Чагылган ага, азыркы Түркия түрктөрү байыркы Чыгыш Түрк жана Батыш түрк деген кагандыктарга тиешеси жок деп ойлойм. Булар Орто Азиядан сүрүлүп барган Селжуктардын урпагы болсо керек. Тили түрк тилдерине окшош үчүн Европа элдери аркылуу Түрк аталып, 1920 жылдан кийин гана Түрк улуту катары таанылып калды. Ага чейин Осмондор деп аталып келсе керек. Ал эми кыргыздар мн согушкан байыркы Түрк кагандыгы ар кандай улутка чачырап жок болуп кеткен. Балким азыркы Россиядагы түркий элдер, казак, өзбек ж.б лардын арасында да алардын урпагы болушу мүмкүн. Ошондой эле азыркы Түркия түрктөрүнүн баары эле Орто Азия урпактары эмес, аларга Европа элдери, Гректер, Византия элдери, Азербайжан,
Армян көп улутту өзүнө сиңирген. Ошондуктан аталышы түрк болгону мн алар таза түрк элдери эмес бизге караганда. Бизге деле монгол, кара кытай ж.б аралашкан, байыркы түрк элдери накта Енисей кыргыздары , уйгурлар, карлуктар, ошолор.
Түрктөр менен X кылымга дейре тарыхыбыз бириндебесе керек. Биздеги Караханийлердин учурунда алар Египет, Анадолу тарапка барып, Алгачкы-Түрк Ислам мамлекеттерин курган. Ихшид, Толун, Буржией, Бахрейн мемлуклары сыяктуу бейликтерди түптөгөн. Кийин, бара-бара биригишип олтурур, Иран, Сирия аймагын бийлешип, Селчуклу мамлекетин түзүштү. Андан соң, Улуу Осмон императорун түптөп, даңазалуу тарых жаратышты. Ооба, учурда алардын дагы, биздин дагы антрополгиялык түзүлүшүбүз өзгөргөн. Аларга көптөгөн, араптар, перстер, византиялыктар жалгашып, көбүнчө европеид расасына таандык болуп кетишти.
Кыргыздардын дагы учурдагы антропологиялык түзүлүшү абдан өзгөргөн. Алтайдагы кыргыздарга тиешелүү Андронов мезгилиндеги көрүстөндө, алтын бет капчаларда кыргыздардын жүзүнүн түспөлү катырылып алынган. Негизи эле тарыхый булактарда кыргыздардын чачы сары, бою узун, кең далылуу деп эсептелет. Кийин, Тяшь-Шаньдагы кыргыздар, Алтайдагы кыргыздар биригишип, ар кандай басып алуулар, андагы жалгашуулардын натыйжасында азыркы монголоиддик тибибиз келип чыкты деп айтылат.
Жеке менин көз карашыма адамдын антропологиясына климат да өз таасирин тийгизбей койбойт)

Супер-Инфо
super.kg
видео












