Суперстан: Атеистминби ..... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (13 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 11
  • 12
  • 13
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Атеистминби ..... жардам керек

#241 Пользователь офлайн   no.comment   10 Август 2018 - 01:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 375
  • Катталган: 19 Апрель 13
  • Соңку аракети: 31 Авг 2020 23:51
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Frunze2 (09 Август 2018 - 23:41) жазган:

Башка динде кандай жазылды экен кызык?... Анткени бир эле Курандан мисал келтируу туура эмес го менимче...

Мусулмандар башка дин китептерин окууну, алар менен эсептешууну каалабаган сынары, бир еврей, бир индус, бир тибеттик, бир цыган, бир индеец, бир австралиялык абориген, бир католик, бир православ мусулмандардын Куран китебин ачып кароого, окууга кызыкдар эмес...

Алардын "чындыгы" кандай болду экен?!!


Башка динде да, ислам дининде да бир эле нерсе жазылган..

Куран окубаган башка дин окулдору эмне кылса, оздору учун гана кылат..

Алардын "чындыгы" мындай болду:

"Чындыгында" , бир Кудайга жана Кыямат кунуно ишенген жана жакшы иштерди кылган мусулмандар, иудейлер, христиандар жана башка дин окулдору бардыгы Аллахтын коргоосунда болот жана алар кайгырышпайт.
..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#242 Пользователь офлайн   Frunze2   10 Август 2018 - 02:22

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 412
  • Катталган: 24 Июнь 18
  • Соңку аракети: 06 Апр 2019 00:50

Чынында окшоштугунан карама-каршылыктары коп башка диндер менен исламдын...

Баса, бирин келип исламдан башка динди Алла Таала тааныбайт деп кетти, сен келип палан-тукун диндегилер Алланын коргоосунда болот деп кеттин...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#243 Пользователь офлайн   no.comment   10 Август 2018 - 02:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 375
  • Катталган: 19 Апрель 13
  • Соңку аракети: 31 Авг 2020 23:51
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Frunze2 (10 Август 2018 - 02:22) жазган:

Чынында окшоштугунан карама-каршылыктары коп башка диндер менен исламдын...

Баса, бирин келип исламдан башка динди Алла Таала тааныбайт деп кетти, сен келип палан-тукун диндегилер Алланын коргоосунда болот деп кеттин...


Чынында, эн туп нускасында копчулугу окшош, баары бир Кудайдан келген.. андан сон гана адамдардын жеке каалоосуна ылайыкташтырылып отуруп ушул корунушко жетти.

Ар бир создун, ар бир аяттын, терен маанилери бар, сыртынан бири-бирине карама-каршы келгенге окшогон создордун тупкуру бир эле маанини берет.. Анын баарын чечмелеп,сизге тушундуруп берген кундо деле, сиз учун анын канчалык денгээлде пайдасы же кызыгы бар билбейм..

Билдирүүнү түзөткөн: no.comment: 10 Август 2018 - 02:35

..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#244 Пользователь офлайн   sister   10 Август 2018 - 12:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 000
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2020 01:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Frunze2 (10 Август 2018 - 00:41) жазган:

Башка динде кандай жазылды экен кызык?... Анткени бир эле Курандан мисал келтируу туура эмес го менимче...

Мусулмандар башка дин китептерин окууну, алар менен эсептешууну каалабаган сынары, бир еврей, бир индус, бир тибеттик, бир цыган, бир индеец, бир австралиялык абориген, бир католик, бир православ мусулмандардын Куран китебин ачып кароого, окууга кызыкдар эмес...

Алардын "чындыгы" кандай болду экен?!!

Мусулман эмес адамга исламдан далил келтируу, сиз туура байкагандай, в пустую: Аллахка ишенбеген адам Аллахтын созуно ишенмек беле?! Баарыбыз Кудайга ишенебиз, атеист дагы тээ подсознаниесинде Кудайга ишеними бар, анткени биз ошол ишеним менен торолобуз, болгону ошол ишенимди орчутуу керек - акыл эсти иштетип Кудай бар экенине далил издеп. Адам озуно Кудай бар экенин далилдебесе, башка бироого далилдей албайт. Акыда ушундан башталат, ушул жерден анан адашуулар башталат, анткени акыданы табуу учун акылды иштетиш керек, а ар бир адамдын акыл денгээли ар башка. Анан динге ( исламга) акыл менен келген жакшы - акыл менен Кудай бар экенине жетип, " кайдан келдин, эмне учун келдин жана кайда барам?" - деген суроолорго туура жооп тапсанар( исламдын акыдасы ушул уч суроого канааттандырган жооп берет) ким экенинерди тушуносунор

brother
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#245 Пользователь офлайн   Адам   12 Август 2018 - 16:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 646
  • Катталган: 26 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 31 Май 2024 03:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жер эне

Мындан беш жылдай мурун ачкан темамды Суперстандан көп жолу издеп, акыры таптым окшойт. Эмнеге админдер эки башка багыттагы теманы бириктирип салганын түшүнбөдүм.


Атеист менен динсиздин ортосунда чоң айырма бар: атеист эч кайсы динге ишенбеген адам болсо, мен ачкан динсиздик темасы кудайга ишенген, бирок эч кайсы диндин эрежелерине баш ийгиси келбеген адам жөнүндө сөз козголгон болчу. Ошондуктан кичи пейилдикке менин темамды кайра өзүнчө бутакка бөлүп койсо, ошол багытта талкуумду улантсамбы деп тургам.
Өзүң бол
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#246 Пользователь офлайн   Frunze2   12 Август 2018 - 17:58

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 412
  • Катталган: 24 Июнь 18
  • Соңку аракети: 06 Апр 2019 00:50

Жаны тема ачып ал да. Хотя убагында кызыктуу талкуу болгон корунот, мен окуп чыкпадым ачыгы...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#247 Пользователь офлайн   Bluetooth   12 Август 2018 - 19:02

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 60
  • Катталган: 01 Август 18
  • Соңку аракети: 19 Июн 2020 08:32
  • Жынысы:Белгисиз

Менде да коп ой-толгоолор, суроолор бар. Ушул болумго темаларды ачсамбы деп журом.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#248 Пользователь офлайн   Адам   12 Август 2018 - 19:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 646
  • Катталган: 26 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 31 Май 2024 03:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жер эне

Просмотр сообщения Frunze2 (12 Август 2018 - 17:58) жазган:

Жаны тема ачып ал да. Хотя убагында кызыктуу талкуу болгон корунот, мен окуп чыкпадым ачыгы...


Кайра бириктирип салсачы Сүрөт



Өзүң бол
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#249 Пользователь офлайн   Meruet84   17 Август 2018 - 15:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Чубак ажы Жалиловдун
Динге сый менен кел,болбосо ый менен келесин
деген создорун окуп ,акылым жетпесе да талдап ,оз ара акылыма салып кордум.Бир окушта жонокой гана создор жаткан менен мааниси ат которгус создор экенин андадым....... Айланамда болгон жана болуп жаткан жакшы да жаман да койгойлор менен салыштыра кеттим да ,капа боло туштум .Анткени канчаларыбыздын кийимибиз бутун ,баары жетиштуу акча бар ,жакындарыбыз жаныбызда озумун алты саным аман,бизге дагы эмне керек деп,ушул боюнча отуп кетчудой журот экенбиз ....Бирок ушул нерселерден бироону гана бизден Аллах Таала тартып койсо ,ошондо гана Аллах Таалага ибадат кылууга шашылып калат экенбиз.....

Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 17 Август 2018 - 15:24

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#250 Пользователь офлайн   Tansuluu09   30 Сентябрь 2018 - 08:17

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 262
  • Катталган: 07 Март 16
  • Соңку аракети: Кечээ, 17:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кадамжай

Бир атеист жонундо уламыш окудум .
Кызыктуу уламыш экен *) бир эле атеисттер эмес, башка диндеги адамдарды дагы ойлонто коёт экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#251 Пользователь офлайн   Tansuluu09   30 Сентябрь 2018 - 08:47

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 262
  • Катталган: 07 Март 16
  • Соңку аракети: Кечээ, 17:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кадамжай

Байыркы замандарда, мындан бир мин жылдан ашуун замандарда, озун атеист санаган бир жигит жашаган экен. Ошол убактардагы тартышууларда бардык диний кызматкерлерди женип чыккан бир Улуу Атеист жонундо имиштер бар эле. Жаш улан, ошол Улуу Атеисти таап, анын шакирти болгусу келди. Узак саякаттардан кийин , ушул Жерде Улуу Атеист жашайт деп, корсотушкон чатырдын жанына келип токтоду. Эшигин тыкылдатса , карыя кишинин уну чыкты:
- Карангы тундо темселеген ким?
- Мен, Улуу Атеистти издеп журдум эле. Анын шакирти болгум келет,-деди жигит.
Карыя уйуно киргизип, жигитти сурай баштады:
- Менден эмнени уйронгун келет? -деп биринчи суроосун узатты.
- Диний кызматкерлер менен тартышып жана аларга карама каршылык корсотконду уйронгум келет. Мен, Кудайга да,жандуйного да, Акыретке да ишенбеймин. Бирок, тартыша келгенде мага аргумент жетпей жатпайбы.
- А эмне себептен ишенбейсин? -деп , сурады карыя.
- Мунун баары келжир кеп!- деп, кызуу кандуу суйлоду жигит. -Алар жок да!
- Куран же Библияны окудун беле?
- Мен атеистминда! Арийне , окуган жокмун! - деп , мактана суйлоду жигит.
- А диний кызматкерлер менен суйлошуп кордун беле?
- Дагы суйлошо элекмин, мен ошолор менен тартышканды уйронойун деп , сизге келдим.
- Клиникалык олум тууралуу эмне билесин?
- Азырынча - эч нерсе.
- Жанынды дененден чыгарып кордун беле?
- Жок, Ал мумкунбу?
- Бул дуйного эчен жолу келгенбиз деген адамдар менен суйлошуп кордун беле ?
- Андай адамдарды кезиктире элекмин.
- Дегеле реинкарнация жонундо эмне билесин?
- Мен адай созду билбейт экенмин.
- Андай болсо, сен атеист эмессин,-деп , созду жыйынтыктады карыя. Мени менен сенин ишин жок экен.
- Анда мен киммин?-деп , тан калды жигит.- Мен эч нерсеге ишенбейминда!
- Сен, жонокой эле наадансын, -деп , аянычтуу ушкурду Улуу Атеист.





Бир нерсени толук окуп чыкмайын , биз эч ким эмеспиз.
Талашып тартышуу учун коп нерселерди изилдеп, ар бирини кылдаттык менен текшерип корушубуз керек.
Бир эле нерсени окуп жыйынтык чыгарып албай.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#252 Пользователь офлайн   Frunze2   02 Октябрь 2018 - 22:31

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 412
  • Катталган: 24 Июнь 18
  • Соңку аракети: 06 Апр 2019 00:50

Просмотр сообщения Tansuluu09 (30 Сентябрь 2018 - 08:47) жазган:

Байыркы замандарда, мындан бир мин жылдан ашуун замандарда, озун атеист санаган бир жигит жашаган экен. Ошол убактардагы тартышууларда бардык диний кызматкерлерди женип чыккан бир Улуу Атеист жонундо имиштер бар эле. Жаш улан, ошол Улуу Атеисти таап, анын шакирти болгусу келди. Узак саякаттардан кийин , ушул Жерде Улуу Атеист жашайт деп, корсотушкон чатырдын жанына келип токтоду. Эшигин тыкылдатса , карыя кишинин уну чыкты:
- Карангы тундо темселеген ким?
- Мен, Улуу Атеистти издеп журдум эле. Анын шакирти болгум келет,-деди жигит.
Карыя уйуно киргизип, жигитти сурай баштады:
- Менден эмнени уйронгун келет? -деп биринчи суроосун узатты.
- Диний кызматкерлер менен тартышып жана аларга карама каршылык корсотконду уйронгум келет. Мен, Кудайга да,жандуйного да, Акыретке да ишенбеймин. Бирок, тартыша келгенде мага аргумент жетпей жатпайбы.
- А эмне себептен ишенбейсин? -деп , сурады карыя.
- Мунун баары келжир кеп!- деп, кызуу кандуу суйлоду жигит. -Алар жок да!
- Куран же Библияны окудун беле?
- Мен атеистминда! Арийне , окуган жокмун! - деп , мактана суйлоду жигит.
- А диний кызматкерлер менен суйлошуп кордун беле?
- Дагы суйлошо элекмин, мен ошолор менен тартышканды уйронойун деп , сизге келдим.
- Клиникалык олум тууралуу эмне билесин?
- Азырынча - эч нерсе.
- Жанынды дененден чыгарып кордун беле?
- Жок, Ал мумкунбу?
- Бул дуйного эчен жолу келгенбиз деген адамдар менен суйлошуп кордун беле ?
- Андай адамдарды кезиктире элекмин.
- Дегеле реинкарнация жонундо эмне билесин?
- Мен адай созду билбейт экенмин.
- Андай болсо, сен атеист эмессин,-деп , созду жыйынтыктады карыя. Мени менен сенин ишин жок экен.
- Анда мен киммин?-деп , тан калды жигит.- Мен эч нерсеге ишенбейминда!
- Сен, жонокой эле наадансын, -деп , аянычтуу ушкурду Улуу Атеист.





Бир нерсени толук окуп чыкмайын , биз эч ким эмеспиз.
Талашып тартышуу учун коп нерселерди изилдеп, ар бирини кылдаттык менен текшерип корушубуз керек.
Бир эле нерсени окуп жыйынтык чыгарып албай.



Мындан чыкты, катардагы адамдар сыяктуу жон гана динге ишенип тим болбой, оз суроолоруна жооп издеп изденип отурган адам акыры тубу атеист болушу мумкун, динге болгон ишеничин жоготуп деген тыянакка келдим. Адам канчалык коп маалыматка ээ болгон сайын, диндеги жооптор издеген суроолоруна канааттандырарлык жооп бере албай калат. Адам диндеги айрым нерселердин чындыктан алыс экенин коро баштайт. Акыры барып динге болгон ишеничи азая баштайт.

Мисалы Омар Хайямды мисал кылалы, ал оз доорундагы белгилуу окумуштуу (математик, астроном, ж.б.), философ жана акын. Бул адам бир омурун илимге арнаган адам. Ото коп окуган, изденген. Илимге коп салым кошкон. Анан калса оз суроолоруна жооп издеген философ болгон. Анын философиялык коз караштарын ал жазган рубаилерден корсок болот. Аны атеист деп айтуудан алысмын. Бирок Омар Хайямдын коз карашы дин адамдары менен атеисттердин ортосундагы бир жер сыяктуу сезиле берет, б.а. динге бир эле убакта ишенет дагы, ишенбейт дагы..... Анын философиялык эмгектери биздин кунго чейин сакталып жетип келдиби жокпу билбейм ачыгы.....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#253 Пользователь офлайн   KRIMINAL   02 Октябрь 2018 - 22:41

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 580
  • Катталган: 05 Февраль 18
  • Соңку аракети: 31 Янв 2019 22:38

Оо АЛЛАХЫМ өзүң мага ыйман бере көр! Акыркы күндөрдү молдолордун касяктарын чукуп башкача ойлорго жетеленип жатам.

Фейсбукка кирсең эле Мусулман мн теңирчи тытышып жаткан болот. Көңүл калды!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#254 Пользователь офлайн   Адам   29 Сентябрь 2020 - 23:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 646
  • Катталган: 26 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 31 Май 2024 03:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жер эне

2020-жылдан 2013-жылга салам!
Бул жети жыл мурунку талкуу экен. Окуп отуруп эмнени байкадым, төмөндө кыскача түшүндүргөнү аракет кылайын.

Просмотр сообщенияDaud (30 Май 2013 - 06:02) жазган:

Адамгерчилик деген эмне экендиги тууралуу оюнузду кутуп калам анда.

Daud жана ал сыяктуу ой жүгүрткөндөр менен менин ортобуздагы айырмачылык — ишенимде. Алар өздөрү ишенген нерсесин туура деп эсептейт, мен өзүмдүкүн. Бир мунасага келишибиз мүмкүнбү? Балким. Бирок мунасага келип келбөө башкы максат эмес жана ага кажет деле жок.

Ал учурда кандайдыр бир изденүүдө болуптурмун (азыр деле изденүүм уланууда). Өз алдымча гуманист болуп адамгерчиликтин чектерин аныктоого аракет кылыптырмын. Айтор дараметимди жакшы эле сынап көрүптүрмүн.

Болгон байкаган нерсем — ал кезде өз оюмду жеткиликтүү айта албай кыйнала берген экенмин. Эмнени айткым келген эле? Жооп төмөндө.

Просмотр сообщенияadmin_superstan (15 Июль 2014 - 12:51) жазган:

"Мен динсизминби? " темасы менен бириктирилди.

Талкуу башталгандан кийин бир жыл өтүп админдер эки теманы бириктирип салган экен. Эки жыл мурда (2018-жылы) теманы өзүнчө бөлүп алууга аракет кылыптырмын, кылбасам деле болмок экен. Эми ошол кезде талкууну уланткым келген экен. Азыр 2020-жылы улантууга эч кандай кажет деле калбады окшойт. Бирок ошол оюмду азыр кеч болсо да түшүндүргөнү аракет кылайын.

Просмотр сообщенияАдам (12 Август 2018 - 16:38) жазган:

Мындан беш жылдай мурун ачкан темамды Суперстандан көп жолу издеп, акыры таптым окшойт. Эмнеге админдер эки башка багыттагы теманы бириктирип салганын түшүнбөдүм.

Атеист менен динсиздин ортосунда чоң айырма бар: атеист эч кайсы динге ишенбеген адам болсо, мен ачкан динсиздик темасы кудайга ишенген, бирок эч кайсы диндин эрежелерине баш ийгиси келбеген адам жөнүндө сөз козголгон болчу. Ошондуктан кичи пейилдикке менин темамды кайра өзүнчө бутакка бөлүп койсо, ошол багытта талкуумду улантсамбы деп тургам.

Жыйынтыктап айтканда, адамдар дини жок эле ак менен караны айырмалай алат деп эсептейм. Кайсы гана дин болбосун дин тутунгандарды сыйлайм, аларга эч кандай каршылыгым жок. Болгону дин дагы, илим дагы бул дүйнөнү, ааламды жана адамзатты таанып билүүгө, түшүндүрүүгө аракет кылган жолдор деп түшүнөм. Бул экөө кээде тирешип кетиши мүмкүн, кээде бирин-бири толукташы мүмкүн. Кандай болгондо дагы мен дин менен эмес, илим жолунда адамзатты таанып билүүгө аракет кылууну чечтим. Анткени илим сезүү органдары менен кармап-сезип, угуп, даамдап, жыттап, көрүү аркылуу акыл-эске басым жасайт. А дин болсо — (көбүрөөк биринчи орунда) адамдын ишенимине, жан дүйнөсүнө багытталат. Акыл-эсиңди иштет, оку, тааны, бил деген нерселер дагы динде бар. Туура. Бирок айланып келип эле диний окуулардын түпкүрүндө ушул жол туура жол деген бир фундаменталдык чындык таңууланат. Кайсынысы чын жол, кайсынысы калп жол экенин айта албайм. Ошондуктан диний окууларды (баарын эмес, көпчүлүгүн) Кудайга алып барган жолдор деп эсептейм. Ал эми Кудай менен ким кандай мамиле түзгүсү келерин өзү чечет — кааласа буга чейин негизделген диндер аркылуу, кааласа өз алдынча...

Билдирүүнү түзөткөн: Адам: 29 Сентябрь 2020 - 23:05

Өзүң бол
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#255 Пользователь офлайн   ChynygyFakt   06 Декабрь 2020 - 19:17

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 46
  • Катталган: 07 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 11 Дек 2020 06:05

Просмотр сообщения erma_bm (07 Декабрь 2011 - 20:16) жазган:

мен коп жерден озум ду атеист деп эсептеп келем бирок, кээ бир де ишенип та кетем десем болот кыскасы али билбейм не экенин. ошону силерден сурайын дегеним. не кылсам болот. даабатка баргам результат 0.



Ас салам аллейкум уа рахматуллахи уа баракатуху!

Сиздин башыныздан отуп жаткан нерсе мен да болгон! Айтоор Алла Тааланын барына ишенчумун, бирок, созсуз турдо намаз окуу керекпи, жакшы адам болсо болду да деп ой басат эле! Дин жонундо соз болсо, Он кулактан кирип солунан бат эле чыгат эле!
Азыр Аллаха мин шугурлор болсун, Алла Таала козумду, журогумду ачты!! Альхамдуллилах! !!

Кандай динге кирип келгеним Алланын керемети десем жанылышпаймын! Кыскартып айтайын!

Чон баракчам бар(инстаграммда). Адамдар менен соц.тармактарда фактыларды болушомун, айтоор озумда кызыгамын. эмнеден эмне жаралган эмне болгон, кандай болгон!? Ал убактарда копчулук менен акыл таймашат элем. Ошондо бир оспурум бала,
"сиз байке, эгер динди да уйронуп алсаныз -эч ким сиз менен тартыша албай, так жооп берчу адам болоор элениз" деген.

Албетте, озумду башкаларга коргозуу учун, баардык тараптан билуу учун динди уйроно баштадым! Чынында уйронгонум сайын, кызыгуум ашып, журогум ачылып, козум ачылып баштаганын сезбеген экенмин! Алгачкыдай мактануу максатында эмес, керек экен деген максат болуп баштаган. Азыр бул тексттерди жазып жатып да Козумо жаш келет. Кандай гана керемет экен бул "Куран" !!!
Кулагымда музыка болгон - ошондо анын ордуна Куран болду!
Ал убакта сурай турган адам болгон эмес(Санкт-Петербург ш.б.) эч кандай дааватка да чыккан эмесмин!! !!

Кантип тизе бугуп, намазга жыгылып калганымда билбей калгам. Айтоор намаз окушту да билбейт элем. Бир гана фатиха суросу менен намаз окуп баштап, кун сайын каталарын туурлап журдум!
Бул деген Алла Тааланын мага берген Мээрими болду! Антпесе дагы деле журмокмун, жаман менен жакшыны, арам менен адалды айырмалабай! !!!!

МЕНДЕН САГА КЕНЕШ ТУУГАНЫМ! ЭГЕР ЖУРОГУНДО КЫМЫНДАЙ ЫЙМАН БАР БОЛСО - АНДА МЕН АТКАРГАН ЖОЛДУ ДА АТКАРЫП КОР! КУРАН АРАБЧАСЫН АНАН АНЫН КОТОРМОСУН! ХАДИСТТЕРДЕН ОКУ, УЙРОН! КЫЗЫКПАСАНАДА, БИР ЖУМА ТОКТОБОЙ УГУП ОКУП КОР.

Алла Таала айтат:
"Эгер менин кулум, мени эстесе - Мен ага карап кадам таштайм. Эгер ал мага карап кадам таштаса - Анда Мен ага карай жугуром"

Албетте кээ бир адамдардын журогуно кулп салынган. Алар тушунбойт динди, тушунгусу да келбейт динди! Ошондойлордон болгондон Аллахым озу сактасын!

Баарыбыздан Алла Тааланын ыраазычылыгы болсун!!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (13 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 11
  • 12
  • 13
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 20:55

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: