Суперстан: Өлүктөр ойгонот... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Өлүктөр ойгонот... детектив криминал

#61 Пользователь офлайн   Mydearzh   01 Август 2018 - 12:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 883
  • Катталган: 18 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 23:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жакшы адамдар арасы...

Тушунбой калдым да акыркы жазылгандарга. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   vikidiki   01 Август 2018 - 12:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 646
  • Катталган: 16 Февраль 18
  • Соңку аракети: 10 Фев 2021 00:49
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Барган сайын кызып баратат бул чыгарма. Уланта бериниз автор!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   Dimedra   01 Август 2018 - 20:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Сот Окумду окуп столго тарс эттире ура ордуна отуруп мага кайрылды,
-акталуучу ордунуздан турунуз!
Бул учурда "конвой" мени темир тордон бошотуп жактоочумдун жанында отурган элем, соттун буйругун аткара ордумдан турдум.
-сизге Окум тушунуктуубу?
-ооба урматтуу торагалык кылуучу, рахмат!
-отурунуз. Тарапташтар уч кундун ичинде окумдун кочурмосун колунуздарга ала аласыздар. Ушуну менен бугунку сот отуруму жабык, деп столду дагы бир ирет Тарс эте Уруп залдан чыгып кетти.
Кагаздарын жыйнап жаткан айыптоочуга карап,
-кечирип кой кесиптеш, соз берем кийинки жолугушуубузда мынчалык катуу кетпейм, бугун мурдумдан кан акса да маарага жетишим керек эле, деди жактоочу.
-эч нерсе эмес, баарын тушунуп турам. Албетте ар бирибиз алып жаткан акыбызга жараша иштедик.
-эсине туй муну мен эмес сен айттын, Мамлекет аз толоп жатат демекчисин, деп тамашалай озунун дарегине атылган жебенин учун тескери буруп койду.
Прокурор экоо жылмая кол алыша коштошуп эки Тарапака басып кетишти.
-кана Батыр кай жерге барып майлайбыз, деди жанаша сыртка чыгып баратып Садыр Камбарович.
-таза абага чыгалы.
-оо, таза абадан кере жут. Адам жоготпогон нерсенин баркына жете билбейт. Тируулуктун ОЗУ Бакыт болсо эркиндик анын туу чокусу, оз терин менен бул бакытты жоготуу даамын сездин мындан кийин адамдарга куноо тагаарда откоргон кундорунду Эсте, алдында отурган Адам ошого татыктуубу, кылмышкер экен деп эле Адам катарынан чыгарып салышка шашпа.
-эсимде болот жактоочу мырза. Сизден акыркы отунучум мени Алиевичтин кумбозуно алып бара аласызбы.
-Эгер бул созду азыр укпаганымда сенин ак экенинден кумон санап калмакмын, кеттик деп унаага жол баштады.
Кумбоздун башына келип Куран тушуруп алакан жайып бата кылганыбыздан кийин, ар кимибиз оз ойлорубуз менен Алек болуп тунжурай туштук.
-Садыр Камбарович айтынызчы, полковник эмне учун андай кадамга барды деп ойлойсуз? Деп сурап калдым жымжырттыкты буза.
-андай катуу кыйкырыкты суйлоодон этият бол, олукторду ойготосун!
-эмне дединиз?
-бул жер андай создордун орду эмес дедим.
-жок, акыркы созунузду дагы кайталап койсонуз.
-бул жер андай создордун орду эмес.
-андан алдынкысын.
-Батыр кеттик бул жайдан, деп бурулуп жолго тушту, менин созумо жооб бербей. Мен анын артынан басып унаага отуруп жоноп кеттик. Тилимдин учунда турган суроолорду бере албай кыйналып баратып Алиевичтин айтканын эстедим "жообун билип туруп суроо акмакчылык эмеспи" деген, бул кишинин жооб бербешин билип туруп суроо да дал ошондой болот деп ичиме жуттум.
-Жакшысы уйуно жеткирейин, балдарынды сагынган чыгаарсын, биз башка куну деле майлайбыз. Айтмакчы кайнатан Генерал болгонго чейин сен майор наамын аласын го чамасы, ички туюмдарым айтып турат, деди унаанын башын менин уйум Тарапака буруп жатып.
-кандай ойлойсуз менден кандай жактоочу чыкмак.
-эч кандай. Ар ким озунун жумушун кылганы жакшы, баштаган жолунду ула, сен Жана сага окшогондор Генерал болуп мамлекет башкарууга тийиш.
Бул созу эмнегндир мага буйрук иретинде айтылгандай туюлду, демек мен оюндун сыртында эмес терениндемин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   Dimedra   02 Август 2018 - 02:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Оз уйун олон тошогун, каалганы кагып жатып ушуну ойлодум, оз уйундун болгону кандай жакшы, кандай жайдан келбе сени кабыл алууга даяр. Эшик ачкан келинчегим коздору жашылдантып кучагыма бой урду, мына бакыт, тааныш жыт, ичкериде чурулдап ойноп жаткан балдарымдын доошу, уй булоом менен эзилише эркелешип жатып калдым.
Кабарсыз отурушкан болсо керек деп ойлогон элем адашыпмын, дайымкыдай кабар менден алдын жетип келген экен, бир ааз отургандан сон келинчегим,
-унутупмун сени келээри менен чалсын деди эле Сыдыков деген адам, деди.
Азыр эле бакыттан балкып аалам тегиз болуп турган мен космостон жерге тушкондой жузумдогу кулку аздан жоголуп барып сумсая туштум.
-келээри менен? Демек сен келишимди билгенсин.
-ал Адам ошондой деди, мен да уккан кулагыма ишенбедим, анан эле сен чындап кирип келдин.
-атам кайда? Ооруканадан чыкканбы?
-ооба уйдо, бирок жумушка чыга элек, Апам жумуштан узак тутканга баардык аракетин жасап жатат.
-тушунуктуу. Мен азыр, келе телефонунду бере турчу, деп сыртка жонодум.
-Ало, саламатсызбы подполковник! Мен... деп созумду толук суйлогончо ары жактан Сыдыковтун доошу угулду.
-Салам Батыр. Куттуктайм, жаман кундор артта калган болсун.
-рахмат, чалсын деген экенсиз.
-Аа, ооба тиги, бугун жакшылап эс алып эрте менен жумушка кел.
-бирок...
-эмне бирок?
-соттун окумун али колума ала элекмин.
-сенин окумунун кимге кереги бар.
-жарайт подполковник, тушундум эрте менен жумуштан жолугабыз.
Телефондун кызыл баскычын басып коюп болмого кирбей турган жериме отура кеттим. Подполковник билип келинчегим угуп кайнатам кабарсыз калып кетпесе керек, эмне себептен унсуз отурат болду экен. Жолукканда жузуно кандай коз менен карайм, жакын Адам катарыбы же саткынга карагандайбы?
"Башчыларды багындырып, бирок сен ошону каалайт бекенсин" бул создор дагы мээмден орун алды, качанга чейин бул создор мени коштоп журот болду экен, Эми кантип адамдарга ишенич менен карай алам. Болду дедим озумо, жетишет! Мындан ары эч кандай табышмак жок, жашоо уланууда, маселе жаралса чечиш керек болбосо баарын болуп корбогондой унутуп мындан ары жашаш керек. Эгер унутууга мумкун болсо. Туруп барып уй булоомо киришип кеттим, бирок 10 мунот алдын эле балкып жаткан сезимди кайрый албай койдум.
Сагынып нечен тундор ушул учурду кутуп коз ирмебей аттырган болсом мына эми куттургон тундун озундо туруп козум ирмелбей жатам. Жок мындай жарабайт, кучагымда жаткан келинчегимден шекшип жатсам кандай отконду унута алам.
"Эч кимге ишене албайм, жашоо ушуга уйротту" Алиевичтин созу эсиме тушуп кетти. Мен да ошондой болуп каламбы, балким буга чейин эле ошондойдурмун жашоо жон гана ал сапатымды ачыкка чыгарып койду. Андай болсо Алиевич да алдындан ошондой болгон. Анда чын эле экообуздун ой жугуртуубуз бирдей болгон... же Али да болуп жатат. Оз оюмдан озум чочуп кеттим, биринчи жолу ачык бул оюмдан качпай бетме бет жолуктум. Башымды которуп карасам келинчегим уйкуга кеткен экен, абайлап аста туруп ашканага чыктым. Учуру келди, Эгер чындап биз пикирлеш болгон болсок аны текшериш керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   Mydearzh   02 Август 2018 - 08:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 883
  • Катталган: 18 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 23:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жакшы адамдар арасы...

:гезит:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   Dimedra   02 Август 2018 - 18:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Болмого кирип тартманы ачсам унаанын ачкычы ордунда экен, аста алып ошондой эле унсуз каалганы жаап курмомду которуп уйдон чыктым. Эмнеден башташ керек экенин жакшы билем. Тууру эле кндузу келген кумбоздун башына келип токтодум. Кундузу коруп кеткен кичине тамдын жанына барсам Кудай жалгап эч Ким жок экен, бул ушул жердин кароолуна таандык болсо керек, мунун ичинде созсуз шаймандар болот. Жыгачтан болгон эшиги ОЗУ сынайын деп аран турса да аны чынжырлап аябай кулпулаптыр, адамдар кызык эле ойлонушат, уурудан корксо темирден катуу эшик койбойбу чынжырлары эмне иш бермек эле, ачкысы келген Адам моминтип эле ачат да чынжырга тийишпей эле деп бутум менен катуурак тепсем зорго турган чириген эшик карс этип сынып тушту. Ичинде мен шайманмын дегендин баары бар экен, бир шиш Курогу менен кетменин алып Алиевичтин жайына келип каза баштадым. Ана жыгачтар корунду, аларды алып салып саргайган топуракка буланган кепинге урундум, демек жаткан экен деп кайрадан жыгачтарды тизип жатып колум кепинге тийип кетти, Эмнегедир жумшакка окшойт, олгонуно 8ай болуп калды кайдагы эт шагыраган соок болуп калыш керек эле деп ойлой кабырдын ичине секирип тушуп кепинди ача баштадым. Колдорум титиреп коркконум билинип турду, жок Батыр олуктордон эмес тируулордон Корк, деп озумо дем берип улантып жаттым, кепинди сыйрыганымда Колумда узун тактай гана калды, калган топурак кулуп жерге жайыла тушту.
-Ах Алиевич! Зерикпей топурактан Адам жасаган экен. Мен андай кылуудан зериктим, убактым тар эле, кабырдан секирип чыгып озундой кылып таптап жаба баштадым. Баарын бутуруп кийимдеримди кагып жатып артымдан бироо карап турганын сездим, жай гана бурулуп карасам тушумда мага карап бир Караан турат, карангы болгону учун тусун жакшылап коро албай жаттым.
-сен эмне олуктордун эти менен тамактанасынбы? Бул эски, жанысын казбайт белен, деди карыган ундун ээси.
-эскилери деле боло берет, дедим ага жакындай.
-сиз эмне кылып журосуз, же сиз дагы...
-мен сен алган шаймандардын ээсимин, буюмдарымды кайтарып алганы келдим.
Демек бул ушул кумбоздун кароолу.
-алыныз рахмат! Бирок бир суроом бар, бул жайдын ээси кайда кеткен.
-кайдан билдим, сенден алдын башкасы улгуруп кеткен го.
-бул жайга мендейлер коп келип турушабы?
-биринчи жолу оз коздорум менен коруп турам.
-аксакал экообуз суйлошчуу создор бар.
-коркпо эч кимге айтпайм, бара бер.
-андан коркпойм, ансыз да эч кимге айтпайсыз, болбосо бир олук учун чон жообкерчилик мойнунузга илинет. Менин созум башка.
-кой уулум, бул жай куру создун орду эмес. Атын Батыр дединби, жашоонду чаташтырба, тан атып кете элегинде уйуно кайт, тынч жашоонду улант.
-бирок ава.
-мени коркутам десен оюн орундалбай калды, мен коркуудан тажаб буткон жанмын.
-жок, мен сизге атымды атабадым.
-мен сени атадын деген жокмун.
-ава мен Батыр экенимди айта элегимде эле билдиниз, кайдан?
-озун айтсан керек, болбосо мен кайдан билмек элем.
-жок менин адатым адамдар менен таанышып атын сурабайм да атымды айтпайм, бул жерде адашуучулук болушу мумкун эмес.
-акыркы жолу кандай кийим сатып алгансын?
-бут кийим.
-демек сенсин. Журу деп артына бурулуп кадам таштады, мен курок кетменди которуп артынан бастым. Кичине тамдын ичине кирип жарыкты куйгузуп мени карап бир саамга ундобой турду да колумдагы курокту жулуп алды. Бул аксакалдан мындай кучтуу кутпогом, эсим ооп эле туруп калдым. Курокту сабынан ажыратып алып жыгач салынчуу тешигинен уч бурчтук кайыш сууруп чыгып сунду.
-бул кагазды сени келсе бересин деп калтырган, сууга тийип жыртылып калбасын деп бул кайышка ороп койгом, жазылган создоруно тушунбодум, башка эч нерсе сураба анткени мен да андан сураган эмесмин, аманатын гана алып калгам.
Мен анын создорун укпай эле кайышты ачып ыргытып кагазды шаша ачып окуп кирдим. Анда кыска гана " Мен да ушундай кылгам, сен туура жолдосун" деп жазылуу экен, даана майордун кол жазмасы, Ал тируу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   Dimedra   03 Август 2018 - 22:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Уйго карай жолдо келе жатып, мени андай кылууга мажбур кылба, олкуторду ойготуум учун озум олукко айланышыма жол койбо, деп Кудайыма жалынып келе жаттым. Майордун баскан ар бир кадамын кайталап жатканымдан чочулап бараттым, менин окуямдын аягы мындай болуусун каалабайм бирок башка аргасын да коро албай турам. Бул жолдорду кайталабашым учун оюмду озгортуум керекпи же тескерисинче толук майордун акылына сунгуп кирип кеткеним туурабы, оз убагында ал жерден чыгып улгуро аламбы. Мээмди чулгаган ойлордун кучагында уйумдун алдына кандай жетип келгенимди байкабай калыпмын. Бир дагы жолду карап кай жерге жеттим деп ойлобогонуму эстедим, мына жандырмак, туура жолго тушуш учун акылды очуруп сезимди жандырыш керек экен, сезим акылдан айрымаланып туура жолду табууда адашпайт. Уйго карай жол тапкан сезимим келечек жолун да табат. Ошол муноттон баштап сезимиме толук баш ийип бердим.

*****
Тан эрте турган келинчегим, мени ашканадан коруп, чочуп кетти.
-сен эмне кылып жатасын?
-силерге нанушто даярдап жатам.
-керемет! Сага кандай жакшы жарашат, эмнеге алдын мындай онорун бар экенин билбегенбиз.
-силер Али коп нерсени билбейсинер, деп даяр болгон амлетти идишке салып столго койдум.
-отур экообуз тамактаналы, кийин балдарды ойготосун, деп колунан тарта алдыма отургузуп оз колдорум менен тамактандырдым, азыр ушундай жасагым келип турган.
-Батыр эч качан озгорбо, бут аалам жамандык кылса да журогунду карартпа, башкалар да сендей эле жумушун суйоорун эсинден чыгарба эч качан, алар да энсегенине жетиш учун ар кандай кадамдарга баруусу мумкун, кечиримдуу бол деп жузумдон суйуп койду.
-сенин санааттарынды кандай сагынганымды билсен эле, деп мен да эркелете жооб кылып сааатка карасам жебеси 7ни корсотуп турган экен, шашыла ордумдан туруп жоноп калдым.
-сен кайда? деди жубайым тушунбой.
-жумушка.
-азыр эрте.
-аа, жолдон Алиевичтин уйуно тийип Куран окуганча кетейин дегем.
-атама барып сурабайсынбы?
Бул суроону укканда жуткан абамды ал кыла албай какап кеттим. Жинди ойлорум менен баарын Эстен чыгарган экенмин, ал оорулу эмес беле. Майор тируу демек эч Ким мага тузак койгон эмес, кайнатамдан эч кандай шек санабай эле койсом болот, анан эмнеге алдына барып ден соолугун сурап койгонду ойлободум.
-албетте барам, эртелеп тынчтыгын бузбай туштон кийин барсамбы дегем, дедим мукактана.
-Батыр сен жалган айтып жатасын, эмне болуп жатат ОЗУ, атамдан эмне капасынбы?
-кайдан алдын муну? Эмнеге капа болом, атам укпасын, капа болот, деп шарт бурулуп чыгып кеттим. Корогочум жузумдон окуп койду баарын, мындан ары ото этият болушум керек.
Жолдон Алиевичтин уйуно бурулуп, ата энесине жолугуп Куран окуган болуп жуздоруно уурдана карап отурдум, буларга ото катуу дайындаган болуш керек эч сыр билдиришпейт же кабарсыз калып кетуулору мумкунбу, андай болсо экспертизадан баш тартышмак эмес. Акыры чыдабадым,
-кечиресиз эмнеге текшеруудон откоруудон баш тарттыныздар, деп сурап калдым атасынан.
-олгон балам кайра кайрылбайт баары бир, рас ошондой экен Алла ага ыраа коруп берген денесин кескилебей ээсине бутун тапшыралы дедик.
-Каныбегим озу да кичинесинен догдурдан корко турган, деп апасы да кошумчалады козун жашылданта.
Бул создорду укканымда аларды озумдун шектуулорумдун тизмесинен чийип салдым.
Булар эч нерсе билбейт, майор менин 8 Айдан кийинки кадамымды алдын ала билген булардын ойлорунан кабарсыз калып кетмек эмес. Атасы Алла деген Адам, апасы баласын коргош учун баарына даяр жада калса олгон жансыз денесин да ооруткусу келбейт, муну мен бир коруп тушунгон омур бою жашаган майор алардын мындай жол тутушунан кумону болбогон, ошондуктан бул байкуштарга эч нерсе айтпаган.
"Мен эч кимге ишенбейм жада калса ата энеме дагы, жок алар мени сатат деп коркпойм, мени коргойм деп ката кетирип алышат" бул создорду бекеринен айтпаган мага, азыркы болуп жаткан окуялардын жандырмагын таштап кеткен экен. Ошондо майор мындай кылууну качандан баштап ойлонуштура баштаган, акыркы суйлошуулордон кийинби же андан алдынбы, менимче алда канча убакыт мурун, балким менин бул шаарга келишимден алдын, же озу да мендей болуп издеген олукторунун кумбозун ачкандан кийин. 2008-жылы баштаган болсо 3 жылдан бери пландап келет. Эмне учун? Эмнеге бул жолду тандап алды. Ооба мен ар сар болуп турган эки айрылыш жолдун экинчисин тандаган, жоголгон олуктордун акылына сунгуп кетууну туура коргон. Ал учун озуно пикирлеш адам табуусу керек эле, тапкандан кийин кандай кылып болсо да ушул жолго салышты ойлонуштурган анысы да ишке ашты, азыр озум кааласам да бул жолдон баш тартып кете албаймын, олуктордун жанымда басып жургонун билип алардын жузун тааный албай ар бир алдымдан чыккан адамды ушул бекен деп кумондоп жашай албайм. Мен башкасын издешим кажет эмес, майорду тапсам ал баарын табат. Ал учун анын кадамдарын кайталашым керек, майор аларды табуу учун озу алардын ордунда болуусу керек. Мен жакындайм ал алыстайт. Бул оюм озумо жакпай калды, анда биз бир кадам артта журуп калабыз, башка жолун табуу керек. Тунгуюктан жол издеп жатып тергоо комитетине да жетип келдим. Ушул убакка чейин ойлонбоптурмун, азыр кантип ичкериге кадам таштайм, коргондорго эмне дейм, полковниктин куноолу эмес экенин биле туруп чыныгы куноокор табылып мен акталдым деп айта аламбы. Эмне болсо ошо болсун бул оюнду мен баштаган жокмун анан калса мен уялчуу адамдар булар эмес камакта жондон жон отурган адам, чындыкты билип туруп жардам колун сунбаганым, бирок ал ОЗУ баштаган куноосуз экенимди сезип туруп кош колдоп корго тыккан. Озумду озум чыйралтып кийимимди иретке келтирип Чырмашовичтен уйронгон жакшы сапатты колдонуп бут кийимди жылтырата тазалап дарбазадан Ичкерии карай кадам таштадым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   Dimedra   04 Август 2018 - 23:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Эрте менен шашылып келип алып жумушка кирбей сыртта топтолуп тамеки тартып, болбогон создорду суйлоп каткырып турмай адат биздин коллективде да бар. Азыр мен кудум ошондой учурга туш келипмин, саламдашпай отуп кетуу туура эмес, баары менен корушуп мен да катарга туруп калдым. Менин акталганымды угуша элек беле же мындай тез жумушка кайтуумду кутушпогонбу баарынын жузундо тан калуу, суйлоп жаткан создору да узулуп жымжырттык Окум суруп калды. Ангыча дарбазадан шаша Касымов кирип келип жалпыга салам берип баш ийкеп отуп баратып тык токтоп Артка бурулду.
-Батыр? Кош келдин, жамандыктар Артта калган болсун, деп кол алыша учурашып баш ийкеп жур дегендей ишаарат кылды.
Бул адамды башынан жактыра бербесем да азыр ынгайсыз абалдан куткарып кеткенине ыраазы боло бирге бастым.
-ак ийилет бирок сынбайт деген ушул, башынан эле белгилуу болчу куноосуз экенин, оздорун сактап калуу учун сени турто салышпадыбы корго, жыландын куйругун басып алышкандарын андабай, деди басып баратып.
Жооб кыла жон гана жылмайып койдум. Ким-кимден бирок бул кишиден мындай соз угам деп кутпогом.
-сен мени жаман коруп журосун ээ, баары сенин куноолу экенинди соз кылышканда да мен ишенбегем, бирок Эми кантип бул кордон чыгаар экен дедим эле, сен мен ойлогондон да амалдуурак коруносун. Эч нерсе эмес эр жигиттин башына нелер келбейт, ишке киришип алсан корбогондой болуп кетесин.
-рахмат жолдош майор, мен барайын Сыдыковко киришим керек.
Бир аз ойлонуп туруп калды да,
-макул, кийинчерээк кабинетине кирем суйлошчуу создор бар, деп басып кетти.
Мунун эмне созу болушу мумкун, дагы эмнени баштаганы турат, деп ойлоно узата карап туруп подполковниктин болмосуно кирип кеттим. Ордунда жок экен, аны куткончо катчы кыз менен откон кеткенди суйлошуп туруп коп маалыматка ээ болуп алдым.
-сизди чакырткан беле?
-ооба кече эрте менен келип кал дегенинен жетип келгем.
-кайнатаныз жакшы болуп калыдыбы?
-жакшы рахмат, сиз кайдан кабар таптыныз.
-тарынтып жатасыз, бул жерге жеткен кабардын баары биз аркылуу отот да.
-кечиресиз, тарынтайын деген оюм жок эле, ал киши ооруганын эч кимге айтпаган болсо керек дегем.
-айтпаса деле билип алдык, бугун эртен генерал болчу Адамдын шыбыр созу жанырып угулат экен. Генерал болуп министирликке ыргыса бул тармактын кадр маселесин озунуз тейлесениз керек, бир озу жетишпейт эмеспи.
Маселе бул жакта жатат дебейсинби, адамдар мени жумуштан коргусу келбей жатышкан го десе, оздорунон чочулап турушкан кербези экен да. Ай Касымов! деп оюмдун акырында сыртымдан суйлоп жибергенимди байкабай калыпмын.
-ооба Касымов, подполковник ошол тууралуу суйлошоюн десе керек сиз менен.
-жашыруун болбосо...
-мен так билбейм денизчи, биздин шеф же Касымов экоонун бири УКМГна кетет ондуу.
-шеф кетет да албетте, Касымовдун чини томон эмеспи.
-кабарыныз жокбу, ал да подполковник болгон.
-эмне? Мен жаны эле ага майор деп кайрылбадымбы.
-сиздин баардык создорунуз кечиримдуу болот да эми, деп оозун чон ачып кулуп жаткан жеринен каалга ачылып Сыдыков кирип келди эле тык токтоп бирок озун жапканга улгурбой калды. Анын кылыгына кулкум келип озумду аран тыйып,
-саламатсызбы жолдош подполковник, дедим.
-кел Батыр, ичкери кир деп озу кирип кетти.
Буйрукка баш ийе артынан мен да кирип бардым.
-баары жакшыбы? деди отуруп жатып.
Берилген суроонун манызына тушунбой эмне деп жооб беришимди билбей туруп калдым.
-уйдогулор? деп кошумчалап койду менин ундобой туруп калганымды коруп.
-жакшы рахмат.
-Эми озунду колго алып ишке кириш, окумду качан аласын колуна?
-3 Кундун ичинде берилет деген.
-Каныбектин иштери башкага откорулуп берилген, бирок арасынан 2 дело жок ал акыркы жылдары баш оту менен берилип иштеп жаткан.
-Эми ал "делону" уурдаган деп камаламбы? дедим тамашалай.
-Эгер таппасан ошондой болот, деди олутту коздору менен карап. Бул чындыктан алыс экенин билип турсам да опкоолжуй туштум, адамдардын эмне кутушту да билбей турган учурда.
-тамашаны ушундай суйлогонду уйрон ишендире деп кулуп койду. Бул кулкусу экообузду жакындаштырып кетти окшойт.
-эмесе мындай Батыр. Сени ал "делону" изде, тап деп кыйнабайм, Каныбек бекиткен нерсени ит менен издесен да таппайсын. Умутум жалгыз сенде омурундо жок дегенде бир жолу болсо да аларды ачып карагансынбы?
-кандай "делону" жоготконунузду айтынызчы эстеп короюн, дедим билип турсам да.
-Расул Жана Баян деген ысымдар таанышпы?
-тааныш албетте.
-ошол эки адамдын олуму боюнча иш ачкан, ошол "делолор" жок.
Мен эмне дешти билбей туруп калдым, катчы кыздын созунон кийин такыр башкача суйлошууну элестеткем, мындай бурулушка даяр эмес элем.
-жарайсын капитан, мен билгем сенде маалымат бар экенин, деди эки алаканын чаап, айтпасам да баарын тушунгондой.
-бирок сиз элестеткендей коп эмес, болгону...
-айтпа мага, ал Эми сага таандык, "дело" жоголгонун баары билет, бирок баары бир ал ишти улап кетиш керек. Сен аны кайрадан ач.
-мен? Эмнеге мен?
-анан Ким? Сенде маалымат бар. Соттун окумун колуна алгандан кийин сени жогорку чинге сунуштайбыз убактын да келип калды 3 жылдан бери капитансын же капитан боюнча пенсияга чыгып кеткен жатасынбы?
-бирок...Мен. .. Алиевич... Жарайт жолдош подполковник дедим аран созумду таап.
-бошсун!
Мен бурулуп чыгып кеттим.
Катчы кыздын
-эмне онунуз купкуу? деген созун жообсуз калтырып озумдун жумуш ордума жонодум. Эшик алдына келип гана ачкычым жок экени эсиме тушуп кайра кайрылып,
-менде ачкыч жок эмес беле, деп кире бериште отурган кузотчуго келдим.
-кечиресин бирок, сага ачкыч бериш керек экенин мага эч Ким айткан жок.
-аа, азыр унутупмун деп артка бурулганымда Касымов келип калды, сыртка чыгып бараткан экен. Баарын укканга окшойт.
-бер ачкычын, капитан жумушка кайтты бугундон баштап деп чыгып кетти.
-кечиресин Эми биздин жумуш, деди ачкычты сунуп жатып.
-эч нерсе эмес, жумушту так аткаруу керек, деп жылмайып койдум.
Ордума келип отурганда гана сездим жумушту канчалык сагынганымды, Эгер мугалим болсом да ушинтмекминби. Жоок озумду башка кесиптен коро албайм, кичинемден бери даярданып акылымды толук бир Тарапака буруп алгам. Компьетерди жандырып Расул жонундо маалымат топтой баштадым, Эмнегедир анын ишенимдуу жонокой туз коз карашы мага жакындан тааныштай сезилип туруп Алды, суротун чонойтуп карап отура бердим. Боюнун узундугу, салмагы кыялы, ал жонундо адамдардын ойлорун, конумуш адаттарын майда чуйдосуно чейин изилдеп жаттым. Алиевичтин материалында ал белгисиз адамды олтургон деп жазылып, комулгон жайы Расулдун озунун кумбозу коргозулгон эле, муну ошол окуган убагында болжооол менен тушунгон болсом да Экинчи табышмактуу "делону" такыр тушуно албай койгом. Эл козунчо жерге берилип топурак салынган болсо анан кайда жоголмок, олгон дене кимге эмне себептен керек болушу мумкун деп ойлогом, олуктор ойгоноорун кайдан билди дейсин. Ал табышмактуу "делонун" ээси Баян эле, ал жонундо да маалымат топтой баштадым, омур таржымалынын кобу туштук тарап менен байланышкан экен. Экоонун окшоштуктары коп экен, спорт, Крим чойро, саясатка аралашуу, улутчул, душмандары да бир тараптуу адамдар экен дагы коп эле сапаттарын санасан болчудай, бирок экоо биригип кетуусу мумкун эмес. Бири бири жонундо маалымат билет деп да айтууга болбойт. Алиевич менен Чырмашович эки башка Адам болсо дагы дос боло алган болсо, булар тескерисинче окшоштуктары коп болсо да бириге алмак эмес, эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт дегендей.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   Dimedra   05 Август 2018 - 22:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Изилдоого берилип кеткен экенмин каалга ачылып Касымов кирип келгенин да байкабай калыпмын, ушул кишиге тан калам тушунугундо адеп деген нерсе барбы озу, тыкылдатып уруксат болгондо гана кирет да Адам деген, же подполковник болсо эле каалаганын жасай берсе болобу. Бул жерде баары жашыруун иш алып барышат Касымовдун командасынан башкасы ошондуктан уруксатсыз эч Ким туз кирип барбайт. Дагы жакшы компьютер кирген адамга тескери карап турат, экранды жапканга аран жетишип калдым.
-эмнени изилдеп жатасын адамды да байкабай, деп туура эле менин жаныма келип экранга унулду.
-кечиресиз жолдош подполковник, ойлонуп кетипмин.
-жаш эле туруп анчалык ойго чомулбосон, ден соолукка зыян.
-эске алынды, деп жылмайган болдум бирок калп эле куч менен жасаган аракетим окшошпой калды окшойт.
-кандай анан тиги жакта туугандардын жашоосу?
Бул суроосу менен мени кемсинткиси келдиби кай жерден келгенимди эстетип же эптеп соз башташтын амалын кылып жатабы тушуно албай
-озунуз кандай ойлойсуз? дедим, озу чайнаган нанын озуно жуткурайын деп.
-жакшы болгон учун кайра-кайра бара беришет да.
-мен да ошондой ойлойм полковниктер энсеп баргандарына Караганда.
Каткыра кулуп жумуш столумдун четине отура кетти.
-кайнатан жумушка чыкпай жатыптыр.
-эргууго чыгуу убактысы келгендир балким.
-балким, бирок ооруп калыптыр деген имиштер да бар.
-Ачыгын айтсам билгенге убакыт таба элекмин.
-анткенин жарабайт, ал сага оз атан кылбаган жакшылыкты жасаган Адам.
Бул созу чын эле ашыкча болчу.
-жолдош подполковник мен учун оз атамдан артык эч Ким болбогон болбойт дагы. Кечиресиз мен кайнатамдан кабар алышым керек, балким имиштер чын болуп ооруп жаткан болбосун, деп ордумдан туруп жоноп калдым. Бул дегеним суйлошуу аяктады дегеним эмеспи. Ушундай адамдар бар озунун чон катасын байкабай озуно жараша берилген жообту сенин катан деп кабыл алышат, азыр Касымов да ошол адамдардын катарын толуктады.
-сен Али ээлей элек ордунан машырлана баштагансын го, озун Генерал болсон жон эле кубалап чыккыдайсын кабинеттен, деп жакасын эки колдоп тарта туздоп чыгып кеткенин карап кумбоздогу аксакалдын созу эсиме тушуп кетти "коркутам десен оюн ордунан чыкпай калды, мен корккондон тажап бутконмун" деген, байкуш дагы ушундайлардан жедеп буткон болсо керек.
Артынан мен да чыктым, кайра отуруп алсам туура эмес болуп калмак.
Кайнатамдан кабар алганы бара жатып, балдарды алып бирге барсам неберелерин коруп кубанып да калмак деп ойлоп бир жагынан ушундай кылсам копчулуктун ичинде ашыкча соз болбойт деп создон качып уйго кайрылдым. Эшикти ачып кирип келсем жымжырт Жан адамдын кыбыры жок, кундуз уйго кирбегеним учун мындай жымжырттык кеч гана болот деп ойлоп журупмун. Балдар болмосундо уктап жатышканын коруп Келинчегим да чарчап уктап жаткан экен деп болмого баш баксам берилуу менен экранга тиктеп компьютер карап отуруптур кудум мага окшоп жанында чачылган кагаздар жоон китепче кылып тигилген папкалар, менин кирип келгенимди да байкабай калды, эшикке артын салып отурган. Аста басып келип мойнунан жыттап койсом, катуу чочуп кетти.
-сен качан келдин? Эмне менин журогумду жарганы жатасынбы? Эмнеге унсуз кирдин? деп катар-катар суроолорду берип жиберди.
Анын мындай озун жоготуп койгон абалын биринчи коргонго кулкулуу туюлду.
-азыр эле кирдим, коркпо жазган каттарынды окуп улгурбодум, балдар уктап жатканын коруп сени да уктап жатса ойготуп албайын деп аста кыймылдаганга аракет кылгам, деп кучактап ойдо которуп керебетке ыргыттым.
Ага менин кылыгым жакпай калды окшойт,
-болду токтот, деп шаша туруп столго келип кагаздарын жыйнай баштады.
-сенин илимпоз экенинден кабарым жок эле, кана королучу кандай жигиттер жагаар экен биздин айымга, деп жоон китепчесин кармаганымда октой атыла колумдан жулуп Алды.
-кечир жашыруун экенин билбепмин, деп четте карап туруп калдым.
8 айда ушунча озгоруп озумчул, ачуулуу болуп кеттиби балким озунчо менсиз жашаганга уйронуп калгандыр, менин аракетимди озунун жашоосуна киришип жаткандай кабыл алып жактырбай жатабы, деп озумду азыр бул жерде ашыкчадай сезип кеттим.
Кагаздарын жыйнап компьютерин жаап четке жылдырып бурулуп менин мостоюп турганымды коруп,
-кечир мени, катуу айтып алдым окшойт. Менин да озумдун дуйном болуш керек да эч ким кире албаган, сен го жумушка барып жашоонду турдуу боекторго бойой аласын, мен да бир нерсе менен алектенейин деп кайдагы бир болбогон нерсени баштап алгам, эркек менен аялдын психологиясынын айрымасын изилдеп. Мен чыныгы илимпоз болбогондон кийин жазгандарым жакпай калып, сенин козуно кулкулуу корунгум келбейт, деп келип колдорун мойнума артып эркелей кетти.
Кечириши кечирдим бирок керебетке барыш оюмдан кайтып калдым. Колдорун аста бошото,
-атамдардыкына барып келели дегем, кандай дейсин дедим.
-ооба жакшы болмок, сен балдарды тургузганга аракет кылып кор мен даярданып турайын, деп каалганы ачып менин чыгышымды кутуп калды. Кайтаар дуйно деген ушулбу, азыр эле мен Касымовго коргозгон кылыкты толугу менен жубайым мага коргозуп жатпайбы.
Балдарды ойготуш койгой эмес да, мен кирип барганда эле ыргып тура калышты. Кийиндирип даяр болуп келсек апасы да даяр болуп калган экен жоноп калдык.
Эн кызыгы кайнатам менин бошонуп келгенимден кабары жок экен, келинчегим ОЗУ айтсын деп кабар бербептир. Эми чындап тушундум абалы биз ойлогондон да олуттуурак экенин, кайненем мындай денгээлде катуу кармап жатса маселе чатак.
-Башын таштан болсун балам, деп куттуктап Колумду кысып койду. Бошонгонумду укпаса да ушундай болоорун билгендей анчалык эле тан кала бербеди, бирок коздору балбылдап бир нерсе айта албай жаткансып карап коюп жатты. Баары чыгып экообуз калганда гана,
-догдурлар жакын арада коп кыймыл жасаганга басканга да болбойт, ойлонуп капа болбосун жалгыз калтырбан деп апана катуу дайындашыптыр кадам бастырбай жатат, байкушум менсиз калып кетем деп коркуп атат го, качан жумушка чыгам билбейм. Ак халатчандарга ишин тушпосун толук буйрук берип коз каранды кылып алышат экен, деп соз баштап калды.
-ата догдурлар айтып жатса демек ошондой жасоо кажет, ден соолук болсо жумуш качпайт шашылбай толук дарыланын дедим.
-Озунчу, эмне жасайын дейсин сага майордукту сунушташтыбы, алардын айткандарына конбо балам, Каныбекти алып тынды ал иштер жетишет, сен бизге кел, озубуздун болумго алайын майордукту тез арада алып тергоонун башында отурасын. Биздин жумуш да кызык, олум менен болбосо да кекиртеги чондор менен иштешип коп кызыктарды учуратасын.
-ата рахмат, бирок мен баштап алган ишимди аягына чыгарып коюшум керек, кийин ойлонушабыз.
-жок! деди унун которуп.
Мен тушунбой калдым.
-кечир балам, бул иш жакын Арада бутпойт, сен издеген Адам коз алдында, бирок сен аны коро албайсын, мага кулак сал, жок дегенде сен УК.
-ата сиз...
-мен эч нерсе билбейм балам, билгеним аз, силер жасап жаткан кадамдарынар алдынан эсептелген, болуп жаткан боло турган окуялар баары. Бул жолдордун бир гана эмес бир канча жоромолу бар болуш керек, баарын билууго жетишпей калдым. Сен тубуно жетчуу маселе эмес, баш тарт, уй булоонду сакта анын курашына жол койбо, жубайына балдарына коп конул бол, аларды жалгыз калтырба, сага гана ишене алам жалгыз кызымды, аны кечир, мен кечиргендей кечир, тушун балам ал менин жашоомдун манызы, мен силер учун жашоомду садака чабайын кайт, дегенче эле отурган жеринде артка кулап баратты.
-Ата! Деп кармаганга аран жетишип калдым.
-мени кечир балам, баарынан аны устун койгонум учун, озум билбеген тейде жасаган иштерим учун, ага каршы эч нерсе кыла албаганым токтото албаганым учун кечир, бир кун мени тушуносун деп айтканга жетишти. Ангыча сырттан кызы менен апасы жарышып кирип келишти, менин кыйкырыгым угулса керек.
Тез жардам менен ооруканага алып жонодук. Жолдо гана билип жатпайбызбы, кайнатам инфаркт болгон экен жакында, аны баарынан жашырып кан басымы которулду дешкен тура, кайненемдин куйполоктогону жон жерден эмес экен.
Ооруканага жетип келээрибиз менен кайнатамды жандандыруу болумуно алып кирип кетишти биз бири бирибизди тиктешип сыртта кала бердик. Мен озумду жаман сезип кеттим кайненемдин караган коз карашынан, ал мени куноолудой жаман карап турган экен.
Торт саат дегенде ак халатчан догдур чыгып башындагы шокулосун чечип,
-Биз колубуздан келген аракетибтзди жасадык, деп баштаганда эле кайненем эсин жоготуп дароо догдурлар курчап алып жоношту. Келинчегим мен ойлогондон да кучтуу инсан экен, шашпай догдурдан баарын сурап аягына чейин угуп гана козуно жаш алып, "Ата , Ата" деп шыбырап догдур чыккан эшикке жоноду, озун жоготуп, бакырып окуруп ыйлаган да жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   Dimedra   07 Август 2018 - 02:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Окурдук бакырдык Айла жок олгондун артынан олмок жок дегендей кайнатамды жерге берип чон жоготууга учурап отуруп калдык. Ал кишинин кадыры синген экен олкого, олко башчы окмот башчылары баш болуп жети дубандан тобосу элге корунгон инсандар келип акыркы сапарга узатышты. Ошол кундон баштап кайненемдин абалы да начарлап баратты, эч Ким менен Чечилип суйлошпойт, кызы суйлосо да конул бурбайт, мени куноолу адамга Карагандай карайт да турат. Ал коз караштан качып кирээрге ийин таппай калам кээде, мындай болоорун билгенде атамдын айтканына конуп, созун эки кылбай аткармакмын. Негизгиси мен ал кишиге айтканга улгурбой калдым анын кызы менин да жашоомдун манызы экенин. Бара бара ал уйго барбаштын айласын кылып ар шылтоо тапмай болдум, ага келинчегим койбойт, менсиз ал да барбайт.
-билем апамдын коз карашы сага жакпай жатканын, аны да туура тушун, атам акыркы сени менен суйлошкондон кийин жыгылбадыбы, ошого сени куноолоп жатат, убакыт бер апама баары оз жайына келет, бул кырсык экенин тушунот, дейт.
-албетте, деп гана кыска жооб айтам.
-Батыр мени кечир эгер суроом жакпаса жооб бербей эле кой. Атамдын акыркы созу кандай болду эле.
-мени озунун жанына жумушка чакырган, бул жумушумду токтотушумду суранып кандайдыр табышмактуу создорду суйлоду чынын айтсам создорун андап тушуно албадым.
-атам! Качан? деп турган жеринде полго сулк отуруп калды.
Эми бул дагы мени куноолоп баштайт, айтпай эле койсом не деп озумду жемелеп,
-бирок мен каршы болгон эмесмин, кичине убакыт керек экенин гана айттым, деп актана баштадым.
-жок, эч нерсе эмес, сен албетте куноолу эмессин, атам сен учун, биз учун корккон чыгаар. Белгилуу эмес беле мени козунун карегиндей аярлачуу, сага бир нерсе болсо мени кантет деп ойлонуп эле ооруп калган тура байкушум. Мен куноолумун каршы болбой сен жокто жанында болсом балким мындай болмок эмес.
-жок бул тагдырдын жазмышы, мындан качып кутула алмак эмеспиз. Бирок атам башка нерсе жонундо ойлонгондой туюлду, анын айткандары менин акыркы иштерим менен байланыштуу эле, тан калтырганы атам ал маалыматты кайдан тапкан.
Мен суйлоп бутуп карасам келинчегим мага караган боюнча катып туруптур, анын коздорунон боштук менен муздактыкты корууго болот эле. Коркуп кетип аны эки далысынан кармап силкип жибердим, мындай коз карашты жан кечтилерден гана коро алчуумун.
-Батыр айтчы сен жумушунду менден да артык коросунбу? деди абалын озгортпой туруп.
-эч качан, ал бир жумуш сен тируу жансын кантип экоонду салыштырып болот.
-сен жумушунду жыйыштырыш учун эмне болуш керек? атам олгону да токтото албадыбы сени?
Мен аны кое берип кабагымды бурко,
-бул эмне дегенин? Атамдын олуму менен менин жумушумдун кандай байланышы бар? дедим.
-жок сен ачууланба, жон гана сурадым, канчалык денгээлде жумушунду жакшы короорунду билгим келди, деди жай гана ошол эле абалда.
-сен аны менден жакшы билесин, бирок сен ташта десен таштаймын.
-мен жашоомдон артык коргон нерсемден баш тарт деп айта алмак белен сен.
-жок сенин бактылуу болушундун бир себеби ошол болсо мен учун жагымсыз болсо да анте алмак эмесмин.
-атам неге сендей ойлоно албады.
-атам биринчи кезекте сени ойлоду эсинден чыгарба мени эмес. Сен жактырган жолдон кайтарбай макул болуп мага берген, ал кундорду унутпа. Эгер менин ордума сен болгондо балким андай дебейт эле.
-мындан кумонум жок, менин каалаганыма жетуум учун жанын да аямак эмес. Мени деп жумушунан эмес жашоосунан кечип кетчуу жалгыз адамдан айрылдым, деп шолоктоп ыйлап жиберди.
Бул ыйлашы башкача эле опко боорун жулуп алгыдай оор ун менен ыйлап жатты. Аза куткон куну да мындай берилип ыйлаган эмес. Мен да сооротподум, женилдеп алсын деп. Ошол суйлошуудон кийин апасына барабыз дебей калды, уйдон чыкпай тунт болуп баратты. Мен да озум менен озум болуп жумушка баш отум менен киришип кеттим, экообуз эки жээкте калдык.
Жумуштагылардын мамилеси да озгоруп жакшырганы жакшырып, жуз бурганы жуз буруп баары ачык айкын болуп оз ордуна тушуп калган. Мага Эми кайнатамдын куйо баласы эмес кадимки озум татыктуу болгондой мамиле жасап калышкан мен каалагандай. Сыдыков айткандай соттун окумун Колума алгандан аз отпойт майор аталдым. Бул арада Авангарддын дарегин билип жетишкем, ал Бириккен Араб Эмираттарына жашырынган экен. Нуржигит 8 жыл полковник 15 жылдык моонотко камакка кетишкен.
Мени кайнатамдын акыркы создорду кайда барсам да ээрчип журчу болду. Кандай эсептейт? Ким? Эмне себептен? Ар бир созун талдап чыгып бир да илинчек табалбай убараланам. "Каныбекти алып тынышты", ошондо Ким болсо да майордун тируу экенин билбейт, балким майор олуктордун артынан тушпой эле досу айткандай кол салуу болоорун сезип ушул жол менен коргонду бекен. Эмнеге мага айтып койбойт? Албетте, ал эч кимге ишенбейт эмеспи, мен ал эрежеден сырткары эмесмин. Болгону менин ожорлугумду билип кумбозду ачышымды сезип эч кимге ооз ачпашымды алдын алганбы. Ордумдан туруп кумбоздун башына жонодум, аксакалды таап сурашым керек, куру кол отура албайм.
Эки кун убараланып барып таппай келдим, эч бир Жан басып келбейт, учунчу кун дегенде гана куну бою кузотуп отуруп бир тируу жанды учураттым, ал ушул кумбоздун жаны кароолу экен. Аксакал жарым жыл алдын каза тааптыр, эсеп менен биз жолуккан кундон коп отпой. Бул Кабарды угуп шаабайым сууп жолума туштум.
Азыр бараткан жол мени полковник отурган турмого алып барат, мени менен суйлошчуу акыркы Адам ошол калды, Чырмашович менен инисинен пайда жок башымды айландырып акылымды чаташтыргандан башка эч кандай жардам корсото алышпайт. Бирок мени менен жолугууга конот бекен, деп ойлонуп бараттым. Кудай жалгап мен кутуп отурган кичине болмого чыгып келди.
-саламатсызбы жолдош полковник, деп урмат коргозуп ордумдан тура калдым.
-саламатчылык жолдош майор, сени майор болду деп угуп суйундум азаматсын, деди отургучтун бирине отуруп жатып.
Кандайча? Сенин айындан бул жерде отурам деп кыр коргозбойбу? же жон эле какшыктап жатабы? деп тан кала андан козумду албай мен да отургучтан орун алдым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   Dimedra   08 Август 2018 - 00:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

-Кайсы шамал айдап келди сени бул жакка, кутулганына суйуйнуп алаыс алыс качпайсынбы.
-Ушул суроону сизге берейин деп келдим.
-мага? эмнеге мага?
-сиз кантип мени менен орун алмашып калдыныз? сизде бийлик деги бар эле, кимдин тиши отту сизге? Бештен белгилуу сиздин эч кандай куноонуз жок.
10 секундча коздорун чон ачып карап отуруп,
-Билгем! Мен билгем! деп ордунан тура калды.
Шаштыруунун кереги жок экени тушунуктуу эле, качан тынчтанып озу соз баштаарын кутуп калдым.
-маселе сенде эмес экенин билгем, кайнатан ошончо жукту кантип которуп кетти экен. Балким оордук кылып которо албай чарчап кеткендир. Сен убактынды мага коротпо, мен бул жерде отурсам дагы кызмат сырын ачууга укук берилген эмес. Бир нерсени айтып коюшум керек, Расулдарды издеген жалгыз биз эмеспиз, Каныбек анын изине жаны тушкондо башкалар да ээрчип алып билдирип алышкан. Авангардды ээрчигенден пайда калбаган ошон учун аны бутка оролоштурбай камакка алыш керек экенин айтсам Каныбек мени эч тушунгусу келбеди, бирок бул аны олтуруумо себеп боло алмак эмес. Мен бироо учун болгондо дагы каршылаштарым учун башканын жанын кыйгыдай акылымдан адашып кала элекмин. Атайдын да катышы бар болсо керек дейин десем ал да жабыр тартты, жумушун баарынан устун койчу адамдын жон эле арызын жазып бошоп кетуусуно ишене турган мен эмес, демек ага да коркутуулар тушкон. Сени бул жерден куткарып кетуу келинчегидин атасынын акыркы максаты болгон болсо керек. Сенин жактоочун Садыр азга кончулордон эмес, бирок созсуз кардары каалаганын бере алат кандай жол менен болсо да, озун коруп тургандай экообуздун ордубузду алмаштырып койгонго да кудурети жетет. Азырынча эч кимге белгисиз ал кандай жол менен иш алып бараары, мени бул жерге киргизип койгонго кучу жеткенине караганда ал жалгыз эмес, командасын эн кучтуу оз ишинин чеберлери деп эсептелген адамдар тузот, кимдер болоорунан айрымасы жок, алар генерал, полковник, катардагы капитан, жеке ишкер, ак уйдун ишчилери, крим чойронун адамдары жада калса кочодогу тунку кополоктор да болушу да мумкун. Анча коп акча алганы да тушунуктуу жардамчылары да бекер иштеп бербейт да. Эми ойлоп корчу, ушундай адамды жалдоого сенин кудуретин жетеби, корго да корунуп турбайбы кайнатан аны жалдаганы, анын каалаганы ушундай болгон экен мени бул жерге тыгып колу бутумду жипсиз байлагысы келген. Бирок эмне учун, Каныбектин олумуно себепкер деп айта албайм анын каалаганы башка эле, бирок эмне? Авангардды куткаруубу, ал кайнатандын коргоосуна муктаж эмес. Эмнеси болсо да эми бул табышмак боюнча кала бермекчи. Мен моонотумду отоомо туура келет, менин сеникиндей коргоочуларым жок, бут байлыгымды топтосом да Садырдай жактооочуну жалдаганга жетпейт. Эч нерсе эмес майор, ар кимдин озунун тагдыры бар, андан качып кутула албайбыз, деп ийинин куушуруп койду.
Менде берилуучу суроо деле калбады окшойт, баарын тушунукту жонокой тил менен айтып отту, калган ишти улантуу же токтотуу менден гана коз каранды. А мен токтоп калуу оюмда да жок, полковник аны жакшы тушунуп турган ошон учун акыркы создорун айтуу менен аны коргооп калуумду отунуп жатты, ачык создор менен жардам суроо ал кишинин адатынан эмес эле.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   Dimedra   10 Август 2018 - 02:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Коштошуп жатып полковниктин колун катуу кысып койдум баары жакшы болоорун билдирип, ал да башын ийкеп ыраазы болгондой жылуу коштошуп кала берди.
Кийинки сапарым жактоочулар отурукташкан жай болмокчу, Камбаровичке эмес Жапар атту адамга учуроом керек. Полковниктин айткан создорунун баары жондуу бир гана Садырды кайнатам жалдаганынан башкасы. Ал киши Жапар дегенди жоноткон демек азыркы туйундун бир учу анда жатат.
Коп кыйналбай аны да таап келдим, эми эле соттон утуп чыгып конулдуу отурган экен ордунда. Саламдашып жениши менен куттуктап озумду тааныштарганча сунушун кутпой эле орундуктардын биринен орун алдым. Ал да менин жамандыктан кутулуп алганымды куттуктап кайра жоготууга учураганыбыз учун конул айтып унсуз тиктеп келгенимдин себеби эмне экенин билууго ынтызаар экенин билдирип турду.
-сизге рахмат айтканы келдим кеч болсо да, оз убагында менин ишимди жолго таштабай керектуу адамга тапшырганыныз учун. Сиздин жондомунуздон да шегим жок денизчи, бирок билбейм Камбарович болбогондо азыр кай жерде болмокмун, дедим создун ток этээр жерин айтып.
-ошондой де, менимче шек санагансын, деп бирааз унсуз сынай тиктеп отуруп созун улады, бирок ошондо сенин адамгерчилигине баа бердим. Кайнатандын конулун оорутуп жок дебей абалдан сыйда чыгып кеткенине.
-жалпак тил менен айтканда?
-Эми, мени колу бошобой ОЗУ тапшырып берди дедирткенинди айтам да.
-ошондо сиз озунуз ага откоруп бербегенсиз?
-жок албетте, Садыр сенин каалоон ошондой экенин айтты, мен каршы болгон жокмун. ОЗУ каалабаган Адам менен иш алып баруу кыйын да, ал Тургай акысыз иштеп жатсан дагы.
-туура тушунгон болсом сиз мени коргогонунуз учун акы алмак эмессиз?
-сенин кайнатан мага коп жолу кызмат корсоткон, бул сапар менин кезегим болчу.
-а сиздин кесиптешиниз Садыр Камбарович эч качан бекер иштебейт?
-Андай деп кесе айтуу туура эмес болоор, ар кимдин озунун чындыгы бар дечи бирок Садырдын алкымы чон экенин ар бир чымчык деле билсе керек, кийин ал муну жашырууга аракет деле кылбайт. "Ар кимдин озунун Берген акысына жараша кызмат корсотуубуз керек" деп айтып эле журот. Анын иш алып баруусу башкача негизи, дайым эле сотто ута бербейт да кээде женилип деле калат, кызыгы ал адамдар кайрадан эле кардар болуп келе берет ага, менде андай эмес дароо жолу жок жактоочуга чыгарып коюшат, мен эле эмес башкаларда деле ошондой.
-анткени Камбарович эч качан утулбайт, уттуруп койгон болсо демек жон гана кардарынын каалоосун аткарган, ал киши кардардын каалоосун эн жогору коет Жана эч качан ага каршы чыкпайт, деп анын созун толуктап ордумдан туруп кетип бара жатып,
-азыр аны кайдан тапсам болоорун айта аласызбы, деп сурап калдым.
-окунучко карай бул ирет да жардам бере албайм, ал коптон бери корунбой калды чет жакка чыгып кеткен болбосо, кээде ушундай корунбой калат, деп алакан жая ийинин куушуруп койду.
Мен да жылмайып кашымды которо мындай учурда бизден эч нерсе коз каранды эмес экенин билдире чыгып кеттим.
Жолдо баратып Чырмашовичке учурай кетейин деп кайра ал оюмдан баш тарттым, уккандарыма Караганда ал киши башынан эле коркок муноз, аны жумушунан четтегенге жеткирген адамдар оозун да ачпас кылып коюшкан болсо керек. Жок жерден дагы бир адамга койгой арттырбай жон журоюн ансыз да акыркы кундору мени менен суйлошкон адамдар табышмактуу турдо жоголуп жатышат.
Жумушка кирип чарчанкы ордума отуруп эмне кылышты билбей чалкалай кеттим. Мындан башка да жумуштарым толтура дечи, бирок бирине да колум барбай турат, оюмдун баарын олукко айланган тируулор же табышмактуу жоголгон олуктор ээлеп алган. Бирааз тыныгуу жасабасам болбойт, акылын артка тартып турган учурда алдыга жылуу мумкун эмес. Компьтерди жандырып оюн ойноп мээмди эс алдырайын дегем, экранды карап коргон коздорумо ишенбей жакындап келип карап чочуганымдан ордумдан секирип кеттим. Мандайымда мени карап жонокой бирок курч ишенимдуу коздору менен Расулдун суроту анын жанында ошол эле коздор менен бирок бет тузулушу озгортулгон мага тааныш жуз турган, жакын келип караганымдын себеби коздорум чарчабай эле акылыма кадимки Камбаровичти коруп турганы чын экенин тастыктап берсин дедим. Ооба дал озу, башкача болушу мумкун эмес, эки эгиздин коз карашы да мынчалык окшош болбойт. Эмелеки чарчоом кайдадыр учуп жоголуп колдорум шакылдатып Садыр Камбаровичтин ысымын терип ал жонундо маалымат издеп кирдим.Кызыгы ал озун эч бир жерге жарнамалап жарыялабаптыр башкаларчылап, юстиция министирлигинин атайын баракчасында да аз гана айтылган, 2005-жылдан бери жактоочу болуп катталган, ага чейин Россия Федерациясында эмгектенген окууну да ошол жактан бутургон, болду башка маалымат берилбеген. Мына кызык, Расул 2006-жылы олду делинген а бул киши андан бир жыл мурун пайда болгон, кантип? Экоо эки башка Адам экенин эч оюма да ала албайм, мен баарынан адашышым мумкун бирок коз карашты аныктоодон эмес, омурумдун ушул кунуно чейин кетирген убактымдын баары коз карашты аныктоого арналган. Алган маалыматты ал кыла албай убараланып жатып муну экранга ким жуктогону жонундо ойлонууну унута жаздапмын. Албетте Алиевичтин иши, демек бирине жеткен экен, бирок аны кайда кылды. Азыр Алиевичке эмес Камбаровичке кобуроок кыжаалат болуп турдум.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   Dimedra   12 Август 2018 - 00:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Сыдыков айткандай "Каныбек бекиткен буюмду ит менен издесен да таппайсын" , озун издеп убакыт коротуунун кереги жок. Садыр Расул болгон болсо мени куткаруусунун себеби эмне болду экен, жок жок ал корсоткон кызматы учун эч Ким акы толобогон, Расулдун менде башка кызыкчылыгы бар, балким Алиевичтин тируу экенин билет мен аркылуу аны тапкысы келген. Ох кандай гана айлан кочок, деги мунун тубу барбы. Балким мен да олоормун, анда мени издешеби, жок менде аларды кызыктырган эч нерсе жок. Токточу эгер Расул Алиевичти издеген болсо, себеби эмнеде? Майордо Расулга керектуу маалымат болушу мумкун, анда эмне бар эле жашыруун Баяндан башка. Так ОЗУ Баян! Компьтерди очуруп Сыдыковтун кабинетине жонодум.
-жолдош подполковник сизге дагы бир жыллызча кошууга убакыт келди. Москвадагы кесиптештерге суроо жолдош керек, Россия адвокатура жана нотариалдык институтунун 98-жылкы бутуруучулорунун тизмесин беришсин, дедим узун столдун бир башына таяна туруп.
-дагы эмнени баштаганы турасын? деп кызыгуусу арткан жузун мага каратты.
-мен Расулду таптым, бир гана аны тастыкташыбыз калды.
-айтканын болсун. Кимди издейбиз ошондо.
-менин жактоочум сизге тааныш да.
-ах Батыр ах, мен да андан кумон кылганым бар, бирок эмнеден кумондонуп жатканымды тушуно албагам. Демек ал 98- жылы Москвадан бутурдум деп келген. Жарайсын майор, эртен туштон кийин столунун устундо болот тизме.
-а эмнеге эрте менен эмес?
-ал жакта тан атканда бизде туш болот эмеспи.
-ал жагын эске албапмын жолдош подполковник, умуттоном тизмеден анын ысымын коро албайбыз деп. А баса мен 2 аптага эргууго чыксамбы дегем.
-ушундай учурда ээ?
-ооба так азыр эргууго чыгышым керек, болбосо уй булоомду жоготуп алуу коркунучу турат.
-бул маселеде талаш болушу мумкун эмес, арызынды жаз 2 аптадан кийин бошсун.
-жок, жолдош подполковник эн кобу эртен туштон кийинге чейин иштей алам, тизме колубузга тийери менен мен эргуудо болушум шарт. Дагы бир маселе арызсыз эле болсун, менин жеке койгоюмду башкалар билуусун каалабайм, тушуносуз деген умуттомун, деп жооп кутпостон бурулуп чыгып кеттим.
Ооба эч Ким билбеши керек жада калса Сыдыков да, оюмду бекемдеп алып иш болмомо кирдим да кагазга Москва деп жазып Алиевич орноткон видеокозомолдун алдына алып келип коргозуп койдум. Аны атайын алдырган эмеспиз, качандыр аспабка туташылган компьтерди табабыз деген ойдо, азыр оюма ушул келди Алиевич мени ушул аркылуу козомолго алуусун улантып жатат деп, Кыргызстандан жолугуу мумкун болбосо да башка шаардан жолугаар деген умутто ушундай кылдым.
Кеч уйго келип кадимкидей эле корунушко туш келдим, келинчегимдин муздак кусаага толгон коз карашы, балдарым да аны тушунгондой мурдакыдай бейбаштыгы жок кыйла чоное тушушкондой, 5 муноттой босогодо туруп кайра артка бурулуп чыгып кеттим. Жакынкы гул саткан дукондордун биринен бир кучак гул сатып алып кайтып келе жатсам келинчегим терезеден мостое карап тууруптур, ушунчалык уйго шашылып корбогонмун, анын жузун коруп журокторум элжиреп кабаттан которулуп уйго киргенче чыдамым кетти. Кирип келе келинчегиме гулду сунуп ордунан так которо айландыра,
- болду сагынычты жене албайбыз бирок ал менен бирге жашашты уйронолу, бири бирибизге азап беришти токтолу, сен мага кайнатамдан калган аманатсын, ал кишинин акыркы керезин аткарып сени коздун карегиндей сактап эмне болсо да кечирип, бактылуу кылышым керек, сени мага ишенип таштаган деп суйлоп жаттым.
Чынында чарчадым суз жашоодон чарчадым, уй булоомду абалкы абалга алып келишим керек, жубайымдын кулкусун, насааттарын сагындым, балдарымдын шоктонуп урушкандарын сагындым, чыныгы уй булоо болушту сагындым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   Dimedra   13 Август 2018 - 22:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

-сени бир жолу кеткен экен десе, кайрылып келгени чыккан экенсин да, деп мойнумдан кучактап жузундогу уячасын коргозо жылмайып койду.
Анын бул бар кучун топтоп жалгандан жылмайуусу бут денемди муздатып жиберди. Балким менин кетип калышымды каалап жаткан болбосун, атасынын олумуно куноолоппу же аны деп жумушумдан баш тартып кетпегеним учунбу? Коздорум тумандап колдорум озунон ОЗУ бошошуп келинчегимди шалак эттире жерге тушуруп жибердим. Ал эч нерсе болбогондой туруп ашканага кирип кетти, мен ордумда каткан боюнча кала бердим. Азыр тандоо койсо эмне кылмакчымын, чындап эле мага кайсынысы маанилуурок, жумуштан баш тартып кете албайм, жоок озумду ал жумушсуз элестете да албайм ал учун турмого отуруп чыгууга да даяр болбодумбу, а жубайым балдарым учунчу? Алар учун жанымды бергенге даярмын бир секунд да ойлонбой туруп, ошондо эмне жумушумду жашоодон да артык коюп жатамбы? Бирок озум каалаган нерсе менен алектене албасам жашоонун манызы барбы мен учун? Бул суроолорду акылымда тегеретип келинчегимдин артынан кирип барсам, мен берген гулду сууга салып дасторкон жасап жаткан экен.
Анын бул кылыгына чындап тушунбой сурап жибердим.
-сен таарынбадынбы?
-эмнеге таарынышым керек? Гул бергенинеби? деди жасап жаткан жумушун уланта.
-сага жооб кылбаганыма.
-а мен сага суроо бербедим.
-жок сенин эркелигине, жок... деп созумду таппай калдым.
-кечир тузук эле эркелейин дегем окшошпой калды окшойт, сен жасалма мамилени жаман корот эмессинби, озумо да ынгайсыз болду, деп коздорумо карады.
-а эмнеге жасалма мамиле жасайсын, экообузго бир нерсе болду беле? дедим экообуздун урушкан кунубузду эстей албай.
-жок мени кечир башка кайталанбайт, кардын ач болгон чыгаар тамактаналы, мен балдарды алып келейин, деп чыгып баратканда анын колунан кармап калдым.
-сен темир Адам болуп бараткансын го, менден эмнеге кечирим сурайсын, элдин аялдарына окшоп уруш чыгарып ыйлап, кетем деп коркутпайсынбы, менин кечирим сурашымды кутуп мага талап койбойсунбу, менин гана каалоом менен эсептешпей озундун да каалоон бар экенин айтып болушпойсунбу, кантип сенде каалоо жок, эч качан мага сурак жургузбойсун же сага баары бирби, деп ичимде катылуунун баарын тогуп суйлоп жаттым.
Ал эч озгоруусуз,
-кызык, эркектер аялдын ушундай болуусун жактырышат деп ойлогом, адаштымбы? деди да чыгып кетти.
Ал кечте кылган аракетим да текке кетип тун уйкуга кеттик, башын колума жолоп кучагымда жатса да арабыз ушунчалык алыстай эле, коздору жумулуу жатканы менен уктабай эле эмнедендир кабатыр болуп тынчсызданып жатканын сезип турдум, атасы откондон бери ушундай абалга коп тушчуу болду, алакандары тердеп сынак тапшырып жаткан студенттей теригет, андай абалын жашыруу учун жанакынтип муздак коз карашты кийип алат.
Эртен алыска кетээримди айтсамбы, "макул озун билесин" деген жоопту алам да жанакы эле, кайдыгерликке конулумду тушурбой айтпай эле коюну туура чечтим, менден го кыжаалат болбойт дечи бирок аял эмеспи бироо жарымга айтып койсо иштин буткону, келгенде деле айтсам эч нерсе озгорбойт, эмнеге айтпай кетесин дей турган жубайым жок андан коро жакшылап уйкумду кандырайын алдыда канчалаган уйкусуз тундор кутуп жатканы белгисиз деп уйкуга кеттим.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   Dimedra   14 Август 2018 - 20:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Эрте менен уйдон чыгып баратып журогум алып учуп, уй булоомо кыянат кылганы жаткансып босогону аттай албай буйдалып туруп калдым. Балдарымдын жуздорунон суйуп келинчегиме карасам, керек эмес андай кылба дегенсип тиктеп туруптур, менин кетип жатканымды сезип жаткан го деген ойдо,
-келемин мен, деп анын да жузунон суйуп чыгып кеттим.
Майда чуйдо жумуштар менен алек болсом да туштон кийин болмогу тозок болду. Эшик тыкылдап калса селт этип Сыдыковду кутом, ал саат 3ко карап калганда гана телефонго конгуроо кылып озуно чакырды, аран турган жаным ал созун буткончо эле кое салып жугурдум.
-жолдош подполковник мынча кеч?
Ал унсуз гана экранга козу менен ымдап койду. Жетип барып карай салсам тизме жонотулгон экен, биз куткондой эмес Камбаровичтин ысымы тизмеде бар болуп чыкты.
-болушу мумкун эмес!
-мумкун экен майор, адашыппыз.
-жок бул жерде бир нерсе бар, балким баары суйлошулуп окуу жайдын архивине киргизилген болушу мумкун.
-жок бул мумкун эмес, архивди ондой алышпайт, бирок сага маалымат берчуу адамдарды да таап койдум, оз кулагын менен укпасан ишенбейсин да билем, деп Экинчи айнекчени ачып бирге окугандарынын жашаган иштеген жайларынын даректерин коргозду.
-жарайт жолдош подполковник, ушул баракчаны мага чыгарып бериниз, дедим.
-сен эргуудон келгенче чыгарып коем, деп кулумсуроп чалкалай кетти. Менин эс алууга чыгаарымдын чыныгы себеби эмне экенин уккусу келип турганын билдире.
-жок мен эс алуу учурунда териштире журом, балким ал тараптарга да барып каламбы, дедим сыр билдирбегенге аракет кылып.
-Батыр эргууго эмес командировкага чык, чыгымды чонтогунон толобой, баары айкын болуп турбайбы сен уй булоон менен эмес эле жумушун менен алектенгени жатканын.
-ооба жолдош подполковник, бирок командировка алсам маалымат кетет, андан коро чыгым кетсин.
-ак жол анда, деп ордунан туруп колун сунуп калды.
Колун кысып рахматымды айтып чыгып кетип
Кабинетке келип компьтерди жандырып экрандагы суротко карап отура бердим, канча коп карасам ошончо коп окшошуп жатты, жон эле окшош эмес так ОЗУ экенине ынанып турдум, аныкташым керек, ким бул Садыр Камбарович. Саатка карап алып курмомду которо жолго чыктым, аэропорттон билет алып дароо учушум керек эч Ким кабар таба электе.
Ойлогон оюмду ишке ашырып тунку саат 12 де Москва шаарына келип тушушу тушуп алып кайда бараарымды билбей танды Домодедово аэропортунун ичиндеги ашканалардын биринде отуруп аттырдым. Бир жагынан жакшы болду ишти эмнеден башташ керек экенин тизмелеп алдым, Камбаровичтин тизмеде бар болуп чыгышы менин пландарымды бираз озгортуп татаалдаштырып жиберген, менин оюм дароо Араб Эмираттарына Авангарддын артынан учмак эле, болгону журуу жолдорун озгортуп башка шаардан учмакмын артымдан тушкон илинчек болсо адаштырганча. Бирок эч нерсе эмес, Расул артымдан жургон болсо озунун изине тушконумду билип алыстап калат. Тандын атышы менен тизмедеги биринчи адамды издешти баштадым, алардын ичинен эн жонокоюн тандагам, кыйындары оздорун ойлонуп журуп кимдер менен бирге окуганын да унутуп калышкан болсо керек, жонокойлору унуткан болсо да бат эле эстешет. Аны да таап келдим, бир убакта Камбарович менен бир конторада иштеген азыр уйундо эле болуп анча мынча чыгып калган майда чуйдо иштер болсо бутуруп болбосо жок эле отурган учуру экен. Орустар туз калк келет дейт эмеспизби, азыр мен ал созго анчалык кошула албай турдум, Сергей Мироновичтин айдаган унаасына суйлогон создору топ келбей жатканынан. Айдаганы акыркы улгудогу чет элдик мшине суйлогону бир бечара. Жонокоюнор ушул болсо кыйындарынарды жакшы эле издебеген экенмин дедим. Биздин жактоочулар бул жердикине салыштырмалуу эч нерсе табышпайт десек болчудай, булар болсо акчага чомулушот.
-биз жакшы эле иштеп жатканбыз, Садыр адамдардын тилин оной тапкан аябай иш билги адам эле, итибиз чоп жеп жаткан учурда ал капыстан оз мекенине кетуу чечимин кабылдап кетип калды ал учун бул жердеги уй булоосунон да кечип жиберген билишимче, андан кийин мен башка шерик алып иштеп кордум эч эле окшошпой койду, ижара акысын толоп журо Бергенде эмне деп контораны жаап салып уйдон эле иштеп калдым, деп суйлоп жатты.
-а анын бул жерде уй булоосу бар беле? деп сураганча чонтогумдон суротту сууруп чыгып корсоттум.
-Биз айтып жаткан Садыр ушулбу?
-ооба бирок, деп ишенимсиз карап калды.
-эмне бирок?
-силерди суроттон айрымалаш татаалыраак да, озубуздун орус болгондо дароо айтмакмын, жузу окшошуп турганы менен мага анын коз карашы тааныш эместей болуп жатат, кантсе да аны менен коп жылдар бирге журуп калбадымбы, окуп иштеп дегендей, ал кыйтыр коз карашка ээ эле менимче бул жерде ото эле туз карап тушкон, билбейм дагы адашып жатышым да мумкун.
-туура эле байкадыныз, баары бир кесип озгочулугунуз бар да, баамчыл болуп оз ишинин чеберлеринин бири экенинизди билдирип турасыз. А анын уй булоосу тууралуу айтып бере аласызбы, дедим унутта калып кеткен суроомду жанылап.
-жубайы орус кызы болчу, баласы да бар болуш керек. Ал жондон жон кетмек эмес акчаны жакшы корчуу аябай, менимче мекенинде белгилуу бир инсан жумуш сунуштаган коп акчалуу, болбосо баласын таштабайт болчу. Бирок сага жардам бере албайм алар кайда, аты жону ким деген билчуу эмесмин, сага кенешим Бекер убактынды коротпой чондоруна айт интерплго кайрылсын, бул жерге чейин келгенине Караганда маселен чатак, деди.
-чатагы чатак бирок интерполго кайрылгыдай жуйоолу себеби жок, рахмат сизге убактынызды болуп жолугууга чыкканынызга деп унаадан тушуп кеттим.
Бироо менен чектелгеним болбос андан ары да курсташтарын издеп жонодум. Экинчиси, учунчусу да ошол эле жоопту айтышты, анын кайда экенин билбей тургандарын, акчаны жакшы коргонун. Суротун корушуп ошол эле каарыганга кичине озгоро тушуптур дегенден башка эч нерсе айта алышпады. Кыштын куну бул жерде бизге Караганда да бат кеч кирет экен, тун болгончо жай таап жайгашууну ойлоп изилдоомду токтоттум. Мейманкана издеп жатып акылыма бир ой келип анын артынан ээрчип кеттим. Бул шаарда калуунун кажети калбагандай, баары бир издегенимди таба алчуудай эмесмин. Бир гана Сергей Мироновичтин "коз карашы башка" деген созу менин оюмду бекемдеп койгону болбосо башка маалымат ала албадым, эртен деле алышым кумон андан коро Эмиртка сапар тартайын, деп кайрадан аэропортко келдим. Бул жолу да ишим он келип билет алып дароо учакка отуруп жоноп кеттим. Жаш кезекте 3 кун да уктабай Эркин журо берчуу жаным азыр бир тун эле уйкудан калганыма коздорум эркиме каршы жумулуп уйку озуно чакырып туруп алды. Отуздан жаны ашканда эле мынтсем кыркка киргенде пенсияга чыгуума туура келет го деген ой уйкудан алдынкы акыркы оюм болду. Учак жерге конуп элдер бытырап ордуларынан козголо башташканда гана уйкудан турдум. Рас эле чырым этип алган экенмин, жерге тушконубуздо аба ырайы ачык кун тийип турган экен, уктап албаганымда мындай ыссык тез эле алсыратып коймок. Аэропорттон чыгып автобус менен шаарга келдим. Уккан создорумо анча маани берчуу эмесмин козум менен коргондо гана тушундум элдер эмне себептен бул жайларды суктануу менен соз кылышаарын, менин жылтыраган бут кийимим жерде тошолгон асфальтка Караганда кирдей корунду. Жашоочулары аппак кийинип жургону ушундан тура, чан жугуп кир болушунан чочулашпайт экен. Бир сыйра коз жугуртуп шаардын тазалыгына суктанып алып жолумду уладым. англис тилин же араб тилин билбей туруп эч кайда баралбашымды тушунуп жолдон такси токтотуп баштадым. Эч бири токтоюн дебейт, бул жерде таксини жолдон кармап болбойт ондуу деп ойлогонумча бир ак машине келип токтоп терезесин тушуруп калды. Кыйналбай эле колумдагы дарек жазылган баракты сундум, ал окуп коруп кайра мага сунуп,
-сиз кыргызсызбы? Деп таптак орусча суйлоп жатпайбы.
Суйунгонумдон макулдугун сурабай эле эшигин ачып отура калдым.
-ооба мен кыргызмын, озун кимсин? деп.
Корсо апасы тажик атасы Сириялык арабтардан экен. Ата энеси ажырашып бул жигит апасы менен Тажикистанда чоноюптур, орусча билгени да ошондон го. Бул жерде мигрант болуп эмгектенээрин айтып бир топ эле суйлоп берди жетээр жериме жеткенче. Чет жерде сени тушунгон Адам болгону кандай жакшы деп телефон номурун алып калдым.
Мына издеп тапкан дарекке келип Авангард жайгашкан мейманкананын алдында турам.

Билдирүүнү түзөткөн: Dimedra: 14 Август 2018 - 20:27

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   Dimedra   17 Август 2018 - 01:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Мейманканага жайгашып алып, келген максатыма оттум. Озуно дароо кирип барып жолугуу кыйынга тургудай, кечки тамакка ресторанга тушуп келет деп куткон оюм да ордунан чыкпай калды, кыязы оз каанасына алдырып тамактанса керек деп ойлоно ресторандан чыгып баратып бир жигитти сузуп токтодум. Ал англисчелеп бир деме дегендей болду эле билген создорумду колдонуп кечирим сурап жузуно карасам озубуздун кыргыз жигити турат мандайымда. -кыргызсызбы? дегенче артын карасам жалгыз эместей, топ болуп сыртты коздой бара жатышкан экен. Мен сузуп алган жигит да бурулуп суроомо жооп бербестен басып кетти. Эч кимиси мен тарапты карап да койгон жок, артынан коруп турганым учун алардын Ким экенин коро албай калдым, баары кыргызбы же бироо элеби, мумкун ал жигит деле кыргыз эместир мен жон гана адашып жаткандырмын деп басып кетээримде кыргызча тааныш унду угуп калдым. Ооба бул Авангарддын доошу эле, "козуно карап баспайсынбы" деп артына карабай туруп тиги жигитке ун катты. Мен кадамымды тездетип жанына жетээримде артында бараткан жигит алдымды тороп калды. Ал менен тирешип турганымча Авангард узап кетмек, ордумдан эле,
-Авангард! деп кыйкырдым. Ордунан жылбай токтоп 10 секунддай туруп бирок мен тарапка бурулбай басып кете берди.
Демек мени тааныды, менде убакыт аз эле алдыда турган жигитти кулак тупко бир Уруп жолдон алып анын артынан жугурдум, дагы бири тосту аны бар Кучум менен туртуп жиберип басышымды улантайын дегенимде анын торт жигити жабыла калышты.
-силер менин теним эмессинер жолдон качкыла, дедим шыбырап кана. Бириси курунда асылган тапанчаны коргозуп "чушш" деп сомоюн оозуна такап коет, Мен эн жакшы билем алар бул жерде курал атканга даай алышпасын, буларда мыйзам кучтуу, мыйыгымдан куло кол салууга даярданып калганымда ары жактан костюмчан эки доодой кара адамдар жетип келишти, кимдир бироо кабар жеткирген болуш керек. Аларды коро сала Авангард эки аттап жетип келип бир нерселерди суйлоп жайгарды да бизге карап,
-мага бул жерде койгойдун кереги жок, Батыр оз каанана бар менин жумуштарым бар, эртен корушобуз, деди да жигиттерин эрчитип басып кетти. Азыр канча аракет кылбайын майнап чыкпасын тушундум, каанама кирип эртенди куткондон башка аргам калбады, бирок ал созуно тураар бекен, изин жашырып кетпейби деп кыжаалат болуп танды аттырдым. Эрте мененки тушку тамакты да болмого алдырып сыртка чыкпай кутуп отурдум, балким келип калса ордумда болоюн деп. Туштон кийин гана эшик такылдаганынан жетип барып ачсам эч Ким жок, тан кала кайра жапканы жатып аяк астымда жаткан кагазга козум тушту, аны алып дагы бир ирет эки жакка коз жугуртуп эч ким жок экенине ынана эшикти жаап кагазга унулдум, анда кыска гана бир дарек жазылыптыр, Авангарддан башка мени Ким жолугушууга чакырмак эле бул жерде, дароо кийинип жоной бердим. Оюма кечээки жигит тушуп телефон чалсам ал да жетип келди. Кагазды коргозуп ушул дарекке жеткируусун сурандым.
-сиз кимдир бироону издеп журосузбу? деп сурап калды.
-эмнеге? Эмнеге Антип сурап жатасын?
-сиз бара турган даректе жашыруун сауна бар, бул шаарга биринчи келген Адам ал жайды билуусу мумкун эмес, сиз алдындан билгенсиз го, тусунуз эс ала турганга окшобойт. Кече сизди тушуруп кайтканымда эки адам токтотуп ушул жайга жеткиргем, менимче алар да кыргыздар бирок англисче суйлошту, сизди кай жерден алып келгенимди сурашып.
-ошондой де, алар менин досторум менин келишимди кутушпогон го, деп коюп ичимде ойлонуп жаттым, тим эле укмуш болуп кетишкен го мен келип аягым жерге тушо электе кабар таап, булардын маалымат булактары ото кучтуу болсо керек, ошон учун кечинде Авангард мени коргондо тан калбаган экен да.
-мына мырзам жетип келдик, деп тегереги жылтырак кузгудон тургузулган курулушту коргозду. Рахматымды айтып,
-кайтып баратып эч кимди албай эле кет, кош деп акчасын айтканынан ашыкча берип тушуп калдым, кокустан дагы Авангарддын адамдарына жолугуп байкуш жок жерден зыян тартып журбосун деген ойдо.
Ичкери кирсем жалан эркектер классика кийимде журушот, бул жай сауна деп адашып калган корунот чон мекемеге окшойт го деп тан калып туруп калсам Жаныма бириси басып келип бир демелерди суйлоп сыпаа кайрылып калды, анын создорунон жалгыз турист дегенин гана тушунуп,
-ооба, ооба турист, дедим.
Тиги 32 Тишин корсото жылмайып англис тилин билбейсизби? деп орусча суйлой баштады.
-Англис тилин билбегендер орус тилин билиш керек экенин кайдан алдын? Дедим тамашалай.
-анткени башка олкодон келгендер англис тилин жакшы билишет, бизге келген орустар Жана алардын коншулары кобунчо англис тилде суйлой алышпайт. Сиз оруска окшобойсуз бирок алардын коншуларынан болсонуз керек, ошондуктан орус тилин билсе керек деп ойлодум.
-тушунуктуу, сен баамчыл экенсин, ооба мен англисче суйлой албайм. Бул жерге мени бироо чакырган эле, балким байкаган чыгаарсын мендей монгол рассасында адамдар келиштиби?
-сиз Батыр дегенсизби? деди мени баштан аяк карай.
-так ОЗУ.
-мен да ошондой деп ойлоп жанынызга келгенмин, журунуз мени менен деп сылык колун жансап узун кен коридор менен алып жоноду. Кузгудой болгон эшикти код менен ачып кирип ичинде жайгашкан коп эшиктин бирин коргозуп,
-бул жактан кийимдеринизди алмаштырып алсаныз болот, деди.
-а муну созсуз аткарышым керекпи? дедим тан кала.
-албетте, тиги кыры чыккан шымыныз менен чомулбойсуз да, коркпонуз халаттар жаны, бут кийимдер да.
Башкача кылууга аргам жок экенин тушунуп, ал коргозгон болмого кирип кийимдеримди алмаштырып чыктым.
-эми бул каана сизге таандык, деп колума жипке байланган торт бурчтук магнитти байлап койду. Бул ачкычыныз, сизден башка эч Ким бул болмого кире албайт, буюмдарыныздан кыжаалат болбой жакшы эс алыныз деп башка бир эшикти ачып киргизип койду. Ал болмодон да бир жигит сылык суйлоп тосуп алып так англисче суйлоп колдорун далыма чейин которуп туруп калды. Анын бир да созуно тушунбой жалдырап туруп бердим.
-халатынызды чечип бериниз, деп орусча кайрылды.
-дароо эле ушундай десен болбойбу? Ошондо не мен жыланач киришим керекпи? дедим ачуум келгенин жашырбай.
Ал сылык гана жооб узатып,
-мен сизге чаарчык берем, деди.
Бул жерден да айтканга аргасыз конуп халатымды чечип, Берген чаарчыгын оронуп коргозгон эшикке кирип бардым. Кече мен сузуп токтогон жигит тосуп алып оронгон чаарчыгымды да чечип алып бассейнди коргозду,
-ото бер.
Кен бассейнде Авангард жалгыз сузуп жургон экен.
-охо, сен залдан чыкпай машыгасынго, Наранын айтканына эми ынанып турам тусун кыздар кызыгаарлык болсо денен ар бир коргон эркекти селт эттиргидей экен, деп суудан чыгып келди.
Мен келген тарабыма кол жансап,
-бул эмне деген маскарад? дедим.
-Батыр мен ушундай жашаганга аргасызмын, теринди сыйрып текшербегенге шугур кыл, этияттык гана сактап келет мени.
-жакында тараган ушак чын корунот, Кошмо штатка кирууго тыю салынды деген. Биздин Авангард Кошмо Штата эмне кылмак эле дегем, мынтип жашап жатканын Караганда бар беле дейм ал жакта караганын.
-силер оз олкомо батырбай кубалап жатсанар анан барам да башым ооган жакка.
Кана айтчы эмне себеп болду сенин бул жерге чейин мени издеп келгенине, убагында мага жолугуудан качып журчуу элен. Рахмат айтканы келбесен керек.
-рахмат укканы келдим, сени камактан сактайм деп озум отуруп чыкпадымбы.
-рахматымды айтканым ушул, тируу алдымда турганын. Адам мент болот, мент Адам болбойт деген созду далилдейсинер да дайым, саткын болгонунар учун Нуржигит экоонорду шишкебек кылып койсом да болот болчу, мен ушундай жалкыбаган жанмын кечире берем. Анан эле мынантип саткындар оздору бири бирин жазалап коюшат менин катышуумсуз эле. Каныбектин сага даярдаган жазасына аларды батырдын, Нуржигит агасы эко жазасын отоп жатышат.
-Алиевичти айтып жатасынбы?
-башка экообуздун Каныбек атту таанышыбыз барбы?
-эмнеге ал мага жаза даярдашы керек эле.
-биринчи биздин жолугуубуз эсиндеби, мен бир маселени бутуром деп 100 пайыз кепилдик бергеним, ошондо мен анын артынан тушкондор бар экенин байкагам, анткени ал Эми максатына жетейин дегенде он кадам алдыга жылдырып коюп жатышкан, аны аныктап берем деп келишкенбиз. Мен созумо турдум.
-Кандай кылып?
-ал тируу журсо эч аныктай ала турган эмеспиз, ошондуктан олтурууго туура келди, 3 кун уктай турган ок дары атылган, журок согушу басандап денеси муздап тируулуктон дайын билинбей кала турган, 72 саатта ойготуп албаса ошол боюнча кете берет, ал баарына макул болду. Жакындарын сырттан корсун дегем, анткени ал менин айткандарыма такыр ынанбай койгон.
-Ким?
-алдымда турган Адам билет аны.
-мен? деп Колумду озумо каратып аран ун каттым.
-албетте сен. Каныбек биринчи кумон сага тушоорун билген, калгандары кандай кылышат сырттан карап турууну чечкен. Озун коруп тургандай сен суудан курук чыктын, баарын жайлап коюп. Сенин кылгандарыны коруп туруп тан калганынан кайнатандын да жаны чыгып кетти.
Бул мени сынап жаткандагысыбы же чын эле эч нерседен кабары жокпу. Эгер "делону" булар алып чыкпаган болсо анда ким? Садыр мен камакка тушпостон алдын ишке киришиши мумкун эмес эле. Садыр Расул экенинен да кабары жокпу, деп ойлонгонумча, Авангард тамагын кырып суйлоп баштады.
-сен билип кайнатана кызмат кылгансынбы же анын негизги максатын билбей туруп тапшырмаларын аткаргансынбы иши кылып акырына барып анын да карамагынан чыгып оз алдынча кыймылдарды жасап баштагансын, кырдаалды башкара албай бараткан кайнатан кан басымы которулуп катуу санадан жан берди. Эми сенин тируу турганындын себебине келсек, ал киши жанын берген ишин табасын. Ал сенде эмес, эгер андай болгондо бул жерге келбей бизди чымындай чимирилтип гана карап отурмаксын.
-создун эмне тууралуу болуп жатканын тушунбодум го бирок, ал киши эч кандай иш менен алек болбогон, олоор алдында, деп барып созумдун аягына чыкпай токтодум. Эмнеге ушуга чейин ойлонбодум.
-эмне деди олоорунда айт, деп жаныма жакын келди.
-сен ал жумушунду ташта, башка жумушка от, сен карап жаткан маселенин акыры жок, мен да толук окуп жетишпедим деп кайталап жатып кетти. Эгер бир нерсени издеп жаткан болсонор анда башка адамдан издегиле, ал кишиден эмес. Балким ал да силердин оюнунарга кубо болуп калганы учун азыр арабызда жоктур, кырдаалдын кожоюндары аны инфаркка чейин жеткиришкен болсочу.
-ошондой дейли, анда ким? Олко башчыбы? Анын адамдары Каныбектин силердин аранарда жок эле, а балким сен туз олко башчыга кызмат кылаттырсын? Анда айтчы кайнатандын жыйган байлыгы кайда? Ал киши орто эсеп менен олко башчысындай эле байлык жыйган. Мамлекеттик кызматтагы жонокой жетекчиден так биз айтып жаткан олко башчысына чейин сенин кайнатан менен эсептешип турчу, кекиртегине киргендин жарымын созсуз ага ыргытып болушушчу, антпесе столунун алдына бекиткен "делолорду" чубап чыгып паракор, жемкор деп туруп иш козгомок. Эми ошол акчалар кайда кетти дейсин, бизди курчаактай ойноткондон башка. Эгер сен ал ишти тапсан баарын табасын, Каныбектен башка, Расулдун тируулугун билебиз бирок кайдалыгы ошол папкада гана жазылуу.
-а Баяндын тируулугу кайда жазылуу? дедим.
Авангарддын жузу озгоруло тушту, демек Алиевич бул тууралуу айтпаган.
-анын тируулугун далилдеш керек Али, Эгер чындап ошондой болсо ал да ошол кара сандыкта.
-демек Алиевич экоондун созунор бир экени жалган экен да, майор анын тируулугун далилдеп койгону качан, дедим ал экоонун биргелешкен уюмуна жарака орнотуу максатында.
-создун кыскасы максатыма жетем десен ал сандыкты табасын, деп сууга кирип кетти соз бутту дегендей.
Мен да бул жерде башка кылаар жумушум калбаганын туюп чыгып бараттым, Эми кырдаалдын козуру мен, алар мени издеп келсин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   Dimedra   17 Август 2018 - 19:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Эки апта деген эргуум бир аптага жетпей бутуп уйго карай сапар тарттым. Каалаганыма жетпесем да озум кутпогон маалыматка ээ болуп баратам.
Мен башынан эле туура эмес жолдо бараткан экенмин, Авангард баарын жасады Садырды тааныйт, Нуржигитти мойнуна алууга мажбур кылган же бир оюнду баштаганы жатат деп ойлогонмун, корсо ал да мендей эле оюндун сыртында калган экен. Алиевиччи ал киши эмне деп ойлоп бул кадамдарга барды экен, кесиптик баалуулук, жакын адамдардын суйуу ишенимин баарын сатып оз кызыкчылыгы учун колдонгонбу? Балким анын баарынан конулу калгандыр, дагы бир жолу жагымсыз окуяга туш болуудан коркуп коргонгондур, жакындары кимдер эле, балким артынан канжар урула берип чындап эч кимди жакын деп эсептебей калгандыр. Анын кылгандары актоого татыбай турса да актап жаттым, майордун жаман ишке баруусуна ишене албай турганмын, анын коздору, алар курч эле, эки жээкте ойногон адамдын козу анчалык курч болбой калат, жалтак болуп мокой баштайт. Анын каалоосу эмне экени озуно гана маалым, бирок ал бир нерсени коздоп журот, балким Авангарддын ишениммне кируу учун жанын курман кылган, табышмактын туйуну анда жатат деп айтып калчуу эмес беле. Токточу эмне эгер ал Авангард айтып жаткан сандыктагы сырды чаташтырыш учун жасаган болсо, ошентип сырдын ээсин ачыкка чыгарам деп ойлонгон болуп журбосун. Таптым мен да жыландын куйругунан эмес башынан кармаганга кызыкмакмын, Алиевич экообуз бирдей ой жугуртконубуз чын болсо анда анын оюн таптым. Учакта отуруп ушуларды ойлоп бараттым. Окуянын башынан баштап эстеп талдап чыгышым керек.
Мен борборго которулуп келем деген каалоом ар дайым боло турган, бирок эмнеден улам так ошол учурда которулуп келдим. Эсимде курсташ балага жолугуп Нарында чайлашканым, ал облустук ИИБнын кылмыш иликтоо болумуно жетекчи болуп барган, ошондо ал меникиндей мумкунчулугу болгондо эчаак борборго жетип бакыйган жерде отуруп калаарын айтып кулгон кайнатымды эске алып. Ооба так ошол, ичимдик сунуштаганда ашказаным оорулуу экенин айтып баш тарткам, Чырмашовичтин создоруно бул дал келип жатат. Ошол куну келинчегим борбор тууралуу соз козгоп калганда, албетте менин деле кетким келет бул жерлерден, айла канча биздин колдо эмес баары дегем. Андан коп отпой кайнатам телефон чалып, "болду жетишет, неберелеримди сагынып кеттим жаныма келгиле, орун даяр" деген. Бирок мен ИИМде болсом УКМК алдында уюшулган тергоо комитетине кандай кирип калганымды териштербей борборго жеткениме суйунуп даяр орунга отуруп калгам, кайнатамдын колунан баары келчуу, ал киши туурлаган экен деп ойлогом, корсо ага сунушташкан экен ал жон гана макул болгон. Алиевич мени тандабаса эмне болмок, бул жерде да бироолор аралашкан, Чырмашович! дал озу. Менин мумбайдамды(досье) колуна карматканда башка мумбайдаларды менин жанымда тургус тарых менен туурлаган, ал Алиевичти эн жакшы билет эле, анын тандоосун да алдын ала билген. Чырмашовичтин тандоосу эмнеге мага тушту экен, анын акылына кире алчуу ким бар, Нуржигитпи? Эмнеге? Жоок башка, балким укмуштай Чач жасалганы тандап берген токолудур. Андай болсо мен аны таанышым керек. Менин тергоо комитетке келишиме ким кызыктар болгон? Ушул суроонун жообун тапсам баары чечилет. Албетте бул жай менин бирден бир каалоом эле, бирок озум ошол жайда отуруп калам деп уч уктасам тушумо кирбеген. Бул каалоомду Ким менен болуштум эле? эч Ким, Эгер мени жакшы билип козумдон гана окуп алышпаса ооз ачып суйлогон эмесмин, бирок алардын жанылыктарын окуп калчуумун. Албетте менин келинчегим! ал гана менин акылыма кире алат, менин ар бир каалоомду биле алат, мен каалаганыма жетишим учун мумкун болбогон жолдорду ача алат. Мунун баарын алдындан билсем да тан алгым келчуу эмес, ал мен учун эмес мен ал учун жашагым келчуу, бирок бир да жолу аракет кылбапмын, аны деп бир жумушту кече албай жатам андан башкасын айтпай эле койоюн. Эми ал жонундо ойлоно баштадым, анын азыркы каалоосу эмне, акыркы жолу качан жыргап чын конулдон бакытка балкып кулду эде, чарчадым деп арызданганбы, менин наалыган кептериме жооб кайтарып качан мени менен урушкан. Биз жаныдан таанышканыбызда ойлору менен болушуп турчу, анча мынча айткан убактымдан кечигип калсам тултундап таарынып да калчуу, бара-бара ал сапаттары жоголуп буйрук аткарган темир адамга айланып отуруп кыялымды орундатчуу сыйкырчы болуп калган экен. Бала дедим бирди эмес экини дароо тороп берди, борбордо тергоочу болсом деген оюмду айттырбай тушунуп жон эле эмес улуу тергоочу кылып койду, табышмактуу маселеге аралашкым келчуу чечилбес туйунго туш болдум. Мунун баарына келинчегим аркылуу жеткенимди ойлогондо уялып турдум, мен ага эмне бердим, санаадан башка. Ал дайым оз каалоосун алып коздогонуно жетип конгон, балким менсиз эле эчаак жеткендир энсегенине. Эмне эгер ал кызматтагы тапшырмада журуп, мен анын каалаганына жетуу учун колдонгон куралы болгон болсом.
Авангард айткан кара сандыктагы сырдын ээси кайнатам болсо, анын устунон башкарып туруу бир гана кызынын колунан келе турган, ал киши кызынын айтканын эки кылбай аткарчуу, бирок эмнегедир анын биздин чойродо иштешине каршы эле, балким атасы кызынан мен коро албаган сапатты коро алгандыр, жумушту кумар кылып алат деп чочугандыр. Мен омурумдо окуп буто албаган жоон китепчелерди тиркеп илим изилдеп жатканына караганда ал чындап кумарга берилип кетет. Эмнеге аны башта корбогонмун, кантип ошондой чон китептерди мага коргозбой сактай алды. Токточу мен уйдо жалгыз калган кунум болгонбу, мен уйдо болгондо эч кайда чыкпайт анан кантип аларды кормокмун, ал куну да мени Кундуз кирип келет деп кутпосо керек, китептерин жыйнаганча абдан кыжаалат болуп шашылган. Демек мен ал кагаздарды табышым керек, сырдын баары ошондо, мен келинчегимди бул саздан куткарып калуум керек, бироолордун тапшырмасын аткарып жургон болсо токтотуум абзел Авангарддын колу жеткенче.
Учак жерге коноору менен жугурдум, эч качан кызмат абалымдан пайдаланчуу эмесмин азыр пайдалынышыма туура келет. Колумда которгон жугум болбогондон кийин аэропорттун чек ара кызматкерлерине куболугумду коргозуп дароо чыктым да такси менен уйго жетип келдим. Куттурбой кирип барсам дагы илим изилдоосунун устунон чыгамбы деген умутто конгуроо какпай ачкыч салып кирип барсам эч Ким жок. Андан жакшы болду, Бар буюмдарды чачып, билген тешиктеримди антарып откондо коргон кагаздарды издеп жаттым. Бир убакта эсиме бир нерсе кылт этип баладарымдын болмосуно жугурдум, жок! алардын кийимдери жок, келинчегимдин да кээ бир кийими жок болсо керек, бирок анын кандай кийимдери бар экенин да билчуу эмесмин, эмнеси жок эмнеси калган айрымалай албайт элем.
-Кетиптир! Жок! Жок! деп башымды мыкчып сыртка жонодум. Мен аларсыз дем ала албайм, чечилип суйлошпосо да менден сыр жашырса да жанымда болсун. Мен аларды койберип жибере албайм. Чуркап баратып ушуларды суйлонуп жаттым. Бир убакта гана озумду токтотуп жоо эч кайда жете албасымды тушунуп такси токтоттум. Акыркы убакта келгенден качып калган уйго жете албай демим кыстыгып жатты. Кыштын ызгаары кете элек болсо да женил кийимчен эле уйдон чыкканмын, ошол кийимдер да ашыкча кылып турду, бучулорумду чечип мойнумду бошотуп, оз демимден озум кысылып бараттым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   Dimedra   18 Август 2018 - 12:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Зангыраган тааныш уйдун короосуна жетип келип конгуроосун тынбай баса бердим эч Ким ачпай койчудай. Бир убакта кайненем чыгып турумду коруп чочуп кетти.
-бул эмне журуш балам? Суук катпадынбы?
-апа алар кайда? деп Ичкери жугурдум, алдын тик караштан сурдоочумун, кайнатама Караганда катуу Адам эле.
-уйдо балам, кир ичкери. Экообуз эки жакта жалгыздабай сен келгенче ушунда тура туралы деп келишкен, сени эки аптага кетти дебеди беле.
-Ким?
-келинчегин.
-мен ага эч нерсе дебегем, деп босогону аттап коргон козумо ишенбей туруп калдым. Сыдыков экоо компьютерге унулуп столдо жанаша отурушат, маанайлары абдан которунку создун кызыгына кирип кетишкендей. Мен батынып кирип бара албай же артка чыгып кете албай босогодо туруп калдым. Канчага чейин тураар элем билбейм, Сыдыков артын карабай ошол отурган абалында,
-канчага чейин тура бермекчисин майор дебегенде.
-кел Батыр женил конушун менен, деди ага удаа эле келинчегим мага карап жылмая, бул жылмаюсу чын конулдон эле.
-сен бул кагаздарды издеп келдин да, босогодо тура берсен эч качан окуп буто албайсын. Мен сага эч качан жалган айткан эмесмин, жон гана сенин коопсуздугун учун кээ бир маалыматтарды жашырып койгом. А бул китепти окугун келгенин айтсан Жан дилим менен бермекмин башта эле, деп мага карата сунду.
Азыр канчалык ага жетип барып кучагыма кысып жалынып жалбаргым келип турса да анын башка эркек менен бирге отуруп менден жашырган сырларын ага айтып берип жатканын коруп эркектик намысым жол бербеди, ун созсуз барып китепти колунан алып окуп кирдим. Анын ичинде эмне гана жазылбаган дейсин, бешиктеги наристеден олгондон кийинкиге чейинки аял эркетин ой жугуртуусу, кимдер гана жок, наристе, оспурум, кызматкер, жетекчи, тентимиш, алкаш, кылмышкер, милиция, чиновник, бай, кедей, бойдок уй булоолуу, тируу, олук, жан кечти баары бар. Франкенштейн да мынчалык изилдоо жургузбосо керек. Булардын баарына качан улгуруп журот, чырылдап кадам бастырбаган эки баласы болсо уй жумуштарына эч пайдасы тийбеген куйосу турса, бир кун да жумуштан келип тамак жок уй чачылып турганына кубо болбогом, "катындын кырк жаны бар" дегени ушул беле. Мен туура эмес кылган кумонумдон ынгайсыздана башымды которо албай отурдум.
-сени Москвадан кайтат экен десе, ойго келбеген жорукту жасап жибердин го, деди Сыдыков.
-силер эмне менин ар бир кадамымды эсептеп журосунорбу?
-бул мамлекеттин коопсуздугу, сенин келечегин учун жасалып жаткан кадамдар, деп экоо бири бирин тиктеп калышты.
-бул сиз, баарын жасаган сиз! эмнеге менин келинчегимди аралыштырдыныз, анын балдары бар экенин Биле туруп, алардын коопсуздугу эмне болот. Шайтан алгыр Эгер аларга бир нерсе болсо эч кандай мамлекеттин, келечектин мага кереги жок экенин эске алдынызбы? деп кыйкыра бердим, алардын жым туруп калгандарын коруп ашыкча суйлоп жибергенимди сезип токтоп калдым.
-жок майор, буйрук беруучу даанышман мен эмес келинчегин, мен жон гана буйрукка талашсыз баш ийиген согуш талаасындагы жоокермин. Качан кыйкырып ачуунду чыгарып болуп угууга даяр болгонунда кабар бер, деп жакасын бир силкип туздоп алып сыртка бет алды.
Азыр ал чыгып кетсе кайра корбой калчуудай туюлуп, дагы карангылыкта калып кетпестин айласын кылып тез озумду колго алдым.
-даярмын! Жолдош подполковник.
Ал ордунда токтоп дароо артка бурулду.
Мунун баарына кубо болуп четте карап турган келинчегим,
-алдын тамактаналы Батырдын карды ач, маалымат алгандан кийин тамак отпой палат, деди жай гана.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   Dimedra   18 Август 2018 - 22:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

maralum93 (18 Август 2018 - 13:25) жазган:

автор айымбы же мырза

Айым
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   Dimedra   22 Август 2018 - 14:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Ичим кайнап кайдагы карын, кайдагы тамак жер жутсун силерди деп кыжырынып турсам да сыртымдан билгизбегенге аракет кылып жаттым, кичине эле ачуум келгенин корсотсом баарынан кур калам. Эч нерсе болбогондой тур корсотуп алар менен бирге ашканага оттум, столдун усту жайнайт коп конок тосо тургандай.
-Бул жолу адаттан тыш, сен учун эмес менин шарапатыма дасторкон жайдым. Ушунча кыйындардын акылына келбеген нерсени таба алдын, демек мен даанышманмын тандоомдон адашпагам, деп столдун устуно чыканагын коюп эки колун жая ак сооктордун кылыгын кылып койду. Ак соок эмей эмне, тээ союзга чейинки мезгидерде эл башкарган адамдардын тукумунан, союздан бери ата бабалары КГБнын ардактуу адамдары болуп келген, оз атасы УКМКнын эн ишенимдуу адамы болсо анан кантип ал мураска калуучу озгочолук токтоп калсын. Бирок бул баарынан ашып тушконго окшойт, озгочолугу аял киши анан калса уй кожейкесинен Ким эмне кутот, так ошол мумкунчулуктон пайдаланып жатса анан бул даанышман эмей Ким. Буларды ойлогондо баарына даяр болуп калдым, азыр мамлекетти башкарып жатам десе да тан калбайт элем.
Кашыкты которуп озума салганым менен тамагымдан ары эч нерсе отпой койду.
-болду кыйналып оозунду толтура бербе жута албагандан кийин, созунду баштай бер, эмне билгин келет? деди жубайым мага тик карап.
-мени кандай козомолго алып журосунор?
-колундагы нике шакегин эмнеге озгочо деп ойлонуп коргонсунбу?
Эсимде, "мен сен салган шакекти чечпейм эч качан, сен да мен салган шакекти чечпейм деп соз бер, эмне болгондон айрымасы жок. Кокус тагдыр буйруп ажыралып калсак сен башкага уйлоносун анда ал нике шакекти чечтирип салышы мумкун, ошондуктан башкалар кумон кылбагандай шакек тандадым" деп кулагыма шыбырап чон нике шакегине окшобогон "печатка" деп койчу оор алтынды колума салган. Азыр ал шакекти тегеретип отурдум, мунун ичине сыя турган микрофонду кайдан тапкан.
-жок, угуучу аспаб жок анда, болгону сенин кайда жургонунду билдирип турат, деди оюмду окуп койгондой.
-а мен кайда болбоюн артымдан козомол бар, дедим мен кошумчалап башымды ийкей.
-алдындан болот. Сенин багытына карап кайда бара жатканынды тушунобуз, кумон туудурган жайлар болсо дароо козомол орнотууларын буйрабыз. Жолдош подполковник так азыр майор озун сырттан корууго убакыт келди корунот, деп карап койду эле Сыдыков ордунан элпек туруп аркы болмодон компьютерди которуп келип бир баскычын басып койду эле жашоомдон тунулуп кеттим. Нарында жургон кундордон азыркы уйдо жасаган тополонуман бери бар, мен унутта калтырган жолугушуулар, эч Ким билбеди деп жасалган иштер.
-менден башка дагы кимдер силердин туткунунарда? дедим алардан жийиркине.
-баары, Каныбек Алиевичтен башка баары, ал изине тушурбойт ошондуктан сени анын жанына алып барганбыз, ал аны байкап калып акыркы кадамга барган.
-озун озу олтурду демекчисинерби?
-жок Батыр, мындай жарабайт, сен азыр китепти окубай жон эле барактап койдунбу? Анда деген куч структурасындагылардын да ой жугуртуусу жазылган болчу, Алиевич кандай болбосун баары бир алардын бири эмеспи, силердин тандаган жолунар башка болгону менен баарынардын багытынар бир эле, эч Ким жетпеген маалыматка ээ болуп башка кесиптештеринердин алдында озунорду коргозуу, бул жагынан Крим чойрдогулор менен окшош элесинер алар да бири биринин алдында оздорунун кучун коргозуу учун баарын жасашат керек болсо байлыкты да ошол кундор учун топтошот, болгону эч ким бул каалоосун тан алгысы келбейт. Илимпоздор дайым оздорунон алдынкыларды мактап андан сабак алып жаны ачылыштарды ача алышса бул эки чойродо тескерисинче баары озун эн акылдуу ойлошуп эч ким жасабаган жолдордон журом деп отуруп бири бирине коендой окшош кадамдарды басышат. Кылмышкерлер силерди алдап кыйтырлыкка салганына курсант силер болсо аларды, бул кылымдардан бери кайталанып келе жаткан айлан кочокту Алиевич да кайталабай койгон жок, ал болгону биз жонокой кылмышкер эмес анын акылына кире ала турган куч экенибизди эске алган жок.
-демек ал азыр кайда экенин билесинер?
-биз билбейбиз бирок сен билесин.
-таппадынар, мен да билбейм.
-ал тусун озгортуу учун Расул Баяндарга окшоп докдурларга кайрылбады, демек азырка чейин озунун кейипинде эле журот.
-беркилердин кандай тусполдо журоору силерге белгилуу экен да.
-албетте. Батыр айтчы сен турмодон жаны келген туну уйдон чыгып кетип кайда баргансын?
-кандайча ал учурду колдон чыгардын? дедим мыскылдай.
-алдын ала эле тон бычып мага капа боло бербей аягына чейин УК, мен да сен сынары эле уй булоомду балдарымды биринчи орунга коем, алар тынч баары оз иретинде болгон кылмышкерлерге баш ийбеген олкодо жашашын, тушунугу туура калыптанышын каалайм, элдер мактап жаткан ошол олуктор элди эч качан ойлобойт, ойлогон да эмес, эмне жасаса оздорунун кызыкчылыгы учун гана жасашкан, элди коргомуш болушкан болсо атагын чыгарыш учун гана жасашкан, канча атагы которулсо ошончо эл артынан ээрчийт а канча коп эл ээрчисе ошончо куч топтошот аларда куч кобойсо эч кимге тынч жашоо беришпейт, бирок аттин биздин кужурмон калк эч качан аны тушунбойт, алардын эл козуно жасаган иштерине же создоруно ишенишет акылында эмне жатканын кайдан билишсин байкуштар. Алар кандай болбосун турмо коргон кылмышкерлер, а турмо эч качан жакшылыкка уйротпойт, озумчул болууга кыйын кырдаалдарда тируу калыш учун баарын жасашка эч кимден жакшылык кутуп эч кимге жакшылык кылбашка уйротуп баарын муздак кыска акыл менен ченей турган кылып тарбиялап коет, ал нерсе мээсинин ар бир бырышынан орун алып калган адам башкача боло албайт озу каалаган ченде да, анткени аларда жан учун коркуу сезими жашайт, жанын сакташ учун элин эмес койнундагы катынын да таштай качат. Биздин жашоого коркунуч боло элек ошондуктан алар сезген коркунучту сезе албайбыз, алардын жашоосу коркунучтан гана турат, докдурлар жугуштуу илдеттен коркуп аны мене курошкондой эле кылмышкерлер олумдон коркуп аны менен курошуп жашашат, ал учун миндеген жанды коз ирмебей туруп жок кылып кое беришет. Эми ойлоп корчу мамлекетти башкаруу алардын колуна тийип калса кандай болот, так ошондой болбош учун тун уйкуну душман эсептеп койгонмун, бир тун эле ошол душманга женилип бергенимдин жыйынтыгы бул Алиевичти жоготуп алдык. Сен кабырга баргансын, ал жерге биз да барганбыз сен коргон корунушту биз да коргонбуз, бирок жон гана жаап койгонбуз сен эсе чачыпсын, айтчы андан эмне таптын?
-топурактан башка эч нерсе.
-кор казганга шайманды кимден алдын? деди Сыдыков созго аралаша.
-ошол жерден.
-сен уурулукка бардынбы? Сыдыковдун кабагы бурколо тушту, мага эн томон адамга карагандай карап.
-ээсине кайтарып бергем.
-токточу кандай ээсине? деди келинчегим мойнун созо.
-кароолчуга.
-ал кордун казылганын билип туруп ундогон жокпу, милицияга да кабарлабаган. Батыр эмнени жашырып жатасын, ал сага бир нерсе дедиби, маалым коркутуп уркутуу сенин адатын эмес.
Мен айтсамбы айтпасамбы деп экиленип калдым.
-Батыр! деген келинчегимдин сурун коруп кудум атасын коруп тургандай болдум.
-макул, ал мага Алиевич таштаган катты берди, бирок эч нерсе сураба мен жооп бербейм деген, кийин аны издеп барып таба албадым дуйно салган экен.
-ах Алиевич бул жерден да кутулуп кеткен экенсин. Мурзого коюп эл тараганда эле ачканбыз кабырды кечигиппиз, корсо жолдо табытты алмаштырып коюшкан экен. Эми бул, сен жолуккан кароол Алиевич эле Батыр аны колдон чыгардын, деди кичинекей назик колдорун муштум кылып туйо.
-кандайча? ал каарыган адам эле, бирок...
-эмне бирок?
-ал кучтуу эле.
-Батыр, Батыр, анан эмне ал сага салам алейкум мен Каныбек деп формачан чыгыш керек беле. Макул, болду ушул жетет анын да изине тушобуз.
-Токто, токто эмне Авангарддын суйлогондорун уга алган жоксунарбы? Анын суйлогондоруно караганда майор менен бирге, Авангарддын жанынан издегиле.
-койчу Батыр жаш баланын ишин жасабай, аны Авангард деп койот, создору бизге жетишин билип туруп чын суйлойт дейсинби, баардык эле кылмышкерлердей озун акылдуу эсептеп ал создору менен бизге чыга алам деди да. Анын каалаганы бизди артынан ээрчитиш, эч кандай Алиевичти билбейт. Биз аны табабыз, тагыраагы сен.
-Токто эмнеге мен, Жана кандай максатта, рас жоголгон олукторду билет экенсинер майордун эмне кереги бар?
-анда башынан ук, деп созун баштады Сыдыков. 2005-жылы Баян артынан тушкон адамдар бар экенин зар какшап мамлекеттен коргоо суранган эсинде болсо, ошол учурда сенин келинчегин госпрактикада бизде журчу, мен СНБда тергоодо элем суранып менин жаныма келиптир. Атасы жогору жакта отурса жок демек белем алдым. Башында керек эмес нерселерди ойлоп акылынды Бекер толтурба дечуумун кайдан билдим ал убакта ошол акыл качандыр мамлекеттин тынчтыгын сактап тураарын. Анан айтып калды байкасаныз жакында бир оюнду баштаганы турат, жаны мамлекет башчыга тили отпой калбадыбы мурдагыдай Эми башка жолун ойлонуштуруп жатат. Мурдуна аткан Адам жон эле мээсин чачырата атмак олтургусу келсе, бул кылганынан маалым болуп турбайбы жон гана жебени туштап элдин конулун Ким Тарапака бургусу келип жатканы, жакында жок болот коросуз каалаганына жетуу учун баарына даяр деди. Мен кулуп гана Тим болгом, аз отпой айтканы болду. Эми эмне болот деп тамашалай сурасам, жебе тушталган адамдар да жон отурбаган чыгаар анын озуно тен каршылаш таап коюшкан эчаак эле жакында коро жатабыз деди кадыресе акылмандай. Арадан бир жыл отпой олкону дунгуротуп Расул кете берди. Ал кундору келинчегин окуусун аяктап кетип жаткан, аны издеп бардым озум, бул корунушко кандай дейсин деп шакиртимдей эмес устатымдай акыл сурап. Ал айтсамбы жокпу дегендей экиленип туруп калганын коруп ант бердим айтканын аткарууга. Кийин ал укмуштай жомоктун башын баштады. Жаны бийлик Крим чойрону бири бирине кырдыртып тазалап эч кимден коз каранды болбой жалгыз бийлик жургузууну коздоп жатканын айтып оозумду ачырды. Анан чекеден тизмектеп берди, Расул жаны бийлик менен жакшы болчу ОЗУ анын курамына кирбесе да, а Баян ал жерде туруп бийликке тап берип тургандардын бири эле, аны олтуруп койсо кумон дароо оздоруно тушоорун билип аны башка жол менен жок кылууну коздоп Расулга кайрылышкан. Буткул туштук колдоп турган адамды жолдон алуу кыйын болчу ошондуктан Расул аны олтуруп озуно душман арттырбай адам олтурду кылып турмонун тубундо чиритем деген ойдо сырттан наркотикке байланышы бар душмандарын издеген, муну сезип калган Баян бир ок менен эки коён атып оз олумун уюштурган. Элдин кумону бийликке тушсо Крим чойронун кумону Расулга бурулган, бирок эч кимде далил жок эле. Бийлик муну Расул кылды деп ойлоп кийинки атаканы Расулдун озуно коюшкан, а ал ОЗУ Баяндын олбогонун билип издоо жургузуп таба албаганда озунун омуру коркунучта турганын билип ал да олум жолу менен коргонгон, болгону Баяндан айрымаланып кабырын бош койгон эмес, ал жерде озуно жакын жакшы билген эле адам жатат деди. Алдымда турган назик гана жаш кыздын бул создорду суйлоп турганына тан калганым менен ишенбей кое алмак эмесмин, анткени мен уккандарымдын ичинен чындыкка эн жакыны ушул эле. Аларды кайдан табабыз деп сурасам, назик кыз коздорун ирмеп а эмнеге аларды табышыныз керек, оздору ошол жолду тандаган болсо журо берсин дейт. Мен башынан баштап тушундуро баштадым, Эгер аларды таппасак мамлекетте хаус болоорун, экоо тен мамлекет башчыга очошуп калгандарын, бири бирин жок кылууга чейин коп баштар кетээрин, тундук туштук урушуна чейин алып барышаарын айттым. Келинчегин ОЗУ менин жумушума келээрин айтып басып кеткен. Алты ай дегенде азыркы сен окуган китепти которуп кирип келди анда ал жукараак эле, рас алар оздору бул оюнду баштаса биз улантабыз, аларды тапканда деле пайда жок олум жазасы жок болгондон кийин турмо аларды кармап тура албайт, биздин турмолорго да турмодогулорго да ишениш жок. Тескерисинче алардын тирилип келишине тоскоол болушубуз керек, экоо бири бирин таппаганча келе албайт, аларды бири биринен узак тутабыз, ага кошумча мамлекеттик издоону да токтотпойбуз, артынан сая кууган куч бар экенин билгенде гана баштарын которо албай жым отурушат, деп кулмундоду. Кандай кылып деп сураганымда чонтогунон кичине чипти алып чыгып сунду, компьютерге салып карасам кадимки диссертация, коп жылдар алдынга коюлган план экен. Менин тан калганым анын Баян менен Расулдун кайда экенин билгени болду, биз мамлекет куч структурасы кабарсыз калган маалыматты кайдан тапты, ал болсо кулуп гана китебин корсотту, бул сыйкырдуу китеп каалаган адамыныздын акылына кире алат деп. Алардын коп барган мамлекеттерин изилдеп ал жерде пластикалык операция жасаган медициналык мекемелерди таап жакынкы арада тус алмаштырган адамдардын тизмесин изилдеген, албетте бул учун коп акча убакыт сарпталган, ошондо тушундум, бул кыз кечээ бугун эле эмес Баян олгондон бери бул менен алектенип жургогун. Баян башка улуттагы адамга айланса Расул озунун жактоочусу Москвадан келген коп маалыматка ээ болгон Садырды тандаган, ал учурда Садыр Расулдун ордунда кумбоздо туболук уйкуда жаткан эле. Ал олкодон алыс кетпоону чечкен, жанында коп журуп калган Садырдын бардык адаттарын, иш алып барууларын жакшы уйронгон эле ошондуктан андан эч Ким кумон санаган жок, керек болсо анын Москвада калган баласын да таштаган жок коп суммадагы акча которуп турду, бирок Садырды жакындан тааныган адамдарга жолобойт Расул акылдуу адам. Баяндын оюна бул нерсе келбейт эле, бирок Расулдун да акылына келбейт Баяндын кайда жургону, бири бирине жакындай баштаганда учунчу жактан оюн таштап алаксытып конулдорун башка тарапка бурабыз. Мамлекеттик изилдоону да ошондой эле жол менен кармайбыз, умутун да уздурбой изине да тушурбой.
Мен угуп тургандарыма тан калган жокмун, кантип ушунча жыл сыр билдирбей мени менен бир жасдыкка баш коюп келгенине тан калдым, акылым айнып калганга окшоп эс мас абалда отурдум.
-менин турмого тушушум да силердин планда бар беле? дедим жер караган абалымда.
-сен телефонун угууда экенин унуттун да атама телефон кылдын, бул жерден кийлигишишке туура Келди антпесе Авангардка да маалымат кетмек, телефонунду очурдук. Чырмашовичтин телефонуна туташканыбызда Нуржигит телефон кылып кагаз али да сенде экенин айтты, сен керектуу нерсени эч качан терен катпайсын коз коруно эч ким кумон санабаган жайга коюп коёт эмессинби, биз дароо тушундук кандай кагаз жонундо соз болуп жатканын Сыдыков дароо тинтуу жургузуп Авангарддын делосун таап чыкты. Бирок качан сен видео козомолду коргозгонундо жаныбыз оозубузга капталды, бактыга карай анда чип жок болуп утурумдук балээден кутулдук бирок чон балээ башталды, Алиевич баарынан кабардар болот деген. Эми сенин боштондугун эмес жанынды эсен алып калуу биринчи маселеге айланды, ансыз да сенден кумон санап жаткан майор женил кутулуп кеткенинди билсе сени барымтага алмак же козунду тазалап коймок, олгон адамды Ким жоопко тартмак эле, биз Садырга кайрылышка туура Келди , бир ок менен эки коён атып, сени утурумдук коопсуз жайда турмодо кармоо, экинчиси анын желесинде кимдер бар экенин текшеруу эле. Садыр ишин биз куткондон да жакшы аткарды. Сыдыков Нуржигиттин омуру коркунучта экенинен соз козгоп койду эле анын омурун темир торго алмаштырды. Анын кандай иш алып барып жатканын коруп туруп жетиштуу куч топтоп алганына кубо болдук, тез аранын ичинде ал кучтон айрышыбыз керек эле, ошон учун суротун сага таштадык аны алысыраак качырсын деп. Сен муну Алиевичтен кордун видео козомолго кайда бараарынды жазып коргозуп аны чакырдын. Биз артындан тушконубуздун себеби аны таап калабыз дегенбиз, бирок ал карышкыр жолдон чыкпады же биздин адамдарды байкап калганбы.
-силер видео козомолду атайын албай койгонсунар озунор туташыш учун.
-ооба.
-силердин планынарды коргум келет, дедим чипти сурап.
-айтып берем баштан аяк бирок чип жок.
-жалган! Мага ишенбейсин ошон учун коргозбой жатасын, деп козумдун жалын чача карадым. Келинчегим камырап да койгон жок.
-ал чындап жок озум жок кылдым, сенден атамдын акыркы создорун уккандан кийин. Демек атам аны коруп калган, сен жокто уйдо эркин иштечуумун бир кун атам кирип келиптир ашканада журсом балдарды эрчите кирип Келди, сен жок болгонго ачкычтын бирин алган эле не бар не жок деп ошо менен ачып кирген го. Мен чочуп кеттим, бирок атам эч нерседен сыр бербей балдар алдынан тосуп чыкканын айтып кулуп отуруп жоноп кетти, ошол куну ооруканага тушуп калды, кумондонгонум менен андай болбогон деп умут кылган элем. Сен айткан создордон кийин баары ачык болду, ошондо сага Берген суроолорумду озумо берип жаткам, сен мен учун жооп бердин, мен тушундум ишти жарым жолго таштай албасымды бирок Эми баары татаал болот эки эсе дилгир болушума тура келет, биринчиден каржы Жана куч жагынан аксасам экинчиден баардык маалыматты акылыма оз эс тутумума сакташыма туура келет, чипти сактоо коопту экенин тушундум, баары бир качандыр кимдир бироолор коруп калаарын ойлоп андагы маалыматтын баарын мээме жуктоп аны жок кылдым.
-атам олгону да сени токтото албадыбы? Дегенин ошондон экен да ээ.
-ооба, сен мага экоонун кандай байланышы бар деп жооп бердин. Чындап атам менен кылмышкерлердин эч кандай байланышы жок эле ошондуктан алар менен курошууну токтоткон жокмун.
-мага мунун баарын эмнеге айтып жатасынар.
-кызыгы алдыда сен тынч отуруп УК, деп Сыдыков баянын улады. Мен келинчегиндин тузгон планын коруп озумдун эч Ким эмес экенимди тан алдым. Ал жерде ошол учурдагы бийлик биринчиден да катуу кулаары жазылыптыр, бирок так датасы берилбеген. Андан кийин олкого алсыз бийлик келээри да айтылган, кучтуу бийликти алып келиштен катуу жалкып калгандар Эми ал катаны кайталабайт дептир. Ошол алсыз бийлик учурунда олгондор тирилип келиш керек экен, андай болтурбоого бар кучубузду жумшашыбыз керек болот, ал учун бийликке колдоо коргозобуз корунбогон тейде. 2010-жылы биз коркуп куткон кун Келди, бирок биз ал учурда даяр болуп калган элек ойлогондорун ишке ашырыштарына жол бербей тоскоол боло алдык, ал утурумдук бийлик канатын жайганга улгурбой кете берип ордуна ошондой эле бийлик келди, бул да канатын жайып толук отура албайт артынан ушундай эле бийлик кайталанат. Бул учун алар бар кучун жасап жатышат, биздин милдет бийликке колдоо корсотуу алар кандай болгон ченде да аларды коргоо. Дагы бир жолу бийликтин кулашы мамлекеттин жоголушуна алып келет. Ошондуктан аны кулатуу оюнда болгондордун артынан тушуп бар маалыматты бийликке таштап турабыз, бул аларды колдогонубуз эмес жон гана учунчу кучтордун учурдан пайдаланып кетуусунон сактанып.
-бул качанга чейин созулмакчы.
-биз полковник Генерал болуп барса куч структурасында чон тонкоруш болот деп кутконбуз тилекке каршы ал оюбуз ишке ашпай калды, кийинки планда сен.
-мен!
-ооба сен, сенден эч Ким коро албаган сапатты келинчегин коро алган. Акылдан сырткары туюм сезимдерди да коро алганынды баалаган. Мен Каныбекти коргозгом дагы бир ирет аял затынын туюмунан утулдум. Каныбекке Караганда чындап сен кучтуу чыктын. Ал кор акылдын гана артынан ээрчип журот, сенин сезуу жондомунон кичине болгондо ал баасы жок Адам болмок.
-кандайча ал баарын алдын ала сезбедиби?
-ооба, бирок бизди качыргандын оордуна ОЗУ качты. Сен айкол да боло аласын Авангард досун да тууганын да эмес бирок аны коргош учун турмодон коркподун Каныбек антмек эмес ал да Авангарддай эле озун биринчи орунга коет. Авангард олтуруп коюшунан коркпой анын артынан бардын, сенде коркуу сезим жок дегим келген жок бул башкысы эмес башкысы сен адамдардан жакшылык кутосун жамандыктан мурун, Каныбектен Али да жакшылык умут этип отурганын жалганбы анын кылгандарын жакшылыкка жооруп ал сенден жамандык кутуп андып жаткан учурда. Эгер Каныбек бир эле саамга озун унутуп тегерегине коз чаптырганда бизге жетип келмек, жок ал озунон Башканы коро албай койду, кор акылына жетеленди. Сен таап келдин, келинчегинден жаман кумон кылып эмес аны акташ учун жамандыктан сакташ учун келдин. Биздин элге сендей Адам керек, эч кимге зыянын тийгизбеген кылмышкердин да журогун ойгото алган, кулаган кучтуу бийликтин катасын кайталап алардан коркконунду билдирип жок кылууга шашпай алардын эч ким эмес экенин далилдей ала турган, жамандыктан алдын жакшылыкты коро алган ошол эле учурда баарын чочута ала турган кучтуу бийлик ээси керек. Криминалдар башкарган олко эч качан оспойт мисалы жакынкы эле Россия 90-жылдары криминалдардын тушунда кандай эле азыр кандай, Грузия эмнеге онукпойт, буткул Кавказ, Украина, Авганистан, Мексика, Колумбия дегеле койчу ото эле коп. Европа, АКШ, Китай, Корея, Япония онугуп жатканынын бирден бир себеби аларда эл эч кимден коркпойт, бийлик кучтуу, криминалдардан коз каранды эмес. Эми бизде сен гана криминалдарды ылдый тушуро аласын, алар жонокой гана олуучулор экенин элге жеткире аласын, алар эч Ким эмес экенин далилдей аласын анткени сен озун жонокой жансын, баарын жонокой кабыл аласын, бизге азыр ушул нерсе жетишпей турат татаалдаштырып бири бирине очоштуруп эмес жонокой жол менен маселе чечишти уйронуу керек.
-анда эмнеге полковник камакта отурат? Чырмашович жумуштан кетти? Бул жонокойлук эмес очоштургондук болбойбу, дедим созун боло.
-аларда Расулдун озунчо маселеси бар корунот. Алар кылмышкер турмодо чириш керек деп эсептешет дайыма, Расул аларга турмо кандай экенин коргозгусу келген, Чырмашович Жан соогалап аран калды анын ордуна иниси Нуржигит эч кыйынчылыксыз баарын мойнуна алып бере турган болуп келишишкен, полковник аброюн токкусу келген жок, кур намыс деп кете берди.
-менимче Алиевичти издештин кереги жок, анткени ал ошону каалап жатат негизги ролдо ойноп кырдаалды башкарууну оз колуна алууну коздоп, менин тушунугум боюнча анда эч кандай маалымат жок коркунуч туудура албайт, полковникти куткаруу керек ал куноосуз, Нуржигитти Авангарддан сактоонун башка жолун табуу керек алар турмого татыктуу эмес, дедим.
Экоо бирин бири карап ойлонуп калышты да бир убакта келинчегим тамагын кырып соз баштады.
-макул айтканынды жасайлы, Алиевичти издебей эле анын олбогонун далилдеп аларды турмодон куткаралы, полковник оз жумушуна кайтсын Нуржигит боштондукта журсун, анда эки жол бар, полковник Генералдыкка жетет анда силердин структура эн катуу жолдор менен иштеп калат бир гана жазалоо айоосуз жазалоо анда олкодо кылмыштуулук беттер осуп силерге туруштук бериш учун биригип отуруп чон кучко айланышат абалды ырбатып алабыз, же полковник сынып жашоодон сабак алган болуп жумуштан кетет менин мындай болушунан чон кумонум бар, ал киши бийликти жакшы корот, Алиевичтей озун биринчиликке койгондоодун бири. Нуржигитке келсек ал да жумушуна кайтып адал эмгек кылат эмнеден ото чон кумон кылам, экинчи жолу болсо акча коп жайга биротоло кетет анда Авангарддын тузагына барып илинет, эгер Экинчи айтканым болсо анда Авангард аны кечирип кабыл алат бирок озунун кызыкчылыгына пайдаланыш учун гана керектуу учур келгенде озун сакташ учун окко аны тосуп берет.
-Эгер мага ишенем десенер анда бул менин биринчи талабым дедим, анын созун жактырбагандай.
Келинчегим биразга ойлонуп туруп макул болду,
-анда менин талабым кийинки кыйынчылыкты озун женесин, мен каражат табуу менен алектенем бизде каражат аз калды сенин айтканындай жасасак бизге дагы коп убакыт жана каражат керек болот, деп.
Ал учурда тушунбопмун анын айткандарын, жон гана,
-кайда бармакчысын акча издеп? Дедим.
-эч кайда барбайм, акылымды иштетем жон гана, кимден биз каражат ала алабыз, азыр мамлекеттин казынасына Ким колун салып жатат Жана кантип андан алган акчасын тартып кете алабыз ойлонуш керек, бизге даяр маалымат бере турган атам жок, деп эки алаканын жайып боштукту коргозуп койду.
-турмодо полковник айткан кайнатамдын тапканы кайда кетип жатканы эми тушунуктуу болду мага, бирок ал учурда бул жонундо эмес каражат эмнеге керек болот деп сурашым керек экен эле.
Корсо байкушум мага каршы чыкпай оюмдагыны жасашым учун кам коруп жаткан экен, Менин калпыс кадамдарымды алдын ала коргон го. Ошол кундон тарта кырдалды козомолдоону колума алдым, алардын айтуусу боюнча мен саясатка аралашып такшалышым зарыл болчу ошондуктан баштаган ишимди жыйынтыктап Баянды сырттан келген наркотик менен алектенген адамдар атаандаш жараткандыгы учун олтурду деп ал адамдардын устунон иш козгоп сотко откоруп бердим, ага далил да таап турмодо отурган учурдагы мыйзам уурусу аталган башка улуттагы Адам менен болгон жолугушуусун коргоздум. Расулду тируу боюнча калтырып ишин жаппастан калтырдым, кыска убакыттын ичинде эки чон кылмыштын бетин бирдей ачып койсом ото эле кумондуу болуп калмак. Камакта жаткан полковникке арыз жаздыртып ишин кайрадан карап, Алиевичтин олгону анык эмес экенин далилдеп Нуржигит экоону бошотуп алдым. Расул Араб Эмираттарында журот, Авангарддын артынан барган Баяндан кабар тапканы, Баян болсо олко ичине келгенге куштар Расулдун ушул жакта экенин сезсе керек, экоо орун алмашып турушат, бири бирин таппай. Менин артымдан андуу жургонун туям ал ким экенин эмне издеп жатканын да билем, бирок эми кеч ал эч качан каалаганына жете албайт, анткени анын издегени менин мээмде, учурдун кожоюну мен! Келинчегим экообуз бул тууралуу суйлошпойбуз, ал мага толук ишеним корсотконун билдире эч качан кайра сурабады болгону Сыдыков аркылуу мага каражат болот. Мен артымды тазалап ал жумушумду таштап чон аякка баш салдым саясат дегенге аралашып. Менин коздогонум жанымда жургондорго атаандаш болуу эмес, аларды кантип башкарууну уйронуу эле, бирок мен каттуу жанылыштым.
Арадан бир жыл отпой келинчегимдин акыркы кумондору аткарыла баштады. Утурумдук жумуштан бошоп бош жургон полковник кайрылып Келди болгондо да Генерал болуу алдында турат, Нуржигит болсо Авангарддын жанына жеткен, адамдар кандай жалкыбайт. Жакында Авангарддын интернет булактары аркылуу жаштардын суроолоруна жооп бергенин уктум, анда бир полковниктин ага каршы турганын ошол гана аны куноолуу деп жатканын айтып жакында мекенге келээрин жарыя кылыптыр, ал полковник ким экени белгилуу эмеспи эми экоо каршылаш туруп согушуп элге дагы бир ирет Крим чойронун кучун даназалайт экен да, эл ар дайым бийликте тургандарга каршы турат эмеспи, бул ирет бийликке каршы Авангард чыкса эл анын артынан ээрчийт. Мындай учурда мага келинчегимдин кенеши абадай керек болуп ага кайрылдым. Ал жай гана,
-Авангард айтса демек ал келет, бирок ким болуп ошол табышмак, белгилуу полковник ага чейин генерал болуп которулсо жонокой Авангарддын кучу жетпейт ага деди шилекейин жутуп.
Мен эч нерсеге тушунбодум, бирок ашыкча суроо берип келесоо корунгум келген жок. Арадан аз отпой Авангард жакынкы бир олкодо киши колдуу болуп жан берди деген кабар келди, ал олконун адамдары окуя болгон жерде мыйзам уруулардын чогулушу болгон десе, бизге жетип келген кубо анын жакын адамы аны кулаган бийликтин туугандары жок кылганын айтып берди. Мен эки жоромолго да ишенбей жакында оз ордуна отурган Генералга кирдим, оюмда ал жасады дегем, бирок качан ал мага корсотмо берген кубо Нуржигит экенин айтканда денемден шай кетти. Болушу мумкун эмес мен аны корушум керек, бирок ал айыпталуучу эмес кубо катары суралып жаткан учун атайын корукта экен, мага жолугуудан баш тартты. Уйго бутумду аран суйроп кирип келдим чарчаганымдан эмес уялганымдан, мен келинчегим жылдар алдын коро алган нерсени сезе албаганымдан, корсо ал ошондо дагы бир адамдын артынан андуу коюга каражат издеген экен. Байкушум таап улгурду болду бекен, менин катачылыгымды толтуруш учун Жан урогон тура. Мен алдын ала кооп кеткен экенмин озумдон башканы корбой, кантсе да куч структура адамы эмесминби. Жубайымдан эн жакшы илимпоз чыкмак, кийинки тандоосу кимге тушот болду экен, кийинкисинде адашпаса болгону. Мындан кийин ал менен талашпайм качан ал убакыт келди деп эсептегенде олукторду ойготот, азыр алардын алдан тайуусун кутсун, бул учун колумдан келген жардамымды берем, уй жумуштарын да мойнума алам, анда коп убакыт болуш керек, деп уйго аран кирип келсем жубайым алдымдан
-эч нерсе эмес ар бир адам адашат, мен да адаштым го коруп турасын, деп жайдары кулуп тосуп алды, оюмду айттырбай тушунгон жалгыз адамым. Кечинде уйку алдында жатып,
-бары бир сен тапкычсын Авангардка эн жакын бардын, ал эми жаныбызда болгону озун саткан саткын адамдын кейипин кийип журот деп шыбырап койду.

Аягы.

Бардык окурмандарга ыраазычылык, жактыргандарга да жактырбагандарга да. Чындыкка коошпой калса же кутконунордой аяктабай калса бул жон гана чыгарма экенин эстегиле.

Билдирүүнү түзөткөн: Dimedra: 22 Август 2018 - 15:18

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 14 Авг 2025 01:16

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: