Суперстан: Барс агайдын өздүк чыгармалары - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (14 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Барс агайдын өздүк чыгармалары Барстан бытыгый, жөнөкөй аңгемелер, новелла, монолог, тамсил...

#181 Пользователь офлайн   Барс   18 Ноябрь 2017 - 08:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Просмотр сообщения Aitunuk (17 Ноябрь 2017 - 20:28) жазган:

Барс агай, үйдүн КУТУ, БЕРЕКЕСИ, коломто ээсичи?..



Бул суроону мага эмес, ырдын лирикалык каарманына берүү керек го дейм!
Менин үйүмдүн КУТУ БЕРЕКЕСИН чачып, газ плитасынын жанында жанымда эле! :)

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 18 Ноябрь 2017 - 08:28

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#182 Пользователь офлайн   Барс   16 Декабрь 2017 - 17:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Эх, Адамзат!..

Жолуң болду көп жылдары бийликтен,
Жолой албай жүрдү көптөр кашыңа.
Жалаң гана хандар, бектер баш ийип,
Жаратканга болгонсудуң ашына.

Далайларды канкакшаттың тымызын,
Далайлары каргыш айтты, зар айтты.
Бир аз жанды кубантса да иштериң,
Бирок көптүн дилин, оюн карайтты.

Баам салсаң турмуш деген тараза,
Баарын жөндөп, өз ордуна коюуда.
Азыркыдай эсеп берип калаарың,
Анда сенин эч келбеген оюңа?

Кыңыр иши кеч болсо да билинип,
Көктө учкан неме деле жаза алат!
Аягында башыңа муш болорун,
Аңдабайсың эмнеге сен, Адамзат?


Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 16 Декабрь 2017 - 17:59

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#183 Пользователь офлайн   Барс   02 Январь 2018 - 22:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

КАРА- КӨЛДӨ БИР КЫЗ БАР...

Кара-Көлдө бир кыз бар – илмийген Ай!
Кесиби анын кеселге ийне саймай.
Бажырайган жүзүнүн “балээси” бар,
Багындырып баарысын бийлеп алмай.


Күндө беш маал көргөнгө канаат кылбай,
Күткөн бизге убакыт калат жылбай...
Ордунда жок жүрөктөр сууруп кеткен,
Оорутпастан, бир тамчы кан актырбай.


Жүрөктөрдү мейлилеп кече албастан,
Жүрөгүнө анын же жете албастан.
Үйүр болуп ал сайган ийнесине,
Үйүбүзгө жүрөбүз кете албастан!



Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 02 Январь 2018 - 22:53

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#184 Пользователь офлайн   Барс   17 Январь 2018 - 10:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

КОШОК
(бытыгый баян)


Кечээ жакында айылдагы бир маарекеге барып калып, анан оңтою келген белем, Камка эне экөөбүз жалгыз отуруп, өткөн кеткенден, кыргыздын каада-салт, үрп адаттарынан кеп салышып, анан кептен кеп уланып, анын кабатырланган ой-толгоосун угууга туура келди.
Жашы сексенге таяп калганы менен али, Кудайга шүгүр деш керек , кайраттуу. Бети-башын , Камка эне өзү айткандай, берки “эки жашабай карылыкка эрте моюн сунгандардай” жөргөмүштүн желеси өңдөнүп, өтө деле бырыш басып калган эмес. Караган кишиге мээрими төгүлүп, басып-турганы тың. Бели деле бекчейбеген. Кайсы жерде болсо да эбиреп-жебиреген ушак-айыңга кошулбай, каадалуу сөздөрдү сүйлөп, өзүн салабаттуу алып жүргөндөн улам го, айыл ичинде кадыры чоң.
Анын айтканын силер да угуп койсоңор ашыкча эместир.
Анан ошол киши минтип атпайбы:


- Карыган сайын улам кийинкиңди ойлоп калат экенсиң... Көртирлик го өз жолу менен оош-кыйыш болуп өтүп жатат дечи. Анан бул тирүүлүк кишиге түбөлүктүү эмес тура. Мына ошондо, менин да ичер суум түгөнгөн күнү, зыйнатымды жасап, кыргыздын каада-салты боюнча аруу жуулуп, ак кепинде жерге берилсем, эшикте уул-неберелерим “эсил кайран, энекелеп” өкүрүп, жалгыз келиним кошок кошуп узатса деп тилеп жүрөмүн. Антейин десем, менин келиним тириликке тың, деле ыймандуу, ырыстуу болгону менен, а койчу менин эле келиним дейсиңби, азыркы жаштардын баары эле го, эки ооз сөздү кошуп, жамактап кошок кошконду билишпей калбадыбы! Мурункудай кыябына келтире, көмөкөйүн керней кылып, тили буудай кууруп, ата тегинен бери куюлуштуруп, маркумдун арбагын ай-асманга жеткире даңазасын чыгара кошкон кошокчулардын тукуму үзүлбөдүбү. Мына ошондуктан уулума: “Жанагы макинитопон дейби, кишинин үнүн жазгычыңды бир күнү жаныма кой, анан мен өзүмө өзүм заңгырата кошок кошоюн.Аны жаздырып катып кой. Анан эртеби-кечпи, өлүм ак болгон соң, көзүм өтүп кетсе, мына ошол өзүмдүн кошогумду таң эрте боз үйдөн угузгула жетилигиме чейин. Аны уккан эл: “А байкуш, ырахматы болгур Камканын келини кайын энесине катыра кошок кошуп жатат...” – дешип ыраазы болушсун” – десем, уулум: “Ай койсоңузчу, кайдагы жорукту баштабай... Башка жакшыраак нерселерди ойлонсоңуз. ..” – деп салбадыбы, башың өсүп, тукумуң көбөйгүр. Ошондон бери ал кепти кайра козгой албай жүрөмүн. Анан калппы? Ага чейин келиниме аз да болсо жаттатып үйрөтүп коёюн деп, жамактап бир төрт-беш куплеттей айтып: “ Ай, балам, ушуну жаттап ал... Кийин керек болот...” - десем, же так түйүлүп аным макул болсочу. Буларым мени өлбөй, түбөлүк бирге жашап жүрө берет дешеби, ай таңым бар... Ошондон бери чийки май чайнап алгансып, жама-ан кыжалаттыкта жүрөм, сен билсең.
Эми уулум менен тең өскөн теңтушсуң. Сени оозунан түшүрбөй мактап жүрөт ал теңтушуң. Тилиңди алаар. Кыябы келгенде сен аяшың экөөнө ушул каалоомду түшүндүрүп, макулдатып койсоң, берекем.
Анан уулу менен келинин мага ушактап жатат деп эрээн көрбө, секет кетейин.

Мындай ойлонуп көрсөң, Камка эненин камыкканыда да кеп бардай...
А бирок, мен теңтушума: “Аяш энемдин өзүнө өзүн кошок айттырып жазып ал да, анан ал өлгөндө элге аяштын атынан аны угуз...” – деп кантип айтам ыя?

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 17 Январь 2018 - 10:09

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#185 Пользователь офлайн   Барс   31 Январь 2018 - 11:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

БҮГҮН БАЗАРДА

Бороону жок жулмалап, буюктурган,
борборуңдун көчөсү суюк туман.
Базар ичи күрү-гүү, толтура эл,
баратышат тоотпостон суукту уяң.


Бир-экөөсү теңселет, шымы ылай,
бир топ эле шимирген “тунук суудан".
Эркектерге каш кагат, нарыдагы
эндик эрин, аягы суюк жубан...


“...Жаштарыңдан ушинтип уят кетти,
Жаратканым жүгөргөн буюрук буям...”
Өрүк саткан баткенчи карыянын,
өксүп айткан кептерин муюп угам.


Борбор калаа көчөсү суюк туман...


Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#186 Пользователь офлайн   Барс   31 Январь 2018 - 11:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

БОЛ ЖӨЛӨК!

Кызык эле кыргызсыңар, оштуктар!
Мүнөзүңдө сылыктык бар, жооштук бар.
“Оштукмун! ” деп мактанасың, а бирөө:
“Оштук...” десе, чычалайсың. .. боштук бар...


Кызык эле кыргызымсың, аркалык!
“Ал : “Аркалык...” – деди” – дейсиң арданып...
Ата-бабаң айткан сөздө не айып?
Ал ансайын сага турам таң калып...


Ичи жаман тууганынан журт бөлөт...
Ирисеңер кыргыздыгың бүт өлөт!
Кыйын күндө бириктиң го, Кыргызым,
Тынч күндө да бөлүнбөгүн кырк бөлөк!
Кайсы жерде жашасаң да, кандашым,
Ар дайыма бир-бириңе бол жөлөк!



Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#187 Пользователь офлайн   Барс   31 Январь 2018 - 19:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

ЭКИ КАЙЫК –БИР КЕМЕ

Көзүңдөн эй,көзүңдөн күлүңдөгөн,
Көңүл көктө сөзүңдөн:” Күнүм...” – деген.
Акышың ай,акышың аптыктырган,
Алсыз чыгып,азгырган үнүң менен.

Бүлкүлдөгөн эриниң кожогаттай,
Бүгүн анын бал даамын кошо татмай...
Бийлеп алды билдирбей эркелешиң,
Бирде буйрук, бир туруп кошоматтай.

Урааныбыз: ”Жашоого бир келебиз!”
Унутулуп калгансып бирдемебиз,
ушунчалык ашыктык, анан мына
ушул тапта бир жүрөк, бир денебиз...
Эңсеп сүздүк Сүйүүнүн мухитинде
эки кайык, эми биз – бир кемебиз!

29.01.2018-жыл.

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 31 Январь 2018 - 19:26

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#188 Пользователь офлайн   Барс   05 Февраль 2018 - 13:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Акындарга кеңештер

I
Кызыгы көп бул дүйнөнүн кызыгы көп,
Кыйла жанды эңсеткен арман да бар.
Кырчын кезде ырларды кызарта төк,
Кыйгач кетип калышат карыганда алар!

II
Талант- ыйык, Теңир аны тандап берет.
Тарыхында Адамзаттын акын сереп.
Алар менен тең тайлаша жаза албасаң,
Айтчы,акыным, кимге деги аның керек?

III
“Жан дүйнөм тумчуланып жатса дагы,
жан чыдагыс шылдыңдарга батса дагы,
эл жактырган ырларды жазып жатам,
айдактаган иттериң капса дагы!”

Калмамат Турдубаев, чоң акын.

Иттерге милдет ошол, ылгабастан
үрүшөт, каап да алат иттик кылып.
Эңкейсең таш алганы: “Жүгүндү...” – дейт,
А көрөк ырыңды жаз типтик туруп!

IV
“Сезимди кескилешип бөлүктөргө,
Кошкуң бар, мезгил, мени өлүктөргө.”
Арген Султанбеков, жаш акын.

Ооба, ооба, кесилесиң, бөлүнөсүң,
О анан... анан кайра биригесиң.
Акындык тагдыр ушул, Аргентайым,
Миң өлүп, миң бир жолу тирилесиң! !!

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 05 Февраль 2018 - 13:48

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#189 Пользователь офлайн   Барс   17 Февраль 2018 - 12:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

БАЗАРДАГЫ КАРЫЯ

Картаң кары араң барат бүкүрөйгөн,
Кый-кый этип,кыйын болуп дем алганы.
Табыптан да, доктурдан да көңүл калып...
Такыр эле барбай калган эм алганы.
Тигилерге берүү үчүн пенсия аз -
Тиричиликтин керегинен кем алганы.
Бүт байлыгы– үйүндөгү үч-төрт тоогу,
Бүгүн келген ошолорго жем алганы.
Жараткандын буйругудур, жалгыз калган,
Жарык күндү таштап кетип тең алганы.
Элүү жылы бир жашашты, бала көрбөй,
Экөөсүнүн ушул эле эң арманы.

...Кары барат базар өрдөй жем алганы...

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: Карыя.jpg

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 24 Февраль 2018 - 18:54

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#190 Пользователь офлайн   Барс   22 Март 2018 - 10:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

ТАЛАА СЮИТАСЫ

Жаз деген мезгил го бир жанга жыргал,
Кызгалдакка топтоло ойлор, кырлар,
Кызгалдактар - жайнаган кызыл гүлдөр,
Кызгалдактар - кылкызыл жанган ырлар.


Кызыл мата жабылган жер үстүнө,
Эриксизден багынам түр күчүнө.
Кыздар күлөт чачына гүл тагынып,
...Кубанычыңды бөлгүң келет бир кишиге.


Күн желеси кызарат булактаган,
Жел жүрүүдө жепжеңил сылап гана.
Толкун болуп кайдадыр жылат талаа.
... Кыздар кайда кыр ашып кылактаган? ..


Сүрөт
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#191 Пользователь офлайн   mega777   25 Март 2018 - 10:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Просмотр сообщения Барс (17 Февраль 2018 - 13:29) жазган:

БАЗАРДАГЫ КАРЫЯ

Картаң кары араң барат бүкүрөйгөн,
Кый-кый этип,кыйын болуп дем алганы.
Табыптан да, доктурдан да көңүл калып...
Такыр эле барбай калган эм алганы.
Тигилерге берүү үчүн пенсия аз -
Тиричиликтин керегинен кем алганы.
Бүт байлыгы– үйүндөгү үч-төрт тоогу,
Бүгүн келген ошолорго жем алганы.
Жараткандын буйругудур, жалгыз калган,
Жарык күндү таштап кетип тең алганы.
Элүү жылы бир жашашты, бала көрбөй,
Экөөсүнүн ушул эле эң арманы.

...Кары барат базар өрдөй жем алганы...

Ото таасирдуу жазылыптыр. ..
Бар болунуз агай!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#192 Пользователь офлайн   Барс   04 Апрель 2018 - 09:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

ЧЕТ ЭЛДЕГИ ЭМИГРАНТ УУЛ-КЫЗДАРЫМА

Өзүңө иш жок ылайык,
Өлкөңдөн изде, чарк айлан.
Аман жүр дагы иштей бер,
Антпешке барбы башка айлаң?..
Эптеп багат балдарың,
Эне-атаң бар го картайган.



Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#193 Пользователь офлайн   sensei   13 Апрель 2018 - 16:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 599
  • Катталган: 17 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 27 Ноя 2020 12:40
  • Жынысы:Эркек

Керемет саптар! Калеминиз курчуй берсин, Барс агай!
<<Таза болсоң суудай бол - баарын жууп кетирген>>
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#194 Пользователь офлайн   Барс   03 Май 2018 - 13:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

ЖАҢЫ КОТОРМО!

Кубаныч Жазай (Казакстан)


САГЫН МЕНИ


Сагын мени, о жаным,
Сагын мени,
Сагынычтан табылаар жандын эми.
Сагын мени!..
Боюңду, өзөгүңдү,
Сагынычтан өрттөсүн жалын сени.


Жолго кара зарыгып,
Жолго кара,
Изим жатат чубалып кең талаада.
Сагын мени түндөрдө кирпик какпай,
Кадырымды билесиң шондо гана.


Тынчтык бербей боюңа жалындарың,
Сагынычтан бир ирмем арылбагын.
Сагын баарын...
Өткөндүн сагын баарын,
Керек эмес убайымдан арылганың.


Сагына бер!
Амалга жоктой орун,
Сагынычтан саргайсын оромолуң.
Закым болуп алыска кеткен менен
Багың болуп кайрадан ороломун...



Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 20 Май 2018 - 22:42

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#195 Пользователь офлайн   Барс   20 Май 2018 - 22:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

БИЗ ЫР ЭЛЕК ОШОНДО...

Эске азыр эски обон, ырлар келет...
Экөөбүз тең үн созуп ырдаар элек.
Эки саптай жалгашып, уйкашышып,
Эх, ошондо өзүбүз ырлар элек!


Кумарланчу ырыңа түнкү жылга,
Кулак төшөп тим турчу гүлдүү кыр да.
Куюлушуп ырыңдын ыргагына
Кулагыңда жылт этчү күмүш сырга.


Көөдөндөгү бар коңур үнүм менен,
Көздөрүңө тик карап күлүңдөгөн,
Ырдаганмын жан дүйнөм ачып салып,
Ырахаттуу, бактылуу күнүмө мен.


Бирибизге бирибиз жыргал белек –
Биз ошондо ажайып ырлар элек!



Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#196 Пользователь офлайн   Барс   21 Май 2018 - 21:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Тил албаган кишиге айла жок турбайбы! Сүрөт

"О, кой, азыр китепти эч ким деле окубай калган" - дешкенине көңүл бурбай, дагы бирөөнүн: "Жаман жазган акын, же жазуучу китебин чыгарбай койсо, ошонун өзү Кыргыз адабияты үчүн чоң пайда!" - деп кайра-кайра туптуура эскерткенине карабай, "Ушул китебиң азык болуп береби?" - дегенимдин сөзүн укпай, дагы аңгеме, ыр, котормосу аралаш бир жыйнакты, жон теримден кайыш тилгендей болсо да, чыгарып алдым! Сүрөт

Эми кубанган достор болсо, аларга сүйүнчү, ал эми кайдигерлерине жөн гана маалымат!

Орозоңор кабыл болсун, ылайым!Сүрөт

Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 21 Май 2018 - 21:21

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#197 Пользователь офлайн   Барс   12 Сентябрь 2018 - 12:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

ЧЕТ ЭЛГЕ САТЫЛГАН АК ИЛБИРСТИН АРМАНЫ

Баары бар: тамак дагы, жатак дагы,
Барсыңмын камактагы-капастагы.
Чыгышка, өз жериме, жулунамын,
Чыдамдын түгөнүүдө запастары!


Жорткондо жолум болчу мекенимде,
Жол-изим тоонун жогор, этегинде.
Жакшылап сылык, сыпаа күтүшсө да,
Жашагым келбейт бир күн чет элиңде.


Жакпады таңданыша карашканы,
Жакпады: “Мага сат...” – деп талашканы.
Жандаса жара чайнап койгум келет,
Жакпады мага жакын жанашканы...


Сагындым Ала-Тоонун мөңгүлөрүн,
Санаамдан кетпей койду көңкү* жерим.
Сатканды каргыш менен кусуру урсун,
Саргайып жаткан далай мендейлердин. ..


Барсыңмын капастагы, чет элдеги,
Барбы жан, мындан алып кетер мени?!
___________________________________
Көңкү* -
Жалпы. Көңкү кыргыз элимди Көрө албайм го деп жүрдүм (Токтогул). Мындайы да бар: Көсөл төрө көк жалың, көңкү кыргыз жерлерин көрбөгөнү жарайбы? фольк

Сүрөт


Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 16 Сентябрь 2018 - 09:20

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#198 Пользователь офлайн   Барс   15 Сентябрь 2018 - 09:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

УЗУН ТИЛ ЖАНА ЖАЛГЫЗДЫК

Түгөндү сөздүн сөөк какшатканы,
Түгөндү жаңжал дагы, чатак дагы.
Жалгыздын бүгүн эми кечи кирип,
Жалгыздын кайра күңгүрт атат таңы.

Түгөндү жалаа кептин ушактары,
Түпкүргө эми калбай учат баары.
Бооруна басып турган бой-денени,
Бош калды мээрим толгон кучак дагы.

Күйгүнүң жалын болуп, мейли күйбө,
Күйүтүң ээ-жаа бербес, мейли сүйлө!
Антсең да тилегиңе жеттиң бүгүн,
Арманың айтсаң дагы ээн үйдө...

Түгөнгүр, тилдүүдөн не качат баары?!
...Түгөндү жаңжал дагы, чатак дагы...

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 15 Сентябрь 2018 - 09:28

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#199 Пользователь офлайн   Барс   16 Сентябрь 2018 - 09:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

КАЙТАЛАНГАН КУУ ТАГДЫР ЫРЫ

Сезимди туурап салдың,
Сезбестен убалымды.
Арызымды айтам тынбай,
Аңдабай угарыңды.


Чыркырап күйсөм дагы,
Чыдаймын азабыңа.
Далымды тосуп келем,
Дос, душман мазагына.


Санаамды билип туруп,
Салбайсың назарыңды.
Арналган сага гана,
Арман ыр жазаарымды.


Табышмак болдуң мага,
Жообу жок, чечилбеген.
Мен болсо ак сүйүүмө,
Карызмын кечилбеген.


Сен, Мөөрдү* туурап калдың –
Сезимди туурап салдың!..
________________________________
Мөөр* - Ак Мөөр, хан Жантай чалга тийген сулуу.



Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 16 Сентябрь 2018 - 09:24

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#200 Пользователь офлайн   LunaSun   17 Сентябрь 2018 - 11:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 120
  • Катталган: 09 Февраль 17
  • Соңку аракети: 18 Окт 2021 16:05

Балким темамды булгап салдын деп туура эмес короорсуз. Алдын ала кечирим сурайм. Бирок Сизди коргонумо ушунча кубанычтамын дейсиз. Бар болунуз Барс ава.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (14 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 9 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 9, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июн 2025 22:55

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: