Konulum kaldy senden.
КҮНДӨЛҮК... Ар бир күн форумчунун көзү менен
#5402 15 Июль 2018 - 13:18
Эх эскерүү!
Бул күндү соонун маанайда өткөрчү элек го учурунда?
Көп нерсе айткым келди, бирок азыркы учурда сенден да жакын болгон, кымбат адамдарымды капа кылып алуудан корком. Балким бул коркуу сезими жакшылыкадыр?
Туулган күнүн менен!

#5403 11 Сентябрь 2018 - 06:00
Аяк оонанын ону. Түнкү 02:55 уйку жок, а үй ичи караңгы каптаган жым-жырттыкта тунжурайт. Эшикте болсо күн бүркөө. Билинээр-билинбес дыбыраган жаандан чогулган тамычлар шыптан терезени көздөй кулап, тырс-тырс эте үн чыгарып тынчтык бербейт. Арыраактан шуулдаган ичке коңуруктар тамчынын доошунан калышпайт. Ооба, күндүзү кечке иштеп чарчашкан чыгаар байкуштар. Жумуштарынан келип эле алыстагы сүйүктүүлөрү,
чүрпөөлөрү менен чер жазыша, көздөрүнө жаш келгенин жашыра сүйлөшүп калышат...
#5404 21 Сентябрь 2018 - 14:16
21.09.18 мына дагы бир күнгө карыдым. Абышкам келсе экен тезирээк. Уулум экөөбүз күтүп жүрөбүз.
#5406 14 Октябрь 2018 - 14:41
14.10.2018.
Бугун демалыш. Кана эле баарын унутуп уктап калсам,кана эле ошондой болсо?
А эгер, чындап эле бул азаптан кутулуу учун уктап калсам,суранаарым, мени ойготпогулачы. ..
Бугун демалыш. Кана эле баарын унутуп уктап калсам,кана эле ошондой болсо?
А эгер, чындап эле бул азаптан кутулуу учун уктап калсам,суранаарым, мени ойготпогулачы. ..
#5407 16 Октябрь 2018 - 01:35
...адамдардын кыйынчылыктарды баштан өткөзүп аткандарын,
бир нерседен кыжаалат болуп атканын, бирөө менен айтыша кеткендигин жбус нерселерди айтып арыздана бергенин такыр кыртышым сүйбөйт. бүгүн ошондой окуядан 2 штук катталды, кошоктошум.
экөө тең мага жакын адамдар.
бири телефондон айтып бүткөндө бир аз кеңешимди берип, мага андай нерселерди айтпачы, мени да ансыз да нервдендирбей, - деп катуу айттым. бирок, ал кайра эле айта берчү адамдардан )). ошондуктан жаңы порцияларды да күтөм.
ал эми экинчиси болсо, группадан вотсаптагы. группага көпкө кирбей, анан кирдим. акылына келгенби, мурдагы билдирүүлөрдү жок кылыптыр.
өзүм андай нерселерди дайым ичиме жуткандыктан, башкаларды да ушундай болсо дей берет окшойм. мунум кемчиликпи же өзүмчүлдүкпү билбейм, бирок, мен өзүмдүкүн туура көрөм баары бир.

Contra vim mortis non est medicamen in hortis
#5408 16 Октябрь 2018 - 01:53
жаны билдируулор темасын ачтым кирсем баары кыска кыска экен анан мен ойлодум азыр бугунку кунумду эле жазсам бул страниц 272 эмес 273 болуп калат экен

#5409 19 Октябрь 2018 - 19:21
Куз. 19- октябрь, саат 19:21. Журогум бугун дуку-дук... Суйуу келген чыгаар.....
#5410 19 Октябрь 2018 - 19:29
Бугун 19-октябрь жумуштарды бутуруп уйдо эс алганы келдим...акыркы кундору аябай чарчадым..азыр кайра жумушка барам..ошентип окшош кундорду откозуп жатам

#5412 02 Ноябрь 2018 - 09:10
Кудайга шүгүр. Иштерим "шыр" эле алдыга жылып кетсе Кудай буйруп. Жакшылыктан үмүт үзбөйм.
Жашоо кыйын. Бирок, мен да оңой эмесмин....
#5415 06 Ноябрь 2018 - 15:32
ыйлай берип эле омурум отуп кетип атат кундолук...же нары же бери кылып салат окшойм баарын.Турмушум ото берет ыйлап сыктап.
<здрасьте
#5416 06 Ноябрь 2018 - 20:58
Ээрте мн саат 5те аэропорттон ата-энем,бир туугандарым жылуу тосуп алышты.
Анан тан атпай уйго жонодум,таксиге салып коюшту. Бир козум жумулбай уйго жетип келдим. Кайын журтум башыман суу тегерентип тосуп алышты. Ыссык манты жеп бутуп обедке чейин уктадым. Эч конулум толбой койду го,чиркиндики! Мынча супсак ээ суйгонун алыста калса, комнатана кирсен анырайып орду билинсе. Калптан жайдары келин болуп кунум отту. Сагыныч менен,кусага жашка толгон кунум менен отту. Бир кун , эки кун, уч кун... Анан желим чыгып коз жашка моюн сунуп алсызданып калам. Ошо.

#5418 11 Ноябрь 2018 - 23:53
Мен сени куттум,куттум,куттум аай... Журогум ооруп турат сага жете албай...

#5419 16 Ноябрь 2018 - 18:39
Ооба бугун сени кордум,озгоруптурсун.
Жай гана майыптар арабасында олтурупсун.
Бара алган жокмун абалынды сурай албадым себеби сага барып абалынды сураганда сен башка нерсени умут кылып баштамаксын.
Корктум мен...
Жай гана майыптар арабасында олтурупсун.
Бара алган жокмун абалынды сурай албадым себеби сага барып абалынды сураганда сен башка нерсени умут кылып баштамаксын.
Корктум мен...