Суперстан: СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (639 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 81
  • 82
  • 83
  • 84
  • 85
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! Форумчулар учун.....суроо-жооп......

#1641 Пользователь офлайн   Айзиля   08 Май 2010 - 12:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 372
  • Катталган: 16 Май 09
  • Соңку аракети: 12 Авг 2010 15:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

kom
Айгерим тишин ырсайтып келсе, мен жон эле келдим :)
Айгерим экөөбү з ошентип тамашалаша беребиз :)
Сага суроолорум:

1) Суйууго токкон коз жаш, Ызага тогулгон коз жаштан эмнеси менен айырмаланат?
- Сүйүү дөн ыйлаганда адамдын көзүнө н жаш акпаса дагы жүрөгү ыйласа керек, а ыза болгондо адам көзүнө н жаш агызып алса жеңилдеп калат эмеспи. Менимче ушунусу менен айырмаланат.

2) Кызганыч сезими барбы сенде? Озу ушул сезимди пайдалуу деп ойлойсунбу?
- Эгерде жакшы көрсөң албетте кызганасың , ким эле өзүнү н жакын адамын башка менен көргүсү келсин? Бирок, кызганыч чеги менен болбосо, ортодогу мамиленин ырбашына алып келет.

3) Озуно ишенбегендикти сен эмнеге салыштыраар элен?
- Аны мен эч нерсеге салыштыра албайм. Ал адамдын өзүнү н табиятынан болушу мүмкүн же жашоодон сынганда.

4) Кайсы жаныбарды жакшы коросун?
- Аппак күчүк менен мышыкты.
.

5) "Бир кундук омурун болсо, туштугуно жорго мин" дегенди чечмелеп берчи?
- Бир күн болсо да татыктуу жаша деген маанини билдирбейби? Бул макалды биринчи жолу окуп жатам.

6) Бейтааныш адам гул сунуп таанышууну сунуштаса таанышасынбы?
- Эгерде жигитим жок болсо карап көрмөкмү н, таанышкандан кийин андан кийинки мамилени улаш керекпи же жокпу деп.

7) "Безвыходный положение" ден кобунчо кантип чыгасын?
- Кырдаалга жараша.

8) "Аялдын акылы кырк эшекке жук"пу?
- Бул макалга жакшы түшүнө алган жокмун :blush:

9) "Кызга кырк уйдон тыюу" дейт го, сага канча уйдон тыюуу бар?
- Мага кичинекейимде канча бир тууганым болсо ошончо үйдөн тыюу болчу, атам-менен апамды айтпай эле коёюн, ошол убакта мен муну туура эмес түшүнү п,эмнеге ал жакка баспа,бул жакка баспа дей беришет деп жиним келген күндөр болгон, кыскасы мен аларды түшүнө албачумун, бирок, азыр алардын ошондой тарбия менен чоңойткондоруна миң мерте ыраазы болуп келем. Учурда ал учурдагыдай тыюу болбосо деле өзүм бейчеки баса бербейм.

10) Бирооого рахат тартуулоо менен рахаттанууга болобу?(Кенениреек тушундурмосу менен)
- Албетте, элестетсең из мисалы бир багар көрөө рү жок адамга жардам берсеңиз анын сизге кайра-кайра рахмат айтып, сүйүнү п турганын көрүп кантип бактылуу болбойсуз?

Суроо берип тажатпадымбы? Жок тескерисинче, абдан кызыктуу суроолор болду анын ичинен мен жооп бере албаган кыйыны да ))
Кантсе да сонун жооп бердин. Бааардык суроолорума зээрикпей-терикпей жооп бергенин учун рахмат. Дайыма жакшылык жандап журсун. Жашоондо ийгиликтерге чалынып журо бер...Эми бул беттен кийин мага кезек келгенде жолугаарбыз. ..Рахмат конул буруп жооп берип койгонуна :give_rose:
Рахмат кызыктуу, маанилүү суроолоруңузга.

Какшыкты "аябай туура" тушунот экенсиз таксыр! Эшигиниздерди  бекем кулптап алыныздар, ок?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1642 Пользователь офлайн   Айзиля   08 Май 2010 - 12:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 372
  • Катталган: 16 Май 09
  • Соңку аракети: 12 Авг 2010 15:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Таллас
мм...Суроо жооп жүрүп аткан экен. Жакшы эле. Бу Айзиля эжекебиз эринбей жакшы жооп берип жатыптыр. Менин да бирин-эки суроолорум бар эле...

1. Кытыгылуу суроолорго кандай карайсыз?
- Түз эле карайм, эгерде чындыкка жакын болсо. :)

Эгер ар бир суроого баягы анкетадай "Горбачевдун убагында төрөлгө м", "Кыргызтандын бир бурчунда" , "Бир кап көтөрө аласыңбы? " деп чаргыткан жоопторду даярдай баштасаң ыз, суроону токтотуп деле коёюн.
Мен интервьюда чаргытма жооп бергенимди байкадың ызбы? Эгерде тема мен үчүн олуттуу болбосо мен ага "не серьезно" жооп берип коюшум мүмкүн, анын бул жерде тиешеси жоктой. Ушул сурооңуз чын эле кытыгылуу экен ;)
Какшыкты "аябай туура" тушунот экенсиз таксыр! Эшигиниздерди  бекем кулптап алыныздар, ок?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1643 Пользователь офлайн   Таллас   08 Май 2010 - 12:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Баштадык анда. Баарын бир эле берейин.
"Эмнеге көп?", - деп бир чети таң калып, бир чети жаман көрбөң үз. Мен муну бул теманын ээси менен макулдашып алгам. :tongue:


  • Бала бакчадагы же мектептеги бир окуя..
  • Мектепте кайсыл сабак жакчу эмес? Кайсынысы жакчу?
  • Математика менен кандайсыз?
  • Олимпиадага катыштың ыз беле? Катышсаң ыз байгелүү орунга илиндиңиз беле?
  • ОРТ га катышсаң ыз канча балл алдыңыз эле?
  • Окууну контракт менен окуп жатасызбы же бюджетпи?
  • Ата-энең изден акча аласызбы же тескерисинче жөнөтө сүзбү?
  • Колуң уздагы канчанчы телефон? Номерчи?
  • Баса, телефонго байланыштуу калп айткан элеңиз. Баягы "Бойдок кыздардын анкетасы" деген жерде "Телефон колдонбойм" , - деп туруп, "Сизге келген акыркы СМС" деген темада жазган жообуңузду айтып жатам. Ошол "калп" дагы "шартка байланыштуу" болуп калдыбы?
  • Дагы бир жерден "Тизеге чейинки жупке кийе берем", - дегенсиз. Көчөдө ошентип кетип баратасыз. Кичинекей балдар "Айрөк" , - деп, чоңдору ышкырып тийишсе, кандай кабыл аласыз? Уяласызбы ошол кылыгыңыздан же тескерисинче маашырланасызбы?
  • Сизге бирөө куюлуштурган рифма менен ыр жазып таанышууну сунуштаган СМС жөнөттү . Номер белгисиз. Сиз эмне кылмак элеңиз?
  • Канча жолу балдар: "Таанышып албайлыбы?" , - деп кайрылышты. Канчасына "Тфай", - деп, канчасына "Жок", деп жооп бердиңиз?
  • Канча жолу дискотекага бардыңыз эле?
  • Апаңыз дискотекага жөнөтпө й койгондо эмне кылчу элеңиз?
  • Кичинең изде ким болууну эңсечү элеңиз?
  • Сиз 18 ге чыктыңыз деп коёлу. Мектепту жаңы бүттүң үз. Алдыда чоң чоң максаттар бар. Шаарга барып окуп, иштеп, карьера куруп дегендей.. Анан эле жуучу түшүп келип калды. Бала келесоо эместей. Сиз кандай чечим кабыл алмаксыз?
  • Сиз күйөө гө тийдиңиз. Өмүрлү к жарыңыз экөөң үздөр бактылуу жашоо кечирип баштадың ыз. Ошол эле убакта сиздин карьераң ыз дагы ийгиликтү ү жүрүп жатат. Акчаны үйдө сиз көп табасыз. Күйөө ңүз ишти таштоону талап кылып жатат дейли. Сиз күйөө ңүздү угат белеңиз же...?
  • Күйөө ңүз сизди овшум кызганбаса эмне деген бүтүм чыгарасыз? Дегеле кызганычка көз карашыңыз.
  • Куран билесизби? Окуй аласызбы?
  • Бир нерсеге ишенгениң изди кантип далилдейсиз? Жүрөгү ңүз мененби же ишиңиз же балким, сөзүң үз мененби? Мисал менен жооп берсеңиз.
  • Сиз, кудай жалгап намаз окуп баштадың ыз. Күйөө ңүз чоң жерде иштейт. Айталы аким болуп.. Ал талап кылып жатат: "Сенин айыңдан мени жумуштан айдаганы атат. Аялы че то не то..", - деп. "Ошондуктан, намазыңды токтот". Сиз кимди тандайсыз?
  • Күйө өңүз менен атаңыздын сөзүнү н кимисин биринчи орунга коёсуз?
  • Жаңы эле турмуш курдуңар. Күйөө ңүз окуганы же иштегени алыс жакка кетишине кандай карайсыз?
  • Машинелү ү болдуңуздар дейли. Алдына отурасызбы же артынабы?
  • Күн ысып баштады. Ысып азап тартпайын деп шорты кийип жүрөсү збү көчөдө деле?
  • Кайсы китепти кайра кайра окугандан тажабайсыз?
  • Кайсыл үч китеп сиздин мүнөзү ңүзгө таасирин тийгизди деп айта аласыз? Дегеле китеп сизди тарбиялай алдыбы? Же сиз тарбияны ата-энеден гана алдым деп ойлойсузбу?
  • Пластикалык операция бекер кылып жатса кайсы мүчөң үздү оңдоткуң уз келет?
  • Күндү н бүркөлү шү маанайга таасирин тийгизе алабы?
  • Кетмен кармап иштеп көрдүң үз беле? Уй саапчы?
  • Дегеле айыл турмушуна кайра кайткыңыз келеби же шаарга жашап комфотко (ыңгайлуулукка) көнүп калып биротоло "аккол" болуп калдыңызбы?
  • Жумушуң уз эмнеси менен кызыктуу?
  • Диний кандай китептерди окудуңуз эле?
  • Хиджабды кийүүгө сизге эмне тоскоол болуп жатат? Же аны "Артта калгандар гана киет" деп ойлойсузбу?
  • " Токтогулдуктард
    ын ырчы боло албай калгандары окуу жайга тапшырып кетет" дейт. Эмне үчүн ырчылыкты аркалаган жоксуз? Дегеле ыр-бийге шыктуусузбу?

  • Ө зүңү з телефондон же агенттен бирөө жарымга тийишкен белеңиз? Эмнеге?
  • Өлү мгө кандай карайсыз? Ал ошончолук эле жаман нерсеби же ...?
  • Эртең өлө турганың ыз белгилүү болсо, (албетте, ал эч кимге маалым эмес, ошондой болсо да берип коёюн) эмне кылмак элеңиз?
  • "Бул дүйнөдө жолоочудай жаша" деген даанышмандык кепти кандайча чечмелеп бере аласыз?
  • Расул Гамзатовдун айткан сөзүндө й пайгамбарыбыздын (Аллахтын ага саламы болсун) айткан сөзү бар экенин билчү белеңиз: "Силердин эң жакшыңар – аялдарга жакшы мамиле жасагандар" ?
  • " Кызга кырк үйдөн тыюу" дейт. Азыр деле күчүндө бү? Же ИТР нын шарданы менен мындай "эскирген" акыл-насааттарды этибар албай деле коё берсек болобу?
  • Жуучу түшүп келгендир буга чейин. Эмне үчүн отказ кылдыңыз?
  • Сиз төрөлгө н маалда Токтогул району Талас облусуна карап турган болсо керек эле. Же андай эмеспи?
  • Шоколад, балмуздакка жата калсаңыз керек?
  • "Адам көңү лү - гүл". Сиздикичи? Кантип таарынтсам болот? Жана кантип көңү лүңү здү алсам болот?
  • Библияда бир жерде "Оң жакка жесең, сол жаагыңды тосуп бер", а башка жеринде: "Око за око, зуб за зуб" дейт. Сиз кайсынысын тандайсыз? Же өз вариантың ыз барбы?
  • Жашоодо эмнеге таянып чечим чыгарасыз? Эмоция, ой, принцип же эмгиче такшалган эрежелер...
  • Өкү нгөнүң үз...
  • Көп сүйлөө жакшыбы же унчукпагандыкпы?
  • Кайсыл ишиңизге аябай уяласыз?
  • Жумуштан бир олчойгон ката кетирдиң из. Шеф чыкырды кабинетке. Сиздин абалыңызды өз сөзүң үз менен сүрөттө п бериңизчи. ..
  • " Эркек бир сүйлөйт" дегендерди сыйлайм депсиз... ммм... А биринчи сөз туура эмес болуп калсачы?
  • Акыйкаттын жарчысы боло алат белеңиз?
  • Журналисттик кесипке шыгыңыз барбы?
  • Эмнеге жашап жүрөсү з? Ой жүгүртү п көрдүң үз беле?
  • Кайсыл чөйрөдө өзүң үздү чоочун сезесиз? Же "Илибой чөйрөгө батышып кетем деп ойлойсузбу?
  • Сиз жолугушууга баратасыз. Алдыңыздан кара мышык өтүп кетти. Артка кайтуу керекпи?
  • Карыз алган киши бербей жүрөт. Сиздин аракетиң из..
  • " Эшигин көрүп төрүнө өт". Апаңызга кайсыл сапаттарыңыз окшош?

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 08 Май 2010 - 13:21

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1644 Пользователь офлайн   Arstan   08 Май 2010 - 13:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 069
  • Катталган: 06 Декабрь 09
  • Соңку аракети: 05 Фев 2024 03:56
  • Жынысы:Эркек

Ооуу суроо калбай калыптыр го.
Айзилия саламатсынбы!

Бул суроолор бир кыйла ойлонтуп койду окшойт э?

Буларды окуп кандай абалда калдын?Мен соз таппай калдым мисалы.


Ийгилик сага!
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1645 Пользователь офлайн   elif   08 Май 2010 - 14:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 021
  • Катталган: 01 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 21 Янв 2019 03:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Туркия

Salam Ayzilya,saga suroolorum tomondogucho:
1.Biroonun konulun oorutup,azirga cheyin okungonun boldubu?Bolgon bolso okuyani kiskacha aytip ketsen.
2.Eger kayra torooluu shansin bar bolso,kiz bolo belen je erkekpi?Emne uchun?
3.Biroonun suyunchuno je kaygisina ortoktosh bolup iylaganin boldubu?
4.Senin oyundagiday bir jigit turmush kuruunu sunush kildi deylim,birjaktan chetmamlekette okuu uchun ketishin kerek,kaysinisin tandayt elen?
5.Kupuya ishtebegenine (kat kelet,birok joop jazuuga bassan 'error' dep chigip jatat) baylanishtuu (3-4 aydan beri) saga eki jolu ten joop jaza albadim.Maga taaringan joksunbu?
(saga ushul jerden gana baylanisha aldim,kaalasan kupuyaga msn adresini jonot.al jerden suylosholu)

P.S.Ayzilya,birinchi den sooluk,andan kiyin kelechekte ishine iygilik jana dushmandardin kozunu kuyguzgudoy baktiluu bolushundu kaalaym.A jooptordu jazishin uchun saga kuch kubat tileym :D
все что ни делается все к лучшему :(
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1646 Пользователь офлайн   Айзиля   08 Май 2010 - 14:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 372
  • Катталган: 16 Май 09
  • Соңку аракети: 12 Авг 2010 15:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Таллас
Баштадык анда. Баарын бир эле берейин.


"Эмнеге көп?", - деп бир чети таң калып, бир чети жаман көрбөң үз. Мен муну бул теманын ээси менен макулдашып алгам. :tongue:

Вау, мага ушунча сурооңуз барбы? Кубанычтамын.

  • Бала бакчадагы же мектептеги бир окуя..
  • Мектепте окуп жүргөндө кол эмгек сабагынан эжекемдин айткан салатын жасабай коюп чейректе "эки" алып калып уйгө чейин ыйлап баргам. Жолдо баратып жанымдагы курбу кызым "ошого дагы ыйлайсың бы, мен деле чейректерде "учторум" көп го". Ден соолук да эң негизгиси, ал болбосо эч нерсең болбойт дегенде дароо басылганым эсимде.
  • Мектепте кайсыл сабак жакчу эмес? Кайсынысы жакчу?
  • Химия, биология сабактары жана ошол сабактан берген эжекем да жакчу эмес. Математика, кыргыз тил адабияты, физикалар жакчу.
  • Математика менен кандайсыз?
  • Жакшы элемин.
  • Олимпиадага катыштың ыз беле? Катышсаң ыз байгелүү орунга илиндиңиз беле?
  • Математика, кыргыз тилинен катышкам. Экөөнө н тең мектептеги орундан биринчиликти алган экем.
  • ОРТ га катышсаң ыз канча балл алдыңыз эле?
  • 110 эле балл болуп калган.
  • Окууну контракт менен окуп жатасызбы же бюджетпи?
  • Ооба контракт.
  • Ата-энең изден акча аласызбы же тескерисинче жөнөтө сүзбү?
  • Тилекке каршы контрагымды ата-энем төлөшө т.
  • Колуң уздагы канчанчы телефон? Номерчи?
  • Төртү нчү телефон. Үчүнчү номер.
  • Баса, телефонго байланыштуу калп айткан элеңиз. Баягы "Бойдок кыздардын анкетfсы" деген жерде "Телефон колдонбойм" , - деп туруп, "Сизге келген акыркы СМС" деген темада жазган жообуңузду айтып жатам. Ошол "калп" дагы "шартка байланыштуу" болуп калдыбы?
  • Ай-ай, мен майдамын десем,сиз менден өткөн майдасыз го :tongue: . Бул суроонузга майдалап купуядан мындан бир аз мурун жооп бердим окшойт. Кээ бир мен үчүн олуттуу эмес темаларга ойноп жооп берип койгонумду моюнга алам. Телефон колдонбойм деген тамаша болчу.
  • Дагы бир жерден "Тизеге чейинки жупке кийе берем", - дегенсиз. Көчөдө ошентип кетип баратасыз. Кичинекей балдар "Айрөк" , - деп, чоңдору ышкырып тийишсе, кандай кабыл аласыз? Уяласызбы ошол кылыгыңыздан же тескерисинче маашырланасызбы?
  • Азыр менден кыска кийген кыздар толтура, сиз аябай эле башкача түшүнү п алган окшойсуз кыска кием десем, жупкенин ар кандай кыскалыгы болот да, а мен сиз ойлогондой элдер шылдыңдай турган кыскасын кийбейм.))
  • Сизге бирөө куюлуштурган рифма менен ыр жазып таанышууну сунуштаган СМС жөнөттү . Номер белгисиз. Сиз эмне кылмак элеңиз?
  • Эч кандай реакция болмок эмес. Тем более белгисиз номер. Керек болсо кайра чалып айтат да мен деп.
  • Канча жолу балдар: "Таанышып албайлыбы?" , - деп кайрылышты. Канчасына "Тфай", - деп, канчасына "Жок", деп жооп бердиңиз?
  • Бул сурооңузга жооп бербей койсом болобу?
  • Канча жолу дискотекага бардыңыз эле?
  • Мектепте окуп жүргөндө бир жолу, кийин бир жолу барыптырмын. Ушинтип айтсам кээ бирлери ишенишпейт, тобоо.
  • Апаң ыз дискотекага жөнөтпө й койгондо эмне кылчу элеңиз?
  • Үйдө гүлөр жөнөтпө сө капа деле болчу эмесмин.
  • Кичинең изде ким болууну эңсечү элеңиз?
  • Кичине кезимде жанылыктарды алып барган алып баруучу болгум келчү. Кийин эжекемдей математик, бухгалтер болом деп чоңойгондо ойлорум өзгөрү п кетчи.
  • Сиз 18 ге чыктыңыз деп коёлу. Мектепту жаңы бүттүң үз. Алдыда чоң чоң максаттар бар. Шаарга барып окуп, иштеп, карьера куруп дегендей.. Анан эле жуучу түшүп келип калды. Бала келесоо эместей. Сиз кандай чечим кабыл алмаксыз?
  • Андай болгон, баланы деле мурда көргөм. Апасы (мен аны тааныбачым) мен бир жакка кетип баратсам, атамдын атын айтып үйүн сураса өзүм көргөзү п бергем. Кийин сабактан келсем апам сага жуучу келди. Кечке маал бала келсе таанышып көр дегенде үйгө келбей курбумдукуна кетип калгам. Азыр өкүнбө йм.
  • Сиз күйөө гө тийдиңиз. Өмүрлү к жарыңыз экөөң үздөр бактылуу жашоо кечирип баштадың ыз. Ошол эле убакта сиздин карьераң ыз дагы ийгиликтү ү жүрүп жатат. Акчаны үйдө сиз көп табасыз. Күйөө ңүз ишти таштоону талап кылып жатат дейли. Сиз күйөө ңүздү угат белеңиз же...?
  • Эгерде анын маянасы үй-бүлө өнү кыйналбай бага ала турган болсо макул болмокмун.
  • Күйө өңүз сизди овшум кызганбаса эмне деген бүтүм чыгарасыз? Дегеле кызганычка көз карашыңыз.
  • Кызганбаса өллө кызгандырмакмын :tongue: Кызганыч жөнүндө жогоруда.
  • Куран билесизби? Окуй аласызбы?
  • Башка чапкандай болдуңуз бул сурооңуз менен, эки күн мурун эле бул жөнүндө ойлогом, чын дилимди коюп жаттап алсам болот го деп. Оюмда.
  • Бир нерсеге ишенгениң изди кантип далилдейсиз? Жүрөгү ңүз мененби же ишиңиз же балким, сөзүң үз мененби? Мисал менен жооп берсеңиз.
  • Кудайга ишенип аны далилдөө бул эң чоң жетишкендик болсо керек менимче, бирок мен андай кыла элекмин.
  • Сиз, кудай жалгап намаз окуп баштадың ыз. Күйөө ңүз чоң жерде иштейт. Айталы аким болуп.. Ал талап кылып жатат: "Сенин айыңдан мени жумуштан айдаганы атат. Аялы че то не то..", - деп. "Ошондуктан, намазыңды токтот". Сиз кимди тандайсыз?
  • Эгерде ал күйөө мдүн буйругу болсо аткармакмын анын суранычын. Мени туура түшүнмө йүнчө. Барыбир бир күнү туура эмес кылып жатканын түшүнсө керек. Бирок бул келечекте жооп берилчү суроо болгондуктан, Көп нерсе айта албайм.
  • Кү йөөң үз менен атаңыздын сөзүнү н кимисин биринчи орунга коёсуз?
  • Ал алардын айтылган сөзүнө көз каранды, биринчи электен өткөрү п көрмөкмү н. Анткени экөө тең мен үчүн ыйык адамдар болшат да.
  • Жаң ы эле турмуш курдуңар. Күйөө ңүз окуганы же иштегени алыс жакка кетишине кандай карайсыз?
  • Толугу менен карьерасын өстүрү үсүнө колдоо көрсөтмө кмүн, анан мени да ала кет демекмин ))
  • Машинелү ү болдуңуздар дейли. Алдына отурасызбы же артынабы?
  • Аял киши арткы орундукка отурушу керек экенин жакшы билем.
  • Күн ысып баштады. Ысып азап тартпайын деп шорты кийип жүрөсү збү көчөдө деле?
  • Көчө гө ысыкта кие турган шортыдан башка деле кийимдер бар да.
  • Кайсы китепти кайра кайра окугандан тажабайсыз?
  • Мен кызыккан китебимди ашып кетсе эки жолу окуп чыгам, кайра-кайра кайталагандан тажап кетем.
  • Кайсыл үч китеп сиздин мүнөзү ңүзгө таасирин тийгизди деп айта аласыз? Дегеле китеп сизди тарбиялай алдыбы? Же сиз тарбияны ата-энеден гана алдым деп ойлойсузбу?
  • Мага көбүнчө адамдардын жашоосунан алынган китеп, газеталар түрткү болду деп ойлойм. Албетте китеп менин тарбияма салымын кошо алды. Ал эми так кайсы китептер экени эсимде жок. Эстегендеримдин авторлорун айта алам, Ч.Атматовдун чыгармалары, А. Осмонов жана Джон Кехо.
  • Пластикалык операция бекер кылып жатса кайсы мүчөң үздү оңдоткуң уз келет?
  • Кудай берген келбетиме нааразы эмесмин.
  • Күндү н бүркөлү шү маанайга таасирин тийгизе алабы?
  • Күн бүркөлгө ндө тескерисинче мага жагат. Жаратылыш мени курчагына алып канатына калкалап жаткандай сезиле берет.
  • Кетмен кармап иштеп көрдүң үз беле? Уй саапчы?
  • Бул сурооңуз менин кичинекей кезимди эске салды. Жетинчи класста окуп жүргөндө каникул убагында апам айылда жашаган бир эжеме огородуна жардам берип койгула деп жөнөткө н. Эрте менен 5те турмай, уйкусурап огородго барып, күн карама чапчубуз. Кийин сен чапкан жерлер соолуп калыптыр деп уят кылышкан. Уй сааганды байкем үйрөткө н.
  • Дегеле айыл турмушуна кайра кайткыңыз келеби же шаарга жашап комфотко (ыңгайлуулукка) көнүп калып биротоло "аккол" болуп калдыңызбы?
  • Мен мурда үйдө деле жумуш кылбачым, жеңелерим бар болчу. Бирок шарт ошондой болсо жашайм.
  • Жумушуң уз эмнеси менен кызыктуу?
  • Бул менин убактылуу жумушум. Ошондой болсо да адамдар менен иштегеним үчүн кызыктуу.
  • Диний кандай китептерди окудуңуз эле?
  • Намаз окууну үйрөнү ү деген китеп сатып алгам, бирок окуй элекмин.
  • Хиджабды кийүүгө сизге эмне тоскоол болуп жатат? Же аны "Артта калгандар гана киет" деп ойлойсузбу?
  • Артка калгандар киет деп ойлобойм, болгону мен даяр эмесмин.
  • "Токтогулдуктард
    ын ырчы боло албай калгандары окуу жайга тапшырып кетет" дейт. Эмне үчүн ырчылыкты аркалаган жоксуз? Дегеле ыр-бийге шыктуусузбу?

  • Эгерде менде өзгөчө үн болгондо сөссүз ырчы болмокмун деп ойлойм. Слухум бийге болгон шыгым жакшы эле.
  • Өзүң үз телефондон же агенттен бирөө жарымга тийишкен белеңиз? Эмнеге?
  • Агентке жаңы киргенде кызыгып контакттарды өзүм кошкон учурлар болгон тааныбаган адамдарды. Жинине тийип тийишкен эмесмин.
  • Өлү мгө кандай карайсыз? Ал ошончолук эле жаман нерсеби же ...?
  • Ө лүмдөн корком, анткени намазды окуй элекмин.
  • Эртең өлө турганың ыз белгилүү болсо, (албетте, ал эч кимге маалым эмес, ошондой болсо да берип коёюн) эмне кылмак элеңиз?
  • Өлү п калганча, Кудайдан кетирген күнөө лөрүмдү кечиришин тилеп ыйласам керек.
  • "Бул дүйнөдө жолоочудай жаша" деген даанышмандык кепти кандайча чечмелеп бере аласыз?
  • Бул дүйнөдө өмүр бою калбайсың , ошондуктан адамдардын көңү лүн оорутпай, кийинки дүйнөгө даяр жаша денеги болсо керек.
  • Расул Гамзатовдун айткан сөзүндө й пайгамбарыбыздын (Аллахтын ага саламы болсун) айткан сөзү бар экенин билчү белеңиз: "Силердин эң жакшыңар – аялдарга жакшы мамиле жасагандар" ?
  • Ооба.
  • " Кызга кырк үйдөн тыюу" дейт. Азыр деле күчүндө бү? Же ИТР нын шарданы менен мындай "эскирген" акыл-насааттарды этибар албай деле коё берсек болобу?
  • Азыр деле күчүндө , бирок жакындарым менин жүрүм- турумумду, кыялымды жакшы билишкендиктен өтө эле чектен чыгып тыя беришпейт.
  • Жуучу түшүп келгендир буга чейин. Эмне үчүн отказ кылдыңыз?
  • Ар биринин өзүнү н себеби бар.
  • Сиз төрөлгө н маалда Токтогул району Талас облусуна карап турган болсо керек эле. Же андай эмеспи?
  • Ооба ошондой болчу. Ошондо, сиз экөөбү з жердеш болуп калабызбы?
  • Шоколад, балмуздакка жата калсаңыз керек?
  • Аябай жакынмын таттууларга.
  • " Адам көңү лү - гүл". Сиздикичи? Кантип таарынтсам болот? Жана кантип көңү лүңү здү алсам болот?
  • Мен бир сөздүн мага карата айтылганын анализдеп көрүп анан таарынам, ар бир сөздү көңү лүңө ала берсен ухуу. Бирок тез эле тултуйуп калмайым бар, моюнга алыш керек. Сый-урматың ыз менен.
  • Библияда бир жерде "Оң жакка жесең, сол жаагыңды тосуп бер", а башка жеринде: "Око за око, зуб за зуб" дейт. Сиз кайсынысын тандайсыз? Же өз вариантың ыз барбы?
  • Керсейгенге керсейгин башын көккө жеткенче, ийилгенге ийилгин башын жерге тийгенче. Оң жакка жесең сол жагынды тосуп бергенди түшүнгө н адам түшүнө т. Болбосо сени тебелеп кетиши күмөнсү з.
  • Жашоодо эмнеге таянып чечим чыгарасыз? Эмоция, ой, принцип же эмгиче такшалган эрежелер...
  • Өзү мдүн принциптериме.
  • Ө күнгөнү ңүз...
  • Өткө нгө өкүнбө гөнгө аракет кылам.
  • Көп сүйлөө жакшыбы же унчукпагандыкпы?
  • Орундуу сүйлөгө н жакшы.
  • Кайсыл ишиңизге аябай уяласыз?
  • Анча деле чоң эмес :blush:
  • Жумуштан бир олчойгон ката кетирдиң из. Шеф чыкырды кабинетке. Сиздин абалыңызды өз сөзүң үз менен сүрөттө п бериңизчи. ..
  • Эгерде ал мен тараптан кеткен башка коллегаларыма зыянын тийгизе турган ката болсо өз ыктыярым менен иштен кетирүү сүн сурамакмын .
  • " Эркек бир сүйлөйт" дегендерди сыйлайм депсиз... ммм... А биринчи сөз туура эмес болуп калсачы?
  • Сөз бергенден кийин өзүнү н сөзүнү н аягына чыккан адамдарды айтам.
  • Акыйкаттын жарчысы боло алат белеңиз
  • Жарчысы деген сөз поддержка дегенби? Андай болсо албетте.
  • Журналисттик кесипке шыгыңыз барбы
  • Бар, айрыкча диктор болууга.
  • Эмнеге жашап жүрөсү з? Ой жүгүртү п көрдүң үз беле?
  • Максаттарыма ишке ашырууга, максатым жок болсо жашаштын эмне кереги бар?
  • Кайсыл чөйрөдө өзүң үздү чоочун сезесиз? Же "Илибой чөйрөгө батышып кетем деп ойлойсузбу?
  • Ө зүмдү боюн көтөргө н адамдардын арасында чоочун сезишим мүмкүн, бирок бат эле тил табышып кеткенден кийин атмосфера өзүнө келип калат.
  • Сиз жолугушууга баратасыз. Алдыңыздан кара мышык өтүп кетти. Артка кайтуу керекпи?
  • Ой, ишенбейм андайга.Кете берем.
  • Карыз алган киши бербей жүрөт. Сиздин аракетиң из...
  • Айта албай жүрө берем, бирок барыбир алам.
  • "Эшигин көрүп төрүнө өт". Апаңызга кайсыл сапаттарың ыз окшош?
  • Жини келгенде бетине айтып койгону аябай окшош. А калган кыялдарым атама көбүрө өк окшошот.
  • Ушунча суроодон кийинки мага болгон мамилеңиз (бурчка такаган учурлар үчүн жаман көрсөң үз да түшүнө т..)
  • Мен суроолорго жооп берип атып, ушунун бары оюңузга келгенине таң калдым. Адамга атайын суроо берээрде суроо да ойго келбей калат го. Жакшы суроолор экен, жиним келбей эле, жылмайып отуруп жооп бердим. Негизгиси менин жоопторум сизди канааттандырса болгону. Кээ бир суроолорго толук жооп бере албаганым үчүн кечирим сурайм.

Билдирүүнү түзөткөн: Айзиля: 08 Май 2010 - 14:59

Какшыкты "аябай туура" тушунот экенсиз таксыр! Эшигиниздерди  бекем кулптап алыныздар, ок?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1647 Пользователь офлайн   Айзиля   08 Май 2010 - 15:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 372
  • Катталган: 16 Май 09
  • Соңку аракети: 12 Авг 2010 15:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Akjol
Ооуу суроо калбай калыптыр го.
Айзилия саламатсынбы!
Салам.Кандайсыз?

Бул суроолор бир кыйла ойлонтуп койду окшойт э?
- Ооба, бирок аябай кызыктуу суроолор экен. :)

Буларды окуп кандай абалда калдын?Мен соз таппай калдым мисалы.
-А мен сөз таап, илип койдум. :)


Ийгилик сага!
Рахмат.
Какшыкты "аябай туура" тушунот экенсиз таксыр! Эшигиниздерди  бекем кулптап алыныздар, ок?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1648 Пользователь офлайн   Таллас   08 Май 2010 - 15:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

1. Мультфильмди жакшы көрөө рүңү з койгон аваторлордон улам маалым болду. Телевизордун жаагына айрысаңыз керек?
2. Музыканы көп угасызбы?
3. Форумдун өпкөсү н болсо үзүп жүрөсуз (бекинип болсо да..). Модератор болсоңуз кимди биринчи жазалайт элеңиз. (так жооп керек(!))
4. Оң кол менен сол колдун эмне айырмасы бар?
5. "Батыш деген батыш, чыгыш деген чыгыш"...
6. Кечинде көчөдө жүрөсү збү? Коркпой?
7. Календардан кайсы майрамдарды сызып салууну сунуштайсыз?
8. Саясатка аралашкың ыз келеби?
9. Экономиканы бүтсөң үз окууну улантып, айталы, медик болгонго кандай карайсыз?
10. Фантазия кандай?
11. Кетмен -Төбөлү к чоң атаңыз ырдагандай "Ойноп ал" дегенге амал кылып жүрөсү збү? Же ал бир айтылып кеткен сөз деп эсептейсизби?
12. Тарыхтагы кайсы инсанды татыктуу деп эсептейсиз? Эмнеси үчүн?
13. Каттама жасай аласызбы? (жегим келип кетти..)
14. Азыр эмнени ойлонуп жатасыз?
15. Отуруп ойлонгонго караганда жатып ойлонгон эффективный дейт го..?
16. Кайсы салт жакпайт. Тизмелең изчи?
17. Төлгөгө кандай мамиледесиз?
18. Картагачы?
19. Түшкө ишенсизби? "Жаман түш көрсөң - сууга айт". Жакын арада аккан суу жок. Кранды агызып айта бересизби?
20. Суроолор жадаткан жокпу, ия?

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1649 Пользователь офлайн   Айзиля   08 Май 2010 - 16:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 372
  • Катталган: 16 Май 09
  • Соңку аракети: 12 Авг 2010 15:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

elif
Salam Ayzilya
Салам эжеке.

saga suroolorum tomondogucho:
1.Biroonun konulun oorutup,azirga cheyin okungonun boldubu?Bolgon bolso okuyani kiskacha aytip ketsen.
- Жок андай күн эсимде жок. Бирөөнү н көңү лүн оорутуп албаганга аракет кылам. Жигиттер эле болбосо :) (тамаша)

2.Eger kayra torooluu shansin bar bolso,kiz bolo belen je erkekpi?Emne uchun?
- Кайра шанс болсо мен башымды көтөрбө й окуп кичинемден көп нерсеге жетишкенге аракет кылмакмын. Жынысы мааниге ээ эмес.

3.Biroonun suyunchuno je kaygisina ortoktosh bolup iylaganin boldubu?
- 8-класста болсо керек, бир кошунам аялын "жестоко" уруп атканын көрүп алып, өпкө-ө пкөмө батпай ыйлагам. Көзүмө аябай башкача көрүнгө н окшойт азыр ойлосом. Анан апаман "кызык кызсын го сен, эмне ыйлап жатасын, сени уруп атабы?" деп тил уккам.

4.Senin oyundagiday bir jigit turmush kuruunu sunush kildi deylim,birjaktan chetmamlekette okuu uchun ketishin kerek,kaysinisin tandayt elen?
- Мен окуп келүүгө макул болмокмун, эгерде бешенеме ошол жигит жазылса, кайда болсок да бир болобуз да, бир болбосок ... значить не судьба.

5.Kupuya ishtebegenine (kat kelet,birok joop jazuuga bassan 'error' dep chigip jatat) baylanishtuu (3-4 aydan beri) saga eki jolu ten joop jaza albadim.Maga taaringan joksunbu?
(saga ushul jerden gana baylanisha aldim,kaalasan kupuyaga msn adresini jonot.al jerden suylosholu)
- Капа болом деп унутуп калыптырмын :) . Макул эже, агент менен байланышабыз.

P.S.Ayzilya,birinchi den sooluk,andan kiyin kelechekte ishine iygilik jana dushmandardin kozunu kuyguzgudoy baktiluu bolushundu kaalaym.A jooptordu jazishin uchun saga kuch kubat tileym :D
Рахмат эжеке, үй-бүлө өңүз менен бактылуу болуңуз! :give_rose:

Какшыкты "аябай туура" тушунот экенсиз таксыр! Эшигиниздерди  бекем кулптап алыныздар, ок?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1650 Пользователь офлайн   Айзиля   08 Май 2010 - 16:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 372
  • Катталган: 16 Май 09
  • Соңку аракети: 12 Авг 2010 15:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Таллас
1. Мультфильмди жакшы көрөө рүңү з койгон аваторлордон улам маалым болду. Телевизордун жаагына айрысаңыз керек?
- Мультфильмди жата калып көрбөйм, Шрек менен эле Том и Жерри жагат, кызыктуу го. Телевизорду кичинемден эле көп убакытка көрө албайм.

2. Музыканы көп угасызбы?
- Ооба , тилекке каршы көпчүлү к учурда наушник кулагымда.

3. Форумдун өпкөсү н болсо үзүп жүрөсуз (бекинип болсо да..). Модератор болсоңуз кимди биринчи жазалайт элеңиз. (так жооп керек(!))
- Ммм... өпкөсү н үзөсү ң деңизчи :) . Мен модер болгум келбейт. Мен модератор болсом, ким флуддайт?

4. Оң кол менен сол колдун эмне айырмасы бар?
- Алар барыбир тең эмес :) . Иш аткаруу жагынан айтам.

5. "Батыш деген батыш, чыгыш деген чыгыш"...
- Кыздын кыздай, кыштын кыштай болгону жакшы дегендейби?

6. Кечинде көчөдө жүрөсү збү? Коркпой?
- Өзүм жашаган райондон коркпойм негедир. А башка жакта карангыда жүрө албайм.

7. Календардан кайсы майрамдарды сызып салууну сунуштайсыз?
- Революция күнүн (24-март) и так эле сызышса керек менимче. А калгандары тура берсин. Эс алганга "лишний повод" ))

8. Саясатка аралашкың ыз келеби?
- Кызыгып кетем кээде.

9. Экономиканы бүтсөң үз окууну улантып, айталы, медик болгонго кандай карайсыз?
- Жок мен ушул тармакты эле алып кетким келет, мен журналистикага көбүрө өк кызыгам, ошол тармактан билим алгым келет.

10. Фантазия кандай?
- Билбейм, фантастика кинолорду көрө албайм го.

11. Кетмен -Төбөлү к чоң атаңыз ырдагандай "Ойноп ал" дегенге амал кылып жүрөсү збү? Же ал бир айтылып кеткен сөз деп эсептейсизби?
- Ойноп алайын десең убакыт учкан куш, кийинки нерседен аксап калышың мүмкүн мен ал принципти колдонбойм.

12. Тарыхтагы кайсы инсанды татыктуу деп эсептейсиз? Эмнеси үчүн?
- Тарыхта кыргыз элин алыска тааныткан Ч. Айтматов менен сыймыктанам. Айта берсе көп адамдар бар сыймыктана турган.

13. Каттама жасай аласызбы? (жегим келип кетти..)
- Ммм... каттама жасай албайм.

14. Азыр эмнени ойлонуп жатасыз?
- Кийинки суроолорду.

15. Отуруп ойлонгонго караганда жатып ойлонгон эффективный дейт го..?
-
Ммм... ошондой бекен ээ?

16. Кайсы салт жакпайт. Тизмелең изчи?
- Куда күткөндө кийит кийгизгендери жакпайт, кийилбеген эле кийимдер үчүн канча чыр чыгат, мага тигиндей эле кийгизип койду, дагы бирдеке деген... Кереги барбы ушунун?

17. Төлгөгө кандай мамиледесиз?
- Хе, ишенбейм.

18. Картагачы?
- Жогорудагы жооп.

19. Түшкө ишенсизби? "Жаман түш көрсөң - сууга айт". Жакын арада аккан суу жок. Кранды агызып айта бересизби?
- Түштөр кээде аян берген учурлар болот, ишенем.

20. Суроолор жадаткан жокпу, ия?
- Жок.
Рахмат.

Билдирүүнү түзөткөн: Айзиля: 09 Май 2010 - 09:52

Какшыкты "аябай туура" тушунот экенсиз таксыр! Эшигиниздерди  бекем кулптап алыныздар, ок?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1651 Пользователь офлайн   Mekenimkg   08 Май 2010 - 16:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 394
  • Катталган: 14 Февраль 10
  • Соңку аракети: 08 Ноя 2014 12:27
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

вай салам дося........ сага айабай жакшы суроолорду бериптир иигилик каалайм ардайым чарчабастан жооп берип журо бер
мин уккандан бир коргон артык..... .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1652 Пользователь офлайн   Айзиля   08 Май 2010 - 16:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 372
  • Катталган: 16 Май 09
  • Соңку аракети: 12 Авг 2010 15:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан


Mekenimkg

вай салам дося........ сага айабай жакшы суроолорду бериптир иигилик каалайм ардайым чарчабастан жооп берип журо бер

Рахмаат :)

Билдирүүнү түзөткөн: Айзиля: 08 Май 2010 - 16:59

Какшыкты "аябай туура" тушунот экенсиз таксыр! Эшигиниздерди  бекем кулптап алыныздар, ок?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1653 Пользователь офлайн   Mekenimkg   08 Май 2010 - 17:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 394
  • Катталган: 14 Февраль 10
  • Соңку аракети: 08 Ноя 2014 12:27
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

мммм .. дося менде бир суроо пайда болуп кетти бере салайын :)

жакында жолугушу болот деп атышат ушул жолугушуга келесинби?

келсен эмне максат менен келесин?
мин уккандан бир коргон артык..... .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1654 Пользователь офлайн   Айзиля   08 Май 2010 - 17:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 372
  • Катталган: 16 Май 09
  • Соңку аракети: 12 Авг 2010 15:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

 Mekenimkg

мммм .. дося менде бир суроо пайда болуп кетти бере салайын  :)
Маакул...
жакында жолугушу болот деп атышат ушул жолугушуга келесинби?
Эгер Ошто болсом, барам.
келсен эмне максат менен келесин?Мага суроо берген адамдар кимдер экеен деп барам :)

Билдирүүнү түзөткөн: Айзиля: 08 Май 2010 - 17:11

Какшыкты "аябай туура" тушунот экенсиз таксыр! Эшигиниздерди  бекем кулптап алыныздар, ок?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1655 Пользователь офлайн   Arstan   10 Май 2010 - 07:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 069
  • Катталган: 06 Декабрь 09
  • Соңку аракети: 05 Фев 2024 03:56
  • Жынысы:Эркек

Эмнеге токтоп калды ?
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1656 Пользователь офлайн   Айзиля   10 Май 2010 - 16:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 372
  • Катталган: 16 Май 09
  • Соңку аракети: 12 Авг 2010 15:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

 Аселькин (Бул суроого мен жооп бергендей болдум эле, бирок бул жактан таппай койдум, Асель эже таарынып кала электе жообун кайрадан илип коюуну туура көрдүм)
Саламатсызбы!

Саламатчылык.
1. Азыркы убакта Олкобуздогу орчундуу маселе деп эмнени айтаар элениз?- Учурдагы кырдаалды айтаар элем. :(


2. Кыргызстан Мамлекетибизге Сиздин оюнуз боюнча Президенттик башкаруу керекпи же Парламенттик башкаруубу?

- Парламенттик башкарууну биз кандай кабыл алаар экенбиз деп ойлой берем. Менин оюмча татыктуу президент болсо жакшы болмок. Президенттик башкарууну колдойм.



3. Эгер мумкунчулук болсо, Кыргызтан Жаштарынын Келечеги учун кандай чараларды колдонмоксуз?


- Билимге көңү л бурмакмын.

Рахмат.

Билдирүүнү түзөткөн: Айзиля: 10 Май 2010 - 16:02

Какшыкты "аябай туура" тушунот экенсиз таксыр! Эшигиниздерди  бекем кулптап алыныздар, ок?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1657 Пользователь офлайн   CCCP   11 Май 2010 - 09:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 11 Сентябрь 09
  • Соңку аракети: 28 Янв 2020 13:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек шаары

Рахмат Айзиля, 3 кундон ашык суракка алып кыйнадык окшойт ээ сени....
Эмки конок суйкайган сулуу кызыбыз studentkа болмокчу, суроолорду узата бергиле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1658 Пользователь офлайн   Айзиля   11 Май 2010 - 09:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 372
  • Катталган: 16 Май 09
  • Соңку аракети: 12 Авг 2010 15:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Цитата

Цитата(CCCP @ 11.5.2010, 9:42)Рахмат Айзиля, 3 кундон ашык суракка алып кыйнадык окшойт ээ сени....
Эмки конок суйкайган сулуу кызыбыз studentkа болмокчу, суроолорду узата бергиле.

Үч күн кыйналбай эле аябай чер жазышып, сырдашкандай эле болдум. :) Мага суроо берген форумчулардын бардыгына ыраазычылык билдирем. Анан дагы кызыктуу жана татаал суроолору менен айырмаланган Таллас менен Kom мырзаны белгилей кетейин. Studentkaга ийгилик каалайм. 

Билдирүүнү түзөткөн: Айзиля: 11 Май 2010 - 10:07

Какшыкты "аябай туура" тушунот экенсиз таксыр! Эшигиниздерди  бекем кулптап алыныздар, ок?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1659 Пользователь офлайн   kom   11 Май 2010 - 10:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 373
  • Катталган: 16 Январь 09
  • Соңку аракети: 23 Мар 2021 11:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗ жыттуу айыл

Таакс... Салам Студентка! Алдыдагы үч күндө ийгилитерди калоо менен суроо көчүн өзүм баштап коеюн:

1) Өзүң жөнүндө кичине айтып берсен?
2) Неге ниги "студентка" ?
3) Өзүң ө жаккан жана жакпаган сапаттарын?
4) Кайсы кылыгын жан эргитет?
5) "Кыз кылыгы менен" дегенге көз карашың?

Азырынча ушулар... Дагы ойго келе калса жазып коем. Агаг чейин ийгиликтер коштосун...
Cен бул ааламда жалгыз болсон, бироо учун буткул ааламсын...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1660 Пользователь офлайн   Таллас   11 Май 2010 - 11:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Саламатчызбы, Студентка эжеке! Келип калыпсыз. Мен бүгүнчө бир суроо берип турайын. Анан элдин суроосу түгөнгө ндө...

"Куру кайрат баш жарат" деген макалдын чечмеленү үсүн сизден билгим келип жатат.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстан
  • Кийинки тема →

  • (639 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 81
  • 82
  • 83
  • 84
  • 85
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 16 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 16, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 08 Авг 2025 18:53

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: