Суперстан: Акталбаган үмүттөр же баркталбаган бакыт - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Акталбаган үмүттөр же баркталбаган бакыт Драма

#21 Пользователь офлайн   Akkyz2017   03 Декабрь 2018 - 00:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 724
  • Катталган: 02 Ноябрь 17
  • Соңку аракети: 13 Дек 2021 04:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:...

Кутуу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Dimedra   03 Декабрь 2018 - 02:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Назик Жанардын сүйлөп жаткан сөздөрүнө көңүл деле болбоду, оюнда дагы деле Уланын ойлоп ага кантип тушундуром деп жаткан, ансыз да мындан алыс тур деп бир канча жолу эскертпеди беле. Баарын түшүндүрүп айтуу кыйын болот деп чебелектеп жатып кандайча аяш атасынын үйүнө жетип келгендерин да сезбей калган экен, качан Жанар унаанын эшигин ачып көтөрүп жоногондо гана эсине келип коё бер деп аны менен алышып баштады. Жанардын колдору Уландыкындай чоң болбосо да ошондой эле күчкө ээ экен, кыздын узун боюна карабай эпке келтире көтөрүп үйгө алып кирип жумшак эмеректин үстүнө отургузуп койду.
-жетишет! мен сенин оюнчугун эмесмин, сен өзүңдү ким ойлоп жатасың, менин колумду кармаба, деп кыйкырып жаткан Назикти жалгыз калтырып сыртка чыккан. Көп болсо 10 мүнөттой жок болуп абадан кере жутуп дем алып чөйчөккө суу алып келгенче бөлмөнүн ичинде бүтүн буюм калбаптыр, сынганы сынып калганы жыртылып жерде жатат. Жанар аларга көңүл да бурбады, кудум бул бөлмөнүн ичи дайыма ушундай абалда болгондой чачылган буюмдардан аттап өтүп полдо бурушуп отурган кызга жетип жазылган чачтарынан сылап чойчоктогу сууну сунду.
-эркем суудан жутуп алчы, кыйкыра берип тамагын куруп калдыго.
Назик анын колундагы чойчокту алып туш келди ыргытып жиберди.
Дубалга бир урунуп суусу төгүлүп калдырап полдо тегеренип жатып калган идишке карап туруп кубанып кетти, "Чөйчөк сынбады демек алачык да түптолот" , ушул ойдон сүйүнду жигит, идиштин ичиндегиси төгүлүп бүтүп бош калганын капарга албай. Ал, өзүнчө азыр ушул чөйчөк менен бирге менин али кура элек алачыгым да курайт тура деп ойлонуп кеткен эле. Байкуш кайдан билди дейсин бош калган алачык кунаарсыз болоорун.
Анын бул көрүнүшүнө таң калган Назик "бул эмне жыргайт я, же атайын жасап жатабы жөн гана устумдон күлүш үчүн. Мен эмне болуп жатам өзү, мунун аза күтүп жатканын унуттумбу" деп ойлонуп эми жалбарганга өттү.
-кордунузбу мен кандай жиндимин, уйунузду кандай абалга жеткирип койдум, бул үчүн кечирип коюнузчу, менин абалым азыр анча жакшы эмес. Суранам Жанар байке мени анын жанына алып барынызчы, мени... деп келе жатканда Жанар жанына жакын келип, жерден аяр көтөрүп,
-Эркем! Биз келишкенбиз, мен байке эмесмин, дагы бир маселе мындан ары бул үйдө экөөбүздүн гана ысымдарыбыз аталат. А булар, деп полдо жайнап жаткан сыныктарга карап, болгону бир буюм, алар кандай меники болсо ошондой эле сеники дагы, өз буюмдарынды кандай колдонсон өз эркин, болгону андан ырахат алсаң болгону, деп кайрадан жумшак эмеректин үстүнө койду. Мындан тушпой отур ээ бутуна сыныктар кирип кетпесин, мен азыр деп сыртка чыгып үй кызматчысын чакырып жетип келип
-мага бул жерди жыйнашып жибересизби, сиздин жардамынызсыз эч кандай жумуш бүтүрө албайм, деп жылмая бөлмөнү иретке келтире баштады.
Анын мындай абалы өтө эле жагымдуу көрүндү кызга, азыр мунун ордунда Улан болгондо кантмек деп ойлонуп өз оюнан өзү чочуп кетти. "Мен эмне деп турам өзү, бир эле мүнөтто аны башка менен салыштырып, жок... жок, ал кандай болгон ченде да менин Уланым, менин жалгызым. Мен эч кимди андай сүйө албайм, башка да мени ал сүйгөндөй сүйө албайт" деген оюна жеңилип берди. Ал Жанардын жасап жаткандарына ишенип ушул үйдө калып кетем деген ойдон эмес, Улан баарын коруп койду эми мени кечирбейт деген ойдон өзүн жоготуп жаткан. Качан эшиктен апасы кирип келип,
-тагдырынды моюнда жана андан ыраазы бол кызым, сен эң бактылуу жан экенинди тушун, азыр сенин ордунда болууну канчалар эңсеп жатканын бил. Суйуу бул жашоо эмес, жашоо бул сүйүү экенин тушун. Эгер жашооң катаал болсо эч кандай сүйүү сага жардам бере албайт аякка тик турушуна, жашоонун жакшы жагын көрө алсаң сүйүү ошол. Жанар сага жашоонун керемет жүзүн ачып чыныгы сүйүүнү көргөзө алчуу жигит. Муну эсине туй да башына конгон бул бакытты кадырла, өзү келген бакытты барктабасан ал сенден жүзүн буруп кетет. Бакыт артын салса жаман кызым, ага жеткирбе. Атаң ак батасын берип болуптур, мен да ошону аткарганга келдим, дегенде Назиктин денеси муздап кетти. Уккан кулактарына ишене ала турган эмес, кече эле үйүндө Уланды тосуп жакшы узатышпады беле, аны жактыргандай эле болушкан атасы экөө тең. Ал экөөнүн сезимдерин билип туруп кантип ушундай кылышат, эң жакын ишенген адамдары ушундай кылмак беле. Жок, бул мүмкүн эмес, мындай нерсе ким менен болсо болушу мүмкүн бирок Назик менен эмес.
-апа сиз эмне деп жатасыз? Кайдагы жашоо? Мага жашоо эмес Улан керек, ансыз жашоо мумкунбу?
-Мүмкүн. Аны менен жашоо мүмкүн эмес. Түшүнсөн кызым силер эки башка адамсынар, ал сен каалаган адам болушу мүмкүн бирок сен такыр анын каалоосу эмессин. Ал баардыкка жетишти гана каалайт, бирок андан аркысын билбейт. Экөөң бир болуш үчүн эмес, өзүнө өзү жеңишке жетише ала турганын далилдеш үчүн ган күрөшүп жатат. Дагы көп нерсени айтмак апасы, бирок Назик ага мүмкүнчүлүк бербеди.
-түшүнүктүү апа, мен канчалык каалабайын сиздер ал айткандай адам болуп чыга келдиниздер, мага тенди эмес озунуздорго тенди тандап. Болгону сиз жашоо мага артын салаардан алдын мен жашоого артымды салышымды ойлонбодунуз, деди апасынын сөзүн бөлүп.
Азыр эмне айтса да пайда жок экенин, кызы анын ар бир айткан сөзүн буруп тескери колдоноорун сезген Жамила башын чайкай,
-ай балам ай, мунун баары биз үчүн эмес Жанар үчүн да эмес сен үчүн жасалып жатканын билсен эле. Убагы келип биздин эмне каалаганыбызды билип, бактынды барктап өзүңдү табасын деп умуттоном. Бактылуу бол кызым, деди да кызын калтырып үйдөн чыгып кетти.
Назик азыр эле апасынан уккан сөздөргө ишенип ишенбей өңүн же тушун айрымалай албай отуруп калды. Кантип эле ушундай болсун, ушинтип оңой эле суйгонунон ажыратып коюшабы, ал экөөнүн алдыга болгон үмүттору чоң эмес беле. Жоок деди ал, "мен мындай эле жеңилип бере албайм Улан, рас булар экөөбүздүн үмүтторду сындырып ажыратып жатышабы, мен да так өздөрүндөй жооп кайтарам. Бул үйдөн чыгып кете албайт экенмин, демек ушул үйдө жашап очумду алам" деп тиштенип жатты. Аттин ачуу үстүндө акылына мындай жаман ойлорду жуктобосо болот эле. Кыялдар орундалат деген жаратылыш мыйзамы бар эмеспи, ал мыйзам тынымсыз иштеп тураарын кайдан билсин, жаман да жакшы да кыялдарды орундатып коерун сезди дейсиңби ал учурда. Анан да ал азыр чындап эле ушундай болуусун самап жатпайбы.
*****
Короонун ичинде ары бери басып жүргөн Кадыр дарбаза ачылып жубайынын кирип келе жатканын көрө алдын утурлай басты.
Күйөөсүнүн суроолу жүзүн көрүп Жамила башын чайкай,
-бекер эле кылдык ушуну, деди.
-эмне болду?
-тиги тентегин бир нерсени баштабаса эле болду.
-эмне кылмак эле, ачуусу бир күн басылат, эч кайда барбайт, мен Жанарга ишенем баарын жөнгө салат. Кызыбыз акылдуу кыз эмеспи баарын түшүнүп, жашоосун ордуна коюп алат.
-ошондой дечи, бирок ал баарын түшүнүп жеткен убакта кеч болбогой эле. Жөн койсок болмок, кагылып согулса да өз башына эле, ортодо байкуш Жанарды да кыйнабаса эле болду, деди Жамила кеий.
Эне да кызынын абалын көрүп эле тынчый албай жатты, кызынын көп эркелигин да билет.
-Ага ошондой катык кол адам да керек эле өзү деди Уланды айтып. Жанар да жумшак, анын айтканы менен болом деп ортодо жанчылбаса болгону.
Кадырдын жүрөгү да ордунда эмес, бирок эркек эмеспи андайга анча маани берип ички туюмга эмес муздак акылга таянып чечим чыгарат.
-жок Жами, Жанар сен ойлогондой бош эмес, көрөсүң ал жөнгө салат жашоосун, бир аз убакыт өтүп атасынын жылдыгы чыкса Америкага бар дейм көнгөн жери, баары жакшы болот, деп жубайын жооткотуп койду.
Жамила да буга ынанып жолдошунун айткандарын ырас көрдү. Бул шаарда жүрүү экөөнө тең жагымсыз болот жакшысы баары унутулганча ошондой узагыраак барып турушса жакшы, бөтөн жерде башка жакыны жок бир бирине жакындай түшүшөт деген ойдо.

Бул учурда Улан өзү жашаган көп кабаттуу үйдун жанындагы кичине бакчанын ичинде отургучта отурган. " Жок Назик сенин бул кылганынды эч качан кечирбейм, сени баарынан башкача көрчүү элем, көрсө сен да көптүн бири экенсиң. Озун деле байдын кызысын эмнеге анча байлыкка кызыктын, силер өзү тойбойсунар. Мени теңине албай ошол менен кетип калдын ээ, унаадан түшүп жөө жүргөн менин жаныма келиштен ардандын, жөө жүргөн баланы теңине албадын. Макул, сени сатып алганга жеткидей байлык топтойм, бирок анда мен үчүн сенин кыпындай да кадырын калбайт. Сатып алгандан кийин өзүм билем" деген эн коркунучтуу ойлорду ойлонуп отурду, сүйүктүүсүнүн азыркы абалынан кабары да жок...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   ASA79   03 Декабрь 2018 - 17:50

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 23 Август 17
  • Соңку аракети: 08 Мар 2025 17:24

Мм.дааа
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Baichechekey   04 Декабрь 2018 - 14:42

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 119
  • Катталган: 30 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 22 Янв 2025 15:58
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек убактылуу Москвадамын

Суйуктуу автор уландысын кутуудобуз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   Dimedra   05 Декабрь 2018 - 02:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Кадырдын жакындары гана угушпаса узагыраак катнаштары кабарсыз калып кетишти жалгыз кызын күйөөгө узатканынан. Уккандары айран таң, кантип эле жалгыз кызына той бербейт, баланын шарты жок болсо да өзү кыз узатуу тоюн бериш керек эле да дешип. Мындай көрүнүштү ар ким ар кайсыга жооруп жатышты, бири кыз менен бала соо эмес ата энесин жоготконуна карабай шашылыш баш кошушканына караганда а Кадыр кызынын абалын копчулукко алып чыга албай тойду кечендетип жатат дешсе, кээлери Кадыр жаш баланын башын айлантып кызын бере койду эч нерсеге карабай, досунан калган байлыкты башкага кетирбестин айласын кылып дешет. Бир үй булоо экинчиге чытырман токой деген ушул да. Кадыр болсо ар кимдин тийише сүйлөгөн сөздөрүн жоопсуз калтырат, ал өзү билсе болду эмне каалаганын, башкага далилдеп отурууну кажет көрбөйт.
Бирок анын каалоосу орундалуусуна али көп барга окшойт, арадан бир ай убакыт өтсө да Назик ийге келейин дебейт, бир төшөктө жатканды кой бир дасторкондо Жанар менен чай иче элек. Ага капа болмок турсун ар бир күндөн ырахат алып өзүнө элжирей карап эркелете сүйлөгөн күйөөсүнө таң калат, бул адам эмне үчүн мунун баарына чыдап жатты болду экен же мында намыс деген жокпу дейт. А Жанар болсо бул көрүнүш түбөлүк уланбасын, албетте бир күн баары артта калаарына ишенип ал күндү сабырдуулук менен күтүп келет. Бүгүн да адатынча таң эрте Назик жаткан болмого баш бакты.
-кутман таң! Кана менин эркем турайын дейби төшөктөн деп жанына басып келип чачылып жаткан чачтарынан сылай иретке келтирип жатты. Мунун баарын угуп туюп жатса да көздөрүн ачпай уктап жаткан болуп жата берди Назик. Ал өзү тан алгысы келбеген менен азыр ушул көрүнүш ага абдан эле жагып турган, анын жасаган ар бир кыймылы жагымдуу колунун манжаларынын кыймылдаганы да эптуу эле Уландыкына салыштырмалуу. Эссиз кыз мына ушундан ырахат алып жатканын ойлобой кайдагы өтмүшүн эстеп кайгырат, аттин ушунун ордуна Уланым болуп калса кана деп. Анысын аябай сагынган экен, бир көрүп албаса болчудай эмес, ал үчүн бул үйдөн чыгыш керек.
-сен эмне жумушка чыгайын деп ойлонбой элесинби? деди акыры бар күчүн топтоп. Бул анын биринчи жолу Жанарга кайрылуусу эле келген күнүн эске албаганда.
Жанар бир аз ундобой калып, кийин шашпай жооп берди.
-кантип сени жалгыз таштап кетмек элем, биздин жумушка чыгуубуз шарт эмес эркем, ансыз да жашообуз кызыктуу болот.
-кантип? Сен эмне эч качан иштебейсинби? Ошол кантип болсун, кызыктуу жашоону кандайча курмаксын ошондо, деп ордунан тура калды. Жок, бул жумушка чыкпаса ар дайым менин жанымда болот, анда менде эч кандай мүмкүнчүлүк калбайт Улан менен көрүшүүгө деп ойлоно.
-ал менин койгоюм эмеспи. Сен эч нерсеге муктаж болбой көнгөн жашоонду улантууна мүмкүнчүлүк түзүш менин милдетим, бирок ал үчүн үйдөн чыгып сенден алыстоо кажет эмес.
-Жоок, сендеги байлык канчалык көп болсо да ал бир күн баары бир түгөнөт эгер ага кошуп турбаса, деп тыбырчылай кетти. Ал кайдан билсин Жанардын туну менен иштеп чыккандарын, үйдө отуруп атасы баштаган апасынын атына катталган бизнести улантып чет өлкөдөн дары дармек киргизүү менен алек болуп жүргөнүн.
-эркем сен эч кыжаалат болбо, андай нерселерди ойлоп башыңды орутуунун кереги жок. Мага сен керексин, а сенин керегинди табуу менин милдетим. Балким бир нерсе керек болуп жатабы сага эркем? деди анын жүзүнө тигиле.
-жок, мага сенден эч нерсе керек эмес. Болду бүгүндөн баштап мен окууга кайтам. А эмне эми ар бир кадамымды эсептеп керегимди өлчөп бересинби?
Назик ордунан туруп бара жатып, сыртка чыкканга жанында акча жок экенин эстеп кетти.
-жок, сен менин жан шерик жубайымсын кулум эмес, кайда барсан өз эркин, деп бөлмөдөн чыгып кайра келип бир тутам акчаны столго койду.
-муну керегине иштет, короодогу апамдын унаасын ал, болгону өзүңдү этият кыл ээ, сен мага керексин эркем, деп чыгып кетти.
Назик бул чындык экенине ишене албай карап эле туруп калды, столдун үстүндөгү акчаны караса өтө эле көптөй, дагы унаа айдаганга уруксат берип жатат. Атасынын байлыгы да булардан кем эмес эле, бирок эч качан мынчалык көп акчаны колуна карматып унааны башкарганга уруксат бербеген, анын айдоочулук куболугу бар экенине карабай. Айдоочусу менен унаа болуп бергенде өзү ынабай койгон эле, ар бир кадамымды сага айтып келет деп. Эми мынтип күйөөгө тийип эки бутум байланды деп турганда күтүлбөгөн жерден эркиндик келип жатат. Карап турбастан кийимдерин кийип коргозгон унаага отуруп окуу жайга жөнөп кетти. Курбуларына жолугуп сергийм деп ойлогон, тескерисинче аны бул жайда жагымсыз сөздөр күтүп турган экен. Баары эле анын бир көрүп тааныбаган балага тийип алганын айтышат, анан да тою жок тийгенин сөз кылышып, "кана сенин өчпөс сүйүүн аны бир эле мунотто сатып жибердин го" дешип кычыгына тийип жатышты. Ага ушул эле сөздөр жетишпей турган, ансыз да Жанарга таарынып жүргөн болсо эми аны жек көрүүгө өттү. Баарын жасаган ошол, ал да мендей ыңгайсыз абалда калып мен уккан сөздөрдү угушу керек деп тиштене Уланга конгуроо кылды.
Аз убакыт өтпөй тагдырлары бирикпей калган эки суйушкон окуу жайдан анча алыс эместе жайгашкан бактын ичинде отурушту. Уландын бул жолугушууга келээрине анча ишене бербеген Назик аны көргөндөн баштап ыйлап ыйын токтото албай жатты, бул менен экөөнү айрыган тагдырга наалат айтып жаттыбы же жигиттин келгенине жетине албай анысын али да мени сүйөт деп жооруп тагдырдан ыраазы болуп жаттыбы айтоор үн сөзсүз аны кучактап көпкө ыйлады. Кабагы салынкы азыр кимди болсо да жетээр жерине жеткире согууго даяр тургандай болгон Улан да кыздын көз жашына жибибей коё алган жок.
-болду токтот, мен сенин көз жашына чыдап карап тура албасымды билесиң да.
-кантип? Кантип ыйлабай коём, сени менден айрышты, экөөбүздү эки жолго салышты, деп окуянын болгон өткөнүн токпой чачпай жебиреп айтып, көзүнүн жашын кол кылып отурган кызды бооруна тарта кучактап,
-ыйлаба жалгызым, мен бир айласын табам, сөзсүз, сени ал жигит өз колу менен мага тапшыра турган кылам, болгону сен ага берилбе, мени гана күт мени гана сүй, деп көз жашын арчып сооротуп жатты.
Жигиттин бул сөздөрүнө эрээркий Назик бир кыйлага чейин жаштанып отуруп гана сооронуп андан сурап калды.
-эмне кылганы жатасың? Баары бир атам ыраазы болбойт, алардын ыраазычылыгы жок мен эч нерсе кыла албайм.
-ал жагын ойлонбо, атаң албетте уруксат берет, сен болгону мага ишен, деп шыбыр сүйлөгөн жигит кыздын башын өзүнүн мойнуна жоолой сылап отурганы менен ою кайдадыр алыстарда эле, көздөрү ачык туруп эч нерсени көрбөй ичтеги белгисиздикке сунгуп.
Назик жигиттин айткандарын аткарылат деп деле ойлонгон жок, болгону ал аны тушунгонуно курсант болуп Уланын биротоло жогото электигине, анча мынча сагынганда көрүшүп туруу мүмкүнчүлүгү бар экенине сүйүнүп отурду.
-бар эми үйүнө, экөөбүздү бирге корушсо артыңдан ушак кеп ээрчийт, деди бир убакта Улан.
-сен мени жанындан айдап жатасыңбы, деп унуройо тиктеген кызга карап,
-эгер түбөлүк бирге болууну кааласак шашылбашыбыз керек, эгер бул жолугушууну билип койсо сени алыстарга алып кетишет, ошондуктан муну сыр тут, деп жүзүнөн сүйүп ордунан туруп кетти.
Назик Улан кеткен тарапты узата карап отуруп, качан анын карааны көрүнбөй калганда гана ордунан туруп, күндүн ушунусуна да шүгүр кылып кубанычтуу үйүнө жөнөдү.
Жүзүндө билинер билинбес жылмаюсу менен кирип келген келинчегин көргөн Жанар алдынан жайдары тосуп чыкты.
-менин эркем келген тура, карачы кандай ажарлуусун, сага жылмайып гана жүргөн жарашат.
Назик анын сөзүнө жооп айтышты ойлонуп да койбой өзүнчө бактылуу болуп, ичкериге кирип кеттт. Жанар болсо анын үйгө өзү кайтып келгенине ыраазы болуп кала берди башка нерсенин баары экинчи орунда дегендей. Бир аздан кийин ашканага баш багып Назиктин тамактанып жатканын көрүп, эркелете келип жанына отуруп калды эле ал адатынча туруп кетпеди. Ашпозчу аял кожоюнунун отурганын көрүп бирок тамак алып келүүну суроого батынбай арыда карап туруп калган, бул экөөнун бир убакта тамактанбасын билчүү. Жанар ага карап жылмайып койду, алып келе берин дегенчелик кылып ымдап. Назик алардын эмне кылып жатканын байкайын дебейт, дегеле айланасында эмне болуп жатканын көрбөй өзүнчө башка бир ааламда калкып жүргөндөй өзү менен өзү бактылуу.
"демек анысы менен көрүшкөн" деди Жанар, бул оюнан деми кыстыга. Ал баарына даярмын дебеди беле, Назиктин сүйүүсү үчүн күрөшүп женээрине ишенген эле го, эми мынтип биринчи эле кагылышууда өзүн колго ала албай жатканы эмнеси, сүйүү дегенин ушундай беле, кызганыч дегени ушул болсо керек, жүрөктү өрттөп тамактан аба өткөрбөй бууй кармайт тура, бул күчкө кантип туруштук берет. Столдун четин ушундай күч менен ныгыра кармап алган экен, аны качан Назиктин жалдырап караган көз карашын көргөндө байкады. Ушул көздөр үчүн, ал көздөрду өзүн каратуу үчүн баарын жасап жатпайбы, ушул көздөр аны баардык азаптардын арасынан сууруп чыгып жашоого угуттоп жатпайбы анан кантип ага жаман ойду ыраа көрдү, ушуларды ойлоно акылына келген жаман ойду алыс кууп жубайына мээрим толо көздөрү менен жылмая карап колдорунан ооп койду...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   Albinoc.piratium   05 Декабрь 2018 - 03:12

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 194
  • Катталган: 23 Ноябрь 17
  • Соңку аракети: 06 Фев 2025 15:49

Эхх Жанар экоо эле бактылуу болсо экен. Рахмат автор колдорунузга береке.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   ASA79   05 Декабрь 2018 - 16:39

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 23 Август 17
  • Соңку аракети: 08 Мар 2025 17:24

Коптон эле жазынызчы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   Dimedra   07 Декабрь 2018 - 02:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Ошол күндөн тарта экөө бир столдо отуруп тамактана турган болушту, бирок мамилелери мындан аша элек, жок дегенде мурдагы эки башка үйдө жашаган учурундай болуп тамаша чын аралаш сүйлөшүп ойношпойт да. Жанар бул жагына да шүгүр деп алдыга үмүт артып жашап жаткан учур. Назик болсо Уландын айткандарын эстеп этият болуп күйөөсүн жакын жолотпой журот, сабагына барып ал жактан гана күлүп жайнап албаса үйүнө келгенде ооз ачып суйлобойт. Сабакта отуруп, көчөдө жүрүп да эки жагын элендеп карай берчүү болду Уланын көпчүлүктүн арасынан издеп, ал өзүм жолугам сен мага чалба шек алдырып коёсун деген. Канча жолу телефонун кармап анын номурун терип туруп кайра өчүрүп коёт , айтканын аткарбаса Уландын ачууланышын жакшы билет эле. Ошондой күндөрдүн биринде сабакта отурган, мугалимдин айтканын угумуш болуп андан көзүн албай карап отурганы менен ою алыстарга алып учуп, аңгыча жанында жанаша отурган курбу кызы сүйлөп калды.
-байкушум, кыйналып кеттиң го, болду жетишет антип кайгырбачы.
Назик чочуп кетти, кимден-кимден бул кыздан мындай сөз күтпөгөн. Бул жоошунан келген анча ачылып сүйлөй бербеген кызга башкалар анча деле көңүл боло беришпейт, Назик гана кайда барса аны кошуп алчуу беркилерге жакпай турганын билсе да. Ал да бардар үй булоодон чыккан кыз айылдан келгени эле болбосо, бирок бул шаарда өскөн жалаң атактуулардын кыздарына тең келип жүрүү оңой эмес эле, ошондон улам дайым өзүн тартып жакшы ачыла берчүү эмес. Эми мынтип күтүүсүздөн эле ал Назиктин жан дүйнөсүндө болуп жаткан бурганакты сезип, башка эч ким капарына албаган абалын байкап отурганы аны таң калтырды.
-баары жакшы, деп ооз учунан жылмайган болду Назик, башка курбуларынан сактангандай эле буга да сыр билгизбей.
-жок Назик сенде баары жакшы эмес, керек болсо азыр мугалимдин сүйлөп жаткан бир да сөзүн уккан жоксуң, бул эле эмес башка сабактарда да ушундай эле абалдасын. Сен мени кандай эсептейсин билбейм бирок мен сени курбум деп билем, сенин мындай абалда жүрүшүнө мен чыдабай кетип жатам. Мен сага жардам бергим келет, каалайсынбы Улан менен жолугушуу уюштурам, деди.
Мындай болушун эч күтпөгөн Назик канча жылмайып өзүн кармаганга аракет кылганы менен көзүнүн кычыктарынан жаштары өзүнө ээ жаа бербей куюла берди, акыркы күндөрү аны түшүнүп боор тарткан адамды биринчи жолуктуруп жаткангабы.
Гули да ушуну эле күтүп тургандай октом сүйлөп абалды башкарууну колго алып алды.
-болду Назик сыгылба, бардык нерсенин жолу болот, бүгүн сени ага жолуктурам. Баары кокустук болгондой уюштурам, мен анын досун тааныйм, андан сурап кайда жүргөнүн билип экөөбүз күтүүсүздөн ал жайга барып калабыз, баары кокустук болот.
Канчалык тартынып турса да каалоосу артып эркинен тыш башын ийкеп макул болду. Гули өзү айткандай Назиктин катышуусусуз баарын уюштуруп сабактан чыккандан кийин курбусун ээрчитип бакты карай жөнөп калды. Анын айткандарына ишенип курбусунун жетегинде бараткан Назик алдыда болуучу жолугушууну элестетип сүйүктүүсүнүн жытын алыстан сезип кубанып басыгын тездетип жүрүп отуруп бакты ортолоп басып калышканда теннис аянтчасынан Уланды көрдү, ракетканы бекем кармап берилуу менен теннис ойноп жаткан экен. Аны көрө көздөрү жайнап булуттан чыккан күнгө окшоп жарк эте күлүп коё берди. Улан да кудум анын жытын туйгандай башын көтөрүп айланасын карап кызга көздөрү чагылыша түшүп, карап турбастан ракеткасын таштап маңдайында турган сүйүктүүсүно карай кадам таштады. Экөө кучакташа бир биринин жытына тойо жытташкандан кийин жетелешип ичкерини көздөй адам аз жайга карай бет алышты.
Четте турган көздөн далдоо жайдагы отургучка жете келишип жаңы эле орун алышканда,
-Назик, Жанар эмне жумуш менен алектенгенин билесинби? деди Улан.
Кыз бир азга нес боло түштү, анын күткөну бул эмес болчу, азыр ал кандай сагынганын айтышын ага гана арналчуу жалгызым деген эркелетчуу сөзүн угам деген, дегеле Жанар тууралуу сүйлөшүүгө даяр эмес эле азыр ушул тапта.
-ал эч кайда иштебейт, деди араң илептерин кыбыратып.
Кыздын абалын байкап өзүнүн сөзү ага анча жага бербегенин көрүп турса да андан ары суроосун уланта берди жигит.
-анда эмне менен жашайт?
-анын атасы ким болгонун айтпаган экенмин да сага, аяш атам... деп келе жатканда,
-саламаттыкты сактоо министри болгон, апасы чоң ишкер эле өлкө ичиндеги дарыканаларды чет элдик дары дармектер менен камсыз кылчуу, деп сөзүн улап кетти Улан.
Назик биринчисин билсе да экинчиси тууралуу кабары жок экен, ага бул нерселердин кызыгы да жок эле, ошондуктан азыр эмне деп айтаарын да билбей турду.
-андай ата энеден жакшы байлык калаары турган кеп дечи, бирок Жанар анчалык акылын жогото элек да ошондой чоң бизнести токтотуп койгудай, бул жааттагы кесипкөй эмеспи өзү дагы, деп сүйлөнүп колунун манжаларын кырсылдатып отурган жигитке карап аны тааный албай турду Назик. Ал эч качан бирөөнүн жашоосуна көз артып жашабаган, башкалардын кандай жашаарына кызыгып да көрбөгөн, Уландан да алдын мындай мүнөздү байкабаган экен. Алдын анын бай атактуу адамдар тууралуу сүйлөп калганын укканда бул анын кыялы деп билчүү, бирок эч качан алардын жашоосун изилдеп артынан түшкөнүн кулагы чалбаптыр. Эми мынтип өзү туулгандан бери таанып акыркы күндөрү бир уйдо жашап жаткан адам тууралуу кайдагы кулагы чалбаган маалыматты айтып отурат. Назик го мейли кызыкпаптыр ошон үчүн билбейт экен а бирок алардын буга эмне тиешеси бар эле.
Улан башын көтөрүп ундобой отуруп калган кызга карап анын жүзүнөн таң калуу да эмес башкача бир ирээнжиген жузду көрүп кыздын белинен тарта бекем кучактай башынан сылап ийинине жолду. "Кантип мындай чоң ката келтирүүгө жол койдум, жок бул али андай нерсеге даяр эмес экен, мен эмне билбейт билем Назиктин эч качан андай жолго барбасын. Бул эч качан башканын аягына кол салбайт, башка жолун ойлоп табуум керек, балким Жанарды мындан да катуу жек көрүүсү керектир ошондо баарына даяр болуп калат, өзү өч алууну самап кайрылмайынча ал нерсе болбойт" деп ойлонуп жатты, азыр оюндагысы ишке ашпашын билип. Ал көп күндөрдөн бери Жанар тууралуу суруштуруп өткөн жашоосун бүт изилдеп болгон, эмки планы андан кегин алуу эле, ага албетте күчтүү жардамчы керек Назикке окшогон. Бул ойлорун билдирбеш үчүн кызды өзүнө бекем тартып кыса кучактап жай сүйлөп жатты.
-жалгызым менин, Жанардын чыныгы жүзүн ачайын деп жатпаймынбы. Балким ага сен эмес эле атаңдын колдоосу керек болгондур, эгер атаң муну түшүнсө баары башкача болот беле дегеним.
Жок адашасын Жанар андай кылбайт, эгер ал ошону кааласа атам менсиз да колдоосун көрсөтмөк, ал болгону мени сүйөт, чексиз сүйөт, деп айткысы келди бирок батынып айта албады.
-жок Улан, ал чындап эч кандай бизнес менен алек болбой эле, деди кайдыгер гана.
-макул жалгызым, мен жөн гана куру кол отура бербей эмнедендир баштайын дегем. Ошон үчүн ыңгайлуу учурду күтүп сага кабарлаша албай жатпадымбы, бир кабарым менен жолугайын деп, сени канчалар сагынганымды билсен эле. Эч нерсе эмес сен аны ойлонбо, болгону өзүңдү этият кылсаң болгону, деп эки колу менен анын жүзүн сылай өзүнө карата берип Назиктин жүзү али да баягысындай эле томсоруп турганын көрүп шашып калды.
-жалгызым сага эмне болду? Бул эмне деген жүз? Мен сенин капаланганынды көрүп чыдап тура албайм, болду сени эч кайда коюп жибербейм азыр биротоло алып кетем.
Анын бул сөздөрүн угуп эми Назик шашып калды, анткени Уландын эч нерседен тайманбаган айтканын аткарган мүнөзүн жакшы билет. Аны канчалык сүйгөн менен ата энесин уятка калтырып алардан кечип бирге кол кармашып кете албайт эле.
-жок Улан, шашылба, өзүн айткандай биз шашылбашыбыз керек, качан атам ыраазы болгондо гана баары болот, болгону мындан ары жоголбочу, мен сени сагынаарымды билесиң да, деп жалбарып жиберди.
-макул жалгызым, мен качан сенин айтканына каршы чыга алчуу элем. Сен башкалар үчүн каалагандай колдончуу оюнчук көрүнсөн мен үчүн сөзү эки болбогон ханышамсын, мындан ары экөөбүз баттан жолугуп турабыз.
Мына башында эле ушул сөздөрдөн баштаса эмне болмок, ал өзүн кыз үчүн сөзү эки болбос хандай элестетип алганбы же кыздын көңүлү да өзүнө окшоп назик экенин унутуп койгонбу.
Бул ирет Назик биринчи болуп кетүүгө убакыт келгенин айтып артка чегинди.
-макул жалгызым бара гой, сени эч коё бергим келбесе да азыр андан башка аргам жок, күтүүно туура келет. Бирок ишен бир күн келет экөөбүз эки тарапка эмес бир багытка кете турган, ага чейин өзүңдү сакта, деп анын жүзүнөн сүйуп, сүйүктүүсүнүн өзүнө тааныш назик жылмаюсун көргөндө гана буркан түшкөн жан дүйнөсү тынчтана түшүп аны кучагынан бошотту.
Алар артка кайтып келгенде Гули ошол калган жайында экен, эки курбу ээрчишип эч нерсе болбогондой андан ары жолун улап кетишти. Жолдо бара жаткан экөө тең батынып эч нерсе айта алышпады. Гули кылганын милдет кылып жатат днбесин кааласа өзү айтаар десе, Назик бир эле жан тартып койсо ичимдегини жарбайын балким буга кызыксыздыр деп өз ойлору менен алек болуп окуу жайга жетип эки тарапка бөлүнүп кетишти.
Жай гана унааны башкарып өзүнчө ойго чомулуп баратты Назик. Чындап эле ушул күнгө чейин ойлонбогон экен, же оюна келсе да артка жутуп терендерге катып келгенби. Жанар да адам эмеспи анда да өзүнүкүндөй эле жүрөк болоорун ал сүйүшү мүмкүн экенин эске албаптыр. Балким анын сүйүүсү меникинен да күчтүүдур, а балким мүнөзү менден чечкиндүүдур, ал Уландан да өткөн тайманбас болсочу энсегенине жетүү үчүн баарына даяр турган. Андай болсо менин эмне жасап жатканымдын баарынан кабардар болгон чыгаар, эмнеге мени токтотпойт, кой дебейт же коё берип жибербейт. Ооба деди өзүнө өзү жооп бере, ал мен сыңары Улан же башка көпчүлүк сыңары эле сүйүүнүн алдында алсыз, болгону мени өзүнөн узакташтырып албас үчүн баарына көз жумуп, мендей эле келечектен үмүт кылып чыдап жатат деп ойлонгончо үйүнө да жетип келди.
Жанар күндөгүдөй эле ачык маанай менен алдынан тосуп чыкты.
-Мына эркем да келип калды, билген го менин кардым акчанын, деп колундагы сумкасын ала үйгө кирип,
-Кана эжекекеси дасторкон жазып өз колдорунуз менен жасалган даамдуу тамактар менен жалкоо ининизди бир сүйүнтүп коюнузчу, деп ашпозчуга кайрылды. Ашпозчу эжеси алардын бирге кирип келгенин көрүп кубанычтуу жылмая, жакшы сөзгө эргип өз жумушуна киришти.
Ал менен сүйлөшкөн ар бир адам ырахат алат, анткени Жанар адамды ашыкча мактап аргасын да кетирбейт, кемчилигин коргозуп сазайын да бербейт, бар болгон гана чындыкты таамай айтып коркомдоп адамдын көңүлүн көтөрүп коёт. Эң кызыгы Назик да алдын ал менен сүйлөшкөндү жактырчуу, анда санда кокустук болуп жолугуп калган кезде жанынан чыгаргысы келбей быдылдап каалашынча эркелечуу. А эмнеге азыр антпейт. Анын күнөөсү эмне өз сүйүүсү үчүн курошконундобу, а эмнеге мен анте албадым, чечкиндүүлүк кылбадым, ар шылтоону таап кечендеткен өзүм эмеспи атам сындайт деп кийин аяш атам өттү деп, балким жөн эле ушундай болоорун күтүп жургондурмун. Максатына жеткиси келип курошкондор эч нерсеге карабай, кыйынчылыктан коркуп качпай бетме бет чыгып тескерисинче анын өзүн качырат экен го. Жанар да андайлардын бири болуп калганы үчүн күнөөлүбу, сүйүүсү үчүн күрөшүп атасы өлгөнүн шылтоо кылбай алдыга кадам таштаганы үчүн күнөөлөп жатамынбы, же мен өзүм андай күчтүү боло албаганым үчүн аны жектеп жатамынбы деп ойлоно кийимин алмаштырып ылдый түштү. Столдун үстү көз жоосун алып үйдөгү абал аябай жагымдуу көрүнүп турду Назиктин көзүнө, тамак да бүгүн өзгөчө даамдуу болгонго окшойт, же алдын бул жөнөкөй нерселерге маани бербегенби. Утуру уурданып Жанардын жүзүнө карап коёт, эч бир кири жок кыйтырлыгы жок жан дүйнөсү алаканга салгандай апачык болуп жүзүнө чыгып турат. Кызык кантип ушул адам мени максатына жетүү үчүн пайдаланмак эле, болушу мүмкүн эмес Улан адашат, деп жатты.
Жанар да анын бүгүн башкача экенин байкаган болгону чоочутуп албайын деп байкамаксан болуп отурат. Экөө бири бирин уурданып карап отуруп бир убакта экөөнүн көздөрү чагылыша түшуп, Жанардын таза тунук жылмайган көздөрүнө карап турууга күчү жетпеген Назик биринчи болуп көздөрүн тартып кетти. Аны уялып калды деп түшүнгөн Жанар абалды оңдоп,
-Эркем бир кун уйдогулордон кабар алып келебизби, деди.
-билбейм, деп жалооруй караган жубайына карап,
-мына так азыр жонойбуз, журу кийин даяр бол, атам жумушта апам менен кеңири баарлашып кайтабыз, деп орундуктан туруп барып Назиктен жооп күтпөй эле колдон ала жетелеп жөнөдү.
Өзүнүн ата энесин Жанар да апа ата деп калган тура, качандан бери... деп оюнун акырына чыкканга улгурбой күйөөсүнө баш ийе ордунан туруп жөнөдү.

Балдарынын бирге кирип келгенин көргөн Жамила жетине албай сүйүнүп, ары жак бери жагына өтүп жатты. Жанарга карап дүйнөдөгү эң бактылуу жашоосунан ыраазы болгон көз карашыты байкап ичи жылыса кызынын тагдырына моюн сунгандай жоошуй түшкөнүн көрүп жымындайт. Назик апасын катуу сагынганын азыр анын жанында отуруп гана сезди. Атасынын келишин куткончо эне бала тое баарлашып сагынычтарын жазып отурушуп, атасы эшиктен кирип келээри менен мойнуна асыла эркелеп көптөн бери жетишпей жаткан мээримдердин ордун толуктап жатты. Карачы жашоосу кандай керемет, аз убакытта көзүнө парда тагып алып эле ушунун баарын парда артына жашырып көрбөй калган экен да. Ушуларды ойлонуп жыргап отурганы менен баары бир өзүн эркин сезе албай жатты кайдадыр кечигип жаткандай, бул үй эми ал үчүн мурдагыдай эркиндик тартуулабай калган экен көрсө, Жанардын үйүндө өзүн мындан эркин тутаарын ойлоду. Азыр дагы Улан экөөнү салыштырып жиберди, талашсыз Уланды сүйөт, сагынат, көргүсү келет бирок Жанардын жанында эч нерседен кысынбай өзүн өтө эркин алат. Уланга суйлоордон алдын ойлонуп абайлап сүйлөйт ал капа болуп калышы мүмкүн, а Жанарды капа болот деп ойлонбойт анткени ал өзүнөн эч капа болбосун билет, ошондо мен кимисин жакшы билем.
Ал оюн Жанардын,
-Кетели ээ эркем, деген сөзү бөлүп жиберди.
Бул тайманбас, атамдын алдында да тартынбай эркелетип жатканын карабайсынбы, деп анын ордуна өзү уялып жер карап калды.

Ооба Жанар тайманбас, баарын ачык айтат атасына окшоп, ошондой тарбияга уйронгон. Кадыр да ушул сапаты үчүн жактырбадыбы аны, ал үмүтүм ошол деп айтып жаткан болсо демек чын эле ошондой, ал түпкү оюн жашырып жалгандан сулуу сүйлөгөндү билбейт деп кызын чындап жактырган кадырлай ала турган жигит экенине ишенген. Анткени кызынын эркелиги жагат атасына, башка бирөөгө барса ал сапаты калып кетет деп чочулаган да. А Уландын оозунан бир да кызы тууралуу сөз уга албай койгон, анын уккусу келген сөздөр ушул болот деп өзү чечкен эле турмуш тууралуу сөз кылып туруп албадыбы кашайып. А атанын каалаганы такыр башка эле, кызына куйо болчу адамдын эмне менен алек болоору эң акыркы орунда турчу анын уккусу келгендердин ичинен, эң башкысы кызын чындап суйоорун билсе болду эле, а сүйүү баарына жеткирет деп ишенет ал, муну өзү жоон териси менен сезип келбедиби. Улан ушул жерден уттуруп койгон.

Балдарынын жуздорунон сүйүп, атасы кызын тое эркелетип этият болгула деген сөзүн жүз кайталап узатышкан соң эрди катын бири бирин бактылуу карап коюшту.
-Көрдүңбу, айткам сага, деди Кадыр жубайын ийинден кучактай.
-Ооба десең, ылайым ушинтип бактылуу болушсун садагаларым деп жалынып алды Жамила дагы бир ирет.

Жубай эсептелгенден бери биринчи жолу бирге үйдөн чыгып бир унаада жүрүп, маанайы ачык жайдары жүргонун көрсө да батынып бөлмөгө бирге кире албай, эркесине бейпил түн каалап кала берди Жанар, ашыгып кадам таштап алып жакындап келе жаткан бактысын чочутуп албайын деп.
Өз бөлмөсүнө кирип тошогуно кулаган Назик бүгүнкү күндү тизмектен өткөрүп ойго чомулуп жатып эмнегедир Жанардын ушул тапта эмне кылып жатканына кызыкты. Эч уктай албаганда туруп бөлмөдөн сыртка баш багып, бутунун учу менен басып Жанардын болмосуно барып бирок кирип барууга даабай каалганын артында туруп калды. Каалга бир аз ачык калган экен, ал да уктай элек көрүнөт жарык жанып кичине ачык калган жылчыктан коридорго түшүп турат. Мына анын ары бери баскан дабышы да угулду. Назик кулагын такап ичкерини тыншап калды, эмнеге экенин өзү деле билбейт, эмнегедир анын жашоосуна кызыкты, ал эмне менен алек болоорун билгиси келди. Көптөн кийин гана анын сүйлөгөн доошу чыкты, телефондон сүйлөшүп жатканга окшойт, адаттагыдай эле сабырдуу болуп көп угуп аз сүйлөп жаткан тура, сөздөрү кыргызча эмес. Жакшылап тыншап,
"албетте барам, бирок азыр эмес. Мен силерди эч качан башкага алмаштырбайм, болгону аз убакыт керек, бул жакта жумуштарды бүтүрүп алуум керек, акчаны жыйып кийин барам, бир аз чыдап убакыт берип тургула" , деген англис тилиндеги сөздөрдү угуп бутунун учуна чейин калтырап кетти...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   sumaika   07 Декабрь 2018 - 04:57

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 108
  • Катталган: 24 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2022 10:17

Дагы жазынызчы,тойбой калдым
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   Albinoc.piratium   07 Декабрь 2018 - 17:00

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 194
  • Катталган: 23 Ноябрь 17
  • Соңку аракети: 06 Фев 2025 15:49

Эхх сонун жерине келди. Кутуп жатаам!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   aitowa11   08 Декабрь 2018 - 04:28

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 86
  • Катталган: 03 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Кызыгына келиптирго
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   Dimedra   09 Декабрь 2018 - 02:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Андан ары угуп турууга күчү жетпеди, дагы бир аз турса ичкери кирип баруусу анык. Киргенде эмне дейт, "ким менен сүйлөшүп жатасын, мен сенин жубайынмын, экөөбүздүн кимибизди алдап жатасың" дейби, бирок ал али эч бир аялдык милдетин аткара элек да, эл көзүнө үй булоо эсептелип бир уйдо жашап жатканы эле болбосо экөөнүн жашоосу эки башка, анан антип айтууга акысы барбы. Кийин өзү али да башканы сүйүп, бүгүн эле анын кучагында туруп келбедиби. Колу туткага сунулуп баратканда ушуларды ойлоп кайра тартып алды да кандай келсе ошондой үнсүз бутунун учу менен жүрүп өз бөлмөсүнө карай басып кетти. Ичкери кирип керебетине жетпей анын жанына эле бук түшө тизесин кучактап отуруп алып ыйлап кирди, дүнүйөго, тируулукко, адамдарга таарынып ыйлады. Ал ишенип, сезип, кыялданып жаткан дүйнөнун баары жалгандан куралганына өкүнүп бук болгон үнүн ичине жутуп ыйлап отурду. Озун курчап турган адамдар жада калса ата энеси да өздорун гана ойлоп өз кызыкчылыктары үчүн жашап жатканына ызааланды.
Бирок ал адашып жаткан, тескерисинче анын тегерегиндегилер өздөрүнүн жашоосун намысын жыйыштырып коюп ал деп жашап жаткандарын сезбей жаткан көрүнөт. Акыл эмнени көргүсү келсе көз ошону көрөт тура, кээ бирлер роза гулунун кооздугуна суктанып анын жыпар жытынан дем алышса кээлери анын тикендерин көрүп өздөрүн узак тутушат, ошону менен бирге анын жыпар жыттуу ырахатынан куру калышып.
Канча убакыт өткөнүн билбейт, бир убакта көзүн ачса керебетте жатыптыр, терезеден сыртка караса таң атып бараткан экен. Болуп жаткан абалга таң кала тундогу окуяны эстеп онундо же түшүндө болгонун түшүнө албай жатты. Ордунан туруп барып күзгүгө караса эки көзү кызарып томуктай болуп шишип калыптыр, демек баары чын болгон, анда ал кантип керебеттен ойгонду. Акыркы эсинде калганы ыйлап отуруп чарчаганда башын керебетке жолоп отурганын билет калганы эсинде жок.
Кошмо штат менен биздин убакыттын айрымачылыгы чоң болуп күн менен түн карама каршы келгендиктен Жанар түнү иштеп, ал жактагы оноктошторунон бир катар кабар алып, иш кагаздарын текшерип болуп жатаар алдында бир сыртка чыгып келмей адаты бар. Артка кайтып келе жатканда сөзсүз Назиктин бөлмөсүнө баш багып жүзүнөн сүйүп, үстүн жылуулап жаап чыкмайды адат кылып алган. Кечинде да ал адаты менен кирип барып анын жерде отуруп алып уктап жатканын көрүп, көтөрүп керебетке жактырып жаткан учурда оозунан узул кесил "Улан сен адашпаган коруносун" деген сөз чыккан. Албетте мунун баарынан Назиктин кабары жок.
Күзгүгө карап туруп көздөрүнүн кызарганын көрүп эч кайда чыкпоону туура көрүп, кайра Жанар менен керелдин кечке бир үйдө отурууга туура келээрин ойлогондо шаша кийинип көзүн боеп кызарганын жашырып алып үйдөн чыгып кетти нанушто да кылбай.
Ал унаасын дур эттире айдап чыгып баратканын көрүп турган Жанардын кулагына өзүнүн кечээки уккан сөздөрү жанырып жатты, "Улан сен адашпаган коруносун" . Демек алар али да жолугушуп жүргөн экен, кече эле баары жакшыдай туюлбады беле, же кечинде анысы менен телефондо сүйлөшкөнбү. Кызык эмне тууралуу айтты болду экен адашпагыдай. Дегеле ал жигитке эмне керек? Эгер Назикти катуу суйсо эмнеге менден тартып кетүүгө аракет кылбайт, сүйүүсү үчүн курошпой сырттан карап турат, анда баардык мүмкүнчүлүктөр бар эмеспи, эң негизкиси Назик ал тараптык. Жок ал жигитке башка нерсе керектей, Назикти уурдап кетсе эч кимден эч кандай пайда келбейт, ал башка нерсени көздөп жаткан сыңары деген жыйынтыкка келди. Бирок бул тууралуу жубайына эч нерсе айта албайт, анда эле баарын кыйратып албайбы. Ушунча тоскоолдуктар турса да бир жолу акылын куру эле аракет кылып жатам, ал баары бир анысын сүйөт мени сүйө албайт деген ой аралабады, ал Назикти өзүн суйдуруп алуусуна толук ишенет көрүнөт.

Окуу жайга кирип бара жаткан Гули дарбазанын алдында курбусу Назиктин унаасы токтоп турганын көрүп жакын келип терезесинен шыкалап карап калды. Назик келиши келип алып сабакка кирүүгө көңүлү тартпай унаанын ичинде отурган эле, алыстан келе жаткан Гулини байкабай калган экен, азыр эч кимди көргүсү келбей турган, ал терезеден шыкалап калганда аргасы жок терезени түшүрүп саламдашкан болду.
Канча жашырып боесо да анын көздөрү ыйлагандыгын билдирип койду окшойт же Гули өзү баамчыл кызбы дароо кабагын буркоп,
-Нази сага эмне кылды? деди.
-эч нерсе, Гули мен сабакка кирбейм, мугалимге ооруп жатыптыр деп айтып койчу.
-макул айтам, сен чындап эле ооруп турасыңбы? Анда үйгө барып жатпайсынбы, же башка бир нерсе болдубу? деп такып сурап калды Гули.
Айтсамбы жокпу деп эки анжы ойдо отуруп калган Назиктин оюн окуй койгондой унааны тегеренип келип эшигин ачып суроо сопутсуз эле жанына отура калды.
-Нази сен эмне Уландын абалын көрүп кыжаалат болуп жатасыңбы?
Назик чочуп кетти.
-анын абалына эмне кылыптыр?
-сенин кабарын жокпу? Ал көп күндөн бери жумушуна барбай, эч ким менен да сүйлөшпой үйдөн чыкпай калган экен, кече достору биринчи жолу эптеп алаксытканы көчөгө алып чыгышкан турбайбы. Анын абалы өтө оорго окшойт, эч нерсеге көңүлү жок өзүнүн өмүрүнө да кол салган турбайбы. Жумуштан чыгып калганын угуп калса керек жашаган батиринин ээси да бошот деп жатыптыр, деп айтып жатып токтоп калды. - ал сага үндөгөн жокпу, ай мен бекер айттым окшойт, балким мунун баарын сенин билишинди каалабаган болсочу деп оозун колдору менен бекитип калды.
Назиктин сөзү оозунан түшүп көздөрүн чоң ачып Гулиге карап эле отуруп калды.
-курбум сенден суранам, ал өзү айтмайынча ага ооз ачпай эле койчу. Досу мага айтып койгонун билсе ага капа болуп журбосун.
-жок, жок Гули айтпайм. Ал ошондой акыбалга тушуппу ээ? деп шашып калды Назик. Мунун баары менин айымдан, ал мени жоготсо баарын жоготом дечү, карачы канча адамды кыйнап жатам, деп ролду эки колдоп уучтап үч төрт жолу башы менен сүзүп бешенесин тырыштырып туруп шаша унаанын чонтокчосун ачып, андагы бир ууч акчаны сууруп чыгып курбу суна сунуп калды.
-Гули ме муну Уланга жеткир, суранам курбулук милдетинди аткар. Ал менин колумдан албайт, мен бергенимди айтпа. Жакшысы досторуна бер алар бир жолун таап ага беришсин, деп курбусуна жалбарып жиберди, ал азыр жок деп унаадан түшүп кете тургандай женинен тартып. Гули да кыйылып жатып башка аргасы калбагандай анын колунан акчаны араң алды.
-Бул жерде өтө эле көп го, а сен күйөно эмне дейсиң?
-бул акча меники, менден эч ким сурабайт, сен ага жеткирсен болду.
-макул курбум мен аракет кылам, а сага эмне болду, көздөрүндүн кызарган себебин айтчы.
-а мен жөн эле, баары жакшы. Сен анда эмне болуп жатканын биле журчу ээ, белгилүү ал намыской эмеспи мага эч нерсе айтпайт.
Гули башын ийкеп макулдугун билдире акчаны сумкасына салып окуу жайга кирип кетти. Назик дагы бир аз ал жерде отурган соң унаасын айдап Ала тоо аянты тарапка бет алды, башка кайда барышын да билбейт ушунча жыл бул шаарда жашап көптөгөн кооз жайларга барса да мындан башка эч бир жайдын жан дүйнө тарыхын укпаган, бул жайды да Жанар айтып бербегенде эч нерсе билмек эмес. Азыр аянтты карап Жанардын ал билбеген жактарын көргүсү келди көрүнөт.
"Анда дагы кандай сырлар бар болду экен мен билбеген, балким келип кеткен ар бирине өзүнчө мамиле жасап көңүлүн оорутпай этияттайм деп жүрүп эки жүздүү болуп калганбы" деп ойлонуп баратты.
Бул учурда Жанар үйдө иш кагаздарын карап атасы айтпай калтырып кеткен чийеленген туйундорду чечейин деп бирок акылына эч нерсе кирбей отурган. Акылынын баарын Улан ээлеп алган болчу, кандай кылып андан Назикти куткарат. Акыры калп эле кагаздарга унулуп отура бергенден пайда жок экенин түшүнүп, ордунан туруп барып унаасын айдап Назиктин окуу жайына жөнөдү. Сабактан чыкса ал каалаган жайга барып көңүл ачып кайтаарбыз деп жубайын жакындатууну ойлоп келген тилегин таш каап эркесин ал жерден таба албай отуруп калды. Телефонун сууруп чыгып анын номурун тергени жатып көзү окуу жайдан каткыра күло чыгып келе жаткан Назиктин курбуларына чалына түштү. Унаадан түшпой кетип калсам адамдык сапатка жатпас деген ойдо жакшы ниет менен түшүп келе жатып ары жактан кыздарды көздөй басып келе жаткан Уланды көрүп калды. Ордунан жылбай туруп калган Жанар менен аны көрө койгон Уландын көздөрү чагылаша түштү бир бирине. Экөөнүн көзүндө тең "кач алдымдан, бул менин жашоом" деген кекер көз караш бар эле. Эч бири көзүн тартып кетейин дебейт, өз олжосун көргөн мергенчиге окшоп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   Asalim-99   09 Декабрь 2018 - 13:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 480
  • Катталган: 24 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 30 Окт 2020 17:22
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кара-Кулжа

Улантыңыз
BROKEN ANGEL
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   ASA79   09 Декабрь 2018 - 13:44

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 23 Август 17
  • Соңку аракети: 08 Мар 2025 17:24

Кудай сактай гоор.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   aitowa11   09 Декабрь 2018 - 14:10

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 86
  • Катталган: 03 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Тынч эле болушсун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   Kalla   09 Декабрь 2018 - 20:38

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 91
  • Катталган: 23 Июль 18
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 15:48

Ушу Гули да саткынбы. Мен ото кызганчаакмын даа.Уландын колун Назикке тийгизбенизчи суранаам. Ал Жандардын ак никелуу жары даа.Ажырашкандан кийин озу билсин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   Dimedra   10 Декабрь 2018 - 00:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Назик аянтка келип жерден атылып чыкчу суулардын жанында отуруп алып канча аракет кылса да Жанар айтып бергендей ой жүгүртө албай койду, анын туюму менен туюп сезууго жарабасын түшүнүп ал жерден туруп кетти. Андан ары көлөмдүү желектин жанына басып келип, аны кайтарууда турган эки жоокерге карап көпкө турду да акылына келген сөздөрдү сүйлөп баштады. Жанардай жаратылышты жандуу элестетип сүйлөшө албайт экен андай жаратылыштан айырмасы жок сөзүңдү болбой ундобой угуп турчу жоокерлер менен сүйлөшүүнү чечкен көрүнөт, аларга ичиндеги бугун, арманын айтып кези менен алардан кеңеш сурап коюп турду.
-ушундай менин жашоом, мен да силер кайтарган желекке окшойм, эки жагымда эки кайтаруучу, менде кайтара турган эмне бар өзү. Акыры барып мен да ушул желектей болуп калбасам болду кимисине ишеништи билбей, жанымда ким тургандан айырмасы жок желбирей берген, элдер суктанып карай турган бирок эң бактысыз ичинде эмнелер жатканын да айта албаган, бетинде сүрөт тартылып кооздолгон эрксиз чупурок сымал болуп каламбы. А балким болуп калгандырмын ээ? эмне уйндобойсунор?
Жоокерлер эч өзгөрүүсүз, бир калыптан жазбай тургандарына карап аларды бир сыйра айланып чыкты да, алардын бирине, -сен Жанарсын, экинчисине - сен Улансын, деп ат коюп алды.
-Эми айткылачы кимиңер мага татыктуусунар. ?
Албетте алардан жооп болгон жок.
-билем, экөөңдон тең мага жакпаган сапаттар чыгып жатат, ошондуктан өзүңөрдү мага татыксызмын деп жатасыңар. Анда айткылачы мен киминерге татыктуумун?
-эмне ундобойсунор? Андай болсо эмнеге менин жанымда айланчыктап журосунор? Силер эки жуздуусунор, мени шылтоо кылып ар кимиң өзүңдүн каалоонду коздойсунор. Улан сен айтчы, деп биринчи жигитке келди.
-Жанардын байлыгы канча деп башыңды оорутуп жатасыңбы же мени деппи?
-ээ Жанар, а сен эмнени каалайсын, мениби же атамдын байлыгынбы? деп экинчиге жакын келип, алардан бир аз узаагыраак басып экөөнө бирдей карап,
-анда уккула, мен үчүн эч ким эч кимге байлыгын бербейт, а менде болсо эч кандай байлык жок, эгер каалаганынар ошол болсо менден алыс тургула! деди да басып кетти.
Жоокерлер али да ошол турган калыбынан жазбай турушат.
Алардан узакташкандан кийин "эх, азыр чындап эле ушулардын ордуна алар болуп, мен ушинтип айта алганымда" деп кобуранып алып кетип бара жатты.

Жанар жеткенче кыздардын жанына биринчи болуп Улан жетип келип кыздар менен ооз учунан саламдашкан болуп туруп калган. Жанар канча каалабай турса да алардын жанына басып келүүгө аргасыз болду, себеби аны кыздар көрүп болушкан эле, арасынан бири,
-күрөң боз атчан ханзада келип калган экен го, деп ал тарапты карай сүйлөп калган.
-саламатсынар кыздар, менин эркем кетип болгон көрүнөт, кечигип калганга окшойм ээ, деди Жанар аларга күлө карап.
-сиздин эркениз, төшөктөн турбай эркелеп жатабы дегенбиз сабакка келбегенинен, деп тийишип калды жанакы кыз.
Ал Уланды эч жактыра берчүү эмес, Назикке да көп айта турган "аны эмне кыласың эч бир өзүнүн ою жок, баарын өзүн ойлоп таап, сөздү да токуп берип жүрүп отосунбу" деп. Улан да сезет ага жакпаганын, бирок Назикке достошпо деп айта алчу эмес, анткени ал эркиндигин чектегенди жактырбай. Жөн гана кыздарды күлө карап саламдашса ал кыз менен өтө суз же болбосо такыр саламдашчуу эмес. Мына азыр бул кызга эң жакшы мүмкүнчүлүк келип турат Уланга өз ордун коргозуп койчу, мындан пайдаланбай койсо өзүн кечире албай өтпөйбу.
Жанардын жүрөгү бир туйлап алды, "кайда кетти болду экен, эрте менен үйдөн кетпеди беле" деп кайра өзүн жоошутуп жатты "жөн гана жалгыз болгусу келсе керек, мунусу бул жакта жүрөт демек бирге эмес" деп.
Аңгыча Гули ооз ачып,
-ал эрте менен ооруп жатам деп сабакка кирбей кетип калган, деди.
Ал муну Жанарга карап эмес Уланга карап айтты, буга чейин да ал экөөнүн көздөрү караша түшкөндөрүн байкап турган Жанар эмнеге антээрин түшүнө албай жатты. "Бул Назиктин эң жакын курбусубу эрте менен көргөн жалгыз адам ушул болгонуна караганда. Ал эмнеге мага эмес Уланга карап сүйлөп жатат, кандай болгон күндө да булар үчүн мен анын күйөөсү болуп жатпаймынбы. А балким бар сырын ушул кызга айтып жүргөн болбосун, ошон үчүн ал Уланды менден жогору коюп жатсачы" деп ойлоно кетип, бирок кыздарга сыр алдырбай Уланга да баары жакшы экенин коргозуп,
-биз эрте менен бөлүнгөн боюнча мен үйгө бара элекмин, күтүүсүз белек жасайын деген оюм ордунан чыкпай калды корунот. Кечиресинер мен барайын анда, эркем күтүп калбасын, деп артына бурулуп басып кетти.
Уланга бул жерде эч нерсе дей албады, Назикти курбуларынын алдында уятка коюп адепсиздик кылбайын деп. Болбосо каны кайнап башына тээп турганына карабай өзүн басып аны тааныбаган кыяз кылып басып кетүү ага жеңил болгон жок.
Улан да баарына даяр турган, ал өзүнүн кара күчүнө ишенет. Чындап эле Жанарга караганда көлөмү бир кыйла чон, колдору карылуу жигит. Бирок күч коломдо гана болбойт эмеспи. Экөө кармашып көрбөгөндөн кийин айтуу кыйын.
Жанар ал жерден узакташып кайда бараарын билбей сүйгөн жайы аянтка карай бет алды, бир аз ал жайга карап кайтпаса өзүн жоготуп бараткандай. Жаны эле унаасын токтотуп жатып Назиктин унаасын көрүп калды, ал бет маңдайынан жүрүп кетип бара жатыптыр. Жанар да келген оюнан кайтып анын артынан айдаганы жатып кайра токтоп калды. "Ал мени көрүүнү каалабай жатканга окшойт, андай болбосо өзү токтомок да, макул жайына коеюн, ага да жеңил эмес", деп ойлонуп отуруп өзүнчө жылмайып алды, "бул жерге келип калганы дурус эмеспи, демек мени түшүнүүгө аракет кылып жатат. Рас мен жөнүндө ойлоно баштаган экен биздин күн да алыс эмес. Тентек кыз өзүнүн сезимдерин башкара албай калган го, экиге бөлүнүп калган сыңары болуп жатса керек. Эч нерсе эмес эркем, мени жан дүйнөно киргизсен эле ал жерде башкага орун калбайт, өзүн айтпадынбы жан дүйнөм тар деп, ошондой болгону жакшы эки адамды сыйдыра албагандай жүрөк керек мага, жалгыз мен батчуу" деп кубуронуп алып баягыдан көңүлү ачыла түштү.

Улан бул жайга Назикти издеп келбеген, анын жок экенин билчүү, Гули телефондон айткан эле. Ал бакка өтүп бараткан жеринен кокустук кыздардын алдынан чыгып калбадыбы.
Кыздар өздөрүнчө бөлүнүп кайда барууну пландап унааларына отуруп жөнөп кетишти, Назик жок болгондуктан Гулини жүр деген адам болбоду. Ал да ушуну эле күтүп тургандай Улан кеткен тарапты көздөй бет алып, экөө бактын ортосунда жайгашкан теннис аянтчасынан жолугушту.
-Улан, ал кече аябай ыйлагандай Жанар да ошон үчүн келген болсо керек капа кылып алып кечирим сураш үчүн. А баса ал мына бул акчаны сага берип жиберди, деп сумкасынан Назик берген акчаны ага сунду.
-сен эмне деп суадын? деди аны алып жатып Улан.
-мен сураган жокмун, ал акылдуу кыз эмеспи өзү эле дароо түшүндү. Сен ага сыр бербе, жок коё тур досторум акча жыйып беришкен экен де, антпесе мени бербей коюптур деп ойлоп журбосун.
-кыжаалат болбо, ал антип ойлобойт. Кийин бул акчалар анын өзүнүн келечеги үчүн эмеспи. Атасы көрсүн кимдин ким экенин, мен ага ал катуу адашканын далилдейм Жанар ата энеси бар үчүн бай болчу, эми ал байлыктын баары мага өтөт, аны жер менен жексен кылам, деп акчаны мыкчып кекердуу карап койду.
-Улан, сен эмне деп жатасың, биз антип суйлошподук эле, деген Гули коркконун жашырган жок.
-коркпо, мен сөзүмө турам башкалардан айырмаланып. Жанар эч нерсеси жок калганда сен бооруна тартасын ошондо ал сеники болот, азыркы абалында ал сага карабайт.
Гули демин бош коё берип жүрөгү ылдыйлай түштү, ал Жанарга бир нерсе кылабы деп коркуп кеткен болчу.

Кечирээк үйгө кирип келген Жанар үй кызматчысынан Назик үйдө экенин али тамактанбаганын билип анын бөлмөсүнө көтөрүлдү. Ал ичкериден кулпулап жаап алган экен. Каалга артында туруп аны чакырганына жооп болбой, көпкө чейин ал жерде туруп эч майнап чыкпаганда гана артка бурулуп басып кеткени жаткан, бир эки кадам таштаганда каалганын ачылган дабышын угуп артка карай салса Назик чыгып келе жаткан экен. Ал канча көгөрүп таарынгысы келгени менен кардынын ачканы жеңип кетти, күнү кечке ачка болгонго азыр шам шум этпесе уктай албай турганын сезип чыгып келе жаткан. Жанар кубанып,
-Эркем! деп бурула калып жетип келди.
Назик анын жүзүнө карап эч түшүнө албай турду, кантип адам ушундай тез өзгөрө алат, дүйнөдөгү эң таза күнөөсүз адамдай карайт да деп таң калып.
Кандай акылдуу болбосун аял киши кулагына ишенет тура, балким кече Уландан "Жанарга атаңдын колдоосу керек болуп журбосун " деген сөзүн укпаганда кечинде уккан сөздөрүн башкача талдап көрмөк беле. Кандай болгон ченде да эки сөздүн өз учурунда айтылып бир бирине дал келип калганын карабайсынбы, азыр Назиктин оюна андан башка эмне келүүсү керек, эч нерсе.
Анын бул көз карашы анча жага бербей турса да Жанар ундободу, мунун себебин албетте билет бирок өзүнөн эмес анын курбусунан же дагы башкадан, албетте бир жолун табат.
-журу тамактаналы, эже дасторкон жайып жатат, деп далысынан кучактаганда Назик ток ургандай атып кетти.
-жок, менин кардым ток. Ушул сөз оозунан чыгып кетти, каап эми ач жатууга туура келет кайра түшүп барса уят болот.
-макул, тушкун келбесе болмоно алып келип берейин.
-жок сен эмес.
Жанар башын ийкей түшүп кетти ылдыйды көздөй.
Көп өтпөй каалганы такылдатып паднос көтөргөн ашпозчу кирип келди Назиктин бөлмөсүнө. Ал азыр Жанарга өзгөчө ыраазы болуп кетти, карачы айттырбай билгенин, мынтпесе ач жатмак.
Жанар эртеси атайын эрте туруп сыртта Назикти күтүп ары бери басып жүргөн сабагына өзү узатып барып чыкканда барам, бир жакка барып эс алып келебиз дейин деп. Бирок жубайы ал күткөндөй чыгып келбеди, сааттын жебеси тогузга карап калганда ичкери кирип анын бөлмөсүнө кирип барса төшөктөн турбай жаткан экен.
-эркем, бир жерин ооруп турабы? деди уйруло калып.
Назиктен жооп болбогондо акырын жанына басып келип, маңдайына колун тийгизип көрүп ысыгы жок экенин көрүп, анын жүзүнө унулду.
-сабактан кеч калып жатасың эркем.
-мен сабакка барбайм, деди Назик бурк эте.
-макул, баргын келбесе кой. Андан көрө экөөбүз убакытты көңүлдүү откоробуз эмне дедин?
-жок, мен эч кайда барбайм, кийин мен жалгыз болгум келет.
Жанарда аны жалгыз калтырып бөлмөдөн чыгып кетүүдөн башка арга калбады. Ылдый түшүп өзү нанушто кылып, Назиктин болмосуно алып кирип берүүсүн буйруду да үйдөн чыгып кетти.
Унаасынын башын буруп ишенимдүү Назик окуган окуу жайга бара жатты, азыр анын курбусу менен сүйлөшүп баарын билет, эркесинин ага айта албаган дартын, Уландын али да эмне себептен келип жүргөнүн, эмнеге бир түндүн ичинде антип өзгөрүп калганын сурайт...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   Koenek93   10 Декабрь 2018 - 01:25

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 162
  • Катталган: 06 Февраль 16
  • Соңку аракети: 18 Янв 2024 04:52
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал-Абад шаары

Жанында журуп ушундай саткынчы, чыккынчылардан Кудай сактасын Гулиге окшогон. Улан дагы жакпады.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   aitowa11   10 Декабрь 2018 - 02:20

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 86
  • Катталган: 03 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Азыркы заманда эч кимге ишенбей турган болуп калган. Оң көзүн сол көзүнө душман. Авторго күч-кубат берип тез-тезден жазып салсын. Ишиңизге ийгилик!! !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   aitowa11   10 Декабрь 2018 - 09:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 86
  • Катталган: 03 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

,

Билдирүүнү түзөткөн: aitowa11: 10 Декабрь 2018 - 09:12

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 31 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 31, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 05 Авг 2025 14:31

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: