-Адилет?
Адилет коздорун жума чалкалады. Терен дем алып, озун бош таштады. Ушунчалык чуркагысы келди. Ушул араба менен достошкондон бери, денсоолукта болуп, эч кимге коз каранды болбой жашоонун озу чон бакыт экенин туйду!
Ичинде ыйлады. Сыртка чыгаргысы келбеди, баарыбир аны эч ким тушунбойт да? Эгер Марал болгондо баары башкача болмок, ал тушунмок, ыйласа сооротмок!
-Сагындым сени эркем!
Ал азыр ошол эркесинин жанында дагы бир кичинекей эркеси бар экенинен кабары жок эле.
Атасынын кебетесин коруп, кайдыгер карап койду:
-Эмне озун олтурот дединиз беле?
Оюндагысын билдирип алганына карбаластай тушту ата:
-Жок уулум, жалгыз калды деп эле..
-Мен олбойм ата! Менин жашагым келет! Мен ушул бойдон эле отуп кетким келбейт!
-Мени кечир уулум!
-Ата, мени Жылдызбек байкеме тапшырынызчы, сиздерге ашыкча жук болгум келбей турат?
-Ал эмне дегенин, кантип мен сени ага берип коем?
-Бербегенде эмне кыласыз мени, же жумушка жарабасам?
-Балам..
-Ата мен байкеми сагындым!
Ата жооп кайтара албады. Уулу олтурган арабаны туртуп, илкий басып келе жатты.
***
Сагындырган мекен! Бахх жытындан!
Кайсы элде журбо, кайсы жердин жашоосунда жашаба, баарыбир озундун мекениндин кереметине, эч нерсе жетпесе керек чиркин!
Марал кызын кучактап, Кубат жукторду алып, сыртка чыгышты.
Шаар жапжашыл болуп, оз кооздугунда экен. Канча жылдар отуп кетти корбогонуно, озунчо толкунданып, Таттууну улам ооп'ооп алат:
-Мен мындай шартта кайрылып келем деген эмесмин, бирок насип экен, кайра келдим! Окунбойм, бул башымдан эмнелер отсо, анын баары сыноо, мен окунбоймун!
Кызы да аны тушунгонсуп, апасынын мойнунан бекем кучактайт.
Кубат кыздын козунон кусалыкты, сагынычты, анан да улбул жанган умут отторун корду:
-Унутпаган экенсин дагы деле, эгер бул жолу да бактындан баш тартсан, анда сени озумдук кылып алуудан башка аргам калбайт! деди ичинен кубурой.
Чон жолдорду аралаган унаа зыпылдап отуруп, буларды кабат уйлордун бирине алып келди. Кубаттын жардамы менен, баары алдын ала дайындалган экен. Бир болмолуу, чакан уй. Марал эч нерсе дебеди анткени, ал озунон да кобуроок Кубатка ишенет. Албетте, ушунча кыйынчылыкта ара жолдо таштабай, колдоп эле келе жатпайбы?
Уйго кирип жайланышкандан кийин, жолдо чарчаган кызы, шылкылдап уйкусу келе баштады. Бат'баттан кийимдерин которуп, жуундура салып, кызын уктатты. Марал бардык жумушту бат бутурчу. Балким жалгыздык ошого уйроткондур, бир жагынан кызынын туйшугу болсо?. Анын ыкчам кыймылын Кубат баалачу. Азыр да нары'бери чуркап отуруп, бат эле тамак даярдай салды:
-Келиниз ага, жолдо журуп ачыккандырсыз, тамактанып алып, анан эс алыныз!
Кубат экоо унчукпай тамактанып жатышты:
-Ага, мен апама жолугуп келейин, кызды карап турунузчу?
-Озун эле бармакчысынбы?
-Ооба, барып чон энемдин бир дайынын билейин, болсо туну менен болсо да жолго чыгып, айылга барышым керек. Ушунча убакыттан бери бир да кабар албай, озум менен озум болуп жургонумо, чынында бетим чымырап, уялып турам!
-Макул, мен да атайын ошол учун келбедимби, кабатыр болбой барып келе бер!
Марал дароо кийинип, чыгып кетти.
Анын апасына болгон ызасы, мезгилдин отушу менен сары санаага айланып, кез'кез коз жаш болуп агып туруучу. Коргусу келип, кокурогуно башын коюп ыйлагысы келчу. Эми карыш жерде турса, кантип барбай кое алат?
Эшиктин чырылдаганын угуп, кууруп жаткан тамагына суу куя салып, этегине колун аарчый, босого жака жоноду эне!
Коргон коздоруно ишенген жок! Мандайында, кусалыктан коздору киртейген, дале болсо арык, озу амандыгын тилеген перзенти турду:
-Марал?
-Апа?
Кыз энесинин кучагына бой урду.
Мезгил оз энчисин алыптыр, саамай чачтары буурул тартып, чекесине тушкон бырыштардын саны мурдагыдан кобое тушуптур:
-Келдинби акыры?
-Келдим апа!
Кызын тиктеген сайын эне журогу кубанат. Улам чачтарынан сылап коюп, колдорун бекем кармайт:
'-Эмнеге келбей журдун?
-Кечирин мени!
-Мен сенден кечирим сурашым керек кызым?
-Энем жакшыбы?
-Энен жакшы эмес, сени эле кутуп жургондой кызым?
-Мен акылсыз кыз болдум?
-Андай дебе, азыр Жылдызбек келсе, сени алып барып кел дейин?
-Жок, аны убара кылбаныз, мен кошо барчу адамым бар!
Апасы кызына тигиле карады. Ошол эле муноз, ошол эле коздор! Убакыт муну озгорто албаптыр:
-Ким ал?
-Бир жакшы адам! Мен сенден кечирим сурайм апа!
-Кызым, энене жолуккандан кийин, кайра кел, сага айта турган создорум бар!
-Макул мен дагы келем!
Марал апасы менен коштошуп чыккандан кийин, ага болгон сагынычы боскорсо да, кокурогундо дале болсо дупуйуп бирдеме тургандай эле.
Балким апасы ошол создорун айтып берсе, бул сезим, туп'тамыры менен жоголоор?
Тундосу жолго чыккан унаа, тан эрте Ош шаарына жете келди. Арткы орундукта Марал, кызын кучактап, уктабай келе жатат.
Айылга келип, озу торолуп чонойгон уйдун караанын коргондо, эрксизден жашы кулады.
Ушунчалык сагынган экен. Бири'серин адамдардын кирип'чыгып жаткандарын коруп, андан бетер тынчы кетти:
-Ага кызды сиз алып кирин, мен кире берейинчи?
Унаадан тушуп эле, уйду коздой чуркады, деги тируу турса экен энекеси!
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 01 Август 2018 - 22:07