Болочоктогу баламдын аты кандай болсо деп ойлойсуз? же жон гана мен жактырган аттар...
#1341 20 Июль 2018 - 01:33
#1342 20 Июль 2018 - 18:40
izdeim_seni (19 Июль 2018 - 17:56) жазган:
Азаматсын.....
#1343 21 Июль 2018 - 18:03
Билдирүүнү түзөткөн: ilgizk: 21 Июль 2018 - 18:03
#1344 21 Июль 2018 - 18:52
izdeim_seni (19 Июль 2018 - 12:56) жазган:
Биринчи жолу согласно с тобой детка)
Азыр баары эле "Жаман иттин аты бору басар" болуп калышкан
Ойноп күлсөк ойго коюшпай
Гүлдөй назик адам көнүлүн
Жүргөн жакшы эч бир оорутпай.
Жүрөлүчү жүрөк оорутпай!
#1345 22 Июль 2018 - 00:45
#1346 22 Июль 2018 - 11:27
Muslim1990 (20 Июль 2018 - 01:28) жазган:
Ясмина-Бейиштеги гул же болбосо бейиштеги сулуу кыз деген маанини берет экен.
Ислам маданиятына басым жасооңуздан улам бул ысымды тандадыңызбы? Мисалы, "Ясмина" ысымынын ордуна "Ажар", "Гүлайым" десеңиз деле болчудай экен. Жогорудагы сиз жазган ысымга маанилеш, кыргызча варианты ушулар экен. Эмне үчүн ата-энелер арабдардын ысымын уул-кызына энчилешет? Баланын ысымы Куранда, же Ислам маданиятында кездешпесе, ал бейишке барбайт деген негизге таянып коюушабы?
Билдирүүнү түзөткөн: izdeim_seni: 22 Июль 2018 - 11:28
-Итмин- дедим...
Тек гана терикпестен күлүп туруп.
Не кылам жаман айтып жаакташып.
Мен анын ит экенин билип туруп.
#1347 25 Июль 2018 - 20:53
izdeim_seni (22 Июль 2018 - 11:27) жазган:
Ажар же Гулайым деп койсо бейишке барбай калат дегенден алысмын.Кеп арабдардын ысымында эмес.
Болгону бул ысым жубайым жана апам анан менин тандоом болду.Болок эч кандай себеп жок.
#1348 28 Июль 2018 - 14:33
Muslim1990 (25 Июль 2018 - 20:53) жазган:
Болгону бул ысым жубайым жана апам анан менин тандоом болду.Болок эч кандай себеп жок.
Ымыркайга ысым энчилөөдө анын маани-мазмунуна да көңүл буруу кажет. Кээ бирлер Кудайберди, Аллаберди же Ислам сыяктуу ыйык аттарды энчилешет. Анан айрым бир ситуацияда урушууга туура келгенде ачуусу менен мисалы могундай кылып ашмалтайы чыккан сөздөр менен боктоп жиберишет:
-Өлүгүңдү көрөюүн Аллаберди.
же
-Атаңдын оозуна урайын Ислам!,-деген сыяктуу сөздөр менен ашатканда, Аллах, Ислам сыяктуу ыйыктарды чанжырак сөздөр менен аралаштырып айтып алабыз. Биз бул нерсеге маани бербейбиз. Ошол себептүү ат коюуда маанисине көңүл буруу менен бирге, ушундай терс тарабын да эске ала жүрүү абзел.
-Итмин- дедим...
Тек гана терикпестен күлүп туруп.
Не кылам жаман айтып жаакташып.
Мен анын ит экенин билип туруп.
#1349 28 Июль 2018 - 15:46
izdeim_seni (28 Июль 2018 - 14:33) жазган:
-Өлүгүңдү көрөюүн Аллаберди.
же
-Атаңдын оозуна урайын Ислам!,-деген сыяктуу сөздөр менен ашатканда, Аллах, Ислам сыяктуу ыйыктарды чанжырак сөздөр менен аралаштырып айтып алабыз. Биз бул нерсеге маани бербейбиз. Ошол себептүү ат коюуда маанисине көңүл буруу менен бирге, ушундай терс тарабын да эске ала жүрүү абзел.
Туура айтасыз андай ат койгондон кийин кадырына да жетиш керек.
<
#1350 29 Июль 2018 - 00:02
izdeim_seni (28 Июль 2018 - 14:33) жазган:
-Өлүгүңдү көрөюүн Аллаберди.
же
-Атаңдын оозуна урайын Ислам!,-деген сыяктуу сөздөр менен ашатканда, Аллах, Ислам сыяктуу ыйыктарды чанжырак сөздөр менен аралаштырып айтып алабыз. Биз бул нерсеге маани бербейбиз. Ошол себептүү ат коюуда маанисине көңүл буруу менен бирге, ушундай терс тарабын да эске ала жүрүү абзел.
Албетте ал жагын дагы эске алуу зарыл.
#1351 29 Июль 2018 - 03:10
#1352 29 Июль 2018 - 13:18
izdeim_seni (22 Июль 2018 - 11:27) жазган:
Илгерии-илгери Ибрахим деген пайгамбар болгон. Анын сүйгөн жара Сара деген болчу. Алар көөпкө дейре балалуу боло албай жүрүшкөн. Анан Египетке "айылчылап" барганда фараон Ибрахимге белек кылып Хажар (Ажар, Агарь) деген күңүн берген. Ибрахим пайгамбар ошол 2-аялынан Исмаил деген уулдуу болот. Мындан арабдар тарайт. Сара дагы төрөйт Исаак (Исхак) аттуу уулду. Андан жүүттөр чыгат. Ушундай делинет Библия китебинде. Азыр карап көрсөң кыргызда ушул беш ысым тең бар: Ибрагим, Сара, Ажар, Исмаил, Исхак. Бирок, "Ажар" ысымын кыргызча кылып менчиктештирип калганын айрымдар бөлөксүнткөнү кызык

Жеке мага ушул жердеги бардык аттар жагат. Өзгөчө, Ажар деген ысым. Студенттик кезде ошондой ысымдуу бир кызды билет элем. Бирок, ал кащщщщейф, орусча суйлөгөн киргиз кыл болчу.
Ахунбаев / Тынчтык проспектиси жакта "Агарь" деген чачтарач бар эле. Кийин, бир байкасам бир жеринде Давид жылдызы бар экен эле. Балким, ээси же мурунку ээси жүүттүр. Бирок, кыргыз эжелер эле иштешчү. Чачымды такай ошол жерден алдырчумун.
#1353 29 Июль 2018 - 14:36
izdeim_seni (28 Июль 2018 - 14:33) жазган:
-Өлүгүңдү көрөюүн Аллаберди.
же
-Атаңдын оозуна урайын Ислам!,-деген сыяктуу сөздөр менен ашатканда, Аллах, Ислам сыяктуу ыйыктарды чанжырак сөздөр менен аралаштырып айтып алабыз. Биз бул нерсеге маани бербейбиз. Ошол себептүү ат коюуда маанисине көңүл буруу менен бирге, ушундай терс тарабын да эске ала жүрүү абзел.
Ислам мыйзамдарында, дегеле шариятта <Ыйык ысым, аны урушса болбойт, же аты оор келип жатат> деген сөздөрдүн баары күлкүлүү жана маанисиз самтырак сөздөр. Мисалы сиз <Аллаберди, же Мухаммед> деп ат койсоңуз, ал ысым бир гана ошол адамга же балага таандык болот, б.а, ал ысым ал балага коюлган замат өз күчүн жоготуп, ошол адамга гана тийешелүү, жана өзүнүн ысымы болот, жана Пайгамбардын ысмы озундо өз күчү менен кала берет. Бул жөнүндө динде эч кандай тыю жок, болгону кееде динди акылга салып, логичный жомок кылып деле урдуруп коёбуз, бул мына ошондой жомоктордун мазмунунан алынган самтырак түшүндүрмөлөр).
Эгер ошол ысым менен Пайгамбарды урушсаңыз анда чооң күнөө.
#1354 05 Август 2018 - 04:03
#1355 05 Август 2018 - 04:13
briliant87 (05 Август 2018 - 01:03) жазган:
Даагы бир жолу командировкага барып келсениз кызыныз мектепке барып калат, дагы командироакага барып келсениз тортту анан он бирди аяктайт, анан студент болуп кызынызды турмушка берип, уулунузду уйлоп, озунуз кантип каарып калганынызды сезбей каласыз

Билдирүүнү түзөткөн: Tansuluu09: 05 Август 2018 - 04:14
#1357 08 Август 2018 - 14:49
#1358 12 Август 2018 - 17:41
jakshy_kyz (18 Январь 2008 - 15:22) жазган:
АЙША - Азирети Мухаммед (сав) пайгамбарыбыздын жубайы..
Менда ушул атка кызыгып жүрөт элем келинчегим боюнда бар буюрса кыз болсо атын Айша деп койсомбу деп жатам
Жакшы бала же кыздардын аттарыдан кеңеш бериниздер
#1359 28 Август 2018 - 12:00
Билдирүүнү түзөткөн: cholpon119966: 28 Август 2018 - 12:03