Суперстан: Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев, Жээнбеков тууралуу - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев, Жээнбеков тууралуу Же бул президенттер арасында жакшысы болгонбу?!!

#1 Пользователь офлайн   fantomas   08 Июнь 2018 - 00:10

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 214
  • Катталган: 31 Май 16
  • Соңку аракети: 03 Авг 2018 11:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бавария Мюнхен.

Бул тема ачуумдун себеби, арабыздагы копчулук откон кундорго ностальгия болуп, турмуштагы фактыларды бурмалап баштайт окшойт..... Кечоо эле (2008-2010-жж) Бакиевге нааразы болуп жургон копчулуктун катарын толуктаган айрым форумчулар, бугун Бакиев жакшы президент болуучу, Акаев жакшы президент болуучу деп жан тартып отурушат, Бакиевдин Москвада уюштурган ооз ачарынан кийин... Эгер алар жакшы президент болгон болсо, анда эл аларды эмнеге Кыргызстандан кууп чыкты ыя?!!

Келгиле, жакшы болчу, жаман болчу деп куру соз менен ооз аарчыбай, факты менен суйлошолу! !! Жогорудагы президенттердин кай бири олко учун кандай пвйдалуу иш кылды, кандай жаман иш кылды, бул президенттердин элге пайдасы коп тийдиби же пайдасынан зыяны коп тийдиби?!!

Дагы бир суроо, элден уурдаган акчалардын бир болугуно ооз ачар уюштурса, ал киши бул аракети менен оз куноосун жууган болобу?!! Уурдалган акчага откорулуп жаткан ооз ачарга билип туруп баргандар куноолубу же куноосузбу? !! Суроонун бул болугу дин илиминен кабардар болгон форумдун таксырларына багышталган суроо...

Мен ар бир президентке оз озунчо тема ачуунун ордуна, талкууну бир тема ичине бириктиргим келип бир эле тема ачтым.

Менин кийинки суроолорум:

Акаев кандай президент болду, жакшы президент беле же жаман президент беле?

Бакиев кандай президент болду, жакшы президент беле же жаман президент болчубу?!!

Ушул эле суроолор Отунбаевага, Атамбаевге жана Жээнбековго тиешелуу...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   fantomas   08 Июнь 2018 - 00:15

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 214
  • Катталган: 31 Май 16
  • Соңку аракети: 03 Авг 2018 11:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бавария Мюнхен.

Жээнбеков да президент болгонуна жарым жылдан отту, ага баа берсе боло турган болуп калды. Ошондой болсо да азырынча бир тараптуу баа беруу бираз кыйын. Куздун ортосуна чейин куто туралы, Жээнбековдун создору менен иши айкалышат бекен же куру созбу?!!

Убакыт келип Жээнбеков тууралуу пикирлер менен бул тема толукталат деп умут кылам. Теманын негизги талкуусунда 4 экс президент... Кана, Бакиевден баштайлы, ал киши ким бироолор учун Курманбек Салиевич Бакиев... Бакиев жакшы президент болчу деп зар какшанасынар, кана, санагылачы, Бакиев кандай иш жасап эл керегине жарады?!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   fantomas   08 Июнь 2018 - 00:26

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 214
  • Катталган: 31 Май 16
  • Соңку аракети: 03 Авг 2018 11:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бавария Мюнхен.

Мен эн башынан эле оз позициямды айтып отойун, анткени Бакиевдин ооз ачар уюштурганы боюнча темадагы талкууда, олкодон жуздогон миллион доллар уурдаган адам, эл ишеним артып олконун тагдырын, эки тизгин бир чылбыр кылып 5 жыл колуна берген адамы, Бакиев, элдин кызыкчылыгын эмес оз кызыкчылыгы учун иштеп, элдин бешене тери, коз жашынан тамчы болуп куралган акчаларды, элдин ырыскысын уурдап, анан акыркы 2-3 жылдан бери Москвада 300-500 адамга ооз ачар уюштуруусун мен соопчулук деп эсептебейм. Бакиев эркек болсо, ошол уурдаган акчаларын Кыргызстанга кайтарып берсин, ошол акчага тышкы карыздарды толойлу, 500 миллионбу же бир миллиард долларынбы, айтор, уурдаган акчасы канча болсо, ошончону, эгер уурдагандарын толук кайтарып берсе...

Ошол темада мени Атамбаевге жан тарткан бири катары пикир жазган форумчуларды коруп оозум ачылды. Анткени мен ушул кунго келип Атамбаев тууралуу бир жакшы соз суйлободум эле...

Мен Эгемен Кыргызстандын 30 жылдык тарыхында бир да жакшы президент корбодум создун ачыгы. Ошол себептуу мени ал же бул президенттин адамы, колдоочусу, жердеши, палан-тукун деген абсурд создорду унуткула...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Nurmuxammet   08 Июнь 2018 - 00:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 206
  • Катталган: 11 Март 14
  • Соңку аракети: 24 Май 2025 23:43
  • Жынысы:Эркек

Тунгуч президентибиз Аскар Акаев, бул киши кучун, убактысын, жондомун саясатка эмес оз кесибине жумшаганда Кыргызстан учун алда канча пайдалуу болмок. Чечкинсиздигинин зыяны коп болду окшойт.

Биринчи революциянын герою Курманбек Бакиев торт экс президенттердин эн татыктуусу деп ойлойм, себеби бул кишинин учурунда армиянын оскону кадимкидей байкалган, кайда эмне деп суйлоону билген адам. Чечкиндуулугу Уулуна келгенде иштебей калды ондонот. Ал эми 7 апрельдеги ок атууну бул кишиге жуктоо кыйын, анан жаза кетем.

Роза Отунбаева биринчи аял президент, эн кыска моонотто иштеди, бирок, коп залал келтирди окшойт баарынан. 7-апрель, 10-июньдагы Ош окуясын ошол кезжеги убактылуу окмот менен Роза, Алмаздан кором. Референдум откоруу учун уч областты курмандыкка чалган.

Алмазбек Атамбаев ойлонбой суйлоо боюнча мастер спорт международного уровня. Бул киши саясатты коюп, бизнеси менен артисчилигин кылып жургондо озуно жакшы болот эле, озу дале кетер кунун эсептеп зорголе журду окшойт.

Жээнбеков Сооронбай бул киши бийликти колуна ээми топтоду окшойт же топтоп жатат, бир нерсе айтууга эрте.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Nuri1988Elim2010   08 Июнь 2018 - 15:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 183
  • Катталган: 15 Август 17
  • Соңку аракети: 01 Сен 2021 12:09
  • Жынысы:Белгисиз

Эч кимиси карапайым элди ойлобогон.Кыргызстандын келечегина кургандын ордуна чекесинен сатып,жок кылышат булар.Баарысы оз кызыкчылыгын ойлошуп жатышат.Эгер бироосу элди жерди ойлосо,сатмак эмес.Орток бел суу сатагычы,Аксыдагы Унгар,деги башка олкого сатылып отуп кеткен жерлерди сатып очойтуп чонтогун толтурушуп жатышат.Сат сат баарын сат дегендей,буларда ушул тушунук.Мына азыр Кытайлар кобойду биздин жерибизди,кээ бир кыздарыбыз акчасынабы? Эмнесине кызыгып тийип жатышат,алар кытайларды кобойтуп жатышат.Мындай караганда Кыргыздардын жерлерида,элида жок кылып бутушмой болду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Bazana   19 Июль 2018 - 13:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 605
  • Катталган: 20 Март 16
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:39
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Татарстан

Жээнбеков жалчытпайт корунот, бул деле президент болгонуна ишенип ишенбей куч топтоонун аракетинде ар кайсы жалааны жаап тосколдуктан арылууда азыргы момент а так эл учун эч нерсе чечкен жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Kyrgyz_bloger   02 Январь 2019 - 03:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 021
  • Катталган: 12 Март 17
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:36
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чындык жашаган жер.

Бизде бийликтегилерди жамандамай адат болуп калды же алар дагы жаман создорду уга берип онолбоду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 11:32

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: