Суперстан: Жан дүйнө менен күрөшүү. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жан дүйнө менен күрөшүү. Мени түшүнүү оор, жадагалса өзүмдү-өзүм түшүнө албайм. Оор тагдыр.

#1 Пользователь офлайн   TheBlueBoy   30 Сентябрь 2018 - 00:17

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 9
  • Катталган: 23 Сентябрь 18
  • Соңку аракети: 01 Дек 2018 23:47

Бир келген жашоодо ар бир адам сүйүп, ошол эле убакта сүйүлгүсү келет эмеспи. Бул кээ бирлерине абдан жеңил болсо, башкалары үчүн абдан татаал. Ушунчалык татаал дейсиң, жердин жети кат тозогуна түшүп, шамалына сапырылып, чаңы менен кошо көккө учкандай болосуң. Акыркы күндөрү мына ушуну көп ойлончу болдум, мурун жаркылдаган, жашоонун ар бир кырдаалынан бир гана жакшы жакшы учурларды тапкан, тамашакөй жигит болсом, азыр таптакыр башка адамга айландым. Түнтмүн, бир жерди эле тиктеп, ойлонуп отурмай адатым пайда болду. Ойлордун баарын чылым менен ичимдик жеңет дедимби, айтор, акыркы күндөрү буларга да катуу байланчу болдум. Баяндала турчу окуям кечээ, былтыр, же 10 жыл мурун башталган окуя эмес. Ал нерсе мен жарык дүйнөгө келгенимде эле башталган, мени менен кошо дем алып, мени менен кошо көзүн ачкан десем туура болоттур. ]Кээде туруп: «Неге мен? Айланамда миллиарддаган адамдар турса да, мени неге тандадың?! »- деп да Жаратканды жемелейм, ыйлайм, кайра туруп «Кандай гана болбосун, жашоодон ырыхат алышым керек» дейм, акыры «тагдыр» деп, баш ийип, макул болуудан башка айла таппай калат экенсиң. Күндүзү күлүп, күлдүрүп, шайыр жүргөн адамдар, түнкүсүн нечендеген ойлордун кемеси менен алыскы өлкөлөргө, кошуна галактикаларга чейин сүзүп барарын башкалар билсе гана?! Эс тартканымдан бери күн сайын, керек болсо мүнөт сайын өзүм менен өзүм күрөшүп келем. Башы оорубагандын кудай менен иши жок дегендей, көбүнчөңөр мага көңүл деле бөлбөйттүрсүңөр, же жээрип, жамандап, оозго алгыс сөздөрдү айтып эле басып жатып каларсыңар, бирок мени колдоп, менин абалымды толук түшүнгөн адамдардын да бар экенине толук ишенем. Көптөн бери ичтеги ойлорумдун баарын бирөөнө төккүм келет, бирок алар жөнөкөй ойлор эмес, жана да катардагы бирөөнө да төгө турчу ойлордон эмес, керек болсо жакын досума да төгө албайм. Досумду мындай эле коёюн, бир туугандарыма айта албагандын кийин, канчалык деңгээлде баалуу экенин билип жатасыңар да. Ошондуктан отуруп, ойлорумду, жан дүйнөмдүн абалын канымды сыя кылып, ак баракка калтыруууну чечтим. Менин жомогум бүтөрү менен, дарактардын жалбырагы түшүп бүтөт, менин өмүр дарагым жалбыраксыз, а бул дүйнө менсиз калат...

Билдирүүнү түзөткөн: TheBlueBoy: 30 Сентябрь 2018 - 00:17

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Merelisha   30 Сентябрь 2018 - 00:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 430
  • Катталган: 29 Июль 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 11:13
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош&Жалал-Абад

Анан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Tansuluu09   30 Сентябрь 2018 - 00:28

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 263
  • Катталган: 07 Март 16
  • Соңку аракети: 02 Авг 2025 19:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кадамжай

:гезит: Нигинизге козум тушкондон бээри бир кызыгып, бир таныркап , озумчо ойлонуп калган элем.
Ото катуу депрессияга кабылыпсыз. ..
Окуянызды аягына чейин жазынызчы..

Билдирүүнү түзөткөн: Tansuluu09: 30 Сентябрь 2018 - 00:34

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   izdeim_seni   30 Сентябрь 2018 - 11:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 993
  • Катталган: 10 Август 15
  • Соңку аракети: 25 Фев 2022 19:25
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Кереметтүү аппак Ала-Тоо!

Өтө жакшы жазылып баштаптыр. Улантыңыз автор
Ал мени итсиң деди.
-Итмин- дедим...
Тек гана терикпестен күлүп туруп.
Не кылам жаман айтып жаакташып.
Мен анын ит экенин билип туруп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   bikusim   30 Сентябрь 2018 - 14:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 492
  • Катталган: 21 Январь 15
  • Соңку аракети: 22 Фев 2022 21:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Кутуудобуз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   TheBlueBoy   30 Сентябрь 2018 - 15:54

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 9
  • Катталган: 23 Сентябрь 18
  • Соңку аракети: 01 Дек 2018 23:47

Уландысы.

2.

*** <Сүйгөн адамыңды коомчулуктун көзүнчө махабат толгон көз караш менен карай албоо, каалаган убагыңда кучактай албоо, коштошуп жатканда ушунчалык өпкүң келсе да, өөп жытын жыттай албоо кандай сезим экендигин билесиңби? <Өзүң каалаганды кийип, каалагандай жүрүп, жүрөккө жаккан адамыңды жактыра албай, ар күнү катардагы бет капты кийип, коомчулуктун жазылбаган эрежелери боюнча жашоону кандай экенин жакшы билем. А түгүл жогорудагы нерселерди күндө кылам. Кийинки убактарда тажадым, сабырым түгөнүп барат. Бирок, бир эле нерсе бар - коомчулук мени кабыл ала албайт. Өзүм Ош шаарында, союз кулагандан кийин 6 жыл өтүп анан жарык дүйнөгө келгем. Эки эжем, бир карындашым бар. Келечекте үй салыш керек, мал күтүш керек деген сындуу көйгөйлөр болбойт. Ата-энем эл адамы. Айтор, окуу-жайды бүткөндөн тартып шаардык оорканада иштешет. Быйыл буюрса 30 жыл болот.Атам абдан көп иччү. Азыр атамды толук жакшы көрө албагандым ушундан улам болсо керек. Ичип келип тынч жатып калса да эмне, ойду омкоруп, тоону томкоруп келгенсип келип алып кыйын болуп, апамды башка-көзгө койгулап эле жатып калчу. Ичкенине деле каршы эмесмин, бирок ар нерсе чеги менен болот да. Ошентип, балалык чагым коркуунун алдында өттү. Улуу эжемдин да тагдыры ийгиликтүү болбоду, бир кыздуу болгондон кийин ажырашып келип, үңкүйүп үйдө отуруп калды. Кийин жакшы жашоону үмүт кылып, өз бакытын издеп Турцияга да барып, багы ачылбай кайра келди. Ал үчүн да ата-энем кер-мур айтышып, болбогон нерсеге уруша турган болушту. Эх, ата-эненин мамилеси балдарга кандай таасир тийгизерин ар бирибиз билгенде, балким чүрпөлөрүздүн көзүнчө аз урушуп, көп сүйүп, бири-бирибизди жакшылап сыйлап калат белек, ким билет?...Акыры, 6-классты бүтүп, мектепти котордум, жаңы мектеп, жаңы мүмкүнчүлүктөр, жаңы адамдар, жаңы максаттар дегендей. Жеке мектеп болчу, ошого жараша акысы да жогору болчу. Бирок ошого чыдап ата-энем окутту. Ал жерден көптөгөн досторду таптым. Ал досторум туугандардан да ашып өттү. Жаратканга шүгүр, мени акыреттик досторго жолуктурганына. Тилекке каршы, жашоомду өзгөрткөн окуя да 10-класста, ошол жерде болуп өттү. Кеч күз. Акырындан адамдар калың кийимдерине өтүп, оор жаган жамгыр элди үйлөрүнөн чыгарбай кармап жатты. Орус адабияты сабагы болчу, дагы бир улуу чыгарманын көркөм тасмасын көрүп жатканбыз. Кичинемден эле киного жок болгондуктан эң акыркы партага барып, уктоону чечтим. Караңгы кылып алайын деп, башыма курткамды жаап алгам, бир кезде бир досум келип, жаныма отуруп, ал-абалымды сурады. Тасма жакпай жаткандыгын, уйкусу келгендигин айтып ал да партага башын төшөдү. Жакшыле көзүм илинип баратты, бир кезде бетиме досумдун деминин жакындаганын сездим, андан кийин өз эриндеримде анын алоолонгон эриндерин сездим...

Билдирүүнү түзөткөн: TheBlueBoy: 30 Сентябрь 2018 - 15:58

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Begai_kg   30 Сентябрь 2018 - 16:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 318
  • Катталган: 20 Апрель 13
  • Соңку аракети: 24 Янв 2022 12:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары Жалал абад

Аии олду го эми
Salam baaryna
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   karakoz2017   30 Сентябрь 2018 - 17:59

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 181
  • Катталган: 31 Май 17
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 18:34
  • Жынысы:Аялзаты

Нигин эле оозду ачырат го
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Merelisha   30 Сентябрь 2018 - 18:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 430
  • Катталган: 29 Июль 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 11:13
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош&Жалал-Абад

Башынан эле сезгем ... Тагдыры оор экени билинип турат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   SARMAT   30 Сентябрь 2018 - 18:25

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 243
  • Катталган: 27 Январь 11
  • Соңку аракети: 06 Фев 2025 08:11
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

тозоктун чогу бул жалган дуйнодогу алоолоп куйуп жаткан оттон 60 эсе кучтуу болот кайдагы суйууну деп тозок отуна туштум деп калп айтпаныз !!!!

happiness
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Asoni   30 Сентябрь 2018 - 18:34

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 142
  • Катталган: 12 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 17 Июн 2023 15:10
  • Жынысы:Аялзаты

Жазбай деле койсоң болот,нигиң өзү эле айтып турат.Ар бир адам өз сезимдери менен күрөшүүгө кудурети жетет демекчимин. Айла жок дегендин өзү болбойт деп эсептейм.Айтышат го акыры:"Побеждает в этой жизни только тот,кто победил сам себя...тот,кто победил свой страх,свою лень и свою неуверенность" .Баары өз колуңда.
Дайыма жакшы нерселерди гана ойлонуу......
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   n.nurzina   30 Сентябрь 2018 - 18:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 882
  • Катталган: 23 Март 18
  • Соңку аракети: 20 Фев 2022 19:12
  • Жынысы:Аялзаты

Кызыгып окуп баштадым эле,биягы олдуго)).
Асони эже айткандай баары оз колунда. Нигине жакшы конул бурбайле окуп баштадымле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   SARMAT   30 Сентябрь 2018 - 18:48

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 243
  • Катталган: 27 Январь 11
  • Соңку аракети: 06 Фев 2025 08:11
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

эркектерге ургаачы жин киргенде ушул абалга салат жаман жолду коп бассан керек карангыда мусор кул пул тогулгон жер дарактардын тубундо айтоор сен андан коро мечитке баргынындагы жин чыгарган чон дамлага барып арызынды айт буйруса баары жакшы болот бул жака келип арманынды и кантип ырахат алганынды жазбай биздин козго мазол болбой ошол жака кайрыл иним

happiness
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   crazyloop   30 Сентябрь 2018 - 19:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 961
  • Катталган: 28 Март 17
  • Соңку аракети: 15 Июл 2020 23:48
  • Жынысы:Белгисиз

Автор, бул чынбы же ойдон чыгарылган чыгармабы? Аябай жакшы жазыпсыз, ишенуу кыйыныраак. ..
Эгер, чын болсо, жомогум бутуп, бул дуйно менсиз калат дебениз эч качан. Улантыныз, уланта албасаныз, эч кимге айталбай кыйналып атсаныз, мага купуяга жонотуп кое бериниз. Мен учун турдуу тагдырларды окуу кызыктуу. Мумкун кенеш да берем, эгер кааласаныз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   TheBlueBoy   30 Сентябрь 2018 - 20:03

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 9
  • Катталган: 23 Сентябрь 18
  • Соңку аракети: 01 Дек 2018 23:47

Кутман кеч, достор! Рахмат, ушуга чейин чыдап окуганынарга. Мындан аркысын да уланта берем. Бул башталышы гана. Купуя каттарынарга да жооптун баарын ушул жерден аласынар. Бул нерсеге кайдыгер карабаныз, себеби сизге да байланыштуу болуусу толук мумкун. окуянын уланышын кааласанар, "+" белгисин калтырыныздар.


Анан да сураныч, "көзүңөргө мозоль" болуп, силерди жийиркентип жатсам, окубайле коюңуздар! !!!!

Баардыгыңыздарга бакыт.

P.S: Окуя 100% чындыкты камтыбайт.

Билдирүүнү түзөткөн: TheBlueBoy: 30 Сентябрь 2018 - 20:06

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   nur85   30 Сентябрь 2018 - 20:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 24 Январь 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:39
  • Жынысы:Белгисиз

+ белгисин го коём дечи. Бирок Фрунзе байкең келсе бачагыңды чыгарат. Анан мени да жөн койбойт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Tansuluu09   30 Сентябрь 2018 - 20:09

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 263
  • Катталган: 07 Март 16
  • Соңку аракети: 02 Авг 2025 19:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кадамжай

Уулант окуянды , калпты кошпой болгонун болгондой жаз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Save_me   30 Сентябрь 2018 - 20:14

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 94
  • Катталган: 10 Август 16
  • Соңку аракети: 29 Апр 2020 19:02
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Мальдиви

Бул сенин тандоон же каалоон эмес.Бул сага табият тарабынан ыроолонгон озгочолук. Сен кандай болсон ошону кабыл ал. Жан-дуйнонду жону жок жемелей бербе. Бул сага оору алып келет. Медициналык жактан нормалдуу эркектерде 43 хромосома болсо генинде, гомосексуалдарда же 43 төн 1 хромосома ашык же кем болот. Бул гендин туура эмес калыптануусу делет. Угушумча эгерде аялзаты 32 жаштан ашып торосо, жана саламаттыгында койгой жаралып убагында текшерилбесе кош бойлуу кезде ушундай озгоруулор болот экен туйулдукто. Ал эми диний жактан алып караганда ургаачы жин кирип кеткен деп далилдешет. Бирок бул цбакка чейин бул койгойду медицина дагы, молдон дагы чече алган эмес. Ошондуктан ийгиликти багындырууга аракет жаса.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Albinoc.piratium   30 Сентябрь 2018 - 20:20

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 194
  • Катталган: 23 Ноябрь 17
  • Соңку аракети: 06 Фев 2025 15:49

Просмотр сообщения nur85 (30 Сентябрь 2018 - 20:05) жазган:


+ белгисин го коём дечи. Бирок Фрунзе байкең келсе бачагыңды чыгарат. Анан мени да жөн койбойт.


Ой ичим эзилип калды. Фрунзе аттуу форумчу легенда болуп калды мен учун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   n.nurzina   30 Сентябрь 2018 - 23:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 882
  • Катталган: 23 Март 18
  • Соңку аракети: 20 Фев 2022 19:12
  • Жынысы:Аялзаты

))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 7 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 7, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 05 Авг 2025 03:36

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: