Эч кимди чакыра элегинен пайдаланып суроолорумду берип калайын...
1) Өзу реалда кандай кызсың, дегеним вирттеги студентка канчалык деңгеелде реалдагы Гулинаны чагылдырат?
- Реалда сүйлөшү п көрсөң анан билесиң. Жөпжөнө көй эле кызмын

2) Жактырган макалыңды түшүндү рүп берчи жана сага канча үйдөн тыйуу бар?
- Ал чыгарма орусча айтканда "теория множественности интеллекта" жөнүндө . Америкалык писхолог Гарднердин айтуусу боюнча адам баласы эң эле аз дегенде 8 түр талаттын ээси экен.
- Мага ар тараптан тыйуу бар, жада калса ушул жерден да тыйгандар бар мени


3) Жогоруда айтыпсың го: "үйдө гүлөр жених таап ошо менен жолугушууга баргамын" - деп, ошо не болду?
- Ал киши менен болгону эки эле жолу жолуктум (ошол күнү; ал күнү не официалный жолугушуу болчу, андан кийин бир жолу жолуктук). Менимче жылдызыбыз келишпеди окшойт, андан кийин сүйлөшпө й калдык.
4) Кесибиң мугалим экенин билет элем, мага кайсы сабактан окутаарың кызык болчу?
- Англис тили.
5) Эгер өзүң дүн студенттиң ди сүйүп калсаң кандай кыласың?
- Жогоруда айтпадымбы, өзүмдө н кичүү жаштагыларга көңү л бурушум мүмкүн эмес деп.
6) Сенин сүйүү ң менен ата-энеңдин эсептешкиси келбесе б.а. башка бирөөнү сага таңуулап жатса, кандай иш-чараларды көрмөксү ң?
Сүйүү ң үчүн күрөшө сүңбү же ошо ата-энең тапкан жигитти сүйүшкө аракет кыласыңбы?
- Үйдөгү лөр менин жеке турмушума таасирин тийгизе алышпайт, т.а. жеке турмушумду өзүм чечем. Болгону менин бактымды ойлоп кеңешин айтып тилдеши мүмкүн. Эгерде алардын таасири болгондо мүмкүн мен азыр балалуу да болуп калат белем, ким билет. Ата-энемдин мындай мамилесине терең ыраазымын.
7) Өз жашооң өзүң дүн колуңдабы же тагдырың а баш ийип "бешенеге жазылыптыр да" дейсиңби?
- Бул жөнүндө азыр ойлонуп бүтө албай жатам. Кечир жооп бербей эле коёюнчу.
8) Саясатка кызыгасың бы? Азыркы Кыргызтандагы абал сенин көз карашыңда?
- Саясаттан алыс эле болгум келет. Ансыз деле элдер саясатташып кеттик. Буюрса баары тынчыйт. Баары өз ордуна келет деп ишенем, болгону элибиз кичине сабыр кылышса дейм. Ансыз деле көп кишинин өмүрү кетти.
9) Аялзатынын эң бактылуу көз ирмемине эмнени айтаар элең?
- Эне болуп, бала жытын жыттоо. Аны татыктуу тарбиялап, өстүрү п, небересин астына алып отуруп, эркелетип жомок айтып берген учурларды эңсей берем. Баланын тарбиясында эненин ролу аябай чоң мааниге ээ деп билем.
10) Суроолорум тажаткан жокпу?
- Жок. Тескерисинче мени аябай таасирлентти. Негизи жеке жашоом жөнүндө суроолорго түз жооп бергим келчү эмес, бирок азыр аларга да жооп тапканыма сүйүнү п атам

Жоопторуң а рахмат. Ар дайым бакыттын кучагында, жакшылыктарга оролуп жүрө бер. Ийгиликтер ар бир кадамыңда коштосун. Анан да өз түгөйү ңдү эртереек эле таап ал ок ...
Урматым менен kom
- Рахмат. Айтканың келсин. Мүмкүн ал убак да алыс эмес.
Билдирүүнү түзөткөн: studentka: 15 Май 2010 - 03:30