-Аида келиниз. Аймиранын бир тууган эжеси э? Сизден башка чонураак эч ким жокпу?
-Азырынча ата-энем чет жерде жумуштар менен журушот. Не болуп кетти? Аймира кайда?
-Ммм... жакшы ата-энениз кайсы олкодо? Не жумуш кылат?
Шашпаай, козун монитордон албай, мага суроо берип коюп, иш устундо отурду. А менин чыдамым кете:
-Кечириниз, мен Аймира жонундо сурап жатам.
Мени бутумдан башыма чейин тиктеп алып.
-Канчадасыз? деди.
- 20. Аймирага не болду? Айтсанызчы.
Терен дем алып, стакандагы суусун ууртап:
-Ата-эненерге чалгыла. Чакырткыла.
Жок дегенде тушундуруп койгон жок. Мени жаш дегендей кылганыбы? Ооба, ал кезде жаш болчумун. Кызыгы Аймиранын эжеси эмес, уч торт жаш кичуу синдисиндей корунчумун.
-Айттым го атамдар жок деп.
-Чон кыз, мага характеринди корсотпо. Биздин жумуш ушундай.
-Байке, атам менен апам Иерусалимде онкологиялык клиникада, апам дарыланып жатат. Бул жакта убактылуу жашап жатабыз.
Кашын которо, козунун тобосу менен карап алып:
-Иш чатак анда. Аймира, Базарбаева Даткайым деген кызды сабап, бычак менен эки жолу ичке сайып жиберген. Учурда ооруканада. Ата-энеси кетишти. Абалы кандай экени белгисиз. Коргондор милиция чакырыптыр. Аймира убактылуу кармоочу жайда.
Башыма бироо чапкандай, нес боло туштум. Устумдон муздак суу куюп жибергендей абалда калдым. Тергоочу созун улай.
-Каап, ата-энендин жогу жаман болду. Анткени тиги Базарбаева Даткайым жашы жетелек кыз экен. Несовершеннолетний. .. кылмыш жаза кодекси боюнча жашы жете элек оспурумго карата куч колдонуу, мыйзамсыз курал адып журуу жана куч колдонуу.... статья... Эми сот чечет... Кичинекей кыз экен. Кудай сактасын болгону жети жылдан 18 жылга чейин....
Мээм дунгуроп чыкты. Кулагыма эч нерсе угулбай калды.
-Байке айтынызчы, эми эмне болот?
-Кыз аман калса жакшы. Бирок жогоруда айтылгандай бир топ берене боюнча кылмыш иши козголду. Азыр кыздын атасы келатат.
Менин ыйлап жаткан турумду коруп аяды окшойт.
-Аида, ата энендин жоктугун тушунуп турам аябай. Менде да ушундай учур болгон. Синдин да ачууга алдырып жибериптир. Эми сага жардам катары айтайын, азыр жабырлануучунун атасы келгиче сенден башка туугандарын барбы? Чакыр суйлошуп корушсун. Балким кыргызча бутуруп алышат.
Башымды ийкей сыртка жонодум. Кимге чалышты деле билбейм тун жарымда. Тап-такыр шок абалга тушуп калдым. Ангыча жабырлануучунун атасы келип имаратка кирип кетти. Бир топко чейин чыккан жок. Сыртта тун экенине карабай кутуп турдум. Эмне дешти да билбейм. Шолоктоп жамгыр куюп башты. Башымдан ылдый суу боло шолбуроп, сыртка чыккан Даткайымдын атасын коздой бастым.
-Кечиресиз, сиз Даткайымдын атасы болосузбу?
Бери карап бурулган бою узун, далдайган, жулжуйгон коздорунун карашы бир башкача, мурду барбайган, кап-кара кишини коруп чочуп кеттим. Менин боюм узун деп журсом, бул кишинин белинен келип калдым окшойт. Мени козун ачып жума аябай карады:
-Ооба, мен. Не болду?
Уну да абдан жоон экен.
-Мен Аймиранын эжеси болом. Сиз менен суйлошойун дегем.
Ушуп калыптырмын. Титиреп аран суйлодум.
-Ааа... мен азыр кызыма баратам. Эртен суйлошолу.
-Байке телефон номеринизди таштап кетинизчи.
Билдирүүнү түзөткөн: Fortuna1987: 23 Июль 2018 - 23:44