Суперстан: Америкадан салам - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Чет өлкөдөн салам!
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (58 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 53
  • 54
  • 55
  • 56
  • 57
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Америкадан салам

#1081 Пользователь офлайн   admin_superstan   20 Август 2018 - 12:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Тема тиешелүү бөлүмгө жылдырылды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1082 Пользователь офлайн   mirlan_kdm   15 Сентябрь 2018 - 22:15

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1
  • Катталган: 04 Март 18
  • Соңку аракети: 13 Май 2020 08:31
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Ассалоому алейкум, туугандар кандай жол менен кетсе болот Америкага? Женил ыраак жолу болсо айтып койгулачы пожалуйста. .. +79774219605 ватсапп номерим
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1083 Пользователь офлайн   Albinoc.piratium   29 Сентябрь 2018 - 16:22

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 194
  • Катталган: 23 Ноябрь 17
  • Соңку аракети: 06 Фев 2025 15:49

Иконки сообщения 

Америка десе эки козум торт. Азыркы учурда айтып коюнуздарчы кантип кетсе болот. Купуямдан кутом (рахмат) алдын ала. Ананда грин картаны кайдан кантип толтурса болот?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1084 Пользователь офлайн   Yago.limon   29 Сентябрь 2018 - 16:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 827
  • Катталган: 17 Май 18
  • Соңку аракети: 13 Янв 2020 10:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алыстамын

Мектепте английскийге кирип кетчубуз ошондо кл.рук " Обама не кылып берди силерге!?Айтчы кана!?"- деп жини келе берчу.Ошол ошол Америка десе ушул соз эске келе берет,азыр да эстеп кеттим :tongue:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1085 Пользователь офлайн   Romantik.   29 Сентябрь 2018 - 21:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 21 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 13 Авг 2024 04:51
  • Жынысы:Эркек

Чет өлкөгө виза алуу оңойбу? Консулдун ишеничине кантип кирүүгө болот?

Айнура Иманбекова (белгилүү себептер менен аты-жөнү өзгөртүлдү) эки жылдан бери АКШга виза ача албай келет. Бир жылдын ичинде үч жолу маектешүүгө киргенине карабай катары менен терс жооп уккан. Болгону "сиз бизди ынандыра алган жоксуз" деген сөздөрдү угуп томсоруп отуруп калган.

Ал туристтик виза алуу үчүн 2014-жылдын январь, октябрь, декабрь айларында кирген. Бир жылдын ичинде виза алууга жардам берем деген алдамчылардын айынан кредит алып, жалпысынан 10 миң доллардан ашык акча жумшаган. Ортомчулар Айнураны болушунча колдонуп, же визадан, же акчадан жок сыздатышкан.

АКШга жиберем деп бирөөнүн 6 миң долларын алып кеткен шылуун кармалды
Бирок Айнура азыркыга чейин үмүтүн үзбөй виза алуунун айласын издеп, консул менен маектешүүгө кызуу даярданып жаткан кези. Ал консулду ишендирүү үчүн керек болсо Түркияга кеткен. Анткени АКШ консулуна үчүнчү жолу киргенинде консул ага "сиздин паспортто башка өлкөгө чыгып, кайра кайтып келген мөөр жок экен. Мүмкүн эки-үч өлкөгө чыгып келе турган болсоңуз, сизге виза берүү боюнча ойлонуп көрөбүз. Анткени мамлекетиңизге кайра кайтып келүү ыктымалы далилдүү болот", — деп айткан.
Мындан улам Айнура айым консулдун ишеничине кирүү үчүн ушул жылдын июнь айында Түркиянын Анкара шаарына улгайган адам багууга иштегени кеткен. Дагы бир башка өлкөнүн мөөрүн паспортуна бастыруу үчүн Германияга барып келе калсамбы деген пландары бар.

Анда Айнуранын абалы тууралуу сөздү башынан баштасак. 30 жаштагы Айнура күйөөсү менен ажырашып кеткендиктен жалгыз уулун өзү багып, үй-бүлөсүнө дагы кам көрүп келет. Атасы үч жыл мурун инсульт болуп дартка чалдыккан. Аны кайра кыймылга келтирүү үчүн көптөгөн акча керек. Ошондуктан Айнура атасына жардам берүү үчүн АКШга эки жылга барып, акча таап келүүнү көздөп жатат. Ал жакка барса туугандары иш таап берип, колдой турганын айтышкан.

"Башка мамлекетте ишеничтүү туугандарым жок. Ошондуктан Америкага барайын деп жатам. Атама операция кылдырууга көп акча керек. Кыргызстандан иштеп тапкан акчам жетпейт. Башкаларга окшоп оорулуу адамды көрсөтүп элден жардам сурагым келбейт. Өз күчүм менен иштеп бутуна тургузам деп жатам", — деди Иманбекова.

АКШга виза алуудагы көйгөй көп кездешет.

Жакында эле "Ата керээзи" тасмасынын чыгармачыл тобу "Оскар" жана "Алтын Глобус" сынактарына катышууга виза ачылбай жатканын коомчулукка жарыялашкан. Анын артынан эле ардагерлер арасында дзюдо боюнча эки ирет дүйнө чемпиону Жаркымбай Шамбетовго виза берилбегендиктен Форт-Лодердейл шаарында (АКШ) өткөн дүйнө чемпионатына катыша албай калганын айтып чыкты.

Талантбек Төлөбеков: АКШга виза берилбей "Оскарга" бара турган топтун маанайы чөктү
Ушундай жагдайдан улам АКШ элчилигине чалып виза алуунун тартиби жана эрежелери тууралуу маалымат алууга аракет кылдык. Телефондон виза берүү маселеси боюнча жооп берген адис маалыматты алардын расмий сайтынан алууга мүмкүн экендигин белгиледи.
Ал эми элчиликтин маалымат кызматы менен байланышып, аталган жарандарга эмне себептен виза берилбей жаткандыгын билүүгө аракет кылдык. Тилекке каршы, маалымат кызматы дагы бул сыяктуу суроолорго эч кандай комментарий бербей тургандыгы белгилүү болду.

Документ көйгөйү
КРдин Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин кызматкери Азат Береналиев бул маселе боюнча төмөндөгүдөй комментарий берди.

"Биз кайсы бир өлкөнүн консулдук иш-аракетине жана чечимдерине кийлигише албайбыз. Бирок айрым учурда кыргызстандык жарандарга документтерин оңдоп-түздөп, тууралап, багыт берүү жагынан жардам беребиз. Бизге кайрылган ар бир адам боюнча элчиликке жеке кат түрүндө кайрылып, виза берүүсүнө кол кабыш кылууга аракеттер болот. Иш жүзүндө көрсөткөндөй виза албай калган кыргыз жарандары көп учурда кайрадан документтерин тапшырган күндө деле виза алышкан эмес. Консул бир гана өзүнүн мамлекетине жооп берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Бирок жаранга ар бир пунктту түшүндүрүүгө милдеттүү эмес", — деди Береналиев.

Ал белгилегендей Кыргызстандын жарандары көп учурда документтерди толтурууда ката кетиришет. Мисалы, кайсы бир жаран АКШга баланы дарылатуу максатын жазса, ага АКШдан туристтик чакыруу каты келет. Ушундай бири-бирине төп келбеген абалдар чыгып калса, консул эч нерсени түшүндүрбөстөн виза берүүдөн баш тартып коюшу мүмкүн.
"Консул маектешүү учурунда адам менен баарлашып жатып, анын чын эле башка өлкөдө мыйзамдуу жашап, эч кандай мыйзамга каршы чыкпай турганына, бардык талаптарга жооп берерине ынанышы керек. Кандайдыр бир талапка жооп бербеген жагдайды көрсө эле виза ачуудан баш тартып коет", — деди департаменттин өкүлү.

Бул ойго АКШда жашап жүргөн кыргыз жарандары кошулат.

Алсак, учурда Калифорния штатынын Сан-Франциско шаарында Сан-Франциско эл аралык университетинде билим алып жаткан кыргызстандык жаран Туратбек Акылбеков виза алуу оңой эмес экенин ырастады.

"Виза алуу үчүн булардын ишеничине кириш керек. Кайра кайтып келем деген далил көрсөтүү абзел. Айрымдар АКШнын Кыргызстандагы базасын чыгарып салган үчүн виза бербей жатышат деп айтууда. Бул туура эмес. Чынында маселени башка нуктан кароо керек. Кыргызстандын жарандарынын көпчүлүгү айткан сөзүн аткарбай, убактылуу кетимиш болуп, ошол барган өлкөгө калып жатат. Мындай мыйзам бузуулардан улам жогорудагыдай жагдайлар чыгат", — деди Акылбеков.

Ал эми Калифорния штатында IT тармагында билим алып жаткан Нурсултан Каденов аттуу кыргызстандык жаран виза алууда кандай талаптарга жооп берүү керектигин кыскача айтып берди.

Анын айтымында, виза алууга аракет кылган адам мурда соттолбогон, издөөдө болбогон, мыйзамдын негизинде жашаган жаран болушу абзел.
"Визага керектүү документтерди кемчиликсиз жана туура даярдоо керек. Мындан сырткары, виза боюнча интервьюга жакшы даярдануу зарыл. Себеби ал жерде жогорку билимдүү адамдар отурат. Аларды алдоо кыйын. Виза ала турган адам шашпашы керек. Эптеп-септеп документ даярдаган болбойт", — деди ал.

Ал эми өлкөнүн намысын коргой турган жарандар эмне себептен виза алган жок деген суроого болжолдуу жооп таптык.

Өлкөдө кадыр-барктуу туристтик агенттиктердин бири буга АКШда өткөн президенттик шайлоо себеп болушу мүмкүн экендигин белгиледи. Анткени АКШ белгилүү бир жагдайларда өлкөсүнө мамлекеттик кызматкерлерди гана кабыл алып, башка максатта бара тургандарды кабыл алуудан баш тартат. Маалыматка ылайык, аталган компаниянын потенциалдуу кардарларынын бири да октябрь айынан бери виза алган эмес.

КРдин мамлекеттик Миграция кызматынын төрага орун басары Алмаз Асанбаев дагы бул жаатта пикир кошту.

"Бул боюнча чет өлкөлүк эксперттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз. Эл аралык аренада атайын түшүнүктөр бар. Бүгүнкү күндө бир топ мамлекеттерде террористтик кыймылдарга, агымдарга кирип кеткен жарандар бар. Ар бир мамлекеттин элчилиги өлкөдөгү диний абалга, Сирияга кетип жаткан жарандардын саны жана башка ушул сыяктуу маалыматтар боюнча өздөрүнө рейтинг түзүп алышат. Ошого жараша ар бир мамлекетке ар кандай даражада мамиле жасалат. Жогоруда айтылгандай мамлекеттик деңгээлдеги нерселер болгондо, балким виза берүү кыскартылышы мүмкүн. Анын баары коопсуздук үчүн жасалган иштер", — деди Асанбаев.

Акыркы маалыматтарга ылайык "Дүйнө сулуусу – 2016" конкурсуна катыша турган Перизат Расулбек кызы экинчи ирет документтерди тапшырып, виза алганын айтып чыкты. Демек, бул жагдайды АКШдагы президенттик шайлоонун жыйынтыкталышы менен деп болжолдуу түшүнүүгө болот.

Адистер эмне дейт?
Өлкөдө айрым туристтик компаниялар жарандарга виза алуу боюнча кызматтарды көрсөтүшөт. Республикада кадыр-барктуу ошондой компаниялардын бири виза алуунун жолдорун айтып берди.

Адистердин айтымында, туристтик компания кардарларга виза алууда документтерди туура толтурууга көмөк көрсөтөт. Ошондой эле консул менен маектешүүдө адам өзүн кандай алып жүрүүсү керектигин үйрөтөт. Бул кызмат орточо 20 долларга бааланат. Кадыр-барктуу, ишенимдүү компаниялар визаны сөзсүз алып берүүгө сөз бербейт. Белгилүү гана кызматтарын аткарышат. Ал эми 100 доллардан ашык акча сурап, ишиңди бүтүрүп берем деген алдамчы-шылуундарга ишенбей эле койсо болот.
Анда эмесе виза алууга керек болгон кеп-кеңештерди тизмектей кетсек:

Маектешүү учурунда кандайдыр бир так эреже жок. Бул консул менен жарандын ортосундагы маек;
Консул туристтик негизде виза алууга кайрылган адамдын ал өлкөдө калып калбашына далил издейт. Ошондуктан далилдерди толук көрсөтүү керек;
Керектүү документтерди толугу менен берүү керек. Мисалы, банкта атайын эсеп ачуу (жаран жети күнгө кете турган болсо, ар бир күнгө 100 доллардан эсептеп, болжол менен 1000 долларга чейин көрсөтүшү зарыл), банктан справка, социалдык жагдайы, үй-бүлөсү, иштеген жери, киреше булагы, бара турган өлкөдөн атайын кол коюлуп, мөөр басылган, мыйзамдуу чакыруу каты жана башка ушул сыяктуу маалыматтар сөзсүз болушу зарыл;
Жаран кайсы бир өлкөгө иштегени кете турган болсо, атайын эмгек визасын ачуусу зарыл. Же окууга кете турган болсо ага дагы өзүнчө виза ачылат. Ошондуктан ар бир адам өзүнүн бара турган максатын белгилеп, ошого тиешелүү талаптарга жооп бергени оң;
Айрым мамлекеттерге виза берүүнүн жол-жобосу жана кандай документтер талап кылына тургандыгы алардын сайтында толугу менен көрсөтүлгөн. Алсак, шенген визасын алуу үчүн алардын сайтынан керектүү маалымат алууга мүмкүн. Ал эми АКШ визасын алуу үчүн алардын сайтында толугу менен талаптар көрсөтүлгөн эмес. "Өзүңүз туура көргөн документтерди маектешүүгө ала келиңиз" деген пункт бар. Бул талапты окуган жаран өзү каалаган документтерди алып баруусу мүмкүн (грамота, сертификат ж.б ушул сыяктуу). Бул сыяктуу жагдайларда виза алууну каалаган адам атайын туристтик компанияларды кызматына же мамлекеттик консулдук кызматына же ушул сыяктуу тиешелүү адистерге кайрылганы оң. Же шашпай бардыгын кылдат толтурушу керек;
Ишенимдүү туристтик агенттиктер жаранга сөзсүз түрдө виза алып берүүгө сөз бербейт. Көмөктөшөт. Ал эми консул менен маектешүүдө эки адамдын гана баарлашуусу бардык нерсени чечет. Консул виза алууга кайрылган адамды карап туруп эле анын кандай максатта кетип жатканын аныктай алат. Ошондуктан ар бир жаран кандай максатта кете турган болсо, ошого ылайыктуу документтерди даярдап, чындыкты айтуусу зарыл;
Консул менен маектешүү учурунда ашыкча сүйлөп, кыймылдоонун кажети жок. Кандай суроо берилсе кыска-нуска жооп берүү оң;
"Мен кайтып келем!" деп улам-улам сөз берип, ашыкча эмоцияга алдырбоо керек. Ошенткен сайын консулда шек жарала берет;
Консул башка өлкөгө кетүү үчүн виза алууну каалаган адамдын мүнөздөмөсүн интернет аркылуу эле билип коюшу мүмкүн. Социалдык тармактарда катталган адамдар өзү тууралуу интернетке кандай маалыматтарды берип келгенин унутпашы зарыл;

Ушул сыяктуу эрежелерди пайдаланган адамдардын виза алуу мүмкүнчүлүгү чоң.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1086 Пользователь офлайн   Romantik.   29 Сентябрь 2018 - 21:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 21 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 13 Авг 2024 04:51
  • Жынысы:Эркек

Work and travel” же “АКШда иштөө жана саякаттоо” программасынын алкагында студенттерге жайкы каникулда иштеп да, саякаттап да келүү мүмкүнчүлүгү бар. Жогорку окуу жайлардын күндүзгү бөлүмүндө окуу менен бирге англис тилинде мыкты деңгээлде сүйлөй алган студенттер катышуу укугуна ээ. Кесиптик-техникалык окуу жайда окуган студенттер кандай окуу формасында окубасын, катыша алышпайт. Жаш боюнча чектөөлөр болбогону менен 23-24 жаштан жогоркулар тобокел группасына түшүп калуу коркунучу бар.

Программанын катышуучулары көбүнчө тейлөө тармагында, тагыраак айтканда курорт, отель, бассейн, дүкөн, ресторан, парк ж.б. көңүл ачуучу жайларда иштешет. Мындан сырткары, архитектуралык бюролордо, илимий-изилдөө уюмдарында, реклама агенттиктеринде, электроника тармактарында, юридикалык ишканаларда иштегендер да бар. Бирок жогорку жумуштар мезгилдүү эмес болгондуктан, өкүлчүлүк көпчүлүк учурда бул тармактарда иштегиси келгендерди албай коёт. Катышуучулар америкалык жумушчулардын эквивалентиндеги айлык акыны алышат, минималдык чек саатына 7,25$.

Баарлашууга кантип даярдануу керек?

Баарлашуу бир мүнөттөн үч мүнөткө чейин созулушу мүмкүн. Кээде беш мүнөткө чейин болгон учурлар болот. Ушул убакыттын ичинде консулду өзүңүздүн мыйзамга баш ийген адам катары АКШда эч кандай мыйзам бузууларга барбастыгыңызга, эң негизгиси — мөөнөттүн бүтүшү менен мекениңизге кайтып келе тургандыгыңызга ынандырууңуз керек. Сүйлөшүү учурунда ар түрдүү суроолор берилиши ыктымал. Мисалы,
1. Аталган программа жөнүндө;
2. Өзүңүз тууралуу (кайсыл жактансыз, кайда окуйсуз, жетишкендиктер, эмнеге зачёткаңызда үч деген баа турат, Кыргызстандын келечегин кандай көрөсүз, ата-энеңиз ким? ж.б.);
3. Америка жөнүндө суроолор: АКШ жөнүндө эмнелерди билесиз, эмнеге ал жакка барууну чечтиңиз, ал жакта дос-тааныштарыңыз барбы, алар менен жолугууну каалайсызбы ж.б.

Үйдөн алдын-ала ушул сыяктуу суроолорго жооп берип даярданып алыңыз, бул сиздин баарлашууда өзүңүздү ишенимдүү сезишиңизге жардам берет.
Керектүү документтерди (маалымкат, мүнөздөмө ж.б.) алдын-ала даярдап алыңыз. Документтериңиз сиздин жакшы жактарыңызды камтып жана сиздин сөзсүз түрдө мекениңизге кайра кайта тургандыгыңызды тастыктап турушуңуз керек.

Баарлашууга керектүү документтердин болжолдуу тизмеси:

5×6 см өлчөмүндөгү түстүү сүрөт
Окуган жеринен маалым кат жана мүнөздөмө (мүнөздөмөдө сиздин окуудагы жетишкендиктериңиз жазылышы керек)
Үй-бүлөлүк киреше тууралуу маалымат
Чет өлкөгө чыгуучу паспорт (түп нускасы)
Транскрипттин же зачеттук китепченин түп нускасы
$ 160 – консулдук жыйым (бардык сумма АКШ доллары менен же ошол күнкү курс боюнча сом менен)
Координаторлор даяр визалар менен паспортторду белгиленген график боюнча алып кете алышат.
Өз укугун билүү

Америкага кетээрден мурда сиздин кандай укуктарыңыз бар экендигин билип алууңуз керек. Эгер Уилберфорс мыйзамын окугандан кийин сизде укуктарыңыз тууралуу суроо пайда болгон болсо, өкүлчүлүктө баарлашуу учурунда сурап алсаңыз болот, консулдуктун кызматкерлери керектүү маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

Айдос Мукашев, “Work and Travel” программасы менен Америкага барган. Ал биз менен программа тууралуу пикирлерин бөлүштү.

— 2013-жылы аталган программа менен АКШга барып, эл катары Макдональдс тез татымында кассир болгом. Жумушту атайын агенттик таап берген. Алгач онлайн баарлашуу өткөрдүк, талаптарына жооп бердим окшойт, жыйынтыгында мени кабыл алышты. Менимче, консулдуктун талабына жооп берүү үчүн англис тилинде оюңду так айтып, өзүңдү жакшы жагынан таанытсаң жетиштүү. Андан бери төрт жыл өткөнүнө байланыштуу, ортодо башка дагы баарлашуулар болду, ошол себептен алардын берген суроолору эсимде калбаптыр. Чынында ал жакта жашоо ары кызыктуу, ары динамикалуу, жаштар үчүн бул эки нерсе маанилүү, анан дагы айлык акысы жакшы болгондуктан баргандар калып калышат. Мага дагы калып калуу жөнүндө ой келди, бирок кээ бир себептерден улам ал оюмдан кайттым.
“Work and Travel” программасы менен кеткен студенттер бул программанын талаптарына ылайык, мекенине кайтып келиши керек. Бирок Кыргызстандан барган студенттердин көпчүлүгү виза мөөнөтү бүтсө да, мыйзамсыз калып калышат.

Табылды Мурабеков, бул программа менен 2014-жылы Америкага барып иштеп келген:

—Тандап алуу же өтүү процесси бир канча этаптан турат. Алгач ортомчу компаниялар менен келишим түзүлөт. Алар АКШдагы жумуш берүүчүлөрдү таап, документтерди даярдап беришет. Баары даяр болгон соң АКШнын консулдугуна кирүү убактысын күтүп, маалы келген соң, элчиликте консулдун кабыл алуусунда болот.
Иштин акыркы чекити ошол жерде коюлат. Кээ бирлер бактысына жараша «Ийгилик» деген жооп алса, кээ бирлер ал жерден үшкүрүнүп чыгышат. Программага катышкандын баары эле өтүп кете албайт. Негизги талап — англис тилиң ортоңку деңгээлден жогору болуусу кажет. Эч болбоду дегенде нан сураганды билишиң керек дегендей. Консул менен жолугуу чоң психологиялык даярдыкты талап кылат. Эгер суроолоруна ишенимдүү, ынандыраарлык жооп бербесе, виза берүүдөн баш тартат.
Себеби, алар студент АКШга чындап белгилүү максаты менен барып, белгиленген мөөнөттө кайтаарын билүүгө аракет кылат. Жеке мен үчүн виза алуу өтө татаал болгон эмес. Себеби, анын алдын психологиялык жактан даярданган элем. «Кандай болсо да жакшылыкка» деп ж.б. Анан, менде ал жерде көпкө калуу максатым жок болгондуктан суроолоруна ишенимдүү түрдө чындыкты айтып жооп бергем.
Баарлашууда жогоруда айткандай эле эркин алып, берген суроолоруна жооп бергенбиз.
Ишенимдүү болуш үчүн консулга жакын досум менен сүйлөшүп аткандай элестетип алып суроолоруна жооп берген экем (күлүп). Жалпысынан 4 суроо берсе керек.
Алар: АКШга баруудагы максатың? Келечекте ким болосуң? Кайда иштейсиң? Бирөө эсимде жок.
Барганда эки жумушта иштегем. Биринчиси пиццерияда пиццамэйкер, экинчисида тамактануучу жайда.
Негизи, АКШга учуп бараткандагы, жеткендеги, иш орун жок болуп жумуш издеген күндөр, бир шаардан экинчи шаарга велосипед менен чыгып, дөңгөлөк жарылып, жаанда калып, көптөгөн кызыктуу күндөрдү башыбыздан өткөргөнбүз.
Ал жакта калып калуу тууралуу ой программага өтүп, кетип атканда да, ал жерде жүргөндө да болгон эмес. Чынында мага баары жаккан. Бирок максатыбыз башкада эле.
Ооба, мыйзамды бузуп калып калган студенттер көп. Мисалы, менин баамымда АКШга барабыз диппрограммага тапшырган студенттердин 100дөн 30 же 40тайы гана өткөн. Ал эми ал жерден кайтпай койгондор да анын жарымындай болушу мүмкүн.
Калып калууларына бир канча себептер бар.

Мисалы:

* финансылык кызыкчылык (айлык жакшы, шарттар түзүлгөн);

* жашоодо көздөгөн белгилүү максаттардын жоктугу;

* Кыргызстанда келечегин татыктуу элестете алышпайт. Беш кыргыз бир жерде иштегенбиз. Экөөбүз бир маалда кайттык. Үчөө калып калган. Кийин дагы бирөө келгенин билем. Жакында эле жакын дос балам келди. Тактап айтканда, депортацияга кабылды. Ал ошол программа менен барып, жашап жатканына беш жылдан ашкан.

Ошентип, депортацияга кабылып келип олтурат. Эми андайлар АКШнын ичинде мыйзам бузбаса шаардан-шаар которуп жүрө беришет. Маселе жаралып, документтерди тактай келсе, мыйзамсыз экени аныкталса, кетирип жиберишет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1087 Пользователь офлайн   DoctorVOROBEI   01 Октябрь 2018 - 04:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 003
  • Катталган: 03 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 13 Июл 2020 19:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Аалам

Просмотр сообщения Romantik. (29 Сентябрь 2018 - 21:37) жазган:

Белина?? Же жаңылдымбы??

Билдирүүнү түзөткөн: DoctorVOROBEI: 01 Октябрь 2018 - 04:08

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1088 Пользователь офлайн   Romantik.   01 Октябрь 2018 - 20:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 21 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 13 Авг 2024 04:51
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения DoctorVOROBEI (01 Октябрь 2018 - 04:08) жазган:

Белина?? Же жаңылдымбы? ?

Түшүнсөм кошунамдын чачы түшүп калсын.
Белина???
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1089 Пользователь офлайн   Bunka_ka777   09 Октябрь 2018 - 10:26

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1
  • Катталган: 27 Август 18
  • Соңку аракети: 09 Окт 2018 10:26

Учурда Америкадасызбы?

Билдирүүнү түзөткөн: Bunka_ka777: 09 Октябрь 2018 - 10:27

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1090 Пользователь офлайн   Romantik.   10 Октябрь 2018 - 20:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 21 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 13 Авг 2024 04:51
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Bunka_ka777 (09 Октябрь 2018 - 10:26) жазган:

Учурда Америкадасызбы?

:D Америкада болсом гана :27: менин да эл катары Америкада иштеп келүү деген максаттар)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1091 Пользователь офлайн   Dromer   23 Октябрь 2018 - 17:37

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 68
  • Катталган: 17 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 23 Апр 2020 01:42
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Грин кард толтургулу. 2 жума убакыты калды. Бешең утуп калсаң.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1092 Пользователь офлайн   freedom123   04 Ноябрь 2018 - 00:48

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1
  • Катталган: 15 Май 17
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 22:08

Салам кантип виза ачтынар кантип кеттинер ошол боюнча маалыматынар болсо айтып койгулачы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1093 Пользователь офлайн   tokitok   09 Ноябрь 2018 - 10:49

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 272
  • Катталган: 01 Август 11
  • Соңку аракети: 08 Авг 2023 21:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Bishkek

салам Кыргызстаныма? ? мен жаны американкамын элден кем калбай салам айтып коейунчу. Жакшы журосунорбу мекендештер. Оо илгери ушул темага кирип америкадан салам деп жазгандарга суктанчу элем. Биз да жазып калар бекенбиз деп. Кудайым ушул кунго жеткириптир. Сиздер да каалаганынарга жеткиле. Америкадагы суперскийлер мага жазгыла достошолу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1094 Пользователь офлайн   Romantik.   09 Ноябрь 2018 - 12:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 21 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 13 Авг 2024 04:51
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения tokitok (09 Ноябрь 2018 - 10:49) жазган:

салам Кыргызстаныма? ? мен жаны американкамын элден кем калбай салам айтып коейунчу. Жакшы журосунорбу мекендештер. Оо илгери ушул темага кирип америкадан салам деп жазгандарга суктанчу элем. Биз да жазып калар бекенбиз деп. Кудайым ушул кунго жеткириптир. Сиздер да каалаганынарга жеткиле. Америкадагы суперскийлер мага жазгыла достошолу.

Кантип кеттиңиз? Айта кетсеңиз кенирээк
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1095 Пользователь офлайн   Musulmanka.   09 Ноябрь 2018 - 14:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 958
  • Катталган: 24 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 26 Фев 2022 23:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Там где звучит каждое утро Азан.

Просмотр сообщения tokitok (09 Ноябрь 2018 - 10:49) жазган:

салам Кыргызстаныма? ? мен жаны американкамын элден кем калбай салам айтып коейунчу. Жакшы журосунорбу мекендештер. Оо илгери ушул темага кирип америкадан салам деп жазгандарга суктанчу элем. Биз да жазып калар бекенбиз деп. Кудайым ушул кунго жеткириптир. Сиздер да каалаганынарга жеткиле. Америкадагы суперскийлер мага жазгыла достошолу.

Бизге да насип этсин "Welcome to America" деген жазууну аэропорттон көрүү.
Жашоо кыйын. Бирок, мен да оңой эмесмин....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1096 Пользователь офлайн   Musafir   11 Ноябрь 2018 - 15:59

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 323
  • Катталган: 04 Март 18
  • Соңку аракети: 20 Янв 2020 04:00

Просмотр сообщения tokitok (09 Ноябрь 2018 - 10:49) жазган:

салам Кыргызстаныма? ? мен жаны американкамын элден кем калбай салам айтып коейунчу. Жакшы журосунорбу мекендештер. Оо илгери ушул темага кирип америкадан салам деп жазгандарга суктанчу элем. Биз да жазып калар бекенбиз деп. Кудайым ушул кунго жеткириптир. Сиздер да каалаганынарга жеткиле. Америкадагы суперскийлер мага жазгыла достошолу.

Озунеле мактана бербей, кантип каерден кеткенинди бизгеда уйротчу байболгур))))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1097 Пользователь офлайн   Yago.limon   11 Ноябрь 2018 - 16:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 827
  • Катталган: 17 Май 18
  • Соңку аракети: 13 Янв 2020 10:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алыстамын

Просмотр сообщения Musafir (11 Ноябрь 2018 - 09:59) жазган:

Озунеле мактана бербей, кантип каерден кеткенинди бизгеда уйротчу байболгур))))

Теманын башында Гринкард деп журуптур эле анан оттум деп журот бир билдируулору. ..Байкашымча, лотереядан ийгилик жылмайган дееееп койдум:)балли балли)))))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1098 Пользователь офлайн   Musafir   12 Ноябрь 2018 - 11:43

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 323
  • Катталган: 04 Март 18
  • Соңку аракети: 20 Янв 2020 04:00

Просмотр сообщения Yago.limon (11 Ноябрь 2018 - 16:04) жазган:

Теманын башында Гринкард деп журуптур эле анан оттум деп журот бир билдируулору. ..Байкашымча, лотереядан ийгилик жылмайган дееееп койдум:)балли балли)))))

" Вайнен доопарас десе кринкартыны барыле билет, бизге кантип виза алганынды айт" дегендей болчумда буга))))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1099 Пользователь офлайн   tokitok   16 Ноябрь 2018 - 22:58

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 272
  • Катталган: 01 Август 11
  • Соңку аракети: 08 Авг 2023 21:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Bishkek

Жогоруда жазып кеткендей ооба грин карта лотереясына толтуруп утуп алганбыз. Гринканы утсан виза алыш оной. Эн оной жолу гринкард мн келуу. Сиздер да талыкпай толтура бериниздер чындап кааласанар. Андан башка деле жолдору коп бирок абдан катуу аракет мн риск керек. Албай калсанар акча куйуп кетти дей бергиле. Анткени виза беришине гарантия жок да. Минимум 5000$ болушу кк. Европага барып анан ачтырып келгендер бар ошол жактан. Крдан турвизаны бербей калдыго жаштарга. Спортсмен артист болсонор же байдын баласы болсонор бериши мумкун. Андан башка учебный программаларды карап коргуло. Мен бильейт экем. Мексика мн келгендер бар экен бирок ошончолук кыйналып келгенге америка не стоит деп коеюнчу. Америкадагыларды кармагыла анан уйлонуп калсанар воссоединение мн болот.ошоо
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1100 Пользователь офлайн   Member   17 Ноябрь 2018 - 12:55

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 56
  • Катталган: 25 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 17 Апр 2019 18:13
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения tokitok (16 Ноябрь 2018 - 22:58) жазган:

Жогоруда жазып кеткендей ооба грин карта лотереясына толтуруп утуп алганбыз. Гринканы утсан виза алыш оной. Эн оной жолу гринкард мн келуу. Сиздер да талыкпай толтура бериниздер чындап кааласанар. Андан башка деле жолдору коп бирок абдан катуу аракет мн риск керек. Албай калсанар акча куйуп кетти дей бергиле. Анткени виза беришине гарантия жок да. Минимум 5000$ болушу кк. Европага барып анан ачтырып келгендер бар ошол жактан. Крдан турвизаны бербей калдыго жаштарга. Спортсмен артист болсонор же байдын баласы болсонор бериши мумкун. Андан башка учебный программаларды карап коргуло. Мен бильейт экем. Мексика мн келгендер бар экен бирок ошончолук кыйналып келгенге америка не стоит деп коеюнчу. Америкадагыларды кармагыла анан уйлонуп калсанар воссоединение мн болот.ошоо

Такитак эже, бул олгур амерканчылар гринканы уттун ме киребер эми акшга дебейт экенда. Гринканыз чыкандан кийин беседага чакыратмиш, андан кийин медосмотрлардан отуп, документ топтогуча дагы бир топ убакыт отот экен, айтор Гринка чыккандан кийин энене бар атана бар деген концерт башталат экенда. Ошого сиз ээринбей кенениреек жазынызчы, гринканы алдыныз анан биринчи кадамыныз кайдан башталды? беседада что за вопсор-спрос- допростор болду? тоест канадй суроолорду берди, анан не деп жооп бериш керек экен? медосмотрдан кайсыл направлениялар боюнча кайдан отот экен? же оздорунун медцентрлары бар бекен? алардан башка кандай документтерди чогулттунуздар? подробный кылып тушундуро кетинизчи??? ???????????
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Чет өлкөдөн салам!
  • Кийинки тема →

  • (58 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 53
  • 54
  • 55
  • 56
  • 57
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт

  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июн 2025 19:19

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: