Билдирүүнү түзөткөн: Salkynaika90: 15 Сентябрь 2018 - 22:38
Айтылбаган сырым...
#1 15 Сентябрь 2018 - 22:36
Салам достор! Томондо менин ачкан темам бар эле, негедир аны уланткым келген жок. Силерге тушунуктуу болуш учун азыркы болуп жаткан абалымды жазгым келди. Анда эмесе соз башынан болсун...
#2 15 Сентябрь 2018 - 22:58
Мен Жалал абадан болом. Кичинекей кезимден бери ушул озумдун оюмду айтып жеткире албаган сапатым бар. Башымдан коптогон нерселер отту, эл катары студент болдум, коп эле балдар менен таанышып, ылайыктуусу менен кыз жигит да болуп журдум. З курста окуп жаткан мезгилде ата энемди жалгыз инимди сагынып, айылга жономокчу болуп калдым. Автовокзалга келип, такси карап жатып бир жигиттин козуно урунуптурмун.
Ошентип ал жерден таанышып, болбой жатып номеримди алып калды. Айылыма аман эсен келип алган сон чалып журду. Башында чындыгында маани бербей журдум. Кунуго тажабай чала бергендиктен бир эки жолу жооп берген сон мамилебиз дос катары уланып кетти. Каникул убагы да бутуп, шаарга келдим. Бул жакта байкем женемдер менен чогуу турчумун. Баягы бала (аты Эрнис) жолугалычы деп кунуго суранганын койбойт. Ошентип бир куну жолуктук. Бири бирибизге суйлошуп жургонгобу бат эле конушуп кеттик. Мага суйуусун билдирди. Жолукканда эле машинасына салып шаардын четине понарамага барып келеличи деп суранган эле. Бул кун мен учун ушунчалык жагымдуу унутулгус кунум болду. Мен дагы ушунчалык чын журогумдон жакшы коруп баштадым. Убакыт, кундор учкан куш сымал ото берди. Жашоом да башка нукка бурулгандай болду. Сабактан сон уйго келип даярданып суйгонумду кутуп турам, экообуз машинага тушуп алып шаар айланабыз. Кечке маал тамактанып алып анан уйго жеткирип келет. Мен учун аны менен откоргон ар бир кунум кызыктуу жана эсте калаарлык эле. Уйго кирээрим менен жанына кайра баргым келип, аны алыстаткым келбей ушунчалык кундог кунго катуу суйуп бараттым. Эрнистин да мага болгон суйуусу меникинен кем эмес эле.
#10 02 Октябрь 2018 - 18:29
#11 02 Октябрь 2018 - 19:48
#12 03 Октябрь 2018 - 21:17
Кундор ото берди. Экообуздун суйлошуп жургонубузго эки айдай болуп калды. Бул аралыкта бири бирибизге таарынышып кеткен убактыларыбыз такыр болгон жок. Ушундай жонокой жан дуйносу таза балага жолугуп минтип бат тил табышып калганыма кудайыма мин мертебе шугур айтаар элем. Ошентип бир куну мага уйлонуу тууралуу соз баштап калды. Алгач укканда коз алдыма мамамдын айтканын элестетип кеттим. "Окуунду аяктап анан турмушка чык, болбосо ар кандай нерселер болот, балалуу болосун, озун эле кыйналып каласын "дечу. Тушундуруп айтканга болгон жок. " Жаным эгер мага турмушка чыгуу тууралуу кечирээк ойлоном десен мени таарынтасын.
Эртеби кечпи бары бир сага гана уйлонгум келет. Эгерде уйундогулор каршы болушса ала качты кылып алып кетейин, соз берем сени эч качан ыйлатпайм, колум да тийбейт, андайды жаман кором ж.б коп создорду айтып жатты. Байкем жумуштан келе турган убак болуп калгандыктан коштошуп уйго кирдим. Мамама чалып аркы беркини суйлошуп отуруп четин чыгарып айтсам сразу окуунду бутуруп анан кетесин деп чекит коюп койду. Ал кундору экообуз таарынышып копко суйлошпой журдук. Акыр аягы мен аларды кондурдум. А биздин мамилебиз
#14 05 Октябрь 2018 - 22:37
Мурда кандай болсо ошо бойдон уланып жатты.Экообуз уйлонобуз деп чечимге келгенден бери бирибирибизге болгон сезимибиз кучоп, кунуго жолуккандан баштап коштошконго чейин ошол темада суйлошобуз.
Ал айтат уйумдогулор свадьба кылсак айылга да той бериш керек, ( негизи ата энеси айылда турушат) ошентип ата энелерибиз чогуу жолугушмай болдук. Менин да ата энем шаарга келишти. Кандай соонун бактылуу кундор, озумчо толкунданып суйунуп журдук. Даярданып эртеси алар даярдаган кафеге жоноп калдык. Жетип келген сон папам мамам кирип кетишти. Мен машинасын коруп жанына барып отурдум, кучакташып эле озунчо жыргап алдык)))))). (Козумо жаш тегеренип, бир бактылуу болуп алдым.).
#15 08 Октябрь 2018 - 10:35
Ой аззамат аягыначейин бактылуу болсонор екен бай болгурлар менда коз тийбесин шугур аябай бактылуумун.