Жыртык жүрөк Эң алгачкы бизди эмес...
#842 30 Октябрь 2018 - 21:49
-Кандайсыз эжеке, дагы тряпка барбы?- мени тушунбой тиктеп калды.
-Эжее, мен азыр бошмун, жон отурбай сизге жардам берейин, тряпка менен мээлей барбы? Экоолоп тазалап жиберели.
-Аа... жон эле гой алтыным. Озум эле... кечээки эс алгандар ото булгап кетишиптир, шампан аттырышкан окшойт.
-Эч нерсе эмес, эже келиниз...
Мага билгизбегени менен суйунуп кеткенин жузунон байкадым. колума мээлей кие экоолоп кузгулордун баарын жуудук. Ал ортодо эженин уч баласы бар экенин, куйоосу ичкич экенин айтып отурду. ушинтип кечке колун суудан чыгарбай уч жуз сом алаарын угуп чындап боорум ооруду. Тубун гана тушкур дунуйо, кара кечээ мынтип бироо суйлошкон кызына он мин сомго бир букет чоп... чоп эмей эмне? роза белек кылып жатат! Бир жумада жок боло турган чопко! А бул эжечи, балдарынын кара курсагы, он мин сом канча кун иштеши керек? Дубалды жууган сон столдорду аарчыдык, туалеттерди, раковиналарды жуудук. Эже улам эле "Жон эле кой" деп болбойт. Когоруп кошо кылышып журо бердим. Озумдон озум жиним келе, жинимди жумуштан чыгарып жаттым. Швабраны кармап алып кире бериштин полун жышып жаткам. Баткак болуп калыптыр. Эшиктен кирген Дастандын мени тиктеп турганын байкаган жокмун. Бироо артымдан карап тургандай богон, бурулсам Дастан экен. Башымды ийкеп учурашып, озумду кармай ишимди уланта бердим. Эже экообуз баарын жыйнап буттук.Колумдагы мээлейимди чечип, колумду жууп жатсам, эже ыраазычылыгын айтып, алкап жатты. Кылганым арзыбаган иш экенин айтып, арызымды колума алып Дастандын кабинетине жонодум. Кирсем Дастандын маанайы жакшы экен. Ананчы кечээ сонун кун болбодубу. Мени коруп:
-Ооо.. кел Аида, как раз сени чакырайын деп жаткам. Кечээ ото сыйлуу конокторумду татыктуу тейледин. Башын ооруп жатканына карабай. Азамат. Сага бугун премия тапшырайын дегем. Кандай анан жакшы болуп калдынбы?
-Рахмат жакшы. - Премияны укканда тушунбой калдым. Арызымды колума кармаган боюнча турган мага Дастан эки мин сомду сунду. Акчаны алып дароо оюума техничка эже келди, анткени ага жардам берип жатып анын жумушу бир топ оор экенине кейип жаткам. Эки мин сомдун мин сомун кайра Дастанга сунуп:
-Дастан байке, рахмат. Бирок мобул мин сомду биздеги техничка эжеге премия катары берип коюунузчу. Мен берсем башкача тушунуп, ынгайсыз болуп калышы мумкун. Кылган иши учун премия десениз суйунуп калат, уч баласы бар. Жумушу ото кыйын экенин бугун жон терим менен сездим. Анын устуно кечээки меймандар чектен аша конул ачышыптыр, адам сыяктуу эмес, жийиркеничтуу булгагандарын артынан бироо жыйнаарын билбеген ондуу.
Ооба, ашыкча суйлоп алдым. досторуна жиним келгенин айрыкча Ханшайымга болгон ачуумду чыгарып жаткандай болдум го. Кээде ушинтип эмоцияма ээ боло албай калмайым бар. Оюума эмне келсе айтып салам. Чын эле алар кандай отурат, эмне кылышат менин ишим эмне? Уяла тушконгобу айтор, эшикке чыкканга шаштым. Жосунусуз суйлогонумо тан калдыбы же мени урушайын деп озун кармадыбы айтор Дастан мени тиктеп кала берди. Сыртка чыгып, Ууууффф деп женилдеп алгандай алдымдан чыккан техничка эжеге:
-Эже сизди шеф чакырып жатат, мени айтты десениз.-деп коюп, шыпылдап Дастандын кабинетине жоногон эжени узата карап алып, раздевалкадан шашып кийинип жаттым. Кетишим керек, мен эмне деп суйлошту да билбей жинди болуп баратам. Жанагы учурда, Дастан "Досторум менен эмне ишин бар, озунду бил! Унчукпай ишинди кыл, мен толоп жатам!" десе эмне кылмакмын? Откондо акча менен бетке чапканым аз келгенсип, эми жакындарын сындап эмне эле кыйын болуп атам? Эми техничка эжени кабинетине жиберип ийгенимди кара?! Дагы жакшы Дастан унчукпайт, ал тушунуктуу, сабырдуу... ошон учун суйом да!
Билдирүүнү түзөткөн: Fortuna1987: 30 Октябрь 2018 - 22:04
#844 30 Октябрь 2018 - 22:12
#845 30 Октябрь 2018 - 22:17
#846 30 Октябрь 2018 - 22:34
#848 30 Октябрь 2018 - 23:21
#849 30 Октябрь 2018 - 23:21
#851 30 Октябрь 2018 - 23:52
#852 31 Октябрь 2018 - 01:22
#853 31 Октябрь 2018 - 01:32
#854 31 Октябрь 2018 - 01:42
Билдирүүнү түзөткөн: semizkyz: 31 Октябрь 2018 - 01:44
#855 31 Октябрь 2018 - 01:58
-Кечириниз, мен жумштан кетейин дегем.
-Эмне болду сага? Себеби?
-Себеби.... билбейм... шарт ушундай болуп калды.
-Кызык, бироо капа кылдыбы?
-Оооба, ой жок.
-Айтчы, ким капа кылды7
-Эч ким.-бурк эттим, кабагымды буркой. Арызымды колуна алып, кабагын буркой Аскат.
-Таак, Аида жумуштан кетип жатканындын себебин мага созсуз айтышын керек. Анткени Дастан сени мага табыштаган, коз салып, жакшы кара деген.
-Дастан? Мениби? Неге? Качан?- Бир заматта жан дуйномду жылуулук каптап, мемиреген бактылуулук аралап кетти.
-Откондо айтып жаткан, жакын тууганы го деп койгом. Анан менден жаман ойлоп журбосун.
Жакшы соз жан эргитет демекчи, кадимкидей элжиреп жанагы ачуум келип жаткан маанайым которолуло тушту. Аскат айткан Дастандын создору мени дагы бир жолу ресторанда калышымдын себеби болду. Кайра жумушка тиешелуу формамды кийип, арызымды айрып ыргыттым. Башкы маселе Дастан болсо, кайра жумуш издегим келген жок. Буюрганын кором да деген ой келди. Баса, негедир менде Дастанга болгон жаны умут пайда болду.
Атам айылдан жер тилкесин алганы менен там салганга курулуш каражаттарына акча жок. Кредит да тогушубуз керек. Бул жылы кредит токсок, эмки жылы кайра жанысын алып ошол акчага уч болмолуу там салмай болдук. Кенешип дагы бир жыл шаарда иштеп турууну чечтик. Атам стройкада шыбакчы, эшик терезе салат, электр монтаждайт, пол салат... кыскасы колунан баары келет. Жаш кези болсо бул убакта кадимкидей бутунан туруп кетмек. Элуудон ашса да жан талашып иштеп журду. Апам бир жыл отсо да мурдагыдай жакшы болуп кете алган жок. Дагы деле алсыз, дайыма текшеруунун устундо. Аймира соода борборунда товар тизип эмес, кассага отуруп алган. Нурмира быйыл мектепти аяктайт. Медерчик апамды айланып чыкпайт. мен болсо Дастанды карап ресторандан чыкпайм))) Эми иштеп жаттым.
Жумушта майлыктарды туздоп отургам. Техничка эженин аты Зулайка. Зулайка эжеге кардарлардан арткан таза нандарды чогултуп берем. Кол тийбеген таза кесим нандарды эже суйунуп уйуно алып кетет. Балдары жеп коет. Мунумду Аскат байкап калды. Жаныма келе:
-Анан Аида сени мать Тереза десем болобу?
-Неге?
-Ашыкча боорукердигинди айтам да.
-Эхх.. Аскат байке, бул боорукердикти жашоо уйротот окшойт э? Себеби нанга жетпей калган кундорду менден артык эч ким тушунбосо керек.
-Ммм даа... жашоодо ар кандай учурлар болот.
-Дем алыш куну эмне кыласын?
-Уйдо болом эс алам. А не болду?
-Мен апама белек алайын дегем, туулган кунуно арнап, кандай белек алаарымды билбейм.
-Апаныздын эмнеси жок?
-Баары эле бар ондуу. Алтын жасалга алсамбы дегем.
-Ааа... кечириниз, мен андай шуру-мончок, алтын-кумушко кызыкпайм, тагынбайм. Тандаганды да билбейм.
-Кой. кантип ушундай болсун? -Тан кала караган Аскатка жылмайып жооп бердим.
Артыбыздан "Он тараптан экинчи стол, кардар келди." деген ундон чочуп бурулсак Дастан туруптур. Бизди жаман коргондой козу менен карап бурулуп кетти. Менюну которуп кардарга жонодум.
Иш кундор. Кун жылып, жука кийинип калдык. айылдан жер тилкесин алганыбызга кубанып бутпойбуз. Эхх.. достор уйун болгон кандай бакыт. Озубуздун уйубуз болсо, дегенге ак эткенден так этебиз. Тапкан акчабыздын баарын кредитке тогобуз. Дастанды дагы деле жакшы кором. Бирок сезимдеримди кичине ооздуктаганга уйронуп жаттым. Конул бурбаганга аракет кылганды уйрондум. Угушума караганда Дастан озуно тиешелуу жеке клиника ачууда. Ошондуктан ресторанга кечкисин эле келуудо.
Кадимкидей иш устундо кардарларды тейлеп жаткам. Аскат ашканада жургон мага келип:
-Залда бир кардар сенин тейлоонду отунуп жатат, бар заказ алчы. -дегенинен менюмду которуп, тескери карап отурган жигитке барып, анын жузун коруп чочуп кеттим.
-Канат? Сенби? Неге келдин?
-Кантет? Алгач кандайсын?
-Жакшы. -Коркуп же кутпогонгобу кыскасы калтырап кеттим.
-Кандай тамактарын бар?-Эч нерсе болбогондой суйлоду.
-Менюдагынын баары бар.
-Менюда сен да барсынбы?, тамаша, сени коргонумо кубанычтамын.
-Канат мени жайыма койчу, суранам.
Заказ берген тамагын жеткирип берип, жанына барбаганга аракет кылганым менен улам бир шылтоону айтып чакырып жатты. Акыры тамагынын акчасын толоп жатып:
-Аида, жумуштан качан чыгасын?
-Канат суранам, мени жайыма койчу.
-Андай кыла албайт экенмин Аида. Болбойт экен.
Терс бурулуп ашканага кирип кеттим. Кыжаалат боло ары-бери басып жатканымды Аскат байкады. Ага баарын айтып бердим. Канаттан ушунчалык коркуп калыптырмын. Эми бул жолу ресторандан созсуз кетишим керек. Артка жол жок. Калтыраган колдорум менен Дастандын иш болмосуно кирдим. кабатырланганга коздорум элейип калса керек.
-Дастан Абишевич, мен срочно кетишим керек. Мумкун болсо айлыгымды дароо эсептетип бере аласызбы?
-Эмне болду сага Аида?
-Тиги Канат бугун келип тамактанып кетти. Ал дагы келет. Мен.... кетишим керек.
Мени бир саамга тиктеп турду. Озунчо ойлонуп алып:
-Коркпо, иштей бер. Ал ресторанга кирбейт. Ал эми жумуш буткондон кийин озум жеткирип турам уйуно чейин же Аскат жеткирет. Эч кабатыр болбо, эч болбосо аны менен озум суйлошом. Эч ойлонбой иштей бер.
-Рахмат, Дастан байке, бирок сизге да ынгайсыздык жараткым келген жок.
- Андай болбойт. Иштей бер.
Билдирүүнү түзөткөн: Fortuna1987: 31 Октябрь 2018 - 02:14
#856 31 Октябрь 2018 - 02:22
Билдирүүнү түзөткөн: semizkyz: 31 Октябрь 2018 - 02:22
#859 31 Октябрь 2018 - 11:05
Билдирүүнү түзөткөн: Janum84: 31 Октябрь 2018 - 11:06