Суперстан: Бейиште жолуккум келет - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Бейиште жолуккум келет

#1 Пользователь офлайн   Zaatulilm   02 Июль 2018 - 14:50

  • Карапайым
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 188
  • Катталган: 19 Июнь 18
  • Соңку аракети: 13 Янв 2025 17:31

Бугун..Бугун Берметтин кыялынын орундалышынын акыркы куну. Узун жоолугун кенен орогон нур жуздуу кыз, отурган жеринен туруп куранды аяр которду. Мына, так эки сааттан кийин устазасына барып, курандын акыркы парасын тапшырат, курандын которуучулорунун катарын толуктап, хафиз болуу бактысына жетип, ары сыйиыктуу ары оор жоопкерчиликти мойнуна артат. Журогу алда кандай бир нерсени сезгендей алагды, конулу болсо жайдары, эки сааттын батыраак отушун самап минут, секундтарды санап убара.. Ангыча, ашканадан апасынын :
- Бермет ! Тамак бышты кызым !- Дегенинен.
Кыз куранды обуп, шкафтын эн ойдо текчесине койуп койгон сон, узун жолугун, женил гулдуу жолукка алмаштырып кийип, шашкалактай апасына чуркап кетти.

Бермет 11-чи классты быйыл аяктайт, бардар уй булоонун, эки уулдан кийин, жалгыз кызы. Ата энесинен суйуусуно чомулуп, эки байкесинин эрмеги болуп чонойсо да, ашыкча эркелеген жок. Мектепти ийгиликтуу, кызыл диплом менен аяктап жатканы менен, мынтип ыйык куранды дагы жаттап бутуп жаткан кези. Алгач, тогузунчу классында ороном деген Берметтин бул ойун апасы гана анча жактырган эмес, бирок кокурок кучугу болгон кызынын бут калоолорун орундатууга конуп калган атасы, бул ирээт дагы дароо колдоду. Ал Эми эки агасы болсо, карындашына сыймыктанып гана калышты. Убакыттын отушу менен апасы дагы тушунуп, сыртка чыкса эле, кызына ар кандай кооз жолуктарды которуп келчу болду, кантсе да жанынан ширин жалгыз кызына коп ачуулана алчу эмес. Оронгонунан кийин Берметтин ар кандай диний китептерге болгон кызыгуусу пайда болду. Ансыз деле эркелиги жок кыз, ата энесини козунун кареги менен гана айланып калды. Ар бир убактысын туура пайдаланганга отту, намаздарын убагында окуп. "Ар бир Мусулманга илим алуу бешиктен кабырга чейин парз"- деген хадиске амал кылып. Мектептеги окуусуна баш оту менен кирди, ал арада мектебине жакынраак медреседеги бир устазадан куран боюнча сабак алып дагы журду. Мындай бактылуу кундорундо, кызды капа кылган жалгыз нерсе, уйундо озунон башка эч Ким намаз окубагандыгы эле. Атасы райондук окмотто иштейт, уйунон эрте чыгып кеч чарчап келет. Атасы менен кичинесинен ачык суйлошуп конгон кыз, кечинде созсуз болмосуно кирип " Ата, намаз окунузчу." деген созун айтып чыгат, андайда атасы: "Албетте, Палван кызым сен айтып жатсан кантип окубайын." - деп тамашалап кутулат. Бермет кичинесинде, башка балдарды уруп койгондугунан "палван кыз" атка конуп калган эле.
Апасы болсо, кечке уй иштери менен алек, апасынын жанында кечке жардамдашканча кобурап журо берет : "Апа, а билесизби Пайгамбарыбыз (солла Аллоhу алейхи ва саллам) биз учун ото коп азап чеккен, бул динибизди ото чон кыйынчылыктар менен жайган.. биз Кадырын билишибиз керек. Апа, биз дуйноодон отсок, эн алгач намаздан суралат экенбиз апа.."
Андайда, апасы : "Ии ушу сен кыз бешиктен белин чыга элек, кайдагы нерселерди суйлойсун.." - дегени менен кызына кулак салып калчу..
Эки эгиз агалары болсо студент, кечке доктору менен конул ачышат. Аларга дагы айтып чарчабайт, агарады болсо андайда карындашын кичине кыздай коруп кайра эркелетип койушат.
Бермет болсо, ушинтип уй булоосу намасзыз отуп кетерин ойдогондо, коркконунае денесин майда калтырак басып кетет.
Тундору, ыйлап :" Жаратканым, Кудурет Кучтун баары Сенде Гана, мен аларды туура жолго салуудан алсызмын, суранам ата-энеме, бир туугандарыма ыйман хидаят бер."- деп ду'а кылганын койбойт.

Тушку тамагын жеп, апасы менен кызыктуу маектешип олтуруп, устазаны барчу убакытты эстеп кетип, ордунан ыргып турду, туура жарым саат калыптыр. Шашыла, чайын туготуп, апасынын жузунон ооп : " Апоов, 2 сааттан кийин уйдо болуп калам !"- деп, ордунан турду. Болмосуно кирип, кенен боз тустогу, желбиреген койногу менен, эн кооз Сары жолугун салынды. Ооба, бугун озгочо кун, ошондуктан бир ааз болсо да озгочолонгусу келди.
Мына, кыялына дагы жетти, Эми мындан ары ал Ыйык Куранды которгон Хафиза, медреседен башына алтындан таажы кийгендей, сыймыктуу, коздорунон кубаныч нуру тогулуп чыгып келе жатты. Айлана озгочо кооз корунуп, кулагына чымчыктардын сайрагандары угулат.. Ал ушунчалык бактылуу эле, бирок, аттин эн бактылуу куну, бул жалган дуйнодогу эн акыркы куну болоорун билсе кана..

Абройлуу, бай уйбулоодо торт кыздан кийин жарыкка келген Атай кичинесинен билгенин кылып чонойду. Ал Коптон бери эн улук эжесинин кызы Чолпон менен чогу окуган Берметти жактырып жургон. Чолпон Берметти Мектептеги чогуу окуган класташтарына кошулбаган кызык кыз экенин айтып соз кылып калчу, ал кезде маани деле берчу эмес.
Бирок, бир куну эжеси чалып Чолпондун ортга жазыла турган документтери уйдо калып калганын айтып, аны мектебине жеткирип беруусун суранды. Анча Баргысы келбегени менен, эжесинин конулун кыя албай, машинасына олтуруп мектепти коздой жол алды.
Жеткенден кийин мектепте кароолчу киргизбегенинен, сыртта жургон окуучулардын бирине :
- иним, 11- чи класста окуган Чолпонду чакырып койосунбу ?- дегиче эле, мектептен шагырап улан кыздар чыгып келишти. Алардын эн алдында келе жаткан шайыр жээни озун коро койуп чуркап келди :
- Менин красавчик тагам здесь какими судьбами ?- тентек кыз тагасын курбуларынын жанында бир сыйра кызартып койду. Ангыча, ызы чуу 11 класстын окуучуларынын артында акырын басып, жерди карап когуш узун жолукчан, узун койногу бир ааз желбиреп, келе жаткан кызга козу урунду. Кыз дагы жузун которгондо, кунго чагылышкан аппак жузу нурлуу экен, узун кирпиктеренен уян караган каректери капкара.. Атай кыз алдынан отуп кеткенге чейин, карап катып турганын озу байкабай калыптыр, бир малда жээнинин :
- Аууу тагашка Вы здесь ? А эта та самая Бермет, помните я о ней Вам говорила. Кстати, наша отличница.
Мына ушул жолугушуу Атайдын тынч жашоосун, заматта антар тентер кылды.
Басса-турса нурлуу элес ээрчип алды. Акыры, ожорлугуно салып уйлоном деп, Ата энесини эки уч жолу кайра-кайра жуучу жонотту. Ар барышкандарында Берметтин ата-энесинин жообу "Кызыбыз жаш, бере албайбыз." Болчу, бирок акыркы барганында, кыздын атасы каттуурак айтып койуп, Атайдын Ата энеси дагы намыстанып уулуна
"Кааласан озун кондуруп ал, биз башка барбайбыз." деп айласын кетиришти.
Акыркы, ары ойлонуп бери ойлонуп, достору менен кенешип ала качмай болду..

Белгиленген куну эки-уч досу болуп, кыздын уйунун алдында кара lexus ичинен, кызды андып турушту. Обеттен, откондон кийин Гана боз тустогу койногуно, сары жолугун жараштырып салган кыз уйунон жадырап чыга келди. Артынан акырын айдап барышып, кыздар медресесинин жанынан токтошту.
Эки саат куткондон кийин гана, жузу нур чайып, бир китепти кучактап бактылуу жылмайып чыгып келе жаткан кызды коруп, жигиттин журогу жылып кетти. Атай :
- Балдар, убакытты кетирбейли. Кеттик.. - Дегенинен машинадан тушкон килейген бойлуу торт жигит, кызга заматта жете калып, чыпалактай кызды, чыныртып которуп жоношту. Журогу оозуна келип корккон Бермет, аябай каттуу каршылык корсотуп жатып, бироосу машинага салып жатканда, кыздын мойуну буралып калып, кыймылы тып токтоп, сулк жыгылды, кучактап турган Кураны тушуп кеткенде Гана эсине келе калышты. Журогу тушкон Балдар чарт, жайылып, заматта ар бири ар жака качып жоношту..

Бугун Берметтин бул дуйнодон отконуно, 1 жыл болду. Кыз бул дуйнону таштап кетсе да, анын кыялы орундалды. Азыр алардын уйундо кунуго, куран окулат. Ата-энеси намазын толук окушуп, агалары дагы диндар адамдарга айланган. Анткени алар Берметтин " Силерди Бейиште жолуктургум келет."- деген созун эстешет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Tansuluu09   02 Июль 2018 - 15:52

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 263
  • Катталган: 07 Март 16
  • Соңку аракети: Кечээ, 13:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кадамжай

:79: Бейиште жолугушсун! !!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   aziza2018   03 Июль 2018 - 16:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 177
  • Катталган: 05 Март 18
  • Соңку аракети: 29 Июн 2019 10:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Белгисиз Бир жер

:cray:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   vikidiki   04 Июль 2018 - 09:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 646
  • Катталган: 16 Февраль 18
  • Соңку аракети: 10 Фев 2021 00:49
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Ыйлап жибердим. Озунун ажалы менен себепчи болуптур да, уй булоосунун намазга жыгылышына.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   alisher1983   11 Июль 2018 - 08:57

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3
  • Катталган: 24 Февраль 18
  • Соңку аракети: 31 Июл 2018 18:34

Беийшин берсин аллахым жана ата-эне бир туугандары менен бирге болсун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Akkyz2017   13 Июль 2018 - 19:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 724
  • Катталган: 02 Ноябрь 17
  • Соңку аракети: 13 Дек 2021 04:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:...

Ar biribizge jakyndarybyzdy beiiishte joluktuuru nasip etsin.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Июл 2025 18:21

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: