Суперстан: Жыртык жүрөк - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо
Форумдан кенен издөө
• > Негизги темалар
• > Жүрөк сыры
• ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
• Соңку билдирүүлөрдү кароо
• RSS поток
• RSS поток
• (66 бет)

• « 1

• 46
• 47
• 48
• 49
• 50

• Акыркы бет »
• Сиз жаңы тема ача албайсыз
• Темага жооп жаза албайсыз

Жыртык жүрөк Эң алгачкы бизди эмес...

#941 Пользователь офлайн   jesikakg   05 Ноябрь 2018 - 21:36

• Карапайым
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 66
• Катталган: 01 Ноябрь 18
• Соңку аракети: 24 Апр 2019 16:47
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:KOGISTAN

Просмотр сообщения Missing-u (05 Ноябрь 2018 - 10:24) жазган:

Куттум,жаз улант дейбербегилечи бошосо жазатта! Жазыптыр деп кирсен эле куттум анттим мынттим дегендер турат адамды умуткар кылып. Куткуло,кутконунорду тастыктай бербей,биз не кутпой атабызбыле. Буга кирип дагы плюс жазып же дагы бирбалакаттарди жаза бербей тургула эми,болдугула!

А эмне мынчалык тарактайсынар? билбейм деги.
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#942 Пользователь офлайн   nur007mir009kg   05 Ноябрь 2018 - 23:06

• Момун
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 40
• Катталган: 04 Июль 13
• Соңку аракети: 24 Ноя 2020 02:46
• Жынысы:Аялзаты

Жакшы чыгарма экен. Мен да акыркы учурда чыдамсыздык менен күтөө баштадым.
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#943 Пользователь офлайн   Jasmun   07 Ноябрь 2018 - 07:16

• Момун
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 14
• Катталган: 07 Сентябрь 18
• Соңку аракети: 16 Сен 2020 22:22

Куттук, тушундук ушунча убакыттан бери. Кутуунун да тушунуунун да куттуруунунда чеги болот да. Бир чыгынып аягына чыгарып койсонор болмок.
Кутуп жатабыз.
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#944 Пользователь офлайн   Fortuna1987   10 Ноябрь 2018 - 10:48

• Карапайым
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 199
• Катталган: 11 Март 18
• Соңку аракети: 13 Янв 2019 16:13

Арзу... Кимдер ашыкпаган? Ким суйбогон? Бул соз менен жеткирип бере алгыс, айтсан бутпос махабат.... Козго корунбос, колго кармалгыс...
Журогум ачышып турду. апамдын козунчо ыйлаган жокмун. Туну менен уктай албай, тан эрте денем оорлошо аран турам. Жумуш да издеген жокмун. Оз жолумдан тайдырган, оюумду туш тарапка чачыраткан азап болду го?!!! Колумдан эч нерсе келбейт. Мен суйуудо алсыз экенмин. Башыма ар кандай ойлор келе, эптеп Дастанды коргум келет. Бир нерсе жетишпегендей тыпырайм.

Ар бир нерсенин созссуз себеби болот. Жашоодо бир маселени чечсен, экинчиси дароо пайда болот, андан кийинкиси, дагы...дагы.. . эч качан бутпойт. Мейли бутпогону жакшы, антпесе кунубузбуз токтойт. Ошол бутпогон проблемалар биздин жашообуз тура. Мен бакытты кутпошум керек. Эмнеге кутом? Ал мени эч качан издеп келбейт. Мен аны оз колум менен жасайм.
Аскаттын тоюна жонодум. Бул дагы да болсо эки жаштын бактысы учун эмес, Дастанды жон гана бир корууго. Эгер колумдан келсе кинодогудай укмуш жасанып, элдин баарыны оозун ачыра, койкоюуп куурчактай болуп, бир коз караш менен Дастанды суйдуруп алууга болсо кана?
эхх... андай сериалдарда гана кездешет.
Алым жеткени эле Аймиранын кийимдери. Атамдан суранып, Аймира жумуштагы кезинде Нурмира, апам экоо мени жасантымыш болушту. Мейли кийимим ото жупуну болсо деле, эл катары берген белегим же Аскат менен жакын мамилем болбосо деле тойго жонодум.
Ресторанды озгочо кооздошуптур. Жаркыраган меймандар. Акыркы кундору той дегендер элиталуу эс алуунун бир болугуно айланды. Болгон байлыгын, баркын корсотуп мактанып алуунун да жакшы жолу. Чакыруу кагазга берилген орундукка жинди кишиче озум жалгыз барып отурдум. Мени эч ким тааныбайт. Мен эч кимди. Мага конул бурган киши деле жок. Албетте мурунку иштеген коллектив, официанттар, поварлар менен учурашып, кобурашканым менен эки козум Дастанды издейт. Келди!!! Ал кирип келе жатты. Жалгыз эмес, жанында Ханасын ээрчитип алыптыр. Алыстан караганым менен колумдан эмне келет? И вообще мен бул жакта эмне кылып журом? Байлар чогулуп алып жыргап жатышат.
Озум деле кетейин деп аткам. Ангыча техничка эже келип кулагыма шыбырады.
-Аида, журусон создор бар.- Козун кыса сыртка чакырды. Артынан жонодум. Шыпылдап бир топ узап кетти, сыртка чыктык. Жанына барсам маанилуу деле эч нерсе суйлогон жок. Озунчо элендеп:
- Кандайсын анан? Иш таптынбы? Биз журобуз.Той сонун болуп жатат э? Койнокту кайдан алдын?- Суроолорду жаадырып, жообун кутпой эле бир башкача коп суйлоп, жол жака чыктык. Эжени тушунбой карап коем.
-Эже сизге эмне болду? - Тан кала токтоттум. Дагы деле ар бир создун башын токуп суйлой берди.
-Журунуз эже ичкери кирели- дедим. "Кое, турчу таза аба менен дем алалы" деген созун уктум акыркы жолу. Артымдан олбурлуу кол келип оозумду жаап, бир заматтын ичинде тырпыратып машинага салып айдап жоношту.Жулкунуп, кыйкырып да жибердим. Карангыда эч ким корнубойт. Коркконумдан:
-Силер кимсинер? Кайда алып баратасынар? Кое бергилеее... . - Эки жагымда отурган кишилер унчукпайт. Колумду бекем кармап алышты. Тыбырчылаганым менен алым жетпейт. Бир далай жургондон кийин бироосу:
-Кой, эми тынч отур аяш.- дегенинен кийин "Уфф" ала качып бара жатышкан тура деп озумо келе туштум. "Кое бергиле..." деп дагы бир далай созду суйлогондон кийин, машинанын ичиндеги атмосферага коно тушконго, алдынкы орундукта суйлобой келе жаткан Канатты кордум.

• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#945 Пользователь офлайн   Armanymsyz   10 Ноябрь 2018 - 13:09

• Активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 496
• Катталган: 30 Июль 14
• Соңку аракети: 17 Авг 2021 18:17
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:ОШ

Ииий, Канатты жаман коруп калдым. Ушунчалык да озумчул адамдар болот экен э. Отуруп калдым дебенизчи..
Дастан мн бактылуу болушунузду каалайт элем.
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#946 Пользователь офлайн   bibi87   10 Ноябрь 2018 - 14:00

• Карапайым
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 136
• Катталган: 04 Май 13
• Соңку аракети: 12 Дек 2021 15:00
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:Мен туулган жер!

Ушу техничка эжеге окшогон техничный адамдарга тушунбойм, кантип бироонун тагдырына аралашат? Макул, тааныштыр, номерин бер, бирок, ала качтыруу бул- бироонун тагдырын таш талканын чыгарып талкалоо! !!
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#947 Пользователь офлайн   Merelisha   10 Ноябрь 2018 - 14:02

• Активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 1 430
• Катталган: 29 Июль 17
• Соңку аракети: 15 Фев 2022 11:13
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:Ош&Жалал-Абад

Ээкк ушу Канат жаман мешать этти да.
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#948 Пользователь офлайн   tynara81   10 Ноябрь 2018 - 15:05

• Активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 1 027
• Катталган: 05 Май 13
• Соңку аракети: 07 Авг 2021 07:37
• Жынысы:Белгисиз
• Калаасы:Москва

Просмотр сообщения bibi87 (10 Ноябрь 2018 - 14:00) жазган:

Ушу техничка эжеге окшогон техничный адамдарга тушунбойм, кантип бироонун тагдырына аралашат? Макул, тааныштыр, номерин бер, бирок, ала качтыруу бул- бироонун тагдырын таш талканын чыгарып талкалоо! !!

Башта сурабайбы кыздан, жакшылыгын да көрдү эле. Бул бала кандай бала деп.
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#949 Пользователь офлайн   Angel92   10 Ноябрь 2018 - 16:03

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 5 107
• Катталган: 02 Апрель 13
• Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:Орустун батири

Просмотр сообщения bibi87 (10 Ноябрь 2018 - 14:00) жазган:

Ушу техничка эжеге окшогон техничный адамдарга тушунбойм, кантип бироонун тагдырына аралашат? Макул, тааныштыр, номерин бер, бирок, ала качтыруу бул- бироонун тагдырын таш талканын чыгарып талкалоо! !!

Акча берген окшойт ал эжеге
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#950 Пользователь офлайн   nargiz94   10 Ноябрь 2018 - 16:22

• Карапайым
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 86
• Катталган: 30 Октябрь 15
• Соңку аракети: 09 Сен 2021 00:08
• Жынысы:Аялзаты

Техничкага акча бериип койгондур да кобуроок, Дастан келип алып кетсе экен отургузбай.
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#951 Пользователь офлайн   ludimira   13 Ноябрь 2018 - 18:30

• Активист
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 577
• Катталган: 27 Август 17
• Соңку аракети: 29 Дек 2024 01:49

Бул Кыз профессионал эле жазуучу жазгандай жазып,кызык жеринен токтотсо,дагы кызыктуусу алдыда деп кызыктырып короче профи эле журналист го.
Мынтип биринчи жолу жазган Адам жазбайт...
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#952 Пользователь офлайн   Aizada89   13 Ноябрь 2018 - 19:16

• Момун
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 38
• Катталган: 25 Июнь 16
• Соңку аракети: 23 Июн 2021 12:55

Убактысы болбой,жаза албай калса эле баштайсынар, анан жаза албайт,чыгарма, чындык эмес деп.Жон эле окуй бергиле да.Мумкун журналистикада окугандыр,мумкун соз байлыгы кенен.Бурчтан чыгып,авторду качырбашыла. Куткондор кутуп окуй беребиз.И так эле мартдан бери кутуп эле окуп келатабыз.
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#953 Пользователь офлайн   Fortuna1987   15 Ноябрь 2018 - 22:00

• Карапайым
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 199
• Катталган: 11 Март 18
• Соңку аракети: 13 Янв 2019 16:13

Ушуну тим эле койсо болмок деген ой келди. Мурда Канатты коргондо коркуп кетсем, эми чындап жиним келди. Бул эмне деген озумчулдук? Унчукпай алдыда келе жатканын кара? Эгер колумдан келсе, же эркек болуп калганымда желкесинен суйроп чыгып эсине келтирип коет элем, байкем эле болсочу? Оюун-кулкуго толо, тойду элестетип достору шарактап жыргап келе жатышты. аларга эмне конул ачса болду да. Ыйлап, каршылык корсотуп, кандай десем да болбосун тушунуп турдум. Суйлогон да жокмун. Болгону ичимде эмне кылам? деп кайталай, мээмди чарк айланта ойлонуп бараттым.Атама айтсамбы? Апакем укпасын, ага ачууланганга болбойт. Эхх... Канат сага эмне? Сен эмнени тушунуп коюптурсун? Жашоонун ойдл-томонун билесинби? Мен эмнени ойлонуп, кандай кунду коргонум менен ишин жок. Айтсам да баары бир жетпейт.
& nbsp; Бат эле уйуно жетип келдик. Кудум кинодогудай кылып суйроп киришти. ашыкча каршылык корсоткум келген жок. Жон эле энергиямды кетирип эмне кылам? Баары бир уйго киргизишет. Кошого тартып коюшуптур. Артымдан ак жоолук которо кирип келген апаны коруп чындап коркуп кеттим. Ападан эмес, ак жоолуктан& nbsp; чындап журогум болк эте тушту. Мен учун ыйык сезилген жоолуктун суру башкача экен. Айланып-кагылып жургон апаларды коруп ого бетер жаман болдум. Ажиотаж!! ! Кандай эле ыйлабайт экенсин? Козумдон жаш чыгып кетти. Коркконумдан, мени сыйлабай шылдындагансып, колунан эмне келет? дегендик кылып алып келгени аз келгенине ыйлап жатсам, ары жакта отурган апалар "Ыйлап келген келин бактылуу" болот дегендеричи? Башыма салып жаткан жолукту салдырбаганга аракет кылганымдын озу эле бир далай нервти алып койду. Не деген шумдук? Кандай айтсан да тушунчудой эмес. Ары-бери басып, кабатыр болуп жургон   Канаттын апасын озунчо суйлошууго аран макул кылдым. Баары болмодон чыгып кетишти. Ыйлаган окшойт, коздору шишип кетиптир. Элейе мени карап:
-Айланайын кызым, откондо Канат экоонор бир жакшынакай эле уйго келип, биз менен таанышып кетпедин беле?-деди ызаалана. Кантсе да эне да, аста айтып тушундурууну чечтим.
-Эже, Канат менен эч кандай мамилем болгон эмес. Сунуш киргизип жургону ырас, бирок мен кабыл алган эмесмин. Суранам мени тушунунузчу, мен баары бир бул жерде калбайм. Убакытты кетирип убара болбонуздар.
-Кагылайын, кызым, Канат сен дегенде ичкен ашын жерге коет. Биз деле сени жактырып жургонунун билебиз. Бактылуу кылаарына ишен. Сен суйгон эмес, сени суйгонду танда деген соз бар кызым.- Жалооруй тиктеген апаны аяп кеттим.   Эне баласы учун эмне гана кылбайт?Жалынганга, жалдыраганга да даяр. Баласы учун.... Умуттуу тигилген коздоруно катуу айтып аламбы деп корктум. Канат менен озунчо суйлоштурууну сурандым.
& nbsp;Коздорун чала кызартып кирип келген Канатты карап жиним ушунчалык келди:
-Ну и ты!!! Канат соз жок, уят. Ата- эненди кандай убара кылып жатканынды тушунуп жатасынбы?- Мыйыгынан жылмая, тоготпогондой тур корсото.
-Сен мени убара кылып жатасын-дейт Канат.
-Уфф... Канат, билесин мен азыр турмуш курууга шартым жок.
-Камсанаба, уйбу? атандын уйу элеби чогуу сатып беребиз. Шарт тузулот. Дагы кандай шарттарын бар, айта бер?
-Ах, ты дурак. Уй було курганга шарт менде эмес сенде жок. Эмне уй, акча болсо эле баррдык маселе бутот дейсинби?< br>-Ананчы, акча учун элдин баары жанын сабап иштеп журушот. Калппы?Заман ушундай чырагым.
-Канат мен сени менен философиягы талкуулагыдай дарманым жок. Жон гана мени кое бер.
-Антпесемчи? - Мени сынай тиктеген Канатка ачуум келе:
-Канат уй було курганга менин эмес вот именно сенин шартын жок!!! Сен кыйратып уй було куто албайсын. Сен жанылгансын, жок сен оорукчансын, ооба, оорукчан! Сен... сен наркомансын! Сен талкаланган адамсын. Алдыгы кебетенди карачы. Шумшуйуп арыктап, коздорун кызарып... сенин ойлонуу жондомун иштебейт. Билесинби сенин ушундай озумчулдугундон, акчанын баркын билбегендигинден атандын, апандын, жакындарындын жашоосун талкаладын, келечегинди, эми меникине кол салба, келечектеги балдарындын. .... кайдагы балдар? Сени балалуу да болууга мумкунчулугун жок болсо керек. Сен мени байлыгын менен шарт тузом деп убара болбо. Байлык-бакыт эмес. Сен акчан менен маашырланба, озунду асманда сезбе. Сенин акчан сага бакыт алып келсе озуно кут болсун. Кечирип кой, сенин бар байлыгын менен озунду кошулуп менин теним эмессин. Сен...сен талкаланган адамсын!! !Тушунуп жатасынбы? Мени жон гана кое бер. Ойлонуу жондомун жок. акылын жеткени ушул болгон учун, жаш баланын ишин кылып ала качып келип отурасын. апанды карачы. Убараланып, кейип, ыйлап журот. Мне ее жалко. койчу, сен апанды ойлобогон мени кыйратмак белен? Ансыз да чегип, сайынып журуп байкуш апандын журогун оорутуп тируулой жеп бутконун корунуп турат. Деги сен кимсин?

Жиним менен ото ачуу суйлоп алдым. Арданып кетти окшойт.Канат кызарган коздору менен мени жеп койчудай тиктеп, жакындап келе жатканда эле кыйкырып жибердим. Эшиктин оозунда эле турушса керек. Топурап кирип келишкен элдер Канатты сыртка суйроп чыгып кетишти. Козумдун жашын тыя албай ыйлап жаттым. Бетимди аарчып жаткан Канаттын апасына:
-Мен туалетке алып барынызчы, баргым келип жатат- дедим. Качып кетчудой жетелеп уйдун ичиндеги дааратканага киргизип озулору сыртта турушту мени кутуп. Мени бул жерден жон кетирбешине козум жетти. Мындай темп менен журсом кечинде никебизди деле кыйып коюуудан кайтчу турлору жок. Оюума мындай учурда дароо Дастан келет эмеспи. андан башка ким бар? Ушул жолу акыркы жолу сурайын. Эгер бул жолу жардам берсе, экинчи ага жолобойм, чалбайм, аны унутам деп озум менен озум соодалаша дааратканага отуруп алып Дастанга телефон чалдым. Кашайып албайт.

< br>

& nbsp;     & nbsp; (Кечириниздерчи, убакыт жок. кечинде жумуштан сон чарчап уйго аран келуудомун. озумдун да ден соолугум жол бербей сыркоолоп журом. Стресстен да чыга албай убарамын((( Бутумду аран суйроп уйго жетип уктап калып жатам. Иштебесе да болбойт азыркы заманда. Таарынбаныздар. Созсуз уланат, бутот, аааз эле калды. Сиздердин комментарийлериниздерди окуп, чыдыбай кетуудомун. Мен баарын коруп, тушунуп турам. )

Билдирүүнү түзөткөн: Fortuna1987: 15 Ноябрь 2018 - 22:16

• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#954 Пользователь офлайн   Fortuna1987   16 Ноябрь 2018 - 23:49

• Карапайым
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 199
• Катталган: 11 Март 18
• Соңку аракети: 13 Янв 2019 16:13

Ушундай да болот экен. Кайра-кайра чалганыма карабай Дастан алган жок. Ооба, ал жооп берууго эч кандай милдеттуу эмес. А бирок мен негедир ага ишенип,таянып жатканыма тушунбойм. Эшикти черткилеп чыгуумду сурап башташты. Атама чалууну чечтим. Атакемдин кабатырланып, ашыкча жинденуусун каалабайм. Алтыным атам азыр жумуштан чыгып келе жатса керек, чарчап, бутун аран эле суйроп жетет уйго. апамчы? Байкушум, агарган саамайын сенселтип жол карап отурат. Бул жерден кетишим керек. Акыркы умут менен Дастандын номерин тердим.
-Ало!- Журогум оозумдан чыгайын деди го. Эмне дешти билбей калчылдап да кеттим.
-ало, Дастан байке...мен.. мен... мени уурдап, ой... ала качып кетишти. Суранам акыркы жолу суранам. Алып кетинизчи. акыркы жолу жардам бериниз анан болду эч качан чалбайм, сизди кабатыр кылбайм. Отуном, суранам.- Ыйлап жаттым.
-Аида сенби? Каяка?, качан? ким?- менден бетер суроолорду жаадырып кирди.
-Канат, ошол. Каяка алып келгенин толук билбейм, байкашымча Кок- жар окшойт.
-Кайсы Кок-жар селобу же микрорайонбу?
-Микрорайон го дейм.
-Азыр мен балдардан сураштырып, милиция менен барып калам. Жанында ким бар?
-Эч ким жок.
Умутум жанып, суйунуп кеттим. Кубанганымдан ыйым ого бетер кучоп сыртка чыктым. Женилдеп да калдым. Тартылып турган кошогонун артына жетелеп келип, кайрадан жоолук салуу менен убараланып башташты. Чарчап алым тугонду..
Арадан бир сааттай откон сон топурап милициялар, кара кийимчен балдар менен чогуу Дастан кирип келди. Кошогонун артында турган мени колумдан жетелеп сыртка чыккан Дастан машинага отургузуп, Канатты издеп калышты окшойт, айтор копко кармалышты ызы-чуу болуп копко турушту. Канатты качып кетиптир. Туз эле милиция болумуно алып келип мага арыз жаздырышты Канаттын устунон. Ыйлап отурган мени токтоо, ишенимдуу коз караш менен жалооруй караган Дастандан негедир уялып, тартынып турдум. Арызга корсотмо берип, кол коюп буткон сон сыртка чыктык. Дастан адаттагыдай машинасынын арткы эшигин ачып мени отургузду. Чон жол менен зымырап уйго жонодук. Зынылдап башым ооруп чыкты. Чарчап да аран отурдум. Эмне болуп кеткенин тушунбой калдым. Ыйлап бараттым.
-Болду эми ыйлабай.- кабагын буркогон Дастан октом суйлоду. Жинденип жатканы билинип турду.
Озумду кармасам деле болбой, негедир муун-жунум бошоп шолоктоп жаттым. Коркуп да калдым окшойт. Мени улам карап коюп келе жаткан Дастан бир маалда машинасын жолдун жээгине токтотуп, арткы оорундука, менин жаныма отурду.
-Болду эми боздобой. -Эки ийинимен кармап, озуно каратып, жер карап ыйлап жаткан жузумо ыйлдый боло тигиле:
-Кана мени карачы, баары артта калды. Сен уйго баратасын. Мен жанындамын. Успокойся.
Энтигип, опком батпай ыйлап буто албай жаттым. Башымды ийкегеним менен козумдон жашым куюлат. Биринин артынан бири токтобой молтулдоп кулап жаткан жаштарымды акырын, аяр колу менен аарчып, ээгимден бир колу менен таяп башымды которуп:
-Деги сенин жашын тугонобу? Ыйлаганга эле даяр экенсин э?- жылмая мандайымда турганына ого бетер ичим ачыша, озумо-озум берген убадамды эстеп "Болду, чалбайм, жолобойм, акыркы жолу." дегенимди ойлогондо журогум тызылдай, ичимден Дастан менен коштошуп жаттым. Озумду аран кармап:
-Рахмат сизге, ыраазымын. Эми мени уйго жеткирип коюнузчу?- Жаш балача энтиге суйлогонумо кулкусу келип кетти окшойт.
-Уйгобу? Мен сени азыр уйуно жибере албайм. Ыйлап буттунбу?- Дастандын эркелеткен сыяктуу суроосуна эреркеп кеттим окшойт, башымды чайкай:
-Ыйлагым эле келип атат Дастан байкеее... озу эле... козумдон жаштар озу эле чыгып атат мен эч нерсе кылбасам деле...
-Коой, коздорун оздору эле ыйлап атабы?-деди кулумсурой. Тике караган коздорунон козумду тарта албай тиктеп тура бердим. Не деген керемет каректер? Тубуно чогуп кана кетким келет го. Акыркы жолу карап жатам деген ой менен турганда, кутуусуз жерден Дастандын карылуу колдору далымдан тарта, озуно тартып баратты. Эсимди жыйгыча башым ийинине жолонуп, Дастандын албырлуу кучагынан орун алып калдым. Бекем кучактай, унсуз кое бербей турду. Дуйно, аалам токтоп калгандай сезилди. Бир гана Дастандын дукулдогон журогуно кошулуп меники угулат. Ишенбедим. Дастан да мени кучактай мемирейт. Кокко учуп, алда кайда кетип бараттым. Бул эмне деген ыйык сезим? Соз менен жеткирип бере албайм ал учурду.

Билдирүүнү түзөткөн: Fortuna1987: 17 Ноябрь 2018 - 00:33

• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#955 Пользователь офлайн   Jamka2013   17 Ноябрь 2018 - 03:09

• Карапайым
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 60
• Катталган: 01 Февраль 18
• Соңку аракети: 09 Фев 2021 22:11
• Жынысы:Белгисиз

Аида эже сиз учун ушул сайтка кирем, надеюсь завтра напишете .аябай кутом. Мага окшогондор коп эле болуш керек. Сиз жазсаныз так секирип суйуном, жазбасаныз айла жок сабыр деп кутмой
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#956 Пользователь офлайн   Li-Li   17 Ноябрь 2018 - 18:17

• Момун
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 36
• Катталган: 01 Май 13
• Соңку аракети: 18 Сен 2020 21:23
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:Бангкок

Эх,Дастанды мен да суйуп кеттим го)),суйгон коздор менен карап суйгон журок менен айтып берсе арбир адам ушундай идеалдуу
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#957 Пользователь офлайн   Fortuna1987   17 Ноябрь 2018 - 20:09

• Карапайым
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 199
• Катталган: 11 Март 18
• Соңку аракети: 13 Янв 2019 16:13

Мээрим жана назиктик. Бул экооно муктаж болбогон жан жок го дейм. Дастандын кучагында чексиз камкордук менен бейпилдикти сезип турдум. Далымдан таптап:
-Кайгырба баары жакшы болот. Сен кыйын кызсын, мен сага ишенем.- Кучагынан кое берип, чачымдан сылай мени жубатып, алдынкы орундукка отуп, машинасын айдап жоноду. Мен унчукпай келе бердим кызыгы кадимкидей женилдей, бироо дем бергенсип сооронуп калганымда.
-Аида, эртен Свердловский РОВДга келесин, мен чалам. Экообуз коргозмо беребиз. Ага чейин тиги Канат же анын жакындары чалып бир нерселерди суйлошу мумкун. Эч кимге жооп бербе. Мен озум чалганда келесин. Ата менен апага тушундуруп айт, алар да билиши керек.
Созунун аягына чыгарбай телефонуна чалуу келди. Ханасы экен. Жооп берип жатканынан эле билдим. Жиним келип кетти, Хана мага эч нерсе кылбаса деле озумчо эле Дастанды кызганып баштадым. Ары жокмун да ушунчалык))). Балким кызганычтын оту ушундай чыгаар. Уйго жеткиче шашатым, антпесе Дастан Хана менен эзиле жыргап суйлошкон сайын кыжырым кайнайт. Уйдун жанына келип токтогондо, телефон менен суйлошуп жаткан Дастан менен коштошпой эле созун болбогон киши болумуш ондонуп, сыртка чыгып кеттим.
Уйго келсем апам чыйпылыктап кутуп отуруптур. Ыйлаган жузумду жашырып дайыма "грипп болуп калыптырмын" деп алдап, эч кимдин жузун тике карабай, дароо душка кирип кетем. Суудан кадимкидей энергия алам. Апам канча ирээт сураса да аларды кабатыр кылып эч нерсе айткым келген жок. азыр айтканда эмне? Жон гана кайгы тартып, нерв болушат. Анда коро не болсо баары отуп кеткен сон айтам, ошол женилирээк.
Дастан айткандай белгисиз номерлерлен тан эрте чалуулар келе баштады. телефонумдун унун очуро, чалган номерлерди карап Дастандын номерин кутуп жаттым. Тушко жетпей келип калуумду айтып, Дастан да чалды. Бардым. Кутуп туруптур. Мени кутуп бир далай адамдар чогулуп калыптыр, арасында канаттын апасын коруп, журогум зырп дей тушту. Аааайййй, байкушум ай! Эне да, тогуз ай журогунун астына катып, омур бою журогунунун тупкурунон сезип, оз жанын берууго даяр болгон эне турду. Анын ыйлап алган жузун коруп чыдай албадым. Энелер ыйлабасынчы. Алдымдан тосуп чыккан Дастан менен экинчи кабатка которулдуп баратканбыз, артымдан чыккан Канаттын апасынын унунон бурулдум:
-Кызым, Аида токточу, сени менен бир ооз кеп суйлошуп алсам болобу?- Коздору санаага толгон, мунайым таркан апаны аядым. Бурулуп жоносом, Дастан "барба" дегендей ишарат кыла, билегимден тартты. Дастандын башын чайкаганын бир карап, канаттын апасынын умуттуу козун бир карап, билегимден крамаган Дастандын колун бошото апаны коздой жонодум. Кантип бурулуп басып кетем? Баласынын кылганы учун куноолуубу? Алпештеп багып, азабын тартып, келин алып келем десе, кошогосун илип, боорсогун жазап, жоолугун камдап, менин отуруп калышымды суранганы учун куноолуубу? Мен эч качан бурулуп кете албайм. Жан дуйном жол бербейт.
Кечирим сурайт, Канат учун ! Чыркыраган чымчыктай айланчыктайт. Ал эми Канат озу кайда журот? Кылгылыкты кылып коюп. Ансыз да баласынын азабын коп тартканы жузуно чыккан эненин айткандарынын баарын уктум. Дагы да болсо баласын калкалап жатты.

Милиция менен ооруканадан кудай сактасын. Озгочо милициянын иши жакпайт. Канатты издоо иштери журуп жатканын айтышты. Дагы бир далай документке кол коюп, тушту тамактануу учуру болуп калганына байланыштуу сыртка чыктык. Дастан экообуз жакын жердеги тамактануучуу жайлардын биринде отурдук.
-И таак, Аида эмне жейсин?
-Эч нерсе, рахмат.
Айтканыма конбой экообузго окшош тамак алды. канаттын апасынын создору, ыйлаганы коз алдыма тартылып кетпей жатты. Эх, Канат, сенин азабынды тартканы апандын чарчаган коздорунон кордум. Наркотик колдонуп, чет жерге чейин алып барып дарылатып келгендерин уккам. Эне учун мындан артык азап барбы?
-Ойлоно бербе, эмнени ойлонуп жатасын?-деди Дастан.
-Эч нерсе.
-Аида, ушунчага келип калды, эми аягына чык, макулбу?
-Кандайча?- Эч нерсе тушунгон жокмун.
-Мындай, арызынды алба. Канат кичине сестенсин. ушундан пайдаланып чон сындырып ал.
-Дастан байке, мен дагы деле эч нерсе тушунгон жокмун.- дедим элейе.
-Ха,ха... до сих пор наивная. Канат жазасын алсын деп жатам. Сага моралдык жактан жабыр тарттырганы учун толоп берсин деп жатам. Жакшы сумма ондуруп ал, колунда бар эле кишилер экен. Акчасы бир нерсеге жарап кетет.
- Акчаны ата-эненси берет да туурабы?-дедим тактоо ирээтинде.
-Анан ким бермек эле?, ансыз да Канатты жумушунан да чыгарып жиберишиптир.
-Билбеейм, ата-эненсинде эмне куноо? Байкуш апасы да ыйлап жатат.
-Алар сени кечээ эмне кылышты ыйлаткандан жаман кылышты го? Эгер мен барбасам эмне болмок.
- Канат куноолуу да.
-Вот именно Канат учун алар толошу керек.
-Апасына боорум ооруп жатат Дастан байке.
- Аида, жашоого реалдуу карап уйрон. Эмнеге мынча ыйлаак, коркок анан боорукерсин? Кыздар куйумдуу болот десе ишенчу эмес элем. Сени карап отуруп кыздуу болгум келип кетип жатат.
Жылмайып алдым.

Билдирүүнү түзөткөн: Fortuna1987: 17 Ноябрь 2018 - 20:10

• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#958 Пользователь офлайн   Fortuna1987   18 Ноябрь 2018 - 01:45

• Карапайым
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 199
• Катталган: 11 Март 18
• Соңку аракети: 13 Янв 2019 16:13

Калп айткан менен болобу? Ал учурда ото жаш болчумун. Жыйырмага жаны чыгып,жашоонун ойдо томонун али тушуно элек секелек экенмин. Апам айылдык аруулук менен тарбиялап, эн эле тунук ниет менен осуптурмун. Жомоко ишенген бобоктой болуп, туура эмес иш кылсам дароо терс каарманга айланып кетчудой сезилчу. Бул нерсенин баары ата-энемдин тарбиясы эмеспи.
Канаттын апасы дагы бир эки жолу жолугуп, шингил таштап кеткен сон мындан ары эненин коз жашына чыдай албашымды тушундум. Дастан уйроткон чон суммадагы акчаны айтууга оозум барбады. Мейли, ким жанылбайт? Канат суйгон чыгаар? Суйгонуно жетуунун аракетин корду го балким. Наркоман да суйот. Ал деле адам эмеспи. Апасынын ансыз деле куйутун сезип турдум. Арадан бир жума отпой барып арызымды кайтарып алдым. Болгону апасынан Канаттын экинчи мага жолукпоосун отундум. Жакшы эле сабак болгон чыгаар. Бул кылыгымды уккан Дастан дароо телефон чалды.
-Ало, Аида каяктасын?- Эмне дээрин билип турдум.
-Кандайсыз Дастан байке? Уйдомун.еей Мен азыр барам, сыртка чыкчы суйлошчу создор бар.-Демите суйлоп очуруп койду. "Келбей эле коюнуз, рахмат, баары жакшы" дегенге жетишпей калдым. Айткандай тез эле келди. Сыртка чыгып, кабагы буркоо турган Дастандын жанына бардым.
-Апасына боорум ооруду...- куноолуудой жер караган мага:
-Жакшы болуптур-деди мыскылдуу.
-Рахмат- деп мен да озуно жараша жооп берип алып, уяла токтоп калдым. Эшегим суудан откондон кийин кыйын болгон немече.
-Колумдан келишинче аракет кылдык. Жок дегенде мага эскертип койбойт белен? Канатты эми келбейт деп ким кепилдик берет?
-Дастан байке, сизге дагы бир жолу рахмат. Сизди эч качан унутпайм. Эми мени Канат таппайт. Чет жерге иштегенге кетип жатам.-Ооба, коп жылдан бери Орусияда иштеген боломдукуно Москвага кетейин деген ой келген. Ал мени алып кетет, туугандардын кобу ал аркылуу Москвада иштоодо, ошол себептен ишенимдуу суйлодум. Дастан унчукпады.
-Кетишим керек. Мындан башка жол жок.
Башын ийкей Дастан:
-Болуптур, озун билесин да, жакшы бар, ийгилик!-деп машинасына отуруп, айдап кетип калды.
Узата аркасынан бир топко тиктеп турдум. "Албетте, ийгилик керек" деп уйго кирдим.
Ашканада жургон апама, болом менен суйлошуп, мени Москвага алып кетуусун сурап беруусун отундум. Апам атам менен кенешип, анан короорун айтты. Болду! Баарын жаны баштайм. Акыркы уч жылда ото коп нерсени кордум. Кандай болсо да кетишим керек.
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#959 Пользователь офлайн   Albinoc.piratium   18 Ноябрь 2018 - 22:06

• Карапайым
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Жаран
• Билдирүүсү: 194
• Катталган: 23 Ноябрь 17
• Соңку аракети: 06 Фев 2025 15:49

Дастанга тийирсизда ошондо. Жакшы экен.
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#960 Пользователь офлайн   Fortuna1987   18 Ноябрь 2018 - 22:27

• Карапайым
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 199
• Катталган: 11 Март 18
• Соңку аракети: 13 Янв 2019 16:13

"Коштошуп койгонго да жараган жок. Мейли ушинтип керсейген жактан корсотуп койгону жакшы. Антпесе идеалдуу адамдай корунуп жаткан. Конулум калганы жакшы. Тез унутууга себеп болот. Кызык, кыздар суйуусун билдирбоо деген мыйзам кайдан пайда болгон? Кайсыл жылы ким ойлоп таап, калыптанып калды экен? Кыз суйсо калат, бала суйсо алат деген соз бекеринен айтылбаптыр. Кой, коп ойлоно бербейинчи. Мен ал жонундо уйкумду болуп, туну бою ойлонуп чыгам. Кыялданып алганымды кантейин? Ал мен жонундо ойломок турсун эстеп да койбосо керек. Уктайын." деп тошогумо жатып алып, кайра эле ойго чомуло уктабай тундун ортосу болду. Кадимкидей уйку жок. Ойго салган Дастан деген неме?!
Тунку 2ден отуп баратты. Козумду жумуп, жуз, беш жуз, минге чейин санадым, келме келтирип, жакшы тилектерди тиледим. Баарыбир канча аракет кыла озумду алдай албай убарамын. ары оонап, бери оонап, тошогум ото ынгайсыз сезиле, таш жазданып жаткансып жаздыгым ашыкча боло ары туртуп жатып жаныдан козум илинип бара жатканда телефонумдун чырылдаганы чочутуп жиберди. Ордумдан секирип турдум, атам менен апам ойгонуп кетпесин деп шашыла балконго чыктым. Журогум тушуп, коркуп кеттим. Оюума дароо Канат келди. Дайыма тундо чалчу эле. Демимди баса, чалуу тушуп жаткан номерди тиктеп катып калдым. Коргон козумо ишенбейм, мумкун эмес. Дастандан чалуу келип жатыптыр. Калтыраган колдорум менен телефонумдун жашыл баскычын басып, кулагыма такадым.
-Алоо...
-Аида уктап калдын беле?- Дастандын унун укканыма ишене албай кайталап сурадым:
-Дастан байке сизби? Тынчылыкпы?
-Ооба, мен Аида. Канат чалган жокпу деп сурайын дегем.
-Жок, эч ким чалган жок.
-Эгер дагы деле чалса мага айта бер дейин дегем.
-Макул. Бирок эртен дагы номеримди алмаштырайын дегем.
-Жакшы, анда эртен номерди чогуу сатып алалы э?- Кубанычтуу чыга тушту Дастандын уну.
-Неге?- дедим тан кала:
-Жон эле, сени Москвага узатып, коштошуп дегендей..... - созун андан ары улай албай токтоп калды.
-Ааа... мейли, мен макулмун- Деп жибердим шашып, тим эле акыркы шансты колдон учуруп жиберчудой далбастап.
-Болуптур эртен чалам, тунун бейпил болсун.
-Сиздики дагы.
Уууууу......... эгер азыр тушум болуп калса анда олдум. Чын элеби? YESSS? еееее..... Эртен Дастанды кором. Ал мени озу чакырды. Телефонумдагы анын номерин карап козумдон жаш чыгып кетти. Журогум адаттын тышкары турсулдоп, ичимди ысыткан жагымдуу сезим каптап батпай баратты. Турган ордумда бийлегим келип, терен дем ала тошогумо кирдим. Жаны эле ынгайсыз болуп жаткан жуурканым мамыктай боло тушконсуду. Ыргытып жиберген жазыдыгымдын жумшактыгын, жагымдуусун айт. Ичим жымырап, озумчо жылмая, бактылуу боло, ыраазы болгон немедей терен уйкуга кеттим. Эртен Дастанга жолугам. Ал неге чалды?
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

• ← Мурунку тема
• Жүрөк сыры
• Кийинки тема →

• (66 бет)

• « 1

• 46
• 47
• 48
• 49
• 50

• Акыркы бет »
• Сиз жаңы тема ача албайсыз
• Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 14 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 14, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт

• Жогоруга
• Форумдун тизмегине
• Cookies тазалоо
• Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

• Азыр убакыт: 19 Июл 2025 04:12

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: