-Дастан байке кечээ чалам дединиз эле го?
-Аида, мен бош эмесмин. Сен бош болсон эртен туштон кийин кабинетиме келчи, ошол жерден суйлошолу.
"Макул" деп коштошкуча болбой очуруп салды. Эгер Дастанга сезимдерим болбосо, чалмак турсун, коргон жерден учурашпайт да болчумун. Жашоо бумеранг дешет, Канатка кылган мамилемдин жообун алып жатамбы? Аида, эсине кел, сага суйууну ким коюптур? Иште, сен али атана уй салышып, жардамын керек. Он уулга тете кыз болом дебедин беле? Докажи. Иште, ооба, мен иш издеп Дастанга чалып атпаймбы. Иштейин деп атам, ойноп чалган жокмун. Мына сага парадокс. Эртен кайсы кийимимди кийип, чачымды кандай жасап барсам экен? Аймиранын жаны койногу менен курткасын сурайын, чачымды байлап де жайып... уфф... мен Дастанга эмес, жумушка барам. Суйгонго шарт жок. Ал эми бир аз боюнуп алайын.... Дастанга барам... ой жумушка... Мээм чаташып, башым айланып калды. "Иши кылып, жумушкабы же Дастангабы, кыскасы барам." деп чечтим.
Билдирүүнү түзөткөн: Fortuna1987: 03 Октябрь 2018 - 01:37