aijan (03 Август 2018 - 21:48) жазган:
George Баланчаевич Zotov.
Гугулдасам, илгертен эле жазып келаткан экен. Өзү 71-жылкы экен. Көп элге афиша кыла бербегенинен окурмандар муну дагы бир лит.негирлердин тобу болсо керек деп ойлошуптур. Журналист болгон болушу керек. Макалалары көбүнчө АиФ ("Аргументы и факты") гезитине чыгат. ЖЖ да жана ФБ да баракчалары бар. Ал жактагы жазгандары китепке чыгабы же чыкпайбы билбейм. Анча-мынча кудайдан корккон цензурадан өтпөй калышы толук ыктымал ал жактагы жазгандары ))
Мен окуп баштаган китобу - "Асмодей Pictures". Шайтандардын движухасы ирония менен берилген. ФБ да жазгандай чорный йумор анча мес. Бирок, окуп аргасыз жылмаясың. Башка китеп сүйгүчтөрдөн жана бул афтордун башка чыгармаларын окугандардын пикирине караганда бул чыгармасы беркилеринин жанында анча мес экен.
Айфонгелие (Евангелие дегенге үндөштүргөн го) деген китебин окуйм деп жүрүм. Электронкасы бар болсо таап окуш керек.