Суперстан: Сенин сүрөтүң... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Сенин сүрөтүң...

#1 Пользователь офлайн   lunaika1   21 Ноябрь 2018 - 23:25

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 55
  • Катталган: 25 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Ноя 2018 20:29

Азыр темамды баштай берейинчи... Сиздер менен кийинчерээк саламдашаттырмын. Азыр жазып баштабасам, ойлорум бир жактарга учуп кетип,кайра аларды кармай албай кала тургандай коркуп жатам.Кыла турган ишим көп болсо да жүрөк сырымды бул жакка жазгым келип олтурат.Антпесем, жеңилдей албайт окшойм.Жеңилдебесем, бүт убактым азыркыдай кунарсыз,санаа, күтүү менен өткүдөй.Музыка угуп жаттым эле,дароо токтоттум.Азыр эч нерсе оюмду бузбаш керек,эч нерсе.Антпесе бул тема аягына чыкпай калуусу мүмкүн.Жок,жок, аягына чыкмак тургай,башталбай бүтүп калуусу мүмкүн.Ошондуктан, баштайын.

Билдирүүнү түзөткөн: lunaika1: 21 Ноябрь 2018 - 23:27

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   lunaika1   21 Ноябрь 2018 - 23:35

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 55
  • Катталган: 25 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Ноя 2018 20:29

Анын сүрөтүн тартып жатып,оюма ар түрдүү нерселер келе берди. Анын сүрөтүн тартуу менен ал жөнүндөгү ойлорду сүрөткө төгүп берип,бул ойдон,санаадан кутулам деп ойлогом.Ал жөнүндө ойлоп сүрөт тартып,ал жөнүндө унутуу. Күлкүлүү угулабы?Мага андай болбоду эле,бирок сүрөт тартып жатып, өзүмө өзүм күлкүм келди.Мен кайра эски жараларды козгоону баштапмын да.Мына... Эми жыйынтык ал жөнүндө жазууга жетти.Жаза турган ушунчалык көп нерсе бар экендигин билбептирмин. Оңой эле жаза коём деп ойлогом.Кайдан? Суперге кирип,тема ачышы ачып алып...Темаларды бир сыйра карап чыктым да катып калдым."Эмнени баштадың?" дедим өзүмө.Супер мурункудай эле активдүү турбайбы.А мен болсо эч ким окубайт деп...Эхх...Эми артка жол жок. Ошол себептен мен эми ал жөнүндө жазуум керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   lunaika1   22 Ноябрь 2018 - 00:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 55
  • Катталган: 25 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Ноя 2018 20:29

Сүйүп калдым,кыйналдым- кысталдым,сагындым, эми эмне кылам...ж.б.у. с. темаларды окуп,мыскыл жылмайып коёр элем.Кантип эле ушундай болсун,кантип өздөрүн эптей алышпайт деп ойлоп,анан безирейип чоң энедей кеңеш бере баштачумун, миң кылым жашагансып. "Ал адам жөнүндө жаман ойлорду ойлой берсең,жек көрүп, көңүлүң калып,унутуп кетесиң" деген принцибим бар болчу.А мен мен жөнүңдө азыр жаман ойлой аламбы?Жок.. .Жок,ооба...Ойлойм, ойлой берем,сенин да кемчиликтериң бар.Бирок алардын бирин да жүрөгүм сага суутпай жатса эмне кылайын?Унутам деп аракет кылган сайын кайра эски жаралар канталап,ириңдеп, сары суусу сыртка чыгып жатпайбы.Мен кыйналып жатпаймынбы! Сени жек көрөм.Жок,жек көрбөйм.Сагынам. ..Жакшы көрөм...Бирок, баары кеч болгон үчүн унуткум келет.Сенин сүрөтүңдү тартып жатып,ушуларды ойлодум.


Кыз башы менен жигиттин сүрөтүн тартат деген эмне?Дагы бир сүрөтчүлүк талантым болбогонун айт.Экөөбүздүн сүрөттү таап алып,өзүмдү кыйраткан кыйын сүрөтчү деп ойлоп алып, жеңди түрө сүрөт тартууга кириштим.Биринчи эле көздөрүңдөн баштадым. Экөөбүздүн көзүбүз окшош муңдуу,бирок күлүмсүрөп турушат.Себеби, бул көп убакыттан кийин жолуккан көздөр болчу.Бкл көздөрдү карап алып,ошол жолуккан күндү эстедим.Мени, сени жана башка кесиптештерди чогуу кечеге чакырышты.Мурун- кийин силер менен чогуу эч жакка барбаганга, баарын жыйыштырып, ушул кечеге сөзсүз барам дедим.Биринчиден, баарын сагынган болчумун.Экинчи себеп- көптөн бери окуу деп жүрүп,ээригип калганга,ойноп келүүнү чечтим. Үчүнчү себеп-айтпасам да белгилүү да..Бирок,айтам. Үчүнчү себеп-сен элең,сени көргүм келди,аз да болсо сүйлөшүүнү кааладым.Мени дос катары чакырып, күндүзгү сейилдөөгө чакырышкан эле.Кеч калып андан калып кеттим.Анан силер менен чогуу бир машинеде кеттик.Алыс жакка.Татынакай кийинип,чачымды коё берип, жеңил жасанып,тойго аттандым. Үйдүн алдынан алып кеттиң."Кандайсыңар? " дедиң жай гана,мен да алик алдым эч нерсе болбогондой. Өзүмдү колго алып,жайдары гана бараттым.Башкаларды да жолдон ала кетиш керек эле.Сага кимдир бирөөдөн тынбай эле чалуу келип жатты. Өчүрүп коюп жаттың."Баягы адаты калбаптыр дагы эле" дедим ичимден,сени кызгана.Бир чети,ачуум да келди.Кызганып чыктым.Бирок, эч нерсе болбогондой бара жаттым.Анан чалууну алдың.Жолдо бир татынакай кыздын телефон кармап турганын көрдүм."Ушул экен да,ишке жаңы келген кыз окшойт,анан эмнеге бир чалганда ала койбойт" деп ойлондум.
- Күтүп тургула,-деп тамактанууга кирип кеттиң.Кыздар офиске кирип чыгайлы деп түшүп кетишти.Биз тиги кыз экөөбүз калдык.
"Назик силердин машинаңарга чыктыбы?" -деген смс келди.Тигинин атын сураганга туура келди."Ооба, чыкты" дедим.Ватсап группа болчу.Мен жооп жазгандан кийин,дароо "ооба,чыктым" деп жаза калды. "Тың окшойт" дедим ичимден.
-Салам,-деди колун суна.Мен да кол берип учураштым.
-Салам.Мен -А...
-Аа,айтышты эле сен жөнүңдө-деди. "Жана эле сиз деп сүйлөшүп жатпадык белек"-ичимден ойлоно кеттим.
Тиги болсо бирөөгө чалып,каткырып сүйлөшө баштады.Болгонда да жигитке чалды."Качан жолугабыз? Кайда жүрөсүң дайының жок?Кечээ отурганбыз жыргап,кеч кайттык". Көчө кыз го дедим.Анан эле кыздар офистен чыгып,орун алып,сага чала башташты келесиңби деп.Тиги болсо телефонун дароо өчүрө калды. А сен болсо 10 минутада келем деп, күттүрө бердиң.Кыздардын бирөөсү:
-А...сен да чалып көрчү, мүмкүн сени угуп калаар-дешти. Телефонумду алып,чалдым. Телефонуң өчүк. Көрсө,номериңди алмаштырган турбайсыңбы. Тиги тың кыз дароо чала койду.
-Эртерээк келиңиз,кеч калабыз-деди.
Келбедиң." Ууух" дедим.Дароо келсең өзүм зорго турган жаным атылып кетмекмин кызганып.Кандай акым калды эле бирок сени кызганганга?
Анан күттүрүп,кечигип келдиң.Себеби, эрте менен сени күттүрүп койгон болчумун,жасанам деп, үйдөн кеч чыгып.Ар бир чалган сайын "Мен деле күттүм го" деп жаттың.Ушундай адатың бар болчу.Башынан ушундай майда кеп элең.
Келдиң.Жолго чыктык."Буй- буйду" бир эмес эки жолу койгонго үлгүрдүң.Жолдо ышкырып,кыйкырып, кайсарланып ар нерсе болдуң.Жакын көргөн эжемден"Мунуңарга ьир нерсе болгон эмеспи,акылы али жайында элеби?" дедим.Ал болсо мен чыккан үчүн ушундай болуп жатканыңды айтты.Ишенбедим. Ишеншим да келбеди.Сага ишене берип көңүлүм да калган болчу.Бирок, уялып,бетим кызара түштү.
"Буй-Буйду" төрт жолу койгондо гана,"Сиздин ырларыңыздан тажадым,ушуну менен ушул ырды 4 жолу койдуңуз" деп, өзүмдүн музыкамды коюп алдым.Ырдап, шаңдуу кеттик.Жолдо сүрөткө түштүк.Сага карабаганга аракет кылдым,карабадым. Баарыбыз чогуу сүрөткө түшүп болгондон кийин сага көзүм түштү.Тиги көчө кыз менен сүрөткө түшүп жатыпсың.Башкача сезимдер ичимди аралап кетти.Анан өзүм жалгыз калганда "Мурун биз кесиптеш элек го" деген шылтоо менен келип чогуу сүрөткө түштүң.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   lunaika1   22 Ноябрь 2018 - 01:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 55
  • Катталган: 25 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Ноя 2018 20:29

А мен азыр ошол сүрөттөрдү карап,сени сагынып отурам.Менин уялыңкы алыстап турганым,сенин күлгөнүң,экөөбүздүн көзүбүздөгү муң-булардын баары сүрөткө түшүп калыптыр.
Канча жолу бушайман болдум ушул кечеге барганыма. Сүрөткө түшүп болуп,кетейли дедик.Силер кайдадыр жоголдуңар, күттүк,анан келдиңер.Кайра жолго чыктык.
-Сок ичесиңерби? -сок сундуң.Алып, баарына куюп бере баштадым.-Бирок, окутулган дедиң бир аздан кийин.Баарыбыз күлдүк.Себеби, бул биздин "дежурный" сөзүбүз болчу.Кызыгы, эртеси күнү кечке башкалардын атын сеникине алмаштырып жаттым.Чын эле окутулган эмеспи деп коём.Жок, ошончо кишиге кантип окутулган суу берсин дейм кайра.
Кечеге да жетип бардык,эч ким жок экен.Тамактанып алайлы деп сүйлөшүп,кафеге да бардык.Кызыктын баары ошол жерде башталды.Эстесем ыйлагым келет,арга таппайм,кайра эле сагынуу,кыйналуу, санаа.
Баары сенин айыңдан,сенин! !! Эмнеге кечеге барасың?Эмнеге алдымдан кайра чыгасың?!Сага менден эмне жетишпейт?! Жок,мен эмнеге бардым экен.Ушул суроо туура болчудай.Узун ойлордун кучагында кыйналып, тузакка түшкөн кичинекей чычканга окшоп, оозумдан күлкү түшүп отурам.Барбашым керек болчу.Жок.Барышым керек болчу.Бир тарабын жүрөк баштаган,экинчи жагына мээ башчы болгон сезимдер алпурушуп,кайнап, муздап,кайра кайнап,менин алымды кетирип жатышат.Органдарым эки лагерге бөлүнүп алган сыяктуу.
Ошентип, кафеде заказ бердик.Заказ келди.Тамакты чөгүү жейбиз дегендер мени ордумдан башка жакка жылууга мажбур кылышты.Сен келип отурганда,тиги кыз күткөндөй эле сенин жаныңа келип отурду.А мен силерге жакыныраак жерге жылыпмын.Блинчик сураган элем,алып келишти.Муздак. Ысыт да дебедим,курсагым ачкан болчу.Тиги да блинчик заказ бериптир. Күлкүм келди.Ал болсо бирөөнү эле жеп,калганын жебей койду да,сенин тамагыңдан алып дей баштады. Таң калдым. Экөөң соо эмессиң дедим ичимден.Анан эле башталды силердин "кызыктуу" сүйлөшүүңөр.
-Мен билдим эмнеге мен экенимди -бул тигинин биринчи айткан сөзү болду. Таңыркап карап калдың да,мен жакты бир карап алып:
-Эмнеге?-деп сурадың.
-Окшош турбаймынбы- бул анын жообу болду.Мен түшүнбөй эле олтурам телмирип,бир силер тарапты көзүмдүн кыйыгы менен карап,бир жеп жаткан блинчиктерди карап.Ал болсо сенин телефонуңду чукулап жатты.
-Номерин удалить этсем болдубу?Ошол элеби?-дедиң ызырына.Удалить эттиң окшойт менин номеримди.Жаным ачышып кетти.Айламды таппай калдым.Же туруп кетишти билбейм.Олтура бердим,телмирип гана телефонду тиктеп отура бердим.Атайын социалдык сайттарга кирип, өзүмдүн баракчамдагы, башка адамдардын сүрөттөрүнүн астына жазылган күлкүлүү комментарийлерли окуп, жүзүмө жалган жалмаюу тартып жаттым.А силердин сөзүңөр дагы да улана берди.Кулагым тунжурап,жарымын угуп,кээ бирөөсүн укпай олтура бердим.Сыр бербедим.Аз убакытка эле өзүмдү коё берсем,алсыздыгымды, сени сагынганымды, сен бул кечеге келгенимдин бир себеби экениңди билдирип коймокмун." Чалып койсоң болмок,чалдым го, албадың го, түнү канчада кайттың,сизди күттүм" ж.б.у.с.сөздөрдү уккан сайын бошошо бердим.Акыры сен "машинени жылыта берейин" деп чыгып кеттиң.А тиги артыңдан кетти.Дагы ыйлагым келди.Бирок, ыйлабадым.Себеби, мен күчтүү элем.Машинеге чыкканда эле,башка эшикти ачып олтурган балдар "-Назик, өзүңө келдиңби,муздадыңбы" деп күлүп тигиге тийишкенин уктум.Демек, чын эле сүйлөшүп жүрүшөт дедим.Баягы жакын көргөн эжеме айтып берсем,"жок, алардын ортосунда эч нерсе жок" деп актады силерди.Ресторанга кирдик, отурдук.Сен тиги отурган жерден алыстап,менин тушумдан орун алдың.Мен колумдан келишинче бактылуу, шаңдуу адамдын ролун ойноп жаттым.А сенин Назигиң эч ким менен сүйлөшө албай, сөзгө аралаша албай эле бир бурчта отурду."Сага ал да аз" дедим ичимден.Бийге чыктык.Мен чыкканда эле жигиттер бийге тартып кетишти,кечелерде жөн отурбаган жаным,жыргап эле бийлеп жаттым.А сен болсо баарына көз жүгүртүп турдуң бийлөө аянтынын чекесинде.Экинчи бийге чыкканда гана бийлеп баштадың.Сага кайсыл бир жактан келген энергия кирип кеткенсиди. Аябай бийлеп жаттың.Бирок, тигиниң келип,белиңден тартып, өзү менен бийлөөгө чакырды.Жаныңда бийлеп жаткан кыз калып кетти.Тигинин кылыгына таң калдым,кыз да ушундай кылабы.Кайрадан орун алып отурганда,силер башкалар менен бирге сыртка чыктыңар.Бир аздан соң телефонго сүрөт келди.Тартып жаткан кыз,сен,сага бышык жабышкан тиги кыз,анан дагы эки кыз.Кыжырым келип кетти. Дагы бир жолу көңүлүм сууду.Бийлеп, ойноп, жыргап,той күнөөкөрлөргө белектерди таршырып,кайра кайттык.Жол алыс болчу.Мен ырдоону сунуштадым. Ырдадык, жыргадык.
Машинада орун аз болуп,Назик алдыга жылып олтурганга туура келди.Сенин артыңа отурду.Сен бизге кошулуп ырдап жатсаң да,тиги алаксыта берди,алаксыта берди.Бизге кошкусу келбей,улам эле сени сөзгө тартып жатты.Жылмайып, күлүп жаттыңар.Кыймылдай коюп, көргөн көзүмө бушайман болуп,катып калдым.Тигиниң сенин моюнуңду бармагынын учтары менен сылап жатыптыр.Рулдагы адамды минтип чалгытпаса деле болмок.Жок,бул кызганычтан айтылган сөз эмес,менден башкалар деле ушинтип айтмак.Акыры шаарга да кирип келдик.Биринчи мени жеткирем деп туруп алдың.Жол тескери болчу.Сен менин үйүмдөн ары кетмексиң үйүңө. Түшүнбөдүм бул кылыгыңа.Кыздардын сөзүн укпай койдуң,"биринчи тиги райондогуларды ташта" дегенге," эмнеге,смстен жазып жибер" деп аларга буйруй сүйлөдүң.А мен түшүндүм,тигини акыркы жеткиргиң келди.Ортоңордо көп нерсе бар экенине дагы бир жолу ынандым.Ушундай ойлордун курчоосунда уктап калыпмын.Ойгонсом, жетиппиз үйгө. Түшүп калдык эжекелерим менен.Силер кеттиңер. Үйгө кирип,чогуу келген эжелерге баарын айтып бердим.Алар болсо "жок,алар сүйлөшпөйт, сени жактырат дагы деле,жадакалса сени күндүзгү сейилге чыкпасын,сен менен кайра жолуккусу келип жатыптыр" деген сөздөрдү айтышты.Мени менен жолукпа деп аны урушушканын айтышты.Кимге ишеништи билбедим. Өзүмдүн кылган жыйынтыктарымабы же эжелергеби?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   lunaika1   22 Ноябрь 2018 - 01:41

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 55
  • Катталган: 25 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Ноя 2018 20:29

"Той да болот,тойдун эртеси да болот"дегендей, эрте менен сабакка барышым керек болчу. Түн бир жарымда келип жатканга,эрте менен көзүмдү жумуп эле ачкандай абалда турдум.Сен ишке эжелерди алып кеткени келгениңде, мен да чыгып алдым,таштап коюңуздар деп суранып.Директор да бар экен.Жаш,мыкты айвм.Окуумду сурап,окуй бер,азамат деген сөздөрдү айтып,мени кечеге бардыбы деп сенден сураганын айтып,акырында "Окууңду бүтө берчи,сени өзүбүз келин кылабыз" деп күлүп койду.Мен уялып кеттим да,"коюңузчу" деп кыска гана жооп берип койдум."Мунуңуздун көңүлү башкада экен го" деп айта албадым.Айта турган сөздөр көп болчу.Арыздангым келген болчу.Бирок, унчукпай кала бердим.Сен да унчукпадың, "биз сени келин кылабыз" дегенде,жигитке окшоп бир сөз айтпадың.Бир гана сөз,"ооба" же "жок" деген. Көрдүм мен сенин мен менен бирге болгуң келгенин,урдум сенин каалооңду.Ыраазычылыгымы билдирип, түшүп калдым.Ошол күндөн бери оюм онго,санаам санга бөлүнүп жүрөм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   lunaika1   22 Ноябрь 2018 - 01:43

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 55
  • Катталган: 25 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Ноя 2018 20:29

Саламатсыздарбы, менин сүйүктүү эски досторум? Сиздерди сагындым.Форумга кирбей койгонума да көп болду эле.Эми минтип жүрөк сырым менен келип олтурам.Эгер жакса улантайын,болбосо эски күндөргө кайрылбай,ушул менен бүтүрөйүн.Оюңуздарды жазыңыздар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   ademi.00   22 Ноябрь 2018 - 01:58

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 204
  • Катталган: 27 Апрель 17
  • Соңку аракети: 25 Авг 2020 21:05
  • Жынысы:Белгисиз

Улантабер
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Bazana   22 Ноябрь 2018 - 02:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 605
  • Катталган: 20 Март 16
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:39
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Татарстан

Улант тез тез
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Merelisha   22 Ноябрь 2018 - 11:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 430
  • Катталган: 29 Июль 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 11:13
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош&Жалал-Абад

Анан? Улантыныз,эч кыжаалат болбон,окурмандар толо.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Albinoc.piratium   22 Ноябрь 2018 - 15:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 194
  • Катталган: 23 Ноябрь 17
  • Соңку аракети: 06 Фев 2025 15:49

Коп эле коммент калтырбайт элем калтыра кетейин. Сонун экен уланта бериниз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Bazana   22 Ноябрь 2018 - 15:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 605
  • Катталган: 20 Март 16
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:39
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Татарстан

Жакты уланта кой
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   lunaika1   22 Ноябрь 2018 - 19:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 55
  • Катталган: 25 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Ноя 2018 20:29

Кезек мурундарыңа келди.Ойлогонмун сүрөт тартуу оңой деп.Кайдан.Окшоштура албай,чиймелеп, өчүрүп жатып көп убакыт кетти.Анан дагы ойлонуп,сенин бир нерсе болсо эле мурунуңду чүйрүй коё турган адатыңды эстеп кеттим.
-Бутуңду түшүр-, дедиң.
-Жок, түшүрбөйм-мен кылыктанып каршы болдум.Сен менен тартышканды жакшы көрчүмүн.Бир нерсе талашып-тартышып, акыры мен жеңилип берчүмүн.Себеби, сен кежир, көк бет болчусуң.Азыр да машинанын салонунда бутумду асып алып олтурдум,сенин сөзүңдү укпай.Эркелегим келди,эркелеп жаттым. Мурунуңду дагы чүйрүдүң.Мен сенин мурунуңда пайда болгон бырыштарды колум менин тегиздеп койдум. Күлүп жибердик анан экөөбүз тең.
-Мени сагындыңбы- дедиң.Бул биздин биринчи жолугушуубуз болчу.Мен жумушка чыгып,анан экөөбүз таанышканбыз. Сени бир көргөндө эле жактырсам да,сага мүмкүнчүлүк бербей жүрдүм.Сенин кызтеке экениңди сезсем керек ошондо эле.
-Б... күзгүнү карай бербе,мени сүйүп каласың эми-деди кесиптеш эже.Жолго чыккандан бери, күзгүдөн мени карап коюп келе жатканыңды байкаган элем.Эми болсо башкалар да байкап калганына ыңгайсыз боло түштүм.Баары менен таанышып,анан өзүмчө болгум келип,наушникти кулагыма салдым да, үнүн бийик жогорулаттым. Менин жан дүйнөмдө кризис болчу ошол убактарда.Жай мезгили болгону менен көңүлүмдө кыштын,ал эми өңүмдө күздүн белгиси болчу,маанайым болсо жаз мезгилинин аба-ырайындай өзгөрүп турар эле.Жылдын алгачкы айларынан бери ушундай калыпта элем.Шайыр-шатмандуу кыздан бир сырдуу, көп сүйлөбөгөн кызга,он суроо берилсе, ага бир сөз менен жооп берген же жөн гана күлүп койгон таң калычтуу бийкечке айланган убагым.Кулагымда музыка жаңырып,ойлонуп, телмирип машиненин терезесине карап бараттым.Бул тынчтыгымды бузуп,сен да өз музыкаңды бийик кылып алдың.Ачуум келип кетти,"мунун акылы жайында эмес" дедим ичимден,ачуумду билдирбегенге аракет кылып.Эки жактан жаңырган музыкадан башым ооруп,акыры наушникти алып тындым. Күзгүдөн карап күлүп койдуң.Ушул сыяктуу күндөр өтүп жатты, жумушка чогуу барабыз,чыкканда кайра алып кетесиң.
Бир күнү мени таштап жатып,боксерго окшоп муштумуңду түйүп келип,бетиме жетээрде токтото калдың.Коркуп кеттим.
-Бул эмне кылганыңыз? -дедим ачуулана.
-Жөн гана...
-Жөн гана тийишип ойногону менден башка адам жокпу?-деп сөзүңдү жулуп алдым.
-Сен татынасың, боюң да узун, көзгө көрүнүп да турасың-деп жооп бердиң күлүп.Мен да жооп катары күлүп койдум.Анан башкаларды алып, жөнөп кеттиңер.Ошол күнү кечке дейре бош болдум иште. Башында мен күткөн адамдар келбей жаткандыктан, кечке сенин мазаңды алып чала бердим.Машинада уктап жаткан экенсиң,уктата да койбодум. Күтүп,ээригип, гүл тердим,алар менен сүрөткө түштүм, өзүнчө эле маанайым жакшы болуп,бакты аралап мөмө-жемиш жеп жүрсөм,чалдың.
-Уйкуңуз кандыбы?-деп сурай калдым.
-Ооба,уктап турдум. Өзүң эмне кылып жатасың?Келиштиби? -деп мага камкорлоно сурап жаттың. Жүрөгүм жибип кетти.Мен жумушка чыккандан бери менин көңүлүмдү алып,соолуй баштаган жүрөгүмө жан киргизгендей болдуң.Ошон үчүн сага ачылдым окшойт.
Эртеси күнү мен айылга кеттим бир жумага.Ал күндөрү эч тынбай телефондо сүйлөшүп жаттык. Бирөө чалса ала коюп,кайра бир минутага жетпей чалып жаттың.Мен сага,сен мага байланып калдык окшойт.Бир жумада эч ким күтпөгөндөй жакын болуп,кыз-жигит болдук да калдык.Бул жумуш командировкасы мени кыйнап бүтмөй болду.Ошондой суз күндөрүмдө сен гана мени бактылуу кылып жаттың.
-Тамакты жакшы кыласыңбы?-деп сурадың.Менин тамагымды үйдөгүлөр сүйүп жээрин, түрлөп тамак жасаарымды айтып мактангым келбеди.
-Билбейм, үйдөгүлөр көп эле жей беришпейт мен жасаган тамакты-дедим сыр бербей.
-Аа,анда жакшы эмес экен-дедиң.Кийин да бул суроону көп бердиң.Жеңеңдин тамагын жебей,сырттан тамактанаарыңды айттың.Кежир экениңди дагы бир жолу билгизип койдуң.

Бир жумада жумушту бүтүрүп кетейин дегенде,директор чалып,айылда даны бир-эки күн иштээримди айтты.Дел болуп, шаабайым сууп отуруп калдым.Дароо сага чалдым.
-Бул сиздин ишиңизби?-дедим телефондун ары жагына каарымды чачып.
-Эмнени айтып жатасың?-калптан түшүнбөгөн адам боло калдың.
-Сиз мени айылда калсын дедиңизби?Сиз мени көргүңүз келбесе айтыңыз,иштен деле чыгып кетем!-дедим. Телефондун ары жагынан сенин жанды эргиткен күлкүң чыкты.
-Ооба,сени тойго барбасын дедим да. Мүмкүн сени апаңдар бирөөгө көрсөткөнү жатышкандыр. Сени бирөөгө берип жиберишин каалабайм.Сен меники болосуң,жаным. ..-дедиң.Ооба, сага тойго бараарымды айткан элем.Сени тойго жөнөтпөй коёт деп ойлогон эмесмин.Кыз- жигит болгонубузга бир апта боло элек,мунун кылган кылыгын деп сүйлөнүп,кепчинип- кейинип иштеп жаттым. Өзүмдүн жашоомду эми эле жашоомдо пайда болгон,чыныгы жүзү кандай экенин мен таптакыр билбеген,мени туңгуюкка же бейишке алып бараарын билбеген эле адамдын колуна тапшырып берип койгондой абалда отурдум.Мындан ары да ушундай болобу?Ичимден аябай ойлондум.Бир тарабы,мени башкалардан кызганып,коргой ала турган адамдын-сенин бар экениңе кубанып жаттым.Мен бактылуу элем.
Мен үйүндө түнөп жүргөн эженин келини менен аябай жакын болуп алган элек.Мен ага сен жөнүндө айтып бердим."Сүйүп калдым окшойт" деген үч сөзүмө андан күтүлбөгөн жооп алдым.
-Сиз сүйүү менен боор ооруну алмаштырып албаңыз-деди. Себеби,сенин шартың меникине таптакыр туура келчү эмес.Мен аны бактылуу кылуум керек дедим,сени ойлоп жаттым.Мага өзүңдүн жашооңдун башкаларга ачпаган бөлүгүн ачканыңда,мен сени шартың үчүн гана таштай албайт болчумун.Себеби, сен аны мага ишенип ачкансың, сырыңды айткансың.
-Ойлонуп көрөм го, жеңе-дедим да, жүгүрүп үйгө кирип кеттим.
Акыры шаарга да келдим,жумушка да чыктым.Айылдан эми эле келгенимде, жумушка чакырдың.Барып, чогуу тамактандык кесиптештер менен.Мен ошондо сенден кандай уялганымды сен билбейсиң.Бийик тепкичтерден чыгып баратып,уялганымдан чалынып кетип жаттым.Аябай бийик болчу.Колумдагы сумкамды алдың.Мен күлүп гана сага сумкамды берип койдум да,жайдары чыгып бараттым.Тепкичтерди санаган адам болуп жүзүмдү көтөрбөй уялганымды айт.Бир маалда сумкамды колума кармата салдың. Өзүнчө аалам болуп,жайдары, кубанып бараткан мени чоочутуп жибердиң.Бирок, өзүң аны сезбедиң окшойт.Бутум шилтенбей токтоп калдым, өзүм да түшүнбөйм эмнеге чоочуганымды.
-Эмне болду ?-дедим бир сырдуу.
-Карап жатышат.-дедиң. Алдыны карасам, кесиптештер тамактанып олтурушкан экен.Сен ушундай куру намыс элең.Барып,орун алып сүйлөшүп олтурдук. Экөөбүз жөнүндө баары билишет экен.Демек,сен айткансың.Жиним келди сага,"счастье любит тишину" деген экен орустар.Менин сени менен бактылуу болгум келет болчу.Эч кимден жашырбай калдык,бирок ачыкка да чыкпадык.Кесиптештер катары гана сүйлөшүп жаттык элдин көзүнчө.Анан эле алардын көзүнчө талашып-тартыша баштаганда алар күлүп гана тим болуп жатышты.Эмнени талаштык,эмнени тартыштык экен?
Отургандан кийин эле "жүр" дедиң."Кайда? " деп сурасам,жооп бербедиң,мен да кыймылдабай отура бердим.Баарын сагынып калган экенмин, жаңылыктардан айтып, күлүп-жайнап отурдук.Сен өзүң кетип калдың машинаны шылтоолоп." Кежир" оюмда ушул сөздү кайталап жаттым.Сенин кежирдигиң кээде көкөйүмө көк таштай тийчү. Жумуштан кайтканда сүйлөшпөй келдик.Баары менин айылга барып кайра жашарып,татынакай бойдон келгенимди айтып жатышты.А сен болсо:
-Алып качышпадыбы? -дедиң.
-Мени алып качып кетсе менден кутулуп жыргамаксыз да ээ-дедим кекете күлүп. Экөөбүз элдин көзүнчө эптеп шылтоо таап эле бири-бирибизди кекете берчүбүз.Эл жокто экөөбүздөн бактылуу адам жок.Сен эмнеге эркек болуп менин көңүлүмдү көтөрүп,элдин көзүнчө кубантып койгонго жарабайсың?
Ойлордон бош калсаң эле кыздарга тийишип баштачусуң. Бул күн да ошенттиң.Жолдон өтүп бараткан кыздарга машиненин терезесин ача калып ышкырып,машинедеги кесиптештерди да ээриктирбейсиң. Мени менен сүйлөшүп баштаганыңды унутуп калган сыяктуусуң. Же атайын менин ачуума тийип жаттың.Кызтекесиң сен.Эстесем азыр да каным кайнап чыгат.
Ачуум келип, үйгө барсам, бөбөктөрүм мени аябай сагынышыптыр, апам сөз баштады.
-Кандай барып келдиң?Кандай жер экен.Кыйналбадыңбы?
Ой,апам,ой... Сиздей жакшы адам болсочу бул дүйнөдө. Өзүңүздүн жашооңузду бизге,атама садага чапкансыз. Күйпөлөктөп баарыбыздын жүгүбүздү көтөрөсүз.Ааламда сиздей баатыр адам жоктур.Сиздин биз үчүн кылган эмгегиңиз,кетирген өмүрүңүз,биз үчүн кайгырып чачыңыздын аста-секин агара баштаганы-баасы жок,эч качан төлөөгө мүмкүн болбогон нерселер эле.Мени сиңдилеримди шаарга алып чыгып айлантып келүүмдү айттыңыз.Кубанып, үчөөбүз жолго чыктык.Жолдо баратсам баягы эле сенден чалуу келди.Кубанып ала койдум,сени дагы деле мага капа болуп жатсаң керек деп жатканмын да.Сен менин таарынчагым болчусуң.
-Кандай?
-Жакшы, шүгүр.Эмне болду?
-Каяктасың?
-Шаарда.
-Аа,жана эле үйүңө таштабадым беле?-таң калдың.
-Ооба,келип алдым силер жактарга.Же болбойбу?
-Болот.Азыр кайдасың?
-Сиңдилерим менен айланганы чыкканмын.
-Кеч барам.Сиңдилериңдин өзүн жөнөтүп жибер,ойноп, сейилдеп келишсин.Кеч өзүбүз алып кетебиз-дедиң да, өчүрдүң.Экинчи жолу сенин сөзүңдү уккум келбеди.Себеби, менин да оюм бар,мен да толук кандуу адаммын.Сенин кызың болгонум-сенин сөзүңдү угуп,эмне десең унчукпай кылуум керек дегени эмес мен үчүн.
Бирок,кеч баарыбир келдиң,жолуктук. Титиреп,калтырап, биринчи жолу жолугууга чыккандай абалда турдум.Балдар аянтчасында бөлөм менен күтүп отурсам, келдиң да,машинени алыс токтотуп чыкпай отуруп алдың.Келип, колумдан жетелеп алып кетсин деп олтура бердим.Бирок, мен күткөндөй болбоду.Смс жазып жиберипсиң: "Ким менен олтурасың?" деген."Бөлөм болот" деп жооп бердим да,олтура бердим."Келесиңби? " деген смс келди.Ичимден өзбек туугандардын кинолорунан көргөн, сүйүктүү фразамды айттым:"калтафахым" (ушундай болуш керек,"кыска ойлуу"," акмак" дегенди билдирет) деген.Бирок, бардым машинеге. Сүйлөшүп олтурдук, күлдүк,каткырдык. Артымдан акырын кучактап," Мени сагындыңбы? " деген сурооңду дагы сурадың." Ооба" дедим көздөрүңө тик карап.

Билдирүүнү түзөткөн: lunaika1: 22 Ноябрь 2018 - 20:00

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   lunaika1   22 Ноябрь 2018 - 19:59

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 55
  • Катталган: 25 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Ноя 2018 20:29

Саламатсыздарбы, окурман досторум? Ден-соолук,иштериңиздер жакшыбы?
Бүгүн да бир порция жүрөк сырымды сиздерге сунуштадым. Миллион томдук китеп жазгандай болуп,жарыялап коюп,керилип алып отуруп маашырланып окуп чыгып,10 сүйлөм эле жазгандай абалда калбадымбы

Билдирүүнү түзөткөн: lunaika1: 22 Ноябрь 2018 - 20:03

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Merelisha   22 Ноябрь 2018 - 20:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 430
  • Катталган: 29 Июль 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 11:13
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош&Жалал-Абад

улантыныз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   lunaika1   22 Ноябрь 2018 - 20:40

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 55
  • Катталган: 25 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Ноя 2018 20:29

Просмотр сообщения Merelisha (22 Ноябрь 2018 - 20:25) жазган:

улантыныз

Буюрса,улантам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   uikuchu   22 Ноябрь 2018 - 20:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 353
  • Катталган: 28 Июнь 17
  • Соңку аракети: 13 Июл 2020 16:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Аксы

Анан
жашоо -жакшы, жакшы жашаш Андан да мыкты!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   mega777   23 Ноябрь 2018 - 01:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Окуялардын катарын таппай калып атсам да берилуу менен окуп атам.Жеткиликтуу, оной тил менен жазып атасыз.Уланта бериниз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Ainaz05   23 Ноябрь 2018 - 13:51

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 20
  • Катталган: 02 Июль 18
  • Соңку аракети: 26 Июн 2025 01:04

Аягына чыгарып коюңуз автор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 07 Авг 2025 05:38

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: