Суперстан: Бай атам, кедей атам. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Бай атам, кедей атам. Бай ата-эне балдарын эмнеге уйрөтөт? Кедеі ата-эне эмнени үйрөтпөйт?

#161 Пользователь офлайн   Kanat.kg   24 Ноябрь 2018 - 01:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

Акчанын артынан түшүп, сазга бата баштайт. Жан талашып иштеген адамдардын жашоосу бир калыпта болот. Үйлөнгөндөн кийин, бактылуу, жогорку билимдүү эки жаш, бир адам жашай турган, арзан батирде жашап башташат. Ѳздөрүнүн кыялындагыдай үй сатып алабыз, ал жерде бала-чакабызды чоңойтобуз деп акча үнөмдөшөт. Аларда эки киреше бар, жумуш орундарында өскөнгө аракет жасашат. Кирешеси да чоңоëт.

Алардын кирешеси көбөйгөн сайын (D),алардын чыгашасы да өсө баштайт (Е).

Билдирүүнү түзөткөн: Kanat.kg: 24 Ноябрь 2018 - 01:29

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#162 Пользователь офлайн   Kanat.kg   24 Ноябрь 2018 - 01:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын


Алардын кирешеси көбөйгөн сайын (D),алардын чыгашасы да өсө баштайт (Е).

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 20181124_013010.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#163 Пользователь офлайн   Kanat.kg   24 Ноябрь 2018 - 01:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

Көпчүлүк үчүн №1-чыгаша бул салык. Адамдардын табышына карай алынган салык негизги чыгаша деп эсептейт. Бирок, көпчүлүк америкалыктар үчүн социалдык камсыздоо эң чоң салык. Айрыкча жумушчунун чөнтөгүнө зыян келтиргени медицина тейлөө тармагына, жумушчунун кирешесинен 15 пайыз кармап калганы. Бул акча түздөн-түз ишканадан медицина тармагына кетет, жумушчунун колуна тийбейт. Ошол колго тийбеген акчадан дагы салык кармап калат.

Билдирүүнү түзөткөн: Kanat.kg: 24 Ноябрь 2018 - 01:39

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#164 Пользователь офлайн   Kanat.kg   24 Ноябрь 2018 - 01:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын


Мына ушундай болуп пассив өсөт (F).

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 20181124_014040.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#165 Пользователь офлайн   Kanat.kg   24 Ноябрь 2018 - 01:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

Жанагы жаш жубайларга кайрылсак. Алардын кирешеси өсө баштайт. Кыйялындагы үйдү сатып алышат. Жаңы салык чыгат – мүлктүн салыгы. Андан кийин жаштар жаңы машина, үйүн жасаш үчүн жаңы эмеректерди алышат. Бир күнү эле, пассивде кредит төлөө кагазы, карыздары пайда болуп калганын көрүшөт.

Билдирүүнү түзөткөн: Kanat.kg: 24 Ноябрь 2018 - 01:46

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#166 Пользователь офлайн   Kanat.kg   24 Ноябрь 2018 - 01:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

Эми алар “келемиш айлампасы” деген капканга түштү. Балалуу болушат. Дагы жан талашып иштешет. Айлампада айланып жүрүшө беришет. Тапкан акчасы көбөйгөн сайын, салык да өсө баштайт. Почта менен кредиттик картасы келет. Аны колдонушат. Анын ичинен акча кемий баштайт. Ссуда берген компаниядан чалып, “силердин эң чоң мүлкүңөр – үйүңөр. Yйдүн баасы мындан нары “кымбаттайт” деп сүйүнчүлөйт. Ссуда берген компания үйүнүн акчасын төлөшүнө оңой болуш үчүн жаштарга жеңилдетилген шартта ссуда сунуштайт. Репутацияңар жакшы деп, ыңгайлуу жолдорду сунуштап, керектөөчү карыздан жеңил кутулуш үчүн, кредиттик карточка менен төлөсөңөр салыктын пайызы аз болот дейт. Желкесинен оор нерсе түшкөнсүп, жеңилдене, айткан шартка макул болот. Кредиттик карточка үйдүн акчасынан кутулганды жапса, керектөөчү карыз закладнойго (күрөөгө коюлган мүлк жөнүндө жазылган акт) өтүп кетет. Жаштарга төлөө жеңилдейт, себеби кредит 30 жылга узартылат.

Билдирүүнү түзөткөн: Kanat.kg: 24 Ноябрь 2018 - 01:55

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#167 Пользователь офлайн   Kanat.kg   24 Ноябрь 2018 - 01:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

Азыркы айтып кеткен жаш жубайлар менин тааныштарым. Кезигишип калганыбызда алар менден “Кантип чоң акча иштесе болот? Айтып бере аласызбы?” деп сурашат. Чыгаша кылганга көнүп калгандан кийин, чоң кирешелүү жумуш издегенге мажбур болот. Колундагы бар акчага туура эмес мамиле жасап жаткандыгын кыялына да алышпайт. Алар жөн эле каражатты жумшоо боюнча сабатсыздар. Себеби, актив менен пассивдин айырмасын билишпейт.

Билдирүүнү түзөткөн: Kanat.kg: 24 Ноябрь 2018 - 01:59

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#168 Пользователь офлайн   Kanat.kg   24 Ноябрь 2018 - 02:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

Көп суммадагы акча кимдир бирөөнүн каражат көйгөйү н чече бербейт. Акылмандуулук көйгөйдү чечет. Менин бир досум, карызы барларга, дайым бир сөзүн кайталайт: “Эгерде сиз карызга батып бара жатканыңызды көрүп турсаңыз, аңды тереңдетпеңиз” дейт.
Мен бала кезимде япондор үч күчкө ишенишет деп айтчу атам: кылычтын, байлыктын жана күзгүнүн күчүнө. Кылыч – күчтүн белгиси. Америка өзүнүн Армиясын куралдандыруу үчүн триллиондогон долларларын жумшаган жана дүйнө жүзүндө биринчилерден болуп турат. Байлык – акчанын суммасын көрсөтүп турат. “Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн” деп бекеринен айтылган эмес. Күзгү – бул өзүңдү таануу. Япондордун уламышында айтылган үч күчтүн эң баалуусу “өзүңдү таануу” болуп эсептелинет. Кедей жана орто жашаган адамдар көпчүлүк учурда акчанын күчүнө баш ийишет. Эртең менен туруп, өздөрүнө “жасап жаткан ишинин жөнү барбы?” деп сурагандын ордуна жан талашып, өздөрүнө тескери иш кылышат. Акча эмне экенин түшүнө бербейт. Жогорку билимдүү адамдар акчанын күчүнөн коркушуп, тагдырын башкарууга жол беришет. Акчанын күчү адамдарга каршы колдонулат.

Билдирүүнү түзөткөн: Kanat.kg: 24 Ноябрь 2018 - 02:12

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#169 Пользователь офлайн   Kanat.kg   24 Ноябрь 2018 - 02:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

Эгерде, күзгүнүн күчүн колдонсо, алар “бул нерсенин мааниси барбы?” деп өздөрүнөн сурамак. Бирок, көпчүлүк учурда ички дүйнөсүндөгү акылдуулукка, акылманга ишеничтин ордуна, калың элге аралашып кетет. Башкалар жасап жатканын көрүп, ал да ошону жасайт. Өз алдынча изденүүнүн ордуна, жалпы эрежеге бай ийген жеңилирээк. Көп учурда ойлонбой эле башкалар жасаганды кыла берет. Ал адамдар кандай идеяны тандашат: акчасын инвестициялайбы же “менин үйүм – менин активим” дейби? Алар “менин үйүм – менин активим”, “менин үйүм – менин эң чоң каражат салымым” дегенди тандайт. Кийин дагы тереңирээк карызга батыш үчүн, бир аз жеңилдетилген салык жүгүн тандашат. “Ишеничтү ү жумуш изде”. “Ката кетирбегенге аракет кыл”. “Тобокелдик (риск) кылба”.

“Эл эмне дейт?” деген, өлүмдөн да коркунучтуу куру намыска алдырышат. Неге? Катардан чыгып калгандан, сын тагат, күлүшөт деп коркушат дешет психологдор. Башкалардан өзгөчөлөнүп калам деп корккондуктан, көйгөйүн чечүүгө бөлөк жолдорду издешпейт. Мына ошондуктан менин билимдүү атам “япондор күзгүнүн күчүн баалаган” дечү. Качан адамдар күзгүгө көрүнгөндө (мындайча айтканда өзүн таануу) гана чындыкты табышат. Көпчүлүктүн “болжол менен жасап көр” деп айткандыгынын себеби – коркунуч. Спортто болобу, мамиле түзгөндөбү, карьерада, акча маселесинде болобу – коркунуч эч качан жакшылыкка алып барбайт. Коркоктук коомдун пикирине баш ийдирет. “Сенин үйүң – сенин активиң”, “ссуда алсаң, карыздарыңдан кутуласың”, “жан талашып эмгектен – бул, жумуш орунуңда өсүү”, “качандыр бир күндөрү мен вице-президент болом”, “акчаңды үнөмдө”, “маянамды көтөргөндө, чоң үй сатып алам”, “мамлекеттин пайыз кагаздары–ишенимдүү”.

Билдирүүнү түзөткөн: Kanat.kg: 24 Ноябрь 2018 - 02:29

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#170 Пользователь офлайн   Kanat.kg   24 Ноябрь 2018 - 02:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

Башкалар жүргөн жол менен басканга аракет кылгандыктан, көптөгөн чоң каражат көйгөйлөрүн туудурат. Ички дүйнөбүздөгү акылмандуулукка түз мамиле кылыш үчүн жана коркуу сезимине өзүбүздүү баш ийдирбөө үчүн, биз кээ-кээде күзгүгө көрүнүнүп турушубуз керек. Майк экөөбүз 16га чыгып калганыбызда, мектепте кыйынчылыктар башталды. Биз жаман окубайт элек. Бирок, башка балдардан четтей баштадык. Мектептен кийин, базар күндөрү да биз Майктын атасына иштечүбүз. Ал банкирлери, адвокаттары, бухгалтер-эксперттери, брокерлери, инвесторлору, менеджерлери, жумушкерлери менен жолугушуу өткөрүп жатканда, Майк экөөбүз жумуштан чыгып алып анын жанында олтурчубуз. 13 жашында мектепти таштап койгон киши, эми элди башкарып, жол көрсөтүп, жумушчуларына тапшырма берип олтурчу. Алардын баары билимдүү адамдар болчу. Алар ага баш ийишчү жана туура эмес иш жасап коюшса, Майктын атасынан коркуп турушчу.

Билдирүүнү түзөткөн: Kanat.kg: 24 Ноябрь 2018 - 02:38

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#171 Пользователь офлайн   Kanat.kg   24 Ноябрь 2018 - 08:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

Ал киши башкалардын эчак тапталган жолу менен кеткен жок. "Башкалар ушуну жасашат, биз да алардан бөлүнбөшүбүз керек" деген пикирди четке кагып, өзүнүн ой жүгүртүүсүн калыптандырды. Ал "колуман келбейт" деген сөздү жек көрчү. Ага бирдемкени жасаткыңыз келсе, жөн эле "менин оюмча бул нерсени сиз жасай албайсыз" деп коюш керек эле. Мектеп менен колледжде алган сабактарга караганда анын жолугушууларында олтуруп, көп билим алдык. Майктын атасы мектепте берилген сабактарды жакшы деле билчү эмес, бирок, каржы боюнча терең билимдүү болчү. Жыйынтыгында ал ийгиликтүү бизнесмен эле. "Акылдуу адам, өзүнөн да акылдуу адамды түшүнөт" деп көп айтчу. Биз дагы акылдуу адамдар менен көп олтуруп, аларды угуп, алардан үйрөнүп, өзүбүзгө көп нерсе алдык. Ошондуктан агайларыбыздын деңгээли биздин деңгээлге туура келе берчү эмес. Так ушул бизге көп кыйынчылыкты туудурду ."Эгер силер жакшы билим албасаңар, алдыдагы жашооңор таттуу болбойт" деп айтканда эле Майк экөөбүздүн күлкүбүз келчү. Бизге кыйшаңдабай, мектепте түзүлгөн эреже менен жүргүлө дегенде эле, чыгармачылык ой жүгүртүүнү жоюп жатканын сезчүбүз. Эми биз бай атабыз: "окуу жайлары жумуш орунун куруучуларды эмес, жакшы жумушкерлерди чыгарууга багытталган" дегенин түшүнүп жатабыз.

Билдирүүнү түзөткөн: Kanat.kg: 24 Ноябрь 2018 - 08:35

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#172 Пользователь офлайн   Kanat.kg   24 Ноябрь 2018 - 08:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

Кээде Майк экөөбүз агайларыбыздан "мектепте өткөн сабактарды кантип жашообузда колдонобуз? Эмне үчүн акча сабагын же акча кантип иштээрин өтпөйбүз?" деп сурап калчубуз. Акыркы сурообузга агайлар "акча анчейин маанилүү деле эмес, эгерде биз окууну жакшы аяктасак, акча өзү эле келет" деп жооп берчү.
Канчалык акчанын күчүн көп билсек, ошончолук агайларыбыз менен классташтарыбыздан ортобуз алыстай баштады. Билимдүү атам менден мектептеги жетишкендиктерим жөнүндө сурачу деле эмес.Эмнеге сурабаганы өзүмө да кызык болчу. Бирок, акча жөнүндө сөз болгондо эле ал кызуу талкууну баштоочу. 16 жашымда эле мен ата-энеме караганда акча жөнүндө көп түшүнчүмүн. Эсепти билчүмүн, мен бухгалтер-эксперттерди, банкирлерди, кыймылсыз мүлк боюнча брокерлерди, инвесторлорду укчумун. А, менин атам болгону мугалимдер менен гана байланышчу.

Билдирүүнү түзөткөн: Kanat.kg: 24 Ноябрь 2018 - 08:43

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#173 Пользователь офлайн   Kanat.kg   24 Ноябрь 2018 - 11:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

Бир күнү атам, эмне үчүн биздин үй - биздин эң чоң салымыбыз болушун түшүндүрүп берип жатты. А мен тескерисинче, биздин үй - биздин эң чоң салымыбыз эмес экендиги жөнүндө далилдерди келтирип бердим.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#174 Пользователь офлайн   Kanat.kg   24 Ноябрь 2018 - 21:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

Чоң үй - чоң чыгашаны билдирет жана акча "чыгаша" колонкасы аркылуу сыртка агат.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 20181124_200033.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#175 Пользователь офлайн   Kanat.kg   24 Ноябрь 2018 - 21:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

Азыр мен үйдү актив деп эсептебейм. Yй - көпчүлүктөр үчүн кыялынын орундалгандыгы жана эң чоң акча салымы экенин да билем. Болбогондор көрө, үйүңдүн болгону жакшы. Мен бирок, башкача жолду сунуштагым келет. Эгерде, аялым экөөбүз чоң, жаңы үй сатып алсак, аны биз актив эмес, пассив деп эсептемекпиз. Эмнеге дегенде үй биздин чөнтөгүбүздөн акча сормок. Мен бул китепте ушул далилдерди ортого коймокчумун. Көпчүлүгү мени менен макул болбошун да билем. Эмнеге дегенде жакшы үй - жагымдуу, эмоционалдык нерсе. Акча маселесине такалганда, кубанычтуу эмоциялар, каражат акылмандуулукту алдыга алып чыгат. Ѳзүмдүн тажрыйбамдан улам айтсам, адамдын ар кандай чечим кабыл алышына, акча эмоционалдык таасир кылат.




  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#176 Пользователь офлайн   Kanat.kg   24 Ноябрь 2018 - 21:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

1. Көпчүлүк адамдар үйүнүн акчасын төлөш үчүн өмүр бою иштешет. Башкача айтканда 30 жылдык ссуданы мойнуна алышат. Төлөмөйүнчө үйдүн ээси боло албайт.
2. Жеңилдетилген салык менен төлөгөндө да, башка карыздарын, салыкты төлөп бүткөндөн кийин гана арткан акчаларын колго алышат.
3. Yйүнүн налогу 1000 долларга чыгып кеткенде, менин аялымдын ата-энеси аябай таң калышкан. Ал болгондо да кайнатамдар пенсияга чыкканда башталды. Салыктын өскөнү пенсиясына чоң зыян болду, айласыздан алар чоң үйүн башка кичирээк үйгө алмаштырууга туура келди.
4. Yйлөрдүн баасы дайыма эле өсө бербейт. 1997-жылдары кээ бир досторумдун кредитке алган үйүнө миллиондогон акчаларды беришмек, азыр ал ошол эле үйүн сатса 700 миң долларга гана алышы мүмкүн.
5. Yйдүн төлөмүнө чоң акчаларды берип, мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарды десек болот. Эгерде тапкан акчаңыз үйгө кирип кетип жатса, сиз көп иштегенге аргасыз болосуз. Тапкан акчаңыз "актив" колонкасына кирбей, "чыгаша" колонкасына түшө берет. Орто жашаган адамдардыкы дайым ошондой боло берет. Эгерде, жаш жубайлар, эртерээк, акчасын активге салып койсо, кийин аларга оңой болмок. Айрыкча балдарын чоң окуу жайына окуткусу келсе. Убактысы жеткенде балдарынын университетке кеткен чыгашасын активдеги акчасы жаап турмак. Көпчүлүк учурда, өсүп жаткан чыгашаларды жабыш үчүн узак мөөнөткө ссуда алганга үй түрткү болот.
"Портфелге" инвестиция, мындайча айтканда баалуу кагаздарды алгандын ордуна, үй алам деп чечсеңиз, жыйынтыгында кырдаал мындай болот:
1- Убакыт өтүп кетет. Ал учурда активиңиз өсүп, түшүм берип калган болмок.
2 - Кошумча капиталды жоготуу. Yйгө чыгаша болбой, акчаңыз инвестициялоого жарамак.
3 - Билим алууну жоготуу. Көчүлүк учурда адамдар үйүн, жыйган-терген акчасын, пенсиясын актив деп эсептешет. Инвестиция кылганга акчасы жок. Инвестиция жасашпайт дагы. Инвестиция жасоону үйрөнүш керек. Көпчүлүгү инвестиция дасоого эч качан кызыгышпайт. Мен үй сатып албагыла дебейм! Мен болгону актив менен пассивдин айырмасын билгиле дейм. Мен чоң үй сатып алгым келсе, үйгө сарптала турган акчаны жаап туруш үчүн, биринчи кезекте актив алам. Менин билимдүү атамдын каражат абалы да же башка кимдир бирөөнүн абалы да, жашоодо "Келемиш айлампасында" чуркап жүргөнүн көрсөтүп турат. Акча жыйноого мүмкүнчүлүгү болгон эмес, эмнеге дегенде анын тапкан акчасы менен чыгашасы тең болгон. Жыйынтыгында анын пассиви - кредиттик карыздар, активинен өсүп кетчү.

Билдирүүнү түзөткөн: Kanat.kg: 24 Ноябрь 2018 - 21:32

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#177 Пользователь офлайн   Kanat.kg   24 Ноябрь 2018 - 21:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын


Ошол эле мезгилде бай атамдын жашоодогу каражат абалы, инвестицияга көп көңүл буруп, пассивди азайтканын көрсөтүп турат. Төмөндөгү сүрөттү көрсөңөр, эмне үчүн байлар байый беришин түшүнөсүңөр.
"Актив" трафасы көп киреше алып келип, баардык чыгашаны жаап турат. Жыйынтыгында байлар байый берет!
Орто жашаган адамдар дайым каражат күрөшүндө болот. Алардын негизги кирешеси - маяна. Айлыктын өскөнүнө жараша салык да өсө баштайт. Чыгаша көбөйгөн сайын, киреше азайгансыйт. "Келемиш айлампасына" жакындай берет. Киреше алып келе турган активге инвестиция кылбай, өзүнүн үйүн биринчи катардагы актив деп көрөт. Yй - бул менин инвестиция кылганым. Айлыктын өсүшү чоң үй сатып алганга мүмкүнчүлүк берет, кымбат эмеректерди сатып алсам болот деп ойлоо - карызга бата баштагандык, азыркы коомдун пайдубалы. Кызмат боюнча көтөрүлүп, айлыгы өсүп жатканда да, чыгымдын өсүшү баары бир үй-бүлөнү карызга батырат. Каражат боюнча билимсиздик орточо жашаган адамдардын тагдырына муш болот.
1990-жылдардагы массалык жумушсуздук, орточо жашаган адамдардын фирмасындагы бизнесинин кулашы - каражат абалы начар экенин көрсөтүп койду. Пенсия көйгөйлөрү башталды жана болуп жатат. Социалдык камкордуктун абалы мышык ыйлагыдай. Пенсиядагылар кыйналууда. Орточо жашаган адамдарда да дүрбөлөң пайда болду. Дагы жакшы алардын кээ бирлери кыйынчылыктарды сезип, ачык типтеги инвестиция фондунан пайыз кагаздарын сатып ала баштады. Ал адамдардын инвестиция жасаганынын өсүшүн, биржа рыногун да жанданта баштады. Азыркы мезгилде алардын суроо-талабын канааттандыруу үчүн көптөгөн ачык типтеги инвестиция фондуларын ачып жатышат.


Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 20181124_213254.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#178 Пользователь офлайн   Kanat.kg   25 Ноябрь 2018 - 14:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

Бул фонддордун белгилүү болушунун себептери, коопсуздугун камсыз кылат. Пайыз кагаздарын сатып алгандар, салык төлөө менен балдарынын окуусуна топтошот. Кредиттерин жабыш үчүн жан талашып иштешет. Инвестиция кылууну окуганга убактылары жок. Баалуу кагаздар боюнча, фонддун менеджеринин тажрыйбасына таянат. Ачык типтеги инвестиция фондулары ар кандай ишканаларга акчалын салгандыктан, адамдар акчаларынын коопсуздукта тургандыгына ишенишет. Орточо жашаган адамдардын көбү билимдүү, башка иштерде иштешет. Аларда мурдагы эле көрүнүш: "абайла, тобокелдикке салба". Ошондуктан көп пайданы фонддун брокерлери көрүшөт.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 20181125_143051.jpg
  • Прикрепленное изображение: 20181125_143114.jpg

Билдирүүнү түзөткөн: Kanat.kg: 25 Ноябрь 2018 - 14:50

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#179 Пользователь офлайн   Kanat.kg   25 Ноябрь 2018 - 14:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын


.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 20181125_143135.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#180 Пользователь офлайн   Kanat.kg   25 Ноябрь 2018 - 14:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

Жаш кезинде каражат сабагын албагандыктан орточо жашаган адамдар өздөрү иш алып баргандан коркушат. Чыгаша менен кирешеде жана актив менен пассивде баланс жок. Күч берип турган активдин ордуна пассив үстөмдүк кылат. Алардын турмушу көпчүлдүк учурда жумуш берүүчүдөн көз каранды. Кандайдыр бир келишимди ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү болгондо да, кээ бирлер колундагы мүмкүнчүлүктөн пайда чыгара албай калышат. "Болбой калсачы? Салык төлөөнү, кредиттерди берүүнү ойлош керек" дешет. Ал үчүн абайлап иш кылыш керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 02:58

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: