Суперстан: Жыртык жүрөк - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (66 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 31
  • 32
  • 33
  • 34
  • 35
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жыртык жүрөк Эң алгачкы бизди эмес...

#641 Пользователь офлайн   Jasmun   17 Сентябрь 2018 - 20:24

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 14
  • Катталган: 07 Сентябрь 18
  • Соңку аракети: 16 Сен 2020 22:22

Просмотр сообщения Fortuna1987 (17 Сентябрь 2018 - 18:02) жазган:

Сиз да кечириниз. Бирок менин темам справочник же издоо аянтчасы эмес.))))

Салам. Уландысын бугун жазчы сураныч кутобуз. Алдын ала рахмат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#642 Пользователь офлайн   Mydearzh   17 Сентябрь 2018 - 20:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 883
  • Катталган: 18 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 23:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жакшы адамдар арасы...

:менин жүрөгүм: Озумчо эле бактылуумун го бул жакты окуп алып.
:гезит: Улантыныз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#643 Пользователь офлайн   Merelisha   17 Сентябрь 2018 - 20:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 430
  • Катталган: 29 Июль 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 11:13
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош&Жалал-Абад

Чыдамсыздык менен кутуудомун го чиркин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#644 Пользователь офлайн   Aliennik   17 Сентябрь 2018 - 21:05

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23
  • Катталган: 06 Июль 18
  • Соңку аракети: 28 Мар 2020 12:52

жазыныз улам кирип карап коём ,күтүүдөмүн. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#645 Пользователь офлайн   Peri.00   18 Сентябрь 2018 - 13:43

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 13
  • Катталган: 04 Июль 18
  • Соңку аракети: 02 Авг 2019 19:23

Ата-эненин баркын билдирчүү, пост экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#646 Пользователь офлайн   Kominam   18 Сентябрь 2018 - 13:59

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 205
  • Катталган: 24 Февраль 17
  • Соңку аракети: 06 Янв 2025 10:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Фортуна эже кутуп жатам жаны жыл тосуп)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#647 Пользователь офлайн   Akkyz2017   18 Сентябрь 2018 - 15:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 724
  • Катталган: 02 Ноябрь 17
  • Соңку аракети: 13 Дек 2021 04:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:...

Дастан азамат экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#648 Пользователь офлайн   Jasmun   18 Сентябрь 2018 - 21:36

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 14
  • Катталган: 07 Сентябрь 18
  • Соңку аракети: 16 Сен 2020 22:22

Бугун жаза с ынарбы уландысын... ...?
Кутуп эле отурабыз..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#649 Пользователь офлайн   Lusi   19 Сентябрь 2018 - 13:30

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 73
  • Катталган: 07 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 31 Дек 2020 20:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Маалкатпай жазса болмок Бир кун жазып эки жума акыйтып кишини, жакшы эле кармандым уж извините меня
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#650 Пользователь офлайн   nazgul20   19 Сентябрь 2018 - 14:25

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 115
  • Катталган: 06 Сентябрь 16
  • Соңку аракети: 30 Дек 2019 16:51

Просмотр сообщения Lusi (19 Сентябрь 2018 - 13:30) жазган:

Маалкатпай жазса болмок Бир кун жазып эки жума акыйтып кишини, жакшы эле кармандым уж извините меня


Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#651 Пользователь офлайн   muslima89   19 Сентябрь 2018 - 16:43

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 27
  • Катталган: 22 Апрель 16
  • Соңку аракети: 02 Сен 2020 23:43

Мен да иштен чыгып карап коем тез тез. Ракмат сизге ушунча кызыктуу жазып жатканынызга. Кутообууз чыдамсыздык менен...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#652 Пользователь офлайн   Fortuna1987   19 Сентябрь 2018 - 17:39

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 199
  • Катталган: 11 Март 18
  • Соңку аракети: 13 Янв 2019 16:13

Кыбырап кундор отуп жатты. Жаны жылдан кийин бир топ тыныгуу болду. Кыш ошол жылы катуу болду, уулуп токтобогон шамал. Темселеп кочо кыдыра жумуш издейм.
Ынгайлуусу табылбайт. Байкашымча тигуу цехтери жакшы айлык толоп жаткандай. Бирок тиккенди билбесен албайт экен. Тигуучулукту уйронуп алсам кана деп декилдегенимчи. Шаардан алысыраак жердеги тигуу цехинде топчу тагып, упаковка жасап иштеп жаттым. Жумуштан кеч чыгам. Атам жол карап тосуп алат же кээде жумушума барып, экообуз чогуу келебиз. Бул жолу да чогуу келе жатканбыз. Уйго жете бергенде Канаттын машинасын коруп журогум шуу дей тушту. Атамды колтуктай кормоксон болуп жонодум. ангыча телефонума чалуу келди. "Селт" эте чочуп кеткен мени карап атам "Не болду кызым?" дейт тан кала. Чалууну очуруп койдум. Смс келди. Ачып окуган жокмун. Уйго келип да смсин окугум келбей очуруп салдым.

Жашоодо кыйын учурлар болот. Бирок ашыкча кыйын кундордон кадимкидей чарчап эч ким барбаган, эч нерсенин кереги жок жерге кетип калгын келет экен. Тобоо, жараткан адамга туйшукту ченебей берген ондуу. Тыпырап иштегенибиз эч нерсеге жетпейт. Кээде жегенге эч нерсебиз калбай калат. Жаны эле оорудан айыгып келе жаткан апамды, кичинекей медерди аяп кетем. Негедир тапкан акчабыз кварплатадан ичкен жегенибизден ашпайт. арзанына карап алган кийимдерибиз да бат эле тушуп калат. Кундун суугунда курсагын да бат ачат экен, биз менен эч кимдин иши жок. Бир тууган деле бир эки карайт, андан сон алардын деле жашоосу бар эмеспи. Атамдын жумуш таба албай, кунуго кечинде шаабайы сууп келгени бир топ бушайманга салды. жашы отуп калган кишини оной менен жумушка албайт тура. Ал эле эмес Аймира супермаркетте иштегени менен айлыгын алып келбегени бизди тан калтырды. Иштеп журуп эле айлыкка келгенде созссуз бир маселеси чыгат. Он мин сом айлыгына кээде кийим алып алса, кээде жоготуп алдым деген шылтоосучу. абдан кыжырымды келтирди. Атам негедир кызынын айлыгын сурагандан тартындыбы бмлбейм, айтор башында унчукпай журду. Менин айтканымды тоготуп да койбойт. Байкашымча ашыкча конул ачканды жакшы корот. чонтогуно бир тыйын ашыкча тушсо эле, курбу кыздары менен кафеден тамактанып, киного кирип, сейилдеп жургонун билип урушканым менен негедир мээси кондой сымал жетпейт, атам келгени уйго туноп, кеч келгенин токтотту. Бир куну Аймиранын жумушуна бардым. Айлык ала турган куну болчу. "Народный" соода туйунундо иштечу. Чынын айтканда эки айдын айлыгын уйго алып келбегенден сон, учунчу айдыкын андып барганым болчу десем кулбонуздор. Билмексен боло айна самын тизип жаткан Аймиранын жанына бардым:
- Анан сестренка берилип иштеп жатасын?-мени карап башын ийкей Аймира:
- Ооба да, не болду сизге, жон жай эле келдинизби? -деди тан кала.
-Жон эле, сени менен уйго чогуу кетейин дегем. Анын устуно бугун айлык алсан уйго продукты анан биртке эт алып апама салып бербесек сууктап кетти окшойт.
Аймирага бул сунушум жакпай кетти окшойт.
-Мейли ошентели. Бирок мага да акча керек болуп жаткан.
-Канча? Эмне кылганга?-дедим шашыла.
Ушкурунуп алган Аймира кабагын чытый:
-Беш минден ашыгыраак.
-Кызык Аймира анча акчаны эмне кыласын? Меникине салыштырмалуу жумушун жакын, жол кире кетпейт. Откон айлыгына кийинип да алдын. Эми эмне кыласын анча акчаны?
-Керек дедим го эже. Керек!
Кекете суйлогонуно жиним келип кетти.
-Ай кыз сенде мээ деген барбы? Уйдо апам ооруп жатканын коруп атасынбы? Ачка отурабыз. Атам жумуш таппай жатат. Менин тапканым жетпейт. Сен ушулар жонундо ойлонуп атасынбы?
-Анан мен эмне кылышым керек? Же мен куноолуумунбу ушунун баарына? Мен деле адамча жашагым келет. Курбу кыздарымдын баары эле жыргап журот. Кийбегенди кийишет. Кычырап окуп атышат. А менчи ? Мектепти бутуп эле иштедим. Элдин кыздарын ата-энелери окутуп жатышат. А бизчи эмне болдук? Атам жаш аял алып бизди таштап кеткен. Аялы олуп калып бизге келип отурат. Окууга откозгон жок. Эми келип менин айлыгымды эсептейсинер. Мен озум билем. Адамча жашагым келет. Мага жагат досторум менен сейилдеген, эс алган. Азыр жашмын мен конул ачууга милдеттумун. Жаштыгым отуп кетет. Ал эми атам бизди багууга милдеттуу. Эгер бага албаса анда эмне уйлонуп, бизди жаратты? Эркекпи багат.
Бурулуп тез баса ичкери кирип кетти. Узата карап кала бердим. Айта турган кооп соз бар. Бирок ошол айтылгандарды Аймира тушунуп жете алаар бекен? Бул эмнеге мындай болуп калган? Кудайым ыйман бере кор деп уйго жонодум.

Билдирүүнү түзөткөн: Fortuna1987: 19 Сентябрь 2018 - 17:48

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#653 Пользователь офлайн   karakyz23   19 Сентябрь 2018 - 18:19

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 92
  • Катталган: 24 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 24 Авг 2023 16:26

Аймира ммм откоол курак кез окшойт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#654 Пользователь офлайн   ludimira   19 Сентябрь 2018 - 18:23

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 577
  • Катталган: 27 Август 17
  • Соңку аракети: 29 Дек 2024 01:49

Мен бир сулууну билчумун апасы ооруп колундагы браслет,кийимин, сойкосун сатып жургон студенттер арасында.
Атасы таштап жардамдпшпай жургон.
Эн жаманы активдуу Кыз тунку кафеде акча учун иштеп журду.
Ошо убакта курбусуна келип ыйлап жатканда кулагым чалган.
Уйун карабалдадагы саткан.
Ал Кыз сиз болбосонуз да тагдырда болот ушундай.
Ал сулууну айтылуу Керим Турапов да ухаживать этип жургон
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#655 Пользователь офлайн   tynara81   19 Сентябрь 2018 - 18:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 027
  • Катталган: 05 Май 13
  • Соңку аракети: 07 Авг 2021 07:37
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Москва

Аймира жеңил ойлуу окшойт. Чөйрөсү азгырып кетсе жаман жакка кетип калышы оңой. Мага сейилдеген, эс алган жагат дептир. Кимге жакпайт. Көңүл ачканга милдеттүүмүн дептир. Акым бар дебейби эч болбосо. Көңүл ачам деп көргөн күндөрүн унуттубу...

Билдирүүнү түзөткөн: tynara81: 19 Сентябрь 2018 - 18:26

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#656 Пользователь офлайн   Fortuna1987   19 Сентябрь 2018 - 18:29

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 199
  • Катталган: 11 Март 18
  • Соңку аракети: 13 Янв 2019 16:13

Ыза боло, башым денгирей эмне кылышты билбей жолдо келе жаттым. Чарчап баратам. Мына эки жылга таяп баратат. Тынымсыз иштеп жатканыма. Кандай кылуум керек? Жашоодо акча маанилуу эмес дегенге ишенбей кеттим. Кордунорбу акчанар жок болсо ачка калып, эч ким эмес болуп каласынар. Демек иштегиле, эч нерсеге карабай мээнет кылгыла.
Уйго келсем апам сууга манная каша бышырып жатыптыр. Бир нандын жартысын жеп, калганын бизге калтырып коюптур. Кечинде атам келди. Колундагы тооктун эти менен эки нанды коруп суйунуп кеттик. Тооктун этин асып Аймираны куттук. Келсе чогуу жейли деп. Эптеп кыштан аман-эсен чыгып кетсек бир аз онолуп калаар элек деген умут. Кеч болуп калганда Аймира келди. Телефон сатып алыптыр. Калган уч мин сомун атама сунду. Жоктон коро жогору деп шугур кыла суйунуп отуруп калдык. Буюрса уч мин сомду чоюп, бир далай продукты алабыз.)))) Аймиранын телефонун айланчыктап Нурмира менен Медер чурулдап отуруп калышты. Ал убакта камерасы бар телефондор жаны чыгып жаткан. Оздорунчо суротко тушуп жатышты.

Эртеси жумушка жонодум. Тигилген кийимдерге топчу тагам, буктоп баштыктарга салам. Бош боло калган учурда тигуучу машинаны кылдыратып уйронгонго аракет кылам. Ошентип уйго жонойм. Бул куну да жолду карап маршрутка кутуп тургам. Ангыча жаныма Канаттын машинасы келип токтоду. Мандайымдан желмогуз чыга калгандай чочуп кеттим. Терезесин ачып:
-Кандай Аида. Кел отур.
-Сиз кайдан Канат? Жок, отурбайм. Кете бериниз. -Ачуулана терс бурулдум. Кадамымды ылдамдатып, тез басканым менен катарлаш машинасын жай айдаган Канат:
-Аида, мен сага эмне кылдым? Жакшынакай эле журуп не болду сага?
- Канат, кечириниз. Мен сизге тушундуруп айттым. Сиз табитиме туура келбейсиз. Жон эле убара болбонузчу.
-Аида, мен сага эскерткем, айтып келе жатам. Дагы айтып коеюн. Мени сендей эч ким суйо албайт. Эсинде болсун, сен меники болосун же башка эч кимдики.
Коркуп кеттим. Негедир денем муздай тушту. Эмне дешти билбейм. Оюума келгени ушул болду:
-Канат, кечириниз, менин жигитим бар эми.
-Ха,ха... жигитинби? Сулуум... сен меникисин же башка эч кимдики. Мен айттымбы? Айткандай болот. Кайсы жигитин? Жанагы педикпи? Ким эле Дастан деп атты беле?
-Жок... Дастан? Кайсы?... ии.. ооба, дал озу. -деп жибердим. Ушул учурга чейин Дастан тууралуу ойлоп да корбоптурмун. Машинасынан тушуп жаныма келип:
-Сен керек болгондо чалып, акча сурап, жардам сурап... эми эшегин суудан откон сон... дагы корушобуз. Ал эми жанагы педигин менен озум суйлошом.
Машинасына отуруп катуу айдап кетип калды. Журогум оозума тыгыла, бир ордумда копко катып турдум. Коркуп да кеттим. Эми чындап Канаттын наркоман экенин байкадым. Коздору кызарып, жини келип турганын коруп, буга чейин кудай сактаптыр деп жакамды кармай маршруткага туштум. Кызык, менин кайда иштээримди билип алганын кара? Кандай кылам эми? Бул дагы келет.

Билдирүүнү түзөткөн: Fortuna1987: 19 Сентябрь 2018 - 18:34

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#657 Пользователь офлайн   Fortuna1987   19 Сентябрь 2018 - 18:38

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 199
  • Катталган: 11 Март 18
  • Соңку аракети: 13 Янв 2019 16:13

Просмотр сообщения tynara81 (19 Сентябрь 2018 - 18:25) жазган:

Аймира жеңил ойлуу окшойт. Чөйрөсү азгырып кетсе жаман жакка кетип калышы оңой. Мага сейилдеген, эс алган жагат дептир. Кимге жакпайт. Көңүл ачканга милдеттүүмүн дептир. Акым бар дебейби эч болбосо. Көңүл ачам деп көргөн күндөрүн унуттубу...


Ооба, Аймира озумдун бир тууганым. Мага андан жакын эч ким жок. Бирок чынында женил ойлуулук кылып жашоосун бир топ талкалап алган кундорун алдыда жазам. Кандай жанылса да, таарынтса да ал менин синдим, мен аны туболукко жакшы кором. Ошол баскан Аймиранын жолдорун башкалар баспаса экен деген умут.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#658 Пользователь офлайн   Angel92   19 Сентябрь 2018 - 18:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

Уланта бериниз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#659 Пользователь офлайн   Sushi_wok   19 Сентябрь 2018 - 18:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Дагы деле бутолеккен бул тема :nuemoe:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#660 Пользователь офлайн   Pamirlan   19 Сентябрь 2018 - 18:55

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 106
  • Катталган: 03 Август 13
  • Соңку аракети: 28 Мар 2020 11:29

Азаматсыз, бар болунуз, оорубаныз, бактылуу болунуз, Жакшы жазып жатасыз. Ийгилик
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (66 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 31
  • 32
  • 33
  • 34
  • 35
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 7 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 7, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 03:15

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: