Деги эле азыркы учурда телефон, компьютер, интернетсиз жашоону элестетүү кыйын болуп калды. Техника адамзат үч үн суудай керек деп айтса болчудай. Замандын жетишкендиги адам баласына ар кыл шарттарды түзүп берди. Сиз өз үйүңүздө туруп эле интернет жардамы менен ааламды кыдырсаңыз болот. Бирок ошол компьютер, интернет, телефонду туура эмес пайдалануу менен адам өз өмүрүнө коркунуч жаратууда. Азыр эле ар кандай оорулардын себеби техника болуп калды. Ар кандай жарылуулар,
көз оорулары, психологиялык оорулар, тукумсуздук ж.б. Азырдан мындай кетсе техника адам баласын тукум-курут кылчуудай. Буга кимди күнөлөйбүз.
Албетте биз. Биз аны туура эмес колдонгондуктан ушул абалга кептелдик.
Интернет, телефон анын зыяны жана пайдасы
#2 13 December 2018 - 22:21
Ушул айтып жаткандардын баарын жакшы жагы жана жаман жагы да бар. Ошол нерсени өзүбүз туура пайдалансак менимче зыяны да аз болмок.
#3 13 December 2018 - 23:00
Деги эле азыркы учурда телефон, компьютер, интернетсиз жашоону элестетүү кыйын болуп калды. Техника адамзат үч үн суудай керек деп айтса болчудай. Замандын жетишкендиги адам баласына ар кыл шарттарды түзүп берди. Сиз өз үйүңүздө туруп эле интернет жардамы менен ааламды кыдырсаңыз болот. Бирок ошол компьютер, интернет, телефонду туура эмес пайдалануу менен адам өз өмүрүнө коркунуч жаратууда. Азыр эле ар кандай оорулардын себеби техника болуп калды. Ар кандай жарылуулар,
көз оорулары, психологиялык оорулар, тукумсуздук ж.б. Азырдан мындай кетсе техника адам баласын тукум-курут кылчуудай. Буга кимди күнөлөйбүз.
Албетте биз. Биз аны туура эмес колдонгондуктан ушул абалга кептелдик.
14 жашта экенинден кумонум бар да. (Тамаша албетте) Чондордой жазат экенсин))
Т.б: Мага телефондун пайдасы коп тиет. Башкаларга кандай билбейм)
#4 14 December 2018 - 01:39
Мага интернеттин таптакыр пайдасы жок негизи.Эми интернетке байланып калсак кантейли.
Кээде 15 күндөп интернетке жетпеген,сүйлөшүгө гана ылайык аз бирдик салып жүрө берем.
Убакытты жейт го жөн эле.
Ден соолукка зыяны чоң.
Телефондогу нурлануу ракка алып келет дейт.Көздүн нурун деле алып жатат.Наушник кулакты алып жатат.Айтоор толтура зыяны.
Билип туруп колдоно беребиз.

Жашоо силерге берилген бош плёнка.Ар бир чарчысын сонун кылып толтурууга аракет кылгыла.
#5 14 December 2018 - 01:46
Иштеген ишим интернетке байланыштуу болгондуктан зыянын билип турсам деле айла жок иштеп жатам. Кайсы бир убакытта отпуск сурап 1 жума тел.нду өчүрүп телефон тартпаган жайлоого эсалганы барып келсемби деп турам. Ошол ниетиме жеткирсин эми Кудайым
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
#8 14 December 2018 - 18:14
Деги эле мен үчүн интернет илим башаты болуп калды. Мен дал ушул интернет аркылуу мектептен тышкары англис, түрк, орус, француз жана япон тилдерин үйрөнүүгө аракет жасап жаттым. Албетте ага жардамчы бул Google издөө желеси эле. Биздин кыргыз элинин сайттарында буга жетишерлик маалымат жок. Ошондуктан орус тилин окуй баштадым. Мектептен тышкары уюлдук "Салам, Орус тили" тиркемеси аркылуу орус тили сабагын окуп чыгып, анан орус тилиндеги сайттардан түрк тилин үйрөнө баштадым. Мына ошол жол менен бир нече тил үйрөндүм. Албетте ага интернет жардам берди. Демек интернет тил үйөнүүдө сизге мыкты дос боло алат.
#9 14 December 2018 - 18:42
Четте жургонум учун пайдасы коп тиет. Айылга барсам зыяны коп болот, эми телефон кармасан чакырып калышат)
#10 14 December 2018 - 20:14
Заманыбызда интернет азыр кабарлашуунун ыкчам жолу болуп калды. Дүйнөнүн булуң-бурчунан да тууган-урук менен сүйлөшүгө шарт курду. Ал эми эл алдына чыга элек жаңы ойлоп табылган техникалар адамдын алдында туруу элеси менен да видео чалуу кылууга шыктуу боло алды. Бул дегени сиз сагынган адам жаныңызда. Демек интернет кабарлашуунун ыкчам жолу.
#11 15 December 2018 - 07:58
Бул колдонгон адамдан коз каранды. Жакшылыка пайдаланып,
пайда алабы же жамандыка пайдаланып зыян кылабы ар бир адамдын озунон.
#12 15 December 2018 - 09:27
Деги эле мен үчүн интернет илим башаты болуп калды. Мен дал ушул интернет аркылуу мектептен тышкары англис, түрк, орус, француз жана япон тилдерин үйрөнүүгө аракет жасап жаттым. Албетте ага жардамчы бул Google издөө желеси эле. Биздин кыргыз элинин сайттарында буга жетишерлик маалымат жок. Ошондуктан орус тилин окуй баштадым. Мектептен тышкары уюлдук "Салам, Орус тили" тиркемеси аркылуу орус тили сабагын окуп чыгып, анан орус тилиндеги сайттардан түрк тилин үйрөнө баштадым. Мына ошол жол менен бир нече тил үйрөндүм. Албетте ага интернет жардам берди. Демек интернет тил үйөнүүдө сизге мыкты дос боло алат.
Тиркеменин плей маркетинг алабызбы?
#13 16 December 2018 - 01:31
Интернеттин пайдасы жок деген сөзүмдү кайра артка алам.Чынында убагында пайдасы тийгенин унутум калыптырмын.
Автор айткандай интернеттен далай тил сабактарын аткарганбыз.
Пайдасы өтө көп тийген.
Айрымдарга пайдасы тийип калышы үчүн жаза кетейин.
Студент кезде мугалим окуган лекциясын түшүнбөй калган учурда,интернеттен китептерин көчүрүп окуп түшүнчүмүн.
Специм кийим дизайнери эле.
Дизайнерликке кызыккандарга сайттын шилтемесин таштап койсом болсо керек,суперстанга курамы окшош эмес го.
www.korfiati.ru бул сайт тигичүүлөргө кызыккандар үчүн.Сайттан кийимдин үлгүүлөрүн(лекало), тиккенди үйрөнсө болот.Жаңы үйрөнчүктөргө абдан ыңгайлуу.Башка сайттар деле көп,бирок ушул сайттан түшүргөн кийимдин үлгүлөрү кийгенде жакшы отурат,мага жагат.Сонун бир көйнөк,юбка тигип алсаңар болот.Ватман сыяктуу миллиметровка деп сатылган кагаз,карандаш, сызгыч керек болот.Калганы сайта жазылган.
Балким болочок дизайнерлер болсо интернеттен ЕМКО СЭВ 1,2 жана М.Мюллер и сын китептерин көчүрүп жакшы түшүнүп окуп,үйрөнүп алса,кийин дизайнер,модальер окусуна окуганда жеңилиреек болот.Негизги методика ушулар менен жүргүзүлөт.

#15 16 December 2018 - 14:52
Азыр эми жашоонун муктаждыгынын 70-80 пайызы эле интернетке байланып калбадыбы, жада калса жумуштан чарчап келгенде, же дем алыш кундору базар, маркеттерге убара болуп барбай, уйдо отуруп алып эле азык-тулукторду да интернет аркылуу буйуртма берип алдырып жыргап калдыкко). Деги эле интернет соода-базары ото кызыдыго. Каалаган буюмунду же товар-продукциянды "Алибаба"
компаниясынын сайты аркылуу дуйнонун торт бурчунан тарттырып алсан болот.

Супер-Инфо
super.kg
видео