Суперстан: Бакыт издегендер. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (20 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Бакыт издегендер. Бакыт издегендер.

#341 Пользователь офлайн   Sushi_wok   23 Июнь 2018 - 22:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

***
Бугун жайыттан эрте кайткан карыя, короого кайрылбай эле бери басты. Себеби эшик алдында кара кийимчен, узун бойлуу жигит туруптур. Карыяны утурлай басып, учурашты:
-Ассалоому алейкум?
-Ваалейкум ассалоом! Кел балам, жол болсун?
-Келдим, куулу турасызбы, мал'жан эсенби?
-Кудайга шугур балам! Сени анча тааныбай турам, карычылык курусун?
-Мурда корушпосок, тааныбаганыныз турган кеп аксакал?
-Кайдан келдин уулум?
-Сизге кожоюн, дубай салам жолдоду. Мына!
Торт буктолгон конвертти сунду:
-Озу да жолум тушсо барам деди!
Карыя конвертти ачты.
Ичинде Жандарга, жол кирене деп берген,акчанын суммасы менен бирдей кок акчалар бар болчу!
-Бир кун кайрылаарынды билгем уулум!
Карыя козуно жаш алды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#342 Пользователь офлайн   zinagull1996   23 Июнь 2018 - 22:29

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 67
  • Катталган: 18 Февраль 18
  • Соңку аракети: 07 Авг 2019 17:57

Даагычы. Кутуп жатам
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#343 Пользователь офлайн   Sushi_wok   23 Июнь 2018 - 22:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

***
Бугун Алик менен жолугушмак. Маржан жумуштан чыгып эле белгиленген жерге шашып барды. Алик кутуп туруптур:
-Келиниз?
-Коп куттурбодумбу?
-Жок, озунузго караныз, журунуз ичкери кирели!
Экоо кирип, столдордун биринен жай алышты:
-Кандайсыз, жумуштарыныз жакшыбы?
-Ооба рахмат.
Экоо коп нерсе тууралуу суйлошушту. Коп талкуулар болду. Аликтин акылдуулугу, чындап эле адамдарда чанда кездешчу сапат болчу. Маржан эмнегедир сенге отту:
-Алик билесинби, сенин ордун айылда эмес?
-Эмне учун андай деп ойлойсун?
-Сен деген эл жер коруп, мындан ары дагы окуп, билиминди оркундотушун керек!
-Билем!
-Анда неге айылдын жашоосун тандагансын?
-Мен ата'энеме каралап, керек болсо окуумду да Бишкектен окуй албадым, жумуштан да шашып келем, ушуларды жалгыз калтырбайын деп.
-Сени катуу жакшы корушот го?
-Ооба!
-Кечиресин, мен ата'эне десе бир туйдок чач, козунон заары, тилинен уу шоргологон бир аялды, ботолкону кучактап, мага мээримсиз тиктеген эркек кишини элестетем!
-Мен кыздуу болсом, кызым мен жонундо мындай дешине жол койбойм!
-Кыз? Эмнеге кыз?
-Уулум бар го, кыздуу болгум келет, мен кичинекей кыздарды коруп кыздуу болгум келет! Ал тургай ат да тандап койгом. Айлин деген ысым жагат мага!
-Уулум бар де?
-Нуржигитти айтам!
Алик жылмайып койду:
-Сиз кечирин,билбей айтып алдым окшойт?
-Эч нерсе эмес,Алик! Ылайым тилегенине жет, бирок ал менин гана уулум!
-Мен сизди жакшы кором!
Маржан алайып, Аликке карады:
-Тушунбодум?
-Тушунуп эле турасыз, сиз мага жагасыз! Биринчи коргонумдо эле, мен издеген жан экенинизди байкагам!
-Хм!
-Эмне?
-Сен да мен сымал бакыт издеп журосунбу?
-Балким?
-Алик, сен адаштын, мен сен издеген адам эмесмин!
-Андай дебениз, мен баарын тушуном!
-Сен эч нерсени тушунбойсун?
-Тушундурунуз анда?
-Пайдасы жок!
-Мага турмушка чыгынызчы?
Маржан адатынча ууртунан жылмайды:
-Жок!
Алик Маржананын колунан акырын кармады:
-Ишенин, жон гана мага ишенин!
-Алик, сен учун суйуу эмне?
-Бирин'бири тушунуу!
-Ошол элеби?
-Ооба!
-Анда адаштын! Суйуу бир коргондо пайда болот,козунон козун чагылышканда, журогун башкача уруп алат, бирок ага маани бербейсин, себеби ал тамыр алып, журогундо осуп чыкканча убакыт керек болот!
-Эмне демекчисиз муну менен?
-Сен бактылуу болууга татыктуу инсансын, бир кун келип, менден да жакшысына жолугасын демекчимин!
-Сиз уулунуздан кыжалат болбон, баарын ойлоп койгонмун!
Маржана башын чайкады:
-Сен башкача тушунуп алдын. Алик мен сени алгач коргонумдо, менде эч кандай сезим ойгонбогон! Кечир!
Алик акырын колдорду кое берди:
-Сиз бироону кутуп журосузбу, же сезиминизди козгогон адам барбы?
-Буга жооп беришим шарт эмес!
-Макул озунузго каран, жок дегенде кундо кутман тан каалап турушума каршылык кылбаныз анда?
-Макул, сиз да озунузго караныз, менимче эми жолугуунун пайдасы жок?
-Маржана?
-Кошунуз!
Сыртка чыгып, абадан кере'кере жутту! Бирок аба жетпей бараткансып, буулугуп чыкты.
-Бакытты сен эмес мен деле таптым деп адашканмын, бирок издеп журом!
Сен да балким, бир кун табаарсын Алик?
Балким экообуз тен таап калаарбыз?




***

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 23 Июнь 2018 - 23:00

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#344 Пользователь офлайн   Rinatik94   23 Июнь 2018 - 23:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23 006
  • Катталган: 08 Февраль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2019 23:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:instagram шаары) @rinat_imankulov

Азамат! Соз жок!
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#345 Пользователь офлайн   Akkyz2017   24 Июнь 2018 - 00:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 724
  • Катталган: 02 Ноябрь 17
  • Соңку аракети: 13 Дек 2021 04:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:...

Jandar kaida kettin eken sen?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#346 Пользователь офлайн   Sezim.svetlana   24 Июнь 2018 - 00:22

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5
  • Катталган: 03 Июнь 18
  • Соңку аракети: 19 Окт 2019 17:13

Соонун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#347 Пользователь офлайн   Tansuluu09   24 Июнь 2018 - 00:49

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 263
  • Катталган: 07 Март 16
  • Соңку аракети: 19 Июл 2025 13:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кадамжай

:гезит:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#348 Пользователь офлайн   Ayimka   24 Июнь 2018 - 07:41

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 125
  • Катталган: 24 Август 14
  • Соңку аракети: 28 Авг 2023 15:03

Казакстандан Маржана мн иштешем дегендердин шефи Жандар болсо керек деп ойлоп калдым.Ийгилик автор,супер.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#349 Пользователь офлайн   karakoz2017   24 Июнь 2018 - 08:41

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 181
  • Катталган: 31 Май 17
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 18:34
  • Жынысы:Аялзаты

Жазды бекен деп кирсем жок го((
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#350 Пользователь офлайн   Neslihan   24 Июнь 2018 - 09:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 418
  • Катталган: 13 Февраль 17
  • Соңку аракети: 29 Ноя 2018 11:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Эже Жандар менен Маржананы бирге кылыныз сураныч
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#351 Пользователь офлайн   Neslihan   24 Июнь 2018 - 09:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 418
  • Катталган: 13 Февраль 17
  • Соңку аракети: 29 Ноя 2018 11:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Азаматсыз автор калеминиз курчуй берсин сиздин ар бир чыгарманызды калтырбай күтүп окуйм Маржана менен Жандарды бирге кылыңызчы суранычйк
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#352 Пользователь офлайн   Sushi_wok   24 Июнь 2018 - 13:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

-Добгое утло!
Муздак колу менен Маржананын мойнун кытыгылап кирди:
-Добгое, добгое кучугум, эй хулиган колун эмне мынча муздак?
Маржан уйкудан козун ачалбай жатып, кундо уулунун ушу созу менен ойгонот:
-Турбайсынбы?
-Турам да азыр!
-Чон энем чай ичсин деп жатат сени мама?
-Чон энен экоон короз кыйкыра электе турасынар, уктайсынарбы озу, келчи бери!
Нуржигитти кучактап, муздак колдорун койнуна салып, жылытат:
-Эмне муздак сууга колуну салдынбы?
-Алма жедим, муздак сууга жууп!
-Кучугум!
-Мама сен апсайган аюуга окшоп калыпсын, сени аюум десем капа болбочу а?
-Эмнеге аюуга окшоп калам?
-Чачтарын саксаят, карачы?
Нуржигит кыткылыктап кулот, апасы ансайын кыткылап, ооп'ооп алат:
-Аюуга окшоп калыпмын да э? Мына сага!
Экоо эркелешип бир аз ошентип жатышат. Бул конумуш адаттарына айланган.
Нуржигит быйыл 7 жашта! Экинчи класста окуп калды. Тили кеч чыкты. Бала бакчага барганда жаттаган, биринчи созу "добгое утло!" Р тамгасына тили келбей, апасын коп кыжаалат кылчу:
-Атасын тартыптыр, Самат да ушинтип балдырап, мени ойго салчу. Эч нерсе эмес, тили кеч чыгат экен, кыжалат боло бербе!дечу Эне!
Азыр чоноюп калса да апасын ошентип ойготот!
Уйдогу эки аялга медер'тутка болуп, ушул уйдун шам чырагын очурбой, эшиктен кирээри менен атасына окшоп жарк эте кулуп, кыйкырып суйлоп келет:
-Уйдо ким бааар?
Эне алдынан чыгат:
-Менден башка ким бар эле балам, мен бар, келегой, кардын ачкандыр?
Унунон тегеренейин сенин!
Кундо анын иши, эртен менен чай ичип мектепке кетет, келгенден кийин чон энесине жардамдашат. Экоо бирбирине эрмек болуп, кечкиге ысык тамак даярдап, Маржанды кутушот!
Маржан коп ийгиликтерди багындырды. Коншу Казакстандан тарта, коп олколорду коруп, жумушун, кундон'кунго кенейтип, коп адамдар менен иштешти. Бир гана, сакуранын гулдогонун коро албай журот.
Анын чакан гана ишканасы тиккен кийимдер, дукондорго сатууга коюлду. Буюртма коп болот, ар дайым иш устундо.
Оо баягыдай коздорунун жашы кургабай, жашоодон конулу калган, санаадан кичирейип кеткен келин жок. Ар дайым аракет устундо! Мурдагыдай ыйлабай да калган, кунунун коп болугу адамдардын курчоосунда отот.
Мунун баарына Энеси себеп! Ал болбосо, ушунча колдобосо, азыр кандай абалда болоорун, бир кудай билет эле!
Бул учун ал Энеге эки дуйнодо ыраазы!
Гулум балалуу болгон, жумуштан убактылуу чыгып, учурда айылда жашап жатат. Маржан менен жолуккан сайын Аликти айтат:
-Ал сени чындап эле жакшы корот болчу?
-Мен деле аны жакшы кором,ал жакшы адам!
-Балким макул болгонунда болоор беле?
-Жок курбум, мен экинчи ирет жоготкондон корком!
-Эмнеге жоготмок элен?
-Билбейм, эмнегедир ошондой сезим болду менде. Саматты жоготоорумду билген эмесмин, эми муну билип туруп, колун кармагым келбеди!
-Жинди! Баса, бая куну Гераны кордум?
Маржана каштарын бириктирип, курбусун тушунбогондой карады:
-Ал ким эле?
-Жандардын суйлошкон кызычы мурдагы?
-Кайсы?
-Сен уйуно барганда, устунон чыккан?
Жандарды деген атты угуп, журогу бир башкача согуп алды. Бул эмне сезим экенин, озу да жакшы тушуно бербеди, бирок бир башкача боло тушту:
-Ии эмне болуптур ага?
-Ото чон той менен турмушка чыккан, бардар уйбулого. Куйоосу жаман чыккан окшойт, аябай урчу экен, бир баласы менен ажырашып келиптир.
-Эмне болуптур анан?
-Убагында ошону деп, Жандар сенин суйуунду баалабаган, эми ал да тагдырдан оз жазасын алыптыр!
-Койсончу Гулум,эмне кереги бар мындай создун?
-Сени коруп, аларды жаман коруп кетем!
-Койчу, откон отту, аларды жаман коргондо эмне? Андан коро тескерисинче, жардам берууну ойлосон ага?
-Мать Тереза боло бербечи, корунгонго жардам берип журосун ансыз деле, мен андай кылбайм!
-Анда жаман да корбо курбум!
Гулум Маржананын маанайы бузула тушконун байкап, ашыкча эч нерсе дебеди. Бирок ал баарыбир, курбусунун жанында, себеби аны жакшы корот!
Атасынан болсо, тез тез кабар алып турат. Огой энеси да мурдагыдай болуп, уйго барса жаман суйлоп, конулун оорутпайт. Мумкун ал да тагдырга тан берип, бар жашоосуна моюн сунгандыр?
Атасы менен бир тирилигин откоруп, унчукпай жашап келет.
Аскат зынкыйган жигит болду! Маржанадан кун алыс келип, абалын сурап кетет. Нуржигитти да абдан жакшы корот. Кээ куну ээрчитип кетип калат. Азыр окуусун бутуруп, кесиби боюнча иштеп журот. Аны окууга откоруп, бар туйшугун мойнуна алган да ушу эжеси болгон.
Ал эжесине берген эркектик созуно турду!
Сейил озунчо мамлекет! Эки балалуу болуп калды, ал ошол бойдон. Коп эле жуурулушуп, аралаша бербейт. Белгилуу даталарда гана уйго келбесе, келбейт деле.
Маржана учун жагымдуу кабар ал торогондо болду. "Толготуп, ооруканада экен" дегенди укканда, учуп жетти. Оорудан кыйналганын коруп, бышактап, ыйлап да алган:
-Эмне кылайын, белинди укалайынбы, Сейил чай ичесинби?
Сейил тиштенип эле, башын чайкайт:
-Жок эже, мен чыдабай калдым!
-Чыда бир боорум, аз калды, тороп аласын!
Сейил коз жарганча Маржана кошо толгоо тартып, озу тороп тушкондой болду. Бир туугандыкы башкача болот экен!
Азыр ошол кызы чоноюп, тили буудай куурат. Эмнеге мынча, озу да тушунбойт, бирок Сейилдин кызын ушунчалык жакшы корот. Бар тапканын которуп, кызды коргону бара берет:
-Мамалагым менин! Ий тиштеп эле жеп салсам ушу кызды! Сейил аны коруп, ичинен суйунот. Жашоодо ушундай бир тууганы бар экенине, Жаратканга чексиз шугур айтат:
-Болду эми, муну коп эле эркелете бербен, кирин уйго?
Дасторконун жайып,чайын сунат:
-Эже Аскатты да уйлоп коюш керек, жумуш деп эле, уйго токтобойт экен?
Маржана кулот:
-Ал мектеп маалында эле ошондой болчу го, анда менден кичине айбыкчу, эми кудай берип калбадыбы? Тенин таап алып,уйлонот буйруса!

Экоонун кучакташып жатканын коруп,Эне да жылмая устулоруно кирди:
-Окшошкондорум десе, тамак даяр жургуло!
Тамактан сон Маржана жумушка жоноду:
-Бугун эртерээк барайын апа?
-Кечээги жолугушуун эмне болду?
-Ошого шашып жатпаймынбы, Казакстандан делегация келет!
-Айткан адамын да келет бекен?
-Ооба апа, буйруса бугун келет!
-Ийгилик балам, кудайым колдосун!
-Рахмат апа, мен кеттим, Нуржигиит бол уулум, мектептен кеч каласын?
Нуржигит нааразы боло, козунун тобосу менен карады:
-Сен кечиксен мен да кечигемби, саат боло элек го?
Маржан уулунун чачын уйпалап, бетинен ооп алды:
-Улуу урматтуум! Бир кун мен учун, он мунот эрте чыгууга уруксат этиниз,суранам!
-Макул, бул жолкусу кечиримдуу, экинчи кайталанбасын!
Кабагын буркоп, сыртка бет алган аны коруп, эне'келин бир'бирине коз ымдап, кулуп калышат:
-Муну карасан тимеле?

Нуржигитти мектепке таштап, жумушуна жоноду. Телефонуна билдируу келип калды:
-Кутман таныныз менен! Жакшы эс алдынызбы?
Бул кат канча жылдан бери озгоруусуз келет:
-Сага да тан кутман! Ойдогудай эс алдым!деп, жооп жазып койду.
Жумушка келсе баары конулдуу:
-Ии, мен билбеген жанылыгынар барбы?
-Ооба!
-Айткылачы анда!
-Куткон конокторубуз, расмий эмес жолугууну сунуштап жатышат!
-Кандайча расмий эмес?
-Борбордогу эс алуучу жайлардын биринде жолугушсак дешет!
-Кийинчи?
-Тагыраагы, оздору уюштуруп, бизди чакырышты!
-Качан?
-Бугун эртен менен, жумушка келээрибиз менен чалып, айтышты!
-Анан силер эмне дединер?
-Макул дедик, эмне демек элек?
-Эн акыркы болуп мен билипмин да?
-Ушунча убакыттан бери кутуп журсок, ана жок дейлиби,чыгымдын баарын алар которуп жаткандан кийин, бизге эмне?
Маржана ушкуруп алды. Деги ушул жолугушуу болсо боло калбады да?
Жардамчынан сырткары эки'уч адам болуп, жоноп калышты.
Баары келишиптир, куттургон адам жок. Жардамчылары менен озунун чогуу иштеген адамдары кошо отуруп, кужулдашып, кызуу маек устундо. Маржана болсо берки столдо, улам саатына карап коюп, тынчсыздана кутуп отурат.
Бир маалда келди.
Апакай жуздуу, чымыр денелуу, кийген кийими боюн жарашып, чыкыят. Кандай кийимде экенин, эл байкабаса да Маржан байкайт эле. Канчадан бери озунун жумушу болсо анан?
Устундогу койногу, кымбат экенин даароо билди. Козундогу ак коз айнегин улам ортон колу менен, мурдунун устунон, козуно карап туртуп койгон адаты бар экен. Жай ордунан тура берди:
-Кош келдиниз! Маржан!
Жигит колун сунду:
-Салем! Жан Серик уулу, танысканыма куаныштымын!
Жигит тикчийе тиктеди! Коздору оттуу экен.
Качантан бери тынч алып калган журогу, коодонун жарып ийчудой, турсулдоп согуп жатты! Коздоруно карап туруп, бул каректерди каердендир коргондой болуп,бирок эстей албады!
Озу кайра'кайра айта берчу эмес беле,"Суйуу, бир карагандан пайда болот!" деп?
Мумкун журогу да,ошондон кабар берип, адаттан тыш согуп жаткандыр?!
-Мен да кубанычтамын!


Кооп убакыттан кийин Аликке кат келди, ачып карады, анда:
"Кызымдын атын Айлин койдум, мен бакытты таптым!" деген жазуулар бар эле!
Алик жылмайып койду!




***


ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ СОЗ ОРДУНА!
Жашоо кызыктарга бай! Болгону аны кандай жашоо, ар бир адамдын, оз колунда!
Ошол кызыгы коп жашоодо, ак конул жакшыларга да, кара муртоз жамандарга да орун бар!
Жакшыларга Саматтын апасындай болгон энелер, Гулумдой болгон курбулар, Сейил, Аскат сыяктуу бир туугандар мисал! Эми жамандарына токтолбой эле коеюн, жаман адамдар болсо да, мен аларды жакшы кором, себеби бул жердеги ар бир каарман, менин жан дуйномдо торолгон балдарым!
Жашоо ото кыска! Бугун бар инсандарды "эртен да жашайт"деп, эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан козу тируусундо сыйлап, жакшы созунорду арнап калууга улгургуло! Жек коруу, коро албастык, эч качан жоголбойт, эгер аны оз кучунор менен жоготпосонор!
Жуз пайыз жашоодон алдым десем, эч ким ишенбейт, ошондуктан андай дебейм, бирок суроо:
Эмне арабызда тугоюн жоготкондор жокпу?
Башы бек кочого тушуп алып, кол сунаар адамы жок,ошол саздан чыга албай,олуп кеткендер жокпу?
Чыныгы "достук" деген сезимди билгендер жокпу?
Ата'энеден эрте калып, огойдун запкысын тарткан перзенттер жокпу?
Бакытты издеп, таба албай санаа чеккендер жокпу?
Же эмне, менден башканын баары бактылуубу?
Эми муну ар ким озунун ой таразасына салып олчоп алаар?
Бакытты алыстан издебегиле! Бакыт ардайым айланчыктап, жанынарда эле журот, же болбосо бир куну "жарк"этип мандайынардан чыгат! Болгону, ошол келген, бакыт кушун учуруп жибербей, бапестеп, сактап калууну уйронуп,ага даяр болгула!
Созумду, бир калемдеш эжемдин созу менен бутурмокчумун:
-Жазып жаткан адамдын, окуп эле койгондордон айырмасы, ал башкалар ойлой албаган нерсени ойлой алат!
Сенден мыкты илимпоз чыкмак эмес, бирок сен, кээ бир адамдар которо албаган кыйынчылыкты, которо аласын! Сенин жан дуйнон кенен, ошондуктан сен эч убакта жалгыз эмессин, жана кучтуусун!


Окуган ар бир окурманга терен ыраазычылык билдирем!
Менден ката кетсе, байкабай капа кылып алган болсом, мени кечиргиле!

Урматым менен Sushi_wok!

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 24 Июнь 2018 - 14:50

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#353 Пользователь офлайн   aszyma   24 Июнь 2018 - 14:12

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 115
  • Катталган: 24 Январь 14
  • Соңку аракети: 29 Дек 2019 07:22
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва шаары

Казака турмушка чыгып кыздуу болдубу? Же Жандар атын өзгөртүп келгенби?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#354 Пользователь офлайн   NeRiNa   24 Июнь 2018 - 14:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 533
  • Катталган: 13 Февраль 17
  • Соңку аракети: 31 Янв 2022 10:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Базар-Коргон гул коргон....)

Жан Серик Жандар атын озгорткон окшойт го ээ?
Бакыт - тынчтыкты суйот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#355 Пользователь офлайн   aizireshka   24 Июнь 2018 - 14:38

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 48
  • Катталган: 19 Август 17
  • Соңку аракети: 16 Ноя 2018 08:50

Жандар кайда???
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#356 Пользователь офлайн   Tansuluu09   24 Июнь 2018 - 14:50

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 263
  • Катталган: 07 Март 16
  • Соңку аракети: 19 Июл 2025 13:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кадамжай

Буттубу :79:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#357 Пользователь офлайн   Neslihan   24 Июнь 2018 - 14:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 418
  • Катталган: 13 Февраль 17
  • Соңку аракети: 29 Ноя 2018 11:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Жандар атын өзгөртүп келген го ээ мынча сонун бүткөн Азаматсыз бизди күттүрбөй бат баттан жазып бүтүргөнүңүз үчүн рахмат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#358 Пользователь офлайн   Neslihan   24 Июнь 2018 - 14:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 418
  • Катталган: 13 Февраль 17
  • Соңку аракети: 29 Ноя 2018 11:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Дагы да чыгармаларды көөп көптөн жазып туруңуз биз сизден жаңы чыгарма күтөбүз талантыңызды баалайм ар бир чыгармаңыз окурмандардын жүрөгүнөн түнөк таап келет. Өзгөчө менин))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#359 Пользователь офлайн   Sushi_wok   24 Июнь 2018 - 14:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

:dh:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#360 Пользователь офлайн   zinagull1996   24 Июнь 2018 - 15:14

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 67
  • Катталган: 18 Февраль 18
  • Соңку аракети: 07 Авг 2019 17:57

Эн сонун. Дагы да кутобуз жакшы чыгармалардан. Оаа ал Жардар болсо керек. Эн сонун аягы жандар менен калыптыр
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (20 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 19 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 19, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 21:49

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: