдаштар Малайдын сегиз канат ак өргөөсүнө толуп олтурган. Эми молдо шарыяттан кеп салып, анан актык, каралыкты, күнөөнү, кишидеги кырсыкка үйүр каңтарды, ырыска шерик кутту кеп салып сыйкырданып, зоболосу
көтөрүлгөн сайын Куйручуктун эч үндөбөй олтурушу үйдөгүлөрдү тан калтырды. Бири:
айтса да молдокем — теңиримдин элчиси да. Куйручуктун тили байланды» десе, бири: «Э бу, Куйручук да бекер киши эмес. Кудайым бу кишиге кеменгердикти, куудулдукту, тайманбас эрдикти да берип койгон. Молдокемдин баардык касиетйн баамдап алайын деп жатат. Анан өзүнүн Куйручуктугун таанытат дечи». Тек күлкү самагандары: «Кукем баягы өз кебинен айтсачы? Бизди күлдүрсөчү» дешти.
Бирок, Куйручук ал кишилер күткөндөй өз кебинен айтпады. Маалмаал гана үн чыгарып, молдонун айткандарын кубаттагансып коёт.
Баракелдее. .. Кудайымдын кудуреттүүлүгү аай... Молдо аны укпаган киши болот. Анан ал кишидеги кишилик касиеттерди айта баштады. Алла таалам он сегиз миң ааламдын тазасы, падышасы этип кишини жаратпады беле? Аны чын дээрсиз пирим деп оң ийкине карап койду. Үйдө отурган кишилерге Малай молдонун оң ийниндеги колдоочусу аппак болуп көрүнө түшкөнсүдү. ..
Бир экөөнүн бүткөн бою дүр этти. Бир-экөө алдыртадан жака карманышты. Тигил иййндеги көрүнбөгөн сыйкырга сыйына эмне дээр экен дегендей, Куйручукка карагандары да бар.
Куйручук калыбынан жазбады — кабаккашын жыйырды, мурутун түктөйттү. Анан:
Баракелдее. .. молдокемдин айлакердиги ай-ай... Эми гана молдо Куйручукка одурая карады:
Куйручукжан тобаа де. Алла-алла. Айлакердик пендесинде болот.
Э молдоке,— деди Куйручук ошол замат. —Ушу Сизге, бизге окшогон быткылсыткыл пендесин айлалуу этип жараткан алдам кантип өзү айлакер болбосун? Сиз тобо деңиз!
Аста күлкү угулду. Малай ажы аны укмаксанга салды. «Эй шайтандын досу» деп ичинен Куйручукту жактырбайт:
Алла-алла. Алла жерде да эмес, асманда да эмес. Ар бир пендесинин дилинде. Дилин шайтан азгырып алган пендесинин тили ошо шайтандын кебин сүйлөп калур...
Э молдоке коюңузчу! — Куйручук чочугансыды: — Пендесинин дилиндеги өз ордун алдамчы шайтанга алдырып койсо, анда алда талаам бу сизден да, бизден да ишенчээк, бош экен го...
Күлкү катуураак чыкты.
Малай ажы келме келтирди. Барбайган беш манжасын жакасына тийгизди.
Азгырык кепти айтасыз да сиз...
Жөн киши ачуусуна тийгенди «ит, доңуз» деп сөксө, Малай ажы өтө кыжырына тийгенди «сиз» деп сөгөт. Молдонун ушул адеби аны кишилерге касиеттүү кылып көрсөтөт.
Үйдө отургандардан Жакшыбай аке молдонун бул сырын жакшы билген киши. Ал этиет карады:
Жакшы болбой калдыы...
Эмине жакшы болбой калганын Куйручук өзү дагы сезди. Анан: «И жакшы болбосо болбосун. Кийиктин издегени от, мергенчинин жумшаары ок» деп ичинен күлдү да молдону тымызын кытыгылады:
Молдоке, биздин элдеги бир чала молдо: Жер жети кабат, көк жети кабат дегени чынбы?
Ол чын! — деди Малай молдо. — Жети кабат көктүн не астында тирөөчү жок, не үстүндө кармоочу жок. Ол Алланын амиринде...
Куйручук дагы сурады:
Анда мусулман баласы жыргал доор сүрчү бейиш ошол жети кабат көктө экен го? Каапырды отко куйкалачу тозок бу сиз менен бизди асыраган жарыктык жердин жети кабатынын астында экен го?
Аны Алла-таала өзү билет! — деди молдо таасирдүү. —Жерди мүйүзүнө көтөргөн көк өгүз, өгүздү көтөргөн жаян, жаянды... — деп келатканда Куйручук жака карманды:
Ал жаян мухитке чумуп кетсе, жарыктык көк өгүзгө сайгак тийсе, биз кантээр экенбиз молдоке?..
Тобо келтир, Куйручук! — деди Малай. — Алланын амирине шек келтирдиң?!
Сиз да тобо деңиз молдоке! — деди Куйручук молдого. —Жаян мухитте эркинче сүзөт. Сайгак уй бар жерде жүрөт. Бул да алдамдын амири... Кокустан тигил Беш- Күнгөйдүн карагайындай бир чоң сайгак ызылдап жетсе, жарыктык көк өгүз мүйүзүндө жер турганын унута салып, куйругун чычайта жөнөсө...
Күлкү катуулап чыкты. Малай молдо не аябай ачууланбай, не кишилерге кошулуп өзү да күлө албай, тек гана:
Уа... Куйручукжан. .. ушундайыңдан мен сизди шайтандын досу деймин. Оозуңузга шайтан түкүрүп койгон сиз да Алламдын сүйгөн пендесисиз. ..
Молдонун бул кебине Куйручук таң калгансыды: — Тилиңизге тишиңиз күбө, молдоке. Мен шайтандын досу эмесмин. Анда алдам эминеге ал шайтандын досун сүйөт?..
Аллам пендесин топурактан жууруп жаратты! — деди молдо. Топурак жердин каны, жаны. О жер — бардык жаныбарды өз бооруна асырап турган АНАСЫ! Мына ошондуктан ол — топурактан жуурулган пендслер — биз жердеги жан-жаныбардын эч бирине кастык этпеске милдеттүүбүз. Алланын кеңдиги шол, бизде пепделик күчтүү.
Аллатаалам эркибизди өзүбүзгө берип койгондуктан биз жакшылык уа жамандыкты, оң уа
терсти бирдей асырап күнөөгө батабыз. Ошондуктаи, чын дүнүйөдө ол күнөолүүнү күнөөсүнөн тазалап жаннатка алыш үчүн тозогун чыгарды.
Тозок каапырга дебедиңиз беле?
Тозок кафырдыкы! Ол туура. Бул дүнүйөдө күнөөгө баткан мусулман ол күнөөдөн арылып жаннатта болушу шарт.
Куйручук сакал сылап айтты:
:— Кудайымдын бул калыстыгы — чын калыстык экен... Акыркы соболум молдоке, бу биздин кыргыз ошо бейишке чыкканы экиден үр кызын алат деген чынбы?
Ликин экиден эмес, жаннатта ар бир эрдпн тизесинде бирден нур кызы олтурар...
Оо, бул жакшы кеп экен молдоке! — деди Куйручук саал тамшана. — Бир ишене албай турганым: ар бир эркектин тизесинде ойноор ошончо нур кызы кайдан болсун?..
Молдо эми күлгөнсүдү мыңк-мыңк:
Ээ, шайтандын досу Куйручук. Сиз — пендесиз. Сиздин бул пенделигиңизди Алла- таала кечирет. Шонтсе да Алланын амирине шек келтире бербеңиз. Сиздин, биздин бул дүнүйөдөгү жарларыбыз жанатта ар бири пери кызына айланаар...
Чок кармап алгандай Куйручук сапын чапчыды:
Коюңузчу молдоке! Бул дүнүйөдөгү мырык-тырык, бучук-сучук, маңка-санка, таз- маз, анан акыл-эси абдан эле аз кургурлардын баары эле кантип ур кызы болуп кетсин деги...
Катуу чыккан каткырыкка эми Малай молдо каяша айталбай өзү да күлдү.
Аай шайтандын досу... шайтандын досу... хихи... Адам акылына келбес кепти табасыз ээ?!
Куйручук күлбөдү, тек кабак-кашын түктүйттү:
Топурак камырын аябай жууруп бул дүнүйөдө эчен бир сулууларды жараткан кудайым Сиз менен бизди ошол эле топурагынан чала ийлеп, одурайтып-бодурайтып жасаптыр эригип, кайдыгер... Кантип эле тигил дүнүйөгө барганда бул жактагы мырык- тырык, сокур-мокур, таз-маз, акыл-эссиздердин баарын ур кызына айландырып жиберсин деги... Молдо, молдо десе божурайт экенсиз. Аны, ажы десе апыртат экенсиз. Жер жүзүндөгү үксөк-саксактардын баарын бейишинде ур кызына айландырып жиберчү кудайым сизди, бизди бул дүнүйөсүндө жолборстой жигит этип жараткан го... Же бизден топурагын аядыбы...
...Шарыят эрежесинен четтеген жарты ооз кеп айталбаган Малай молдонун үйүндө бүгүн күлкүнүн жаагы айрылды. Малай молдо өзү да күлдү бүлк-бүлк. Үйдөгүлөрдүн да каткырыгы таш жарып жатты. Куйручук Малай ажынын үйүндө конгондогудай күлкү эч үйдө болгон эместир деген даңаза да тыяк-быяктагы журтка эртеси эле тарады.
Дөбөдө жеке отурганыңызда тартыңыз! — деп малай Куйручукка теспе белек берди. Бул анчейин белек эмес. «Мен Зобололуу Малай молдоңорду да аллаамири деген ак кебинен жаңылткамын» деп башка жакта кеп салбагын дегени болучу.

#74 09 June 2018 - 01:51
БАЙГА ЖАНАЛГЫЧ КӨРҮНГӨНДӨ*
Касиеттүү Ысык-Көлдүн күзү да сонун. Кызыл-Омпол сол жакта олчоёт. Ортодо Чүй теминет.
Куйручук бирде тизгиндин кош жаагын жыя кармады Керчунакты кекчейте. Бирде мөрөйгө чапчудай темине берди алды жакка тике карап:
Жазы серүүн, кышы жылуу, мөлдүр булактын энеси — жүз жетимиш эки өзөнү куюп, бир тамчысын текке кетирбеген жаныбарым Ысык-Көлдөн кетпе журтум деп бир акылман айтканда, сенин ушул берекеңди баамдаган тура ал акылман.
Баса, айтам да. Чийине төө жоголгон, төрүнө бугу ойногон. Илбирс, жолборс эки шер, азуулудан эчендер артууларда жойлогон... Капырай көрсөң сонунду! Ташкүзгүдөй бетинде аңкылдап аңыр толу, каркылдап карала каз толу, куркулдап ак куу толу. Өрдөк, чүрөк, безбелдек, кызылбоор, карабоор, кыл куйрук быкыл жыйын курган илбесиндери той өткөзүп жаткандай го кудай!
Анан калса жаныбарым Ысык-Көл атырабы жылдын төрт маалында тең көркүнөн танбай көргөндүн көз жоосун алганы алган дечи. Кез-кезинде Кызыл-Омполдун бороону улуп, чий ышкырып, камыш жапырылып, көл бетинде аксерке чамынып төө өркөчтөнүп,
күүшаа этип бууракандап алган соң жаныбардын көркү көкмөлдүр тартып көөлгүп мелтирейт дейсиң. Көк асман көркү бетинде чагылышат!
* Т. Сыдыкбеков. «Күлкү жана өмүр» китебинен.
Бу жолу Куйручук өз жан дүйнөсү менен Көл дүйнөсүнө суктанып келатты. Бир маалда Керчунак алды жакка селт карап, кош кулагын кайчылаштырды. Тээ алды жакта калың чийди жарып түшкөн жалгыз аяк жол менен жай басып кетип бараткан киши көрүндү. Ылдамдай бастырган Куйручук жете келди ал жөөгө. Чукул келген дабыштан улам жөө киши жалт карап атчанга салам айтты:
Ассаломаалейкум!
Аалейкума үчсалам баатыр!
Үстү жупуну, өңү керсары, арык жигиттин эти тирүү белем:
Алигиңизалик, «үчүңүз» эмне аке? — деп күлүмсүрөдү. Тамаша айтам деп сөзгө сына калган Куйручук түз мойнуна алды:
Сени жөө деп, өзүм атчан келатканыма көбө түшкөнүм го, иттики. Эси жок киши ушу менчилеп ээн жолдо калың чийдин арасында жөөгө менсинет иним. Эми менин жөнжайымды билбей эле кой. Өз жөнүндү билдирчи?
Жөнүмдү кебетемден эле көрүп турбайсызбы. Кол баштаган эрен эместигимди, журт баштаган көзөл эместигимди, ушу жөө сандалган кебетем эле айтып турбайбы... Үч жылда тору айгырлык бир байдын коюн бактым. Жалчынын жамбашында сыз төшөнчү. Тартынганы тайтуяк. Тамагы катыксыз жарма кара аяк. Кагын ооруп калып койчулукка жарабаган соң, Акөлөңдөгү энемдин колуна кеткемин. Ошо кеселимден жакшы болуп, байдан акымды алайын деп келаткан жолум...
Жөөнүн аяңына улай жай бастырган Куйручуктун коюу муруту түктөйдү. Чаңкап келаткансып тамшанды. Анан:
Ушу сонун дүнүйөнүн бир баласы момун, он баласы зулум тура иним. Ал байыңдын алаканы ачык беле? Же...
Э, алаканы ачык киши мени жөө сандалтпайт эле го аке...
Койчунун жообун Куйручук кулак сыртынан кетирди. Байдын кыял-жоругун сураштырды. Далай жерге койчуну атына учкаштырды, кеп-сөзгө алды.
Койчунун айтуусунча: бай койлуу бай экен, койлуу болгону менен ошо көп коюунун үзүрүн өзү көрбөй эл бийлеген төбөлдөргө тартуулап, жакшылардын мүдөөсүнө жараса өзү ошого корстон:
Атаа, майды сугунса Сарымсак баатыр сугунсун! — деп өзү бордоп семирткен иригин тартуулаган жакшысын мактаганда, токолу мурдун чүйрүп эликтейт:
...өзүңүз сугунгандай жыргабаңызчы. .. десе, байбичеси кекээр күлөт:
...байы жегенге кулу кубанат... быкшыйт... — дейт каймана. Куйручук да күлдү:
Ээ, ал бай байбичесинин ал «быкшыйтын» туюнбайбы?
Туюнат эле — деди койчу. — Бай өзү кызык киши. Ашкере асан кайгы. Анан катуу баштыгын сурабаңыз. Байбичесинин төркүнү чоң ууру. Бир жолу байбичени жазалаймын деп төркүнүнө чоң айып тарткан. Ошондон бери малын аяп коркот. «Кың» дей албайт.
Байбичесине «кың» дей албайт экен, ал байың токолуна «кың» дейби?
Токолун өзү жакшы көрөт. Ошон үчүн ага да «кың» дебейт. Деги кызык...
Ээ иним, кишилер ушундай кызык болобуз,— деп Куйручук күлгөнсүдү: — А байбиче, токолу ынтымактуубу? ..
Байбиче улуусунат: «бийлик менде» деп. Токолу сулуусунат: «байымдын көрөр- көзүмүн» деп. Деги экөөнүн кеги күч.
Чыйылдашаар, чачташаар, күйүлөрдүн күлү жоо эмеспи.
Байбиче, токол чачташканда байдын заманасы куурулат тимеле.
Ээ анысы кызык экен?
Байбичесине болушайын дейт, токолун кыйбайт. Токолуна болушса байбичеси коломтого олтура калат тимеле.
Кайраты жок бир бечара экен го ал бай.
Башкага каразгөй кыйла, катындарына өзү талпак. «Катындын тажаалы жандын башын жутат» деген макалы бар. Ушу лакабын айтаарда тебетейин башынан алып жерге
урат. Локуя калат. Чакыя калып катынча чаңырат: «Жан алгычыңды жиберчи кудай. Болбосо өз курсагымды өзүм жара тартам»,— дейт. Катындарын коркутат. Айыгышкан байбиче, токолу анысын тоотуп да коюшпастан чачташып, ажылдаша беришет.
А бай өз кардын өзү жарып жибербейби, айтканындай.
Ээ, аба, киши өз кардын өзү жаралчу беле. Койчу барар айылдын карааны көрүнгөндө Куйручук
койчуга айтты:
Арып-ачып барып кал, байдын отун жагып, кал, иним. Ит болсо да кеп сурар байың. Жол ээн, жан киши жолуксачы. Кардым ачты, кайратым качты. Же көзүм бозордубу, же чын көрүндүбү. Жалгыз бейиттен жылаңач арбак көрүндү... Анан калың чийден карала торопойлорун ээрчиткен мегелжин такырга чыга келди... Селдейип тура калганымда арбак да, чочколор да көздөн кайым болду дегин. Үйдөгүлөр эмине десе ошол десин, сен аны эшитпеген бол. Чекеңди ушалап жер тиктец кал. Бар, иним жолуң ачылсын!
Ушундай деп Куйручук жээктеги камышты аралап кетти. Койчу узай берди. Куйручук аттан түштү. Ооздугу алынып аты оттоп калганда өзү кылаага келди. Анан сырдашкансып узакка, узакка олтурду.
Мал короого келер маалда Куйручук тигил айылдагы жанагы байдын үйүн карай тике бастырып мамысына ат байлады. Бирок... Сыртынан аппак болун берекелүү көрүнгөн боз үйдөн чаңк-чуңк, күш-быш эткен аламан дабыштын ичинен: «Оо, кудай ай... Ушу менин кардымды жара тартар жан жокпу, бу жарык дүйнөдө» деген үн бая койчу айткан байдын үнү экендиги Куйручукка жазбай таанылды.
Кынындагы кездигин шарт сууруп тигил айгып оозун жыйгычакты Куйручук үйгө кирип барды. Көзү чекчейип, таноосу делп-делп, муруту түктүйүп, локуйган кара киши болот бычакты жаланта тике качырганда, бандын үшү учту. Чыгданына кире качты:
Айланайын... айланайын... жанымды кой? — деп араң айталды.
Чачташып, тырышкан байбиче, токолдун колдору бошоп өздөрү бөлүнө беришти.
«Сен кимсиң, ыйык?» дешкендей экөө бирдей жапырыла, жалтанып, жашынарга жер табалбай, үн катпай селейишти. Ирегеде баягы койчу отурат жер тиктеп, тирүүнүн өлүгү болуп.
Булардын эч бирине буйдалбай Куйручук чыгданга умтулду:
Чыгдандан чык, бай! Алмустактан бери чыгдан ичиндеги табактагы сүткө киши чөгүп өлгөн эмес. Сен да өлбөйсүң. Кудайдын таң күнү өзүң суранасың. Ал тилегиңди берип кудай сага азирейилин жиберди. Мен саа бу жолу киши кейпинде келген азирейилмин. Көрүнбөй келип жаныңды алсам, анда жакындарыңдын жамысы: байыбыздын өз ажалы жетти дешмек. Өзүңдүп тилегиңе жараша мен сен тааныбаган киши кейпинде келдим. Чыгданыңдан чыга кой, бай. Жаныңды кейитпеймин. Өзүңдү алып кетемин. Зыкым элең. Береги жер тиктеп олтурган сенин койчуң. Насили сендей сасык байдын бешөөнчө бар. Сен аны эздиң. Өзүн ооруттуң. Акысын төлөбөдүң. Чоң күнөөгө баттың. Тозокто кырк кулактуу мис казанда кырк жылы кайнайсың да ал күнеөңдөн арыласың. Байбиче, токол алып, эки ургаачыны чачташтырып койгонуң үчүн кыл көпүрөдөн өтүп баратып тең бөлүнөсүң.
Куйручук атайы тынымга демин алды. Чыгдандын ичиндеги байдың урөйү учканы, кардыгып-калтыраган үнүнөн сезилди:
Жараткан... жараткан жанымды кой? Эгем?.. Малымды чачайын... башымды тартайын... малай күтпөйүн... өзүм чарык тартынып, өз башыма өзүм малай болоюн...
Куйручук кадимки кишиче каткырып күлдү:
А булардычы — уксүйгөн, саксайган эки албаретың ушинтип чачташа беришеби. Мындай чачташкандар тиги дүйнөдө мис казандын түбүндө кайнайт, кырк жыл!
Куйручук ирегедеги койчуга айтты:
Сенин бул пендеден алар акың, жакшы ат эзртокумдуу, кулундуу үч бээ, жылуу ак тон. Куржундук эки көзү толо ырыскешик — тыяктагы карган энеңдин тирүүсүндө татар насиби. О дүйнөдө ал мискин шейит. Ол — АНА! Сендей ак пейил уул төрөгөн АНА!
Алдыңкы жума күнү үстүңө тонуңду кийип, атыңды минип, куржунуңду куржунуңду салынып бараткан кезиңде мен көк булуттун үстүндө, ак булуттун астында туруп, сенин аман-эсен жол тартканыңды көрөмүн, мискин!
Ушул кебин айтып, Куйручук шарт үйдөн чыгып аттанып жөнөй берди.
Бай эс-учун жыйып үйдөн аста сыртка чыкканында көзүнө жан киши көрүнбөдү. Мен өзүммүнбү, өзүм эмесминби дегенсип, ар кайсы жерин алаканы менен сыйпалады. Дале оозуна кепсөз кирбеди. Дирилдеп далайга турду. Анан:
Чын, тирүү окшоймун! Аксарбашылың жолунда, Теңирим! — деди.
Эртесинде аксарбашылын атап түлөө өткөрдү. Өзү да, байбиче да, токолу да боз койдон момун болуп калышты. Жалгыз койчу жигит гана жолдон жолугуп, өзү менен бирге келген киши жаналгычка окшой түшкөнүнө бирде аң-таң, бирде кымыңдап — жым. Көңүлү толтсуйт. Өзүнөн өзү кубанат.
Бечара койчунун кубанар жөнү бар эле. Бай жума күнү таң эртеңден «жаналгыч» тапшырган акысын төп берип, койчуну узатты.
Арадан күн өтпөй, ошо жума-намазы окулуп тарар менен жумгалдык акылман куудул Куйручук бул жакка келип досунан сый көрүп, кандайдыр бир сараң байдын сөзүнө жаналгыч болуп көрүнгөнү, сараңды чыгданына жашынтканы жөнүндө дуудуу кеп тарап жатты калк .арасында.

#75 09 June 2018 - 01:53
КУЙРУЧУКТУН АР КЫЛ ЖОРУКТАРЫ
Куйручук Кочкордо чоң манаптар Шабдан, Баяке, Манапбай менен бирге конок болуп калат. Сөздөн-сөз чыгып, манаптар эрдиктери, баатырлыктары жөнүндө айтып мактанып олтурушат. Тигилердин айтымына караганда Үрүстөм, Азиретаалы, Манас азыр келип маңдайларында турса да аларды тоготпос түрлөрү бар. Куйручук ушу маалда акырын эшикке чыгып, эшик алдындаги куюшкандаштырылган аттардын бирин сооруга шак эттире катуу чаап, карыган кемпирдей үнүн кубултуп кокуйлайт:
Шабданың менен жерге кир, Баякең менен көргө Манапбайын жылас болсун! Соолуп, болуп калгыр жебей эле таш жесемчи! Эт аңдып, табактардын түбүн жейм деп келип, сындыра тептирип албадымбы? Эй кокуй-кокуй! — деп жатып калат.
Үйдөгү манаптар кемпирдин үнүн угуп: — Алда кокуй ай, эмне болуп кетти? Аттарды үйдөн алыс байлатпай жаман болгон экен! — дешип, шашкан бойдон эшикке чуркап чыгышат. Алардын эмелеки кызуу кептери, эр сайганы, жекеге чыккандары, жылкы тийгендери жөнүндөгү сөздөрү талаалап, кемпирдин кокуйлаган үнү баарын алдастатат.
Баракелде, баатырлар! Эчтемеден коркпогон, сунган найзаны тартпаган, сумсайып жоодон качпаган, жылаңачтан сезбеген, жаланып жоого беттеген эрлер! Бир кемпир уйдун богуна тайгылып жыгылса эсиңер чыгып, жүрөгүңөр түшүп калды го. Эмеле эч кимди тушарыңарга теңебей отурбадыңар беле? Эшикке энтеңдеп чуркап чыкканыңарга жол болсун, баатырлар! —дейт. Баатырлар сөзгө жыгылып өздөрү да аябай күлүшөт.
Куйручук жолоочулап Токмок шаарына барып, жума күнү чоң мечитке кирет.
Молдоке, менин селдем жок эле, кандай кылам? — дейт Куйручук.
Куруңуз болсо деле башыңызга чалып алсаңыз боло берет — дейт ыймам.
Курум да жок эле — деп Кукең эшикке чыга калса, көчөдө кисе байланган бирөө өтүп баратыптыр. Аны чакырып: «Сен менин чепкенимди кармап тур дагы, кисеңди мага бер, намаз жума окуп чыга калайын» дейт.
Анын күмүш чапкан кайыш курдагы кисесинде кылаптан дүкөрт, чандуу бычак, устара, кыскасы бардык сарамжалы толук экен. Тимеле шарак-шурак этет.
Эшикте даарат алып жатса, бир сокур киши таягы менен жер сайгылап, жол таан, мечиттин эшигине келип, киши бар экенин билип, салам айтат.
Куйручук алик алып, «берирээк басың, нараакта туяк жер»» десе, ал элтеңдеп, эки кадам бутун шилтегенде мечиттин эшигиндеги кудукка түшүп калат.
Балыкча сүзүп, аптыгып чыга албай жатканда Куйручук:
Ата кокуй ая, намаз жумага даарат албай келипсиз. Кусул кылып алыңыз. Мен бери бас десем, тетири басып, түшүп калбадыңызбы, эч нерсе эмес — деп колунан тартып чыгарып коюп, өзү мечитке кирет.
Элдин арткы сабына кошулуп, намазга турат. Бир маалда эл менен кошо эңкейип, намазга жыгылганда башындагы кисе шарактап кирет. Бир тобу бышкырып күлгөн бойдон эшикке чыга баштайт.
Андан кийин алдыңкы сапка барып кошулуп, эңкейип кисени шарактатса, ал катардагылар да бүлкүлдөп күлүп, катар сабы бузулуп, бирден чубап сыртка чыга башташат. Анан эң алдындагы ыймамдын жанына барат. Ыймам намаз шартына ылайык, кылчайып «салам берем» деп көрө салып күлүп жиберет да:
Шум киши экенсиз. Намазды буздуңуз. Элдин даараты сынды. Зор күнөөгө чалындыңыз, башыңыздагы эмне? — дейт.
Молдоке, селде чалынгыла, жок болсо кур болсо деле жарайт деп өзүңүз айтпадыңыз беле. Тебетейчен окуганга жол бербедиңиз. Эшиктен бирөөнүн курун алып, чалындым. Атайлап намазды бузганым жок. Айтканыңызды кылдым. Сиз күнөөкөр болдуңуз го. Селде таап бериң эмесе! — деп ыймамдын селдесин анын ооз айыбына алып кете берет.
* * *
Куйручук Кетмен-Төбөгө жолоочулап бара жатып, Кабак деген жерде бир байдын айлына кез болот.
Кимдин айылы? — деп сурайт.
Кадыма деген байдын айылы. Үч катыны бар. Телегейи тегиз, малы көп, миң коюу бар. Тээтиги ак үй ошонуку.
Куйручук анын үйүнө барып түшсө, жаанга суу болгон жаман кара чепкенин жылаңыч этине жамынып, согончогу жыртык кийиз байпагын отко кургатып отурган жүдөө бир кишини көрөт.
Сен кимсиң десе,— Кадымамын деп жооп берет. Үйдө жерге салган эски, жыртык кийиз, жыйылган
жууркан, илдирбардуу эчтекеси жок. Үч катыны үч жерде үй оокатын иштеп өздөрүнчө күйпүлала. Анын турмушуна ачуусу келип:
Ой, Кадыма деген кимсиң? — деп кайта сурайт:
Кадыма менмин — дейт.
Оо сен, кадыбасаң, чыңкылдый кулап кет! Үйүңө
киши келсе жыртык байпагыңды чоюп, төшүңдү отко салып, коломтого сийгенсип, отурганыңды көр! Тиги үрпөйүп отургандар эминең?—десе: — Үчөө тең катыным — дейт Кадыма.
Ал катындарды эмне үчүн алдың?
Биринчисин атам алып берген, экинчиси жеңе катыным, үчүнчүсүн өзүм, токолдукка алдым.
Өзүңдүн үстүбашыңды оңдоп, үй ичин адам көргөндөй кылып коюп, анан үч катын күтпөйсүңбү? Карачанын кара итиндей калтырап турасың. Миң кой айдаганың менен үстүңдө үйрүп салаар үч кетмен топурагың жок. Катындан айланасыңбы — деп эртеси эле элге салып эки катынынын башын ачат. Өзү алардын төркүн тарабы болуп дегендей, эки аялга энчисин бөлдүрүп берет. Байкуш аялдар тимеле түрмөдөн чыккандай сүйүнүшөт.
* * *
Кыштын күнү Нарынга баратып, Соң-Көл үстүндөгү жылкычыларга конот. Жылкычылар адатырасмы боюнча коногун берген соң:
Куке бүгүн түнү жылкы кайтарып бер! — дешет.
Койгула балдар, мен тимеле жатайын десе болушпайт.
Макул! — деп атка минип, жылкыны имерип, кайра келет. Жылкычылар уктап калган экен. Үйдүн тушунда карышкырча ыркырап, анан күркүрөп үйгө кирип, бир жылкычыны думуктура басып, ар кай жерлерин аткып, башын думбалап, от жанындагы
сөөк менен бир капталын саал тытып таштайт. Ал шордуу чын эле карышкыр басты деп коркконунан кыймылдабай жата берет. Карышкырча ыркырап кайра чыгып кетет.
Эртеси «кокуй ырымдап койбосоң болбойт» — деп, түлөө кылдырып, бир тай сойдурат.
Чоногор деген байдын Арсар деген уулунун бир мыкты кочкору бар экен. Кочкорун сат десе эч кимге сатпайт. Кадыр салып сурагандарга бербейт.
Бир күнү Куйручук менен Арсар сүйлөшүп олтурушат. Аңгыча эле асмандагы айды көрүп, Арсар оозун ачып таң калат:
Капырай, чак түштө да ай көрүнөбү? — дейт.
Ой кана, калп айтпачы? Мага эмне үчүн көрүнбөйт? — деп Куйручук билмексен болот.
Кудай урсун! Тигине, чын айтам дейт Арсар. Карганып да жиберет.
Эмесе мага көрүнбөйт, сага көрүндү. Күндүз кантип ай чыксын? Кудай ишиңди илгерилетет тура — деп Куйручук баягы кочкорун сойдуруп түлөө кылдырат.

#76 09 June 2018 - 01:54
КУЙРУЧУК МЕНЕН ТҮКБАШ*
«Өнөрлүү өргө чабат, кор кылбай жанды багат» дегендей Куйручук 1916-жылы Кытайга үрккөн мекендештеринин акыл насаатчысы, бел байлатчу шайыры, караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан адамы катары азып-тозгондордун ардагына айланат.
Кашкардагы жергиликтүү манап, ары чечен, ары билерманмын деген Түкбаш Куйручукту жатыркатып, таасирин элге кеңири таркатпай, басмырлап, кордоо максатында эл жыйылган топто ага катылат:
Кулагы жок чунак Куйручук, Куйругу жок чолок Куйручук. Өйдө чыкса өбөксүз Куйручук, Ылдый түшсө жөлөксүз Куйручук, Арка кылар элиң кайда?
Азык берер жериң кайда?
Ансыз да мусапыр болуп, далай кордукту, кыйынчылыкты көргөн эл бул ачуу жекирүүгө далдырай түшөт. Жарданган боюнча ыза жутуп, дымып калат. Кайраттуу, кыраакы Куйручук көтөрүлүп, чеченсинген төбөлдүн тике маңдайына сыңар тизелей отура калып, кайра Түкбаштын өзүнө сөз жамгырын жаадырат:
Кулагым чунак болсо шумкар чыгармын, Куйругум чолок болсо тулпар чыгармын! Кулагы узунду эшек дейбиз,
Куйругу узунду ит дейбиз.
Өбөксүз өйдө чыксам жүрөгүм таза, Жөлөксүз ылдый түшсөм жүлүнүм таза. Өбөк коюп өйдө болгонду оору дейбиз, Жөлөк кылып таяк алганды ууру дейбиз. Арыпачып алыстан келдим,
Арка болчу эл ушул. Тентиптербип тегимден келдим, Эне болчу жер ушул. Көпсүнгөнгө көр бар,
Көп ичинен бөлүнөт. Өйдөсүнгөнгө өр бар, Өбөктөйт да жүгүнөт.
Жалгыз десең күнгө тилиң тийгени,
Жарык берген дүйнөгө.
Жарды десең айга тилиң тийгени, Шоола чачкан дүйнөгө.
Ш. Бейшеналиев. «Кыргыз маданияты» гезитинен.
Ою бийик, мааниси терең бул катырган жоопко эл ыраазы болуп, күүлдөй түшөт. Түкбаш өзү да жыгылганын туюп, баш ийкеген экен.

#77 09 June 2018 - 01:56
КАРАҢГЫДАГЫ ШАМ, ЖЕ КУЙРУЧУКТУН КУДАЙДАН КАЗАН СУРАГАНЫ*
Өмүр кишиге бир күнү боз жоргосун мингизет — сүлкүлдөтүп, анда киши бу кең ааламдын ээси өңдөнөт бир өзү. Тентектенет, бирөөгө камчы чабат. Текеберсинет, бирөөгө тыңсынат. Өмүр бир күнү кишиге эшегин мингизет — элеңдетип, анда киши өз жонуна жүк артат эшек жүгүн көтөрүп. Жалынан тери сызылат, бели майышат, ийини жооруйт. Жап-жалпак коргошун болуп, мейнет жонунан түшпөйт. Бир күнү кишини таптакыр мусапыр этет — узун жолдо ач, арык тербитет. Көз тунарат, тили кургайт, ырп этерге алы калбайт. Эми жан таслим болчудай үлдүрөйт. Ошондо да киши алды жактан көз албайт.— Өмүрүнүн өчпөсүнө тилек этип, үмүт улайт. Кудай билет? Өмүрүндө боз жорго минген кезинен ушул ач, арык, үлдүрөк кезинде киши үмүттүү.
Бул оор жылдары узак жолдо илкиген ач кишилерге дем берген Куйручуктун кеби:
—О айланайын эл-журт! Түндө көзгө сайса көрүнгүс караңгыда алды жактан бир шам көргөн элем. Ал шам — жөн шам эмес.
Ушу илинген ач кишилердин жолун жарык эткен үмүтү маа шам болуп көрүндү!
Кечээ эркиме бой бербей казанымды бир чөйчөк ун, бир тулуп улпакка саткан элем. Бир чачымдан болсо да баарыңарга ырыскы болду. Тың басып калдыңар. Бүгүн мен Кудайымдан казан сурайын. Менин ырыскым элден эле. Кудайым да мени куру койбос. Ооба куру койбойт, ак тилектүү пендесин! Куру койбойт!
Илкиген алсыз кишилерге Куйручуктун кеби кадимкидей дем берди.
О Куке, айтканыңыз келсин...
Келет! — деди Куйручук алды жактагы белбелеске карап. — келет! Өлүмдөн кийин
өмүр келет. Аччылыктан кийин токчулук келет. Кууралдын арты жыргал болот!
Оозуңа май...
Кудай тегин жаратпаган киши элең...
Айтканыма ишенгиле! Тее, кырбелести ары эңкее берип, мен Кудайымдан казан сураймын. Чоң казан — он эки карыш тай казан! Баягы салтанаттуу тойлордо чоң очокко асылып, арча отун жагылып, бир тайдын эти бүт бүлк-бүлк кайнаган төрт кулактуу бай казан!
Ишенгиле, ишенгиле. Кудайым ошол казанын берет. Анан үйгө үт кирет. Ошо үт менен бирге кут кирет. Бир эле үйгө кирген үт эмес, бүт үйгө кирген үт! Бир маа келген кут эмес, жамы калайык калкка келген кут!
Башыңарды көтөргүлө, аягыңарды тың шилтегиле. Алдыңкы белбелеске эми эле жетип барабыз!
Ач кишилер алды жактагы белбелестен көз айрыбай илкип келатышты. Улуу тоо койну сырдуу, табышмактуу, көзөл, катаал, татаал. Ашуу, бели, жон, кыры колоту, тайпаңы, төрү тиги эле ак кар, көк муз муздагына чейин түркүн өсүмдүккө бай. Көз жоосун алган байчечекейлери үлп эткен желге ыргалат. Атыр жыты аңкыйт. Анан ошол байчечекейлүү төрдөн булак ырдап чубурат. Анан шагылы төгүлгөн корум, жел ойногон апай бет, баш айланткан чың, сүрдүү коркунучтуу. Анан береги бел-белеси азыр эле жетип баруучудай ээк астында туруп, сең жакындаган сайын, ал арылай берет, арылай берет. Улуу тоонун сыры бүт боюнча ушул белесте катылгандай: көзгө чукулдугун айтпа. Анан сен чукулдасаң кол жетчүдөй болуп туруп, дал үмүттүн өзүндөй улам алыстаганын көр...
Азыр эле жете барып тиги белести ары ашалычы — дейт Куйручук илкиген ач кишилерге угуза.— Кудайым маа тайказанын берет. Казан куру кайнабайт эмеспи. Баарыңарга жеткидей ырыс-кешигиңер ошо казанда! Тиги алдыңкы бел-белеске чыгалычы. Баарыбызга күч бүтөт. Алдыбызга ат мингендей болобуз...
* Т. Сыдыкбеков. «Күлкү жана өмүр» китебинен.
Бө-ө-өгг... мына бу туу бел. Оо, кагылайыи Ата конуш. Эми береги таштын тармал бадалынын арасынан Кудайым маа он эки карыш казанын берет.
Илең-салаң басып, ач кишилер белге чыкканы жонундагы куу оокаттын жүгүн акырын жерге коюшту. Бири ошо өз жүгүнө сүйөнө олтурду. Бири селейген бойдон алды жакка карады үнсүз. Бири жер-сууга сыйынды, өзүнчө эле кобурап. Бири олтурууга да, кобуроого да алы келбей үлдүрөп турду көлөкөдөй. Деле эркекке караганда мындай алааматтарда ургаачы кайраттуу, тың, чыдамдуу болот деген кеп ушул белестен дагы аныкталды. Энелер балдарына, жубайлар эрлерине үйрүлдү. Сүйөпталды.
Жаныңды сеп алдырчы...
Балакетиңди алайын сербейген. Тээтиги алды жакта түнөргөн биздин Ата-Конуш. Ошо Ата-Конуш менен төш тирешип күрөшчүдөй Куйручук жалпыга угуза айтты,тиги тармалданган бадалга карай басты:
Оо Кудайым! Менин ырыскымды ушул журтумдан айткан элең. Ушу журтум менен мен Белеске келдим. Эми өзүңдөн он эки карыш казаң сураймын. Менден эми ошо тайказаныңды аяба. Сураганым он эки карыш. Бир эли, жарым эли кем болсо да албаймын. Ошо бай казанымды бер колума!
Куйручук ушул кебин ач кишилерге угуза айтып, басып баратат.
Кишилер анын айтканына бүтүндөй арбалып, чынымда эле бир тайдын эти бүлк-бүлк кайнаган берекелүү казанды көз алдына келтиришти.
Таягына өбөктөй сүйөнгөн карыя кадимкидей мыңк-мыңк күлдү:
Оо касиеттүү куудулум ай, көрчү бизди кеби менен тойгузуп баратканын. Бу жөн киши эмес. Кудайым Куйручуктун сураганын берет!
Ошол замат Куйручук кылчая калды:
О эркектер, баскыла бери. Тигине он эки карыш тай казан, бай казан! Кудайым бизге казанын берди.
Эми ошол казан толо кайнаган ырыскыны дагы аябайт. Киши ырыскысыз, Ата-Конуш элсиз калычу беле. Баскыла, тездегиле, тездегиле!
Жаанга, күнгө, желге кубарып калган өрөө кийиздин астынан кишилер тай казанды ачыкка алып чыгышты.
Ач кишилер тоюна түштү... Үлдүрөп баскандар тыңый түштү... Балдардын ыйы басылды... Карыялар сакал сылашты кадимкидей. .. Энелер балдарын маңдайдан сылады... Кыз-келиндердин беттерине кан жүгүрдү... Уландар бойго жеткендей жаадырай басты...
Жол бою, жол бою кызык-кызык баянды кеп салып жаагы ачылган Куйручуктун айткандары кишилердин көңүлүн ачып, күлбөстөр күлүштү кадимкидей. Акылман куудулдун жагымдуу кеби, угумдуу кеби, куйкум кеби кишилерге дем берди, үмүт улады,
күлкүгө кандырды, өмүрдү узартты.
Анан Куйручук Ата-Конушундагы өз дөбөсүнөн кез үзбөй ой тербеп олтурду. Ыракаттанды жер-суу көркүнө канып, эл деминен күч алып. Кеп чакмагын чакты. Андан күлкү тутанды.

#78 09 June 2018 - 01:57
ТУРПАНДАН КЕЛАТКАНДА
Кыргыздын үркүнүндө Куйручук Кытайдан кайтып келе жатканда жетимиш үч кишини тамактан өксүтпөй багып келген.
Ат-Башы жакта го сыягы, көп бүлөгө жол азык табылбай, айлалары куруп келе жатышса, чоң жолдун боюндагы көрүстөндө көр казып жаткандарды көрүп калышат. Куйручук азган-тозгондорду бир коктуга жашырынтып коюп алиги көр казгандарга келет да:
Иш илгери болсун! — дейт.
Кандай акмак кишисиң, биз эмне, кырман басып жатыптырбызбы — деп кетмен ала чуркап, кубалап жиберишет.
Куйручук коктуга кирип тигилерди байкап турат. Казып бүтүп калгандарын баамдайт. Көр казгандар тарап кетээри менен көрүстөнгө барып, жашынып калат. Бир оокумда
өкүрүк чыгып, жер дүңгүрөтүп эл өлүктү алып келатканын көрөт да, көрдүн ичине кирип жатып алат. Көрүстөнгө калың эл жыйналат. Бир киши казанактын ичин көрүп чыгайын дегенде Куйручук аны дароо буттан бекем тартып, саамга коё бербей турат. Ал өң-алеттен кетип, бакырат. Аттуусу атын минип, жөөлөрү учкаша чаап качып жөнөйт.
Казган мүрзөнүн сыртында кереге жыгачка таңылган өлүк жатат.
Көрдүн ичинен бир балээ чыккан экен дешип, түрдүү ойлорго кетишет.
Бир маалда жүрөк токтотуп, он чакты баатыр сымактары менен молдолору көрдүн жанына келишет.
Кимсиң? Адамсыңбы, перисиңби? Кай макулуктан экениңди билдир? Добуш сал! — дешип өлүктүн жанында чай кайнам убакытка чейин турушат. Эч жооп болбогон соң беш- алтоосу казанакка эңкейип карашса ичинде бир киши жатат.
Куйручук көзүн бардап, «келгиле, келгиле!» — деп коёт. Тигилер биротоло качмакчы болгондо баягы көр казган кишилер:
Бир качкын келип, салам айтып, иш илгери болсун дегенде кубалап жибергенбиз, бир болсо ошол киши чыгар. Өзү бир келесоо же ашкан жиндидир. Кудай сактасын тим эле сүйрөп чыккыла! Желмогуз чак түштө эле көргө жатып алмак беле дешет.
Бир топ киши жакаларын кармап, тобоо келтирип, казанактын кырына келишет.
Элдин үрөйүн учурбай бери чык. Деги сен кимсиң?
Ой журт! Силер мени эмне тегеректейсиңер? Турпандан жетимиштен ашуун киши ачып-арып жерибизге келатабыз. Аларды элиме аман-эсен алып кеталбай, эл караанына зар болуп, көчтүн астын утурлап, сенделип жүрсөм, мени токмоктоп кубалап салдыңар
дейт.
Качан! Ой киши, калп айтпа! Өзүң качып кетпедиңби. Иш илгери болсун дебедиңби! —деп көр казгандар кыйкырышат.
Ырас, мен ачкандан өлөт экенбиз, кокус өлүп калсак, менин да өлүгүм көмүлбөй талаада калат. Иткуш жеп кетет. Андан көрө белен, казылуу көргө жатып өлөйүн деп келсем, кубаладыңар. Албетте, иш илгери болсун дебегенде, ар кимдин кылган ишин кийин кетсин демек беле? Эми болоору болду, тирүүлүккө тойдум. Кытайдан бери балапанча жем берип, багып келаткан жетимиш үч кишим бар. Ошолор биерге жетип, ачкадан өлмөй болушту. Өлгөндөрүн көзүм көрбөсүн. Өзүм өлсөм мейли. Белен көр турганда кайда барып өлмөк элем.
Алып кеткиле тиги өлүгүңөрдү! — дегенде эл күлүп жиберет.
— Кудай жалгап, адам турбайбы? Жан алгычпы дегенибизчи! — дешип эл акылэсин жыят.
Өлгөн киши жарды беле же бай беле? — дейт Куйручук.
: — Чоң бай эле, эми чыгыңыз, өлүктү көмөлү! — деп эл жооп берет. Анда Куйручук:
Бай киши болсо малынан эсеп бере албайт. Мен чыкпаймын. Эсепти жакшы билем, экөөлөп эсептеп сурагына жооп берели. Өлүктү үстүмө көмгүлө. Жетимиш үч киши араң жан жатса, кайсы ырысыма тирүү жүрөт элем. Алардын жаманчылыгын көрбөй өлөйүн — деп көрдөн чыкпай коёт.
Эми эмне кыласың? Эптеп ун-талкан чогултуп берели?
Жок болбойт. Берсеңер бир семиз уй, үч кой союп, жан башына бир пуддан эгин бергиле. Үч күнү баарыбызды конок кылып баккыла. Эл сергип, унаа эшектер тыныгып алса эптеп жерибизге жетип алабыз. Эгер буга көнбөсөңөр, анда чыкпаймын, кошо көмүлөм. Мени издеп Орусиядан көп солдат келет да силерден кунумду алат. Менин элге- журтка эркелигим белгилүү — Куйручук баатыр, Кудайберди акын деген мен болом! — дейт.
Куйручук дегенди укканда элдин баары уу-дуу түшүп, таанып, анын айткандарына макул болушат.

#79 09 June 2018 - 01:58
КЫЗЫЛ ӨГҮЗ, КӨК СОКО
Кеминдин Коёндуу деген жеринде топ жыйын өткөрүлөт деп кеп-сөз жүрүп калат. Ал убакта кулак— куйруктар жаңыдан жоюлуп, жаңы заман шарапаты башталган эле. Чогулушка жер-жерден батрактар, аларды башкарган өкүмөт өкүлдөрү чакырылат. «Бай- манаптардын деле тобуна катышып, көрүп жүрдүм. Эми батрактарымдын тобун да көрөйүн» деген ойдо Куйручук да барат. «Чогулуш», «жыйналыш» деген сөздөрдү түшүнбөй кедей-кембагалдар жыйынга чогулбай коюшат. Өкүмөтчүлөрдүн айласы кетет. Ошондо Куйручук «мен чогултамын» деп, алдына жакшы ат минип, айыл аралап ырдап чыгат. А кезде: «Айылга ырчы келиптир» десе, уккан эл ичкен ашын жерге коюп, убап- чубап жөнөшчү тура... Кеминди жакалай кыдырып, Куйручук ырдайт:
Баракелде батрак! Байдан миндиң аргымак. Токунганың жалбырак, Жүрүп кеттиң калдырап.
Кудай берди батрак, Кудайкул атаң чакырат. Кызыл өгүз, көк соко, Беремин деп ашыгат.
Кызыл өгүз, көк соко, Жаралыптыр темирден. Жер чийген сайын жулунат, Чарчаганды билбеген. Чөп менен жем жебестен, Тартат жалаң май менен.
Сөзгө кулак салгыла, Топ жыйынга баргыла. Кызыл өгүз, көк соко, Берет экен алгыла! Эл ичи күбүр-шыбыр. — Мурда жерге «отмай» дегенди төлөчү элек. Эми кызыл өгүз,
көк сокосуна жалаң май чогултуп берип турат турбайбызбы. ..— Дале, бизге түшкөн түйшүк... — Кутулбайт экенбиз да салыктан дегендер көп.
Муну сезген Куйручук алардын санаасын тындырып: — Кызыл өгүз силер жеген майды жебейт. Сызгырып да ичпейт. Өзү сасык май таап ичет. Он эки мүчөсү, ичегикарды бүт темир болсо, силер жеген куйрукту сурап жемек беле? — дептир.

#80 09 June 2018 - 01:59
КАЛЫК ЫРЧЫГА БЭЭ БЕРДИРГЕНИ
Кабакта Канболот деген мартабалуу адам энесине аш берип, кадимки Калык ырчыга
«ырдап берсин» деп киши жиберет. Чакырылган эл толук келип аш башталат. «Калык мына келет, ана келет» менен ашты дагы эки күнгө созуп, келген элге эки күн ашык конок берип калат. Аш аяктаар маал жакындап, жигиттер улак тартып жаткан кезде Калык жыйырмадай киши менен келе жатканын көрүп, Канболот Калыкка таарынып, «бүгүнкү күн менен үч күнү күттүк, эми аш тарап калды, сыпайгерчиликке кете берсин» деп алдын тороп киши чаптырат.
Калык келе жаткан кишилери менен кошо кайра тартып жөнөп калганда, муну уккан Куйручук чаап жетип Калыкты алдына салып, атын соорулап: — Сен Канболотко келбей элге келдиң. Чакырган убакта келбей үч күн кечиккениңе Канболот таарынып калды. А эл болсо сени дале эңсеп жатат. Канболот агаңдын таарынганын, элдин эңсегенин жазгын! — деп ашка ырдатып келет.
Калык аш бышымдай ырдап, элди ыраазы кылат. Таарынган Канболот кошумчага келген малдан эки эчки, бир кой берип: — Эми ушуга ыраазы бол ырчым,— дейт. Калык куюлуштуруп ырдап кирет:
Таарынычы жазылбай, Кектеп берди Канболот. Эки чанач, бир тери, Эптеп берди Канболот. Ушуну менен элиңе, Кет деп берди Канболот! Азыр өлгөн турушат, Булар анан кантип мал болот?
Калык болду! Токтот!—дейт Куйручук. Ал андан ары улап ырдабай токтоп калат. Куйручук Канболотко кайрылат:
Канболот, Калык иниңдин тейи бузулду. Өзү айткан терини ийлеп, береги элдин алдына салып, мынабу эки чаначтан кымыз куйгуча оозун баспасаң, оо, кымбатка туруп каласың го...
Аш ээси дароо сөз жүйөөсүн түшүнүп, Калыкка мурда берем деп даярдап койгон бээни бериптир.

Супер-Инфо
super.kg
видео