КЫРГЫЗ УРУУЛАРЫ (ЖЕТИ АТА)... САНЖЫРА
#703 19 Декабрь 2017 - 21:22
#704 24 Январь 2018 - 10:24
Салам алейкум. Мага казак каман уруусу бойунча маалымат бере аласынарбы?
Алдын ала рахмат.
#705 02 Февраль 2018 - 22:30
Урматтуу автор, мен карабаргынын эшейинен болом. Бирок сиз жазган маалыматта эшей жорудан таркаганы жазылыптыр м: Кудайбердиден Мангыдай андан Эсамат андан Эшей ж.б. Маалымат берип койсонуз сураныч.
#708 12 Февраль 2018 - 02:32
#712 15 Апрель 2018 - 04:16
#713 20 Апрель 2018 - 11:29
Арсланбаптын кайсыл айылы экенин билбейм,ошол жерде ой чектилер жашайт деп уккам. Аранарда барбы ошол жерде жашаган ойдо чектилер?
#714 26 Апрель 2018 - 21:42
adilbars (01 Март 2018 - 17:43) жазган:
Мундуздар тууралуу маалымат керек эле
Мендагы Мундуз уруусунанмын
Мундуз - сол канаттагы теги байыркы ири уруулардын бири. Сөздүн соңундагы -з мүчөсү (-з/-с) байыркы түрк тилинде -лар мүчөсү сыяктуу көптүк маанини туюнтат. Мисалы, кыргыз, басыз, төөлөс жана башкалар. Этнонимдин параллелдери бүгүнкү алтайлыктар менен түркмөндөрдүн курамдарында бар экендиги аныкталган. Тарыхый фольклордун маалыматтарында алтайлыктардын курамындагы «мундуз» сөөгү (уругу - О.К.) кыпчактар менен генетикалык жалпылыкта каралат. Телеуттардын санжыраларында тоңгон муздан бүтүп төрөлгөн эгиз балдарга Чулум мундуз, Коткор мундуз деген аттар берилери баяндалган. Кыргыздын мундуз уруусунун курамындагы «зулум мундуз», «коткор мундуз» аттуу уруктар алтайлыктар менен түз этногенетикалык байланыштарды аныктаары бышык. «Мундуз» сөзүн Махмуд Кашгари төмөндөгүдөй маанилерде чечмелейт: 1. Бат аккан (шар аккан) суу; 2. Жорго ат; 3. Жакшы эмес адам. В.В.Радлов бул сөздү «жөнөкөй», «жупуну» маанисинде карайт. Мундуз уруусунун өкүлдөрү Сузак, Базаркоргон, Өзбекстандын Айым, Избаскент, Коргонтөбө, бир аздап Кемин, Жетиөгүз, Кочкор, Жумгал, Нарын жана башка аймактарды мекендеп келишет. Негизги уруктары: өтөмүш, жараке, кансоюл, майда мундуз, сокучу, көкчелек, кызыл баш, ак баш, дарга, тогунай, азык, сапалак, баймундуз, ак үйлүү жана башкалар.
Alhamdulillah
#716 01 Май 2018 - 01:53
Тарыхчы А. Мокеевдин изилдөөлөрү боюнча, XV – XVIII кк. ичинде Теңир-Тоого (Тяньшанга) алтайлык кыргыздардын көчүп келишинин жана алардын айланасында теңиртоолук эски уруулардын консолидациялашуусунун натыйжасында кыргыз элинин калыптануу жараяны башталган, жана бул доор кыргыз элинин өз алдынча саясий, социалдык жана этникалык өнүгүүсүнүн маанилүү этабы болгон[1].
Тарыхчы Т. Асановдун белгилегени боюнча, Теңир-Тоодогу кыргыз эли эң башында «Отуз уул» жана «Он уул» болуп бөлүнүшкөн жана бул XV кылымга туура келген. Кийинки кылымдын биринчи жарымында саясий, экономикалык, демографиялык, географиялык жана этникалык себептерден улам жана Моголстандын кыргыздар тарабынан ээлениши менен отуз уулдар «Оң канат» жана «Сол канат» болуп экиге ажыраган[2]. С.М. Абрамзондун пикири боюнча да, XVI кылымда эле, бир кыйла кийинки мезгилдегидей, кыргыздар оң канатка (оң) жана сол канатка (сол) бөлүнүшкөн[3].
Отуз уул эки бутакка ажыраган кезде, саясий күчтөрдүн жайгаштырылуусу көбүнчө оң канатка тартылгандыктан, ага кирген «Отуз огул» жана «Булгачы» бирикмелери, айрыкча отуз огулдардагы «Тагай» бөлүкчөсү саясий жактан жогорулай баштаган[4]. Кыргыз санжырасында да кыргыз элинин бабаларынан болгон Тагай бий жөнүндөгү уламыш кептер көп айтылып келет.
XVI к. ортолорунда кыргыздардын саясий түзүлүшү өзгөрүүгө дуушар болуп, кыргыз эли "оң" жана "сол" канаттарынын ордуна пайда болгон "тогуз уул" (адыгине) жана "кыргыз" (тагай) деген эки бөлүктүү дуалдык түзүлүштө жашай баштаган, бул абал XVIII к. жуңгарлардын кол салуусуна чейин уланган. "Тогуз уулдарга" ичкилик уруу бирикмеси, адыгине жана муңгуш уруулары кирсе, "кыргыз" деп аталган бөлүккө калган оң канат жана мурунку сол канат уруулары кирген[5].
XIX кылымда, же андан мурунураак мезгилде кыргыздардын уруу-уруктук структурасы татаал боло баштаган. Негизги кыргыз уруулары бул мезгилге карата жалпысынан үч топту түзүп калган: алгачкы экөө оң жана сол канатты түзүп, "отуз уул" деп аталса, үчүнчүсү ичкилик деп аталган[6]. Ошондон улам, кийинки санжырачылар ичкиликтерди оң жана сол канаттан тышкаркы үчүнчү бөлүк катары кабыл алышып, "акуул, куу уул жана ага кошо кызылуул" жөнүндөгү баяндарды чыгара башташкандыгы маалым

#718 22 Июнь 2018 - 10:32
#720 23 Июнь 2018 - 13:08