Суперстан: Мезгил бизге багынат - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (8 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Мезгил бизге багынат Мезгил бизге багынат

#81 Пользователь офлайн   Mydearzh   31 Июль 2018 - 13:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 883
  • Катталган: 18 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 23:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жакшы адамдар арасы...

:гезит: Кутуп жатам, Данек эже...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#82 Пользователь офлайн   blackStar   31 Июль 2018 - 14:47

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 89
  • Катталган: 10 Октябрь 17
  • Соңку аракети: 22 Дек 2018 16:54

мындай азапты эч кимдин башына салбасын...улантыңыз Суши эже
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#83 Пользователь офлайн   Bazana   31 Июль 2018 - 15:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 605
  • Катталган: 20 Март 16
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:39
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Татарстан

aszyma (30 Июль 2018 - 23:04) жазган:

Ади менен жолукканда жатып алган да акыркы күнү. Адинин кетер күнүндө. Башыда жазган экөөнүн жолукканын.

Чыдабай кетишип деп кой ))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#84 Пользователь офлайн   Sushi_wok   31 Июль 2018 - 19:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

-Эми эмне кылмакчысын?
-Торойм!
-Албетте торойсун, мен муну айтканым жок?
-Адилетке айтпайм!
-Эмне учун?
-Эмне деп айтам?
-Ачыгын эле айтасын!
-Азыр убактысы эмес.
-Качан болот убактысы?
-Э токтотунузчу, менин жашоомо аралашкандай, сиз кимсиз озу?
-Эч ким эмесмин!
-Анда озумо коюп бериниз!
-Бала тарбиялоо , оной деп турасынбы?
-Сиздин ишиниз болбосун!
Марал арышын кере'кере таштап, Кубаттан алдыга озуп, басып кетти.
Марал бир чети коркуп турганы менен, бул наристени, Жараткан тараптан берилген белек деп тушунду.
Кандай кыйынчылык болбосун, жарык дуйного алып келет.
Биринчи эле, банктык эсебинде канча акчасы бар экенин эсептеди. Бала торолгончо, анын келечегине кам коруу керек. Убактылуу жумуштан чыгууга болбойт, азырынча иштеп турса, калганын коро жатаар?
Жумушка бат оту менен киришти. Жашоодон умуту узулуп калган мезгилде, турмушунда болгон чон озгоруу, муну кайра озуно кайтарды. Эми озу учун эмес, наристеси учун, бул жалган дуйнонун бардык сыноосуна туруштук бере алат. Анткени эми коодонундо бир эмес, кош журок согуп баштады.
Жалгыздык жерге кирсин! Жалгыздык эч кимдин башына тушпосун, себеби, канча аракет кылбасын, жалгыздын иши жалгыз экен го?
Ичи билине баштагандан тарта кыймылы оордоп, жумуштан чыгууга туура келди.
Эми кайда барат? Баланын жакшы жетилуусу учун да, кенен ичип, кенен жеш керек. Бирок сынууга болбойт. Мумкун болушунча озун сабырдуу кармап, коп ойлонбогонго аракет кылды. Кантип эле ушунча чон шаарда , кароосуз калып кетсин?
Жай басып, оорукананын короосунан чыгып келе жатты. Бугун озун караган дарыгерге жолуккан эле. Баланын да, озунун да денсоолугу жакшы экенин угуп, маанайы которулуп калды. Ичин сылап, "эне" деген жоопкерчилик, ары туйшуктуу, ары жагымдуу экенин, жон териси менен сезип турду. Эмнегедир уйго баргысы келбей, бак аралап басып кете берди. Балбалактап жааган кар, улам жузуно тийип, ээрип жатты.
Буйруса аз калды, "Олбогон жанга жаз келет"дегендей, дагы бир аз чыдаса жаз да келет. Эмнегедир айлана мунун каршысын айтып жаткандай. Жай жааган кар улам кобоюп, борошолоп кирди. Аз'аздан туман да каптай баштады.
-Биз карды жакшы корчу элек Адилет, кар жааган куну экообуз аябай суйунчубуз. Мени карга тоголото коюп, озун жыргап кулчусун! Озу да тоонун арасында жааган кар, уч кун болмоюнча басылчу эмес да? Аттин, азыр жаныбызда сен болгондо, кандай гана кубанмак элен?
Коптон бери телефонун карабай койду эле. Азыр ачып караса Адилеттен кат келиптир:
"-Акмарал, мейли бир ай, бир, беш, он жыл, балким андан да коп убакыт отсун, мен баарыбир сен учун кайрылам! Мен созсуз сага кайрылып барам!" .
Марал коз кычыгына келген жашты колу менен суртуп алды:
-Мен ыйлабайм, менде баары жакшы! "Адилеттен ажырап калса, жалгыз калбасын! "деп, кудайым мага сенин бир болугунду берди, мен жалгыз эмесмин жаным! Мен кучтуу болом, бирок озгорбойм, мына коросун, канча мезгил отпосун, мен ошол сен суйгон Марал бойдон калам!
Озу менен озу суйлошуп олтуруп, уйго келип калганын байкабай калыптыр. Тепкич менен которулуп,колдору ушуп кеткенинен, кулпусун чонтогунон ала албай убараланып жатты:
-Капырай, эмне болуп жатам?
Артынан бироонун басып келе жатканын байкап, артына бурула калса Кубат экен. Коптон бери корушо элек болчу:
-Сиз белениз?
-Кандайсын карындашым?
Кыз колдорун эки жака жайып, жылмайды:
-Биз жакшыбыз, озунуз коруп турганыныздай!
Журунуз ичкери, коптон бери жалгыз жашап жатам!
Кубат кыздын артынан кирип, отургучтардын бирине коомай олтурду:
-Эмнеге кабарын жок болуп кетти?
-Жакшы журом, сизди да кабатырга кое бербейин дедим!
-Ал эмне кылганын, сенин мага оорчулугуну тийген эмес эле го?
-Билбесем, айтор ошентип ойлодум!
-Карындашым, мен кетип жатам?
Марал коздорун бакырайта тиктеди адатынча:
-Кайда?
-Мен озу бир жерде копко турбайм, ачыгы, сага каралап, бул жерде копко кармалып калдым!
-Биротоло кетип жатасызбы?
-Жок, балким кайра келээрмин, балким ушул бойдон мекенибизге кайтаармын?
-Ушундай денизчи?
-Журу мени менен?
Кыз жооп бербеди. Анын ордуна ушкуро тетири бурулду. Эки ийни булкулдоп, ыйлап жатканы билинди.
Кубат ушул, коздору, аты айтып тургандай эле, жаралуу маралдай жалжылдаган, кичинекей, ушул акыбалына да карабай ичи томпоюп, энелик жукту которуп жургон кызга, бир чети боору ооруса, бир чети суктанып турду. Анын да жардам берээр башка жолу жок болчу:
-Мен барбай десем эмне болот ага?
-Сен жалгызсын, баарыбир кимдир бироонун комогу керек го сага?
Жакында коз жарсан, анан кантесин?
-Мен сизден карыздар болуп калууну каалабайм!
-Сен менден эч качан карыз болбойсун! Соз берем сага, бул сезимди сен эч качан туйбайсын, ал тургай эстебейсин дагы!
Кыз да алдынан башка жол коро албады. Кетууго мажбур болду:
-Макул, кайда барабыз?



