Рахмаат баарыныздарга
Жыртык жүрөк Эң алгачкы бизди эмес...
#583 11 Сентябрь 2018 - 01:44
Атама жолок болуу учун иштегенимди уланттым. Оюумда окуумду улантсамбы дегем. Окунучтуусу ошол учурда сырттан окуу болумуно которулууну ойлогонум менен акча маселесине такалып токтоп калды. Окуумду таштап салганыма окундум. Бирок башка айла жок болчу. Атам ар кандай иштерде иштегени менен тапканы жетпейт. А бирок тырмышып журуп, Аймираны ээрчитип иштеп, учоолоп кредитти тогуп алдык. Охх... кандай керемет? Насыя жебе этинди, тешип чыгат тошунду деген кептин таамай айтылганын карачы. Эми айылга кетели дегенибиз менен уйубуз жок. Эптеп жер тилкесин алып, эки болмолуу уй салып, беш эчки кылып алсак, атам менен апама Медерди, Нурмираны кошуп берип, жашоону бир калыпка тушуруп алсак дегенге эки козубуз торт. Жашырганда эмне кээде кредитке токчу акча же кварплатага акча жетпей калганда Канаттан сурасам дароо берет. ))) Бир далай акча алдым. Буюрса кайтарып берем. Кредиттин акыркы суммасын токкондогу ырахатты, соз менен жеткирип бере албайм, бирок коптор тушунсо керек. Ошону менен эми насыя албайбыз дегендей болгонбуз. Ойлогон ойду, кыстаган турмуш женет демекчи, кайра чон суммадагы акчаны атам банктан которуп келди. Себеби айылга уй салбасак тапканыбыз кунумдук тирликтен ашпады. Анын устуно уйдун ээси ижара акысын жогорулатканы аз келгенсип, "Бир болмолуу уйдо алтоонор жашайсынар!
" деп жаман коруп, чыгып кетуубузду отунду. Мына, темселеп шаар аралап квартира издемей. Канат машинасы менен бир топ жардам берди. Рахмат айтканыма, жолугууну сунуштайт. Кээде шылтоо таап калсам, кээде сейилдеп келууго туура келпт. Антпесе ото коп жардамы тийди. Мамилебиз жакындап келе жаткан. Козумду карап турган Канатка конуп бараткам. Бирок аны эч ойлобойм, сагынбайм, кутпойм, жардам керек болгондо гана эстеп калбасам. Ооба, бул кылганым туура эмес, билем. А мен чын эле жардамга муктаж болчумун. Атам акыркы кундору чарчадыбы же кыйынчылыкка моюн сунуп бараттыбы билбейм, кээде буркурап ичимдик ичип келгени байкалат. Балким озун алаксытып жаткандыр дегенибиз менен кун санап кобойуудо. Жаз келээри менен уй салабыз деген акчабыз четинен азайып баратты. Жаны жылдын алды болчу. Эс алуу кунум эле Канат мени уйдон алып кетем, сюрприз бар деп тан эрте чалды. Он кундон бери жаны жылдык кечелер менен жакшы иштедик. 30-декабрь ушул кун эсимден кетпейт. Эл шанга болонгон. Жаны жыл керемет эмеспи. Администратор эс алууда жургонумо карабай кайра жумушка чакырды. Ресторандын ээси конок чакырат имиш. Канатка жолугам деп убада берип койгом. А жумушка барбасам болбойт, антпесе ачка калабыз. Канатка чалсам алган жок. Жумушка жонодум. Кечке маал бир коллектив жаны жылдык кече откорду. Байкашымча курулуш фирма ( атын жазбай эле коеюнчу) кобунчосу жаштар. Арасынан баягы Дастан дароо козумо тушту. Жылуу учурайт тим эле эски тааныштай болуп. Ал мени байкаган да жок. Баары козун карап, далыга таптап куттуктап жатышты. Кечке маал Канат ресторандын алдында турганын айтып чалды. Сыртка чыксам кутуп туруптур. Кечирим сурап, бошобой калганымды айтсам баягы кок беттигин карматып:
-Мен бугунку кечеге коптон бери даярдангам. Бугункудон калса болбойт. Суранып чыкчы администратордон. - дейт.
Негедир баргым келген жок. Мумкун эместигин айтсам:
-Анда озум кирип сурайм. Сен мени менен иштеп жургондо суранып эле журчу эмес белен?-жиндене кабагын буркойт.
-Канат ал учур башка болчу.
-Мен азыр озум суйлошом! - Мени турто ресторанга жоноду. Артынан утурлай, корс мунозун билем да, администратор менен уруша кетпесин деп жонодум. Кабинетке кирип кеткен. Бир убакта атырыла чыгып, эшиктин оозунда турган мени билектен кармай суйроп жоноду. Эч нерсе тушунбой калдым. Дыркыратып суйроп баратат.
-Канат, кое бер. Сага эмне болду?- энтиге сураганыма.
-Сен бул жерле иштебейсин, уктунбу?- ой-боюма койбой эшиктин оозуна чейин суйроп чыкты. Дагы жакшы арткы эшик, антпесе элдин баары кормок. Алым жетчудой эмес. Чыркырап кетип баратам. Ангыча артыбыздан:
-Дос, кызды кое бер.- деген октом ундон токтоп калды.
Кекирейе артты караган Канат:
-Братан, жолтоо болбо. Ишинди кыл.- дегенинен мен да бурула карасам Дастан туруптур. Ишенимдуу басып келип:
-Мен кое бер дедим.- Салмактуу суйлой Канаттын козуно карады. Мындайды кутпогон Канат:
-Эээ.. братишка мага приказ бергидей сен кимсин?- менин колумду кое берип, Дастанга атырылды чаап жиберчудой боло.
-Стоп, стоп братан. Ачууланба, мен ушул ресторандын ээсимин. Ушул турган ордундан жолго чейин менин оздук менчигим, демек коноктор торумдо. Сыртка чыгып суйлошолу.
Экоо ээрчише сыртка жоношту. Журогум тушо, алайып кала бердим. Демек ресторандын ээси Дастандын атасы экен да. Артыбыздан келген администратор мени ээрчите кабинетине кирип, суу ичип демимди баса кайра ишке кирдим. Кече буткон сон мени Дастан озунун кабинетине чакырып жатканын айтышты.

#592 12 Сентябрь 2018 - 16:20
Кызыгуум артып окуп аткандардын катарындамын,
авторго таазим...
ар бир тамчы бакыт - сенин дидарында , аруулугун - жылмайган ууртунда ...
#595 12 Сентябрь 2018 - 21:22
талыкпай жаза бериниз автор
АК ИШТЕГЕН АДАМ АКЫРЫ ЖАМАНДЫК КОРБОЙТ (И.Р.РАЗЗАКОВ)
#596 13 Сентябрь 2018 - 00:56
Фортуна айым жаза бериниз,кечиресиз теманызды булгап койдук,итке теңелип үрүүгө кажет жок, иттер үрүп үрүп калат берет го.
#597 13 Сентябрь 2018 - 02:27
Дастандын кабинетине жеткиче эмнелерди гана ойлободум. "Мени точно кетирет жумуштан, эми кайдан жумуш табам? Бул жака конуп калганла. Коллектив анан администратор эже мени абдан тушунот. Кыштын чилдесинде иш да табылбайт. Канаттын текебер, менменсиген мунозу бир балээ кылды. Негедир ушул Канатты коргондо журогум муздап кетет, тап-такыр жолобош керек болчу. Карачы анча- мынча берген акчасына карап журуп эмне болду? "
Эшигин черткилеп ичкээри кирдим. Кетууго камынып пальтосун кийип, кузгуго каранып жатыптыр. Дароо козумо айрылып калган жакасы байкалды. Демек Канат кылды. Мени отур дегендей ишарат кылып, компьютерин очуруп жатып:
-Таак... Аида сен бул жака иштейм келгенден кийин жеке мамиледеги маселелерди уйдон же сырттан чечип келууну билет белен?
-Кечириниз, мен анын бул жака келээрин кутпогом.- Жер тиктей.
-Жигитинби?
-Жок...жок... жигитим эмес. Менин тап-такыр жигитим жок. Ал озу эле мага...- андан ары айта албай калдым. Мени карап, ойлонуп алып:
-Демек поклонник дечи?- Башын чайкай оор ушкуруно- Аида байкасам жакшы эле кыздай коруносун. Билбесен керек. Айтып коюу милдетим. Эн башкысы сенин коопсуздугун учун. Ал жигит адашкандардан экен.- Эч нерсе тушунгон жокмун. Суроолу тиктеген калыбыма:
-Тушунбой калдын окшойт. Ал наркоман экен. Сайынат экен.- чыканагын корсото. Ал эмне кылганын да билбей калат. Ото кооптуу. Кордунбу мобуну?- жакасын корсото:
-Канча болду таанышканынарга?
-Бир жылдан ашып калды. Мен чын эле билген эмесмин.- Куноолуудой жер карадым. Корктум. Анын жоосунсуз кылыктарынын себебин эми тушундум. Козум алая оозумдан созум тушуп, нес абалда калдым.
-Болуптур. Бирок ал эми бул жака кайра келет. Балким ушул тегеректе журот азыр да. Экообуз жон эле суйлошолу деп чыккам. Мындайын билгенде СБларга салып бермекмин. Мен дагы биринчи жолу туш болуп атам, тагыраагы атам ресторанын мага бир эле жума болду откоруп бергенине. Азырынча кимге кандай мамиле кылышты да жакшы бмлбейм. Бир аз пикир келишпестик болду ортобузда. Анын дагы келээрин билем. Сенин коопсуздугун учун сени жумуштан кетирейин десем, администратор болбой койду. Бирок баары бир азырынча бизден алысташын керек. Тиги поклоннигин тынчтык берчудой эмес. Сураштырсам агасынын казинолорунун бирин иштетет экен. Бизге го баары бир, сени эч нерсе болбосун дегеним. Кыскасы бир- эки ай бул жака келбей тур. Чынында мен да ашыкча маселени каалабайм. Антпесе соз кобойуп кетчудой. Билет чыгаарсын жогору жакта разборка кандай болоорун.
Суйлоого оозум барбай калды. Мейли жумуштан изимди жашырып кеткеним менен, мен Канат менен чогуу батир издеп, жашаган жеримди да билет. Эми кандай кылсам? Ангыча телефонума чалуу келди. Тунку саат 2де Канат экен. Коркуп дароо калтырап кеттим. Козум алая Дастанды карап:
-Канат чалып жатат, эмне кылам? Кантем? - Ыйлап жибере жаздадым окшойт. Тан калычтуу тиктеген Дастан:
-Кантмек элен, жумушта эмесмин деп айт. Меня уволили дебейсинби?
Айтканындай кылдым. Канат билет менин канчада жумуштан чыгаарымды. Коркуп жатканымды билди окшойт Дастан.
-Журу, керектуулорунду ал мен жеткирип коеюн уйуно. Тундо кооптуу, такси чакырбай эле кой. Мен да уйго кеткени жатам. Ал эми айлык акынды эртен эсепчиге айтам, эсептеп берет. Кабатыр болбо, эки айдан кийин келип иштей берсен болот. Тез чык, мен арткы стоянкада болом.
Шаабайым сууп залга жонодум. Коллектив мени телмире тиктеп кала берди. Бекем кучактай коштошкон администратор эже " Кайгырба, кел кайра, мен кутом." деген бойдон калды. Ыйлагым келсе да озумду кармай сыртка жонодум. Эшикте аппак кар тим эле балпалактап жаап жатыптыр. Ай жарык. Оор ушкуруно кадам таштай, курулдоп мени кутуп турган Дастандын машинасынын арикы орундугуна отурдум. Оюумдун баары "Эми кайдан жумуш таап, Канаттан кутулуу учун жаны батирди кайдан издейм? Кышында кочконун да азап тура. Апама эое оор. Озу аран айыгып келатканда. Апам...апам.. айтмакчы, апам мени бир дарысын ала кел дебеди беле. Кундуз дарыканадан. Тууй... ата эстен чыгып кеткен турбайбы! Эми тундо кайдан тапмак элем, эртен кундуз карайын. Балким жол боюнда 24 саат иштеген аптекалардан сурап корсом кантет? Дастан деле каршы болбосо керек." Айткандай каршы болгон жок. Бирок бир эмес эки аптекадан сураштырсак жок дешти. Учунчусундо колумдагы дарынын аты чет тилде жазылган кагазды сурап копко карап турду да:
-Аида, бул дары кимге?-деди.
-Апама керек.
-Бул дарыны азыр таппайсын. Онкологиянын аптекасынан же атайын заказ менен алдырасын. Баасы да кымбат. Мурун кайдан алды эле?
- Билбейм, Израилден алган го. Баасын сурабаптырмын.
-Апан ал жактан дарыландыбы? - Мандайындагы кузгудон мени карап:
-Ооба, бир жылдан ашык журуп келди.
-Канчанчы даража менен?- Мен да аны аябай карадым. Жакындарынын бироосу ооруган го деген ойго келип:
-Учунчу даража болчу.
-Анан азыр жакшыбы? Жылыш болдубу?-Козун албай суроолорун жаадырып жатты.
-Буюрса жакшы.
Ортодо жымжырттык пайда болду. Мен оз ойлорум менен алышып келе бердим. Бир убакта Дастанга:
-А сиз бул дары тууралуу кайдан билесиз?-Суроомо жылмайып алып:
-Мен озум дарыгермин. Уролог- андролог.
-Ааа.. кандай сонун. Мен да медик болгум келчу. Мед. академияга отпой калып башка кесипке тапшыргам.- Башымды жерге сала окунуп алдым.
- Азыр каякта окуйсун?
- Азыр да окубайм. Эл аралык мамилелер факультетинде окучумун. Шартка байлашыштуу таштоого туура келди. Бюджетте болчумун. Сырттан окуу болумуно которулуу учун контракт толоо керек экен. Азырынча...
Калганын айта албадым. Ансыз да окубай калганыма арданып жургон жаным ыйлап жиберчудоймун. Уйго келдик. Сылык коштошуп тушуп калдым. Апам ашканада кутуп отуруптур. Кирип эле моюнуна асылдым. Баары унутула тушот. Атам дагы ичип келген окшойт. Уйдун ичи перегар жыттанат. Чай ичтик. Канттын жайын айтып бердим. Жакасын кармаган апам чочуп алды. Жумуштан отпуск алганымды божурап отуруп, кезек дарыга жеткенде, дарынын аты жазылган врачтын кол тамгасы менен моору коюлган кагаз Дастанга кетип калганын эстедим. Карап отуруп ошону менен алып кетип калган тура. Эртен айлыка барганда алып алам деп уйкуга кирдим. Жашоодо ар бир кадамдын себеби бар экен. Дастан экообуздун тагдырыбызга ошол Израилден келген алкандай кагаз себеп болду.

Билдирүүнү түзөткөн: Fortuna1987: 13 Сентябрь 2018 - 02:50
#598 13 Сентябрь 2018 - 03:32
Эх Аида эже супер инфого сиз учун эле кирип калдым ишенсениз кооп коптон жазынызчы суранам
#599 13 Сентябрь 2018 - 09:22
Ушул Аиданын жазганын окуп эле отургум келет, жазганы тугонбосо экен деп. Илгери чон апам жомок айтып бергендей, дагы айтып беринизчи деп суранат элем.