Суперстан: Артта калган издерим - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (18 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Артта калган издерим 123

#21 Пользователь офлайн   Feiza1982   20 Сентябрь 2018 - 18:01

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 25
  • Катталган: 24 Апрель 18
  • Соңку аракети: 05 Окт 2019 17:12

Бактылуу болсоң экен абдаан тырышчаак экенсиң!! !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Merelisha   21 Сентябрь 2018 - 07:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 430
  • Катталган: 29 Июль 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 11:13
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош&Жалал-Абад

Улантыныз автор.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   Neslihan   21 Сентябрь 2018 - 18:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 418
  • Катталган: 13 Февраль 17
  • Соңку аракети: 29 Ноя 2018 11:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Улантыңыз Автор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Жолоочу_ROZA-87_* 21 Сентябрь 2018 - 20:24

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

оооой ииииий уландысын чыдамсыздык менен кутооооом
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   cholpon119966   21 Сентябрь 2018 - 23:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 774
  • Катталган: 16 Февраль 16
  • Соңку аракети: 26 Июн 2025 21:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Город 3722

Апаныздын камкордугу, жокчулуктан ыйлаганыныз, квартиралап жургонунуз, мооноттон отуп коз жарганыныз. .. окшош экен, озумдун откон жашоомдогу кадрлары коз алдымдан отту. Апалар аман болсун, менин да апам аябай камкор болуп, коп жерде колдоду бирок мен ичимден мин ыраазы болуп мээрим сезип турсам да сиз сыяктуу рахмат айтып эмоцияларымды сыртка чыгара албайт болчум, азыр да ошондоймун. ..
Жолдошунуз аракетчил, ыймандуу экен, эми иштери журушуп бактылуу болгон коз ирмемдер жонундо окусак экен...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   Royal55   22 Сентябрь 2018 - 16:31

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 211
  • Катталган: 30 Октябрь 17
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2020 13:18

Ошентип кочуп келдик.Бул жерде копко адам жашабагандыктан, уйдун ичи суук,ным тартып калыптыр.Жылыткыч да иштебейт аз келгенсип.Озубуз мн кошо ала келген жылыткычыбызды сайдык.Сынган айнекти бутоп,желимдешип коюп журом,куйоомо жардам кылып.Кечки тамакты асып коюп,душка кирип чыктым.Нары бери ташышканга баары жогум бозала.Тамактарын берип бутоорумо,энем бети-башын тырманып калды мен да жуунам дегендей.Илгиртпей тушундум да:-Эне,неберениз экоонуздорду эртен жуунтам дедим.Макул дегендей башын ийкеди.Кеч кирип,тунку уйкуга камындык.Негедир кызым танга чейин уктабай ыйлап чыкты.Танга маал тамак даярдап берип,Азаматты ишке узаттым.Ал да шашма неме, шашылган бойдон кетти,биз мн коштошуп.Айтканымдай биринчи очурутто энемди жуунтурдум. Кийимин алмаштырып, чачын оруп,маасысын кийгизип койдум да:-Энооу,эми неберениз мн отуруп турунуз,мен кирлеринизди жууп келейин дедим.Адатта неберем деп колуна албайт деле.Антпесе деле мажбур эле бере салам.Тушку тамакты асканча,кир жууп,кирип чыгып журом.Кызым негедир кечээгиден каттуурак ыйлап атат.Кирип эле карасам,энем бешиктеги баланы колунан тартып терметип атат.Оозума соз келбей элейип калдым.Энем кызымды корсотуп,:-Мунун саламдашканды билбет тура,деп улам -улам колун сунуп жатты наристеме.Унчуккан жокмун.Негедир таарына кеттим ичимден,анан сыртка чыгып кеттим.Кундуз куну уйкусун уктап алып,тундо ойгоо жатат.Туну мн биз жаткан жакты карап алып:-Кудая тообо,Кудая тообо.деп отурат.Эртеси ынгайсыз болуп,бешикти ортого дубал кылып коюп койдум.Апам ооруулуу дегенинен чогуу жашаганга макул болгом. Озу ооруулу аял болсо,мага шерик болот,кайнене эмес экинчи энем дечумун.Бул кыялы кундон кунго курчуп атты.Тундолору уктабайт.Эми болсо бешиктин устунон мойнун созуп караганга отту.Келин нерсе экенмин,кээде ысып ачынып алам,кээде унутуп куйоомду кучактап алам.Эсиме энем бар экени тушо калып,ордуман атып турам.Кызымдын ыйлаганы басылбайт.Уч кундон бери тынчыбыз кетти.Энемден сурасам билбейм дейт.Анан апама чалдым.:-Аппооу неберениз негедир тундосу ыйлап чыгып атат.Кантсем болот дээриме алтын энем:-Балам, озун тундо эмне жамынып атасын?
:-Калын корпо дейм тушунбой.
:-Анда жазбы, кышпы,озун эмнени жамынсан,кызына да ошону жаап жур.Калындап тошончулорду кылып берген элем гоо.Ошолордон жап деди.Тун киргенде калын тошогун жапсам,байкушум ошол туну кынк этпей уктады.Муну коруп ыйладым чынында.Аппагым, алтын кызым менин.Тундолору ушуп аткан экенсинда.Муну апан билбей,сени ушутуп койгонун кара деп ыйладым.Ошондон кийин озумдой кыла турган болдум.Отузга чыксам да биринчи балам учун,абдан эле кыйын болду билбей.Кээде онтойсуз кармап алам,кээде абдан эле ыссык ташырып жиберем.Жудодум. Же мага акыл айтуучу болсочу.Апам менден болок учун телефондон гана айтып турду.Озум билишимче коомайлап кармап жуунта салам.Наристем эки айга жакындады.Анда да жуунта салам деп оорутуп алдым.Кайсыл жери экенин анык билбейм.Атабыз мн кошо жыйырма кунчо баардык эле врач аттуга барабыз.Же алар ооруусун тапсачы?Бир эле кундо эки учооно барабыз.Бири ичи ооруп атат десе,бири тамагын айтат.Байкушумдун тили жок озу айта салганы.Куну туну алмак салмак карап чыгабыз.Эки сааттан уктап алып алмашабыз.Эч айлабыз калбады.Кылбаган шыпаабыз калбады.Ооруусу басылбайт.Энемден ун жок.Ар дайым тундолору уктабай чыкчуу чон эне, жыйырма кун баш которбой уктады чумконуп.Акыры дагы кайрылдык.Билбейм дегенден нарыга отподу.Апама барып келем десем,апасына эле кетеберет дебесин деп унчукпадым. Оздору каратсын деп жон койдум.Жооп жок.Жыйырма кундон ашканда,кечке маал,бешикте эмизип атып,кулагын карасам,ирин агып калыптыр.Оо, Кудай,кулагы ооруган турбайбы,жанымдагы Азаматты турткулоп карасан деп колумду жансадым.Анан шашылыш,поликлиникага жонодук.Ал жактан текшерип, острый отит деп,диагноз коюп, жатпасак болбосубузду айтып жонотту.Дарооле жолдомону которуп ооруканага жонодум.Жаттык бирок пайдасы болбоду. Азамат мен апама барам.Ал жакшы болушуна себеп болуп, жакшы жерге корсотуп берет.Сураныч бул жерде оорусун кучотуп алам деп сурандым.Дароо макул болду.Куну туну караганга чарчап калыппыз экооз тен.Коздорубуз кыпкызыл.Апама жолдо келатып эле чалдым.Апам да мен учун баарына даяр.Кел детскийдин алдында кутуп алам деди.Келдик корсоттук.Уч кун бою апарып,апкелип дабаалаттык. Жакшы болуп ойноп калды кичинекейим.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Жолоочу_ROZA-87_* 22 Сентябрь 2018 - 16:43

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

анан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   Merelisha   22 Сентябрь 2018 - 16:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 430
  • Катталган: 29 Июль 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 11:13
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош&Жалал-Абад

Ии,балдар оорубасын. Уландысын кутом
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   Royal55   22 Сентябрь 2018 - 17:51

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 211
  • Катталган: 30 Октябрь 17
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2020 13:18

Кайра баягы ункурубузго келдик.Кун суук,уй муздап калган кундору энем кызына чалып:-Кызым менин балдарым жакшыбы,алар менин гана балдарым да.Кун сууп калды.кечиндеси калын тошок жап,кундуз устулоруно калын кийиндир деп мени улам улам карап жылмайып коюп созун уланта берди.Бул эмнеси,ал нерсени билет экен,неге бизге айткан жок?.Мага мейли,небереси уч кун тундо ыйлап чыкты гоо?Анын каны гоо? деп озумчо капаландым. Эмнеге антет?Кайсыл жерден туура эмес кылдым.Эмнеге мага тетири болуп калган? Эмнеге деген суроо башымдан кетпейт.Эстедим. Тапкансыдым. Жаны эле таксикозум токтоп,квартирага келгем.Сыртта сейилдеп журсок,кайним чалып:-Аке апамды карайсынарбы же карабайсынарбы, женем ал жерде эмне кылып журот,кечкеле озун багып жатат да туурабы?.Карабасанар айткыла анда деди.Жолдошум дайыма телефондун унун катуу чыгарып суйлошот.
:-Иним,женен эмиле турбадыбы тошоктон.Таксикозу каттуу болуп,пастельный режимде жатканын билесинер.Мен карашымча карап,кийин кайненеме апарып бергенимден да кабардарсынар. Ал жактан эстен танып да журду.Эми озуно аран келди.Азыр да конулу айнып турат.Кочого сергисин деп алып чыктым деди.
:-Эмне кылганын менен чатагым жок.Кыскасын айт анан чал деп очуруп койду.Баарын угуп турсам да,кайра такташ максатында сурадым.Эмне дейт?.
:-Сенин абалынды сурап атат.Апамды тоого барып баксын дейт.Сенин шартынды айттым.Эми туруп басып калды дедим.:-Анаан? дедим.
:-Ошшо.сен эмне дейсин?.
:-Мени билесиз?.Тоонун абасына журогум аптыгып кетет.аба жетишпей.Анын устуно ал жак суук экен барбайм.Андан коро келсин анан карайм дегем.Уй жайларын кулптап,мал жанын кошуна колонго табыштап. Тоо суук деп,Ошко келишкен.Болгондо да бир комнаталуу квартирага. Кыштап кетишкен эле.Унчукпадым. кошо жашап журо бердим.Жаз келгенде.Тоого барып карасын бизди,жаз келди деп кетишти.Аркасынан бир жумага жетпей Азамат экооз барып калдык.Алты айлык боюмда бар.Уй сааганды билбейм.Же от жакканды билсемчи кашшайгырдыкы. Эптеп,тутотуп жатып от жагам.тезектерди каптап апкелем.Чынында бизде мындай жашоо эмес.Баары свет мн же газ мн болгон учун оной жашоо кечирет экенбиз.Тоо да деп коем ичимден.Атам уй сааганды уйротом деп ,танга маал,сарайга жонодук.Уйдун алайган козун,жоон буттарын коруп калчылдасам, уй менден отуп,эттери кыймылдап титирейт.Мен буларга жандуу анекдот болдум окшойт.бирде сааганымды коруп кулушсо,бирде коркконумдагы эмоциямды айтышат.чочуп жатып бир литрге жетпеген сут саадым.Калган экоосу бооз экен.Уух ,бооз болгонуна шугур деп коем.Сутту бышырып камыр жуурудум.Анымды коруп:-Иче турган айраныбызды жок кылып салыпсын деп жиндери келишти.Апеей десе,сутту анан не кылат?.Кийинки куну айран уюттум.Аны да тузуктоп билбейм.Мектеп убагында каникул болгондо, тайкелеримдин уйундо журуп,кыздарынын айран уютканын коруп калчумун.Ошондон коргонумду жасап атам азыр да.Андан кийинки куну жарымын айранга,жарымын камырга алып коюп аттым.Тоолуктар болгону мн сутко кылган наныма, уйдогулор гана эмес кошуна колон да.Апеей,сутко кылган турбайбы ?дешет.Эмнеге антет тушунгон жокмун кыскасы.Саап уйронуп баратам.Дале козду жумуп,колумду узаак сунуп алып саайм.Куйоом жанымда торпогун ийдирип турат.Ошол куну жамгыр аябай коп жааган болчу.Сут саап келип эле бышыра калайын деп,тезек алып келдим.Алар да сыртта болгон учун жамгырга суу болуп калыптыр.Узакта жалындады.Негедир сут ийрип калды.Аны энеме корсоттум.Мейли сузуп кой,эч нерсемес деди.Эртеси да кашайып сутум ийрип калды.Ыйламсырап турам.Эне сут ийригенсип атат дедим.Ийрит да.идишти чала жуусан ошондой болот.ме идишин жууп кел деп ,колума булкуп берди кесени.Создору каттуу чыгып,жинин келтире суйлонду.Жууп келдим.Баари бир сут деген ийриди.Кашшайгырдыкыы, мындайды билсем канаа.Сыртта турам айыптуу кишиче.Уулдарына суйлонуп атат наркы болмодо.Кире калсам куйоом:-Мына озуно айтыныз,сураныз. магале айта бербей деп,мени корсотту.Жаным оозума кептелип,эмне дейт экен деп козум алая тушту.Энем мени карап бакырайган коздорун чон-чон ачып,:-Сениби? сен эки кундон бери сутту ысырап кылып атасын,Билесинби аны канчалык баалуу экенин.Сен кайдан билесин,шаардык немесин да эми,же тузуктоп от жагалбайсын. же эптеп сутту бышыра албайсын гоо.деди жекире карап.
:-Энее,мен мындайды чын эле билбейм.Элден коруп билген жумушумду колумдан келишинче кылып атам.Билбейм деп айткыдай он беш жашар бала болбосом деп,озумду болушунча кондуруп атам бул жерге.Билбесем эне айтыныз,мен аны туурамес тушунбойм.Катамды ондоду деп суйуном.Сиздин оюунуздагыдай жасаганга аракет кылайын дедим.Чын эле аракет кылып журдум,экинчиси да биринчи аялы эле жакшы болчу деп мени кийинки катарга кошпоосун каалагам.Жакшы экен дегидей тынбайм.
:-Сен тириликти билбейт турбайсынбы? Мен уулума озубуздун айылдан эле жубан болсо да алып берели десем,конбой сени жетелеп алып келбедиби?Сен Чолдуксун.Тоолук боло албайсын.Чолдуктугунчо каласын.бизде баарын жасайт а сен билбейсин да туурабы?.
:-Анан кантейин эне,уулунуз Ошто жашайм дегенинен турмушка чыккан элем.Дедим коз жашымды агыза.Бешенем экен уулунузга туш болдум.Тоодо жашайбыз дегенде мен башка жол тутат элем дедим.
:-Ошшондой деее,Ошто жашайм дее,Бар,барып жаша, алиби сени,корсотом сага Ошто жашаганды деп кекенди.

Билдирүүнү түзөткөн: Royal55: 22 Сентябрь 2018 - 18:10

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   bikusim   22 Сентябрь 2018 - 17:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 492
  • Катталган: 21 Январь 15
  • Соңку аракети: 22 Фев 2022 21:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Балдар оорубасын. Балам ооруганча озум оруйун дейсинго. Бул кундор элдин баарынын эле башынан откон и отот. Жаны турмуш курганда элдин баары эле ушундай кыйналат копчулугу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   Royal55   22 Сентябрь 2018 - 18:38

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 211
  • Катталган: 30 Октябрь 17
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2020 13:18

Ал созго иниси аралашып:-Аке, чынын айтсам,булардын баарына сиз куноолуусуз. Адегенде женеме башында туурасын эле айтып,тоодо жашайбыз деп албайт белениз?.Женемдики да туура.Сизди Ошто жашайт экен деп ишенип келди да азыр.Чын эле бул жакта жашаарынызды айтканынызда бакача жол тутаар беле дейм да?
Куйоом жини келе:-Апа билбейт дебей,уйротунуз. мен апкелсем эле балээ бекен.Уйротуп алчу,жумшап алчу озунуз.Мен аялдын кайсы жумушун уйрото алам.Негизи менин алган аялдарым экоо тен жакшы.Силердин шартынарга конуп жашап атканына шугур дегиле.Мен лично буга(мени корсотуп)чоон рахматымды айтам.Рахмат сага деди.Озумчо бул создорго ээрип кеттимби,же энемдин создоруно тээриктимби? айтоор ыйлаган бойдон сыртка чыгып кеттим.Чын эле жакшы болом деп атып,эмне болдум.Союлган манжаларымды карап,бозала койногумду карап арданып да ыйладым.Куйоом артымдан келип сооротуп атты.Иниси келип:-Апам ыйлап атат барып сооротпойсунбу дейт.Азыр барам деп нары бери чуркап бизди конулубузду алып атты.Бети колду жууп уйго кирдим.Отурсам Азамат келип:-Журу сыртка айланып келебиз.,конулубузду которуп дейт.Конулдонбой атып,аран кондум.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   Merelisha   22 Сентябрь 2018 - 19:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 430
  • Катталган: 29 Июль 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 11:13
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош&Жалал-Абад

Анан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   Royal55   22 Сентябрь 2018 - 21:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 211
  • Катталган: 30 Октябрь 17
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2020 13:18

Сыртка чыксак,тун кирип калыптыр.Жанында сатылчуу уй бар экен.Анда эч ким жашабайт.Ачык. Кол чыракты алып чон жолго чыктык.Бардык да ошол ээн жаткан уйду кирип, коруп чыктык.Эшик шамал, суук.Ылдыйлап кыйла жол журдук,ээрчишип алып.Баягы эки аялым тен жакшы деген созу негедир жакпады.Балким ичимден кызгануу болгондур.Рахматын алганым мн мурдагы аялын дале жактырсачы. Бала эле себеп болбосо,байкатпай сагынып журбосун.-дедим да.Азаматка: -Азамат,билесинби? Азыр,онуккон доордо жашап атабыз.Баарын колдон келишинче жасаса болот.Балким, сен мурдагы аялын мн жарашып,Эко кылдыраарсынар. Казакстанда жакшы кылат деп уктум.Натыйжалуу дагы болот экен.Жок дебесен ошентчи.Балким экоонор жашасанар жакшы болоор.Эгер ал аял сага жок десе,суранып, жалынып болсо да сага кондуруп берейин,макулсунбу- дедим айласыздан.
:-Жинди болбочу,кайдагыны айтып.Ошол Эко мусулман адамга болбойт экен.Китепте айтылган.Эгер аялынар болбосо же торобосо алмаштыргыла деп айткан(Анык эстей албадым Ушуну эстеп калыпмын.)Мен алмаштырдым. Аллазтын буйругу.Жакшы кундорду откоруп атабыз.Мен бещ жыл бою балалуу болбой журдум.Бул убакыт ичинде эмнелер гана болбодум.Аялым боюнда болгон кезде,ээрчишип алып сейилдесем дечумун.Максаттарыма чекеден жетип келатам.Мен балалуу болбой жургондо сен жоолугуп,сенин артын мн балалуу болгон атам.Мага бербеди эле.Сенин кайсы бир сапатын Аллахка жаккан учун,сенин артындан ушу кунду коруп аткандырмын. Бул созду башка кайталаба.Мен балалуу болууну гага кутуп журом деп созун бутурду.Башка суйлошкон жокпуз.Кайта уйго кайттык.Кайтаарыбызда уй тараптан,улбулдогон жарык куйуп турду.Дароо жетип бардык.Кайним мн энем туруптур жолдо.
:-Ии,келдинби анан?деди тушунгон жокмун.эч кайда деле кетпедим эле гоо деп.Артымдан келаткан Азаматка
:-Ии качып кетип баратыптырбы? Кылгылыкты кылып алып,тундо кайда жонойт имиш?Таап келдинби анан?деп кыйкырып атат.
:-Жоок,апа,биз жон эле сыртка чыгып, айланып келдик.Келининиз эч нерсе деген жок.
:-Ооба,сага унчуккан жок.Унчукпай коймок беле ал?.Бул создорго ирээнжидим чынында.
:-Азамат,бир тамчы сут учун ушунча болдунарбы, керекпи уйго чалайын бир фляга апкелип беришсин.Силер учун сут мынчалык бааланарын билбептирмин. дедим жиним мн.
:-Койчу,жаным бир жининди мага бер,бул кун да отот деп койду.Ошол ошол болду жан шеригимдин созу даары болуп унуттум ал кезди.Андан кийин куйоо балага он жылдык болуп,кайын синдим экоо Ошко кетишти.Эки баласын бизге таштап.Балдары жапайы.Ананчы мени омурундо биринчи жолу коруп атышса.Тайнесин деле жакшы таанышпайт экен.кичине бир жаштан айырмалары бар.Отто шок.Жардын бойунда жашашкан учун,саартан кечке жар жакты коргомой,тосуп ,карап отуруп ,эсин оойт.Чайларын берип,мультик коюп берем,аны да жон корбой токко бир нерсе сая коюшат.Карап эле жаттым жакшы эле.Ошол куну танга маал туруп,камыр кылып,кир жууп,тушкуго тамак асып койгом.Куйоом иниси экоо жайлоого кетишмек.Ошого даярданып жургом.Жети ай болуп калгам.Чарчандап, ары бери чайпалып ишим арылбайт.Тез чарчап калам.Аны устуно тоодо учун туну мн дем алалбай энтигип чыгам.Ошондо куйоом бас бас деп нары бери бастырат.Ошентип журуп чарчадым.Бир аз эс алайын деп жаткам.Бир маалда балдар ыйлап калды.Энем ансайын аларды урушуп,мен жаткан болмонун эшигин тарсылдатып жабат.Бир азга жаттым.Баланын уну да энемдин куулонгону да кобойуп жатты.Эшикти ачсам кичине баласы ыйлап атыртыр.Алып кирдим да.Койнума катып уктап кетиптирмин. Бир маалда каттуу ундон чочуп кеттим.Энем суйлоп атыптыр.Жаткан жериме кире калып:-Мунун мага жардам кылбай атат.Жарга озум чуркай берип чарчап калдым.Же жардамы жок жатат кечке.Балдар шок деп бышактады.Инисине карап
:-Бул эмне такыр эле каралашпай атабы,Балдарды карабай койдубу?тамагын бербей атабы?-деп жинденди.
:-Жоок,аке,келээри кечке женем ушулар мн алек.Карабай атат дегенден мен алысмын.Карап эле атат.деди.Анан эмнесине нааразысынар?
:-Женем коп уктап атат.Боюнда бар кезде укатабаш керек.Тороор маалга келгенде.кыйналат. Бизде бироо ошентип уктап журуп,тишин жулуп алган озу торой албай-деп бир нерселерди айтып атты.Жиним келди.Уйлонолек жигит учун жарашпай турган соз.Унчукпай отурдум башымды жерге салып.Карасам жок эле нерселерди айтып атат энем.
:-Мунун бизге очошуп,азыракта кулжундап кетип атат.Козун сузуп,тимеле. дагы коп нерсени айтты.иниси: -Апа женем жон эле чыгып кетти гоо.Антпениз жок жерден.Мен да бар элем гоо.Кун сууктугунан курткасын алып,жакшынакай унчукпай чыгып кетти.Аке,эркекче соз женем аны кылган жок.деди.Кудайга шугур,тукра экенимди да айтышат тура дедим ичимден.
:-Чыдабадым. Эне,карап эле атам гоо.Балдар тентек болсо эмне кылайын.Булар мени жайым жургон эмес кечээ коруп бугун мага жабышпайт да.кичуусун эптеп туну мн да карап атам.Эмне кылайын.Мурда кийин бала карап корбосом.Биздеги эн кичинебиз 26 жашта.Мен баланы кантишти эптеп карап атам.Дагы эмне кылайын?.Ооба чарчап калып уктап атам.Кыймылдасам оор келтат.Мага да кыйын болуп атат деп ыйладым.Куйоом эртеси жайлоого кетмек.Кайынсиндиден дарек жок.Он кундо келебиз дешиптир.Он кунго чейин болоорум болуп бутот ко.Тан атты.Озумчо кечээги создор мээмде кайталанып ыйлап алгам.Энем чыга калды жаныма.Аны коруп дагы куч алдым.Уйго кирип эле ыйлап жибердим.Уктап жаткан Азамат ойгонуп кетти.Ал да эсимде жок озум мн озум болуп атыпмын.Эмне болду?-деп эле жаныма келе калды.Эч нерсе жон эле дедим.
:-Чыдап тур,дагы бир жумача.Мен жайлоодон келейин.Карындашым балдарын алып кетсин.Анан экообуз Ошко кетебиз деди.
:-Азыр кетип аткандай суйунуп,дароо жоошуй туштум.

Билдирүүнү түзөткөн: Royal55: 22 Сентябрь 2018 - 21:24

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   Merelisha   22 Сентябрь 2018 - 21:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 430
  • Катталган: 29 Июль 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 11:13
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош&Жалал-Абад

Анан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   Royal55   22 Сентябрь 2018 - 23:29

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 211
  • Катталган: 30 Октябрь 17
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2020 13:18

Чайларын берип бутуп,уйду сен бакпагандан кийин,саабагандан кийин деген создорун эстедим да,чаканы алып уйга жонодум.Азамат саадырбай аткан.Бир нерсе болуп кетпесин деп.Эркекке конуп калган уй,аял кишиге баш бербейт экен.Чарс,коздору алайып жулкунат.Тебет. куйруктары мн ургулайт.Чынында очоштум.Очошконумчо кирип бардым малканага.Музоосун салдым ийдирдим.Жиним келгенге кучум да кобойуп кетиптир.Нары бери тарткылап,байлап койдум да сааганы келгенде корктум.Бирок тобокел кылдым.Эмне болсо ошо болсун дедим да,жакындап бара бердим.Анымды артымдан чыккан кайним байкап калыптыр.А мен байкаган жокмун.Уйду саап кирдим.Кежир мал ээ жаа бербей жулкунат.Бир убакта,колумдагы чаканы тээп,озумду кошо сузуп салгыдай атырылды.Кайним жетип келип,уйду бутун тушап,жоошутканга аракет кылып жатты.Кайненем келатат.Бул эмне кылган атат?Ал уйду нары-деп баласына кыйкырып атат.Эч нерсемес,уйунарды саабай атам,сутун болсо жараксыз кылдым деп,чаканы бербей талаштым.Жинин келгенде акыл кетет деген чын белем,озумду жыйып карасам,бир нерсе болчудаймын. Таштадым да баса бердим.Кыйла кун саайм деп чыктым.Саадырбады. Озум да аянып аткам.Курсагымдагы балага зыяны тийбесин деп.Анткени менден улуу акем апамдын ичинде жатып,уй сузгондон катту жабыркап, чарчап калган экен.Ошодон бери коркчумун.Жолой албай жургом.Озумдон озум нерв болуп бараткандаймын. Кайра озумду баскам.Кайнимдер ишимди жыйынтыктап келип калышкан.Оо мындайдын далайын, баштан откордум гоо.Курсагымдагы бала сегиз айлык болуп калган кезде,кайненемдер кайра келип калышкан Ошко.Ал кезде корпо тошокту эки кишиге гана жетээрлик кылып,уйдон алып келгем.Себим болсо тоодо калган.Кайненем. атам эки баласы келгенде,жеткиралбай кыйналгам.Астыларына бирден тошок.Балыш да бирден.Устулоруно да эптеп жеткирем.Озум болсо жай тарлыгынан босогодо жатам.Мени аттап али анысы али мунусу отот. кош бойлуу болгонума оормун.Астымдагы тошок жукалыгынан танга чейин ооналактайм. Азамат али курткасын,али пальтосун апкелип астыма тошойт.Топчулары отуп же замогу отуп кыйналам.Башымда оз кийимимди туйгон туйунчок андан да каттуу.Кусканым калбай анда санда чуркап аттым сыртка. Кечки куз.Сууктап калган убагы.Уйго печка жагып алганбыз.Кундо Кайненем ич койнокчон,кайнатам майка ,гамажчан,инилери ойдосундо эчнерсе жок,шым же шортик кийип алышат ысышып.Анда бир кысылганымды айтпа.Андан да .Алар бир уй-булоо болгону мн мен кысылып турдум.А мен келинмин да.Мен деле ысыганда женилдегенди жактырам.Уктагым келгенде,кенири оонап жаткым келет.айла жок уйкум келсе балкондо отуруп уктайм.Ээх кайсы бирин айтасын.Ошол учурлар коз алдыма тартылып эстеп отурдум чекеден.Кайсы бири экени так даана эсте жок? эстен кеткис учулар гана калган окшойт.Баламды эмизгенче бир экоосун гана тизмектеп оттум мээмден.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   Royal55   23 Сентябрь 2018 - 00:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 211
  • Катталган: 30 Октябрь 17
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2020 13:18

Жамбашыма откон тошоктон улам уйго барып калганымда, бир тошок ала келдим.Анымды коруп кайненем.уруш кылды.Озуно салат мага жок.деп ыйлактап.Аллахтын жолуна жол кире бер мен кетем дечу.Кайдан да алып келдим дедим ичимде.Кайсы бир чырдан издейин озумдун катамды.Башым ман отурам.Ойлуу отурган мени шаштыра Азамат кирип келди эшиктен.Мына бул этти соннун кылып бышырчы дейт.Болуптур деп. этти маринаддап двуховкага жумшак кылып бышырдым.Ичине баардык майда чуйдону кошуп бышырдым.Энемдин алдына койдум.Эмне дээр экен.Кандай баа берээр экен деген ниетте карап турам.Оозуна салаары мн каттуу экен жебейм деп бурк этип,колундагыны чыныга ыргыта салды.Кундон кунго мындай пейили кулач жайып баратты.Сутко гуруч салыа оокат кылып берем.Ашкабактын турун жасайм.Манты оромо.Аш.баары каттуу.Бирок кайненемден башкасы гана омурумдо биринчи жолу ушундай тамак жешим деп суктанып,мактап дешет эле.Холодец деле кылып кордум жакпады.Акыры эне сиз эмне жейсиз дедим унчукпайт.Бир аз туруп куума атала билесинби?деп калды.Жок эне дээрим мн баласы келип калды иштен.:-Балам мунун тамак билбейт турбайбы?куума аталаны билбей экен дейт.
:-Ал кандай экен уйротун анда дедим.
:-Макул деп газдын жанына келип турду да,бир кашык май ,бир эки кашык ун анан суу.муну куума атала дейт деди.Тушунбой куйоомо карасам.Биз тоолуктар куурма атала ичебиз.Сенин тамактарынды тушунбойбуз деп калды.Чын эле.Тоодо жургондо макаронду сууга чылап оокат кылышчу.Башка прадукты жок.болсо картошка арада болуп калат.Ал да чымчыктын тукумундай келет.Аны аарчыгычан туш оойт.Тоодогу жашоо ошондой коз ирмемдер мн эсте калган.Нанды сууга кылсам,эртеси катып калат.Макарон жегим келбейт.Эт эле жегим келип туруп алгам.Же эт болсочу.Центрге жонотом эт таппадым деп келет.Же чын эле эт жок же акча жок болсо керек.Мен барган жылы койлору эгиздеп сегиздеп жатып калган.Торттон туугандары деле болду.Кыргызда баардык нерсени,келин келгенде анын аягынан дешчуле.Бирок булар койлор толдоду.Эгиздер мн жалан торттон тууду малдарыбыз аягын жакты окшойт дегендей бир жылуу созун укпадым.Ошол торт эгиздин бироо олоору калганда союшту,кипкичине, жалан соок болсо керек.андай жаны туулган козудан эт да чыкпайт чамасы.Шагыраган соок.Ошого да кайыл болуп,суйунуп алгам.Эт жейт экенмин деп.Тоого келгенге бир айдан ашты.Эттин жузун коргон жокмун.Оозумдан кара суум куюлуп ,козум карангылап жатып калам.Карышкыр колуна тушкон олжосуна шилекейи аккандай,мен да шашып бараттым.Картошка мн куурудум этти.Баарына экиден табак тарттым.Кайненем экоозго бир табак.Кайненем алгандан кийин мен бир ооз тийдим да жутаган болбойунчу деп,бир телевизорду тиктеп алып анан алмакчылем. Кайнатам баарыбызга болушуп берген.Мага чон эле эт тийди.Кайсы жери экени мага карангы.Эми жейт экенмин да деееп бир маалда карасам,кайненем озу жакка тартып алып коюптур.Хммм. эмне кылаарымды билбейм.Момпосуйун тарттырган балача томсоруп тамшанып кала бердим.Аябай ичим ачышты.Курсагымда алты айлык бала мн журот элем.Бир кун ошентип жалан майга бышкан макарондон конулум калып,курук нан жеп журдум.Апам берген канфетке табит жок.Туну мн акчалыктан ыйлап чыгам.Аны устуно курсагымдагы бала катып калат.Ичим ооруп тырышып жатып калам.Жакшы оокат болгон кундору уйдогулорго салып берип озум отургучам туготуп коюшат.Ыйлайм. Чын эле ыйлайм.Куйоомо наалып ыйлайм.Сен неге мага алып койбодун.Бугун жегим келди эле деп.:-Жаным менин апам туготуп койду,Кой апа десем уруш чыкчуудай.Унчуга алган жокмун дейт.Коро коро косом болосун дегендей кийин озумо башка алып кое тургаг болуп калдым.Этке дегее талабым куч.Акыры чыдабай апама чалдым.Апооу, мага эки уч мин жонотуп койгулачы банктан деп.Макул деп тез эле салып коюшат.Ал куну жарылгыдай тоюп,колума бир эки пакет ала келем.Албетте кайненени унуткан жокмун ал да бар.Болбосо жанжал болушу турган кеп.Же ал барган жеримдин машинеси болсочу.Айылга бироо жоносо гана барып калбасан почти жокко эсе.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   Merelisha   23 Сентябрь 2018 - 01:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 430
  • Катталган: 29 Июль 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 11:13
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош&Жалал-Абад

анан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   Royal55   23 Сентябрь 2018 - 16:14

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 211
  • Катталган: 30 Октябрь 17
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2020 13:18

Ошентип,бир болмолуу тар жерде копко жашадым.Жашасам да тынчтык
жолу мн болсо кана?Атаганат. Кайненем баласы келээр маалда гана,неберем деп атабаса,кундуз кечке уйку откорот.Суйлобойт дагы.Жуунтам десем,суу куюп бер деп жумшайт дейби?.Мени караап эле жаткан адам, нары карап чумконуп алат.Аппагымды озум эле жуунтам.Колум эп келип калган.Кызымды жуунткан сайын,мени да жуундур деп тополон кылат.Мурда мага тирешсе,эми небересине откон.Кундуз кечке ыйлаак кызымды карайм.Кечкисин куйоом келсе,алардын тамагын берип,баарын уктатып анан тунку ишимди баштайм.Камыр жууруйм,кир жууйм.танкыга кеч калбайын деп тамактын суусун куюп коем.Озумду караганы кол тийбейт,баш жууп,кийимимди ошондо котором.Чачымды айтпай деле койсо болот.Кийиз эле болуп калат.Акыры бир буум кылып кыркып салдым.Жудоп кеттим.Алардын баарын жасагыча кыйла убакыт отот.Тунку эки учто эс алам.Арада кызымды эмизип келип, кетип турам.Баары уйкуда.Кайненем гана менин кирип чыкканымды кузотуп,коздорун жылтыратып жата берет.Нары отсом да,бери отсом да узбой карап жата берет.Озунчо суйлонот.Эмне дейт укпайм деле.Кубуронуп суйлоп жатат.Тун бир убакта,бала эмизгеним учун,курсагым ачып,тамактан жарым кесе ичип алам.Аны коруп турган кайненем,мен да ичем деп чыкты. Мага жарыша,бир эки кесе ичип анан жата турган болду. Танга маал нан бышырып,алдыларына тамактан сундум.Кунуно уч маал тамак.Ыссык нанды сындырып,кайненемин алдына койдум.Чон коздорду мн менин алдымдагы нанды карап атты.Жаны нанды кайнеме сунуп,озум эскисин жеп аткам.Куйоом байкап калдыбы же билбейм.Апасынын алдындагы нан мн менин алдымдагы нанды салыштырып, бирден кармап чыкты да.Ии,жумшак экен ээ апа сиздин алдыныздагы ?дейт.Жумшагын эле бердим гоо деп кала бердим.Чынымдагы тамакты да ошентип,ичип буткучом,бир тамагын ичет,бир менин алдымдагы чыныга коз салат.Менин тамагыма дайыма ошентип коз салып турат.Бир куну баласы,:-Мен кундоле иште аш,манты,шашлык жеп келип атам.Сен бала мененсин,сен тойсон анан бала тоет деп,чынысындагы майда тууралган эттерди мага салып берип атты.Кийинки куну шорпо кылсам, апасына берди да,мага кошо жарымын бкрип атса,коздору мн атып жиберейин деп карап турду.Баласына угузбай,мага карап олугунду коройун ыраны суук деп карганды.Оозун карап эле калыпмын.Колумдан мага берген эти тушуп кетти.Мен жебейм Азамат озун жей бер деп албай койдум.Мажбур берсе да албай койдум.Таарындым. Капаландым.Озумдун уйумдо болгондо мынтип,бир чымчым этке зарыкпайт элем деп ыйладым ичимден.Сыртка чыгарган жокмун ыйымды.Азамат байкаган жок.Жумушуна кетти.Кайненемди жууп,тазалап карасам да,Олугунду коройун,ыраны суук деп карагаганы калбады.Менин атым ал учун:-ЫРАНЫ СУУК.Ызаландым. Тушку такмакты да чогуу иччуубуз.Ошондон кийин чогуу ичпей койдум.Небересин, небере деп эркелетмек тугул.баласына карап;-Мунун наташа эле турбайбы?сапсары болуп,кашын кара,же каш жок,же кирпик жок.Кудайым кааласа.Менин эки балам уйлонсун.Неберелериме бешик алып берем,Оюндун турун алып берем дейт.Жок небереге.Бул эмне тийишип атканыбы?.
:-Эсен аман,акылы жайында,алты саны аман болсо болгону,каш кирпик эч нерсемес,боеп алса болот.Мээни Аллах бутун кылып берсин.Мээни ондой албайбыз.Кашты ондоп кое беребиз-дедим жай гана.Азамат айлык алсан акча берчи,Мен кызыбызга калын кийим алайын дедим.Макул деп колума 1000 сом карматты.
:-Ошто кымбат.сен озун жактан ала келчи,уйуно дагы барып келгенче деди.
:-Макул деп уйго бардым.Кызымды уйдо калтырып,алып келдим алчумду.Шаша- буша чай ичтим да коштошуп келе бердим.Апам алып берген жаны туулганда. Азыр алты айлык болуп калып, кичинекей камизонго батпай калыптыр.Ошого жанысын алдым.Кийгизип алып,уйго келдим.Кирээрим мн кайненеме корсоттум.Кызымдын чонойгонун айтып батпай калбыдыбы деп суйунуп аттым.Чечинттимда жакшыраак корсун деген ойдо,колуна карматтым.Колуна алып,нары бери булгалап корду да,дубал жакка ыргытып жиберди.Дубалга барып жабышыыып,сыдырылып барып жукко тушуп калды.Ан тан болуп катып калдым.Кудум ичинде кызым кошо атып салгандай болуп жаман болдум.Жаман кордум..Жиним келди.Унчукпай алдынан туруп кеттим.Бешиктин ичилигин,тигилген жапкычтарын да,бир катар карап,текшерип чыгат,кире калсам.Колунан ыргытып отуруп калат.Апам байкуш ал бешикти да жон эле мени мн кошо берип жиберген.Бир комнаталуу жерде жашап атсанар деп.Кооп эле нерсе алып берем деген.Озум каерге батырам деп конбой койгом.Кайненемди туугандары, женеси келип,эмне бул бешикти алып келгенде,жеп анан кеттиби,бешик алып келген киши болуп?десе эсим ооп калыптыр.Кайненемдин женеси ошентип суйлоп атат.Апам аай!Байкушум аай.Кылсам сен учун кылып атам деп.Эч нерсени менден умут кылып,кайтаргыла деп кылган жок.Апам байкуш,тойдо да кийин барасынар десе макул деп ошо бойдон уч жыл унчукпай журду.Аны угуп жиним келди.Азамат келгенде,
:-Азамат,менин апам,не десенер ошого конуп макул деп эле келатат.Азыр деле озум эле айтып атам.Наркы жума апамды чакырып чай берип коелу.Эч кимди чакырууга кучун жетпесе апам озуле келет.Апам бирок,эч качан куру кол келбейт.Озунун прадуктасын озу которуп келет.Болду Силерди куттум бироонун оозунан чыкпайт.Силер уялбасанар мен уялып атам.Чакырабыз дедим.
:-Макул ошентели деп калды.Кийин апасы мн суйлошушту. Эмне дешкенин билбейм.Наркы жума эмес,андай жумадан уч жума отсо да,чакыралы деген соз болгон жок. Апа сизди конокко чакырабыз деп айтып коюпмун.Канча кун отту арадан,айтып алып уялдым. Бир кун Азамат жумушунан келип,Апанды чакыралыбыыы эмне кылалы? дейт.
:-Ооба.Канча жума откондон кийинби.Тоо сойчудан бетер,бир айга жакын ойлондун гоо.Чакырбай эле кой эми.дедим.Капаландым. Анан эмне?Турмушка чыксам да,бир гана апамды да сыйлап коюшпай койсо.Туугандарым качан мейман кыласын?Качан тоонун сары майын жейбиз.Тоодо эттен тажасан керек ээ?-дешет.Ооба майга,этке тоюп атам.деп коем мыйыгымдан. Эххее.Май эмес,башканы да ыраа корушподу мага.

Билдирүүнү түзөткөн: Royal55: 23 Сентябрь 2018 - 16:27

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   Royal55   23 Сентябрь 2018 - 16:54

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 211
  • Катталган: 30 Октябрь 17
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2020 13:18

Кайненемдин эжелери,кошуна колон,акеси баары келип кетип турушту,беш алтоодон.Кээ бири жатып да калат.Андайда Азаматты айтам
:-Бирээр бир досундунбу, аяш атандынбы ,уйундо туноп келчи.Жер тар батпайсын дечумун.Кайненемдин эжелери акеси келген маалда,куйоом эт май,кок чоптон бери которуп ишинен чыгып ташиап кетет.Баарына тамагымды берип узатам.Азамат келип,ким эмне деди.мен аларга кантип жооп бердим,Кандай мамиле жасадым сурап калды.Дайымгыдай жакшы узаттым.Кайненемди таза жууп,Тамагын берип,таптаза шейшепке жаткырып,карап атканыма Акеси эжеси разматын айтышты.Акеси Карындашым деп соз баштап калды.
:-Ушул келин бар экен,Аллахка чексиз шугур кыл.Таптаза жууп карап атат.Сенин мындай ак шепшепте жатканыны коруп алып,чынында ыйлагым келди.Келинге ичим жылыды.Ырахмат сага балам.Баландын урматын коргун деп батаа кылды.Эжелери да бир ооздон рахматын айтып,инисине кошулуп атышты.Ошол кезде Тажикстандан келген эжеси,мен синдимдин жанында калам деп туноп калды.Уч кун журду.Ал кун ичинде эки кемпирди карап,баланы кошо карап калам.Азамат кундуз келип кетпесе,эже кеткиче башка жакта туноп журду.Эже да тушунгон аял экен.Баламды колуна алып,ишинди кыла бер балам,мен синдим мн суйлошкончо карап турам дейт.Иий эне,деп алып,эне эле дейин сизди,келгениниз жакшы болду эне.Мага кыйла жардам кылып атасыз.Акыл насаат айтасыз деп кубандым.Али кеткичем сага кооп нерсе уйротом.Алдей айтканды уйротом.Тигини, муну деп коп нерсени айтты.Мен да суйунуп алгам.Жакшы анча чарчоо жок.Кээде баланы ыйлаганда гана бербесе, карап отурат.Иштин далайын бутуруп алам.Кечки жатаар маалга келгенде.
:-Аай.балам,эмнеле чупулдап атат десем,жанына алып эмизип аткан турбайсынбы? Устунду жап кызым.Эртен мн турганда,баары жогун талыкшып ооруп калат болбосо-деп кымтылап анан жатат.Энелеп мен да чарк айланам.Кетип атканда чын эле ичим ачышты.Энее, кетпей эле коюнузчу,синдиниздин алдында,дагы бир аз журсонуз жакшы болот эле.Чын эле сизге конуп алыпмын.Энее калынызчы дагы дейм мунайып.
:-Жоок,балам, мени чалым,балдарым анан да 32 неберем кутуп атат алыста.Келиндериме масилет мн иш уйротуп азыр жаман уйронушуптур. Эне келсен экен,аны эмне кылалы,муну эмне кылалы деп шайлары кетип атат.Чалым байкуш менсиз куну отпойт.Кобурашып отурганга да адам керек экен каарыганда. Суйончун,тирегин чалын болуп калат турбайбы-деп жылмайды.
:-А сага болсо балам,чон рахматымды айтам.Энен мн баланды жакшы карап отур.Меймандос, кичипейил жакшы келин экенсин.Дагы жолукканда сага кооп нерсе уйротом деп коштошуп кетти.Кайнене болсо ушундай болсо ээ,келиндерине жыргал турбайбы?дедим озунчо.Чын эле,чондордун Кайнене коргон келин,кайнене корбогон келин дегенинде чоон маани бар экенин тушундум.Анткени мен чын эле апамдын тарбиясын алганым мн андан бери озгоргонум жок.Апам да мыкты аял.Мага баарын уйротту.Бирок турмушка чыккандан кийин да озгоруу болуш керек экен.А менде эч нерсе.Уч кундук коноктон кыйла акыл уйрондум.Бирок менин да кайненем ушинтип акыл уйротсо,мындан да башкача(акылдуураак дегеним)Мындан да корогоч,жашоого бышкан адамдай болоор белем?кииим билет?.Ушул ойлор мн журдум кечке чейин.

Билдирүүнү түзөткөн: Royal55: 23 Сентябрь 2018 - 16:59

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   Sonra.94   23 Сентябрь 2018 - 17:30

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 65
  • Катталган: 26 Июль 18
  • Соңку аракети: 07 Окт 2018 14:11

анан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (18 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июл 2025 00:19

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: