Саламатсыздарбы форумчулар!
!!Ким балылык кундорун коп эстейт
- (2 )
-
- 1
- 2
Негедир балалыгыма кайткым келет Негедир балалыгыма кайткым келет
#2 24 Июль 2018 - 23:37
Балалыктан калган элестер:
Уйдун эркеси болуп, айтканым айткан, дегеним деген. Эмне кааласам жейм, ичем. Качан болсо да атамын жанында, унаасы болсо да, мотоцикл менен болсо да алдында мен.
Чоптон тамак жасаганым, атам-апам, чон ата-чон энемди коноктогонум.
Чон инимдин уй-булобуздун катарын толуктоосу, 2- инимдин жарык дуйного келуусу. Анан синдим, анан дагы 2 иним...
Бир туугандарымды артыма которуп журуп ойногонум. Чурулдап апамын шаштысын кетирген кундор
Бактылуу балалык ыраа коргону учун Жаратканга шугур келтирем!
#3 24 Июль 2018 - 23:48
"А менин бала бойдон калгым келет" десек да жылдар отоберет, биз эр жетебиз, а балалык бизден узактагандан узактап барат.
Демек, жашоодо ар бир тепкичти басып отот окшойбуз.
Балалык.
Окуучулук.
Студенттик.
Уй було куруу.
Бала-чакалуу болуу. ж.б. ушуинтип жашообузду улап келебиз...
Демек, жашоодо ар бир тепкичти басып отот окшойбуз.
Балалык.
Окуучулук.
Студенттик.
Уй було куруу.
Бала-чакалуу болуу. ж.б. ушуинтип жашообузду улап келебиз...
#4 24 Июль 2018 - 23:48
Балалыкбы?Балалыгым кыйын отсода барибир кайткым келет.Себеби кочодо чан ызгытып ойунга тойбогон,Жыргал атту классташым балалыктагы досум кошунам менен ылайдан машина жасап ойночумун.
Кочодо той той ойномой ташты тизип уй салып жерге.Келин келин ойночубуз.Келин болчумун элден мурун эле бойу узун Азиретти куйо бала кылып койушчу мага.
Малдын жибин чечип чыгып секирмечек ойноп,карангыда жашынмак.Кышында чана тепмей.)))))
Каникул кезде элден мурун чыкчумун кочого.Баарын бирден чакырып анан кечке кочодо журобуз.Женемдер "Жыргалга эле тийип ал кичиненде кимге тиесин десек Жыргалга дейт элен" деп журушкон.))
Ылайдан машина жасап бирге ойногон, кечинде келип тапшырма кочуруп кеебир китептеримди мектепке которуп барган, дарбазам алдына биро келсе озунчоле кызганып урушкан ошол коздору карис биииииираз сарырак келген Жыргал классташым досум тууганымды сагындым.Балалык десе ошол досум эске келет.Менда кайткым келет балалык чагыма.))

#5 25 Июль 2018 - 00:14
Менин ар бир кун ар бир саатым бактылуу өткөн. Кудайга чексиз шүгүрлөр болсун азыр да бактылуу көз ирмемдерди өткөрүп жатам. Балалыгыма кайтпасамда убакытты ушул мезгилге байлап койсо кана ээээээх чиркин өмүр өтүп жатат.
Өмүр, өмүр, өмүр, ай,
Оорубасын көңүл, ай.
Беш күндүк бул дүйнөдө,
Өкүнбөгүн, досум, ай.
Өмүр, өмүр, өмүр, ай,
Оорубасын көңүл, ай.
Беш күндүк бул дүйнөдө,
Өкүнбөгүн, досум, ай.
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
#6 25 Июль 2018 - 01:02
Канча окунсонда эстесенда ал кундор кайтпайтко биринчи жолу садике барганым,1-сентьябрда бир букет которуп алып мектепке барганым,ылайдан машине жасап кыялданганым,
туш келген жерге олтуруп ширбом ойногум, айта берсен коп эн бактылуу кундор, эн башкысы эч кандай проблема жок болчу ))
Главное - верить в себя. Мнение окружающих меняется ежедневно.
<
<
#7 25 Июль 2018 - 08:39
Турмуштун проблемалары тажатканда балалыка кайтсам тынчыраак жашамакмын деп жатсан керек.
#8 25 Июль 2018 - 10:54
Мен коп эстейм, озгочо жазында апрель айынын аягында жана бут май айы бойу ностальгияга батып, меланхолик болуп калам. Окуучулук кезимди, студенттик кундорумду эстеп ( балдар бакчасына барып жургон убак анча эсте жок), ошол убактагы эмоцияларды кайра сезгим келе берет. Эээх. Ошол убакта эмнеге чонойууга шаштым экен.
brother
#9 25 Июль 2018 - 13:17
Кайткым келет,ойноп жыргап журуш учун эмес,болгону апакемдин кучагына тоюп тоюп магдырап жатыш учун кайткым келет. Ушинтип эле болок жашап кетемби? Ушинтип эле кундо апамдын бетин ооп,шуу жыттап эркелете албаймбы деп эч келин экенимди моюнума алгым келбей кетет.
Балалыгымда окуу жылы башталганы калганда апамын кулагын жечуубуз, "АПА кийим,апаа паркка алып барын,кийим кылалычы" -деп эле жанын койчуу эмеспиз. Атама айталчуу эмеспиз. Деги койчу эн сонун балалык кундор тээ алыста жашынып кала бериптир... Аттин.

#10 25 Июль 2018 - 23:02
Мен да ошол кезге кайтып калгым келет даа. Үйүбүз жолдун боюнда болчу . А жол тептегиз асфальт. Кечинде шамдан кийин жолго чыгып жатып алчубуз. Жылуу болуп калчу. Ошол үйүмө барсам үйдүн ичиндеги жыт, атмосфера балалык кезге алып баргандай болчу . А кышында свет очуп калса жылуу печканын жанындаа атам жаш кезин айтып берчү жомок айткандай.) Акем менен конфеттин сыртын азыркы ширибомдой ойночубуз. Ал баарын утуп алчу мен байкуш жөнөчүмүн анан конфеттин кагазын издеп. Акем уялчак болчу ага болушчумун , бирде досу менен урушуп кетип досу колун бирдеке кылып көрсөтсө аны мен төкпөй чачпай апама айтып баргам ушинтти деп
Туулган күнүмдө атам кызыл заколка сатып берген. Көзүмө аябай башкача жакшына көрүнчү. Кийин андай заколка көрбөдүм. Анан көбүнчө чачыма кызыл сары көпөлөк заколка такчумун. Канаттары кыймылдап турат, былтыры базардан көрүп калып алып алгам , ал да башкача көрүнөт көзүмө.)
Бизде, көчөдө өзүнөн улууларга Ассаламу алайкум деп салам берүү милдет болчу. Чоң энемин үйүнө барганга чейин көчөдө канча кемпир отурган болсо баарына барып учурашып кетчүмүн. Ал кемпирлер да ошого көнгөн, учурашпаса башкача карайт. ) Кээде аябай балалыкты сагынганда ошол кезде көргөн мультфильмдерди көрөм түнүү. Азыр мультфильмдер мээни чарчатат, алар башкача болчу. Ошоо.

#11 03 Август 2018 - 12:28
Мен коп эстейм, озгочо жазында апрель айынын аягында жана бут май айы бойу ностальгияга батып, меланхолик болуп калам. Окуучулук кезимди, студенттик кундорумду эстеп ( балдар бакчасына барып жургон убак анча эсте жок), ошол убактагы эмоцияларды кайра сезгим келе берет. Эээх. Ошол убакта эмнеге чонойууга шаштым экен.
Баарыбыз шашылып чоноюп алып, анан арман кылат экенбиз да ) Мен да балалыгымы коп эстеймин.
Моя жизнь моя история...
#12 03 Август 2018 - 15:08
Коой мен өзү араң чоңойгондо,
балалыгыма кайткым келбейт. Чоңоюп атканыма сүйүнөм, бирок мен чоңоюп, ата-энем каарып атканы өкүндүрөт,ойлонтурат.
(
#13 03 Август 2018 - 23:12
Балалыгыма кайткым келип атат.
Апамды "Шайыр, укта" деп какшатпай, озум эле уктамакмын жыргап)))
Апамды "Шайыр, укта" деп какшатпай, озум эле уктамакмын жыргап)))
#14 06 Август 2018 - 11:43
Балалык кунум эркелик,тентектик,
бейбаштык менен откон.бирок балалыгыма баргым келе бербеэмнегедир.
))
#15 06 Август 2018 - 16:05
мектеп курагындагы бир окуя эске тушту. Алтынчы, жетинчи класста болушум керек. Орусиянын биринчи каналынан " секрет тропиканки"
би, же " тропиканка"
дегенби сериал болуп аткан. Рут, Ракэл деген эгиз кыздар жонундо, ичинде дурачогу дагы бар. Кыскасы, мектептин ойноо аянтчасында кыздар болуп ошол сериалды суйлошуп баратабыз. Бир кезде дадаан эле дей тушту. Ойума " бомба жарылды" келиптир. Козум карангылап барып эсиме келсем айлана тып тынч, бомбадан караан жок, кыздар алдыга кетип калышыптыр.
Корсо турникпи, брусьябы ошону сузуптурмунда)).
Ушунча катуу дабыш чыкканын. Ээх, ошол беззаботный кундор ай.
brother
#16 06 Август 2018 - 22:31
Балалыкка кайткым келбейт, ошонун баарын дагы баштан өткөрүүгө жүрөктүн күчү жетпей калды го. Азыркы жашоомо миң ыраазымын.
:)
#17 06 Август 2018 - 22:59
Мен да кайткым келбейт. Ата-энемдин жанында болуу эле болбосо, башка эч нерсе ал жакка тартпайт, чойро, адамдар. Озу жашоом жылдан жылга жакшыргансып сезиле берет мага, бала кезден бери.
#19 07 Август 2018 - 00:40
А мен болсо кайткым келет...аябай сагынам ошол бактылуу кундорумду,
баарын, ар бирин сагынамын...
башкача эле ал кундорум...Кутконду билбеген,ичи таар убакытты кээде жек коруп кетем,анткени балалыктан алыстаткандан алыс алып кете берет экен ((...
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео

Мобилдүү версия