Акталбаган үмүттөр же баркталбаган бакыт Драма
#41 10 Декабрь 2018 - 11:00
Адамдар эмне үчүн кыянаттык кылышат?!
Эмне үчүн бирөөнүн бакытына көз артышат?!
Эмне үчүн камкордук көрсөтүп, мээримине алган жакшы адамдардын жанында жүрүп, байкабайт?!
Жанарга сабыр берсин, Назик акылсыз аял экен...

BROKEN ANGEL
#42 10 Декабрь 2018 - 14:17
Asalim-99 (10 Декабрь 2018 - 11:00) жазган:
Адамдар эмне үчүн кыянаттык кылышат?!
Эмне үчүн бирөөнүн бакытына көз артышат?!
Эмне үчүн камкордук көрсөтүп, мээримине алган жакшы адамдардын жанында жүрүп, байкабайт?!
Жанарга сабыр берсин, Назик акылсыз аял экен...
Эмне үчүн бирөөнүн бакытына көз артышат?!
Эмне үчүн камкордук көрсөтүп, мээримине алган жакшы адамдардын жанында жүрүп, байкабайт?!
Жанарга сабыр берсин, Назик акылсыз аял экен...
Сиз озунузду Назиктин ордуна коюп корунуз да?
Сени менен бактылуумун)
#43 10 Декабрь 2018 - 17:23
#44 10 Декабрь 2018 - 19:44
Уланга окшогон эркектер жакпайт!"
Атан бай да,мени тоготпойт,сени бербейт"деп мынкылдабай иште!Суйгон адам кадам таштайт,тарттырып коюп эзиле бербей!
#47 12 Декабрь 2018 - 02:40
Жанардын кыялы чын эле керемет, баарын өзүнүн каалоосу менен өзү туура деп эсептеген учурда гана жасайт. Ошону менен катар эле эмне болот экен эми деген өкүнүү коштоп жүрбөйт эч качан, анткени ал ою акылында бышып жеткенде гана кыймылга өтсө керек. Азыр да конгуроо чалынышын күтпөй, ал кыз эч нерсе айтпасачы деп ойлонбой туруп окуу жайга кирип келди. Дубалда илинип турган күн тартибинен Назик окуган тайпанын кайда экенин билип туура эле алар отурган аудиторияга жөнөдү. Сабак өтүп жаткан мугалим жаш жигит экен өзү курактуу болсо керек, аны менен саламдашкан соң келген себебин айтып түшүндүргөнго өттү.
-сизден уруксат болсо мен издеген адамды карап таап алсам, анткени ал кыздын ысымын билбейт экенмин.
Мугалим жигит эмне деп ойлогону белгисиз, балким көчөдөн жолуктурган сүйүүсүн издеп жатат дедиби, кантсе да жок деп айтууга кеч эле ал ичкриге кирип болгон.
Жанар кыздардын түшүнбөгөн жуздоруно карап көзүн кысып жылмайып койду да өзү издеген жузду таап сыртка чакырып чыгып кетти.
Гули Жанар аны чакырганын укканда жүрөгү алып учуп мээсин түркүн ойлор аралап, "Эмне Назик баарын айтып койгонбу, менин ортомчу экенимди билип алганбы, акчаны албай койсом болмок экен ал жерде өтө эле көп болчу ошону сураганы келген го же Уландын артынан түшүп бизди бирге көрүп калган болсочу" деп шектүү шекшинет болуп бир заматтын ичинде тыбырчылап кетти. Анын ордунан жылбай отурганын көргөн мугалим,
-сени чакырып кетпедиби чыгып кел, биз сабакты уланталы деп калды.
Эми Гулиде башка арга калган жок, азыр чыкпай койгону менен конгуроо болсо баары бир чыгууга туура келет. Эмне болсо болсун сураса баарын ачык айтып берем, ансыз да билип болгонго окшойт деп ордунан туруп эшикти көздөй бет алды.
Жанар каалга артында күтүп турган экен, жылмайып тосуп алды жагымдуу күлкүсүн тартуулай.
-кечиресиз ыңгайсыз абалга койгонум үчүн, сиздин ысымынызды билбейт экенмин сырттан туруп эле чакыртайын десем.
Анын жагымдуу жылмайганын жумшак үнүн укканда Гулинин жүрөгү ылдыйлай түштү, башка эле кабар менен келгенге окшойт, ал тургай азыр анын мойнуна колдорун артып сезиминдеги сөздөрүн бүт арнагысы келип кетти. Мындай жигитти сүйбөгөндо анан кимди суймокмун деп өзүн актап.
-эгер мүмкүн болсо кененирээк сүйлөшсок дегем, сиз Назиктин жакын курбусусуз да ээ, ысымынызды билсем болобу? деген Жанардын сөзү аны булуттан жерге түшүргөндөй болуп өзүнө келе түшүп,
-Гули, ооба Назинин жакын курбусумун, деп болушунча наздана жооп узатты.
-анда эмесе Гули сыртка таза абага чыксак кантет.
Кыз баш ийкеп экөө сыртка чыгып окуу жайдын алдындагы орундуктардын бирине отура кетишти.
-Гули сен мени таанысан керек, мен Назиктин жан жолдошу, деп сөз баштады Жанар.
-тааныйм, а ал эмнеге сабакка келген жок?
-өзүн жакшы эмес сезип жатат, кичине сыркоолоп калган өңдүү.
-ал эки кат болуп журбосун, деди Гули көздөрүн жайнатып. Эгер азыр анын жүрөгүн тыншаса секундасына жуз жолу уруп жатканын байкамак.
-жок, деп ушкуруп алды Жанар, кана эле андай болсо деген окунуч менен. Бирок бул кызга баарын айтып бербейт, тескерисинче баарын айттырайын деп келбедиби бул жерге.
- текшерткенбиз андай эмес, деп кошумчалап койду.
Кыз -аа, деп канча өкүнгөнүн билдирейин десе да сөздөрүнөн кубанычтын ноталары жаныргандай туюлуп жатты өзүнө.
-Гули, сага ачыгын айтсам мени Назиктин абалы ойлондуруп жатат, эки күн алдын эле баары жакшыдай туюлган, кече бирден эле өзгөрүп калды, эмнедендир кападай мага эч нерсе айтпай жатат. Кыздар эмне сыры болсо курбусу менен болушушот эмеспи, сага бир деме деген болсо айтчы, бирге ага жардам берели.
"Бирге" кандай жагымдуу сөз, бирок бул сөздүн уландысы башка болсо жакшы болмок, мисалы экөө жөнүндө. Ушундай ойлоп мына азыр баарын айтып салып экөөнү ажыраткысы кеди.
-сиз Назикти жакшы короорунузго өзүңүз ишенсизби?
Кыздын мындай суроосуна таң калган Жанар,
-а эмне Назиктин мындан кумону барбы? деди.
-ар бир эле кыз кумондонмок анын ордунда болсо, деп кыйытып койду түз жооп бербей.
-а эмнеге?
-сиз билесиз да ал башканы суйоорун, эгер чын сүйсонуз анын бактылуу болушун кааламаксыз, менин байкашымча ал сиз менен бактылуу эмес.
-ошондойбу, а муну ал сага өзү айттыбы?
-айтпаса да көрүнүп турбайбы.
-Гули сен эгер бир инсанды чын суйсон эмне кылмаксын, анын тандоосу туура эмес болгонун түшүнүп турсан, ал тандаган адам аны эч качан бактылуу кыла албасын ал ага татыксыз экенин билип туруп да макул деп коё бермексинби же ал адашуудан, алдыдагы бактысыздыктан сактаганга аракет кылмаксынбы?
Маектешуунун мындай бурулушка ээ болоорун күтпөгөн кыз бир аз сөзүн жоготуп көздөрү ойной түштү да,
-демек сиз Уланды ага татыксыз деп эсептейсиз, деди.
-мен болгону Назикти бактылуу кыла алаарыма көзүм жетет, мен аны чексиз сүйөм, ал менин жашоом, а менин бул дүйнөдө жашоодон башка эч нерсем калбады. Жашоонду башка бирөөгө берүү деген бул өлүм менен жолугуу эмеспи. Мен ишенем ал да мени сүйө алат, болгону убакыт керек жана ал сүйүүгө баруучу жолду тоскон адамдардан арылтуум керек аны, түшүнүп жатасыңбы. Анда мындай Гули, сен мага ал айткан гана сөздөрдү айт, сенин оюнду кийин угабыз, деп жалбара карап койду.
"Жок ал эмес мен сүйөм сени, мен! Ал сага татыксыз, мына мен сени андан коргоп бактылуу кылышым керек, ал акылсыз эч качан сенин кадырына жетпейт" деп чанырып жатты кыздын ичиндеги үн.
Гули Жанарды окуу жайга кирип келе электе эле көргөн, Америкадан келген күнү жолдон токтоп апасына арнап гүл сатып алып жаткан жерден. Гули да ошол учурда гүл алып жаткан. Кыздын гүл тандай албай жатканын көрүп Жанар ага "кимге алып жатасыз гулду, эгер апанызга алсаныз апакай гүлдөр жыйнагын азыраак кагазга ороп же такыр оротпой алыңыз, анткени апаныз сиз берген гулду өзү деп билет, сиз ага ал кандай кийимде жана көрүнүшү кандай экени мааниге ээ эмес, ал сиз үчүн аппак гүлдөй аруу жан экенин билдиресиз" деп четте турган ак роза гүлдөрдүно колун тийгизе сылап коргозгон. Ажарына чыккан жүрүм туруму бул шаардын балдарынан айрымаланган сылык жигит ошондо эле кыздын жүрөгүн жаралап койгон, бирок Жанар анын жүзүн эстеп да калбаган экен. Кийин окуу жайдан экинчи ирет көргөндө бул менин тагдырым деп жатса ал анын курбусу Назикти жетелеп чыгып кетип жатпайбы. Ал кайдан билсин экөө бири бирин таанырын, менин тагдырымды талашты деп Назикке очошуп журбойбу, ошол күндөн бери уктаса уйкусу арам болуп.
-Акмак! деп жиберди өзү байкабай.
-тушунбодум.
-акылсыз кызды айтам да. Мен да сизди бир канкор элестетип алган турбаймынбы сүйүүнү түшүнбөгөн. Сиз жакшы адамга окшойсуз анда неге ал дагы да Улан дейт. Эмнелерди ойлоп жүргөнүн билбедим бирок алар баары бир бирге болобуз деп жатышкандай. Келечегине кам көрүп жүрүшөт, кече эле Назик ага көп суммадагы акча берди, деп айтып келе жатып эсине келе түштү. "Жок аны көп жамандасам менин курбу экенииден күмөн санап калат" деп сөзүн оңдоп айта баштады.
-Назик өзү боорукер акылдуу кыз, бирок жүрөккө буйрук берип болбос экен да, болбосо сизди кантип башкага алмаштырат, деп ушкуро кыжаалат болгон адам болуп койду, Көзүнүн кычыгы менен Жанарга карап. Ал билет эркектердин таалуу жерин, алар өздөрүн башкага алмаштырган аялды кечире алышпайт эмеспи. Бир гана ал Жанар менен Назиктин канчалык бир бирин билишээрин билбейт эле. Эгер Назик ушундай ишти кылып жүргөндө Жанар сезбей коймок эмес.
-Гули сен мага Уландын дарегин бере аласыңбы? деди Жанар жай гана.
-эмне кылмакчысыз? деп шашып калды Гули, эгер Улан бул сүйлөшүүдон кабар тапса өзүн соо койбосун билет, ал Жанарга окшоп жумшак эмес.
-жөн гана сүйлөшүп короюн, балким ал менен сүйлөшүп Назикти дагы да жакындан билип алаттырмын.
-жок, ал менен жолугуу коркунучтуу, анын достору деген, деп энтигип калган кызды жайгарып,
-Гули, кыжаалат болбо мен анчалык деңгээлге жеткирбейм, деди жылмайып.
-эгер ал мен дарегин биргенимди билсе мени соо койбойт.
-ой бой тим эле аны бир каракчы кылып койдун го, андай болсо тезирээк айт курбунду ал каракчыдан куткаралы, деп күлүп. Айтпадымбы кыжаалат болбо, кантип эле мен мага жардам берген адамды каракчынын колуна салып берип коеюн, ал билбейт кимден алганымды, сен анын номурун билчүү жалгыз адам болбосон керек деди.
Кыз не дээрин билбей акыры анын телефон номурун бергенден башка аргасы жок экенин түшүнүп жазып берди. Антпесе Жанар экинчи кайрылбай коюшунан коркуп, ушуну менен ага жакын болуунун амалын кылып.
-курбум үчүн жасап жатам. А баса Назиге айтасызбы менин айткандарымды.
-эч качан, сен да айтпагын ээ, бул экөөбүздүн ортобуздагы сыр болсун, сенин курбун менин жарымдын бактысы үчүн.
Бул сөздөрү менен кыздын жүрөгүн тилке-тилке кесип жатканын сезсе кана, а балким атайын айткандыр кантсе да Жанар жаш бала эмес да, кыздын сүйүүгө толгон көздөрү менен өзүнө карап жатканын байкап алыстатмак болгондур.
Гули менен коштошуп дарбазадан чыгып эле ал жазып берген номурду терип баштады. Дароо ары тараптан,
-да, деген кыска жооп болду.
Бул мынча катуу адам, бүт дүйнөнү өзүнө душман элестетип алган го, ким экенин билбей туруп ушунча корс жооп береби деп ойлоно,
-Улан саламатсынбы, деди Жанар, сөздү эмнеден баштаарын да билбейт, даярданга да улгурбой калган экен.
Улан бул үндү жазбай тааныды, ал Жанарды изилдеп баскан турганынан үнүнө чейин билип бүткөн, ошентсе да билмексен болуп,
-кимсин? деди саламга алик албай туруп.
-мен Жанар сени менен жолугуп сүйлөшсок дегем, качан убактын болот?
-кайсы Жанар?
-Ооба сен ойлогон, деди анын үнүнөн анткорлонуп жатканын сезип калган Жанар.
Уурулугун карматып койгонуна арданып кетти окшойт Улан,
-сендейлерге эч качан убактым болбойт, деп коюп салды.
Телефонду бир аз тегеретип колунда кармап туруп кайра чалып жооп болгондо дароо,
-Улан мени ук, бул жолугушуу мага эмес сен үчүн пайдалуу, эч болбоду дегенде эч кандай зыяны жок, же эмне коркунучун менен бет келиштен качып жатасыңбы? деди эки жолду бирдей тандап. Эгер акчага кызыкса пайда деген сөзгө азгырылат, жок намыс десе экинчи айтылган сөзгө теригет, экөөнүн бирөөсү сөзсүз иштеш керек деп ушинтип айтты ал жок дешке мүмкүнчүлүк калтырбай.
Бир аз тынчтыктан кийин гана,
-сен кимсин өзү мен корккудай, деген жооп болду.
Жанар өзүнчө кытмыр жылмайып алды, мынчалык ойлонуп жооп бергенге алын бар экен демек сени сүйүү башкарбай эле муздак акыл башкарып жатат, сендейлердин баасын билем албетте деп ойлонгончо,
-кай жердесин? деди качан, же барайынбы дебей туруп.
-сен кайдасын?
-кече экөөбүз көрүшкөн жайда?
-андан өтө берсең бак бар, ошол жерге өт мен сени өзүм таап алам ичкериден, деп дагы коюп койду.
"Назик эркем сага ушул корстук жетишпей жатабы, сен ушундай катуу муноз эркектерди жактырат белең. Туура кыздар мындай мүнөздү күч деп билишет эмеспи, сен да аял затысын да жан эркем, күчтүү эркектин жанында өзүңдү алсыз сезип жүргүн келсе керек, ай жан эркем ай мындай күчүн бетине кармаган адамдар өзүнөн башканы ойлоп да койбосун кайдан билмек элен" деп алып ал айткан бакты көздөй жөнөдү.
Алыста отуруп алып бактын кире беришин кузотуп турган Улан Жанардын эки жагын карабай түз карап барып отургучка отурганын көрүп жанына басып келди.
-эмне каалайсын бат баттан сүйлө.
Жанында сүйлөп турган Уланды баштан аяк бир сыйра карап алып,
-кел отур, деди Жанар жай гана орун коргозуп.
-менин отурууга убактым жок.
-болгону бир убактын болсо аны да аясан, анда нени бермекчисин сен өзү сүйүүн үчүн.
-сен эмне деп турасың өзү, ким менен сүйлөшүп жатканыңды билесинби.
-билем, өкүнүчтүүсу ошол канчалык билгим келбесе да билип турганымда. Сен өзүң бакыт кура албаган, башка курган бакытты бузам деген, өзүңдөн башканы ойлоп койбогон бир кара озгой адамсын.
Улан кабагын туюп Жанардын жакасынан муунта кармап тургузууга аракет кылды эле Жанар да даяр турганбы ыкчам анын колунан кармап өзүнө тарта жанына отургузуп жакасын бошотуп алды.
-мындай Улан, мен сени менен күч сынашканы келген жокмун, каалаганын эмне, Назиктен эмне каалайсын? Баанды айт мен берейин, кыздын колунан алганча менден ал, оозуна баткан сумманы айт, байдын кызын албасан да байлыкка ээ болуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берейин. Болгону сен андан узак тур, арам оюнду алыс тут, Назик менин ак никелуу аялым, ал эми мага таандык, а мен өзүмө таандык дүйнөнүн тегерегинде ашыкча адам айланганын каалабайм, деп анын жүзүнө бакты.
-а сен эмнеге мага келдин, ак никелуу аялын болсо өзүңөр чечишип албайт беленер, менин эмне тиешем бар, же эмне аялына сөзүн өтпөй менден жардам сурап келдинби, деди Улан кытмыр күлүп.
-Ооба, ошондой десе да болот, сени көрбөй туруп кантип айтышты билбей жаткам эми кандай сүйлөшүүнү да билип алдым, эгер менин айтканыма макул болбосон албетте ал менен ачык сүйлөшүүмо туура келет. Ал кандай адам менен баарлашып жүргөнүн айтып көңүлүн иренжитуудон башка аргам калбайт. Ойлон да жообунду айт, каалаган акчан менен жаныңды кошо аман алып каласын же экөөнөн тең кол жууйсун, деди да туруп кетти. Анын сөздөрү мээге жетип аш болгончо кыйла жерге узап кеткен эле артынан кууп барууну туура көрбөй бир алдын азыр кандай сөз айтаарын билбей тек койду Улан. "Балким ушунусу жакшыдыр, баарын алам да өзү казган орго өзүн түшүрөм. Озун акылдуу эсептеп жүргөн бир келесоо ондонот", деп ойлоно отургучка чалкалай кетти...
Жанар үйүнө келген учурда Назик тамактанып жаткан экен, аны көрө азыр эле болуп өткөн жагымсыз баарлашууларды унутуп жарк эте жылмайып коё берди. Назик да аны көрүп кубанганы билинип турду жүзүнөн, " кайда кетти болду экен, балким башкалардын камын жеп журобу" деп ойлонуп жаткан эле. Бирок оозу жайыла жылмайып бараткан жеринен дароо токтоп оозун жыйып алды, таарынчта жүргөнүн эстеп. Анын бул кылыгын байкап койгон Жанар каткыра күлүп жанына басып келип,
-Айтчы анан кантип сага катуу сүйлөй алам, ушундай Назик сулуу жүзүңо карап туруп үнүмдү бийик көтөрүүгө мүмкүнбу, деп ордунан так көтөрө айландырып жатты.
Мындай бейбаштык кимге гана жакпасын, кайсыл аял заты мындай баш айланган бакыттан баш тарта алат...

#49 12 Декабрь 2018 - 05:49
#50 12 Декабрь 2018 - 05:50
Олуктор ойгонот деген чыгарманыздын китеби качан чыгат болду экен?
#51 12 Декабрь 2018 - 12:13
#52 12 Декабрь 2018 - 12:14
Назик бир аз жазылгандай боло тушкондо убакыттан пайдалып Жанар аны колунан жетелеп устунку кабатка жетелеп жөнөдү,
-сен кийинип чык, экөөбүз бир жайга барабыз.
-Жанар менин тамагым калды.
-эң жакшы, кардын ач болгону жакшы. Биз сонун жерге барып тамактанабыз.
Назик каткырган боюнча анын жетегинде жүгүрүп баратты. Кийимдерин алмаштырып бир бирине жарашкан эки жаш ээрчишип үйдөн чыгып кетишти.
Экөөнү бирге көргөндө үй кызматчылары да өздөрүнчө кубанып бактылуу боло беришет. А баса буларды ким кабыл алды эле жумушка, апасы. Ал эмне бул өзүнөн жаш келиндерди үйүнө киргизип жатканда коркподу бекен күйөөсүн азгырат деп, же ал жолдошуна катуу ишенчүү беле, а балким өзүнө болгон ишеними күчтүү болгондур. Андай болсо Жанар апасын тартып калган го, өзүнө, жасап жаткан ишине ишенимдүү караган. Бул эки келин да Жанарды ошол үчүн, айкол апасына окшош болгондугу үчүн жакшы корушсо керек.
Экөө ээрчишип Жанардын дагы бир сүйгөн жайы эсептелген "Обама бар жана грилл" аттуу таза америкалык жана мексикалык даамдарды даярдаган ресторанга келишти. Назик алдын бул жайды укса да келип көрбөгөн, америкалыктардын фастфуддан башка эмне тамагы бар эле дегенсип, көрсө адашкан экен, тамактын кандай экени мааниге да ээ болбой калат тура ал ким менен жана кандай абалда жеп жатканына жараша болуп. Кадимки ар дайым эле жеп журчуу форель балыгын айттырып татып көрүп таң калды, бул жерде аны өзгөчө жасашат тура, а балмуздагын айтпа кудум Америкадан алып келгенсип, бул шаарда башка мындай таттуу балмуздак татып көрбөсө керек.
-Жактыбы эркем? деп калды жубайынын тамшанып жеп жатканын карап Жанар.
-жакты, Америкада жүргөндөй эле болдум. Бирок ал жердин өзүнөн жеген башкача болсо керек ээ?
-албетте башкача болот, деп сөзүн андан ары улабай столго карап отуруп калды.
Анын мунайып калганын көрүп Назик сурабай коё албады.
-Жанар а сен ал жакты сагындынбы? Америкада сенин жашооң кызыктуу болчу беле? Сага кай жакта жүргөн көбүрөөк жагат?
-эки жакты салыштырып болбойт, эки өлкөнүн өзүнчө орду бар мен үчүн. Америкада отмушум болсо келечегим бул жакта. Сен менин мекенимсин эми эркем. Бирок ал жакка да барып турууга туура келет, жумуштар калган.
-ыы, кандай жумуш?
-бутпогон кичине жумуштар, азыр экөөбүз ал жөнүндө эмес экөөбүз жөнүндө сүйлөшөбүз.
Бол батыраак, биз дагы башка жайга барышыбыз керек, деп саатына карап койду.
Эх азыр ал сөзүнүн аягына чейин чыгарып айтып бергенде балким баары башкача болмок, экөөнүн ортосун тосуп турган бир дубал куламак. Ал болгону Назик үчүн менин жумушум кызыксыз, эгер ал жакка алып кетсем ата энеси капа болот, деп ойлободубу. Назиктин болсо көңүлү кайрадан бузулду, "демек мунун менден жашырган жашоосу бар, бул жерден каалаганын алганда ал жашоосуна кайтат" деп ойлоп калды. Бирок эч оозу барып ачык сурай албай койду, анда ал Улан жөнүндө сурап кайрадан өзүмө чабуул койсочу деп. Экөө ал жайдан чыгып "ЦУМга" келишти.
-Эркем сенин курбуларын кимдер экенин жакшы билем, ал кыздар күнүнө кийимдерин жанылап турушат, а биз ал жөнүндө унутуп баратабыз. Азыр сен мени кийиндиресин мен сени, талашмай жок, кимибиз кандай кийим тандасак экинчибиз ошону кийебиз.
Назик көңүлсуз гана башын ийкеп койду, ага чынында азыр баары бир эле кандай кийимде жүргөнү, жада калса көп күндөн бери бир эле кийимде барып жаткан экен сабагына азыр ойлосо. Кийин эркек тандаган кийим кандай болмок эле, алар аялдарын ороп чулгап жүргөндү жактырышат да деп ойлогон. Качан Жанардын ал үчүн тандаган кийимдерин көргөндө таң калбай койгон жок, эгер өзүнө койсо да дал ушундай кийинмек. Жанарга да ал тандаган кийимдер жакты көрүнөт, Назик өзү аялдардын кийимине караганда эркектердин кийимдерин көп карай турган алдындан эле, кыязы Уландын кийингени көп жага бербей ушундай кийинсе деп кыялданса керек.
Дүкөн кыдырып жаңы кийим алуу, болгондо да эмне кааласа баарын жыйып, күзгүдөн карап өзүнө жарашканын коргон эч бир аял затынын көңүлү которулбой койбосо керек. Назиктин да азыр көңүлү эрксизден көтөрүлүп жүзүн кубаныч аралап турган. Адамзат өзү бир эле нерсеге кызыгат, аялыбы эркегиби, кооздукка, сулуулукка. Болгону эркектер дүйнөгө аял аркылуу карап алардын сулуу болушун кааласа, аялдар дүйнөнү өзү деп билип айланасын кооздук менен толтурууну каалашат.
Алар үйлөрүнө жетип келгенде кеч кирип калган, ашпозчу эжеси дасторконду жайнатып кечки тамагы менен күтүп отурган экен.
-керек болсо сенин Американда да мындай тамактар жок, деп ал жасаган тамактарды тамшанып жеп отурду Назик.
-ай сен эки жүздүү адам коруносун, жана эле мындай тамактар башка жайда жок деп жатпадын беле, деди Жанар күло карап.
-аа анда жөн эле ачка болчум.
-азыр да акчасын көптөн же, көп журбодунбу кетирген күчтүн ордун толтур эртең сабакка барышын керек.
Бул сөздү укканда жүзү жылмаюдан жыйылып кабагы бурколо түштү Назиктин, ал сабакка баргыдай акчасы жок, бирок аны кантип айтат Жанарга, жакында эле бир тутам акча карматпады беле. Анын жүзүн көрүп бир нерсе эсине түшкөндөй чонтокторун оодарып акчаларды сууруп чыга баштады.
-Бул сеники ал, муну ак мээнетин менен таптын.
-кандайча, мен эч нерсе кылган жокмун да.
-сен экономист болот эмессинби, бүгүн биринчи сынактан өттүн. Кийимге деген акчадан уномдоп ушунча ашырып калдын, бул биринчи айлык маянан болсун, эртең курбуларына майлап бер, деди чачылган ирети жок акчаларды анын алдына түртүп.
-Жанар койчу тамашанды, менде акча бар.
-билем, сенде акча жок болсо болбой калбайбы менин эркемде ээ. Кана эле бардык кызматкерлер сендей болуп акчам бар деп айлык маянасынан баш тартышса. Андай болбойт эркем, ар бир мээнет бааланышы керек.
Жолдошунун жаш бала менен сүйлөшкөндөй сүйлөшүп жатканына жыргап күлүп жатты Назик, ал атасынан башка эч кимден өзүн мындай эркелетууну күтпөгөн жада калса апасынан да, эми мынтип ал бактылуу учурду жоготпогонуна сүйүнүп отурат.
-андай болсо мен ар күн ушундай болуусун талап кылам, канча көп уномдосом ошончо көп акы алам да ээ? деп тамашалай алдында жаткан акчаларды колу менен уйпалап койду.
Анын мындай кылыгына кулбой коюуга мүмкүн эмес. Жанар анын кичине кезин эстеп кетти, анда Назик кичине кыз, ата энелери чогулган жерге балдары да ээрчип барып калышчуу, чондор аларды эрмектеп ким чоңойгондо кайсы кесиптин ээси болот деп сурап калышканда Назик Жанар эмнени айтса кайталай бере турган, бир күн ал "мен эң бай адам болом" десе Назик кичине болуп алып ойлонуп туруп "мен Жанардын байлыгын тартып алам" деп баарын кыраан каткырыкка бөлөгөн . Назик ал кезди эстей албаса керек өтө эле кичине кези болчу, Жанар андан беш жашка улуу болгону үчүн эсинде калыптыр. Азыр ошол бактылуу учурду эстеп,
"эч озгорбогонсун, сен ошол кичине Назик ошол боюнчасын, болгону мен азыр сенден эч нерсемди кызганбайм, тартып алам десең байлыгымды эмес жанымды да берем, мени туурасан сыймыктанам, мен сүйгөн жерлерге барып кадамымды кайталасан бактылуу болгонум ошол" деп ичинен миң жалынып элжиреп турду.
Эртеси Назиктин эч нерсе болбогондой жайдары жылмайып сабакка кирип келиши Гулинин тынчын кетирди. " Эмне болду экен, Жанар Уланга жолуктубу, ал Назикти тилдебеген көрүнөт, ошончонун баарын билсе да ундободубу же Жанар менин создорумо ишенбеди бекен", деген сансыз ойлордун кучагында отурду же өзүнөн сурай албай. Сураганда эмне деп сурайт, күйөөн тилдебедиби менин ушагымдан кийин деппи. Ойлонуп отуруп баарын Уландан сурап билмекчи болду, кантсе да эркек адам эмеспи айлакерликке салып алдап сураса болот. Сабактан чыгып эле ага конгуроо кылды.
-Улан сенде сөзүм бар, жолугушубуз керек.
Анысы макул болду белем дароо кыздар менен коштошуп Назиктин журу биз менен дегенине көнбөй кетип калды.
Назик курбулары менен көңүл ачып отуруп кече Жанар келип Гулини сабактан чакырып кеткендиги жөнүндө кабар тапты.
-а сен билбейт белең, биз ойлогонбуз бар сырын бизден жашырып ал менен бөлүшүп калган экен жолдошунан айттырып деп.
Арасынан Гулини жактыра бербеген аны өздөрүнө тең эмес деп эсептеген бириси ушундай дей салды.
-Ооба алдыңкы күнү да ошондон айттырган экенсиң ооруп турам сабакка кирбейм деп, ал деген Жанар жанында турса тиги Уланга карап сүйлөп аябай эле жагалданды го, сенден калды эми меники болот деп жатса керек. Мына эми чыныгы эки жуп бири бирин табышыптыр, деп алакан чаап жанындагы Уланды жактырбаган кыз беркини коштоп койду.
Эч нерседен кабары жок Назик эмне болуп жатканын түшүнбөй өзүн кандай тутушту да билбей, үнсүз бир бозоруп бир агарып отуруп калды. Азыр кимге, эмнеге ишенээрин билбей башы катат, сен менин бар жогумсун баары бир биз бирге болобуз деген Улангабы, менин жашоомсун деп жалынган Жанаргабы, мен сени жакын курбум деп билем жардам берем деди эле деп Гулиге ишенеби, же өздөрүнчө кычык сүйлөшсө да башкалардан бир бирин коруп турчуу ушул кыздаргабы. Баары биригип алып анын үстүнөн күлүп жатышкандай. Азыр ал сезимдеринен гана эмес өздүгүнон адашып калган сыңары.
Бул учурда Гули Уландын жанында отурган анын үйү тараптагы ашканалардын биринде.
-бүгүн Назик сабакка келди, аябай бактылуудай, эмне экөөң коруштунорбу?
-жок, а эмнеге?
-бактылуу болгонунан ойлогом сени көрүп көңүлү жайдары го деп, себеби башка болду бекен, эмне болушу мүмкүн? Же Жанар экөө элдешип алды бекен? Кыздарынды сыйлап кой дептир. Анда эмне акча сансызбы, сага берилген акчанын эсебин да сурабаганга окшойт, деп Уланды бычаксыз кескилеп сүйлөп көзүнүн кыйыгы менен карап койду, эмне сөз чыгаар экен дегендей.
Улан бир аз ойлонуп калып,
-Жанар үчүн ал акча арзыбаган нерсе. Эч нерсе эмес мен андан баарын тартып алам, анын тилин мен укалаган жокмун. Ал сөздөрү үчүн качандыр жооп бердирем, деди.
-эмне деген сөз?
-эч нерсе, оюн эми башталат карап тур. Ал менин каалаган суммамды берүүгө даяр Назикти тынч койушум үчүн.
Гули тынчсызданып кетти, туура анын каалаганы бул эмес.
-а сен эмне анын айтканына көнөйүн дейсинби? Назиктен баш тартасынбы?
-жок, эч качан. Мен баарын алгандан кийин Назик Жанардан баш тартат.
-сен аны билбейт өңдүүсүн, ал байлыкты эмес сүйүүнү тандай турган кыз.
-билемин силердин сүйүүнү тандаганынарды, деди Улан кекердуу.
Уландын камырабаганы жакпай турду Гулиге. Ал билет Назиктин кандай экенин, эгер убакыт өтүп Жанарды сүйүп калууга жетишсе андан эч качан баш тартпайт. Буларды ойлоп өзүнчө план түзүп кыймылды тездетмей болду. Аялдан амал качып кутулбайт тура, жакшыны да жаманды да бир заматтын ичинде ойлоп таап.
-Улан, анда азыртан башта. Жанардан гана алып тим болбостон эки тараптан тең какта аларды. Азыр Назиде акча бар, анда бар болгондо канча болоорун билесиң. Жанарда акча көп деп жатпайсынбы, ал Назиктен аябайт, а Назик сенден аябайт, анын колундагы акчаны ал.
-кантип?
-ага жолугуунун өзү жетиштүү, ал сени суратпай берет. Болгону кыйналып жаткан тур көрсөт. Досторун акча чогултуп берген экен сен аны өзүңдөн да муктажыраак бир досуна берип жибердин апасын дарылатыш үчүн. Ал сенден албетте сурайт, батирдин акчасын бердинби деп. Сен ага карап жалбара тиктеп ал жок сага жашоо кызыксыз, кай жерде жашоонун айырмасы жок экенин айтасын, жылуу батирби көчөбу. Тында сен аны суйоорунду, ансыз бүт жашоон маанисин жоготконун, алдыда эч кандай максаттарын калбаганын айт, ал ишенгендей болсун. Сенин абалына өзүн күнөөлүү эсептегенге жеткир, а ал албетте ошондой ойлойт, өзүн күнөөлөйт. Андай учурда ал сени төбөсүнө көтөрүп максаттарына жеткирүүгө да даяр болот, ал боорукер эмеспи, колунда барын да жогун да чыгарып берет.
Кыздын дем албай сүйлөп жатканын көрүп башын чайкай тан берип отурду Улан.
-сен муну качан ойлоп таптын ийне жибине чейин пландап?
-а биз баарын биргеликте жасашыбыз керек да максатыбыз бир болгондон кийин, ошондой эмеспи, деп башын көтөрүп анын көздөрүнө тик карап отурду Гули.
Алдын ал Уландын көздөрүнө тике карай алчуу эмес. Ал Назиктен башка эч бир кызга өзү менен мындай мамиле жасоого койбойт эле. Азыр кыздын бул кылыгын байкаса да анын айткандарына көнбөй коё албады, анткени анын да каалаганы ушул, тезирээк Жанардын байлыгын тоноо, кандай жол менен болсо да...

#53 12 Декабрь 2018 - 14:21
Dimedra (12 Декабрь 2018 - 12:13) жазган:
Кыргызстанга барганда Куда кааласа. Интернеттен бир гезитке жонотсом саясат аралашкан жерлерин өзгөрөт, андай түз жазба дешти. Эми жеке тепографияларга бериш үчүн өзүм барышым керек экен.
Чет жакта жүрөсүзбү? Китеби чыкканда Москвага да жөнөтүңүз биз ушул жактабыз
#56 14 Декабрь 2018 - 22:57
Уланга азыр Назиктин кайда экенин айтып коюп, ал кеткенде өзү да анын артынан аңдып бара жатты Гули.
Кыздар сыртка чыгып коштошуп ар кими өз унааларына карай жоношкондо Улан Назиктин алдын торой басты. Мындайды күтпөгөн ал так маңдайынан чыга калган Уланды тиктеп эле катып туруп калды. Анын абалы эң эле жудонку, боор ачырлык, кабагы буркоо азыр эле ыйлап сооронгондой көздөрү кызарган, эки колу чонтогундо өзүнө жылмайып карап турат. Бул жылмайуу анын акыркы күчүндөй туюла турган, уурту эле бир аз жайылганы болбосо көздөрү жалооруй тиктеп. Назик акылын токтотуп бир деме ойлонгончо Улан жетип келип аны кучактап калды.
Бир нерсе дейин деп өзүн тартууга аракет кылганда,
-жаным, жалгызым унчукпа, бир аз да болсо боорун ооручу мага, ушул жыргалды ыраа көрчү жок дегенде, балким бул акыркы кубанычым акыркы жыргалымдыр, деп кулагына шыбырап андан бетер катуу кыса кучактады.
-Бул эмне дегенин? деп бар күчүн жумшап андан бошонуп алып анын көздөрүнө караганда ал ыйлап жаткан экен.
Улан өзү да жөн гана аткаруучу болуп жатам деген, бирок сүйүктүүсүнүн жытын жыттаганда гана катуу сагынганын сезип эрксизден көзүнө жаш келип кеткен эле.
- Сен менсиз да бактылуу боло алат экенсиң көрдүм, бирок мен анте албадым жаным, мен жеңилдим, мага эч нерсенин, жашоонун да кызыгы калбады. Сени менен бирге бүт дүйнө жүзүн менден буруп кетти, хы жада калса турак жай да мени сыйдырбай койду. Кулкулуу ээ, качанкы керсейген сенин жигитиң бүгүн мынтип көчө тургуну болуп калганы, болгондо да арманын өзүңө келип айтып турганы. Макул жалгызым, мен сенин жалгызын боло албадым, бирок сен мен үчүн жалгызсын. Жалгызым менин, кош! Сен бактылуу бол, экөөбүз үчүн бактылуу бол! деп анын колдорунан кармап жыттап алып ары көздөй басып кетти. Беш алты кадам таштаганда артынан - Улан! деген чакырууну угуп, тык токтоп, бирок артына бурулбастан бир аз турду да кайра басыгын улай берди. Ал билет, мындай сөздөрдөн кийин Назик эч нерсе укпагандай басып кете албашын, өзү Назиктин көзүндө ким экенин да жакшы түшүнөт. Назик үчүн ал намыской, айтканын аткарган кежир жигит, так ошон үчүн ал азыр аны таштап кете албайт, мындай абалда ал өз жанына кол салат деп коркот. Ал эч бир оюнан адашпаган экен, дагы эки үч кадам аттаганда Назик артынан жетип келип алдын торой туруп калды.
-Улан өзүнө кел, азыр кайда бара жатасың? журу бул жайга кирип суйлошолучу, деп азыр эле өзү чыккан кафени коргозду.
-жалгызым мен сага жок деп айта албайм дечи, бирок эл көрсө сени эмне дейт, кийин менин мындай жайларга киргенге кудуретим да жетпейт.
Назик ушуну эле күтүп тургандай аны колдон ала кафени көздөй жөнөдү.
-мени элин кызыктырбайт. Бул сөздөр өзү Уланга таандык сөздөр, ал дайым ушинтип айтчуу, а азыр ал такыр башка адам болуп алыптыр.
Ичкери кириши кирип алып сөздү эмнеден баштаарын билбей экөө тиктешип гана отуруп калды. Азыр Назиктин көзүндө сүйүү эмес айоо жана коркуу гана бар эле. Муну ал өзү да сезди, жүрөгү баштагыдай кабынан чыгып кетейин дебейт, болгону канткенде күнөөмдү тазалайм деген гана окунуч коштогон ойлор мээсинде калкып учат. Өткөндө анын оозунан уккан сөздөрү кыйла жүрөгүн муздатып койгондой, же ал орунду башка ээлей баштаганбы.
-сен ушунча кыйналдынбы Улан, эмнеге мынтесин? Сенин алдыга койгон максаттарын чоң эмес беле, эмнеге аракет кылууну токтоттун? Эмнеге өзүңдү мынча кыйнайсын? Аякка тур, жумушуна кайт, жашоону улант, али баары бүтүп калган жок. Мына муну ал, жок дебе, баарын башынан башта деп сумкасында бар акчасын чыгарып алдына койду.
-ай Назигим менин, боорукерим, сен мени али да билбеген өңдүүсүн. Мага акча керек болгондо иштеп тапмакмын, мага азыр мунун эч кереги да кызыгы да жок. Досторум да убараланып бир кыйла акча топтоп беришиптир, ал байкуштар да көңүл ачып алаксысын дешсе керек, кайдан билмек элеңер менин конулумду бир гана нерсе ача алаарын. Алардын бергенин алдымдан чыккан биринчи адамга карамата салгам муну антпейт деп ойлойсуңбу?
-жок антпейсин, өзүнө иштетесин, анткени бул менин колдорумдан өтүп жаткан акчалар, аларды мен каалаган адам гана иштетүүгө акысы бар. Эгер жок деп баш тартсан, менден, мени эстоодон баш тарткан болосуң, деп акчаны алып анын колдоруна карматып койду.
Бул учурда алардын ар бир кыймылы суротко тартылып жатканынан экөөнүн тең кабары жок эле.
Назик ушунча сүйлөп кубаттап жатып бир да жолу эркелеп же экөөнө таандык жалгызым деген эркелетуу сөзүн колдонбоду. Бул үчүн жигиттин жүрөгү туйлап алды, сүйүктүүсүнун өзүнөн алыстап баратканына. Баарын жыйыштырып жашоого очошууну токтотуп жанында отурган өмүрүнүн маңызын жетелеп дайынсыз алыстарга кетип калгысы келди, бирок анын жумшак сапатын катуулугу жеңип кетти. Бул жашоодон өчүн албаса коксоосу суубачудай, ансыз да баары ал каалагандай болот, ушул ойлор жеңип кетти жигитти.
Ал жерден экөө бир бирин тушунгондой жоошуткандай болушуп чыгып өз жолдоруна түшүп кете беришти.
Назик желкесинен оор жүктү тушуруп бир мидетин аткаргандай жеңил кадам таштап уйуно кирип келген, азыр Жанарга баарын айтып берем андан да баарын сурап билем деп ойлоно, бирок жолдошу үйдө жок болуп чыкты.
Гули алардын коштошунун күтпөй акчаны берип жаткандагы учурду акыркы кадрга алып өзүнүн инисине жөнөтүп жиберген, Жанардын номурун айтып ушул номурга жөнөтүп кой деп, өзүнүн телефонунан жөнөтүү кооптуу эле Назик билип коймок, кийин Жанар аны саткын эмес жакшы кыз катары тааныш керек. Иниси баарын аткардым дегенде гана чоң жумуш бүтүргөнсуп жолуна түшкөн, муну коруп Жанар сөзсүз бир тыянак чыгарат деген ойдо.
Жубайынан көңүлү тынчып, Уланды эсине да албай иш кагаздарын үстүнөн иштеп жаткан Жанардын көңүлүн телефонуна келген тынымсыз кат алуучу конгуроосу буруп, ал каттарды текшерип коюуну чечип телефонду колуна алып андагы сүрөттөрдү көрүп нес боло түштү. Алар бей тааныш номурдан келген Назик менен Уландын кучакташып, бирге отуруп, акча берип жаткандагы суроттору экен. Жанар мунун азыр жаңы тартылып жөнөтүлгөнүн келинчегинин кийиминен түшүндү, ал кечээ экөө бирге алган кийимде эле. Жакшылап сүрөттөрго карап кай жерде тартылганын аңдап дароо ордунан туруп ал жакка бет алган, кечигип жетип келиптир . Суроттогу кафенин алдынан Назиктин унаасын да өзүн да таба албай калды, бирок Улан көп узабаган экен андан бир аз өтүп жолдун жегинен аны көро коюп, унааны ыңгайсыз эле жайга токтото сала Уландын артынан жугурду. Жанына жете келгенде гана аны көрүп басыгын токтотуп туруп калды Улан.
-эмне мынча куйугуп, же менин артымдан аңдып жүрөсүңбу? деди эки жагын карап дагы ким бар экен, жалгызбы дегендей.
-коркпо мен жалгызмын. Кана ойлондунбу мен айтканды же аял кишини аздан тоногон жагып жатабы сага?
-демек аңдып жүрөсүң. А эмнеге ошол учурда токтотуп калбадын, баарын көрсөң сөзүбүздү да уккан болсоң керек, ал мен үчүн бул акчаларды эмес жанын берүүгө даяр экенин тушундунбу, сен үчүн эмес мен үчүн!
Жанар чынында сүрөт Улан тараптан жөнөтүлгөн деп ойлогон, өзүнүн кечээги айткан сөзүн эстетиш үчүн жасап жатат деп. Бул сөздөрдөн кийин эки анжы ойдо болуп калды, балким бул эмеспи, ошентсе да текшерип көрүү керек.
-бирок сага анын жаны эмес акчасы керек болуп жатпайбы ээ? Түшүнгөндо эмне, сенин колуңдан жакшылык келбесин алда качан түшүнүп болгонмун. Эми бар дартынды айт, каалаганынды ал менден Назиктен утуру майдалап алып жатпай.
-а эмнеге мен сенден акча сурайт деп ишенимдүү турасың, балким мага акчанын кереги жоктур.
-хы, акча керек болгон үчүн алдагынтип мага сүрөт жөнөтүп мактанып отурасын да. Менин айтканымды эстетип.
Улан анын сөздөрүнө жакшы түшүнө бербеди, бирок ага токтолуп отурбай өзүнүн максатына өтүүнү туура көрдү.
-мага сенин үйүн керек.
Жанар тобосунун үстү менен карап, ундобой туруп калды. Улан чынында аны ынай коёт деп деле ойлогон эмес, болгону өзүн Жанар ойлогондой оңой адам эмес экенин билдирейин деген...