****

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 31 Июль 2018 - 20:04

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#85 Пользователь офлайн   Merelisha   31 Июль 2018 - 21:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 430
  • Катталган: 29 Июль 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 11:13
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош&Жалал-Абад

анан?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#86 Пользователь офлайн   Sushi_wok   31 Июль 2018 - 22:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

***

Шанхайдын так борборунда жайгашкан торот уйу!
Марал ооруудан жаны козуно корунуп, узун коридордо басып журот. Уч кундон бери ушул абал. Ар саатта кучтуу толгоо келет, кайра басандап калат. Бугун туштон баштап, ар жыйырма мунотто кармап, ичинен "кудайлап" бул азаптын бутуусун тилеп жатты. Ооруканага алып келген Кубат, ичкери кирбей сыртта кутуп турду.
Басууга дарманы келбей, тизелеп отуруп калды. Жылуу мамиле, ийкем кыймылдаган медайымдар жанынан чыкпай, ар бир кыймылын козомолго алып турушту. Алардын чулдураган тилине анчейин тушуно бербеген Марал:
-Деги мен торой аламбы? деп, ар кимисине бирден жалдырайт.
Кыйналуунун да чегине жетти окшойт. Креслого чыгарган дарыгерлер, кызды тегеректеп калышты. Адамдан адам чыгышы, мынчалык оор экенин мурда билбеген экен. Адам баласы оз башыбызга тушмоюнчо, эч нерсени билбейт экенбиз го?
-Аай! Аппаа!
Ачуу оорудан бир эсин жогото, кайра озуно келген Марал, кечке жуук гана коз жарды. Коздору али ачыла элек, кызыл эт ымыркайды кокурогуно жаткырганда, Марал бардык тарткан азаптарын унута тушту. Жагымдуу сезим бут боюна тарап, нымшып тердеп чыкты. Колу менен аяр кармай:
-Наристем, жашоом менин! Мен сени коруп, оз апамды кечирдим! деди шыбырай.
Кыз экен! Чарылдап ун салып, кокурогундо тарбаландап, эмшиндеп эмчек издегендей оозун кыбыратат:
-Кызым! Сен дуйнодогу эн бактылуу кыз болосун, мына коросун, сенин бактын учун, мен колумдан эмне келсе, ошонун баарын жасайм!
Марал тороп тушкондон кийин, ооруканада бир топ жатып калды. Катуу кыйналып калган экен,керектуу дарыларды алып, озуно келгенче, он кундон ашык убакыт отуп кетти.
Кызына Таттыгул деп ысым ыйгарды. Анткени Адилет ар дайым, "Эгер кыздуу болсок, сени тартып ширин болсун!" дей берчу. Ошону эстеп, ууртунан жылмайып алды.
Кубат Маралга озунчо уйго шарт коюп берип, эртели'кеч гана кабар алып турат. Керектуу жардамдын баарын берди, бирок бир да жолу " сен мыкты аялзатысын, сендей, суйууго туруктуу адамдар чанда кездешет, сен мага жагасын!" деген соз, тил учуна нечен ирет келсе да айта албады.
Ал созуно турган адам болчу, демек бул жолу да ошондой болот!

***

Адилет Маралга жолугуп келгенден кийин, туп тамыры менен озгорду. Коп учурда, суйлогон созду да укпай, коз алдын телмире тиктеп, туруп калчу:
-Эй, мен сага суйлоп жатам, оюн кайда сенин?
-Эмне дейсин?
Сайкал жиндене ордунан турду:
-Уфф, ушунча созду кимге суйлодум?
Жулкуна басып кетип калды. Жигит Сайкалдын артынан карап, тушунуксуз кулуп койду:
-Сен эмнени тушунмок элен, сен да мага окшогон бир байкушсун да?
Адамдар жетпей калган суйуусун унутуп жиберууго тырышса, а Адилет кайра аны эсинде, кобуроок сактаганга аракет кылды. Ойлоп корсо, бул жашоого болгон кызуугусу,омуруно азык болчу нерсе, бир гана ушул жанда тура!
Бирок аттин! Оздорунон башка бул сезимди, эч ким тушунбой койбодубу, ал тургай кайра оздорун куноолошту. Кайдагы суйуу дешти. Башкаларды тим кой, кыз да артка чегинип туруп албадыбы? Ал жигитти, ожорлукто айыптады. Эч кимге моюн сунбаган кок бет деди. Адилет болсо , ага бул жашоонун манызы экенин,ансыз жашай албастыгын далилдей алба койду.
Мына акыбети! Экоо турмуштун эки жээгинде калды, бирине'бири кол сунуп, талпынышса да жете албайт. Атасы мурдагыдан да катуу кармай турган болуп алды. Уулунун Маралга жолугуп келгенин билип калып, уйдо чон уруш болду, Сайкал торкундоп кеткен болчу:
-Эсинди жыйып алгын балам, мен сени ушундай акылсыз, атанын созун укпаган адам болсун деп чонойттумбу?
Адилет аргасыз баш чайкайт:
-Сиз деле жаш болгонсуз го, эмнеге мени тушунбойсунор, эмнеге?
-Сени эн жакшы тушунуп турабыз, эми ага чапкылаганынды токтот, Сайкал да бироонун баласы!
-Марал деле ошондой бироонун баласы болчу, негизгиси биз экообуз тен бирибирибизди жакшы корчубуз, эмне жамандык кылды ал силерге?
Атасы ачуудан тууттугуп,созду бутургончо шашты:
-Экинчи кайталанса, менден жакшылык кутпо, же бизди тандайсын, же биротоло топурагымды туйуп берем!
Мунун баарына ким куноолуу деги?
Мындай тирешуу канчага чейин созулат эле ким билсин, эгер ошол окуя болуп кетпегенде?
Тан эрте ордунан турган Адилет, конулсуз, шаймандарын жыйнап жатты. Бугун тоодон жыйналган чопту алып келмек. Жандуйно оорусу кыйнап, баарына кол шилтеп, коз коргуз жакка кетип калууну кааласа да, тиригилик деген нерседен чыга албай, ата'энесин да таштап кете албай, чайналып турат. Жардамга досторун чакырган эле.
Алар да куттурбой, бат эле келип калышты. Эртен мененки чайды ичип, жоноп кетишти.
Кечке чейин келип калышмак эле, эмнегедир кечигишти. Сайкалдын да чала'була кууруй салып, жасаган тамагы муздамак болду. Атасы улам жол карап, тынчсызданып жатты.
Алыстан катуу чаап келе жаткан атчан корунду. Туура эле уйду коздой келе жаткан сыяктуу. Айылдаш иниси Курман экен. Аттын оозун жыйбай эле короодон бери кыйкырды:
-Оой ким бар уйдо?
Адилеттин атасы шашкалактап, кепичин кийе сала алдынан чыкты:
-Кел иним, жайчылыкпы?
-Жайчылык болсо,ушинтип келмек белем жарыктык? Уулунуз болуп, чоп жуктоп келе жаткан чон унаа, тиги Тик-Белден ашаарда аварияга учураптыр, коргондор айтышты. Мен инимди ал жака жонотуп, озум мында чаптым, ооруканага кабар кылып, тезирээк барыныз аба!
Ата журогу тыбырчылап кетти. Заматта кулагы чуулдап, тизесинен куч кетип, жер таянды:
-Уулум!
Бурма оозун баскан бойдон унсуз. Сайкал болсо казанын кармаган бойдон, оозуно соз келбей жалдырайт.
Чапанын кийе сала, атын башка'козго койгулап, атчандын артынан жоноп калды ата! Жакшылык эле болсо экен, убагында жетип барса экен эми!




***

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 31 Июль 2018 - 22:23

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#87 Пользователь офлайн   aytunuk   31 Июль 2018 - 22:53

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 253
  • Катталган: 16 Июнь 14
  • Соңку аракети: 01 Сен 2021 17:03

дагы көбүрөөк жазгылачы аман калса экен
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#88 Пользователь офлайн   Shokoladka94   31 Июль 2018 - 23:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 622
  • Катталган: 26 Март 14
  • Соңку аракети: 19 Июл 2021 20:12
  • Жынысы:Аялзаты

Адик олбо!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#89 Пользователь офлайн   Merelisha   01 Август 2018 - 00:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 430
  • Катталган: 29 Июль 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 11:13
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош&Жалал-Абад

ушул чыгарма бутпосо экен. . .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#90 Пользователь офлайн   Rozinda   01 Август 2018 - 01:30

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 162
  • Катталган: 30 Апрель 16
  • Соңку аракети: 23 Сен 2018 16:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Ар 5мин сайын кирип кароо адат болуп калдыгоо
Альхамдулиллах мен бактылуумун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#91 Пользователь офлайн   Liliya80   01 Август 2018 - 08:10

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 51
  • Катталган: 25 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 12 Фев 2019 15:07

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#92 Пользователь офлайн   Mydearzh   01 Август 2018 - 12:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 883
  • Катталган: 18 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 23:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жакшы адамдар арасы...

:гезит: Уландысы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#93 Пользователь офлайн   Liliya80   01 Август 2018 - 13:07

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 51
  • Катталган: 25 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 12 Фев 2019 15:07

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#94 Пользователь офлайн   bikusim   01 Август 2018 - 14:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 492
  • Катталган: 21 Январь 15
  • Соңку аракети: 22 Фев 2022 21:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Сайкал мененби Марал мененби, негизгиси бактылуу болсо болдуго. Ата энеси деле кызык адамдар экен баланы чунчутуп салышты. Бала деле ожормун дейт. Кана ожор, айтканынан кайтпаган адам болсо кармап калбайт беле бакытын. Баш ийип эле бердиго баарына.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#95 Пользователь офлайн   ikitaidesu   01 Август 2018 - 14:41

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 107
  • Катталган: 27 Март 11
  • Соңку аракети: 03 Сен 2019 03:17
  • Жынысы:Аялзаты

Адилет чечкиндүү боло албады
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#96 Пользователь офлайн   blackStar   01 Август 2018 - 15:49

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 89
  • Катталган: 10 Октябрь 17
  • Соңку аракети: 22 Дек 2018 16:54

Адилетке кыйын болду. Ата-энеси кандай түшүнбөгөн адамдар..тообо***
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#97 Пользователь офлайн   Sushi_wok   01 Август 2018 - 17:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Суйгон журок чын эле сезет корунот. Адилет оор абалда ооруканага жеткирилген туну, Маралдын тушуно Адилет кирип, чоочуп ойгонду. Чекесинен кеткен тер чыпылдап, жаздыгын да кошо суулаптыр. Туруп эле кызына энилди. Уктап жатат болпоюп. Журок тушун кармап копко отурду. Акыры чыдабай, ашканага чыгып суу ичип, бетин муздак сууга чайкады.
Тушунуксуз сезим денесин бийлеп, муундарынын титирегени озуно даана билинип жатты:
-Жакшылык болгой эле, деги тынч болсон экен, эмне мынча тынчым жоголду, коптон бери тушумо да кирбей койдун эле?
Кызын эмизип, тан аппак болуп согулгончо козуно уйку келбей, чекчейип жата берди.



***






Оор операцияны башынан откоргон Адилеттин, бугун ооруканада жатканына он кун болот. Ошол куну болгон, каргашалуу окуядан бел омурткасы жабыркап,буттары эч нерсени сезбей, жансыз абалда!
Дарыгерлер жигиттин ата'энесине, бардык нерсеге даяр туруусун эскертишти. Шумдукту угаары менен Жылдызбек да жетип келди. Дарыгерлер менен суйлошуп, озуно келээри менен, Республикалык ооруканага которуп, ал жактан озум карайм деген чечимге келди. Озу менен болуп журуп, инисинен бир топ алыстай тушконуно ичи ачышты. Атасын караса, тунжурап жерден козун албайт. Сыртынан каардуу корунуп, ар дайым баласын бекем кармаган ата журогу сыздап жатты. Ананчы? Кайсы ата баласынын мындай абалына чыдап тура алсын?
Куноо озундо экенин сезип жатса да, азыр колунан эч нерсе келбейт болчу:
-Ата, журунуз, бул жерде отура бергенден пайда жок! Жылдызбек экоо ээрчишип, оорукананын алдындагы орундуктарга келип олтурушту:
-Жылдызбек, абалын кандай уулум?
-Ата, менин абалым сизге белгилуу го, баары жакшы менде!
-Адилет озу коптон бери башкача болуп жургон, айтканды да укпай, кежирленип калган!
-Эхх! Ал эн сонун перзент болуп берди сага ата! Мага окшоп, уйдон баш алып чыгып кеткен жок, сени укту, сени сыйлады, мына эми олум тошогундо жатат, дагыда ага нааразы болуп турасынбы?
-Мен..
-Ооба, сенин эмне дээринди билем, бирок бир да жолу сен озундон ката издеген жоксун атаке! Анткени сен,эч качан ката кетирбеген, чынчыл адамсын!
А бизчи? Азыр биздин бул абалга тушуп калганыбызга чын'чынында келгенде сен куноолуу экенинди моюндасан боло?
-Жылдызбек?
-Кечир ата, мен бул создорду сага алда качан айтышым керек болчу, бирок мен да коркоктук кылдым! Бактыбызга, иним бутка туруп кетсин, калганы кечиримдуу!
Жылдызбек атасынын башка созун кутпостон, ордунан турду:
-Мен кеттим, жакшы калыныз! Атасы аны узата тиктеп кала берди. Азыр чон уулунун создору таамай айтылгандыктан, жандуйносуно тикенек болуп сайылды. Бирок чындыкты айтты ал.
Ооруканадан чыгып, уйуно конулсуз келди:
-Эмне болду, Адилет озуно келдиби?
Ата ачуулуу бурк этти:
-Озуно келсе ушинтип келмек белем?
-Эмне туноросун, болоор иш болду, аман калганы чон нерсе эмеспи?
Бурул нааразыдай суйлонду.
Сабырдын да жеткен чегине келип калган белем, куйоосу чарт жарылды:
-Болоор иш болду имиш, ушунун баарына сен куноолусун!
Бурма да беттен алды:
-Ооба, баарына мен куноолумун, сен дагы балдарына кошулуп, аппаксынар!
-Деги сенден коро турган болсом, коруп буттум, бери кел!
Бурманы жулкулдатып сабап кирди. Озун кармана албай, жаактан нары сала берди токтобой. Аялынын уну кудайга жетип, ызычуу тушуп эле жатып калышты. "Борунун карыса да бир койчолук алы бар"дегендей, карып калса да, али куч кубаттан кете элек экен. Аялына, колу тийген жерлери когоро тушуптур:
-Адилеттин аман калышын кудайдан тиле, эгер бул балама да бирдеме болчу болсо, менден жакшылык кутпо, сени оз колдорум менен мууздап салам,канчык! Сенин тилине кирип, ушул маалга чейин жургон мен акмак!
Ачуудан ону когуш тартып, камчысын буктой кармап сыртка чыкты.
Мындай экенсин,эртерээк эле эсине келсен болбойт беле?

Адилет коздорун ачты. Озунун каерде жатканын тушуно бербеди. Бут денеси озунуку эместей, кыймылдайын десе, ага да акыбалы келбейт.
Эсине биринчи тушкон Марал болду. Анткени уктап жаткан мезгилинде, (же тушундо десек туура болобу), Марал менен бирге журду. Анын жылуу колдору жузунон сылап, андан урган жыпар жыт, канылжаарын жарат. Улам эле колунан кармап, ойдо тартат, Адилет ойдо болоюн дейт, тура албайт. Бул абалына кыжыры келип, кабагын буркосо да, Марал жылмайганын жазбай, колунан тарта берет. Анын элеси менен алышып жатып эсине келди:
-Асылым! Сага жете албай жургонум учун кечирчи! Менден отуп сагынганын учун тушумо кирдин, аз калды чыда, ордуман туруп эле сага барам!
Бул создорду суйлодум деп ойлогону менен, уну чыккан жок. Тандайы кургап, тили оозуна батпай куудурайт.
Копко эмне болгонун боолголой албай, коздорун ачып'жумуп, жата берди.
Эшик ачылып, ак халатчандар кирип келишти. Козуно жарык жандырышып, бир катар суроолорду берип коруп, абалын тушунушту окшойт:
-Кудайга айтканыбыз бар экен, жигит кайтты, палатага алабыз!
Бул кабарды уккан ата, кубанганынан коздору жашка толду:
-Рахмат сага Жараткан, уулумду кайтарып бергенине рахмат!





****
Мына, Адилетти "жулунунон оор жаракат алган, омуртканын нерв клеткалары иштен чыгып, белден ылдый иштебей калган, мындай шартта, операциянын да ийгиликтуу отушуно кепилдик бере албайбыз! "деп, дарыгерлер уйго чыгарып койгонунан бери, эки жылдан ашуун убакыт отту.
Атанын коз алдында уулунун омуру соолуп баратты. Майыптардын арабасына мыкталган Адилеттин абалы, коргон адамдын сай'соогун сыздатат! Жапжаш! Мындай кырчындай мезгилинде, кармаган жеринен кан чыгара турган убагында, эч нерсеге жарабай, олуу менен тируунун ортосунда калып кетет дегендик, эмне деген шумдук?
Жылдызбектин барбаган жери, туртпогон эшиги калбады. Ал бир тууганынын мындай корунушуно чыдай алмак эмес. Каражат маселесинен сырткары, бул операцияны жасай турган татыктуу адам таба албай кыйналды. Бирок умутун узбой, ожорлонуп, аракетин токтотподу. Озум карайм дегенине атасы конбой, айылга алып келе берди. Эгер Жылдызбек алып калса, озунун мойнундагы куноосу ого бетер оорлошмок. Адилеттин козуно карап, жаны кыйналып кетти атанын, анан кантсин ?
Сайкал да озгорду. Адилетти сыртка алып чыгып, кайра алып кирип, тошончусун алмаштырып, кирин жууп, эртели'кеч анын тамагын берген,ага ото кыйын сезилди. Кекетип жатып, зорго ордуна алып барат.
Адилет озун таштап койбоду. Озуно жасалып жаткан мамиленин бирине да конул бурбады. Азыр анын бир гана максаты -Маралды коруу! Анын нурдуу жамалын бир коруп, колдорунан гана тутуп алса, эч качан кое бермек эмес, эч качан! Озун жашоодо кармап турган жападан жалгыз умуту ушул!
Маралдан жооп болбосо да, куну'туну каттарды жолдойт. Ойлор кыстаганда, кызга арнап, турмок'турмок ырларды жазат. Бул анын тагдырына моюн сунуп, биротоло чогуп кетпесем экен деген аракети болчу. Андан башка эч нерсеге кызыгы калбагандай. Сайкалдын создоруно деле капа болбойт, эмнеге капа болсун, эми аны, жок эле дегенде эркек катары кумарын кандырып бере албаса? Анын айтканы деле туура!
Бурма унчукпайт. Куйоосу менен да суйлошпойт. Бул уйдогу мындай кырдаал канчага чейин ушул бойдон кете бермек?
Адилет туну менен уктабай, туйшолуп чыкты. Адатынча, кабагы буркоо келе жаткан Сайкалды, жигит колунан кармап токтотту:
-Сайкал, журу мени эшикке алып чыкчы?
-Кое тур, шейшептеринди алмаштырып коеюн?
-Кереги жок!
Кол арабада отуруп, асманды тиктеди. Артынан турткон Сайкал токтоп калды:
-Уйдон алыстап кеттик, бугун конокторум келет, ошого батыраак эле кайта берели?
Адилет жылмайды:
-Сайкал, мен сага ыраазымын! Озу башында биздин турмуш курушубуз, кереги жок нерсе болчу, озун баарын билип турасын. Эми турмушубуз эки башка, сенин жолун бош!
Сайкал аран оозун кыбыратты:
-Тушунгонун учун рахмат!
-Эч нерсе эмес, мени ушул жерге таштап кете бер, бугун кун салкын, бираз отурайын?
Мынакей, ата'эненин укмуштуудай жакшы, айтканын эки кылбай аткарып, баласын бактылуу кылчу келини! Жада калса бирооз, "кетпейм" деп айта албады го?
Сайкал артыкча соз айтпай кетип калды. Ал деле озу зорго тургандай. Суйуусуз турмуш, анын устуно Адилеттин абалы, анын оюн алда качан эле бузган болчу!
Уйго келип эле буюмдарын салыштыра баштады, аны коруп кайненеси артынан кирди:
-Сен кайда?
-Уйумо!
-Эмнеге?
-Уулунар кет деди, албетте, эми мени кармай турган , силерде эч кандай негиз жок, кетем!
-Токто балам, шашылба! Адилетти билбейсинби ?
-Ошол билгеним учун да кетип жатам, жолтоо болбонуз!
-Чыдасан, баары жакшы болуп кетет Сайкал?
-А мен жаштыгымды, бир майыпка байлап алып откоргум келбейт, менин да бактылуу болууга акым бар!
Мунун баарын ата угуп турду. Акыры ушундай болоорун сезип эле жургон. Тамагын кыра ичкери кирди. Сайкал кайнатасынан да тартынган жок. Полду дункулдото басып, керектуу нерселерин чогултуп жатты:
-Кетсен кет, биз сага эч кандай куноо кое албайбыз, Адилет кайда?
-Ал суунун боюнда калды!
Атанын журогу опкоолжуп кетти:
-Эмне? Эмнеге аны жалгыз таштап баса бересин?
Шаша эшикке чыгып, Адилет отурган тарапка жугурду.




...

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 01 Август 2018 - 17:46

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#98 Пользователь офлайн   Mydearzh   01 Август 2018 - 17:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 883
  • Катталган: 18 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 23:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жакшы адамдар арасы...

Адилет акылсыздык кылбаса экен...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#99 Пользователь офлайн   Sushi_wok   01 Август 2018 - 19:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

****
-Таттуу?
Апасынын бул унун уккан кыз, серен эте башын которуп, кубанганынан коздору жайнай тушот:
-Апа кейди, апаа!
-Апан келдии!
Марал кызын бооруна басып, сербейген жумшак чачтарынан моокуму кана жыттайт:
-Охх жытынан ушу кызымын!
Нары'бери уй окаттарын бутуро салып, бала багуучусуна уйуно жооп берип, кызын жетелеп сыртка чыкты. Кун салкын!
Бугун Кубат келмек эле, ошону куткончо, кызы менен парк аралап, ойноп журушту.
Бир убакта телефонуна чакыруу келип, кызын бир колуна которуп, бир колу менен трубканы которду:
-Ало ага?
-Уйдо жок экенсинер го?
-Биз ар дайымкы жердебиз, келе бериниз!
Кубат Маралды коруп, кол булгалап койду. Ал коптон бери жумуштары менен эки жакта болуп журуп, кызга жолуга элек болчу. Анын устуно ал да озун кенен сезсин деп, коп келе берчу эмес. Акыркы жолу чет жака чыгып, Маралдын суранычы менен, Бишкеке да барып кайткан. Бугун да ошол себептен , атайын кызга жолукканы келген:
-Кандайсынар, чоноюп жатасынарбы?
-Ооба рахмат, тынч'аман келдинизби?
-Жаман эмес, озундочу, жумушуна конуп калдынбы?
-Конуп баратам аз аздан!
-Аа ошенткенин дурус! Бул жердегилердин баары мээнеткеч бекен?
-Ошентсе да болот. Баарынан да техниканын кучун айтын, адамдары башкарып эле олтурушат!
-Тилин конуп калдыбы?
Марал кулуп жооп берди:
-Ооба да, айла жоктон да кондурушко туура келет экен. Чулдурап журом.
-Кытайлардын чыгарган нерселери сапатсыз деп, баары жаман корушот. Бирок булар эн таза нерселерди ондуруп чыгарышат. Кайра иштеп чыгаруу боюнча, коп мамлекеттерден алдыда турат. А бизге болсо, жалан эскилери, таштандылары жетет. Аны да озубуздукулор орто жолдо талап'тоноп, чек арадан откорбой, арандан зорго алып барышат. Анан эле ким жаман, Кытай жаман деп, чыга келишет.
-Туура айтасыз, коп нерсени уйронсо болчудай экен булардан. Ага менин суранычым эмне болду?
Кубат саамга ойлоно тушту:
-Журу, уйго эле барып суйлошолу, эгер каршы болбосон?
-Менимче ушул жер жакшы!
-Мейли озун бил!
Экоо орундуктардан жай алышты:
-Апана жолуктум, кабарынды айттым. Ал коп нерсе сураган жок, жон гана сенин келишинди суранды. Чон энен ооруп жатыптыр, тынбай сени сурап жатат дейт.
Марал солк эте тушту. Коптон бери моюнуна албай жургон эле. Акыркы кундору коп ойлоп, чон энесин сагынып жургон болчу. Озу да карып калды байкуш, ал жашоодогу эн жакшы коргон адамы эмес беле? Коркуп кетти. Кайра корбой каламбы деп, коркуп кетти!
Эмне кылса, кимден, эмнеге качып журот озу?
Жанында томпондоп ойноп жургон кызын карап ойго батты. Тынчтыкты Кубат бузду:
-Менимче барышын керек, бардык нерсе артта калды!
-Ага, сизге чон рахмат, мен сизден эки дуйно карыздармын!
-Сен эч качан карыз болбойсун десем деле, ушул созду айта берет экенсин да?
-Мен чын журоктон айтып жатам!
-Билем!
-Ага мен кайтам!
-Мен ар дайым сени колдогонмун!
-А сизчи?
-Менби?
Кубат Таттыгулго карап куло суйлоду:
-Мен экоонду алып барып келейин, баарыбир кыргызбыз, эл бар, журт бар дегендей. Ашыкча создор чыгат, ошого, сени менен кошо баруума уруксат бер! Анан ошол жактан коштошобуз!
Марал, ушул кен пейил, озголордон айырмаланып жонокой, куулугу жок инсанга ичинен мин кайталап рахмат айтып, ыраазы болуп турду!
Жашоодо мындай адамдар болбосо, алда качан эле жамандар, Марал сыяктууларга устомдук кылып албайт беле?
Марал дилинде, Адилетти бир короор бекем деп, ал менен жолугушууну тымызын самап келе жатты!




***

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 01 Август 2018 - 19:39

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#100 Пользователь офлайн   Merelisha   01 Август 2018 - 20:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 430
  • Катталган: 29 Июль 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 11:13
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош&Жалал-Абад

анан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (8 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 17 Июл 2025 20:06

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: