Суперстан: Универсал интервью - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (68 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 43
  • 44
  • 45
  • 46
  • 47
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Универсал интервью Урушпай талашпай, флуддабай колдонобуз.

#881 Пользователь офлайн   izdeim_seni   09 Август 2018 - 14:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 993
  • Катталган: 10 Август 15
  • Соңку аракети: 25 Фев 2022 19:25
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Кереметтүү аппак Ала-Тоо!

Просмотр сообщения aIways-here (09 Август 2018 - 13:42) жазган:

Чагылган ага, азыркы Түркия түрктөрү байыркы Чыгыш Түрк жана Батыш түрк деген кагандыктарга тиешеси жок деп ойлойм. Булар Орто Азиядан сүрүлүп барган Селжуктардын урпагы болсо керек. Тили түрк тилдерине окшош үчүн Европа элдери аркылуу Түрк аталып, 1920 жылдан кийин гана Түрк улуту катары таанылып калды. Ага чейин Осмондор деп аталып келсе керек. Ал эми кыргыздар мн согушкан байыркы Түрк кагандыгы ар кандай улутка чачырап жок болуп кеткен. Балким азыркы Россиядагы түркий элдер, казак, өзбек ж.б лардын арасында да алардын урпагы болушу мүмкүн. Ошондой эле азыркы Түркия түрктөрүнүн баары эле Орто Азия урпактары эмес, аларга Европа элдери, Гректер, Византия элдери, Азербайжан, Армян көп улутту өзүнө сиңирген. Ошондуктан аталышы түрк болгону мн алар таза түрк элдери эмес бизге караганда. Бизге деле монгол, кара кытай ж.б аралашкан, байыркы түрк элдери накта Енисей кыргыздары , уйгурлар, карлуктар, ошолор.




Түрктөр менен X кылымга дейре тарыхыбыз бириндебесе керек. Биздеги Караханийлердин учурунда алар Египет, Анадолу тарапка барып, Алгачкы-Түрк Ислам мамлекеттерин курган. Ихшид, Толун, Буржией, Бахрейн мемлуклары сыяктуу бейликтерди түптөгөн. Кийин, бара-бара биригишип олтурур, Иран, Сирия аймагын бийлешип, Селчуклу мамлекетин түзүштү. Андан соң, Улуу Осмон императорун түптөп, даңазалуу тарых жаратышты. Ооба, учурда алардын дагы, биздин дагы антрополгиялык түзүлүшүбүз өзгөргөн. Аларга көптөгөн, араптар, перстер, византиялыктар жалгашып, көбүнчө европеид расасына таандык болуп кетишти.
Кыргыздардын дагы учурдагы антропологиялык түзүлүшү абдан өзгөргөн. Алтайдагы кыргыздарга тиешелүү Андронов мезгилиндеги көрүстөндө, алтын бет капчаларда кыргыздардын жүзүнүн түспөлү катырылып алынган. Негизи эле тарыхый булактарда кыргыздардын чачы сары, бою узун, кең далылуу деп эсептелет. Кийин, Тяшь-Шаньдагы кыргыздар, Алтайдагы кыргыздар биригишип, ар кандай басып алуулар, андагы жалгашуулардын натыйжасында азыркы монголоиддик тибибиз келип чыкты деп айтылат.
Жеке менин көз карашыма адамдын антропологиясына климат да өз таасирин тийгизбей койбойт)
Ал мени итсиң деди.
-Итмин- дедим...
Тек гана терикпестен күлүп туруп.
Не кылам жаман айтып жаакташып.
Мен анын ит экенин билип туруп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#882 Пользователь офлайн   izdeim_seni   09 Август 2018 - 14:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 993
  • Катталган: 10 Август 15
  • Соңку аракети: 25 Фев 2022 19:25
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Кереметтүү аппак Ала-Тоо!

Просмотр сообщения aIways-here (09 Август 2018 - 13:47) жазган:

Махмуд Кашгаринин Түрк элдеринин жыйнагы деген эмгегинде, даана жазып кеткен ошол кездеги кайсыл улуттар түркий экенин. Ал эми анын тизмесинде Осмон же азыркы түрктөр жок, казак, өзбек да жок, уйгур мн кыргыз бар азыркылардан. Демек уйгур мн кыргыз байыркы түрк элдердин учурда өзүн жоготпой келген улуттар.

Махмуд Кашгаринин "Дивану-лугату- ат Түрк"(Түркий тилдердин сөз жыйнагы) эмгеги XI кылымда, тагыраагы 1072-1075 жылдарда жазылганын эске алуу керек. Ал эми, Анадолуда түрктөр 1299-жылы Осмон императорун негиздеп жатат. Ортодо II кылымдан ашык хронологиялык мезгил жатат. Демек, бул эмгекте Осмон империясынын кездешпөөсү толук ыктымал. Ал эми, анын эмгегинде "түрктөр" такыр учурабайт десеңиз жаңылышасыз. Алар кайсы бир этноним аты менен сөзсүз кездешсе керек. Мен бул чыгарманы үстүртөн билем. Терең окуп көргөнүмдө дагы жазам го.

Ал эми казактар тарых сахнасына 1456-жылы өз алдынча Улуу Жүз жана Кичүү жүз казактары болуп чыгышкан. Ага чейинки тарыхы чаржайыт. Бирок, казактардын же башка бир улуттун тарыхын жокко чыгара албайбыз. Муну менден жакшы билсеңиз керек)))
Ал мени итсиң деди.
-Итмин- дедим...
Тек гана терикпестен күлүп туруп.
Не кылам жаман айтып жаакташып.
Мен анын ит экенин билип туруп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#883 Пользователь офлайн   monster_high_98   09 Август 2018 - 14:33

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 251
  • Катталган: 05 Май 18
  • Соңку аракети: 12 Фев 2022 19:32
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Үч-Коргон

:applause: Соз жок,сизге эмне дешти билбей калдым ачыгы!" Уялбагандан озун уял"экен да.Ушунча суроо болду,жооп бере алган жоксуз,аттап ,аттап тишиниз отконуно жооп берип жатасыз.Кандай тушунуу керек бул кылыгынызды? Ушунчалык акылдуу эсептейсизби озунузду?
Анан да "жогорудагы форумчуну" деп эмнени айткыныз келип эле жарыла албай жатасыз? :кола-жүгөрү:

Просмотр сообщенияizdeim_seni (09 Август 2018 - 07:09) жазган:

Сиз менин пикиримди, көз караштарымды, мейли, өзүңүз айткандай "жалгандарымды" түшүнүүгө түшүнүгүңүз анчейин жете бербейт бейм. Бул эми сизди кемсинтүү же өзүмдү кыйын саноо эмес, болгону ушул билдирүүңүздөн улам ушул ойго келдим. Сиз менин билдирүүлөрүмдү кыя өтүп эле, "Он миңге чейин санап", "Жогорудагы форумчуну эркелетип" эле жүрө бериңизчи... )))))))) Болбосо жаштайыңыздан эле оорукчан болуп каласызбы дейм да. Өтө эле кайгырып алыпсыз го "чыгып кетти!" деп))))


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#884 Пользователь офлайн   izdeim_seni   09 Август 2018 - 14:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 993
  • Катталган: 10 Август 15
  • Соңку аракети: 25 Фев 2022 19:25
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Кереметтүү аппак Ала-Тоо!

Просмотр сообщения monster_high_98 (09 Август 2018 - 14:33) жазган:

:applause: Соз жок,сизге эмне дешти билбей калдым ачыгы!" Уялбагандан озун уял"экен да.Ушунча суроо болду,жооп бере алган жоксуз,аттап ,аттап тишиниз отконуно жооп берип жатасыз.Кандай тушунуу керек бул кылыгынызды? Ушунчалык акылдуу эсептейсизби озунузду?
Анан да "жогорудагы форумчуну" деп эмнени айткыныз келип эле жарыла албай жатасыз? :кола-жүгөрү:


"Жогорудагы форумчуну эркелетип" дегеним, "Жогорудагы форумчуну эркелетебиз" темасын сөз кылуудамын. Сиз жөнөкөй нерсени анчейин аңдай албай жатасызбы... (
Кечиресиз, мен өзүмө айтылган сындардын жакшысын кабыл алып, жаманын иргеп, өтө жаманын кулак сыртында эле калтырам. Бул адамдын өмүрүнө, ден-соолугуна, зиректигине жакшы. Кээ бир адамдар бар, адамдын жарасын тырмап, кайра туз себип, кайра тилип, кайра туз сепкен. Сизди андай адам катары элестетким келбейт. Бирок, форумда активдүүлүк жаратып жаза баштаганыңыздан бери менин аркаман калбай жазып келгениңизге таң калдым. Ар бир нерсенин чеги болушу керек да. Сиз форум эмне экенин биле элек кезиңизде аким тарабынан жазылганына үч саат боло элек жатып өчкөн билдирүүлөрүмдү, чекчеңдеп тескеп сурап алгыдай сиз кимсиз дейм да?!.. Жалган жазсам, жалган айтсам Жараткандын алдына барганда сиз эмес, "мен!" жооп берем. Мынча кайгырып, тилемчидей болуп артыман жооп күтүп, ар кайсы жерге кыпчыла бербеңизчи. Сиз өз жашоо, өз чындыгыңыз менен жашай бериңиз. Катуу айтып, менден кетсе кечирим сурайм!!!
Ал мени итсиң деди.
-Итмин- дедим...
Тек гана терикпестен күлүп туруп.
Не кылам жаман айтып жаакташып.
Мен анын ит экенин билип туруп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#885 Пользователь офлайн   monster_high_98   09 Август 2018 - 15:05

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 251
  • Катталган: 05 Май 18
  • Соңку аракети: 12 Фев 2022 19:32
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Үч-Коргон

Просмотр сообщения izdeim_seni (09 Август 2018 - 08:46) жазган:

"Жогорудагы форумчуну эркелетип" дегеним, "Жогорудагы форумчуну эркелетебиз" темасын сөз кылуудамын. Сиз жөнөкөй нерсени анчейин аңдай албай жатасызбы... (
Кечиресиз, мен өзүмө айтылган сындардын жакшысын кабыл алып, жаманын иргеп, өтө жаманын кулак сыртында эле калтырам. Бул адамдын өмүрүнө, ден-соолугуна, зиректигине жакшы. Кээ бир адамдар бар, адамдын жарасын тырмап, кайра туз себип, кайра тилип, кайра туз сепкен. Сизди андай адам катары элестетким келбейт. Бирок, форумда активдүүлүк жаратып жаза баштаганыңыздан бери менин аркаман калбай жазып келгениңизге таң калдым. Ар бир нерсенин чеги болушу керек да. Сиз форум эмне экенин биле элек кезиңизде аким тарабынан жазылганына үч саат боло элек жатып өчкөн билдирүүлөрүмдү, чекчеңдеп тескеп сурап алгыдай сиз кимсиз дейм да?!.. Жалган жазсам, жалган айтсам Жараткандын алдына барганда сиз эмес, "мен!" жооп берем. Мынча кайгырып, тилемчидей болуп артыман жооп күтүп, ар кайсы жерге кыпчыла бербеңизчи. Сиз өз жашоо, өз чындыгыңыз менен жашай бериңиз. Катуу айтып, менден кетсе кечирим сурайм!! !

:D Сизге козум учкан жери деле жок, башында жагып эле жаткан билдируулорунуз, бирок баарысы ойдон чыгарылган калптарыныз экенин копчулук далилдеп берди, былк этип койбой, кайра эле жакшы адам болуп жазып жатканынызга мен да тан калдым!Сындарды иргегенден коро,ошол сындарга жооп бергенди уйронсонуз жакшы болмок,а то копчулук сизден жооп ала албай шагы сынып кала беришти

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#886 Пользователь офлайн   izdeim_seni   09 Август 2018 - 15:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 993
  • Катталган: 10 Август 15
  • Соңку аракети: 25 Фев 2022 19:25
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Кереметтүү аппак Ала-Тоо!

Просмотр сообщения monster_high_98 (09 Август 2018 - 15:05) жазган:

:D Сизге козум учкан жери деле жок, башында жагып эле жаткан билдируулорунуз, бирок баарысы ойдон чыгарылган калптарыныз экенин копчулук далилдеп берди, былк этип койбой, кайра эле жакшы адам болуп жазып жатканынызга мен да тан калдым!Сындарды иргегенден коро,ошол сындарга жооп бергенди уйронсонуз жакшы болмок,а то копчулук сизден жооп ала албай шагы сынып кала беришти

Мейли, сынган шагы сынып кала берсин! Сиз ага көп кейибеңизчи. ..))))
Ал мени итсиң деди.
-Итмин- дедим...
Тек гана терикпестен күлүп туруп.
Не кылам жаман айтып жаакташып.
Мен анын ит экенин билип туруп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#887 Пользователь офлайн   Chagylgan1   09 Август 2018 - 15:17

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 350
  • Катталган: 31 Март 18
  • Соңку аракети: 07 Авг 2019 02:01

Просмотр сообщения izdeim_seni (09 Август 2018 - 12:25) жазган:

"Түрк атанын балдарыбыз" деген аңыз кепке кошулбайм! Анткени, тарыхый булактарда "кыргыз" этноними түрк тилдүү элдердин ичинен оболкулардан болуп кездешет. Бирок, дээрлик бардык эле түрк тилдүү элдер тарыхынын түпкүрүн Хундарга байлап, Модэ-Шанүйдү (Мете, Маодунь ж.б. транскрипцияларда да айтылат) сыймыктуу тарыхыбыздын эгеси катары сыпатташат. Биздин тарыхыбыздын түпкүрү да дал ошол Модэ менен чектелип, тарых менен оозанган мектеп окуучуларына да түшүндүрүлүп келет. Муну баарыбыз эле билебиз.
Ар бир элдин улуттук аң-сезими, тактап айтканда самоидентификациясы болот. Ооба, сизди түшүнүп турам. Мен дагы сиз сыяктуу түшүнүк менен баамдап карайт элем. Кийин улам-улам тарыхый китептерге сүңгүп кирип, тарыхыбыздын тереңдигине чөмүлгөн сайын сиздикиндей көз караштарым өзүнөн-өзү четке кагыла баштады.
Ал эми, бизди окумуштуулардын "түрк" деген аталыштагы жалпылыкка киргизишкенинин дагы жүйөлүү себептери бар. Түрктөрдүн тарыхы кенен изилденген. Алар бир катар Селчук, Осмон сыяктуу империяларды курушкан. Алар салмактуу жолду басып өтүштү. Биздин тарыхыбыз терең изилдене элек тилекке каршы. Мисалы, биз менен мезгилдеш жашап келе жаткан түрктөр

ар бир маанилүү хронологиялык мезгил арасын том-томдоп изилдеп жазып салышкан. Биз көбүнчө тарыхый фактыларды издөөдөн качып, уламыш-жомокко негизделген тарыхка ыктайт экенбиз. Мисалы, Дастан Сарыгулов, Кален Сыдыкова сыяктуу тарых изилдөөчүлөрүбүз "Чынгызхан кыргыз болгон" же "Арийлер" кыргыздын "аруу" деген сөзүн алган кыргыздар деп жомок токуп келишет. Биз, булактарга таянган, көп тил билген тарыхчыларга муктажбыз. Биздин тарыхыбызга болгон мамилени, учурдагы музейибиздеги экспонаттарды сатуудан байкасаңыз болот. Алар тарыхыбызды пулдап жатса, биздин тарыхыбыз ашып-ташып толмок беле. Ушуну биз жаратып, биз чогултуп өнүктүрүшүбүз керек. Түрктөр менен жакын болуп алардан тарыхый баалуулугубузду чогултуп, Кытайга барып, ал жактан булактардан жыйнап, Казактардын ичи-коюнуна кирип, алардан тарыхыбыздын бир уучун терип жыйнасак биздин элдин духу өсөт. Көп түрдүү маданият менен алакада болуунун эч зыяны тийбейт. Жакшысын алуу үчүн, жаманына да чыдап коюшубуз керек.

Ал эми, маданий синкретизм боюнча айта кетсем, Дүйнөлүк маданияттар бири-бири менен жуурулушуп олтуруп, улам жаңы цивилизациялар жаралат. Башка маданияттын жаман-жакшы жактарын өзүбүзгө сиңирип алуу менен цивилизациялашууга ыктаган адамга айланабыз. Биздин кыргызга тиешелүү маданиятыбыз бар. Биздин маданиятыбыз көчмөн цивилизациясынын бир бутагы катары каралат. Ошол эле, Алтай, Башкыр, Кумык, Казак, Түркмөн жана башка элдердин маданияты да биздикине окшош болгон үчүн биз баарыбыз "көчмөн цивилизациясын" жашатып келебиз. Анын ичинен көчмөнчүлүк да өз алдынча кайра ажырап кетет. Вертикалдуу көчүү, горизанталдуу көчүү, меридианалдуу көчүү болуп. Мисалы, биз кыргыздар жыл мезгилине жараша тоютту кууп жүрүп көчсөк, чөлдөгү көчмөндөр көбүнесе сууга ылайыктап көчүшөт. Эми ар бирине кенен токтолсом көп сөз. Жалпылап үстүртөн бергенге аракет кылдым. Демек, биз тарыхыбызды жекелеп, жалгыздап бөлө албайбыз. Албетте, өзүбүзгө тиешелүү өзгөчөлүктөрүбүз, баалуулуктарыбыз бар. Бирок, тарыхтын тереңдигин да унутбашыбыз керек.
Ал эми, байыркы убактагы түрк-кыргыз мамилелери туурасындагы кебиңизди бир чети колдосом, кечириңиз, бир чети кошула албайм. Учурда деле бир атанын беш баласы деле бири-бири менен ынтымакта жашап кеткенин көргөнүм жок. Жакынкы эле боордошпуз деп боорубузга кысып келген казактар менен деле мамилебиз ысык эмес. Мындан улам, сиз айтып өткөн тарыхый окуяны кадимки көрүнүш катары эле кабыл алып коюңуз...))))



Создорундо калет жок. Эми Хуннулардын бир болугунунон учурдагы биз бугун "турк элдери" деп жалпылап айтып жаткан кыпчак, казак ж.б. улуттар жаралган да болушу мумкун. Бирок кыргыз эли чакан уруу болсо да ошол хунн доорундо озунчо болуп келген, кыргыздарды хунндан тараган деп кароо жанылыштык болоор...

Турк тарыхы канчалык изилденгени башка тема, бирок турктор оз маданиятын бизге тануулап жатканы, айрымдардын коз коруно турктошо баштаганын мен жакшы саамалык деп кабыл ала албаймын. Ошол себептуу, турк маданиятын улгулуу маданият деп которо келип бизге тануулаган турктошкон кыргыздарга аллергиям бар...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#888 Пользователь офлайн   Chagylgan1   09 Август 2018 - 15:34

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 350
  • Катталган: 31 Март 18
  • Соңку аракети: 07 Авг 2019 02:01

Учурдагы турктор илгерки турк каганатынын бир чачырандысынан тарап, ар кошкондон куралган калк. Бирок кызыгы, ошол илгерки турк каганаттарын оз тарыхы кылып менчиктеп алганында...

Мен учурдагы турктордун келип чыгышы боюнча маалыматты таптым, кочуруп келсем узуун болуп кетет, и не в тему. Аны озунчо тема ачып талкууласак орундуу болгудай. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#889 Пользователь офлайн   izdeim_seni   09 Август 2018 - 15:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 993
  • Катталган: 10 Август 15
  • Соңку аракети: 25 Фев 2022 19:25
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Кереметтүү аппак Ала-Тоо!

Просмотр сообщения Chagylgan1 (09 Август 2018 - 15:17) жазган:

Создорундо калет жок. Эми Хуннулардын бир болугунунон учурдагы биз бугун "турк элдери" деп жалпылап айтып жаткан кыпчак, казак ж.б. улуттар жаралган да болушу мумкун. Бирок кыргыз эли чакан уруу болсо да ошол хунн доорундо озунчо болуп келген, кыргыздарды хунндан тараган деп кароо жанылыштык болоор...

Турк тарыхы канчалык изилденгени башка тема, бирок турктор оз маданиятын бизге тануулап жатканы, айрымдардын коз коруно турктошо баштаганын мен жакшы саамалык деп кабыл ала албаймын. Ошол себептуу, турк маданиятын улгулуу маданият деп которо келип бизге тануулаган турктошкон кыргыздарга аллергиям бар...

Учурдагы түрктөрдүн маданиятын айтып жатсаңыз, алардыкы деле кудум эле биздикиндей.
Мисалы, жарымысы Европалык жашоо тарзын тандап алып, жыртык чолок шым кийип, оозу-кулагын он жеринен тештирип, эркектери кулакка сөйкө тагып, чачтарын узун тармалдатып, кыздарча кылыктангандары да бар.
Жарымысы, динчил же ашынган динчил. Ыйман жолунда жүрүп, көкүрөктү тазартуунун айласын издеп, бул дүйнөдөн татыктуу жашап өткүсү келет. Бизге эле окшош)))
Ал мени итсиң деди.
-Итмин- дедим...
Тек гана терикпестен күлүп туруп.
Не кылам жаман айтып жаакташып.
Мен анын ит экенин билип туруп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#890 Пользователь офлайн   aIways-here   09 Август 2018 - 15:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 533
  • Катталган: 02 Апрель 17
  • Соңку аракети: 26 Фев 2019 11:02
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Суперстанда

Просмотр сообщения izdeim_seni (09 Август 2018 - 09:15) жазган:

Махмуд Кашгаринин "Дивану-лугату- ат Түрк"(Түркий тилдердин сөз жыйнагы) эмгеги XI кылымда, тагыраагы 1072-1075 жылдарда жазылганын эске алуу керек. Ал эми, Анадолуда түрктөр 1299-жылы Осмон императорун негиздеп жатат. Ортодо II кылымдан ашык хронологиялык мезгил жатат. Демек, бул эмгекте Осмон империясынын кездешпөөсү толук ыктымал. Ал эми, анын эмгегинде "түрктөр" такыр учурабайт десеңиз жаңылышасыз. Алар кайсы бир этноним аты менен сөзсүз кездешсе керек. Мен бул чыгарманы үстүртөн билем. Терең окуп көргөнүмдө дагы жазам го.

Ал эми казактар тарых сахнасына 1456-жылы өз алдынча Улуу Жүз жана Кичүү жүз казактары болуп чыгышкан. Ага чейинки тарыхы чаржайыт. Бирок, казактардын же башка бир улуттун тарыхын жокко чыгара албайбыз. Муну менден жакшы билсеңиз керек)))

.
Мен эмне деп жатам анан ошо Махмуд Кашгаринин эмгегинде Түркия түрктөрү, казактар жок. Демек булар кийинчерээк ар кандай улуттан куралган аралашма улут. Булардын байыркы кыргыздар мн согушкан Түрк кагандыгына тиешеси жок түздөн түз. Казактарды билбейм бирок Түркиядагы түрктөр такыр эле башка деп ойлойм. Ал эми казактарга келсек, байыркы Түрк кагандыгы учурдагы Казакстандын ордунда болгон. Демек бул казактар да ошолорго тиешеси болушу мүмкүн. Негизинен казактар Чынгыз хан өлүп, монгол империясы үчкө бөлүнүп, Жочу ханга караштуу жагы азыркы Казакстан Урал Татарстан ушул жактагы элдерден келип чыккан болуу керек, ошондо булар монгол жана түрк элдеринин аралашмасы. Дагы башка версиялар боюнча кыргыздардан бөлүнгөн эл делет. Бирок тили окшош болгону менен кыргыздар менен казактардын гени бир бирине туура келбейт. Албетте алар 14 кылымда жерди жарып чыга калып, же асмандан түшө калып пайда болгон эл эмес андан мурунку тарыхы жок дегидей. Андан мурунку тарыхы түркий элдер жана монголдор алардын тарыхы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#891 Пользователь офлайн   Chagylgan1   09 Август 2018 - 17:46

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 350
  • Катталган: 31 Март 18
  • Соңку аракети: 07 Авг 2019 02:01

Казактар озбек хандыктарына баш ийип турган уруулар болгон, кыпчак, туркмон урууларындай эле, Сыр-Дарыяны жээктеп. Кийин озбек хандыгындагы башкаруучулар менен араздашып, таарынып журт которушкан. ..

Тарыхын окуюн десен каяктагы тиешеси жок тээ илгерки элдердин тарыхын менчиктеп жазып алышыптыр казактар... Болбосо казак тууралуу маалыматтар мин жылдан ары ашпайт...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#892 Пользователь офлайн   Chagylgan1   09 Август 2018 - 17:59

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 350
  • Катталган: 31 Март 18
  • Соңку аракети: 07 Авг 2019 02:01

Просмотр сообщения izdeim_seni (09 Август 2018 - 15:35) жазган:

Учурдагы түрктөрдүн маданиятын айтып жатсаңыз, алардыкы деле кудум эле биздикиндей.
Мисалы, жарымысы Европалык жашоо тарзын тандап алып, жыртык чолок шым кийип, оозу-кулагын он жеринен тештирип, эркектери кулакка сөйкө тагып, чачтарын узун тармалдатып, кыздарча кылыктангандары да бар.
Жарымысы, динчил же ашынган динчил. Ыйман жолунда жүрүп, көкүрөктү тазартуунун айласын издеп, бул дүйнөдөн татыктуу жашап өткүсү келет. Бизге эле окшош)))



Туркторду бизге окшоштурбай эле койчу...

Турктордун эркектери катынпоз... Алдынан жакшына кыз отуп бара жатса, шилекейи куюлуп, мойну кыйшайып карап калышат тээ узап кеткенге чейин...

Олло мактанчаак, мактантып эле койсо аларды...

Эки жуздуу болушат, каратып туруп сатып кетет сени... Калпты коп суйлойт...

Турктор бир-бирин чукуп журо берет, кыргыздар жолдо калат...

Мисалы 2 турк учунчу туркту жамандап суйлошуп отурушат дейли. Кийин алардын бири учунчу туркко учурап калса, бая эле аны жамандап отурганы эч нерсе болбогондой учурашып, керек болсо тигини жамандаган шериктешинин озун жамандап салат...

Бул бир чети... Санап отурганда эмне...
Турктордун арасында жургон сон сен аларды менден жакшы билишин керек. Бирок адам озу турктошо баштаса, алардын терс жоруктарын айуунун ордуна, алар тарап боло баштайт, аларды жактап.....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#893 Пользователь офлайн   serikaya   09 Август 2018 - 19:00

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 124
  • Катталган: 09 Февраль 17
  • Соңку аракети: 06 Янв 2022 02:18
  • Жынысы:Аялзаты

Тарых темасы болуп кетиптирго , интервью болбой эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#894 Пользователь офлайн   MNK.88   09 Август 2018 - 19:04

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 16
  • Катталган: 06 Февраль 18
  • Соңку аракети: 17 Апр 2020 19:02
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Жаман тытышыпсынарго. Биринен отуп бирин тарыхчы болуп кетипсинер.

Билдирүүнү түзөткөн: MNK.88: 09 Август 2018 - 19:05

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#895 Пользователь офлайн   MNK.88   09 Август 2018 - 19:13

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 16
  • Катталган: 06 Февраль 18
  • Соңку аракети: 17 Апр 2020 19:02
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Бу форум акылдулар менен армандуларга толуп кеткенби дейм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#896 Пользователь офлайн   izdeim_seni   09 Август 2018 - 19:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 993
  • Катталган: 10 Август 15
  • Соңку аракети: 25 Фев 2022 19:25
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Кереметтүү аппак Ала-Тоо!

Просмотр сообщения Chagylgan1 (09 Август 2018 - 17:59) жазган:

Туркторду бизге окшоштурбай эле койчу...

Турктордун эркектери катынпоз... Алдынан жакшына кыз отуп бара жатса, шилекейи куюлуп, мойну кыйшайып карап калышат тээ узап кеткенге чейин...

Олло мактанчаак, мактантып эле койсо аларды...

Эки жуздуу болушат, каратып туруп сатып кетет сени... Калпты коп суйлойт...

Турктор бир-бирин чукуп журо берет, кыргыздар жолдо калат...

Мисалы 2 турк учунчу туркту жамандап суйлошуп отурушат дейли. Кийин алардын бири учунчу туркко учурап калса, бая эле аны жамандап отурганы эч нерсе болбогондой учурашып, керек болсо тигини жамандаган шериктешинин озун жамандап салат...

Бул бир чети... Санап отурганда эмне...
Турктордун арасында жургон сон сен аларды менден жакшы билишин керек. Бирок адам озу турктошо баштаса, алардын терс жоруктарын айуунун ордуна, алар тарап боло баштайт, аларды жактап.....



Бизде негедир Өкмөт менен эркектерибиз алсыз. Мейли, Өкмөт го башынан сасыган. Алар башынан эле ошондой болуп жатат. Ал эми, кечирип коюңуздар бизде эркектер жалкоо, ыкшоо, тытынбайт. Маселен, түрктөрдө үй-бүлөнү пландаштыруу менен үйлөнүшөт. Алар үй жай, туруктуу иш орун менен камсыз болмоюн сиз айтмакчы кыздарга көзүн сугалактатып жүрө берет. Бизде эркектер үй-бүлөнү пландаштырбайт. Кийин үй-бүлөдө каржы маселеси жаралганда аялдарыбыз чет жакка колуна 25 кг жүк, моюнуна сан жеткис санаа, балдарга болгон сагыныч, бир букет стрессти кучактап алып чет жакка жөнөйт. Аркасынан эркеги барса барат, барбаса бөтөлкө менен достошуп алат. А эгер чет жакка эркек биринчи жалгыз кетсе, ак никесин бузуп, апасындай катын менен күнүмдүк кумарын кандырып жашай берет. Кыздарын коргоп алмак тургай, чет жерден кордоп, энеден туулма жылаңач кылмайын жаны жай албайт! Биздин эркектерди не идеалдуу деп жатасызбы?! ..Бул түрктөргө жан тартуу эмес, болгону сизге туптунук күзгүңүздүн көрүнбөгөн тарабын сүрөттөп бердим. Тараза ташына биз эмес, башкалар салсынчы. Мен кыргызымдын азаматтарын сыйлайм! Алар менин Ала-Тоом, мен алардын абийир, ар-намысымын! Алар миң жаман болгон күндө да акарат келтирип, кесе сүйлөбөйм. Жогорудагыларды биздин эркектердин деле телегейи тегиз эмес деген жооп үчүн мисал катары бердим. Бул учурдагы ачуу чындык!

Билдирүүнү түзөткөн: izdeim_seni: 09 Август 2018 - 19:39

Ал мени итсиң деди.
-Итмин- дедим...
Тек гана терикпестен күлүп туруп.
Не кылам жаман айтып жаакташып.
Мен анын ит экенин билип туруп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#897 Пользователь офлайн   Romantik.   09 Август 2018 - 19:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 742
  • Катталган: 21 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 23 Июл 2025 18:04
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения izdeim_seni (09 Август 2018 - 19:38) жазган:

Бизде негедир Өкмөт менен эркектерибиз алсыз. Мейли, Өкмөт го башынан сасыган. Алар башынан эле ошондой болуп жатат. Ал эми, кечирип коюңуздар бизде эркектер жалкоо, ыкшоо, тытынбайт. Маселен, түрктөрдө үй-бүлөнү пландаштыруу менен үйлөнүшөт. Алар үй жай, туруктуу иш орун менен камсыз болмоюн сиз айтмакчы кыздарга көзүн сугалактатып жүрө берет. Бизде эркектер үй-бүлөнү пландаштырбайт. Кийин үй-бүлөдө каржы маселеси жаралганда аялдарыбыз чет жакка колуна 25 кг жүк, моюнуна сан жеткис санаа, балдарга болгон сагыныч, бир букет стрессти кучактап алып чет жакка жөнөйт. Аркасынан эркеги барса барат, барбаса бөтөлкө менен достошуп алат. А эгер чет жакка эркек биринчи жалгыз кетсе, ак никесин бузуп, апасындай катын менен күнүмдүк кумарын кандырып жашай берет. Кыздарын коргоп алмак тургай, чет жерден кордоп, энеден туулма жылаңач кылмайын жаны жай албайт! Биздин эркектерди не идеалдуу деп жатасызбы?! ..Бул түрктөргө жан тартуу эмес, болгону сизге туптунук күзгүңүздүн көрүнбөгөн тарабын сүрөттөп бердим. Тараза ташына биз эмес, башкалар салсынчы. Мен кыргызымдын азаматтарын сыйлайм! Алар менин Ала-Тоом, мен алардын абийир, ар-намысымын! Алар миң жаман болгон күндө да акарат келтирип, кесе сүйлөбөйм. Жогорудагыларды биздин эркектердин деле телегейи тегиз эмес деген жооп үчүн мисал катары бердим. Бул учурдагы ачуу чындык!


Түрктөрдүн адвокаты боло бербей тийип алчы))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#898 Пользователь офлайн   izdeim_seni   09 Август 2018 - 19:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 993
  • Катталган: 10 Август 15
  • Соңку аракети: 25 Фев 2022 19:25
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Кереметтүү аппак Ала-Тоо!

Просмотр сообщения Romantik. (09 Август 2018 - 19:44) жазган:

Түрктөрдүн адвокаты боло бербей тийип алчы))

Ачуу чындык жаныңызды кашайтып жиберди окшойт))))
Ал мени итсиң деди.
-Итмин- дедим...
Тек гана терикпестен күлүп туруп.
Не кылам жаман айтып жаакташып.
Мен анын ит экенин билип туруп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#899 Пользователь офлайн   nice.love   09 Август 2018 - 20:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 461
  • Катталган: 06 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2019 15:08
  • Жынысы:Белгисиз

бул жак турк кыргыз деп озгорткуло теманардв

Билдирүүнү түзөткөн: nice.love: 09 Август 2018 - 20:10

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#900 Пользователь офлайн   Sushi_wok   09 Август 2018 - 20:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

:komp:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (68 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 43
  • 44
  • 45
  • 46
  • 47
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 50 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 50, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 09 Авг 2025 10:44

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: