Бир соз бар го так туура кандай эле эстей албайтам...иши кылып силерге суроо:табити бирдейлер бактылуу жашап кетишеби? Мындай паралар жашоодо кандай жашашат? Экоонун тандоосу бирдей болуп окшоштуктан тажап кетпейби? Аранарда табити бирдей жубайлар барбы???
Экинчиси, табиттери карама-каршы келген жуптар..Буларда кандай проблема болушу мумкун??? Деги кайсы бири жакшы???
Жубайлардын табити бирдей болушу керекпи же карама-каршыбы? Дал келеби...
#2 27 November 2018 - 19:21
Биздин табитибиз карама каршы. Мага жаккан ага жакпайт,куйоомо жаккан мага жакпайт кээ бир учурда ушул туралуу да пикир келишпестик болуп урушуп кетебиз,бирок копчулук учурда бири бирибиздин ойубузду угабыз мен кобунчо анын калоосу бойунча иш кылам.
#3 27 November 2018 - 22:11
Табити бирдей же окшош деп жалпылап айтылган го болбосо бул жашоодо олуттуу нерседен тарта майда баратка чейин канча нерсе бар, ошонун баарына табит окшош чыгуусу реалдуу эмес деп ойлойм. Дагы бир маселе, мисалы анын табит талабы сиздики менен дал келгидей ал аял киши эмес же тескерисинче.
.. Жашоодо аял-эркектин табити негизги маселелерде дал келуусунун озу эле чон кеп а башка майда чуйдону го козгобой койо туралы барибир бактылуу болуп жашоодо бул нерсе оз таасирин тийгизе алышына ишенбейм, таасирин тийгизгенде деле кырдаалга карап бироосу ынсап кылып омур жолдошунун эркине консо конфликттер да азырак болот, айтайын дегеним табиттин эки башкалыгын муноздун кенендиги, кыялдын айколдугу менен актуалдуулукка айлантпай жашоого болот. Ал жактырган нерсени сиз да жакшы корууго аракет кылсаныз кантип болбосун.
#4 28 November 2018 - 11:36
Табити окшошураагын,
коз карашы жакыныраагын тандаган жакшы, талаш-тартыш азыраак болот!
ар бир тамчы бакыт - сенин дидарында , аруулугун - жылмайган ууртунда ...
#5 29 November 2018 - 07:55
коз караш табитибиз бирда дал келбейт.жашап келетабыз кээде анын айтканына консом кээде ал менкине конот...
<здрасьте
#6 29 November 2018 - 13:09
Теманын аталышы өзгөртүлдү.
Теманын атын тандоодо мазмунуна дал келе тургандыгына көңүл буруңуз!
#7 29 November 2018 - 21:45
Табитибиз ар башка.Бирок баардык нерсени кенешебиз.Ал оз оюн айтат мен оз оюмду айтам,ары тартып бери тартып бир чечимге келебиз.
#9 01 December 2018 - 14:17
#10 01 December 2018 - 19:48
Экобуздун табитибиз эки башка.Ага жаккан мага жакпайт мага жаккан ага жакпайт)) Бирок мен айтканга конот кееде. ))Кенешип бир чечимге келебиз.

Супер-Инфо
super.kg
видео












