Суперстан: Тойдо сөзсүз миндеп адам чакырштын кажети барбы? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Тойдо сөзсүз миндеп адам чакырштын кажети барбы? Тойдогу салттар жана ысыраптар

#41 Пользователь офлайн   Hazard   08 Сентябрь 2018 - 16:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 736
  • Катталган: 26 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 10 Мар 2021 11:03
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Bek_abad (05 Сентябрь 2018 - 01:25) жазган:

Мени досторум эле 35тен ашат) 2 мектепте окуганым үчүн.
Атам 9 бир тууган.
Апам 10 бир тууган. Баарын чакырбасан болбойтго. Короче чоң той болот буйруса)

Эки мектепте коп болсо 10 дон 20 чакты бала бутсо керек анын кобу катышпайт деле чыгар.Анткени бир мектепте бир партада окуган классташтарынды чогултушда абдан кыйын.Ар кимиси ар башка жакта болуп калат.Мектеп, гимназия,колледж, вуз жана чет элде окуп келген атасы байдын балдары да азыр сарамжалдуу той откорууго отушту.10-15 ланкрузерди чубалтып закска чыгарып алып тойдун эртеси пучок чегип калган заман артта калды.Жаштарыбыз акылдуу болуп,жашоону татаалдаштыруунун зарылчылыгы жоктугун билип калышты.Азыр закска эки спринтер,бир лимузин куйоо менен келинге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   Sagyn.91   08 Сентябрь 2018 - 16:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 565
  • Катталган: 26 Май 16
  • Соңку аракети: 19 Янв 2025 19:49
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ата-бабам өткөн жер...

Просмотр сообщения kyialkech.kyzmyn (04 Август 2018 - 07:25) жазган:

Той бул жашооңдо бир гана жолу боло турган нерсе болгондуктан көптөгөн адам биздин бактылуулугубузга күбө болушун каалайм...

Эмне дейт мына карындаш. Кыялын бир эле той мн турмушка чыгуу болсо андан кийинки кыялдарын кандай болду экен?))

Негизи, бактылуулук бул- Уй було очогунун бутундугу, уул-кыздуу болуу, жакшы жар, ийкемдуу келинчек, турмуштан оз ордун таап бир уйдун келини ( жолдошу, куйоо баласы) болуу ж.б...

Той бул бактылуулук эмес, той бир кун болуучу нерсе, бугун отот, бугунку кун даталарда калат.
Ал эми жашоо тойдон сон башталат, турмуштун ойдо-ылдый кыйынчылыктарына чыдап, сабырдуу болуп, келечек учун курошуп баарына жетишсен гана ошол сенин Уй булондогу бактылуулук. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   Nadya_90   08 Сентябрь 2018 - 21:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 339
  • Катталган: 04 Февраль 13
  • Соңку аракети: 15 Сен 2018 22:56
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:SUPER.KG-->>Соңку кабар

Негизи кыргызда катыш көп да. Көптүн кереги жок. Муну азыркы жаштар түшүнүп калдык. Биз баштасак, балдарыбыз улантып кетишсе. Жолдошум экөөбүз үйлөнгөндө 10 күн катары күнүнө 30дай адам тостук, 2-3 прием менен. Чынын айтсам, 3-күн дегенде тажап баштагам. Бишкекке келип, 1 сутка уктагам, окуума барбай. Ушунчалык өмүрүмдө кыйналган эмесмин. Мен жеңелүү болгондо араларын 3-4 күн кылып, ашып кетсе 80-90 киши тосчу элек. Кыскасын айтканда, саны көп сапаты аз катыштардын кереги жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   JANTUMARYM345   08 Сентябрь 2018 - 22:27

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 194
  • Катталган: 25 Февраль 14
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Hazard (08 Сентябрь 2018 - 16:36) жазган:

Эки мектепте коп болсо 10 дон 20 чакты бала бутсо керек анын кобу катышпайт деле чыгар.Анткени бир мектепте бир партада окуган классташтарынды чогултушда абдан кыйын.Ар кимиси ар башка жакта болуп калат.Мектеп, гимназия,колледж, вуз жана чет элде окуп келген атасы байдын балдары да азыр сарамжалдуу той откорууго отушту.10-15 ланкрузерди чубалтып закска чыгарып алып тойдун эртеси пучок чегип калган заман артта калды.Жаштарыбыз акылдуу болуп,жашоону татаалдаштыруунун зарылчылыгы жоктугун билип калышты.Азыр закска эки спринтер,бир лимузин куйоо менен келинге.

Ооба туура айтат.чын эле ошондой болуп калдыго.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   Begai_kg   09 Сентябрь 2018 - 11:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 318
  • Катталган: 20 Апрель 13
  • Соңку аракети: 24 Янв 2022 12:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары Жалал абад

Тойлорго барып ии той мн эрге тийген сонун турбайбы деп калдым.
Salam baaryna
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   vikidiki   09 Сентябрь 2018 - 12:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 646
  • Катталган: 16 Февраль 18
  • Соңку аракети: 10 Фев 2021 00:49
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

quote name='Aima94' date='31 Январь 2018 - 13:22' timestamp='1517404931' post='3614040' ]
Мен турмушка чыга элекмин салттар кандай экенин билбейм.жакында байкеми үйлөнөтөлү десек өтө эле ысыраптар көп экен. Менин жиним келгенин себебиби өтө эле кереги жок салт санаалар. Ырчы чоорчулар жок эле сонун кылып ресторандан өткөргөнү сиздерден идея же болбосо кенешинерди күтөм. Кызыктуу оюн зооктор озубуздун эсибизде кала турган жакшы нерселерди күтөм.
[/quote]
Шартка жараша да.

Билдирүүнү түзөткөн: vikidiki: 09 Сентябрь 2018 - 12:10

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   Baiana   09 Сентябрь 2018 - 21:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 230
  • Катталган: 19 Ноябрь 17
  • Соңку аракети: 30 Дек 2019 00:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кооз жайларда ....

Такыр эле ресторанда той кылыштын кереги жок окшойт.Ресторанга барсан келиндер кайнатасы кайнагасы мн деле калжандап бийлеп атышкан .Анысы аз келгенсип жоолук оронуп алгандары деле журот,ортодо байлоодон кое бергенсип так секирип бийлеп.
....кайда! кантип? жүрөсүң кайбереним .....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   Sagyn.91   24 Июнь 2019 - 18:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 565
  • Катталган: 26 Май 16
  • Соңку аракети: 19 Янв 2025 19:49
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ата-бабам өткөн жер...

Бара бара ысырапкерчиликтен кача баштайт окшой адам. Мен да ошолордун катарындамын. 300-400 кишилик ресторан,-кафесиз, шаан-шөкөтсүз эле бүтүрүп салат окшойм деп калгам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   Talantbek1994   24 Июнь 2019 - 23:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 227
  • Катталган: 07 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 28 Ноя 2021 12:46
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Таңдын атканын Азан менен билдирген жер

Жупуну эле той кылсам деген ой мурдатан эле бар. Бирок үйдөгүлөр чоң той кылгысы бар. Мен уйлономбу же силерби, мага андайдын кереги жок десем унчукпай калышат. Баары бир чоң той кылышат окшойт, эл эмне дейт деп...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   Musulmanka.   25 Июнь 2019 - 00:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 958
  • Катталган: 24 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 26 Фев 2022 23:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Там где звучит каждое утро Азан.

Үйлөнүү оңой. Үй- бүлө болуу кыйын. Той өтөт, главный тойдун эртесиндеги жашоо.

Аллахым баарыбызга эки дүйнө бактылуулук насип этсин.
Жашоо кыйын. Бирок, мен да оңой эмесмин....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   nur_ice   25 Июнь 2019 - 22:00

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 16 Май 17
  • Соңку аракети: 02 Июн 2020 18:09
  • Калаасы:Ордолуу Ош

Ысырапкерчиликтин кереги жок. Негизи столдогу кээ бир салат, тамактарды деле койбой койгон туура болот, желбей эле калат. Чакан гана той кылса болот да.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   Yago.limon   29 Июнь 2019 - 12:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 827
  • Катталган: 17 Май 18
  • Соңку аракети: 13 Янв 2020 10:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алыстамын

Чыгашалуу тойлор жана чыдатпаган ойлор:

1. Кечинде саат 5-ке деп чакырылган тойдун коногу жакыны 3 саат, алысы 3 күн мурда жолго чыгат.

2. Кечинде саат 5-те деген той кеминде 2 саат, болбосо 3 саат кечигип башталат.

3. Жок дегенде 3, болбосо 5 түр тамак, 2-3 түр салат, мөмө-жемиш, боорсок-нан, кант-курс... баарынын башына ооз тийилип, калганынын көбү таштандыга ташталган "трагедия" .

4. Ата-эненин сөзү угулуп, калганына көңүл бурулбаган баш аламандык.

5. Билимге эмес кийимге, сабакка эмес салатка, тообага эмес модага, бааланган сөзгө эмес боёлгон көзгө, такталган кепке эмес чапталган бетке, улууга эмес сулууга карап калган көпчүлүк.

6. Каалоо айтылып бирок кеңеш берилбеген, турмуштун сырлары үйрөтүлбөгөн, кайталанма жана тажатма тилектер.

7. Кийгенге же колдонгонго жарабаган материал - чүпүрөктөр.

8. Бырышып кеткен байкуш улуттук чапан, сыйланбаган синтетика кытай калпагы.

9. Бата бере албаган байкуш улуулар.

10. Энесин карабай денесин караган жаштар.

11. Карызга өткөн той менен башталып, карызды кантип төлөсөм деген ой менен ташталып жаткан жаш жубайлар.

12. Эки ай жашап-жашабай жатып, эки жакка айрылып жаткан эки жаш.

13. Аялды алып эле айылга таштап алыска айлап-жылдап кеткен күйөө бала.

14. Эптеп эрге тийиш үчүн жасалма жасалган мамиле менен тойдон кийинки чыныгы келиндин жүзү.

15. Минип жүргөн жеке машинасы боло туруп, кайра кымбат машинаны акчага киралап сейилдегени чыккан жаштар. Лимузин, джип, хаммер, лексустарга али апасын салып, шаар айлантуу акылына да кире элек өспүрүмдөр.

16. Никенин маанилүүлүгүнө көңүл бурбаган көпчүлүк.

17. Боюнда бүтүп калгандан кийин, коомчулук биле электе үйлөнөлү деген ыймандын алсыздыгы же ата-эненин кайдыгерлиги.

18. Ата-энелик таалим-тарбияны албай туруп ата-эне болуп жаткан ата-энелер.

19. Коногун ресторандан күзөтүп жашагандын айынан, үйгө келген үч адамга кызмат кылууну билбей жүдөп жаткан кыз-келиндер.

20. Ресторандагы кыздарды үйдөгү меймандарга тейлөө үчүн жалдап келип, туугандардын бой жетип калган балдар кыздарынын жеп ичип жаткан жалкоолугу.

21. Түн жарымдан кийин үйгө келип, эртеси жумушка чарчап барып ийгилик жарата албаган жалкоолор.

22. Курсагы токтор келип, курсагы ачтар катышпаган маарекелер.

23. Тойкана салып, ишкана сала албаган ишкерлер.

24. Сахнада жүргөн таланттардын майдаланып, тойдон өйдө көтөрүлө албаган токчулугу же фонограмма ыр менен ырдап жүргөн жалганчы жарчылар.

25. Башкалар араба түртүп, керээли кечке беш жүз сом таап жатса, төрт саатка төрт миңдин ордуна 400$ сураган алып баруучулар.

Элүү жылда эл жаңы. Элдин өзү козголуп, элдин өзү ойлонмоюнча жогорудагы жосунсуз жоруктар кайталана берет.

Ойлонолу жана ойгонолу!

Идрис акын 24.06.2019.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   Yago.limon   29 Июнь 2019 - 12:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 827
  • Катталган: 17 Май 18
  • Соңку аракети: 13 Янв 2020 10:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алыстамын

ВК ден коруп унчукпай отуп кете албай суйроп келдим (((
Акыйкат айтыптыр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   alisha00   03 Январь 2020 - 13:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 166
  • Катталган: 19 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 03 Окт 2024 01:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жүрөгүмдө жашайм )

Эжемин тою болгондо өлө кыйналганбыз. Кудаалардын "таги" Нарындан экен ошо салтты карманышып. А биз Оштун салтынын ар бир майда-чүйдөсун түшүндүрүп. Ал жакта септи Ош тарапта бергендей бербейт экен ошого аны жөн эле койгула деп, апам болсо кандай жөн эле коёт деп өчөшүп чоң сеп кылып, калыңды да сөз кылышып, кыз тойдун күрүч бир балаларин ал жактан берилиш керек деп.
Алар болсо алыс болуп калат кудаанын алдынан өтпөй эле бир жолу кыз тойго баралы десе, атам- "анда мени эл не дейт Эсен кызын жөн эле берип коюптур дебейби"- дешип биринчи күнү кудааларды тосуп, тууган- урукту чакырып, анан кечинде апам аларды өз үйүнө алып барып, өзүнчө сыйлап анан эртеси ресторанда кыз той кылган. Кыскасы таптакыр жакпады мага.
Өзүмө келсек айтам апам-атама жөн эле элден кичине бата алып эле майда-чуйдолорун, "эл эмне" дейтти жыйыштырып эле турмушка чыгам буйруса.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   alisha00   04 Январь 2020 - 00:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 166
  • Катталган: 19 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 03 Окт 2024 01:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жүрөгүмдө жашайм )

Майли)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   Musafir   04 Январь 2020 - 17:31

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 323
  • Катталган: 04 Март 18
  • Соңку аракети: 20 Янв 2020 04:00

Окшош кафе, окшош тойлор, окшош тамак, окшош жерлерден тажабадыңарбы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   meDaline   06 Январь 2020 - 19:33

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 160
  • Катталган: 18 Июль 18
  • Соңку аракети: 15 Апр 2020 22:23
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жакшы адамдар арасы

Эгер болочоктогу жолдошум эле макул болсо, тойго кеткен чыгымга ата-энелерибизди Умрага жиберсек дейм. Той жасап, дасторконго ичимдиктер коюлуп, аял-эркек аралашып бийлеп, алардын күнөөсүн алганча, ата-энебиздин ыраазычылыгын алсак!

Билдирүүнү түзөткөн: meDaline: 06 Январь 2020 - 19:34

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   nur_ice   07 Январь 2020 - 16:07

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 16 Май 17
  • Соңку аракети: 02 Июн 2020 18:09
  • Калаасы:Ордолуу Ош

Жок, албетте. Акыркы учурда ашыкча эле ысырапкорчулук болуп жатат. Албетте, кандай кылса да той ээсинин оз иши денизчи, бирок андай эле ысырап кылуунун кереги жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 03:16

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: