Соңку окуялардан улам менде жогорудагыдай суроо жаралды.
Көңүл айтууну соц.тармак аркылуу айтуу туурабы же туура эмеспи? Туура болсо, эмнеси менен туура, ката болсо, эмнеси менен ката? Соц.тармак аркылуу көңүл айтууну билдирүүдө чек болушу керекпи? Мисалы, бир пост жазгандар болот, бир нече пост жазгандар болот. Дегеле ушунун тегерегинде талкуу кылсак...
Анан да кайсы бир белгилүү адам кайтыш болгондо кайсы бир адамдардан эмне үчүн соц.тармактагы баракчаң аркылуу көңүл айтпай жатасың дегендер да болот экен. Муну окуп, таң калдым. Денис Тен боюнча Элдана Сатыбалдиеванын жазган постун айтам... Кийин ушундай эле окуя Улан Эгизбаев боюнча Актан Рыскелдиевдин постунан окуп калдым. Көңүл айтуу флэшмоб эмес да?..
Соц.тармак аркылуу көңүл айтуу туурабы?
#2 30 July 2018 - 14:31
Көңүл айтсаңар эле аны өлгөн адам окуп коймокбу? Бул нерсе катардагы адамдар үчүн эмес, элге таанымал адамдар үчүн, өзүн элге көрсөтүү, пиарлоо үчүн, "аа бул кайдыгер эмес экен, көңүл айтты" , деп элдер ойлоп ага сый урмат көрсөтүүсү үчүн. Жана ошондой эле атактуулар азыр соц тармак аркылуу урушуп, соц тармак аркылуу сөгүшүп, соттошуп, бир нерсени далилдешип,
соц тармак аркылуу бири бирине каалоо айтып калбадыбы. Мисалы бир атактуу башка атактууга элге көрүнбөй эле, телефон чалып куттуктап, көңүл айтып, же урушуп айтышса болот. болгону эл күбө болсун деген эле алардын ниети.
#3 30 July 2018 - 15:00
Эми... заман шунака. Ак карга болуп "ур-тепкиге"
калгысы келбегендер мындай "көңүл айтууну" орунсуз деп тапса деле агымга жараша жазып коё бериши мүмкүн. Принцибин тиштенип кармагандар эле көгөрүп эщнерсе жазбай койгону болбосо. Андайларды болсо электронный көңүл айткандар сөзсүз түрдө жемеге алары турган иш. Анан да алар ким "көңүл айтты, ким унчукпай койду" каттап турушат.
Шу боюнча өткөндө РМ ден Зидан кеткенде баары коштошуу айтып, Бейл коштошпой койгонун жазып ызы-чуу чыгарышта. Спорт журналисттер. Демек, "эл менен болуу керек экен".
Шу боюнча өткөндө РМ ден Зидан кеткенде баары коштошуу айтып, Бейл коштошпой койгонун жазып ызы-чуу чыгарышта. Спорт журналисттер. Демек, "эл менен болуу керек экен".
> Mен эл менен <
#4 04 August 2018 - 13:21
Жакындарына конул айтса бир жон,анан олгон адамды белгилеп,как будто ошол окуй тургандай жазышкандарды тушунбойм!
#5 04 August 2018 - 14:37
#6 04 August 2018 - 15:08
Жакында, Гулзат Мамытбектин инстаграмдагы баракчасынан,
бироонун"
Жок дегенде азаттыктын журналистине арнап кайрылуу жасап койбойбу, эштендеп эле журот" деген билдируусун окуп тан калдым. Жеке менин оюм боюнча, мындай нерселер маркумдун жеке уй-булосуно гана айтылуу керек. Инстаграмда Гулзат озунун бизнесин жасап журо берсин, ал жерге аза кутуп, элге озун корсотуп эмне кылат дейм да...
#9 06 August 2018 - 15:17
#10 06 August 2018 - 15:25
Адамдар бара бара кок мээ болуп бара жатат.
Мисалы Путин интернетке кирип пост калтырбай эле иштеп жатат... Обама, Трамп, Рамзанга окшогон койрондор интернеттен башы чыкпайт...
Айрыкча бийлик башындагы адамдар элге кызмат кылуу учун бийликке келген, интернетте ар кимге конул айтуу учун эмес...
Атамбаев ар кимди куттуктоо же конул айтуу боюнча алдына адам салдырбоочу, гырт бекерчи бири болчу, кызматына кыянаттык кылган.
Анан калса адам бирин куттуктап кубанычын тен болушобу же аза кутуп кайгысына ортоктош болобу, анын жеке иши. Ал пиар, флешмобго айланбаш керек...
Улан Эгизбаевдин козу откондо атайын тема ачып, ага чын дилден конул айттык, ичибизге жутпай эмоциябызды тогуп койдук. Аны ким бироолор окусун, лайк бассын деп жазбадык...
Бирок айрымдар эл козуно корунуу учун ушундай кадамдарга барып турат, озун рекламалап турат. Ал тургай жаназага барып, андагы суроттордон соц.тармактагы баракчаларына илген койрондор чыкса мен тан калбаймын... .

#11 06 August 2018 - 16:02

Супер-Инфо
super.kg
видео