Суперстан: Тагдырыма тарынууга акым жок! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Тагдырыма тарынууга акым жок! баян

#21 Пользователь офлайн   Bazana   30 Июль 2018 - 20:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 605
  • Катталган: 20 Март 16
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:39
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Татарстан

Рая эже ото акылдуу адамсызда , бар болун , ущул форумда жаштарга насаатынызды айтып журо берин.Соз байлыгы кенен , акылы тунук адам катары элестетем.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Aisle   31 Июль 2018 - 15:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 305
  • Катталган: 21 Март 17
  • Соңку аракети: 05 Май 2021 17:05
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения raia (30 Июль 2018 - 13:39) жазган:

Агана айта корбо бодо кырсык болуп агандын шорун кайнатпа.Эркек адамга бул нерсе каттуу тийет кызым.Алы келбеген акыретчил дегень Аллага койуп кой андай акмактардын жазаасын Аллахым озу берсин.Сен бир коодок наристе болчусун,сен алсыз наристе болчусун.Мен куноону ата энене койдум жат адамга да бала таштайбы?
Эми балалыгын отту кетти,кайрып ордуна келтире албайсын.Эми азыркы турмушунду ондоп кет.Жакшы келин кайнене менен туп сурушпойт.Хоп десен кутуласын,жок десен тутуласын демекчи.Кызым турмуштун дагы бир каарын корбойун десен акылдуу бол,сабырдуу бол...
Адам баласына бул сабырдуулук жакшы нерсе.сага сабырдуулук бакыт кана тартуулайт.
Илгертен айткан жер катуулугун койбойт кайнене каарын кобойт демекчи кайнененин жакшысы азыраак,жаманы кобуроок.Кайнененин созун териштирип ал минти,мен минтим дебестен кулагынды жапырып,хоп апа десен баарын женесин...
Алахым берерин унутпасын,эртеге эле бир этек балан болот ошон учун кызым тынч жаша.Келечегинди ойло,жакшы тилек кыл.Жаштын тилегин берет...
Жаман адам оз абийирин ачат болуп мен бала кезде деп эрине айтпа кызым.Эркек андай нерсени которо албайт.Куйого тийбей туруп оз укугунду коргоп,ал акмактарды оз ордуна койушун керек эле.Эми ото кеч.Атан да кайтыш болуп кетиптир аганды азапка салба,журогун оорутасын,намысын кирдетесин. ..
Оз башынан откон кордукту бир туугандарына, кыздарына откорбой намыстуу кучтуу бол.,кайраттуу бол...
Дагы бир айтарым кайненен менен апандын ортосуна соз ташыба сен кайра экоонун ортосуна копуро бол.Ошондо кана сен тынч жана бактылуу жашайсын.
Ар бир аял заты барган жеринде суудай синип,таштай катып,ошол ак босогосунда ак байбиче жашына жетип,аруу зат болуп неберелеринин суйуктуу чон энеси болуп кутман карылыка жетишсин....


убагында бироо сиздей мага акыл насаатын айтып турганда...
<здрасьте
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   seli   15 Август 2018 - 12:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

Кам сүт ичкен пендебиз да...
Бир күн таарынып,баарынан чарчап, наалып ыйлап калам.
Бир күн жадырап - жайнап барыма шүгүр кылып отуруп калам.

Эң негизгиси жакындарыбыз жаныбызда болсо, ден соолугубуз болсо болду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Miss.erkewka95   15 Август 2018 - 13:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 529
  • Катталган: 16 Январь 18
  • Соңку аракети: 23 Авг 2018 00:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Тоолордун чокусунда...

Мен ээми окуптурмун. ..

Айсулуу, сен күчтүү жансың! Мунун далили ошончо кыйынчылык көрсөң дагы өз ойунду кенен айтып, чүнчүп кетпей, өзүңдү куурчактай алып жүргөнүн. Айдай күйөөң бар. Аны аябай сүйөсүң. Ал да сени жактырат. Бул дагы көп адамдан бийик тургандыгын. Ошого да жетпей жүргөндөр бар.

Күйөөңө айта көрбө. Таза, тунук, сезим сыйынарга так түшүрүүгө арзыбаган нерсе. Өткөн өттү. Келечекти ойло. Мүмкүн болушунча кекти жоготконго аракет кыл. Андай зөөкүрлөр жок эмес бар экен. Айла канча? Жараткан өзү, өз жазасын берет андайларга. Эжендин да турмушун чайпабай, тек калтыр эми. Эң башкысы сен өз абийириң күйөөңө таза жүзүң менен тапшыра алдың.
Биздин бала убагыбыз ошондой доорго туш келиптир, менде да өткөн апэжелердин колунда жашоо, (көп эмес) бирок эсимде. Ал убакта баары эле, балдарын туш тарапка чачып салып кетчү, көр тиричилик деп. Азыр эл түшүнүп,колунан келишинче балдарын кошо алып кетип жатат(+).

Кайынэнеңди "Чыныгы душман" деп атай көрбө. Ар бир эне "Балам бактылуу болсо экен" деп тилейт. Сен жалпылантып карабай, эмне үчүн жини келди эле сага, ошол маселеде гана "Аа ушинткениме экен да, эми мынтпейм апа" деп ошол жерде чечип, чекит койуп, кекти таштап басып кет.
Ажыраш деген сөздү такыр колдобойм. Сен күйөөңдү сүйөөрүңдү алар билишпейт. Ошол адамды жактырганын үчүн, көп нерсеге көз жумуп кой. Миң эле өзүн соонун кылып эптеп кетип аткандар дагы, түнү төшөккө жатканда "Жанымда күйөөм болгондо..." деп арман кылышат. Ушундай жаратыптыр адам затын. Түгөйсүз кыйналат экенбиз.

Ал эми төрөбөй жаткан маселеңе келсек, менде 4 жылга ооп баратат, жок! Ай сайын айызым келгенде ыйлабай койо албайм. Арга барбы? Силерде жакшы, проблеманы табышыптыр, бизде, экөөбүз тең тап таза. Каерге барбайлы "Болот, күткүлө" деп кайтарышат. "Алдырып салдым, өлтүрүп салды, отверка менен сайып өлтүрдү, туалетке таштады, таштандыга ыргытты" дегендерди окуп, көл шал болуп ыйлайм. Мага ыраа көрбөй, ушуларга бердинби? деп баары жокко таарынып жатып калам. Күтүүгө бар клеткаларым баары менен киришип кеткенмин... )) Бирок ишенем болот! "Силер такыр эле балалуу боло албайсынар" дегендер дагы журушпойбу? Алардан айырмаланып бизде болот! Күйөөмдү эзбейин деп, дайым ал жокто ыйлайм. Өзүмдү сынып калбоо үчүн дайым, маанай тушурчу майда барат маселелерди көңүлгө албаганга аракет кылам.
Буйруса болот бизде да. 15,20 жылдап күтүп, балалуу болгондор да аябай көп. Шүгүр кыл садагасы.

Өзүңдү колго алып, жарык маанай менен жашоондун жалаң жашыл түстөрүн байкап жаша!?
Мага чал кааласаң, жакшы сөзүн аяп койуучу сараңдардан эмесмин. Номерим болсо керек, бирде чалган элең...





Бир жоолу Айсулуу экөөбүздүн арманыбыз кылып салбай, тема боюнча да жаза кетейин)))

Т.Б. Жогоруда камтып өтүрмүн, анча мынча ошентип наалып турам)))))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   Shokoladka94   15 Август 2018 - 16:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 622
  • Катталган: 26 Март 14
  • Соңку аракети: 19 Июл 2021 20:12
  • Жынысы:Аялзаты

Тагдырга таарынбайм, сыноо берип кучтуу кылат экен, демек башынан коп кыйынчылык откоргон адамдар эн кучтуулор да
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   aipopo   15 Август 2018 - 23:00

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 92
  • Катталган: 02 Ноябрь 17
  • Соңку аракети: 05 Дек 2018 13:34

Мен да балалуу болууну 3 жыл кутком. Айтканга оной болгону мн ошол кундорду башынан откоргон адам учун кыйла эле убакыт деп ойлойм. Эми андайда кайн журт тим коймок беле. Соз кылбаган адамдын озу калган эмес. Ошентип 4 жыл дегенде кыз тородум. Кудайга шугур.
Кудай берем десе эртеби кечби берип коет экен.
Жогорудагы мисс эркеша айткандай мен да ар айыз коргондо айласыз ыйлайт элем айласыз.

Азыр эми бойумда болбой жатат мынча жыл болду дегендерди угуп же окуп калсам чын дилимден кудайым бала берсе экен деп тилейм. Анткени ошол аялдын ал ахыбалын жон терим мн тушуном жана башымдан откоргонмун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 21:58

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: