Суперстан: Ноокаттагы жүрөк титиреткен кылмыш - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Ноокаттагы жүрөк титиреткен кылмыш Бул зоокурлукпу же диний фанатизмге тиешеси барбы?

#1 Пользователь офлайн   frunze777   20 Июль 2018 - 15:06

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 86
  • Катталган: 17 Июль 13
  • Соңку аракети: 27 Июл 2018 19:39

Ноокаттагы жүрөк титиреткен кылмыш
19-июль, 2018

Оштун Ноокат районунда 22 жаштагы кызды энеси менен бир тууган агасы өлтүрүп койгону кабарланууда. Кыздын өлүмүнө шектүүлөр ал никесиз төрөп, начар жүрүш-турушу менен үй-бүлөнүн намысын булгаганы үчүн жазалашканын айтышкан. Коомчулукта бул окуя кызды “өзүм билемдик менен жазалоо” катары кабылданып жатса, милиция бул иш боюнча “Атайылап киши өлтүрүү” беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

22 жаштагы кыздын өлүгү 2-июль күнү Ноокат районуна караштуу Бел айылындагы каналдан табылган. Каза болгон кыздын денесинен анын киши колдуу болгонун көрсөткөн тактар байкалган.

Милициянын ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында кыздын өлүмүнө шектүү катары энеси менен бир тууган агасы кармалып, алар убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

"Никесиз төрөгөнү үчүн жазаланган"

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин “ХХХХХХХка” билдиргени боюнча, шектүүлөр кызды начар жүрүм-туруму үчүн жазалоого аракет кылышканын билдиришкен:
​- Маркум май айында никесиз төрөп, баласын башка бирөөгө багууга берген. Биздин иликтөө учурунда ал баласын мыйзамдуу түрдө асыроого бергени аныкталды. Кыз төрөгөндөн кийин анын апасы менен агасы “бизди элге шерменде кылдың” деп, эч жакка чыгарбай, үйдө кармоону чечип, камоого аракет кылганда кыз каршылык кылган. Ошондо анын бутун байлап, түнкү саат 12де каналга ыргытып жиберишкен. Кыздын сөөгү сууда 12 күн жаткан.

Аширбаевдин айтымында, сурак учурунда кыздын энеси ал оорукчан болгонун айткан, бирок иш жүзүндө андай эмес экендиги аныкталган:

- Биз текшерген учурда “кыз психикалык жактан жабыркайт” деп эч жерде каттоого алынбаганы, мектепти да жакшы окуп бүткөнү аныкталды. Теңтуштарынын айтуусунда да кыз жакшы эле жүргөн. Үй-бүлөсү деле жетиштүү жашоодо жашайт экен.

Маркумдун башка жакындары менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Милициянын маалыматына караганда кыз атасыз чоңойгон.

"Феодализм дооруна кайттыкпы?"

Никесиз төрөп, ымыркайды төрөт үйүнө таштап кеткени үчүн “бизди элге шерменде кылдың” деген жүйө менен кыздын өлтүрүлүшү коомчулукта кызуу талкууланып, түрдүү пикирлерди жаратууда. Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук дагы эле кадыресе көрүнүш катары кабылданып жатканын белгилеген укук коргоочулар Ноокаттагы бул окуя жарандар мамлекет тарабынан корголбой келе жатканын ачыкка чыгарды деп эсептешет.

“Интербилим” коомдук бирикмесинин Оштогу өкүлү Гүлгаакы Мамасалиева окуяны феодализм заманындагы жоруктарга теңеди:
​- Ноокатта жүрөк титиреткен окуя болду. Бул окуя азыр деле үй-бүлө мүчөсүнүн тагдырын, айрым учурларда жашоосун анын ата-энеси, туугандары чечип жатышканын көрсөттү. Бизде дале болсо үй-бүлөдөгү эрежелер мыйзамдан жогору болуп, феодализм учурундагыдай “өзүм билемдик менен жазалоо” өкүм сүрүп келе жатканын ачыкка чыгарды. “Өзүмдүн аялым, эмне кылсам өзүм билем, менин балам, өлтүрсөм-койсом өзүм билем” деген түшүнүк дагы эле элде жашап келе жатат. Үйдө, жабык эшик артындагы “өзүм билемдик менен жазалоо” эң коркунучтуу нерсе. Мындай окуялар кайталанбашы үчүн милиция эл менен иштөөгө тийиш.

Аялдардын укуктарын коргоочу “Ак жүрөк” кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асилбекова мындай кайгылуу окуяга ириде тарбияны жетиштүү бере албаган ата-эненин күнөөсү чоң деп эсептейт:
​- Бул кыздын никесиз төрөп, ошол жолго түшүп калышына ким күнөөлүү? Албетте, ага тарбия берген ата-энеси. Өзгөчө энесинде жоопкерчилик чоң. Анткени кызды ошол жашка чейин энеси тарбиялаган. Агасы неге кошулганын түшүнбөдүм. Кызды мындай жүрүм-туруму үчүн өлтүрбөш керек эле. Энеси жакшылап сүйлөшүп, жакшы жагына чечүүгө тийиш эле. Анткени кыздар көбүнчө туура эмес чөйрөгө аралашып, анын курмандыгы болуп калып жатышкан учурлар да аз эмес. Бизде да мындай абалга кептелип калган кыздар бар, биз аларды ушул кыздын тагдырындай тагдырга кептелип калбасын деп, жашырып отурабыз.

Милициянын маалыматы боюнча Ошто буга чейин начар жүрүм-турумунан улам жакындары тарабынан жазаланган же өлтүрүлгөн кыз-келиндер катталган эмес. Өткөн жылы Өзбекстандын бир облусунда атасы көчөдө денесин сатканы үчүн кызын аёсуз токмоктоп жатканы тартылган видео тасма Интернетте тарап, коомчулукта негизинен жапайычылык катары кабылданган эле.

____________________________________

Маалымат булагы башка сайт.

Билдирүүнү түзөткөн: frunze777: 20 Июль 2018 - 15:08

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   frunze777   20 Июль 2018 - 15:26

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 86
  • Катталган: 17 Июль 13
  • Соңку аракети: 27 Июл 2018 19:39

Негизи Ноокат диний радикализмдин очогу... Эсинерде болсо, мындан 10 жылча илгери Ноокатта диний онутто чакан бунт болуп, шектуулор камалып, арадан 2-3 жыл откон сон досрочно кое берилген... Жакында эле Ноокатта 2 жигит сабалып, бири жараатынан улам олгону, Ноокаттын айрым айыл тургундары Ислам дининин атын сатып самосудга барган фактылар коп катталып жатат...

Жогорудагы окуяны да самосуд деп муноздосо болот, бирок анын диний фанатизмге тиешеси болуп болбогонун билуу кыйын...

Бирок акыркы учурда эл арасында диний фанатизге ыктагандар кобойуп, олко мыйзамдарын уруп ойнобой, шарият мыйзамы деп ур-тепкиге, керек болсо таш-баранга алып, адам олтурууго кадам таштап отургандары. ..

Жогорудагы окуя боюнча пикирим: кыздын никесиз зынакорлукка барып никесиз тороп койгонун бир эле ислам дини эле эмес, ата-баба салты да жектейт...

Бирок жашоодо ар бир адам жанылат, ал адамга каталарын ондоо учун мумкунчулук бериш керек. Муну менен никесиз зынакорлукка батса боло берет деп айткым келгени жок, хотя аранарда ар учунчу адам зынаа жолуна басканын тана албастыр, айрыкча жигиттер... Айткым келгени, болоору болуп иш бутуптур, окунучтуу, бирок мындайда эне оз кызына туура жолду табууга жардамдашса болмок... Анан да оз кызын олтурууго кантип колу барганын тушунууго акыл алсыздык кылып отурат. Ал учун адам мыкаачы болуш керек...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   frunze777   20 Июль 2018 - 15:31

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 86
  • Катталган: 17 Июль 13
  • Соңку аракети: 27 Июл 2018 19:39

Анан да олкодо диний фанатизм менен коомдун адеп-ахлакы, журум-турумун мамлекет козомолдобогон сон, коом ичинен чирип, ушундай журок ушутор окуялар каттала берет... Айрыкча, олкодогу мейманканалардын же алардагы номерлердин 80%ти, суточный батирлердин 90-95%ти зынаакорлук максатында колдонулат, ойноштордун никесиз мамилеси учун... Жашырганда эмне... Анан айрым "демократтар" чыгат, кыздын "кыздыгын" чайга чылап ичесинерби же мойнунарга илип аласынарбы? !! Москва, Туркиядагы кыздарга тил тийгизбегиле! !! Башка улут эркектери менен журсо эмне болуптур, палан-тукун деп чыгышат...

Ар бир адам оз намыс, абийрин билсе, кадырына жетсе, ата-энесинен туура таалим-тарбия алса, зынаа жолго басуулар, ажырашуулар, кандуу окуялар кескин азаймак.....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Topchubai   20 Июль 2018 - 16:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 814
  • Катталган: 05 Июнь 14
  • Соңку аракети: 19 Апр 2021 11:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Исфана 2-МКР.Э.Эгембердиев 44

Жарандык никенин пайдасын кордунбу автор.Оюнарда динди жаман коросунор,баланын атасы ким экенин деле билбей калды го!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Topchubai   20 Июль 2018 - 16:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 814
  • Катталган: 05 Июнь 14
  • Соңку аракети: 19 Апр 2021 11:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Исфана 2-МКР.Э.Эгембердиев 44

Батыштын таасири бул! Кыска ойлуулук кылып,ар ким менен жатса,анан атасыз торосо,албетте эненин журогу ооруйт да.Динди жаман коросунор,бирок пайдасын билбейсинер. Кичине бир нерсе болсо эле Хизбут,Игил дейсинер! Батышты дуурап ХХХХХХХХ корунуп турса,албетте жигиттин дагы шахваты бузулуп,арам ишке барат да.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Liliia   20 Июль 2018 - 17:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 320
  • Катталган: 11 Март 14
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 21:52
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Topchubai (20 Июль 2018 - 16:32) жазган:

Батыштын таасири бул!Кыска ойлуулук кылып,ар ким менен жатса,анан атасыз торосо,албетте эненин журогу ооруйт да.Динди жаман коросунор,бирок пайдасын билбейсинер. Кичине бир нерсе болсо эле Хизбут,Игил дейсинер! Батышты дуурап .оту корунуп турса,албетте жигиттин дагы шахваты бузулуп,арам ишке барат да.

жакшылап окуп чыксанар 5маал намаз окуган кыз деп турат батышты туурабай эле
өлтүргөн
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Pandora   20 Июль 2018 - 17:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 082
  • Катталган: 14 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 26 Сен 2020 20:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ата-энемдин журогу...

"Сонку кабардан" талкуулаганынарганыр аз келип,темада ачып алыпсынарго а? Талкууласанар эле кызды тирилтип жиберчуудой (каттуу суйлосом узур)
Мен дуйнону апам менен тааныгам..... ...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   frunze777   20 Июль 2018 - 17:41

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 86
  • Катталган: 17 Июль 13
  • Соңку аракети: 27 Июл 2018 19:39

Просмотр сообщения Pandora (20 Июль 2018 - 17:36) жазган:

"Сонку кабардан" талкуулаганынарганыр аз келип,темада ачып алыпсынарго а? Талкууласанар эле кызды тирилтип жиберчуудой (каттуу суйлосом узур)



Тема бир эле маркум кызга тиешелуу эмес, аны менен кошо коомдогу койгойлорду которуудо. Бугун бул нерсе унутта калса, эч нерсе озгорбосо жакшы жагына, эртен-бурсугуну дагы бир ушундай жанылык угаарын турган кеп.....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   frunze777   20 Июль 2018 - 17:45

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 86
  • Катталган: 17 Июль 13
  • Соңку аракети: 27 Июл 2018 19:39

Просмотр сообщения Topchubai (20 Июль 2018 - 16:32) жазган:

Батыштын таасири бул!Кыска ойлуулук кылып,ар ким менен жатса,анан атасыз торосо,албетте эненин журогу ооруйт да.Динди жаман коросунор,бирок пайдасын билбейсинер. Кичине бир нерсе болсо эле Хизбут,Игил дейсинер! Батышты дуурап .оту корунуп турса,албетте жигиттин дагы шахваты бузулуп,арам ишке барат да.


Кыз зынаа жолуна басып, никесиз торогон. Бул жерде кызды "аппак" кылгысы келген эч ким жок. Эми ошондо, кызга жаза олум жазасы болушу керекпи?!! Мисалы, сенин кызын бой жетип, жогорудагы кызга окшоп никесиз тороп койду да дейли, оз кызынды озун олтурот белен?!!

Жарандык никени сурапсын, бул суроону Чубак устазына бер, ошол киши жарандык никеде жашап жатат экинчи катыны менен... Расмий аялы бул ЗАГСтан откон биринчи аялы...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Sushi_wok   20 Июль 2018 - 17:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Шумдугун кургур!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   atai9292   21 Июль 2018 - 02:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 830
  • Катталган: 21 Январь 12
  • Соңку аракети: 22 Июл 2025 01:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Абдүшүкүр ажы Нарматовдун мындай деп айткан сөзү бар.
Кээде биздин динде жүргөнүбүзгө динчил болгонубузга адамдар алданып калбасын. Дин бул бирөөнү алдай турган бирөөнү башка кыла турган маселе эмес. Ибадатыбыз окуган намазыбыз Аллах менен биздин арабызда,бирок эл менен болгон мамилебизде Аллах Тааланын астында жооп беребиз. Сен мечитте жыгылып турганына ишенбе. Адамдын ким экенин билиш үчүн кошунасы болуп көрүш керек,соода сатык,аласа бересе кылып көрүш керек,же сапарга чогуу чыгып көрүш керек экен.

Сакалы бар сакал койду деп сакалына алданып калбасын.Туура түшүнгүлө сакал койгон адамды ылдыйлатып шылдындагым келбейт. Аллах Таала сүннөттү аткаргандарга берекесин берсин, сүннөттү аткарган башка сүннөткөда бекем бололу,ошол эле кезде ушул сүннөттү аткарбаган маселеде кээде бирөөнүн артынан ар түрдүү сөз сүйлөбөйлү.
Кээде (Динсизден болгон кемчилик эч нерсе эмес) Динде жүрүп бирөөлөр мечитке барып туруп ушуну кылды дейт, ошондуктан сүннөттөрдү так өзүнө кой.деп айткан сөзү бар

Менин айтаарым жогоруда жазылгандай намаз окуйт экен деп эле намазына алданып калбагыла ар ким намазды өзү үчүн окуйт бул Ааламда эле мусулмандардын жетимиштен ашык түрү бар баары өзүнүкүн туура деп келишет бирок ошончонун бирөөсү эле чыныгы мусулман калгандары башка адашуучулар
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Giza   21 Июль 2018 - 10:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 700
  • Катталган: 20 Июнь 11
  • Соңку аракети: 18 Янв 2025 22:38
  • Жынысы:Аялзаты

Кызыга эч нерсе дей албайм. Бирок эне кантип өз баласын өлүмгө кыйды. Канчалык ката кетирсе да адашса да иии аман болсо дейсиң го.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Missing-u   21 Июль 2018 - 10:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 688
  • Катталган: 02 Август 15
  • Соңку аракети: 12 Авг 2023 16:58
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Сакелер оздорун кавказдарга коп окшоштурушуп кобунчо озунун закондору менен жашагысы келет буга жакында эле кызга келген баланы ур тепкиге алып олтуруп кобшканы кубо,мындан башка биз билбеген дагы коп нерселери бар. Мыйзамга баш ийбей оздорунчо мамлекет болуп оздорунун мыйзам тузгулору бар бирок муну жазсан улутчулдук деп банга айдайт же эскертуу берет бирок улутчулдука болбой эле башка улутка шек келтире турган дагы соз жмес бирок мындай карасан кооп кетип атышкандай. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Tansuluu09   21 Июль 2018 - 12:46

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 263
  • Катталган: 07 Март 16
  • Соңку аракети: 19 Июл 2025 13:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кадамжай

"Уят-олумдон катуу" -дегени , ушулда.
Озубуз билгендей эле "500 сомду алып койду" деген кызчы, ал уяттан озун озу асып алды.
Туура, уй-убулодо ата-эненин берген тарбиясы чон роль ойнойт. "Ата-энеси "дей берген менен бой жеткен кыз болсо акыл-эси толук, ак-караны, жаман- жакшыны ажырата турган, ушундай кадамга барып, уй-уболосунун жузун жер каратып, эл карагыс кылып койгону , жакшыбы?
" Бузулуп кетип, тороп койду " деген соз элдин эсинен 2,3 жылда чыкса кана, чыкпайт! Омур бою айтылып кала берет.
Билбейм, мындай кадамга баргандарды жазалаш дагы , кечирип кою дагы ото оор нерсе.
Лично мен кечире албайм.
Кыздар, озубуз эле эсибиз барда, этегибизди жыйсак мындай нерсе болбойт.
Уй-убулобуздун кашыктап топтогон абийрин чакалап токпойлу.

Билдирүүнү түзөткөн: Tansuluu09: 21 Июль 2018 - 12:57

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Tansuluu09   21 Июль 2018 - 12:55

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 263
  • Катталган: 07 Март 16
  • Соңку аракети: 19 Июл 2025 13:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кадамжай

Ойлоп карасам , эл адамды тарбияласа, ошол эле эл адамды да олтурот экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Missing-u   21 Июль 2018 - 16:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 688
  • Катталган: 02 Август 15
  • Соңку аракети: 12 Авг 2023 16:58
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Просмотр сообщения Tansuluu09 (21 Июль 2018 - 12:46) жазган:

"Уят-олумдон катуу" -дегени , ушулда.
Озубуз билгендей эле "500 сомду алып койду" деген кызчы, ал уяттан озун озу асып алды.
Туура, уй-убулодо ата-эненин берген тарбиясы чон роль ойнойт. "Ата-энеси "дей берген менен бой жеткен кыз болсо акыл-эси толук, ак-караны, жаман- жакшыны ажырата турган, ушундай кадамга барып, уй-уболосунун жузун жер каратып, эл карагыс кылып койгону , жакшыбы?
" Бузулуп кетип, тороп койду " деген соз элдин эсинен 2,3 жылда чыкса кана, чыкпайт! Омур бою айтылып кала берет.
Билбейм, мындай кадамга баргандарды жазалаш дагы , кечирип кою дагы ото оор нерсе.
Лично мен кечире албайм.
Кыздар, озубуз эле эсибиз барда, этегибизди жыйсак мындай нерсе болбойт.
Уй-убулобуздун кашыктап топтогон абийрин чакалап токпойлу.

Кудай сактасын башка тушуп калсачы?...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Tansuluu09   21 Июль 2018 - 16:58

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 263
  • Катталган: 07 Март 16
  • Соңку аракети: 19 Июл 2025 13:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кадамжай

Просмотр сообщения Missing-u (21 Июль 2018 - 13:27) жазган:

Кудай сактасын башка тушуп калсачы?...


Кудайым мындайдан бетти ары кылсын!! !! Мындай нерсе уй-убулом, бир тууган жана келечектеги балдарымдын башына тушпошуно болгон болгон кучумду жумшап, туура талим -тарбия бергенге аракет кыламын!! !!!!!

Билдирүүнү түзөткөн: Tansuluu09: 21 Июль 2018 - 16:59

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Missing-u   21 Июль 2018 - 17:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 688
  • Катталган: 02 Август 15
  • Соңку аракети: 12 Авг 2023 16:58
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Просмотр сообщения Tansuluu09 (21 Июль 2018 - 16:58) жазган:

Кудайым мындайдан бетти ары кылсын!! !! Мындай нерсе уй-убулом, бир тууган жана келечектеги балдарымдын башына тушпошуно болгон болгон кучумду жумшап, туура талим -тарбия бергенге аракет кыламын!! !!!!!

Ал тарбиядан эмес башка тушуп калат тагдыр болуп андан качып кутула албайсын болгону катуу суйлоштон абайлаш керек,башка тушуп калбашына эч ким гарантия бербейт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Tansuluu09   21 Июль 2018 - 17:20

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 263
  • Катталган: 07 Март 16
  • Соңку аракети: 19 Июл 2025 13:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кадамжай

Просмотр сообщения Missing-u (21 Июль 2018 - 14:18) жазган:

Ал тарбиядан эмес башка тушуп калат тагдыр болуп андан качып кутула албайсын болгону катуу суйлоштон абайлаш керек,башка тушуп калбашына эч ким гарантия бербейт


Тагдырга озун себечисин.
Тагдырга шылтагандын пайдасы жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Tansuluu09   21 Июль 2018 - 17:23

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 263
  • Катталган: 07 Март 16
  • Соңку аракети: 19 Июл 2025 13:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кадамжай

Не анда бузулуп кеткен кыздардын баарынын тагдырына жазылганбы?
Ал кыздар оз каалоосу менен ошол ишке барып жатпайбы!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 14 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 14, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июл 2025 03:35

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: