Суперстан: Чын эле гений - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Чын эле гений Детектив, комедия.

#1 Пользователь офлайн   Dimedra   30 Сентябрь 2018 - 21:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Админ коментарийлерди очурбосонуз сураныч, жазылган ар бир комент мага кымбат.

ЧЫН ЭЛЕ ГЕНИЙ.

Жанр - детектив, комедия.
Жол чырактын кызылы жанып, журуп бараткан унаанын баары токтоп калышкан, алардын арасында шашканы да ашыкпай баратканы да бар. Ангыча жашыл чырак куйуп унаалар кыймылга келип, кээ бири сары жанганда эле журуп алда канча жерге узап кетишкен болсо да Асылбек айдап бараткан кара тайота камринин алдында токтоп турган ак Ауди ордунан кыймылдабайт. Чырактын жашыл жанганын корбой алаксып калган го деген ойдо сигнал басып калды эле арткы орундукта отурган анын шефи колунда азыр эле ОЗУ жонундо жазылган жагымсыз кабарды окуп тегеректеп буктоп мыкча кармап келе жаткан гезит менен башка чаап жиберди.
-эмне олуп баратасынбы, биртике куто турсан журот да!
Шефинин маанайы жок экенин сезип келе жаткан утуру согунуп отурганынан, анан калса бул анын биринчи жолу мындай кылуусу эмес эле ошондуктан коп деле капа болбойт. Кийинки чыракка келип токтошкондо дагы ошондой окуя кайталанса болобу какаганга муштаган болуп. Бир унаанын артынан токтоп калса ал дагы эски жигули экен жашыл жанса да кыймылдабайт. Эми шефинин ачуусуна тийип албаш учун сабыр кылып куто турууну чечип сигнал баспай отурса, башына дагы оролгон гезит келип урулду.
-эмне отурасын, сигнал чал жур де.
Ох бул ашыкча кылып кетти окшойт. "Сен акмак жашоодо жолун болбосо мен куноолумунбу. Элдер Алда качан Гелен ваген, ренж роверге отушкон, сен али да жепирейип камридесин, аз келгенсип шопуруна да аз толоп саранданасын. Дагы сен жонундо жакшы кабар жазыштарын каалайсын, ал учун да кабарчыларга акча толош керек, ал сенин оюна да келбесе кабарчылар куноолубу." деп ичинен суйлонуп алып шефи айтканын аткарып андан ары айдап жоноду.
Анан кантсин уйлонуу керек, акчасы жок же иштеген жумушу жок журсо Ким тиймек эле, а бул аз толоп коп суйлогон кожоюну жок дегенде жоо жургузбой кечинде унааны оз ыктыярына коюп берет, ошого алданып журот да байкуш, кеч кыздарга жоо барбай унаада барганына курсант болуп. Ар кун уйдон чыгып баратып бугун дагы бирди суйлоп же ашыкча басынтса тукуруп басып кетем, мен кордукка чыдап журо берчуулордон эмесмин дейт, анан эле туш ченде бир кызы чалып кеч келишин отунот, анысына барууга унаа керек болуп дагы бир жаман кунго чыдап откоруп журо берет.

Ой бул канчанчы жолу мынтип окунушу дейсин, ошондо эжесинин айтканына конбой озум билемдик кылып, " биз деген эн мыкты адиспиз, баардык жагынан даярбыз, жумушка колу бутубуз менен бирге алып кетишет, мен кароолчулардын башчысы болуп иштеш учун окуган эмесмин, мамлекетке кызмат отойм, ИИМге же СНБга кирем башкасы мени кызыктырбайт" деген, озун окуткан мугалимлердин айткандарына ишенип, азыр бармагын тиштегилейт бирок Эми кеч. Ал окуусун буткондо эжеси "альфа" ири коруктоо агенттигинин башчысы жакшы таанышы экенин айтып ал жакка жумушка орноштурууну сунуштаган, биринчи жон эле аэропортто же башка бир жайда корукчу болуп иштеп турса бир эки жылда ал жайдагы корукчулардын башчысы болуп калаарын айтканда жийиркенгенсип,
-мен ИИМдин академиясын бутуруп эми кароолчу боломунбу деп конбой койгон.
Эми эмне болду, колу буту менен бирге албай эле озу каалаган жайга башын да киргизбей коюшту. Аларга ачуусу келип силерге коргозом кимден баш тартканынарды деп, ушул азыркы артта бара жаткан кожоюунун канторасына келген, жеке детективтик изилдоолор менен алектенишет экен. Кирип барып ооздо турган катчы кызга кайрылып келген себебин айтты эле, жаш кыз ага баштан аяк карап,
-бизде азыр бир ачык жумуш орун бар деп толук айтып буто электе,
-мен ыраазымын деп макулдугун берип койгон. Ушул узун бутту, тармал чачтуу кара коздун жанында журсом болду, кандай жумуш болсо да иштейм деп. Бирок ал баары бир жакшылыктан умуту бар эле, коп болсо кичи детектив же жардамчы кылып алат деп ойлогон, качан кара коз айдоочулук экенин айтканда баш тартууга кеч болуп калган эле. Оздук баракчасын толтуруп бутуп сунганда, окуп коруп,
- кабыл алындым деп эсептей бериниз, сиздей жогорку билимдуу болгондо да бул чойронун тилин тушунгон адамдан баш тартпаса керек, бирок айтып койоюн шефтин ачуусу катаал, айдоочу токтобойт деп жылмайып караган кызга карап,
-менин атымы токтосун коюп алгыла анда, мен шефинерди кетирсем кетирем озум кетпейм деген. Мына эми ошол айтканы болуп жаткан ондуу, эки жылдан отсо да чыдап журот. Башында жакшылап козуно корунсом детектив кылып алат деп умуттонуп жургон кара козго жакын болом деген ойдо, азыр шефинин козу жамандыктан башканы корбосун, кара коздун козу шефтен башканы корбосун да тушунуп калган, ошентсе да кете албай журот. Жанакы эжесине бир жеке агенттикте детектив болуп иштеп жатканын шефи аны ото жогору баалап эч кайда кетирбейм дегенин айтып мактанып койгон, уйуно конокко келип, - кана тагынган погонунду королучу алып чык деп тамашалаганда. Анан эмне шопур болуп журом демек беле, анда эжеси кароол менен шопурдун эмне айрымасы бар деп кулбойбу. Бирок эжеси анын каерде Ким болуп иштеп жургонун эчаак билет эле озу ал чойродо жакшы чимирилген аял, инисин уялтпайын деп ундобой койгон. Асылбек болсо эжеси ишенип калды деп анын жанына барганда ойлуу болуп озун кадимки детективдей тутуп журот.

Ишкананын алдына токтоп шефин тушуруп коюп озу унааны четирээкке алып барып токтотуп анын артынан кирип, катчы кыздын жанына басып келип шефинин азыркы эле жолдо жасаган жоругун айтып арызданып туруп калды.
Кара коз ото шайыр журот, эч капа болгонун корбойсун, шефинин ачуусу келип жатканда да озунун кулкусу менен кулкулуу жоругу менен анын кабагын ачып коет, ал да кара козду ошон учун жактырса керек. Жанына келип калган ар бир адамдын конулун которо алат, кимге кандай соз керек болуп турганын билет. Агентикке кайрылган кардарлардын да ичи койнуна кирип болгон сырын чукуп чыгууга жондому бар, иши кылып детективке тийиштуу жумуштун жарымын ушул кыз аткарат. Азыр да Асылбектин кайгырып айтып берип жаткан окуясын олутту кабыл албай,
-мына бул гезит мененби? деп столдо оролуп жаткан гезитти кармап кулуп жатты.
-кана кантип? мына моминтиппи деп озунун башына уруп коргозуп.
Анын бул кылганына айласыздан кулосун, анан сырттан карап анчалык деле жаман корунбогондой туюлду Асылбекке. Эмне болуптур кыз башы менен бул деле башына ургулап жатпайбы, мен эркек эмесминби анан да шефтин кандай адам экенин билип туруп тарынуу акылсыздык, азыр эле кулуп жайнап эч нерсе болбогондой суйлоп баштайт анан кайра туноруп согунуп калат эмеспи деп озун алаксытып койду.
-кана королучу биздин шефибизди андай кылууга эмне туртку болду экен деп гезитти ачып ичиндеги кабарларды окуй баштады кара коз.
-эмне болмок эле, жанакы эле жарнамасы жакшы кетпей жатса керек. Депутат болом деп коет, депутат боло турган адам саран болбой март болуш керек, деп суйлонуп алды Асылбек.
-а эмнеге март болуш керек, ал деген акча берип иштебейт да, мыйзам кабыл алат, деди кара коз чындап эле тушунбой жаткансып чон коздорун андан бетер чон ачып.
-ай жанагы кабарчыларын жакшы соз жазыш учун алардын шефине ташташ керек да бир нерсе. Алар эмне жон эле мактай бергидей мен беле, менин го бир эле шефим бар алардын биздин шефтей канча адамы бар жаза турган.
-ай Асылбек байке, деп ачык кулгон катчы кыз, ал киши деле анчалык саран эмес, болгону тегерегиндегилер ошондой болууга аргасыз кылышат да. Элестетсениз баары эле сизден келе-келе деп бир нерсе талап кыла беришсе эмне кылмаксыз. Сиз деле ошондой болуп корунуп каласыз, келген адамдын баарына шектуу карап, эмне сураганы келди экен деп. Анан да ОЗУ ар кун андай окуяларга туш болуп жатпайбы, байлык учун уй було куруп, байлык учун ажырашып бири бирин олтуруп жаткандар менен иштешип жатса анан кантип корунбасын, деп гезитти барактай берди.
-билбейм сага келгенде эле март болуп калбаса, деп анын тармал чачтарынан сылаганы колдорун жакындатып бараткан. Ичинен сен сурасан мен деле бут айлык акымды берип салмакмын деп ойлоно, аны шефи менен бирге коруп журсо да эч жаман коро албай койду.
Башка бироо болгондо Асылбектин бул созуно капа болуп кагып ордуна коюп коймок, а бул кара коз оюна да алган жок.
-сиз билбегенден кийин суйлобон, андан коро бул жакка караныз, сиздин кочурмонуз экен деп гезитти анын жузуно жакын алып келип кулуп калды.
-эмне экен деп карай салса чындап эле ОЗУ турат суротто чыкыйып кийген кийими эле болок болбосо, чач жасалгасы да бирдей тообо.
-корсо сиз миллионер турбайсызбы, каранызчы деп каткыра кулду.
Гезитти озу тарапка буруп окуса, Бекмамат Орозбаев деген миллионер озуно жубай издейт деп жазылып турат.
-бизге айтпай бекитип жургонсуз го миллиондорду, ысмынызды озгортуп алып деп чачын уйпалап жиберди.
Ичкериден чыгып келген шефи,
- эмне эле кыткылыктап жатасынар, деп алардын жанына басып келип кара коздун жузунон суйуп койду, бул меники коз артпа дегендей. Канча абройлуу акчалуу болсо да жашы отуп баратпайбы жаштардан коркот да, кайсы эле кыз келбетту жаш жигитке кайдыгер карай алсын.
Андан аяр озун алып качкан жаш кыз жылмайып 32 тишин коргозо кулуп,
-биздин Асылбек мырза жон адам эмес тура, каранызчы деп гезитти колуна бере салды.
Андагы жазууга бир сыйра коз жугуртуп келип суротко карап Асылбекке бир карап туруп калды. Анын коз карашында кандайдыр коркуу пайда болгондой, ал чындап эле кара козун тарттырып жиберчуудой коркуп кеткен. Ушул учурда озунун ага канчалык байланганын сезди, мындай жаш сулуулардын тузагына тушпойм дечуу ишенимдуу, озуно окшогон курагы отуп бараткандардын жаш кыздарга азгырылып калгандарын коруп...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   sumaika   01 Октябрь 2018 - 10:09

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 108
  • Катталган: 24 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2022 10:17

Уландысын кутуп жатам
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Albinoc.piratium   03 Октябрь 2018 - 11:16

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 194
  • Катталган: 23 Ноябрь 17
  • Соңку аракети: 06 Фев 2025 15:49

Автор сонун жазып жатасыз, кутуудомун! Кундо кирип карап койом!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Muslim1990   04 Октябрь 2018 - 23:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Күтүп жатабыз эртерек жаза гой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Dimedra   05 Октябрь 2018 - 01:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

"Менин дагы акчам болгондо азыр сени тармал чачтын жузунон эмес бут кийиминен дагы оптурмок эмесмин" деп кекенип алып чыгып кетти. Ал жон эле шефин жаман коруп журот, чындыгында ал жакшы эле киши, болгону кесибине ылайык мунозу бар, бардык нерседен шектенип адамдын чыныгы каалоосу кандай деп издеп турат, жолуккан эле адамы эки жуздуу болуп чыга келсе анан эмне кылсын. Ага кайрылган адамдар ошондой да, бир гана алардан башка да адамдар болоорун, баары оз чойросуно карап муноз тутаарын унутуп баратса керек, догдурлар адамдан оору издегендей эле буларын кишинин экинчи жузун издеп турат ондуу.

*****
Кеч кирип бугун эч кимге жолукпай эле жашоо жонундо ойлонуу учун панорамага чыгып келген. Бийиктен томонго карап озунун жашоосун устуртон карагансып турган, ангыча жанына бир татына чачына шарф ороп алган кымча бел кызыл койнокчон кыз басып келип туруп калды. Жашоонун манызы кыз жандоо деп тушунуп алган Асылбек бул учурду колдон чыгарбайт, эмнеге бул жайга келгенин унутуп дагы оз адатын баштап тийишип калды.
-сиздей сулууга Ким уруксат берди жалгыз бул жайга чыгууга, кокустук болуп кулап кетсениз дунуйо тугонот го.
-андай кокустукту алдын алсын деп сиздин жанынызга турбадымбы, солокотунуздон мени кармап калууга кучу жетчуудой эле коруносуз, деп ууру жылмайып Асылбекке карап,
-сиз?деп тан калып калды.
Бул мени кайдан тааныйт, кай жерден кордум деп эстей албай турду Асылбек, аны менен бирге эле кымча белге суроолу карап.
-Бекмамат Орозбаев?
Ух деп демин чыгарып женилдей тушту, коп эле кыздар менен таанышып ар кимисине ар кандай жалганды айтып журот, антпесе сулуу кыздар жонокой жигитке карамак беле. Заманын боору болсо боору бол, тулку болсо тулку бол дейт эмеспи, кыздар чынчыл эр журокторго караганда жалганчы короздорго тартылышса менде эмне куноо, деп озун актап журот. Маселе мында эмес, болгону ал озунун эс тутуму начарлап баратабы деп ойлонуп чочулай тушкон да, картайып калдымбы кантип эле отмуш кундордогу окуяларды унутуп калдым деп корккон, корсо ал гезиттеги миллионерди айтып жаткан тура.
-биз таанышпызбы? деди сыр билдирбей, эгер жок десе созду улап кетем деп ойлоп. Кудай жалгап тааныбайт экен.
-жок, бугун гезит окуп жатып сиз тууралуу жазылган бурчка козум тушкон. Батырдын атын алыстан ук , жанына келсен бир адам дейт эмеспи, сизди коруп ал макалга толугу менен кошулуп турам.
-себеп?
-сиз гезит бетине биринчи жолу чыгып жаткан жоксуз да, ар дайым кыры чыккан костюмда журсонуз сизди мындай жонокой майкада журот деп ойлобопмун.
Демек бул миллионерди бугун эле кокустан коруп калып жаткан жок, коптон бери андып журсо керек тузагына иле албай деп ойлоно кетти, ушул учурда озу да шефинен айрымасы жок шекчил болуп баратканын сезбей.
-жумуш менен жеке жашоо бир бирине окшобош керек, анда зеригичтуу болуп кетет. Жаш балдардын жашоосу сынары жашаганды уйронушубуз керек, билесизби алар оюнга келгенде бул досум бул досум эмес деп болбойт ким менен бир тайпага туш келсе аны коргоп бирге качып жугуруп ойношот, оюн буткондо сен мени жана жыгып койдун согушта атып кеттин дешпейт кайра эле озунун достору менен бир нанды болушуп жеп журо беришет, эртеси оюнга келгенде дароо башкача болушат. Кордунузбу чыныгы жашоо кандай болоорун биз балдарга эмес эле алар бизге уйротуп журушот, болгону биз байкабайбыз.
-сиздин ой жугуртуунуз укмуш экен, чындап эле биз жумуш менен жашоону алмаштырып алганга окшойбуз, жашаш учун иштейбизби же иштеш учун жашап калдыкпы, деп созулган болду кыз миллионердин денгээлинде ойлонууга аракет кылып.
Чынында бул Асылбектин эн мыкты сапаты эле, озу ушундай эсептейт. Кайсы кесиптин ээси кандай суйлоп озун кандай алып журоорун жакшы билет, же кыздарга жалган айтып ар кесиптеги адам болуп журуп ар кандай ойлонууга чебер болуп калганбы.
-мен жашаш учун иштейм, деди ишенимдуу.
Кыз создун философияга бурулуп кетип жатканынан тынчсыздана созду башкага бурду , анткенинин да озунчо себеби бар.
-сиздин кардыныз ачып жанынызда жегенге эч нерсе жок болуп калса эмне кылмаксыз, деди кыйытып.
Анын эмне айткысы келип жатканын жакшы тушунуп турса да создун маанисине жетпей туз тушунгон адам болуп,
-эмне кылмак элем, таза абадан жутмакмын андан откон азык барбы деп тура берди. Азыр акчасы болгондо ресторанга айдамак, дагы жакшы айлык акысын ала элек, болбосо Орозбаевди туурайм деп бир ай иштеп тапкан акчасын бир кундо туготуп алмак. Ал жерде кыйла турушуп жоной беришти ар ким оз унааларына отуруп. Кымча бел кызыл койнокчондун айдаган унаасы да кызыл тусто экен, эки эшиктуу Мазда5 улгусундогу кымбат баалуу унаа куп эле жарашып калсачы. Ага карап бир тамшанып алып жолуна тушту Асылбек да.
Андан ары мамилени улап кетуу оюнда жок эле кыз озу утуру чала бербегенде, ал кыз да "бетпактык экинчи бакыт эмес биринчи бакыт" дегендерден болсо керек. Асылбек кыйла эле озун токтотту бирок жанакы кызыл унаага тушуп жылмайып рулга жабышып отуруп жаткан кыздын элеси коз алдына тартылганда чыдап тура албай койбодубу. Шефи да адамга окшоп чон унаа алган экен тойота ленд крузер деген жол тандабас, Эми муну бир мактанып чын эле озун миллионер сезип албаса омур бою арманда калаар. Мындай мумкунчулук дагы качан келип айдын перисиндей кыздар оздору жабыша турган учур болот, эмне болсо болсун деп шефин билярдка жеткирип коюп ал чыкканча келе калам деп жолугушууга жоноп кетти.
Кара чыпташкан спорт шымчан устуно да ошондой эле жармашкан майка кийип машыгуу залынан чыгып келди периси чачтары суу. Бугун унаасы жок жоо келгенге окшойт атайын, курбум менен келгем деп койду. Аны уйуно жеткирмекчи болуп жапжаны унаага отургузуп алып жоноду.
-кызык бул жаныга окшойт мурун корбогом, деп калды кымча бел.
-ооба жаны, эки кун мурун чет элден алынып келинди, деп ал тарапты караса кыз жол тарапты карап келе жаткан экен.
-эмне? деп Асылбекке карап кулуп калды.
-а сен эмнени айтып жатасын?
-тиги жолдун боюндагы сулуулук салонун айтам, же озум рулда журуп жолго гана карап айланага маани бербегенимеби алдын корбогон экенмин. Сиз унааны жаны алдынызбы куттуктайм, муну созсуз майлаш керек деп дагы кулуп калды.
Асылбек анын тиштерине карап, жакшы докдур жасаган экен апапакай кылып тубаса тишинен айрымасы жок, мындай кымбат баалуу тиштерди коргозуп жылмайып турбаса болбойт, ошон учун себеби болсо да болбосо да куло берет тура деп ойлонуп кетти. А кара коздун тиштери озунуку эле шурудай тизилет, кызык эмнеге эле аны ар убакыт ойлой берет жолуккан кыздарына салыштырып ОЗУ да тушунбойт.
Асылбектин ойлонуп кеткенин коруп ынгайсыз абалга калтырып алдым окшойт деп абалды жайгарууга аракет кылып,
-катуу машыгып койдум окшойт шайым качып баратат, деп откондо аткарылбай калган каалоосун кыйытып баштады.
Андай болсо жоготкон кучтун ордун толукташ керек, деп унааны четке ала токтотуп тушуп кетип бир баштыкка толтура азык алып жетип келди.
-кайда бардыныз?
-сенин кетирген кучундун ордун толуктайын, деп баштыкты ачып гамбургер, ширин сууларды алып чыгып жатканын коруп кыздын жузу озгоруло тушту. Дене сулуулугун сактап, машыгычуу жайга каттап жургон кыз ушундай нерселерди жемек беле, бирок энсегенине жетиш учун эмнелерди кылбайсын, миллионердин жонокой жашоону жактыраарын эстеп оозунда болгон тишин корсотуп кулуп койду да Асылбек менен бирге баштыкка кол созо берди.
Корчу миллионер эмне кылса да жараша берет ээ, Эгер азыр анын Бекмамат эмес жонокой айдоочу Асылбек экенин билгенде баштыкка кол созмок беле, жоок жада калса кымбат кафеге алып кирсе да жактырбай ресторанга алып барбайт деп мурчундамак.
- Кафе ресторандардан аябай жадаган коруносуз.
- сени ынгайсыз абалга койгум келбеди, мындай абалда сен андай жайларга кирмек эмессин да.
-бул жонокойлугунуз менен камкордугунуз сизди андан бетер жагымдуу кылып коет экен.
Экоо ал жерден шам шум этишип кымча белдин уйуно келишти, жаны замандын элитный деп койчу коп кабатту уйлорунун биринде турат экен.
Ичинде канча ирет кирейин дегиси келип турса да ундобой сылык гана коштошушка тура келди, анткени миллионерлер кыздын уйуно кирбей аларды озуно конокко чакырышат.
-жетип келдик сулуум, ушул жерде турасынбы? Корушкончо, деди эшик ачып кызды тушуруп жатып.
-ушунча келген адамды нан ооз тийгизбей кетирмек белем, уйго кириниз даам даяр болбосо да кофе ичели, кыргыз эмеспизби, деп кыз Асылбектин колун кое бербей туруп калды. Эл алдына алып чыккысы келбей жатат бир жерим жакпай тургандай жагдайды тезинен ондобосом болбойт, антпесе колумда турган Бакыт кушун учуруп жиберем деп ойлоно.
-мен азыр кандай кылсам туура болот озун айтчы, айтканына конуп эркектик намысымды тебелеп кол кармашып уйуно кирип барсамбы же шагын сынганына карабай куру намыс деп басып кетсемби.
-сиз эрежесиз жашоону жактырат эмессизби, андыктан куру намыс деген соз сизге таандык деп ойлобойм.
Мындай жоопту кутпосо да баары бир уйуно чакыруу алам деп ишенимдуу турган Асылбек кызды жандап басып анын батирине бет алды. ОЗУ жаш эле болсо кантип мындайга жетишкен, журум турумунан бардар уй булоодон чыккан кызга окшобойт, деп уйдун кооздугуна коз жугурто астананы аттады.
Кичинекей кружкаларга демделген кофеден ууртап, жасалма кептерден суйлошуп отурушуп билинбестен аралык жакындап ысык илептер бири бирине жакындаша тушкон. Эми эле тагдырына ыраазы болуп балкып, эмнеге эки анжы ойдо болдум ушундай бакыттан куру калыш учунбу деп ойлонуп озун алдыдагы ырахатка даярдап бараткан Асылбектин утурумдук бактысын телефондун шынгыры бузуп жиберди. Ал колу менен сыйпалап телефонун чонтогунон алып чыгып караса "шеф" деп бажырайган жазуу турат. Аны кымча бел да коруп, коздорун алайтып телефонго карап калган. Асылбек жооп бербей коюга болбойт эле, кызга бир карап алып телефонду кулагына такады,
-да шеф баратам.
Ары жактан кыйкырган доош ачык айкын угулуп турду кызга.
-сен!
Сизден дароо сенге отту, устундо шефи бар адамга сиз деп кайрылууну уят корсо керек.
-мен Асылбек.
-сен кимсин мени менен оюн ойногудай. Сен... деп андан аркы созун таппай жанакы эле назик кыз, коздору кызарып жез кемпирден да отуп баратты.
Кыздардын алдында дегеле эч кимдин алдында озун жоготуп койбойт, суйлогон создорун дайым эстеп калабы же алдын ала жаттап даярданыбы белгисиз, созун жоготуп уялып калган учуру дегеле болбойт, жалган суйлогонун да эч ким так мойнуна коюп бере албайт, анткени жалганды да ушундай айтат жакшылап ойлонуп коргон адамга чындап эле жалган айтпаган болот бирок ал учурда анын созун эч ким териштире албайт. Керек болсо мин ойчулун да миллионерин да кырдаалдан Асылбектей чыгып кете албаса керек.
-ооба мен Асылбек, сени менен оюн курган жокмун, сен чакырдын мен келдим.
-мага десе Касымбек болбойсунбу, эмне озунду Орозбаев кылып алдайсын сен анын тырнагына да тен келбейсин, сен мени алдаганын учун али жооп бересин.
-болду токтот! Биринчиден мен алдаган жокмун, качан сага мен Орозбаевмын дедим, озун ошентип ойлоп алып ал оюна мени куноолоп жатасын. Экинчиден сага миллионерлерден башкасы Адам эмеспи? Тим эле суйуп калган ондонуп жатпадын беле, ал жалганын учун кантип жооп бересин. Сен кобун алдаган болсон керек мына мунун баарына жетиш учун, бул жолу жолун болбой калды болгону, сенин да турмуштан утулаар кунун келиптир тан ал, муну сабак деп коет, деп туруп баратып кыздын коздорунон агылган жашты коруп токтоп калды, жанда жок боорукерлиги бар душманын деле аяй берет.
-ыйлаба баары жакшы болот, Орозбаев болбосо дагы бироо жазылгандыр бактына. Озуно жетээрлик дунуйон бар экен, ашыкча эле байлыкка кызыга бербе, ашыкча доолот баш жарат дейт.
Кымча бел бышактап ыйлап жиберди.
-сен кайдан билмек элен. Керек болсо мына ушунун баарын жасаш учун мойнума канча карыз уйуп жатканымды. Бул батирде жашаш учун айына канча акча кетирип, кымбат баадагы унааны ижарага алыш учун канча сарптаарымды, машыгуучу залга барыш учун кунумдук азыгыма сарпталчуу акчадан уномдоп жашаарымды билмек белен.
-а эмне учун андай кыласын? деди Асылбек тан кала.
-сен эмне келесоосунбу? Мен жетиштуу жашоодо жашагым келет, ал учун ийгиликтуу эркекке турмушка чыгышым керек, алардын чойросуно кириш учун озун ошондой жашоодо жашоон шарт. Бул жайда жалан ийгиликтуу жетишкен адамдар жашашат, ошондуктан мен мындан батир ижарага алдым. Мен кредитке белчемден баткам, аны толош учун мага бай Адам керек сен эмес.
-мен чындап келесоомун, сага ушунчалык жардам бергим келип турганыма караганда. А миллионерлер мендей келесоо эмес бироонун карызын толош учун уйлонгудой, туура эмес жолду тандапсын. Алар эн акылдуу адамдар экообуздой келесоолорго жолобойт, алар колунду кармап саламдашыштан алдын сенин кимдигинди билип буткон болот. Суйдуром десен да жаныласын алардын журогу бош эмес, суйуусу миллиондорго арналган, алар акчабы адамбы айрымасы жок, миллиондун бири болгун келсе алга! Шашыл!
Дагы коп суйлойт беле ким билет телефонуна шефинен дагы бир ирет чалуу келбегенде.
-кечиресиз шеф кечигип жатканыма, баратам, деди да чыгып кетти.
Жолдо ойлуу, кызга да акчалуу байларга да боору ооруп бара жатты, байкуштар чыныгы суйуу деген эмне экенин билишпей бирин бири алдап жашашат тура, менин жалганым мындайлардын алдында суу кечпегидей. Кызык мен эмнени тандамакмын, мени суйуусунбу же акчамдыбы, мага жолугууга шашылган кыздар да мага эмес мен айдаган унаага келишет эмеспи, демек биз озубуз каалаганга окшойбуз кыздардын мындай тандоосун, деп ойлонгончо коздогон жерине да жетип келди. Шефинин кагынып силкингенине да конул болбоду бул ирет, аны да ичинен аяп жатты байкуш жанын оозуна тиштеп иштеп тапканы озуно кызмат кылбай дагы деле озу тапканына кызмат кылып журот. Бул жайга да эс алуу учун эмес жакын досторунан шексинген кумонун текшергени келбеди беле. Айланада Ким дос Ким душман экенин билбей жашоо кандай оор, жакын досундан да ар дайым кумондонуп, деп келип дагы кара козго такалды ою. Ал байкуш да кайдагы акча деп озун курмандыкка алып барып жатат, кандай кылсам аны куткарам, деп кыжаалат болуп баратты. Али кимден кимди куткарууга туура келээрин андабай...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Bazana   06 Октябрь 2018 - 01:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 605
  • Катталган: 20 Март 16
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:39
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Татарстан

Аябай конулду котордун, автор сонун жазып атасын. Колуна куч кубат берсин кудай , тезирек ула.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Dimedra   07 Октябрь 2018 - 23:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Шефин уйуно жеткирип унаадан тушпой туруп коштошуп кетээрде,
-бугундон баштап унаа уйдо калат, эрте менен келип айдап кеч таштап кете турган болосун, тиги гаражга киргизип кой деп колун жансап коюп тушуп кетти.
Макул болбоско аргасы барбы, ээси эмне десе ошол болот да деп унааны жайына жайгаштырып жоной бергенде, артынан шефи кыйкырып калды.
-азыр кайсыл убакыт экенин билесинби?
-тун жарым, деди артын карабай туруп.
-кандай кылып уйуно жетмекчисин?
-эки аягым менен, айлык акымды да бере элексиз да такси жалдаганга.
-кеч калган кундорун тиги камрини айдап кетсен болот, деп ачкычын ыргытып коюп уйуно кирип кетти. Асылбек рахмат дегенге да улгурбой калды ачкычты тутам деп журуп. Уйун коздой баратып шефине ыраазы болуп жатты, баары бир кам корот, адамды аяшты билет деп. Башка убак болгондо анын мындай кылыгына ачуусу келип жинденмек, бугун эмне болуп турат озу, томон урмак турсун жер менен тенеп койсо да ыраазы болуп турганы эмнеси. Уйуно жеткенде тушунду ал абалын, бул жумуш менен кош айтышууну чечкен экен корсо озу байкабаган абалда, эртен барып кара козду бир коруп айлык акысын алып алса башка кайрылып барбайт, жашоосун озгортууну чечти. Бирок кантип? Э бир жолун табам, жаны жашоо башташ учун эскини жабыш керек деп алдыга кайдыгер гана максатсыз карап уйуно кирип кетти.
Эрте менен чыкыйып кийинип кундогудон башкача шандуу кирип келген Асылбек, шефи чыгышын куткончо кара козго кечээки болуп откон окуяны айтып берип жанында туруп калды. Кара козунон болсо жооп жок, ал да бугун башкача ойлуу алдындагы компьютерге тигилип гана отурат.
-Ээй мен сага суйлоп жатам, дегенче артына отуп экранга караганы жатса кара коз коруп жаткан баракчасын бекитип койду. Бирок Асылбек башын коргонго улгуруп калган, ал Орозбаев тууралуу окуп жаткан экен.
-Кара коз сен эмне? же сен дагы? деди шектуу карап.
-мен сизди угуп жатам Асылбек байке, эмне деп жаткан элениз? А тиги кыздын жоругуна тушунбойм деп жаткансыз. Анда тушундуруп короюн, эмнеге эркектер сулуу кыздарга кызыкса болот да кыздар чонтогу калын эркектерди жактырса болбойт. Же эмне кыздарда тандоо укугу болбош керекпи? деп адаттагыдай эле жылмайган болду, бирок эмнегедир бул жылмайуусу жасалма экени билинип калды.
Анын откондо гезитти окугандан кийин озун шефинен ыраак тутканын эстеп кетип, демек андан чонураагын кармагын келген экен. Эмнеге? Сен андай женил ойлуу кыздардан эмессин, акылдуулугун корунуп турат козундон, эгер жузундун сулуулугу болбогондо коп нерсеге жетишмексин, илим менен да алектенсен жарашмак деп ойлоно карап, озун суйдуро албаса да ОЗУ суйгон кара козунун катардагы женил ойлуу кыздардан экенине ишене албай турду.
-дагы бир деме дегиниз келип турабы? деген кыздын коздорунон эч кандай куноолу коз карашты коро албай андан бетер туйшолуп алды..
-сен эмнени ойлонуштуруп жатасын кара коз?
-Асылбек байке сиздин ото кыраакы, баамчыл, соз тапкыч экенинизди билем, мени ката кетириштен коргогунуз келип турганын да сезип турам, бирок сиз кыжаалат боло турган нерсе жок. Мен да сиздей эле озумду абдан жакшы кором, эч Ким мени капа кылышына жол койбойм. А айтмакчы сиздин эске тутумунуз абдан орчугон, ал талант жон эле кор болуп жаткан болбосун, балким ал жондомунузду туура багытка жумшасаныз коп пайда болмок. Азыр оюнузда шефтен да ири балык кармагысы келген экен деп жатасыз, чынын айтсам жанылышкан жоксуз, деп кулуп жузун буруп кетти.
Ооба Асылбек ото баамчыл, азыр да кыздын чыныгы каалоосу башка экенин байкап турду, бирок такып суроого батына албады.
-туура айтасын, мен азыркы замандын генийимин, мынтип айдоочу болуп журо бергеним туура эмес мен адамдарды бар балээден коргошум керек, ошондуктан бугун акыркы кун жумушка чыгышым, деп кыйраткансып кокурокту бийик которуп туруп калды.
-ай мен тамашаладым, кетпен шеф кантет сиз жок, ачуусун кимден чыгарат. Же биздин генийди башкалар байкап тартып кеткени жатышабы бизден, деди кара коз Асылбекти жакадан тарта, озуно гана таандык жагымдуу кулкусун тартуулап.
-шеф кантет эмес мен кантем десен го чиркин, деп коздорун жуумп элестеткен адам болду Асылбек магдыраган адамдын кейипин кийип.
Ага карап бырс кулгон кыз алаканы менен жузуно аста чаап койду.
-ойгон!
-ойгонбой калсам гана аттин.
Экоонун суйууго бурулган создору ар дайым ушундай тамаша менен аяктайт, туурасы кара коз созду орчутпой тамашага буруп кетет.
Ангыча шефи чыга келип экооно шектуу карап,
-Асылбек кеттик, деди.
Анткенинин да себеби бар, алдын кара коз озуно жакын жолотпосо да чакырган жайына барып коргозгон сыйынан баш тартчуу эмес, жакындан бери колум бош эмес деген шылтоону коп айтчуу болду, анан дагы бир гана ушул айдоочу менен гана кулуп суйлошпосо такыр эле кулбой да калган. Чакырган кечелерге барып, жумушту шылтоолоп кечке чейин жанында жургонуно, озунун айтылган создоруно каршы жооп бербегенине карап аны озуно энчилеп алган экен, аз кундон бери андай ишенимдуу ойлой албай калды. Анан да акыркы кундору жашыруун жасаган жумуштары, каткан маалыматтары министирликке жетип калып жатканына куйуп бышып, ал тарапты текшерууго алаксып жатып кыз менен суйлошууго убакыт да боло албаптыр.
Кузгудон арткы орундукта бараткан шефин карап, анын ойлуу баратканын коруп батынбай жатып аран ун катып,
-шеф, мен жумуштан кетууну чечтим, ушундай болгону жакшы деп ойлойм, омур бою айдоочу болуп отмок белем башка жумуш карап келечегиме кам короюн, деп кечээден бери даярдаган создорун бир дем менен айтып бутуп артка караса ал дагы деле оз ою менен алек болуп бара жатыптыр. Арандан куч топтоп айткан создору абада калып кеткенине ызаланып кайра башынан баштады унун катуу чыгарып.
Шефи ага карабай туруп ун катты.
-эмне кыйкырасын угуп жатам.
-кечиресиз сиз ойлуу келе жатсаныз...
-мен оюм менен укмак белем кулагым менен угам. Макул тушундум, деп койду бар же жок деген жообун айтпай.
Эми кечке чейин дагы куч топтоп айлык акысын алып алса бутту.
Кычашкансып ал кун кечке ар кайсы жерде журуп конторасына жолобой кара коз менен суйлоштурууго мумкунчулук бербеди. Кеч киргенде гана созго келип,
-озундун уйуно айда, акыркы ирет мени эмес мен сени жеткирип койоюн, деди.
Айлык акысы тууралуу соз козголбогону Асылбектин ичин бышырып жиберди.
Шефи дагы деле ойлуу жолду ката ундобой келип Асылбек тушуп бара жатканда гана,
-сен эмне себептен айдоочу болуп иштегенге макул болдун? деди.
-мага андан башка жумуш сунушталбаган.
-а азыр эмне себептен кетип жатасын?
-башка жашоо курам, мен айдоочулукка окуган эмесмин.
-а сен чындыгында айдоочу эмессин, сен менин жардамчым болуп кабыл алынгансын.
Катчы кыз айтпан озу канчага чейин чыдайт экен дегенинен айтпагам, сен озун байкабаган абалда мага коп жардам бердин, менин купулума толдун. Сени жардамчы эмес изилдоочу кылып котороюн деп ойлоп жаткам, бирок сенин чечиминди урматтоом керек, кетем десен эмне да кылмак элем, жолун ачылсын! Бул сенин кошумча айлык акын айдоочуулукту бирге алып жургонун учун, а бул жардамчымдын бир жылдан берки топтолгон чыныгы айлык акысы, деп которгон папкасынан эки ак конверт алып чыгып сунду.
Асылбек биринчи жолу созун жоготуп койду, корсо андан да откон генийлер бар тура.
-неме мен... Тиги... Рахмат... Жумуш боюнча тамашалабай элесизби?
-сен эмне кыз белен тамашалагыдай, же эмне экообуз тамашалашып журчу белек. Макул Эми жакшы жур, деди да рулга отуруп жоноп кетти.
Асылбек озунун башына ургулап, "ай акмак бир кун чыдап турганында эмне болмок" деп ал кеткен тарапты карап туруп уйуно карай бурула бергенде унаанын сигналы чалынды.
Шефи экен.
-айтмакчы эртен менин уйумо барып отурбай туз эле жумушка от, Эми мага айдоочу керек эмес озум да рулду сагындым, деди да кайра жоноп кетти.
Бул муноттор Асылбектин жашоосундагы эн бактылуу муноттор болду, эч бир кыздын эч кайсы созу аны мынчалык жыргата алган эмес.
Эртелеп короздон да эрте туруп жасанып жумушка кирип келсе эч Ким жок, кыйлада барып башкалар да кирип келе башташты бириндеп, шефи да кирип келди, бирок Асылбек куткон адам жок. Кара коз жок эми кимге мактанат, ага эмне болгон, адатта шефинен алдын келчуу. Кимден сураарын билбей турганда шефи озу келип сурап калды,
-катчы кыз кайда кетти?
-шеф ал бугун келген жок жумушка, деди шар жооп берип аран турган жаны.
-эмнеге келбейт, деп телефондон анын номурун терип корду эле очурулгон деген жоопту алды.
Ошентип биринчи кубанычтуу кунун болушоорго адам жок, ар кун кирип жургон жайы козуно оон учурап жатты, кара коздун жоктугунанбы же иш кунун эмнеден баштарын билбей жатканынабы.
Туштон кийин шефи озуно чакыртып кара коздун кайдалыгыны билип келишин буйруду.
-кайдан издешим керек? дарегин берсениз.
-сен эмне келесоосунбу кайдалыгыны билсем сага айтмак белем, озум эле таап албаймынбы. Бул сенин оз алдынча аткарчуу биринчи тапшырман, деди да каалганы коргозуп койду, чыга бер дегендей.
Кимден сурайт, эмне кылат эми Кудай урбадыбы, дарегин билбейби ушунча журуп, эмне бир дагы жолу уйуно жеткирбегенби. А баса анын оздук баракчасында дареги жазылган да деп кубана басып баратып эсине келди, анын оздук баракчасын кайдан табат ОЗУ жок болуп жатса, бардык иш кагаздар анда сакталчуу эмес беле. Детектив болуп иштоо кинодогудай женил эмес экенин сезди биринчи эле кундо. Жардамга келчуу Ким бар, бирге иштегендерден сурап корсо эч Ким билбейт экен дарегин, алардын бироосу мамлекеттик катто кызматына кайрылып билуусун сунуштады. Эмнеге озунун акылы жетпеди экен мындай кылууга, а балким детектив болуу менин кесибим эместир деп ойлонуп кетип кайра озун ОЗУ бул башталышы ар Ким эле башында кыйынчылыктарга туш келет деп жоошутуп изилдоосун улантканы жоноп кетти. Дагы жакшы толук аты жонун билет экен мамлекеттик каттоого барып дарегин сурап билгенге, Токмок шаарчасында катталган экен дароо эле ал дарекке жоноп кетти. Озунчо рулда отуруп шефинин камрисин тоготпой сындап жургон немеге жургунчулорду ташыган коомдук транспортто бир кыйла эле ынгайсыз болду, шашып жаткан жайына учуп куйуп жете албай. Кадам сайын токтото берген жургунчулордон жадап озун аран тыйып баратып айдоочунун сабырына баа берди, корсо айдоочулук да ар кимдин колунан келе бербейт тура, бир адамды ташып журуп озун кыйынмын деп жургон экен. Акыры жетчуу жерине жетип шаша маршруттан тушуп калып артынан узата карап туруп, акчасын ар тарапка чачпай топтоп шалдыраган болсо да менчик унаа албаса болбой турганын тушунду.
Айтылган даректеги уйго келип сыртынан биразга карап туруп ичкери кирди, сырты кадимки эле катардагы эскилиги жетип бара жаткан уйлордой корунгону менен ичи бир башкача жагымдуу экен, жонокой буюмдар озгочо табит менен жайгаштырылып тыкан жыйналган.
-ким бар, деп кыйкырганча кирип келсе тошокто жаткан эркек адам бар экен башка жан жок, атасы болсо керек деп боолгоп кара коздун аты жонун айтып сурап калды,
-сиздин кызынызбы?
Ал кишиден жооп болгон жок, анын суйлой албаганын кеч тушунду Асылбек. Коншуларынан сурайын деп чыгып баратса арыдан бир аял келе жаткан экен, жазбай тааныды ал кара коздун апасы экенин, жашы отуп баратса да коздору кызыныкындай жанып турат.
-саламатсызбы мен кызынызды издеп келдим, жумушка чыкпады, телефону да очурулгон.
-кел балам, ал айтпаган экен да, жумуштан чыгып башка акчасы кобуроок жумуш карайм деп жаткан, Россияга кетемин дегенинен конбой койгом. Кечээ келип башка жумуш тапканын эми копко келе албастыгын айтып кеткен, атасы оорулуу болуп калып байкуш кызыма туйшук тушту, инилери жаш, мен болсо оорулууну карап колум байланып, деп козун жашылдантып алды апасы.
Жанда жок боорукерлиги кармап чонтогундо болгон акчасын сууруп чыгып апасына сунду,
-а макул эже, бул кызыныздын акыркы айлык акысы, албай кетиптир шеф менден берип жиберди.
-рахмат балам, бирок мен албайм озу барып алаар, уйго кирип чай ич деди.
-жок эже мен бир дайынын билгени эле келгем, тез кайтпасам болбойт. Бул акчаны алын эже мени дагы кичине аяп коюн, озун таппаганым аз келгенсип айлык акысын да бербей кетсем шефим мени тилдейт, деп акчаны кармата салып басып кетти.
-а баса эже, анын Шаардагы курбуларын билесизби?
-жок билбейт экенмин. Токтой турчу деп уйго кирип кетип телефонун которуп чыкты.
-менин телефонум жооп бербей калса бул номурга чалгыла деп бир номурду берди эле, ушуга чалып корчу жазып ал, деди телефонун сунуп.
Ал номурду кочуруп алып кара коздун апасы менен жылуу коштошуп жолго чыгып, келе жаткандагы коомдук транспортту эстеп жакшысы такси менен эле кетмей болду. Качан таксиге отурганда гана чонтогундо бир сом да акча калбаганын сезип, суйлонуп алды.
-мына сага менчик унаа, жада калса бироонун унаасына акы тологонго акчан жок дагы кыялданып коесун, мынтип журсон сенде унаа эмес жубай дагы болбойт.
Жанында отурган айдоочу тушунбой,
-эмне дедин? деп сурап калды.
-байке кечиресиз акчам калбай калыптыр жумуштан алып чыгып берем.
-эч нерсе эмес, баары бир жеткенде бермексин да, алдабасан эле болду.
-аа айтмакчы жеткенде берем да ээ ырас эле, деп коюп оз ою менен алек болуп кетти. Кара коз сен ушундай кучтуу адам белен, оор жукту которуп жургонун аз келгенсип жузундон жылмайуу кетпейт. Менчи озумду озум бага албай ата энемдин мойнунда журуп да наалыганым наалыган. Мен сага созсуз жардам берем, сен чонтогу калын эркектерди тандаганга акын бар, деп ойлонуп баратып кечээки кунду эстеди. Ооба кара коз сен акчасы коп жумуш деп ага кеттин, билем Орозбаевге кеттин, кечээ ал жонундо билип жаткансын. Мага окшогон бир шумпайга жолукпай озун таап барганынды, ал менен бактылуу экенинди билсем болду сени сындабайм, бирок биздин шеф деле озун айтмакчы саран эмес экен деп эки анжы ойлордун кучагында жумушуна жетип келди. Кирип барып шефинен такснин акысын берууго акча сурап калды.
-мен саг кечээ эки жылга жете турган акча бергем кана ошол? деди шефи.
-уйдо калтырып коюпмун, эртен алып келип берем.
-жок сен аны бир кызга бут сарптап койдун. Сенин ушинтээринди билип бир жыл акынды бербей топтоп бир нерсеге жаратып алсын десе.
-жок шеф бар уйдо, аз гана алгам четинен аны да тушуруп койдум.
-ах сен адам болбойсун, деп капчыгынан акча алып чыгып сунду.
Таксини кетирип коюп кайра кирип болгон билгенин айтып баштады эле,
-мага маалымат таап кел деген жокмун, озун таап кел, деп кунк этти шефи.
-тушундум, деген боюнча сыртка атып чыкты, антпесе шефинен дагы кагуу жейт. Кара коз айтмакчы Асылбектен гана ачуусун чыгара тургандай, аны корсо эле тилдеп жатып калат.
Апасынан кочуруп алган номурду терсе ал да очурулгон. Билайн компанияга барып териштирип ал номурдун кимге таандык экенин билип ал кызды да издей баштады. Кара коздон айрымаланып курбусун тааныгандар коп экен, тааныштары аркылуу жашаган батирин да таап келди. Кара коз экоо бир батирде турчуу экен кечээ ээсине ачкычын кайрып берип чыгып кетишиптир, андан кийинкисин эч Ким билбейт. Асылбек Эми накта тунгуюкка келип такалды.
Жоок андан айла качып кутулчуудай эмес, коп ойлонбой кызыл койнокчон кымча белдин номурун терип кирди...

Уландысы бар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Bazana   08 Октябрь 2018 - 13:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 605
  • Катталган: 20 Март 16
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:39
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Татарстан

Жаз авторгул
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   sumaika   08 Октябрь 2018 - 14:30

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 108
  • Катталган: 24 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2022 10:17

Кутуп жатабыз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   maralum93   08 Октябрь 2018 - 20:11

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 48
  • Катталган: 06 Апрель 18
  • Соңку аракети: 22 Авг 2020 01:43

Автор сиздин чыгармаларыңыз менен ооруп калдым..... Билбейм туюмум сизди мырза жазат экрандын ар жагында дейт...... Бирок сиз айымын деп айткансыз... . Эмнеси болсода автор сизге ийгилиик! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Bazana   08 Октябрь 2018 - 20:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 605
  • Катталган: 20 Март 16
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:39
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Татарстан

Мен дагы ооруп калдым ). Адабият болумун тыншап эле отурамго.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   ALATOOLUK.JIGIT   08 Октябрь 2018 - 21:35

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 210
  • Катталган: 13 Апрель 16
  • Соңку аракети: 06 Фев 2021 18:36
  • Жынысы:Эркек

Автор,оз атыныз ким?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Kg.lady   09 Октябрь 2018 - 00:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Улантыныз.

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Dimedra   09 Октябрь 2018 - 16:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Анысы да телефонун которбойт. Кудай жалгап кокустук болуп барып калган даректи унутпаган, дароо эле ал тарапка жоной берди. Каалганы такылдатып туруп эч Ким ачпаганда шабайы сууй тепкичке кочук басып отура кетти. Ооба эми ал мага эшик ачпайт, ачса да суйлошпойт деп отурганда шарактап лифтин оозу ачылып кымча бел чыга келбеспи. Аябай чарчаганы корунуп турат, баягы озу эки жолку жолугушууда коргон кыз жок, чон сумканы ийинге аскан кадимки кыздардай жинсы шымды кийип чачты бууп койгон. Анын бул корунушу Асылбекке ото жагымдуу корундубу
-жаратылыш баары бир бизден акылдуу да, кимге эмне керек экенин жакшы билет, деп суйлоп жиберди.
Мандайында турган жигитке карап кабагы салынкы турган кыз ачуулана,
-эмне атайын убактынды аябай мени шылдындаш учун келдинби, деди.
-жок сен туура эмес тушунуп алдын, ушул турушун сага ото жарашат экен. Жанакы Орозбаев дегенге окшогондор бир суйсо ушундай жасалмасыз кыздарды суйот.
-барчы ары, менин тынчымды алба. Азыр ОЗУ да аябай чарчап турган учурум ачуумду кимден чыгарышымды билбей, деп ачкычын кулпуга сала бергенде шашып калган Асылбек темирден болгон каалгага жолоно берди.
-мен ыраазымын.
-эмнеге?
-ачуунду менден ал каалашынча, бирок азыр мени ук. Жумуштан чарчап келе жатканынды коруп турам, мен да чарчап келдим.
- чарчоонду кандыра турган жайды тапкан экенсин.
-жок ай укчу, мага сенин жардамын керек абадай, таза суудай, менин маселем олум менен омурдун ортосунда. Сенде такыр адамдык сапат жоктугуна, кырчындай кыздын омуру кызыктырбасына ишенбейм, деп туруп калды, бул жагын ашырып жибергенин сезсе да билдирбей. Кайдан билет кара коздун омуру балким коркунучта эмес эле жыргалчылыктадыр, андай болсо тиги курбусучу, же ага дагы бир чон балыкты кармап берди бекен.
-мен эч кимдин омуру менен ойногон жокмун, а башкалардын арасына тушо турган алым жок. Мага десе бири олуп бири калсын, мага озумдун жугум жетээрлик болуп турат.
-мен сенин жугунду которушом, бир айлык кредитинди толойм, каалайсынбы эртен алып келип берем.
-эмне болду анчалык?
Кыздын созго келгенине суйуно тушуп,
-уйго чакырбайсынбы? Бул узун тема, деди.
-кыялданба, деп кирип кетээрде аран токтотуп,
-мага жанакы Орозбаев деген жонундо маалымат керек, сен аны коптон бери билесин сыртынан болсо да, кантип таап барса болот? деп шаша сурап жиберди.
-барчы ары, бул тушунду сууга айт, деп уйуно кирип каалганы жабаарда бутун тиреп,
-эки айлыгын толойм, кийин ал менен таанышышка жардам берем планым бар, озун айтпадынбы мен ага аябай окшойм, деди акыркы мумкунчулугу экенин билдире.
Биразга ойлонуп туруп ыйга келген кыз каалганы бош койду.
-3 айлыгын, кийин планынды азыр айтасын Эгер мага жакпаса 4 айлык кредитти толошуно тура келет.
-келиштик ал учун мен ичкериге киришим керек соз узак деп уруксат сурап туруп калды.
Кир дегендей унсуз гана артына бурулуп басып кеткен кызга карап туруп озуно келе калгандай каалганы кулпулап аны ээрчий басты.
Телевизордун алдындагы тартмайдан бир топ гезиттин кыркындыларын сууруп чыккан кыз арасынан терип торт беш кагазды сунду.
-сенде андан башкалары да барбы? деп сурап жиберди Асылбек колун сунганча кыздын колунда калган башка гезит барактарынан козун албай.
-сенин ишин болбосун керегинди ал, азыр ойлонуп калышым мумкун. Озундун маселен боюнча суроо бер.
-кечир жон эле адамча кызыгуу, деп сунган гезиттерин алып окуп кирди.
-сен байланышка чыгып корбодунбу бул жерде жазылган номур менен? Кийин буларды эмнеге топтоп журосун?
-Адамча кызыгуун ашып кетпей элеби?
-жок мен маселе боюнча эле сурап жатам. Кыздардын ой жугуртуусун тушунуш учун.
-бул Адам олкодогу жаш бай адамдардын бири башы бош, кайсы кыздын багын ачаары белгисиз. "Ким билет балким ал мен болуп калаармын" , деп кутуп отургандар бар а мен антип кутуп отура албайм, аракет кылышым керек, мумкун мен болуп калаармын дебейм албетте мен болушум керек бул менин акыркы мумкунчулугум. Аялдарды тушунгун келсе ук, бизде ар дайым экинчи жол бар, башкалары болсо ошол экинчи жолум. Байланышка чыгууга мумкун эмес ал жерде жазылган номур редакциянын номуру. Редакцияга чалып алар тандап кийин Орозбаевге жеткиришет имиш, мындайга сен ишенишин мумкун мен эмес. Эмне ал кабарчылар анын апасы беле баласына келин тандагыдай, болбогон бир окуяны ойлоп таап алышыптыр. Алар акча иштеш учун атайын туз номурун жазышпайт, редакцияга барасын алар айткан суммадагы акчаны бересин кийин алар тааныштырып коюшу мумкун. Бул жол менен барсан кудум сен айткан миллиондун бири болосун каласын.
Акылы тайкы деген кыз ушунча ойлонуп иш тутса анда акылдуусу кантет булардын деп эси оой анын оозун тиктеп отуруп калды Асылбек.
-эй сен эмне?
-аа тиги сенин айтканынды ойлонуп калбадымбы. Кызык бул тузакка коп кыз тушот болду бекен. Айтчы сен мунун баарын билип туруп дагы ага жакын болгун келдиби. Эгер сен айткандай болсо ал кишинин кабарчылар менен тили бир го дейм.
-хе, албетте бир. Суйуу окшоштукту жактырат дегенди уккансынбы, ар ким озуно окшошту суйот. Менин жасаган аракетим да Орозбаевден кем калбайт, ал кыздарды алдай алса мен андайларды алдай алам. Откондо аларды баарын билет дебединби, адашасын алар биздей жонокой адамдарды билишпейт, билесинби эмнеге? Анткени андайлар бизди каршылаш катары кабыл алышпайт, озунун акылдуулугуна машырканган адам башканын акылындагыны билууго чамасы жетпейт.
-акыркы созуно кошулам, ага мисал озун болбодунбу мага алданып. Бирок айтчы Орозбаевди эмнеге андып журосун андай жаман адам экенин билсен.
-мени кемсинткенинди тамаша деп кабыл алдым, бирок сага качан айттым аны жаман деп. Болгону ал ошондой адам, жаманбы жакшыбы аны териштириш биздин милдет эмес.
-ооба сенин жашоо тартибин менен караганда чындап эле суйуу окшоштукту тандаса керек.
-ээй болду жетишет, мен сени мугалим кылып жалдап келген эмесмин, планынды айт.
Кыздын мындай чечкиндуулугун коруп аялдын амалы алты эшекке жук дегенге аргасыз ынанып отурду. Откондо коргон кымча бел назик эрке кыз менен азыркы алдында ааламды акылында калчап турган кызды салыштырып болбойт эле, кантип бир денеге эки башка адамды батырып жургонуно тан.
-планым озгоруп кетти айткандарынды угуп отуруп. Кел экообуз бирге план тузолу.
-анда торт айлыгын толойсун.
-ал канча болот?
-алтымыш мин.
-ото эле коп эмеспи устундо шефи бар адамга.
-а сенин суроолорун аз болуп жатат деп ойлойсунбу.
-макул мен макулмун, бирок сен планды иштетууго жардам бересин.
Оздору тан албаган эки окшош адам бирге отуруп план тузуп жатышты талашып тартышып.
-а сен эмне мынчалык ага кызыктын, же сулуу балдарды да издеп жатыппы байкебиз, деп сурап калды кыз бир убакта.
-жок ай, сен эмне деп турасын?
-айтам да, туну да шефин телефон кыла бергенине кубо болбодумбу, аябай эле тилдеди го кызганып, деди кыткылыктап.
Асылбек да ага кошулуп кулуп кара козду издеп жатканын айтып берди.
-эмнеге дароо анын жанынан издешин керек?
-кызганып жатасынбы миллионеринди? Ооба кызган ал ошого арзый турган кыз перидей деп суктануу менен берилип айтып берип жатканын коруп тултундай тушту.
-болду мага анын кызыгы жок, мен кыздарга кызыкпайм. Сулуу болсо эле Орозбаевдин жанында болуш керекпи? Андай болсо анчалык деле мактабай койсон болот, мээси тооктукундай эле болуш керек рас анын жайган тузагына тушуп берсе. Кордунбу алар кимдерге тор жаят, сулуу акылы аздарга, а мен андай эмесмин.
-ооба сен андай эмессин, кара коз озгочо сулуу, деди тийише.
Кагаздарын жыйнап унсуз туруп кетип бараткан кыздын колунан кармап жалооруй тушту.
-тамашаладым, мен деле сенин создоруно чыдап отурам го.
-сен эркексин айрымабыз ошондо. Мен тамашаласам да сенин эркектик намысына тийчуу соз айтпадым, тамаша создун чеги кай жерден бутоорун жакшы билем.
-кечир куноолумун. Анын тиги миллионер тууралуу окуп жатканын коргом коп жолу, бугун уйуно барып абалы кыйын экенине кубо болдум. Ал Орозбаевге жагып калып кол кармашып кеткен болуш керек деп ойлогом, сен оюмду озгортуп жибердин. Чындап эле бул жайылган тор болсо ал кыйынчылыкта турат эки эсе кобуроок шашылышыбыз керек, болгон акчасын алдатып кое электе.
Кымча бел да ойлонуп туруп макул болгондой жылмайып койду.
-мен жумуштан калган кунумду компенсацияласан эртен эле ишке отобуз.
-сен мындай болсон миллионердин да акчасын аз убакытта туготосун го.
-комплемент айтканын учун рахмат. Кудай бизди ошон учун жараткан, антпесе эркектерде акча табуу кызыгуусу жок болмок коротушту билбегенден кийин. Азыр бара бер, эртен канча алып келишти билбей жатсан жардам берип коюушум мумкун, кунуно кетирген чыгымдан сырткары мин сомдон тапчуумун, деп жылмая басып калганы ачып ийиле колу менен сыртты коргозуп туруп калды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Bazana   10 Октябрь 2018 - 15:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 605
  • Катталган: 20 Март 16
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:39
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Татарстан

Качан улантасыз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   uikuchu   10 Октябрь 2018 - 20:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 353
  • Катталган: 28 Июнь 17
  • Соңку аракети: 13 Июл 2020 16:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Аксы

Кутуу
жашоо -жакшы, жакшы жашаш Андан да мыкты!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Nazka29.07.91.   11 Октябрь 2018 - 09:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 152
  • Катталган: 09 Август 18
  • Соңку аракети: 02 Ноя 2018 12:56

Качан жазасынар
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   nur_ice   11 Октябрь 2018 - 12:19

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 16 Май 17
  • Соңку аракети: 02 Июн 2020 18:09
  • Калаасы:Ордолуу Ош

Жазынызчы автор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Nazka29.07.91.   11 Октябрь 2018 - 16:54

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 152
  • Катталган: 09 Август 18
  • Соңку аракети: 02 Ноя 2018 12:56

Кутуп жатабыз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Dimedra   12 Октябрь 2018 - 00:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Кичине колум бошобой жатат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 06 Авг 2025 01:51

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: