aIways-here (09 Август 2018 - 13:42) жазган:
Түрктөр менен X кылымга дейре тарыхыбыз бириндебесе керек. Биздеги Караханийлердин учурунда алар Египет, Анадолу тарапка барып, Алгачкы-Түрк Ислам мамлекеттерин курган. Ихшид, Толун, Буржией, Бахрейн мемлуклары сыяктуу бейликтерди түптөгөн. Кийин, бара-бара биригишип олтурур, Иран, Сирия аймагын бийлешип, Селчуклу мамлекетин түзүштү. Андан соң, Улуу Осмон императорун түптөп, даңазалуу тарых жаратышты. Ооба, учурда алардын дагы, биздин дагы антрополгиялык түзүлүшүбүз өзгөргөн. Аларга көптөгөн, араптар, перстер, византиялыктар жалгашып, көбүнчө европеид расасына таандык болуп кетишти.
Кыргыздардын дагы учурдагы антропологиялык түзүлүшү абдан өзгөргөн. Алтайдагы кыргыздарга тиешелүү Андронов мезгилиндеги көрүстөндө, алтын бет капчаларда кыргыздардын жүзүнүн түспөлү катырылып алынган. Негизи эле тарыхый булактарда кыргыздардын чачы сары, бою узун, кең далылуу деп эсептелет. Кийин, Тяшь-Шаньдагы кыргыздар, Алтайдагы кыргыздар биригишип, ар кандай басып алуулар, андагы жалгашуулардын натыйжасында азыркы монголоиддик тибибиз келип чыкты деп айтылат.
Жеке менин көз карашыма адамдын антропологиясына климат да өз таасирин тийгизбей койбойт)