Мен жаны эле бир макала окуп, ошол макаланы бул жакта окурмандар/
форумчулар менен болушууну туура кордум. Ал жоругумдан кыйкым издеп куноолобостур аким, админдер. Анан калса Кытай же кайсы бир улутка же мамлекетке тукуруп жатат деп банга айдап журбогуло.
Мен буга чейин Кытайдагы уйгур, казак ж.б. элдердин катарында Кытайда жашаган кыргыз боордошторубузга катуу кысым болуп жатканы боюнча бир канча жолу макала окудум эле. Бул жолу окуганым баарынан ашып тушту. Окуп алып Жээнбеков баштаган кыргыз бийлигинин бетине тукургум келди. Кытайда кыргыз бир боорлорубуз кыйналып жатса, алардан кабар алган атка минер корунбойт. Кыргыз бийлиги Кытай бийлигине созу отпосо, эч болбосо дуйнолук коомчулукка кайрылса болбойбу?!
! Бул эмне деген кордук?! Тарыхка кылчайсак Кытайдын азабын, зулумдугун коп эле коргон экенбиз. Эми цивилизованный коомдо жашап жатабыз деп ойлосок, кытайлар кытайлыгын кылып, бугунку кордуктарын кантип тушунсо болот, кантип чыдаса болот?!!
Кытайда кор болгон боордош кыргыздар Кытайдагы кыргыз бир боорлорубуздун аянычтуу тагдырына кайдыгербизби?
#2 21 November 2018 - 21:38
Кытайда кыргыздар жапырт камалуудабы?
Кытайдагы 1500дөй кыргыз жашаган Кайыз айылында 300 киши камакка алынганы кабарланууда. "Эркин Азия" радиосу бул тууралуу 13-ноябрда кызылсуулук кыргыздын маалыматына таянуу менен кабарлады.
Ал арада "Твиттерде" Шинжаң-уйгур автоном районунда камалгандардын арасында кытайлык кыргыз окумуштуулары да бар экени тууралуу маалымат тарады. Кытайда туугандары четинен камалып, расмий Бээжин "тарбиялоочу лагерь" деп атаган жайларда отурганын Кыргызстандагы кытайлык кайрылмандар да айтып жүрүшөт. Алар бул жайлар лагерь эмей эле, кармалгандарды кыйнаган түрмө экенин белгилеп жатышат.
Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автоном округунун Актоо ооданындагы Кайыз айылында жашаган 1500дөй кыргыздын 300ү камакка алынганын өткөн аптада "Эркин Азия" радиосу кабарлады. Аталган радио кайыздык кыргыз менен байланышканда ал адамдар негизсиз эле жапырт кармалып жатканын айтып берген. Шинжаңда Кытайдагы кыргыз окумуштуулары да кармалганы айтылууда. 17-ноябрда кыргызстандык активист Эдил Байсалов "интеллигенция өкүлдөрү кармалып жатат" деген тизмени "Твиттерге" жарыялады.
Кытайда калган туугандары абакта экенин айтып, Кыргызстандагы кайрылмандар да "******ка" көп кайрылып жатышат. Алардын бири - беш жыл мурда тарыхый мекенине келип, жарандык алып, учурда Караколдо жашап жаткан Турсунаалы Үсөн. Ал Казакстан кытайлык кыргыздардын көйгөйүнө көңүл бөлүп жатканын айтып, бирок Кыргызстандын бийлиги аларды "көз жаздымда калтырууда" деп кабатыр.
Жашы 70тен ылдый болгондордун баары эле камакта экен.
- Кулжадагы Шаты айылынан келгем, - дейт Турсунаалы Үсөн. - Ата-энем, туугандарымдын баары Кытайда. Азыр алар менен кабарлаша албай калдык. Бирок ал жактан кабар алгандардан маалымат угуп атабыз. Ал айылда мурда беш мектеп бар болчу. Уйгур, казак, кытай, кыргыз, монгол тилдеринде эле. Азыр анын баарын жоюп, кытай тилинде гана сабак өтүп калышыптыр. Ата-энемдин жашы 80ге таяп калды. Алар камалган жок. Башка туугандарым бүт камакта. Менден кийинки бир тууган иним бар эле, аны эч жүйөсүз 25 жылга кесишиптир. Булардын эч күнөөсү жок. Тек гана кыргыз, мусулман болгону үчүн азап чегип атышат. Айылыбызда эч ким деле калбаптыр. Куда-сөөктөрдүн баары эле камалыптыр деп уктум. Жашы 70тен ылдый болгондордун баары эле камакта экен. "Тарбия берүүчү лагерь" деп айтылганы менен түрмө эле. Түрмөдөн жаман кыйноо болуп жатыптыр. Абалы өтө оор, өлгөн киши андан көп дешет. Казакстанда казактарга жардам берүү боюнча көп иш жүрүп атат. Кыргызстанда андай болбой жатат. Биз кыргыз бийлигине баралы деп, кантип барып, жолугуунун жол-жобосун билбей атабыз. Кытайдан жүрөк өйүткөн кабарларды угуп атабыз. “Эркектерди бүт камакка алып, ал үйлөргө бирден кытай жаранын алып келип аралаштырып жатат” деп атышпайбы.
_____________________

#3 21 November 2018 - 21:43
Кыргызстандык бир топ кайрылмандар бийлик тараптан расмий жооп болбой жаткандыктан,
жакындарын табуу аракетинде Казакстандагы “Ата-Журттун ыктыярдуу жаштары” уюмуна кайрылышкан.
Уюмдун активисти, кайрылмандар менен иш алып барган Серикжан Билаш Үрүмчү аркылуу келген кабарларга таянып "*******ка"
Кытайда кармалган кыргыздардын саны 50 миңден ашып кеткенин билдирди. Бул эки ай мурдагы маалымат. Андан берки кармалгандар мындан бир топ көп болушу мүмкүн.
- Кызыл-Сууда кыргыздардын интеллигенттери, жазуучулар, акындар, гезит-журналардын журналисттери, редактору камалганын эшиттим, - деди Серикжан Билаш. - Бирок аты-жөнүн, фамилияларын так билбейм. Кызыл-Сууда 1980-жылдан баштап "Кызыл-Суу кыргыз адабияты" , "Шинжаң кыргыз адабияты" деген журналдар чыккан. Өздөрүнүн кыргызча телеканалы да бар болчу. Үрүмчүдөн чыккан "Шинжаң" телеканалынын ичинде казактар менен кыргыздардын да телеканалдары бар эле. Эми ошол жерлерде иштегендердин, 80-жылдардан тартып китеп чыгаргандардын баарын "чыпкадан" өткөрүп, улуттук тарых, улуттук маданият тууралуу макала жазгандарды тегиз кармап жатат деп уктум. Бул жерде кыргыздар менен казактарды кармоодо башка улуттарды кармоого окшобогон бир жагдай бар. Дүйнө жүзүндөгү маалымат каражаттары бир нерсени катуу жазып атышат. Алар казактарга келип маектешет. Алматыга келишсе, “100 факты” десе жүздү, “200 факты” десе эки жүздү видео, аудио, жазуу, сүрөт, кармалган адамдардын паспортун кошуп, баарын беребиз. Алар барат дагы, "Шинжаңда мусулмандар кармалып атат" деп жазат. Күйүп кетесиң да. “Казак” деген сөздү өтө аз колдонушат. Алар Шинжаңда уйгурлар гана жашайт деп ойлошот. Бул - чоң ката. Шинжаңда жалаң гана мусулмандар кысымга учурап жаткан жок. Кытайлар менен дини бир болгон Тибетте жүз миңдеген монголдорду кармап, түрмөгө тыгып атышат. Кытайдын өзүндө миллиондогон христиан-католик евангелисттер бар. Аларды кармап жатышат. Кытайдын өзүндө демократтар да камалууда. "Экстремизм, терроризм" деген жалааны жаап, уйгурларды түрмөгө тыгып отурат. Дин жагынан анчалык фанат эмес, Кытайдагы кыргыз менен казактын дини бизге белгилүү го. Кыргыз менен казактын дини кытайларды тынчсыздандыра тургандай фанаттык деңгээлге жеткен жок. Мисалы, кыргыз менен казактын бир айылын алалы. Жүз кыргыз, жүз казак болсо жума күнү мечитке баргандардын саны беш кишиге жетпейт. Анын да бир-экөө ишемби күнү арак ичип коет.
Серикжан Билаштын айтымында, Кытайда камалган казактар жети жүз миңге чукулдады. Активист Кытайда диний фанатизмден алыс болгон кыргыздарга жана казактарга карата куугунтук Бээжиндин жер саясаты менен байланыштуу деп эсептейт.
Расмий маалыматка караганда, Шинжаңдын Кызыл-Суу Кыргыз автоном районунда 160 миңге жакын кыргыз жашайт.
Буга чейин Казакстан Шинжаңда казак улутундагы жарандарга жасалган мамилеге байланыштуу Кытайга нота жиберген. Жарандык коомдун тынымсыз аракеттеринин натыйжасында ондогон казак түрмөдөн чыгып, Казакстанга келген. Алардын бир тобу Кытайдын бийлиги "саясий тарбия берүүчү лагерь" деп атаган жайлар шарты катаал түрмө экенин, ал жерде кыйноонун оор түрлөрү колдонулуп жатканын айтып чыгышкан.

#4 21 November 2018 - 21:50
Белгилүү бир интернет сайты буга чейин кытайлык кыргыздардын,
окумуштуулардын тагдыры, алардын укуктарын коргоо аракеттери тууралуу Тышкы иштер министрлигине кайрылган. Ал катка эмгиче жооп келе элек. Активист Эдил Байсалов Кыргызстан дипломатиялык жол менен кытайлык кыргыздарга жардам бериши керек деген пикирде.<br>
<br>- Биз Кытай менен түбөлүк доспуз, ишенимдүү өнөктөшпүз,
коңшубуз, - деди ал. - Ушул жерден ишенимдүү бир туугандык мамиледен пайдаланып,
өзүбүздүн элибизге, бир туугандарыбызга болушуп, айтышыбыз керек. Бул жерде эч кандай күнөөсүз окумуштуулар кармалып жатат. Аларда эмне айып? Алар Кыргызстанга келген сайын Кытай элин даңазалап, Кытайдын жетишкендигине мактанып жүргөн инсандар. Алардын эмнеси динчил? Буга ишенүүгө болбойт. Ошондуктан тез арада аларды бошотууну, башка боордошторубуздун тынчтыгын камсыздоону суранышыбыз керек. Биздин укугубуз бар. Анткени, чектеш мамлекетте тынчтык болбосо, коңшу катары биз да сурап коюшубуз керек. Мисалы, Казакстан бир жыл ичинде бир нече жолу дипломатиялык нота жиберди. Казакстандын тышкы иштер министри жакында эле Астанада Кытайдын элчисин чакыртып алып, ушул маселелерди кабыргасынан койду. Кыргызстан да эгемендүү мамлекет болгондон кийин буга укуктуу. Жада калса милдеттүү деген ойдомун. Себеби, ал жакта биздин бир тууган боордош кыргыздар запкы көрүп атса, аларга ким болушат? Акыркы учурда Канада, Австралия жана Батыш мамлекеттеринин элчилери Бээжинде бул маселени катуу козгошту. Бирок Казакстандан тышкары бир да мусулман мамлекети муну көтөрө албай атат. Кыргызстан да ушул маселелерди эске алып, кабыргасынан коюуга тийиш.<br>
<br>Шинжаңда миңдеген адамдар "саясий тарбия берүүчү лагерлерде"
кармалып жатканы тууралуу кабарлар 2016-жылдан тартып белгилүү боло баштаган. Куугунтукка кабылып жаткандар "саясий тарбия берүүчү лагерлерди"
"түрмө"
деп атаса, Кытайдын бийлиги “жарандарды кесипке үйрөтүүчү кадыресе борборлор"
катары сыпаттап келет.<br>
<br>________________________<
br><br>Маалымат булагы: башка сайт.
#5 21 November 2018 - 22:07
Менде бир ой кетти. Кытай бийлиги Кытайда жашаган баардык улуттарды камап, "сындырып"
, кордоп, улуттук баалуулук, нарк-насил, керек болсо тили, дили, дининен да ажыратып, акыр тубу кытайга айлантууну коздоп жатат корунот Кытайда жашаган улуттарды.
Кытайда жашаган, биз жалпылап "кытай" деп тушунгон улут миндеген жылдар ичинде ар кандай улуттарды оз ичине синирип, канча канча кочмон улуттар кытайга айланып кеткен. Кытайды басып алган кочмон уруу, улуттар, элдер, акыры бир кун келип кытайга айланып калган 2-3 муун алмашкан сон...
Эми ошондо азыркы Кытай бийлигинин коздогону эмне?!! Оз динин тутуп, намаз окуп, оз тилинде суйлоп, оз ата-бабасынын тарыхын изилдеп, Манас айткандары учун куноолуубу, айыпкерби, кылмышкерби Кытайдагы бир боор кыргыз туугандарыбыз? !!
Эмнеге Кыргыз бийлиги билмексен, кормоксон болуп отурат?!! Кабарынар болсо Сокенин чон атасы/атасы кулакка тартуу башталганда камчынын кучу менен элден жыйган байлыгын артынып Кытайга качып барып баш калкалап, кийин 50-60 жж Кыргызстанга кайткан экен. Эгерде Сокенин бир туугандары Кытайда калган болгондо, бугункудой бейкам отурган болоор беле, аалам тегиз деп...
Айтор, окуган сайын журок ойуйт. Кайдыгерлигибизден Кытайга миллиарддап карыз болуп отурабыз, бийлик Кытайдын адвокаты болуп. Бугун Кытайдагы боордошторубуздун кордолгонуна коз жумуп кормоксон болсок, эртен-бурсугуну Кыргызстан Кытайдын колуна отуп калчу болсо, ошондо да кайдыгер болуп унчукпай кала берет корунобуз. Ансыз да Узонгу-Кууш Кытайга, Каркыра Казахстанга, чек ара жээктеп канча канча жерлер коншу Озбекистан, Тажикистанга кетти, унчукпай эле келебиз кайдыгер болуп. Бул кайдыгерлигибиз тубубузго жетпесе болду.....

#6 16 December 2018 - 21:53
Туугандар биз эртерек ойлонбосок кытайлар бизге билинбегени менен ото чон коркунуч жарата баштады озубуздун жерибизде кытайлардан кордук коргондор кобойо баштады,биз эмес чон держава Россияны дагы каптап келе жатат,биз ото этият болушубуз керек,азыр биринчи кезекте карыздан кутулуу керек антпесе тилибиз кыска болот баарыбыз биргеликте ынтымактуу болуп карызды кутулуп буларга каршы турбасак уктап жаткан эл же жок болот же кул болуп ойгонот дегендей кытайга кул болуп калбайлы.
#7 17 December 2018 - 12:13
Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кытай жарандары милиция кызматкерин сабап салды деген тасма боюнча түшүндүрмө берип, бул окуя 2014-жылы болгонун билдирди.
Министрликтин басма сөз кызматы тактагандай, бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси ("Бейбаштык" ), 341-беренеси ("Бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү" ) жана 174-беренеси ("Башка мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу" ) менен кылмыш иши козголгон. Бардык тергөө амалдары жүргүзүлүп, материалдар сотко өткөрүлүп берилген.
ИИМ акыркы мезгилде WhatsApp жана башка социалдык тармактарда улут аралык кастыкты козуткан видеотасмаларды жана аудио-жазмаларды таратуу катталганын белгилеп, аларды тараткандарды тактоо иштери жүрүп жатканын билдирет. Мекеме аларга мыйзам чегинде чара көрүлөөрүн эскертет.
Бир нече күндөн бери социалдык тармактарда милиция кызматкеринин формасын кийген кишилер денесинен залакат алган жерлерин башка адамга көргөзүп жаткан видео тараган. Видеодо жабырлануучулар аларды Кытайдын жарандары сабап салганын баяндап берип жатканы көрсөтүлгөн. (ErN)
Маалымат булагы: башка сайт
___________________________
Менин тан калганым арадан 4-5 жыл отсо да бутпогон кандай сот?! Ал кытайлар давно Кытайда журушсо керек. Аларды кармаган куну эле кое беришкен...
Кызыгы, Чаткалда биринчи милиция кызматкерлери оздору жылкы издеген жигитти сабап провокацияга жол ачканы менен жергиликтуу жарандар куноолуу деп табылып бат эле 2 айга камакка алынганы, сот иштери башталганча. ....
Тогуз Тороолук тургундарды сот бат эле соттоп салганы...
Кытайлар милицияларды когала кылып сабаса да колунан б.. келбейт бийликтин. Анткени бийлик кытайлардын адвокаты.....

#8 17 December 2018 - 21:34
Биздеги кытайлар светойлор да аларды камаса акчаны ким берет тем болеее баары түптүз жургон кытайлар да.Анча мынча кыргыздарды уруп койушса эч нерсе болбойт таяктан адам олгон эмес деп коюшат.
Помните Альберт Эйнштейн говорил:
" Я боюсь того дня,когда технологии превзойдут простое человеческое общение и МИР ПОЛУЧИТ ПОКОЛЕНИЕ ИДИОТОВ.
Вот и я боюсь

#9 18 December 2018 - 14:15
Башкы бетте турат уялбай жалганды чындай жазып маалымат беришиптир кайрандар.171штук кытай алды деп кыйраткансып эл билет ким кандай жол менен алып жатканын $$ коргозгондо кытай атасынан да жакын болуп корунот да ме деп бере салат.
Биздин кыргыздар тиякта паспорт алмак турсун абакта эмне себеп менен олтурганын билишпейт айтсан алакабыз бузулат дешет УРДУМ ошол пайдасынан зыяны коп алакасын
Биздин кыргыздар тиякта паспорт алмак турсун абакта эмне себеп менен олтурганын билишпейт айтсан алакабыз бузулат дешет УРДУМ ошол пайдасынан зыяны коп алакасын
Помните Альберт Эйнштейн говорил:
" Я боюсь того дня,когда технологии превзойдут простое человеческое общение и МИР ПОЛУЧИТ ПОКОЛЕНИЕ ИДИОТОВ.
Вот и я боюсь
" Я боюсь того дня,когда технологии превзойдут простое человеческое общение и МИР ПОЛУЧИТ ПОКОЛЕНИЕ ИДИОТОВ.
Вот и я боюсь
#10 18 December 2018 - 14:22
ХХХХ КЫРГЫЗСТАНДА журуп КЫРГЫЗДЫ сабаса гыррррың дей алышпайт озу куноолу тиги бу деп баары кытайга адвокат болушат.Кытайда ошентип корчу не кылаар экен энендин тоюн уч коргондон коргозот сурап олтурбайт кимсин каяктансын неге деп.Кыргыздын талабын талашпаган окмот кыяяяматта дагы колунан жакшылык келбейт.
Законду койсун именно кытайларга ушундай ушундай чыдасан иште болбосо өмар хаям деп.Кичине эле ни то иш кылса камап тиги бу кылып олтурбай жонотуп салыш керек озунун кытайына бар дагы чычып жей бер бул жер сага энендин төрү эмес деп.
Тилеке каршы анте алышпайт
Законду койсун именно кытайларга ушундай ушундай чыдасан иште болбосо өмар хаям деп.Кичине эле ни то иш кылса камап тиги бу кылып олтурбай жонотуп салыш керек озунун кытайына бар дагы чычып жей бер бул жер сага энендин төрү эмес деп.
Тилеке каршы анте алышпайт
Помните Альберт Эйнштейн говорил:
" Я боюсь того дня,когда технологии превзойдут простое человеческое общение и МИР ПОЛУЧИТ ПОКОЛЕНИЕ ИДИОТОВ.
Вот и я боюсь
" Я боюсь того дня,когда технологии превзойдут простое человеческое общение и МИР ПОЛУЧИТ ПОКОЛЕНИЕ ИДИОТОВ.
Вот и я боюсь
#11 02 January 2019 - 02:55
Бул жонокой эле мисал да силер бироодон ото чон суммада карыз болсонор бир нерсе деп катуу айта аласынарбы ошондой эле да биз эле эмес казактар дагы унчукпай олтурушат карыздын айынан.

Супер-Инфо
super.kg
видео