Суперстан: Мендеги ыйык сезим - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Мендеги ыйык сезим

#1 Пользователь офлайн   bekbolot_04   12 Декабрь 2018 - 20:23

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 29
  • Катталган: 29 Ноябрь 18
  • Соңку аракети: 29 Авг 2019 10:46

Болгон окуядан. Бирок каармандардын аттары озгортулду


МЕНДЕГИ ЫЙЫК СЕЗИМ

Жаш кезибизде бир нерсе болсо дароо "апама айтам" дейт элек. Ооба, бул менен мен эмнени айткым келди? Бир окуя эсиме тушуп кетпедиби.
Ал кезде биз аруу кыял бала элек. Бироого эч жамандык тилебеген. Жок, анчалык деле эмес.
Бир куну тарых сабагынан эжей тест алып калды. Баардыгыбыз оз алдыбызча иштеп, тапшырып жаткан элек. Эжейибиз бизди оз алдыбызча таштап озу усулканага кетип калды. Тестти белгилеп бутконубуз усулканага эжейге алып барып берип жаттык. Айназик оз тестин алып барып келди. Бир топ кыздар Айназике барып тесттин жоопторун билип алышып, туура белгилешти. А биз балдар кала бердик. Бир аздан кийин эжей келип тестибизди текшерип, бааларыбызды айтып берди. Тилеке каршы кыздар баардыгы эн мыкты баа, ал эми балдар болсо кыздардан аз баа алып калыпбыз. Ошондо абдан жиндене кетип

_Эжей, булар тест жоопторун билип алышкан да-деп кеп баштадым. Эжеке тушунбогондой тур менен

_Кандайча?

_Айназик сизге тестин бергенде жоопторун карап алыптыр. Келип кыздарга айтып салды. Кыздар баары жалган баа алды. А биз балдар аз болсо да чыныгы баа алдык-деп кебимди токтоттум. Ошондо айланамдагы классташтарымы карасам баары мени жаман козу менен карап жатышыптыр. Айрыкча Айназиктин карашы мени жаман абалга кептеди. Кийин сабак аяктап баарыбыз уйубузго кетип жаткан убакта Айназик апасын ээрчитип келип калды. Апасы мени абдан урушуп, "сен жигитсин, сен тескерисинче кыздарга жардам бер" деген орой кебин айтып узатты. Ошондо уйго ыйлап барып, апама баардык нерсени токпой-чачпай айтып бергеним эсимде. Апакем мени сорото:

_Балам мектепте болгон нерсени уйго айтып келген жарабайт. Жигиттин иши эмес да. Менин баламдын мындай сапаты болбоосу керек-деп сорото койгон.

Арадан убакыт отуп балалык кез да кетти. Эми биз оспурум куракта болуп, мурунубузга жыт кирип, ак-караны ылгап, озубузчо ой жугуртуп, кыздарды ойлоп, "суйуу" деп калган убагыбыз. Жаш кезимде жаман коруп, кас душмандай болуп калган Айназик бара-бара мага жакын болуп жатканын байкабай калыпмын. 7-классымдан баштап мага жакын дос боло баштады. Бирок мен алыста элем. Телефон аркылуу эски классташ же эски дос болуп суйлошуп журчубуз. Кээде тамашалай суйлошуп калчуубуз.

_Мага суйлошкону кыз тап бербейсинби?

_Ой, ушундай жигит суйлошкон кызы жок журчу бекен? Эч болбосо бир адамды суйосунбу?

Бирок мен ага "ооба, суйом, ал сен" деп айта албадым.

_Ооба, бирок ал мени суйбосо керек.

_Сенин журогуну жаралаган ким экен?

_Бир кыз да, мен билем ал мени суйбойт.

Бул жообум чечкинду эле. Анткени Айназиктин жаш кезиндеги жек коруусу таркай элек болсо керек деп ойлочумун.

_Койчу досум, кыз коп го...Келсен мен озум сага сонун кыз тап берем деди. Андан тышкары кээ бир маегибизде "Сен келсен озум сени мыктылап козомолдоп журом" деген созу менин журогумо умут берип салган экен.

* * *

Мен озумо ишенбей да кетип жаттым. Мурун Айназикти жон гана классташ катары корчу элем. Эми айылда окуп жаткан убагымда аны телефондон суйуп калам деп ойлогон эмес элем. Жок, менин бул оюм да туура эмес. Балким менде эми суйуу сезими жанган убактыр. Айтор озумдон озум батылуу элем. "WhatsApp" мессенджери аркылуу суйлошуп, "ооруп калдым" десе кошо ооруп, кулсо кошо кулуп журчумун. Бирок анын суйуусу башка адамга таандык экенин билген эмес экенмин. Озунон сурадым. Озу баарын айтып берди. Анын айткандары менин журогумду жаралап турса дагы созун болбой угуп жаттып. Анын айтып жаткан ар бир созу журогумо канжар сымал кирип жатты. А бирок Айназик муну байкаган жок. Кайдан байкасын, ал менин ичимдеги сезимди билбейт да. Анын журогу Ариет деп согуп жатпайбы? Ооба, анын аты Ариет эле. Айназиктин журогун ээлеген Ариет эле. Ариет жонундо айтып жатканда ал абдан башкача болуп кетер эле.
Биз андан кийин да дос катары суйлошуп журдук. Бирок ичимде мун жатар эле. Телефонумду кармаганда анын кулуп турган суроту, ал кат жазганда келген жагымдуу ун. Мунун баары ал сени суйот деп айтып тургандай эле. Балким ошолордун айынан, озум сезген мендеги ыйык сезимди ага айтып конулумду жайлантууну кааладым.

* * *

_Салам, кандайсын?-деп катымы жазып калтырдым. Тунку 23:00 чамасы. Бирок катымы окуган жок. Уктап калган го деп ойлоп койдум. Бир аздан сон жообу келди.

_Жакшы рахмат озун

Маегибиз андан ары уланып жатты.

_Эртенки кунго 1 саат калды. Уктабайсынбы?

_Азыр, бугун ооз ачар кылган элек. Курбан айт экен го... Ошого иш кылып эми бошодум.

_Аа тоскоол болгон жокмунбу?

_Ой жок, сен жазсан убакыт табылат да.

Бул созуно суйуно кеттим анан созумду баштадым.

_Канча жигит менен суйлоштун?

_Сага чынын айтайын, 3 бала менен. Учунчусу Ариет-деп жооп кайтарды.

_Бирок сени суйуп жургондор коп экен.

_Аны кайдан алдын..?

_Уктум да. Мен да ошолордун катарындамын- деп жооп кайтардым. Бирок ал менин катымы окубады. Мен дагы да улантып жаза бердим.

_Сага башында эле айтайын дегем. Мен сени кантип жактырып калганымды билбейм. Сага барган сайын сезимим кучоп бара жатат. Билем жигитин бар. Мен сенин бактыны гана тилейм. Жана ортонорго кирбейм. Эгер сен менин суйууму кабыл ала алсан туболук сени бактылуу кылайын. Эгер кабыл албасан мен сени баары бир суйом. Аны унутпа-деп чекит коюп аяктадым. Катымы дагы деле окуган жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Jamka2013   13 Декабрь 2018 - 14:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 60
  • Катталган: 01 Февраль 18
  • Соңку аракети: 09 Фев 2021 22:11
  • Жынысы:Белгисиз

Жазасынбы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   bekbolot_04   13 Декабрь 2018 - 17:44

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 29
  • Катталган: 29 Ноябрь 18
  • Соңку аракети: 29 Авг 2019 10:46

Колум бошогон убакта жазып калтырып коем. Бирок кечиктирбейм
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Berliane123454   17 Декабрь 2018 - 14:31

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 142
  • Катталган: 10 Июль 17
  • Соңку аракети: 14 Авг 2019 21:16
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения bekbolot_04 (13 Декабрь 2018 - 17:44) жазган:

Колум бошогон убакта жазып калтырып коем. Бирок кечиктирбейм


-,деп айтканына бугун 4 кун болуптур...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   nura_01192   25 Декабрь 2018 - 13:12

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 68
  • Катталган: 29 Ноябрь 18
  • Соңку аракети: 25 Июн 2020 12:48

Кутуудобуз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   alisha00   25 Декабрь 2018 - 15:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 166
  • Катталган: 19 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 03 Окт 2024 01:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жүрөгүмдө жашайм )

Анан?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   mister.ailasyz   28 Декабрь 2018 - 16:05

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 532
  • Катталган: 05 Февраль 15
  • Соңку аракети: 12 Май 2024 00:22
  • Жынысы:Эркек

7 класста 3 бала менен сүйлөшкөнбү кыз, же мен туура эмес түшүнүп алдымбы?
Аңгеме мага абдан жакты анткени менда биринчи жолу 7 класымда классташ кызды сүйгөнмүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   kakukani   28 Декабрь 2018 - 16:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 333
  • Катталган: 27 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 27 Окт 2023 09:38
  • Жынысы:Аялзаты

Улантыныз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 16:45

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: