Суперстан: Азыркы заманга бааңыз. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Азыркы заманга бааңыз.

#1 Пользователь офлайн   Arinsa   12 Декабрь 2018 - 22:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 926
  • Катталган: 25 Июль 12
  • Соңку аракети: 02 Май 2025 02:06
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Саламатсыздарбы форумчулар?
Алгач бул тема жеке менин ой толгом.Ой толгомду эч кимге таңуулаган жерим жок.Туура түшүнүп жана өзүңүздөрдүн да пикириңиздерди жазып коё бериңиздер.

Темада жазылгандай эле сиз жашап жаткан заманга бааңыз кандай.
Биз кандай заманда жашап жатабыз жана келечек кайда барат?

1.Көкүрөктү ачып туруп ырдашса "Үн деген бар экен,эрк жетеби? Анда сен да ырдап чык! Көлдө деле көкүрөктү ачып жүрөбүз го"дешет.
Муну окуган жаш секелек муун эмне деп ойлойт.Алардын аң сезими кандай калыптанат? Келечек муун бул заман менен кайда барат?

2.Бирөөнүн кызын алып качып бычактады.
Туура,далил жок ким бычактады.
Бирок башка бирөө бычактаганга да далил жок туурабы.
Жигит бычактабаганда да,ошол жаман ишке себепкер жигитпи?
Жигит кыздын ата-энесинин кадырын сездиби? Видеодо эсимде жок деп эле кутулат." Жок дегенде мага тагылган күнөөмдү мойнума албасам да,жаман ишке себепкер болуп,кызыңыздан айрылып калганыңыз үчүн кечирим сурайм" деп атадан бир ооз кечирим сурап койгондо мен ошол жигитке боор толгоп,ичимден бир сызып аттиң жаштык кылды да демекмин.
Эми суроо да.Атанын коомдо оорду кандай?

3.Коомдогу маданиятуулук.
Коомдук унаада баратасың,кокустан байкабай бир эжеге жабышып тура калдың.Биринчи эле сөзү "ай кыз,турчу ары!"))), Жоок, 100% дан 10% пайызы эле айтат "ии,кызым арыраак туруп алсаң болобу,мага ыңгайсыз болуп жатат" деп.
Уулулар өзү жаштарга үлгүүлү эмес Кыргызстанда. Баары "нервный" .Бири бирине жырдкыч мамиледей.
4.Алыс эмес форумдан алалы.Бирөөнүн каалоосундай жазбай койдуң.Ошого жай талкууга кошулуп,баарлашу жок.Биринчи эле какшык,шылдың менен баштайт жазышууну.Өзүнө жараша жооп берип койсоң дүйнөдөгү душманына айланасың.
Жүрөк сырындагы темаларга.Өзү теманы баштап окуп келе жатканда эле ички-туюмуң сезет,реалдуу же өрдөктөр кайкып кетип жатканын.Жоок, бир форумчу да үн катпайт "чын элеби?" деп.Айтың дегиче экинчи дүйнөлүк согушка жиберип иришет. Чуу дегенде эле мүйүз чыгарып,сасык жумурткага жууруп ыргытып иришет кыялында.

Аа эмнеге адабият поэзияга жазса бир нерсе болуп кетеби?Жүрөк сырына жазса силер айткандай мүйүз чыгабы?
"Колуңан келеби жаз сен дагы жалгандан чыгарма!" Бул силердир пикиңер.
Менин пикирим чымындай болсо да чындык жакшы.
Жок дегенде татыктуу окурманы окуйт.
Балээ басып Гроза менен бириктирип жибербегиле. Бириктирсеңер да ыраазымын,эмнеси болсо да чындык деп чыркыраганы жакты.
Адамзаттын жан дүйнөсү ошол жалганды каалап жатса кантсин.Жалгандан ырахат алып,сабак алышат.
Жыртык жүрөктү канчалык чын-төгүнүн билбедим го.Бирок Аллахты кошкондо ишенүүгө аргасыз болдум.(Албетте ишен деп "заставить" да эткен жок.)
Сөз Жыртык жүрөктөн да башка темалар жөнүндө болуп жатат.
Сөз виртуалдуу дүйнөдөгү чындыкта болуп жатат.
Виртуалдуу дүйнөнүн келечеги кең болот.Келечек муун интернет менен боордош болот.
Бул жашоодогу жөн гана төрт мисал.

Эми жалпы заманга бааңыз.
Менин баам.
1.Акчанын заманы.
2. Күчтүүлөрдүн заманы.

Менин улуу эжелерим айтышчу эле.
Илгери бир кара таман,койчуман болсо да жакшы киши болсо "бул жакшы киши"деп сыйлап турушчу дейт.Азыркы заманда андайларды адам катары санабайт деп.
Аа сиз жашап жаткан заманга кандай баа бересиз.Андагы адамзаттын оорду,ыйманы сизди канааттандырабы?
Адамзаттын кайсы иштерине ыраазысыз?
Коомдогу кайсы көйгөй сизди капа кылат.
Бул тема көп тармакты камтып кетип жатат.Жазса жаза берчүүдөймүн.
Кыскасы замандын көйгөйүн талкууласак дегенмин.
Сураныч! Эч ким,эч кимди басынтпай,өз пикириңерди жазып кете бергиле.
Жашоо силерге берилген бош плёнка.Ар бир чарчысын сонун кылып толтурууга аракет кылгыла.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   aijan   13 Декабрь 2018 - 01:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Ммм... Менимче, бул дуйнодогу бардык нерсе эриш-аркакташкан, бири-бирине куюлушуп, ширелишкен карама-каршы, бирок ошол эле убакта бир-бирин толуктаган нерселерден турат, "хаос в порядке" да, мындайча айтканда. Унулуп баа бергин келген сайын озуно тартып, майда озгочолуктору мээге батпай "взрыв" чакырчудай абалга алып келип коет))) Бул дуйно ушунчалык озгочо, мен шилекейим чубурганча суктанам, анан тан берем. Заман...сонун заман! Мага жагат. Деги эле, менимче, адамдар, мода, инфраструктура, айтор, театрдын кошоголору озгорот, бирок театр озу озгоруусуз калат дайыма. Кыймылда, бирок байкап карасан ошол эле сезимдер, эмоциялар, курошуулор мезгилге багынбай катып калгансыйт. Бул дуйнодо дайыма кучтуулор женип келген жана жене бермекчи. Бирок Эйнштейн айтмакчы, "всё относительно" - кучтуулук деп эмнени билебиз, кеп ушунда. Кара куч, акча, адилеттуулук, тазалык, куулук, туугандык байланыш, достук, акыл жана башка, жана башка, булардын чын-чынына келгенде бир-биринен айырмасы деле жок. Ар ким эмне кучтуу деп билсе ошого таянат. Булар жаман же жакшы эмес. Булар инструмент гана.

Кыстарма: мен эгер ушундай онутто тема ача турган болсом, ойломокмун, эмнеге мени "именно" ушул корунуштор ойлонтту, булар менде кандай эмоция чакырды жана мени менен болуп откон кайсыл окуялар менен ундош, деп.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Salixa.   13 Декабрь 2018 - 11:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 522
  • Катталган: 21 Июнь 16
  • Соңку аракети: 14 Янв 2022 20:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сыноо майданы .

ЗАМАН -тетирисинен которсо НАМАЗ .
Эмне учун заман оз ыймандуулугун (жакшылыгын)жоготуп жалан ыпластыкка толуп бара жатат.Себеби жонокой ,адамдардын Аллахтын парздарынан жана жасагыла! деген иштеринен ото алыс кеткенибизде . :79:

Билдирүүнү түзөткөн: Salixa.: 13 Декабрь 2018 - 11:54

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Yago.limon   13 Декабрь 2018 - 13:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 827
  • Катталган: 17 Май 18
  • Соңку аракети: 13 Янв 2020 10:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алыстамын

Тангору дунуйоооооо. ..автор,сиз айтып жаткан анан дагы томондо айтылчу койгойлор толтура болсо да...айланада эгоисттер кобойсо да,заманга наалыгандар топтолсо да лично Мен замандын,жашоонун баасын тушурбойм, суйо берем...Ар кимге да насип эмес бул заманды,жашоону коруу,жашоо. ....

Суроолорунуз боюнча:
1)Лично кыргыздар ошентип озгону туурап кете берсе,кылымга жетпей Кыргызстандан нукура кыргызды микроскоп мн издеп калсак керек...ар бир улут анын ичинде ар бир инсан "оздугун" жоготпой сактай билуусу керек!А "оздук" деген созду ойлонуп эмес,маани да бербей баратабыз го(((

2)Атанын коомдогу орду...ойлоно турган суроо экен...Эгерде уй-булоодо "атанын" орду болсо,анда коомдо да "ата орду" бийик сакталат,а бизде тилеке каршы,копчулук уйдо ата баркы алсыз (((

3) Маданияттулук- ар бир инсандан озунон коз каранды,алган тарбия,билим, коргон жашоосунан коз каранды го дейм...

4) Форумдагы акылдуулар жонундо окшойт ээ жалпысынан)))))Ббббббросто соз жок бизге:)!!!
Ар кыл талаш-тартышты караап олтуруп,кээде ушунчалык боорум ооруйт озубузго эле(((ооба,анткени азыркы форум жашоосунда "сый"-деген создон аттап-буттап отуп кетмей.Ар ким ар башкача акылдуу го чиркин...аман эле бололучу:)

Жалпысынан жашоону суйгонум учун менин баам "пас" эмес, качан озу "суйгон" нерсени жаман дечулек:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   kakukani   13 Декабрь 2018 - 14:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 333
  • Катталган: 27 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 27 Окт 2023 09:38
  • Жынысы:Аялзаты

Заман эмес негизи адамдардын кен пейили, көз карашы, бири бирине болгон мамилеси өзгөргөн. Азыркы жашоодо адамдарга болгон ишенич азайган анткени алдап көнүп калышкан. Ошон үчүн сый урмат деген жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Arinsa   13 Декабрь 2018 - 17:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 926
  • Катталган: 25 Июль 12
  • Соңку аракети: 02 Май 2025 02:06
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Мен өтө чоң нерсени талкууга кошкон жокмун,келтирген мисалдар "майдараак" эле нерсе.Талкууга оңой алыныш үчүн жазылган.
Жалпы жолунан кыргыз элдин пейили,ыйманы, ой жүгүртүүсү болуп жатат.Ушул пейил менен биз кең келечек кура алабызбы.Азыр өзүбүзгө жакшы заман,кийинки урпактарчы.
Жылаңач искусстволорду, жасалма актрисаларды колодойбуз. Ошол сыяктууларсыз биздин маданият арта калып,солгундап калабы?
Түшүнөм,мен жазбасам деле мындайлар чыга берет,улана берет.Мыйзам ченемдүү көрүнүш болуп калды.
2.Ата күнөөлүү,мени таңдантканы. Кызын акчага саткысы келген имиш.Бирок тилеги орундалбай жигиттен өндүрүп жатыптыр.Бул көпчүлүктүп пейили,пикири.
Адилетүүлүк кайда?
"Калк айтса,калп айтпайт" дешчү эле.Бул кетиш менен "калк" кадыры кайда калат.
3.Жалпы форумбу,башкабы жаштар интернет менен азыркы жашоодогу болгон окуялар кандайдыр бир тарбияны алып жатат.Мисалы мен 17 жаштан интернетти колдонгом.Азыркылар белгилүү да,баарында интернет бар.
Интернетке жазарда,өз каалооң үчүн эмес, жалпы жааматты да ойлосо...
Анын ичинде арттынан өсүп келе жаткан,жаш муун бар экенин ойлосо демекмин.
Жалпысынан вирт.дүйнөгө да чындык жазылса деген ой.
Yago.limon "Ббббббросто соз жок сизге :)!!!! " кандай мааниде айтып жатасыз.
Теманы мен ачкандан кийин,баарыңардын пикириңерди толук кандуу түшүнүшүм керек.

Билдирүүнү түзөткөн: Arinsa: 13 Декабрь 2018 - 17:07

Жашоо силерге берилген бош плёнка.Ар бир чарчысын сонун кылып толтурууга аракет кылгыла.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Yago.limon   13 Декабрь 2018 - 17:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 827
  • Катталган: 17 Май 18
  • Соңку аракети: 13 Янв 2020 10:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алыстамын

Просмотр сообщения Arinsa (13 Декабрь 2018 - 11:06) жазган:

Мен өтө чоң нерсени талкууга кошкон жокмун,келтирген мисалдар "майдараак" эле нерсе.Талкууга оңой алыныш үчүн жазылган.
Жалпы жолунан кыргыз элдин пейили,ыйманы, ой жүгүртүүсү болуп жатат.Ушул пейил менен биз кең келечек кура алабызбы.Азыр өзүбүзгө жакшы заман,кийинки урпактарчы.
Жылаңач искусстволорду, жасалма актрисаларды колодойбуз. Ошол сыяктууларсыз биздин маданият арта калып,солгундап калабы?
Түшүнөм,мен жазбасам деле мындайлар чыга берет,улана берет.Мыйзам ченемдүү көрүнүш болуп калды.
2.Ата күнөөлүү,мени таңдантканы. Кызын акчага саткысы келген имиш.Бирок тилеги орундалбай жигиттен өндүрүп жатыптыр.Бул көпчүлүктүп пейили,пикири.
Адилетүүлүк кайда?
"Калк айтса,калп айтпайт" дешчү эле.Бул кетиш менен "калк" кадыры кайда калат.
3.Жалпы форумбу,башкабы жаштар интернет менен азыркы жашоодогу болгон окуялар кандайдыр бир тарбияны алып жатат.Мисалы мен 17 жаштан интернетти колдонгом.Азыркылар белгилүү да,баарында интернет бар.
Интернетке жазарда,өз каалооң үчүн эмес, жалпы жааматты да ойлосо...
Анын ичинде арттынан өсүп келе жаткан,жаш муун бар экенин ойлосо демекмин.
Жалпысынан вирт.дүйнөгө да чындык жазылса деген ой.
Yago.limon "Ббббббросто соз жок сизге :)!!!! " кандай мааниде айтып жатасыз.
Теманы мен ачкандан кийин,баарыңардын пикириңерди толук кандуу түшүнүшүм керек.


Теманызга каршы пикир салбадым,мисалдарга мисал катары кыскача жооп айттым.Толук кандуу тушунбогудой деле жери жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   XOWO   13 Декабрь 2018 - 19:31

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 215
  • Катталган: 12 Август 18
  • Соңку аракети: 06 Мар 2019 10:36

Менин жеке оюм азыркы заман сопсун заман кыскача айтканда чычып жесен да боло берет.Ушул заманда ушул кундо жашап жаткан адамдардын оздорундо жакшыга жакшы жаманга жаман заман дегендей
Помните Альберт Эйнштейн говорил:
" Я боюсь того дня,когда технологии превзойдут простое человеческое общение и МИР ПОЛУЧИТ ПОКОЛЕНИЕ ИДИОТОВ.
Вот и я боюсь
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Letchik-bolgum-kelchuu   13 Декабрь 2018 - 19:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 639
  • Катталган: 21 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 26 Июн 2020 17:40
  • Калаасы:Москва

Просмотр сообщения XOWO (13 Декабрь 2018 - 19:31) жазган:

Менин жеке оюм азыркы заман сопсун заман кыскача айтканда чычып жесен да боло берет.Ушул заманда ушул кундо жашап жаткан адамдардын оздорундо жакшыга жакшы жаманга жаман заман дегендей

++++++++
Илгеркидей күн алыс согуш, кыргын, бирин бири союп кеткен, кыргын заманы эмес азыр.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Begai_kg   14 Декабрь 2018 - 15:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 318
  • Катталган: 20 Апрель 13
  • Соңку аракети: 24 Янв 2022 12:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары Жалал абад

Заман сонун. Мурункудан да сонун. Мурун тундук-туштук деп коп болунчу элек, азыр эч ким деле болунбойт. Ынтымактуу эле жашап жатабыз го мурункуга караганда. Чет жакта билим алгандар кобоюп жатат, онугуп жатышат. Ар кимдин коз карашы ар кандай, бирок мени коомдогу болуп жаткан жаман корунуштор анча деле ойлондурбайт экен.
Salam baaryna
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 01 Авг 2025 18:49

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: