Суперстан: Акталбаган үмүттөр же баркталбаган бакыт - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Акталбаган үмүттөр же баркталбаган бакыт Драма

#61 Пользователь офлайн   Mydearzh   16 Декабрь 2018 - 15:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 883
  • Катталган: 18 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 23:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жакшы адамдар арасы...

:гезит:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   Dimedra   16 Декабрь 2018 - 23:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

-Оң жооп күтпөй элесин аны билип турам. Назик үчүн, аны жаман колдон куткарып бактылуу кылыш үчүн жанымды да берүүгө даярмын дечи. Бирок менин балалыгым өткөн, ата энемдин элеси бар үйдө сендей адам жашап калышын каалабайм. Ал үйго жалаң гана жакшы адамдар кируусу керек. А сага ал үйдүн баасынча акча берейин, рас Назик сенин бай болушунду каалап жаткан болсо ошондой болсун.
-Демек мени ал үйгө киргенге татыксызсын дечи. Анда неге Назик татыктууну эмес татыксызды тандап жатты болду экен.
Жанар ага жакын келип колун чонтогуно салып, жүзүн өйдө көтөрүп сөз баштады.
-Белгилүү сен аны менен бир жыл эмес андан кобуроок мамиле курдун, ал убакыт ичинде анын жаштыгынан пайдаланып мээсин уулап бүткөнсүн өзүңдүн кедейлигинди бетине кармап. Акылдуулар эмес жолдуулар байлыкка жетишет, алар жөнөкөй карапайымдарды адам ордуна көрбөйт деп көп айтсаң керек, анткени сен алдыда эмне болоорун жакшы түшүнгөнсүн. Ал сенин алдында өзүн байдын кызы болуп калганы үчүн күнөөлүү сезип, болушунча сенин чойроно тартыла берген, аны ошончо кыздын ичинен эң жонокой Гулини жакын курбу кылып алганынан түшүндүм. Эми мына сенин коркуп күткөн күндөрүн келип отурат, эмнеге бейгам жүргөнүнду да билем, анткени Назикти бул күнгө даярдап койгонсун. Ал азыр акчалуунун баарын, атасын да жек көрүп жүргөн учуру. А мен сага айтаарым, жолдуулар гана акылдуу боло алат, себеби акылсыздар гана өзүн жолсузмун деп эсептейт. Байлар жөнөкөй жашоого оңой конушу мүмкүн башка аргасы калбаганда, а мына сендейлер байлардын жашоосуна коно албайт. Кана андай эмес десең далилде, аялга окшоп кыялынды гана көргөзө бербестен кучунду да корсот, кандай жашоого татыктуу болсоң ошону аласың акырында. А баса асмандан түшкөн акча көп турбасын эскертип коёюн.
Ал муну атайын эле айтты, териксин, Назикти куу катынча арбабай эркекче ортого чыксын, деп. Ал канча байлык топтосо да калыптанган кыялы озгорбосун түшүнүп , Назикке Уландын кемчилдиги кедейлиги эмес анын өзү экенин ушинтип далилдегиси келди.
Уландын,
-өтө акылдуу болуп кеткен жоксунбу? А балким Назикке кудум мына мен татыктуудурмун. Менин деңгээлим өзгөргөндо ал мага кайтаарын ойлонуп көргөн жоксунбу? деген созуно Жанар аябай күлдү.
-мен сенин ушундай экенинди билгем, бирок сен мен ойлогондон да анкоо экенсиң. Назик сени билбегендей эле сен да аны такыр билбейт турбайсынбы, анан кантип ушунча убакыт бирге болдунар дейм да. Ал адамдын материалдык абалына кызыкканда менин этегимден уучтап эч коё бермек эмес.
Жанар сөзүнүн ушул жерине келгенде, Улан сол колун көтөрүп токто дегендей ишаарат кылды.
-мен да сендей ойлогом, ишенгем, бирок баары башкача болду. Ал сенин гилтейген үйүндөн чыгып менин батириме барып жашаштан коркуп гана сени менен жүрөт. Келиштик, айткан акчанды бер мен аны тынч коём, бирок сен бир күн келип менин абалыма түшпөйм десең байлыгынды бекем сакта, аялдар байлыкты ээрчийт эскерттим, деп он колун сунуп калды.
Жанар анын колун карап өзү кол сунууга шашпай турган.
-эмне оюндан кайтып калдынбы? Же сага да байлыктан ажыраш кыйын болуп жатабы, деди Улан мыскылдуу.
-жок, болгону бул кол алыша турган иш эмес, журу мен сага азыр алып берейин ал акчаны деп унаасына кол жаңсай жол баштады.
Алар тууру эле Жанардын үйүнө келишип, Уланды ичкери киргизбей өзү кирип көп өтпөй элүү миң Америка долларын алып чыгып анын алдына таштады.
Беш боо гана акчаны көргөн Улан,
-эмне үйүңдү ушунчага эле баалайсынбы? деди кытмыр күлүп.
-коркпо, мен сен эмесмин алдайын деген оюм жок. Мен үйүмдү эмес бакытты баалап жатам, менин бактымдын баасы жок болчу, бирок сенин бактындын баасы канча болоорун билгим келген. Адилеттүү болуш керек, мен бактыма жетип башканы унутуп калбайм, ар бир адамдын бактысы толук болуш керек. Кантип анан сенин бактынды жарты кылмак элем, үйдө болгону ушул, жарымын эртең банк ачылганда алып берем.
Анын бул сөздору чучугуна жетип турса да мынча акчадан баш тартып кете албады Улан. Акчаны алды да,
- сөзүнө турасың деген умуттомун, деп унаадан түшүп кете берди.
Ал укпай турган аралыкка узап кетсе да,
-албетте! деп жообун айтып, бир аз анын артынан карап туруп дарбазадан кирип кетти Жанар.
Ар ким өз ойлору менен алек болуп бири бирин түшүнбөгөну, ар биринин өзүнүн чындыгы бар болгону менен, азыр алар түбөлүк тирешүүну баштагандарын байкашкан жок. Балким Назик да ошон учун бул эки эркектин бирин тандай албай жаткан чыгаар, алар курошконду жактырган, женилууну каалабаган эркектер эле, болгону ар кимдин өзүнун ыкмасы бар.
Назик Жанарды күтүп уктабай жаткан өз бөлмөсүндө, ал баары бир кирет деп. А Жанар жубайынын тамактанып бүткөнүн угуп өзү табити жок болгондуктан дароо эле өз бөлмөсүнө кирип кеткен. Ал жашоо, өмүр тууралуу ойлонуп кыйлага чейин отурду. "Адамдар кандай гана турлорго болунбойт, ошондой эч бир окшоштугу жок, жашоо көрүүсү, ой жүгүртүүсу такыр башка эки адам бир эле адамды катуу сүйүп калуусу мүмкүнбу? А ал адам бир учурда эки адамды сүйө алабы? Адам өзүнүн баштапкы каалоосунан баш тарта алабы, же утурумдук ал каалоосун басандатканга гана күчү жетеби? Ал такыр каалоосунан баш тартуу үчүн эмне кылуу керек, коркутуп уркутуу же алдоо азгыруубу? Андай жолдун өмүрү кыска болот эмеспи, качан андай сезимдерден кутулганда баштапкы каалоосу кайрадан үстүнкү катмарга которулобу? Адам баарын сатса болот жада калса өзүнө таандык болбогон абаны да, бирок аң сезимдин каалоосун сатып болобу? " деген суроолордун кучагында эле. Анткенинин да жөнү бар, ал бүгүн Уландын көзүнөн да өзүнүкүндөй эле сүйүүнү көрө алды, болгону аны кирдетип үстүн коркунуч, очошуу, ишенбоочулук деген кумондуу ойлор менен жаап алган экен. Ал ишенбоочулук Назикке эмес өзүнө эле, мындай сезимдеги адамдар биринчи эле толкунда жыгылып беришет, бирок алар өздөрү эле кете беришпей жанындагыларды да тарта кетишет, анткени аларда коркунуч да жашайт, алар өз кылгандарына жооп бериштен коркуп башкага шылтой жүрүү үчүн ошондой кылышат.
Жанардын ички туюму, бул менен эле бутпосун сезип турду, бирок аракет кылуусу керек, ордунда отуруп алып эмне болушун күтүү бул акмакчылык. "Жашоо бул курош" бул анын жаштайынан угуп келген урааны, кийин анын азыр курошкусу келип турат, болгондо да күчтүү каршылаш менен. Ошондуктан да Уланды ошол күчтүү деңгээлге жетелеп жаткандыр. Ар бир күчтүү эркектин ичинде карышкыр жашайт эмеспи, чыныгы карышкыр түлкү менен алышпайт, азыр Жанарда да ошол карышкыр ойгонду белем.

*****
Бир убакка чейин жолдошунун кирип келишин күтүп жаткан Назик качан уктап калганын сезбей калыптыр, эрте менен ойгонуп Жанарды издесе жок болуп чыкты. Кечинде үйгө келгенин билген, "кызык эрте менен ал кайда барышы мүмкүн" деген ой менен кайра өз бөлмөсүнө кирип келип, столдун үстүнөн акча жана анын алдында "мен сени суйом" деген кичине баракчаны тапты. Жүзүн жылмайуу аралап, кечээки күн эсинен чыгып бактылуу боло сабагына жөнөдү. Ал бугун Жанар менен сүйлөшүү оюнан баш тартып, кечээки күндү, уккан сөздөрүн баарын эсинен чыгарып салууну туура көргөн. Уланды акыркы жолу көргөндөн баштап өзүн жеңил сезе баштады, эмнегедир өзүнүн мурдагыдай экиге болунбой бир бүтүн болуп калганын байкап. А Жанар менен Гулинин мамилеси болушу мүмкүн деген ой акылына да келбеген, болгону андан эмнени билгиси келип чакырганын сурайын деген эле. Жакшы сөз менен башталган күн баарын унуттуруп, алар бугун маанисиздей сезилип калды.
Гули бүгүн Назикти көрөм, болгондо да ушундай бактылуу жүз менен деп ойлогон эмес. Анын кубанычтуу жүзүнүн себебин биле албай бушайман болуп жатты. Ал Уланга телефон чалып кыска гана суз жоопту алганда андан бетер өзүнөн чыгып, "Буларга эмне болгон, баары келишип алып өздөрүнчө бактылуу болуп мени оюндун сыртында калтырууну чечкен өңдүү. Корсотом силерге, эч бирине тынч жашоо бербейм. Тигиниси Жанардан каалаганын алса керек, менин керегим жок болуп калганына караганда. А Жанар Уландан кутулдум деп мунусуна жакшы белек жасагандыр, ошон үчүн буту жерде эмес калкып жүрөт", деп тиштенип жатты.

*****
Арадан тынч бири бирине окшош күндөр чуурулуп өтүп жаткан, баары өз нугуна түшкөндөй. Бирок бул сырттан гана караганда ушундай туюлмак. Анткени Назиктин жолдошуна карата кылган кумону күмөн бойдон эле калып, үй булоону бекемдөөгө кадам таштай элек, али да экөө эки башка бөлмөдө укташат. Жанар болсо Уландын тынчтыгына ишенгиси келгени менен ички туюму айтып жатат бул тынчтык убактынча эле деп, ошондуктан баш оту менен жумушука киришип кете албай көңүлү эки анжы. Атасынын иш кагаздарын толуктай албай бизнеси артка кетип баратат, кимдер алынган дарылардын акчаларын бере электиги жөнүндө далил таппай, чет өлкөдөн алынып келинген насыя дары дармектердин акчаларын чыгара албай убара. Бул учурда Улан Жанардан алган жүз миң долларын ишке салып кобойтуунун аракетинде болуп убактылуу башка нерсеге убактысы жок чуркап жүргөн. Ал Жанардын бизнесин билип анын жолун тосу менен алек, ал чөйрөдөн тааныш таап четтен дары дармек ташышты баштады. Бир гана Гули тынчтана албай, негизги маселеден алыстабай тыпырап жүргөн кербези. Ар күнү Назиктин жылмая күлүп жүргөнүн көрүп кыжаалат. Окуу жылы да аяктап баратат, окууну бүтүп кетишсе Назикти көзүнүн алдынан жоготот, ал деген Жанарды да жоготту дегени эмеспи. Аны ойлогондо өзүн коерго жай таппай куйланат. Эртелетпесе болчудай эмес, а балким Жанар, Назик окуусун бутушун күтүп жүргөндур, алар чет өлкөгө кетип калышсачы. Муну ойлогондо ал акылдан азды, арты эмне болоорун ойлобой тез бурулуш жасоону чечип Назикке келип Улан жөнүндө сөз баштады эле ал кайдыгер гана,
-баары жакшы деп койду.
-а сен баары жакшы экенине ишенимдуусунбу?
-а эмнеге жакшы болбошу керек? Назиктин чындап эле ачуусу келе түштү, анын такып суракка алганына.
-мен жөн эле, балким сени билеби дегем ал кайда экенин, достору таппай жатышыптыр көп күндөн бери.
Назик шалдырай түштү. Чындап эле ал көптөн бери кабарсыз кеткен. Акыркы жолу көрүнүшү жакшы эмес болчу, сүйлөгөндөру да башкача. Ал өз өмүрүнө кол салды бекен деген ой денесин титиретип жиберди. Анда ага муздак мамиле жасап койбоду беле, бирок аны түшүндү деп үмүт кылган. Уландын качандыр "сен менин бар жогумсун, сени жоготсом баарын жоготкон болом" деген сөзү эсине келип, ал чын эле өлүп алды деди.
-анын батирине барышыппы достору?
-барыптыр бирок эч ким ачпай жатыптыр, балким эч кимди көргүсү келбей жаткандыр, же ал жерде жоктур. Сенден сурап көрчү балким кабары барбы дешкенинен сурагам, сени билбейт экен деп коёюн ээ?
-жок Гули сен анын дарегин сура, биз барабыз, ал мени көрсө сөзсүз ачат эшикти, деди Назик анын тируулугунон үмүт кыла. Ал эгер Улан өлүп калган болсо мен өзүмдү кечирбейм, мен ошого жеткирдим деп өзүн күнөөлөп жемелей баштаган. Азыркы курбусунун сөздөрү менен Уландын акыркы айтылган сөздөрү дал келип жатса анан кандай ойлонушу керек.
А Гулиги ушул гана керек болчу, ал дароо анын дарегин таап Назиктин унаасына түшүп бирге жөнөп калышты.
Назик көздөгөн жерине жетип келип төртүнчү кабатка кандай көтөрүлгөнүн да билбейт, каалганы эч ким ачпаганына карабай ургулай берди. Бул учурда Гули анын ар бир кадамын суротко алып турган. Эч ким жок батирдин каалгасынын артында жарым сааттай соолуп отуруп эми гана жоноордо лифт ачылып Улан көрүндү. Анын тируулугунон үмүт үзүп койгон Назик ага кандай жетип бой урганын билбей калды, жүзүнөн кармап денесине колун тийгизип үн сөзсүз эле ыйлай берди.
Улан да коркуп кеткен.
-эмне болду жалгызым? Сен эмне мындасын?
Ал Жанар экөөнө бир деме болду бекен деп ойлогон.
-сен тируусун, сен барсын, деп кыз ага түшүнүксүз эле сөздөрдү сүйлөп ыйлай жатты.
-а эмнеге тирүү болбошум керек?
-сени досторун таппай жатыптыр, Гули айтканынан коркуп кеттим.
Ал эми гана Гулинин бар экенине маани берип түшүнбөгөн жүз менен ага карап калды. Гули мойнун кыйшайтып билбейм дегендей ишаарат кылганда ачуусу келип барып кайра сүйүктүүсү менен жолуктурганына кубана ундобой калды. Назиктин кылыгын ал өзүнө болгон сүйүүсү уланууда деп түшүнүп туура эмес кабыл алып алган эле. Алар Уландын ичкери чакырганына ынабай аны көргөн көздөрүнө ыраазы боло жолуна түшүштү.

Эртеси күнү Гули сабакка келбей калды, аны эч ким деле жоктгон жок, кечээки күндү эске албаганда Назик да андан алыстай түшкөн . Бул учурда ал өзүнүн үйүндө Жанардын жанында отурганынан кабары жок эле...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   aitowa11   17 Декабрь 2018 - 00:53

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 86
  • Катталган: 03 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

✌️
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   vikidiki   17 Декабрь 2018 - 15:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 646
  • Катталган: 16 Февраль 18
  • Соңку аракети: 10 Фев 2021 00:49
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Кечиригиле бирок, "Черная любовьго" окшошуп кетип атат бул чыгарма. Кээ бир жерлери.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   ASA79   17 Декабрь 2018 - 17:49

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 23 Август 17
  • Соңку аракети: 08 Мар 2025 17:24

Уланта бериниз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   meDaline   17 Декабрь 2018 - 19:20

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 160
  • Катталган: 18 Июль 18
  • Соңку аракети: 15 Апр 2020 22:23
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жакшы адамдар арасы

Просмотр сообщения vikidiki (17 Декабрь 2018 - 15:46) жазган:

Кечиригиле бирок, "Черная любовьго" окшошуп кетип атат бул чыгарма. Кээ бир жерлери.

Кыздын бай уй-булодон экендиги, анан куйоосунун бай экендиги гана окшобосо, башка жерлери окшобойт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   kakukani   17 Декабрь 2018 - 20:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 333
  • Катталган: 27 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 27 Окт 2023 09:38
  • Жынысы:Аялзаты

Кутуп атабыз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   aitowa11   17 Декабрь 2018 - 21:35

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 86
  • Катталган: 03 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Бул автордун чыгармалары одноклассникте журот бугун кордум ошол жактан окусанар да болот. Уландыларын. Башка да кызыктуу коп чыгармалары бар экен. Автордун нигин жазып издесенер
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   Zaika.09   17 Декабрь 2018 - 23:43

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23
  • Катталган: 09 Август 18
  • Соңку аракети: 18 Апр 2019 21:40
  • Жынысы:Аялзаты

Жанар менен эле бактылуу болсо экен аягында
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   Элеонора   18 Декабрь 2018 - 02:59

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 38
  • Катталган: 10 Апрель 10
  • Соңку аракети: 07 Фев 2022 15:22
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Секрет

Фантастика
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   Dimedra   18 Декабрь 2018 - 12:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

-Кечиресиз тынчтыгынызды бузганым үчүн, бирок мен мындан башка жол коро албай койдум. Өзүмдү күнөөлүү сезип күндөн күнгө оорлошуп баратам.
-себеп?
-мен курбумдун бактылуу болушун каалайм, анын өзүнө айтканым менен тыянак болбой жатат. Эми Назик менден да сырын жашыра баштаган өңдүү, эч нерсесин айтпай калды. Уланга айтсам киришпе менин жашоомо, сенден акыл сурабайм деп кагып койгон, ал ошондой корс адам...
-Гули! Анын кандай адам экени мени өтө аз кызыктырат, деди Жанар кабагын түйо, сөзгө өт дегендей
-Ошо мен ага Назик сиз менен бактылуу деп айткам да, эми ага кайтпасын түшүндүрүп. Ал "сен билбегенден кийин сүйлөбө, биз али да биргебиз" деп койгон мага. Мен ишенбегем албетте Назиктин андай кылышына. Эми мынтип кече мага бул сүрөттөрдү жөнөтүп жибериптир бейтааныш номурдан, сизди башка жайга жолугушууга чакырууну туура эмес көрүп уйунузго келдим, деп телефондон Улан менен Назиктин кучакташып турган сүрөттөрүн коргозуп колуна сунду.
Жанар көрүп турган көздөрүнө ишенбейт, Ооба сүрөт жалгандан эмес экени билинип турат, анан да жаңы тартылган, жубайынын кийимдери муну тастыктап турат. Кийин ал өзү да ушундай бейтааныш номурдан сүрөт албады беле. Жанардын көздөрү ачык турганы менен тумандап эч нерсе көрбөй калды, кызганычтан денесинде тегеренген кандын баары мээсине тээп чыккан оңдонуп. Азыр анын кандай абалда экенин элестетүү кыйын, бетиндеги түйүлгон булчундарга караганда жолунан чыккан адамды аячуудай эмес. Мындан ары андык иш калбаганын түшүнгөн Гули бир демелерди кобурап ордунан туруп жоной берди. Жанар анын эмне дегенин укмак тургай ал жанында бар экенин да унутуп койгондой, узатып да койгон жок.
"Улан го мейли эки жүздүү инсан болсун, мен ага ишенейин деген да оюм жок эле, Назикчи? Анын көздөрү да жалган айтканды уйронгонбу? Же мен ал көздөрдон көргөн жаңыдан жанып келе жаткан сүйүү учкундары жалган беле? А балким менин көздөрүм сокур болуп калгандыр, жүрөгүмдү ээрчип ал кандай кааласа ошондой көрүп. Токтой турчу деди жүрөгү, а бул кыз эмне себептен мынчалык куйугуп жатат бул жерде бир мандем бар болуп журбосун. Жок! дейт акылы, чындыктан качпа! Гули жубайынды анын кучагына күч менен түрткөн жок, сен жеңилдин! Улан ага келбесе да Назик өзү барып отурат. Өзүңдү умуттондурбо, ал сени суйбойт, эч качан! Сен көргөн нерселер болгону иллюзиян, элестетип алган куру кыялдарын. Ага болбой жүрөгү кыйкырат, Жок! Сен күрөш, өзүн баштагансын, ал сеники гана болот, артка кайтпа.
Ар дайым жүрөгүн угуп келген, бул сапар да ал жакка тартылды, бирок акылы менен кенешет. Өзүн колго алып бир тыянак чыгарганча убакыт керек, кандай болгон ченде да күч менен адамды жанында кармап болбойт, коюп жиберүүгө да даяр эмес . Туура чечим чыгарыш үчүн бул маселеден алыстап убактынча такыр унутуп коюусу керек, кийин чечим өзү келет. Ал дайым ушундай кылат, бир чечимге келген соң эч кимден сурап отурбай көздөгөнүн аткара баштайт. Азыр да ушундай кылмакчы болуп өз бөлмөсүнө көтөрүлүп ичинен кулпулап баш оту менен жумушуна киришип, бар күчүн жумшап жүрөгүндөгү туйгуларды акылына өткөрбөй бууп жатты.

Назик сабактан келип Жанар бөлмөсүндо экенин тынчтыгын бузбоону суранганын угуп залда турган жумшак эмерекке отура кеткен, ал жерден аял затына таандык капчык таап алып кызматчы эки аялдын бириники болсо керек деп алып барса экөө тең баш чайкашып меники эмес дешти. Алардан үйгө бир кыз келгенин угуп сүрөттөп бергендеринен Гулини таанып таң калды, ага эмне керек болду экен, анын үстүнө Жанар бөлмөсүнөн чыкпай жатканына таң калып, каалга артынан тыншап эмне болгонун түшүнбөй убара. Үй кызматчылары аны жайына коюп тамакты каалга артына калтырып кетишет, качан ач болгондо ачып алып кирип кетип бошогон идиштерди чыгарып коёт. Алар үйрөнүп калышкан, маанилүү чечим чыгараарда, жумушка баш оту менен кирип кеткенде же катуу кайгырганда атасы да ушундай кылчуу. Бир гана Назик түшүнбөйт, ал эмне чечим чыгарышы мүмкүн, Гули экөөндо эмне сыр бар деп. Андан барып сураса такыр танып кетти Жанарга жолукканын, Назик да чын эле балким ал болбосочу деп ойлонуп калган.

Жанар сырткы дүйнөнү жыйыштырып коюп бүт дити менен берилип иштесе да жакшы жыйынтык болбой жатты. Атасы кагаздарды башка жайда сактаса керек, үйдө болгон жарым кагаз менен бир нерсе бутуруш кыйын. Германия, Израиль, Россиядан каттар келип түшүп, Советбек Акматбаевдин дүйнө салганын жаңы уккандар кызматташтыкты токтотуп жатышты чекеден. Алар жаш, болгондо да колунда эч бийлиги жок жигитке, ишеним арттырып көп суммадагы медициналык аспап, дары дармектерди насыя берүү кооптуу экенин ансыз да компаниянын мурунку карыздары төлөнбөй тургандарын айтып четтеп жатышты. Андан сырткары апасынын атында ачылган компанияда иштеген жумушчулардын айлык акыларын да берүү керек, салык, дегеле койчу бардык жактан кысым кучоп, банкта калган компаниянын атындагы акчалыр өзүндө бардын баарын жыйса да ал чыгымдарды жаба албай турган. Баарын сатып жиберүүгө болбойт, кандай болсо да сактап калуусу керек. Ойлонуп бул абалдан чыгуунун бир гана жолу банктан ижарага акча алуу керек деген жыйынтыкка келди. Ал ортодо Назиктин ары бери тыбырчылап жүргөнүнөн, каалга артына эртели кеч келип өзү менен өзү сүйлөшүп кетип жатканынан да кабардар болуп турган. Бир тыянакка келген соң, эки апта дегенде бөлмөсүнөн чыгып Назиктин сабактан келүүсүн күтүп отуруп калды, сүйлөшүү сөздөрүн даярдап.
Бүгүн да Жанарды көрөм деп умуттонбогон Назик сырттан кирип келип анын биринчи кабатта отурганын көрүп, жанына жетип барып кучагына бой урду.
-эгер ушинтээринди билгенде эчаак эле ушундай кылмакмын, деп күлгөн Жанар анын чачтарынан жыттап эркелетип отурду.
Назик ыйлап да алган.
-эмне антесин? Мени коргун келбесе жөн эле айтсаң болмок, сени ооруп калдыбы дедим.
-Сени көргүм келгени үчүн гана ал бөлмөдөн чыктым эркем.
Жанар жубайынын түрүн көрүп айта берүүнү чечти, чын дилинен кубанбаса да терс жооп бербейт деген ишеним менен.
-Эркем, сабактарын кандай?
-жакшы болмок беле, сынактар башталган учурда колдоосуз калсам.
-андай дебе, мен сенин жанында болбосом да колдоом дайым сени менен экенин бил.
Назик баарын унутуп жаш баладай кудундап суйуно жетишкендиктерин суйунчулоп,
-дагы эки апта калды, кийин мен өз кесибимдин ээси болом, деп кайра томсоро түштү. Бирок мен бирөөнүн кол алдында иштегим келбей эле.
Жанар аябай күлдү.
-Качандыр сенин кол алдында башкалар иштөөсүн кааласан, азыр сен башканын кол алдында иштөөнө туура келет, дароо эле башкаруучу болгон ким бар экен.
-алар сендей эмес да, ката кетирсем тилдейт. Ошон үчүн сенин ишканан болгондо мен ошондо иштемекмин.
-менин кол алдымда иштөөнү кааласан Америкага кетуубузго туура келет.
Жанар аста-аста өзүнүн айтаар сөзүнө Назикти даярдап жатты.
-Америкага? Эмне ал жакта сенин ишканан барбы?
-жок экөөбүз бирге курабыз.
Назик колун чаап башын аркага таштай аябай күлдү.
-биз ушул жерде иштей албай жатып, ал жакта кантип иштемек элек.
-сен унуттунбу мен коп жылдар жоголуп кайда жүргөнүмдү?
Назик күлкүсүн токтотуп күйөөсүнө карап калды.
-Жанар сен чын айтып турасыңбы?
-мен тамашаласам да жалган суйлобошумду билесиң да.
-Сен кетесинби? Ал жакта сени күткөн бирөө барбы?
-мен эмес, биз кетебиз. Мени бирөө эле эмес көбү күтүп жатат.
-эмне сенин балдарын да барбы?
Жанар түшүнбөй калды.
-кайда?
-Америкада. Сен телефондон айтып жатканыңды укканмын, силерди унуткан жокмун өзүңөр эптеп тургула, акча кылып барам, дегенинди. Демек сен аларга кетип жатасың да ээ?
-аны кайдан угуп жүрөсүң? Алар менен кечте гана сүйлөшөм да мен.
-мен уктай албай басып жүрүп угуп калдым.
-жалганчы, сен мени тыншап жүргөн экенсиң да, деп аны кучактап кытылап кирди.
Назик сүйлөй албай кыткылыктап жатып калды.
-Демек ошон үчүн таарынып жүргөн экенсиң да. Алар жумуштагылар, мен ал жакта атамдын ишин алып барчуумун, жакынкы Европаны өзү кыдырганы менен утуру Америкага барып келүүгө убактысы жок мени койгон. Азыр ошол жумушка кайтуунун убактысы келди.
Узун кирпиктерин кыймылдатып көздөрүн ачып жуумган Назик өзүнүн ойлогон ойлорунан уялып турду, кантип акылы ушуга жетпеди экен, дароо жаман ойлоп.
Бир бирин түшүнүп кечиришкен эки жаш кардылары ачка болгонун да унутушуп айланада эч ким жок сыңары эзилише эркелешип жатышты.
Эрте менен Жанардын кен керебетинен ойгонгон Назик өзүн башка дүйнөдө жүргөндөй сезип кериле жатып кечте болгон окуяны эстеп кетип, ордунан дароо тура калып өз бөлмөсүнө жүгүрдү, бул Жанардан уялгандагысы эле.
Ортодогу тосмо дубал кулап Жанардын бактылуулугунда чек жок, бирок көңүлүнүн бир уучу кысылгандай эмнедендир кабар берип. Эми чындап бул бактысын жоготуу коркунучу жүрөгүн ээлеп алды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   ASA79   18 Декабрь 2018 - 19:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 23 Август 17
  • Соңку аракети: 08 Мар 2025 17:24

Автор бугун жазасызбы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   kakukani   18 Декабрь 2018 - 21:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 333
  • Катталган: 27 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 27 Окт 2023 09:38
  • Жынысы:Аялзаты

:гезит:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   Dimedra   19 Декабрь 2018 - 12:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Жанар буту бутуна тийбей, койгон максаттарын ишке ашыруунун үстүндө ар банктын эшигин каккылап жүгүрүп жүрүп, акыры компаниясына кошуп бар мүлкүн ижарага коюп жетиштүү суммадагы насыя акча ала алды. Албетте мындан Назиктин да, атасы Кадырдын да кабары болбоду, болбосо Кадыр куйо баласына мындай жасатмак эмес, анда эмне банк бере алчуу акча жок беле.

Башында укканда аябай кызыгып Америкада жашоону дегдеген Назик кетээр күнү жакындаган сайын коркуп жатты. "Кантип ата энемден алыста жашайм, көргүм келгенде эки аттап жетчүү аралык эмес, досторумчу? Канча качпасын ойлорунун теренинен Уланчы, аны көрбөй ал жөнүндө укпай жашоо кандай болот? деген ой суурулуп чыкты. Ооба аны сүйөр суйбосун түшүнө албай калып кеткени менен, Уландын өзүн суйоорунон шеги жок эле. Ал кээде ар кай жерде алыстан кузотуп турганын да байкап калат, кыя албай жаткан го деп бир чети аяса бир чети ага көнүп калган. Адам өзү эмнеге гана көнбөйт, жаманы ошол үйрөнүп калган адаттан арылуу, ар убак кайталанып туруучу абал бир күн өзгөрүп калса кудум бир нерсесин жоготкон өңдүү өзүн таба албай кыйнала берет эмеспи. Назик да көнгөн абалын өзгөртүүдөн коркуп жатса керек, кийин бардык эле адам баласы үчүн аны жанынан да артык көрүп сүйө алчуу бирөө бар экенин билүү кандай жагымдуу. Мунун баарына карабай аз күндөн бери Уланды жанына эмес оюна жолотпой өзүн катуу тыйып калган, эми чыныгы Жанардын жубайымын деп эсептеп. Жолдошунун эч кимге, курбуларына да айтпа кетип жатканыбызды, атамдар билсе болду деген сөзү үчүн курбулары да билбеген боюнча калып кетишти. Жанар анын курбуларына ишенбедиби же дагы башкалар жолтоо жаратышынан сактандыбы айтоор ушундай болушун каалаган.
Ичинде жүргөн бурганакты Назик ата энеси менен коштошуп жатып, кайрылып келбей калчуудай буркурап ыйлап чыгарып алып алыскы жолго, океандын аркы тарабы болгон Америкага карай сапар тартып кете берди.

Алар Нью Джерси штатындагы Джери Сити шаарына келип тушушкондо, Жанар алдындан баарын ойлонуштуруп даярдап койгондой аэропорттон тосуп алган Америкалык ак адам, түз эле алар үчүн даярдалган жер тамга алып келип жайгаштырып кетти. Жанар мунун баарын Назик үчүн жасап жаткан, болушунча ал уйронгон жашоосундай шарт түзүп. Бир жумадай жубайы менен шаар кыдырып, достору менен тааныштырып, жакшы жайларды көрсөтүү менен алек болуп, андан кийин гана жумушка кайтты. Кудай жалгап бул жактагы оноктоштору андан баш тартып кетишпептир, алар Жанарды атасынын баласы болгону үчүн эмес өзүн сыйлашчуу, кантсе да көп жылдар ал менен иш алып барып калышпадыбы. Эми анын үзүрүн көрүүчү убакыт келген экен, бул жердегилер баардык тараптан колдоп, бизнестеги ал билбеген жолдорду көрсөтүп жатышты. Жанар үчүн азыр бул өтө зарыл, кара жанын карч ура иштеп карыздардын жабышы керек. Бирок жашоо тоскоолдуксуз болбойт экен, кандай күтүлбөгөн тараптан колдоо алса ошондой эле күтүлбөгөн тараптан жолтоо жаралды. Бир жакшы кетип жаткан жумушунда бир убакта эле тыным болуп калды. Кыргызстандан буюртма азайып, кээде гана чоң-чоң аспабтар жонотулбосо, баттан кетип турчуу майда барат даары дармектерге талап такыр эле жоголуп баратты. Муну жөнгө салуу үчүн Жанар эми өзү Кыргызстанга баттан катташы керек, албетте ортого түшкөн башка атаандаштар бар, алар бааны төмөн түшүрүп жиберишкен болуусу мүмкүн. А алып сатаар үчүн баары бир эмеспи товардын сапаты кандай болуусунан, өздөрү колдонбогогдон кийин. Жанар эми барып, өздөрүнүн аты үчүн иштеп сапатсыз даары киргизбеген компанияларды табуусу керек, андайлар өтө тыгыз байланышты каалашып ким менен иштеп жаткандарын коргулору келишет. Бул жакты да таштап коё албайт, жалгыз калган оноктошун жоготуп коюуну каалабайт, башка адам таап алар ага көнгөнчо убакыт керек. Мына ошон үчүн Жанардын бир буту Кыргызстанда бир буту бул жакта болот.

Назик бул шаарда да Бишкектегидей эле жашоо болот деп ойлосо керек, Жанардын мындай күндөп түндөп иштегенине коно албай жатты. Убакыт айрымачылыгы чоң болгондуктан Кыргызстан менен байланышуу үчүн түндү күтүп отурган жолдошун кээде аяса кээде түшүнбөйт, менден да жумушу көбүрөөк кызыктырат деп таарынат. Жанар келинчегине болушунча эле көбүрөөк көңүл бурганга аракет кылып жаткандай болот, бирок дайым көңүл чордонунда болуп көнгөн эрке кызга бул жетишсиздик кылып жатты окшойт. Анан эле Жанар Назикти албай өзү Бишкекке сапар алды. Алыскы жолдо кыйнабайын дегенден да жаңы сакайып келе жаткан жараны жанылабайын, тиги жакта болуп жаткан кырдаалдан кабар таап кыжаалат болуп журбосун, баарын жайгаргандан кийин алып барам деген ойдо, өзү тез аранын ичинде келип калаарын айтып жолго чыкты.
Мына эми башталды Назик үчүн зеригичтуу эч тугонбогон узун күн узун түндөр. Ал ар бир өтүп жаткан мүнөту учун Жанарды күнөөлөп, баштапкы өткөргөн шайыр жашоосун эстеп ал күндөрүн сагынуу менен өмүрүн өткөрүп жатты. Өзүнүн атасын эстеп күнү түнү жумушта жүрө турганына эми маани бере баштады, "байкуш апам кантип жашады болду экен, сүйөм деп баарына чыдап жүрө берген го. Бул акчага берилип калган адамдардын баары ушундай болушат, өздүк кылып алганча тытынышып максатына жеткенде андан кийинки бийиктерге асыла башташат." деген качанкы Улан эгип койгон ойлор мээсинен чубалып ага баштады. Ал үчүн жолдошунун ар күн телефон чалып сүйлөшүүсу аздык кылып жатса керек. Ага да түшүнүү керек жаш неме жыргалды алыстан самабай жанынан көргүсү келип жатса эмне кылсын байкуш.

Жанар Бишкекке келип түшүп дароо эле жумушка өттү, тез аранын ичинде бутуруп кайтууга шашылып. Бул жактагы жумушчулары менен баарлашып, баары өзү ойлогондой экенине ынанып, жолтоо кылып маселе жаратып жаткан адам Улан экенин билди. Анын тез аранын ичинде мындай деңгээлге көтөрүлө алганына таң калбай койгон жок. Өзү берген акчаны тез арада ушунчага көтөрүү мүмкүн эмес экенин билет, бирок анын дагы кайдан каражат алып жатканына кызыккан деле жок. Тескерисинче каны дуулугуп бизнеске болгон кызыгуусу артты, өзү ушуну каалабады беле татыктуу атаандаш, мына эми күч сынаша турган мезгил келди. Ал экөө бир багытта бараткандыктан жолдору кесилишпей койгон жок. Жанар адаттагыдай дагы бир бүт өлкөгө белгилүү дары дармектер менен иштеген компанияга кызматташтык сунуштап барып ал жерден Уланды жолуктуруп калды, ал да ошондой эле максатта келсе керек.
Экөө өз жамааттары менен болгондуктан, кирип келишкенде сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү болбой жөн гана көз караштар менен алышып тим болушкан. Уюшулган жыйын бүтүп Жанар кызматташтыкка кол коюп болуп чыкса Улан жалгыз күтүп турган экен, жанына басып келип,
-куттуктайм, тез аранын ичинде мындай деңгээлге чыга алганын мактоого ылайык, деди.
-а эмне мен гана акылдуумун дедин беле? деп каршы алды Улан. Анын көздөрү максатына жеткен бактылуу адамдай эмес, тескерисинче жалыны өчкөн бактысын жоготкон нурсуз көздөр эле.
Азыр алдында баягы алсыз бирок аз болсо да адамдык сапаты бар Улан эмес такыр башка ач карышкырдын терисин жамынган Улан турганын сезди Жанар.
-эмне өкүнүп жатасыңбы? Качандыр берген аз акчана, деп кытмыр күлгөн болду Улан.
-бир убакта окунгом сен эркектик сөзүнө турбай Назиктин жанына кайрадан жологондо, мен чынында эркек адам менен бет келгим келген эле да. Азыр тескерисинче кубанып турам, берген жардамды туура багытка колдоно билгенинди көрүп.
Уландын көздөрү кызарып, изденип отуруп Жанардын кыжырына тийчуу сөздөрдү таап сүйлөп жатты.
-сен али мага жардам бердим дегени турасыңбы? Назик сен анын сүйүүсүн сатып алганынды билсе эмне кылаар экен.
-мен анын сүйүүсүн сатып албагам, сенин жаман ойлоруна капкак сатып берип жаап койгом. Карачы ал капкактын сага пайдасы тийиптир кеч болсо да. Аялдарча аркадан чыкпай беттен урганды үйрөнүпсүн. Кийин ал эми маанилүү эмес, биз бактылуубуз сенин жардамын менен. Эгер ошол сүрөттөрдү Гулиге жонотпогонундо, ал мага келип коргозбогондо балким мындай чечим чыгарып Назикти узак алып кетүү акылыма келбестир эле.
Улан канча өзүн муздак кандуу тутуп ал үчүн булардын мааниси жок экенин коргозгусу келгени менен, акылында кайсы сүрөттөр жөнүндө сөз болуп жатканын ойлонуп турду.
-А баса, кыска жол аягына да бат чыгат, сен ошондой жолду тандап алыпсын, деди да колундагы саатына бир карап алып басып кетти Жанар.
Ичкериде айнек дубалдан анын артынан көз салып турган Улан, - көрөбүз кимдин жолу кыскалыгын, деп сүйлөнүп кала берди.

Жанар антип мынтип жумуштарын жайгаштырып келгенче бир айдай убакыт өтүп кеткен. Эки күндөн бери конгуроо болбой жатканына тынчсыздана кайра-кайра телефондун бетин тиктеп отурган Назик бир убакта эле эшиктен кирип келген күйөөсүнө карап, көрүп турган көздөрүнө ишенбей бир ордунда катып туруп калды. Качан Жанар өзү жетип келип аны ордунан так көтөрө айландыра баштаганда баары онундо болуп жатканына ишенип ыйлап жиберди.
-эмне кылып жатасың? Тушур! Кайда жүрдүн? Сени кечирбейм, экинчи мындай кылба! деп таарыныч менен сагынуу сөздөрүн аралаш айтып бышактап жаткан жубайын жерге коюп, көздөрүнөн өөп,
-сени айландырып жатам, мына тушурдум. жумуштап жүрдүм эркем, кечиришин үчүн эмне кылышым керек. Кийин экинчи кандай кылбайын? Мынтип эркелетпе деп жатасыңбы? Макул, антпейм ошондо кечиресинби? деп колу менен ээгинен көтөрүп жогору каратты.
Анын ар бир суроого катары менен так жооп берип жатканын көрүп Назик айласыз күлүп жиберди.
-сен эмне деп жатасың?
-эркем, мен да сенден ошону сурайын деп турам. Ушунча көп сагындынбы мени?
-ким айтты мени сагынды деп?
-өзүн?
-жалганчы, сен жалган айтпайм деп алдайсын баарын. Мен андай дебедим.
-Ооба сөзүн менен андай дебедин, бирок көзүн менен айтып койбодунбу. Сен да жалган сүйлөгөндү билбейсин.
Сырын алдырып койгонуна арданып Жанардын артынан кууп жөнөдү, анысы качып, кечээ эле жымжырттыктан жарылайын деген уй азыр бакыт күлкүсүно толуп турду.
Келгенине бир жыл отпосо да, ар күн конгуроо кылып Бишкек менен байланышып турса да аябай сагынган экен, Жанардан ал жактагы абалды кайра-кайра кайталап сурап жатты. Ал да зерикпей өзү болуп келген жайларды сүрөттөп, кандай окуялар болгонун сүрөттөп айтып отурду, бир окуядан башка баарын.
Адам жакшыга бат конгондой эле баркташты да бат унутат экен. Кечээ эле жолдошун саргая күтүп, келгенине шүгүр кылып отурган Назик, аз күндө эле дагы ага нааразы боло баштады, жумушунун көптүгүнө наалып. Зериккенден отмушунун баарын эстеген сайын Улан жөнүндө ойлор кайра-кайра мээсин аралап өтүп жатты. "Кызык азыр ал менен бирге болгондо кандай болмок? Ал мынчалык жумушка бериле албайт болчу. Жанардай көптү көрбөгөн неме аазга канаат кылмак, көп убактысы мени менен отмок" деген ойлорго азгырылат.
-болду мен бул шаарда артык кала албайм, мен өзүмдүн жашоомо кайткым келет, деди Назик таттуу түндөрдүн биринде.
-эркем биздин жашообуз ушул эмеспи, аны таттуу кылуу өзүбүздөн эле, кай жерде болгонубуздан айырмасы жок, деп жакындап келе жаткан жолдошун бир көз караш менен токтотту.
-биздин жашоо таттуу болуп жатат деп ойлойсуңбу? Балким сен үчүн ошондой, мен үчүн эмес.
-Бул эмне дегенин? Зериктинби эркем? Кечир сенин жашоонду сен элестеткендей кыла албай жатам. Дагы бир аз сабыр кыл, мен жакында Бишкекке барып жумушту биротоло жөнгө салып келем, кийин экөөбүз дүйнөнү кыдырып саякатка чыгабыз.
-жок, мен сени жонотпойм. Эмнеге менин сени менен Бишкекке бирге барышымды каалабай жатасың? Эмне жашырганын бар?
-эркем менин, мен эле сенин жанында чыккым келип жүрөт дейсиңби? Оюма койсо бир көз ирмемге да ажырагым келбейт, бирок биздин келечегибиз үчүн кам көрүү керек. Озун айтпадын беле сырттан кирип турбаса көп байлык да бир кун тугонот деп, тугонбой турган кылып коюп кийин дем алабыз, деп тамашага буруп кетти.
Назиктин көңүлүндө баары бир бүдөмүк ой кала берди, "эмнеге эле мени Бишкекке жолотпойт" деген.
Айтылган күн да келип Жанар дагы мекенге сапар алды, өзүнүн айтымында акыркы сапар жолго жалгыз аттанышы. Айтканындай эле оозуна сала берген өңдүү, балким бул такыр сапарга аттануусунун акыркысы болуп жүрбөсүн. Манас аэропортуна түшүп чек ара кызматынан текшерүүдөн өтүп жатып күтүүсүз окуяга туш болду. Анын документин карап жаткан жаш кыз ордунан туруп барып эле жанындагы терезеде отурган кызматкерге коргозуп, бир убакта эле башкаларын чакырып Жанарды ал жайдан күч менен алып кетишти да кичине бөлмөгө киргизип коюшту. Анын эмне себептен бул жайда экенин сураган суроосуна, ал адам өлтүрүү кылмышы боюнча издоодо экендигин кабарлашты...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   ASA79   19 Декабрь 2018 - 15:33

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 23 Август 17
  • Соңку аракети: 08 Мар 2025 17:24

Балекет басты.Эмне болуптур?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   Bazana   19 Декабрь 2018 - 23:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 605
  • Катталган: 20 Март 16
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:39
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Татарстан

Тообо , эмнеге Жанар Америкада эмес беле кантип адам олтурот ?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   kakukani   20 Декабрь 2018 - 05:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 333
  • Катталган: 27 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 27 Окт 2023 09:38
  • Жынысы:Аялзаты

Аны Улан атайын уюштурса керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   Aidajan   20 Декабрь 2018 - 10:22

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 34
  • Катталган: 18 Ноябрь 07
  • Соңку аракети: 23 Сен 2020 00:17
  • Жынысы:Аялзаты

уландысын кутобуз.....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   Dimedra   20 Декабрь 2018 - 19:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

-Ушундай дагы боло берет экен да, кайсы шордуу өлүп кетти экен. Мен лунатик болсом керек, түшүмдө туруп адам өлтүрчүү, антпесе өңүмдо өлтүрүү колуман келмек турсун оюма келбейт, деди Жанар өзү жеткирилген свердловск райондук ИИБнин тергөө бөлүмүндө сурак берип жатып.
Тергоочунун айтымында окуя мындан эки ай мурун болгон, ал Жанардын биринчи келген сапарына туш келип жатат. Жаш кызын жоготкон ата эне арыз менен кайрылгандан кийин издөө жүрүп, бир жума дегенде өлүгү Жанардын үйүнүн короосунан табылыптыр.
Жанардын;
-эмне себептен менин короомдон издединиздер? деген суроосуна тергөөчү,
-ал кыз экөөндүн мамиленер бар экени аныкталгандан кийин сени издеп үйүнө барып таба албаганда короодон шектүү жаңы казылган топуракты көрүп тинтуу жургуздук деп жооп берип, аны тастыктоочу сүрөттөрдү алдына таштап койду.
Жанар алдында жаткан сүрөттөрдү, казылган топуракты карап отуруп Гулини тааныды. Анын өзүнүн унаасынын жанында тартылган сүрөтү, бирге окуган кыздарынын жана Уландын көрсөтмөсү, ал эле эмес телефонуна "жашоомдун манызы" деп сакталган өзүнүн номуру табылган экен. Мыйзам адамдарына баары жалган, чын сөзүм деген сөздөр отпошун, алар жалаң гана фактыга таянышаарын жакшы түшүнгөн Жанар азыр бир деме дештин пайдасы жок экенин билип ундобой отуруп калды. "А факты бул жерде жетиштүү экен, эр болсоң өзүңдү актап кор" деди өзүнө. Азыр ага жалгыздык керек, жалгыз болгондо гана бир жол таба алат, канча убакыт керектелээрин өзү да билбейт, болгону эч ким бир да мүнөткө оюн болбошу керектигин жакшы билет.
-туугандарына кабарлап коебуз дарегин берсең, деген тергоочунун сөзү оюнан алаксытып жиберди.
Кимге айтат, Назиккеби? Жоок ал коркуп кетет, кайын атасынабы? Ал билсе Назик сөзсүз угат, Жоок болбойт деди. Жанар алардын билишин каалабады, укса кандай кабыл алат деп аяп кыжаалатка койгусу келбеди. Ал бул нерсе бат эле бутооруно ишенип турган. Ананчы ал олтурбогон да, актыгы маалым болгондо коюп жиберишет, жакындарым билбеген боюнча эле калганы жакшы деп аларга кабар бербей эле койууну туура көрдү. Кызык бул чөйрөдө кеңеш берчуу бир да таанышы жок экен, мындай нерсеге туш болуп көрбөсө. Акыры компаниядагы юристин эстеп ага айттырды. Анысы келгени менен бул жааттагы адис эмес болгондуктан жарытылуу эч нерсе айта албай, болгону абалы оор экенин гана божомолдоп түшүндүрүп, тезинен кылмыш иштери менен иштешкен күчтүү жактоочу табуу керектигин айтты. Күчтүүну түшүнө турган заманбы азыр, андайды таап келгенде деле чыгара коюшкан жок. Өзүнүн жеке жактоочусу болбогондон кийин башкага ишенүү да кыйын, а балким ал атайын эле ишти сотко жеткирууну кааладыбы айтоор создугуп кетти. А жактоочуга ар бир отурум киреше булагы болуп берет эмеспи.

Бул учурда бир жума дайынсыз кеткен жолдошуна болгон таарынычы тынчсызданууга алмашып издей баштаган Назик атасына кабарлашкан. Кадыр бир эле сааттын ичинде таап Жанардын алдында отурду.
-ката кылгансын уулум.
-ата мен жасаган эмесмин.
-аны сен айтпасан да билем. Өзүмдөн күмөн кылсам да сенден кылбайм. Мага кабар беришин керек эле, биринчи 48 сааттын ичинде чыгыш керек болчу бул жерден, татаалдаштырып алыпсын. Макул уулум эч нерсе эмес, эр жигиттин башына эмнелер келбейт, өзүңдүн чындыгын барда башты бийик карма.
-мен чокподум ата, мени чоктурчуу кырдаал бул эмес. Ата Назик бул жерге кирбесин.
Кадыр күлүп,
-эмне уялып турасыңбы? Жар болгондон кийин таттууда гана эмес ачууда да бирге болуш керек да, деди.
-жок ата мен Өзүмдөн кам санабайм, болгону ал бул муздак дубалдарды көрүп суук полдордо баспасын дейм да.
Кадыр селт эте түштү. "Мынча акылды кайдан алган, мунун атасы мен ойлобопмун андайды. Каап менин кызым бир эле жолу сенин ойлоруна, акылына, кен жүрөгүнө саякат жасай алса го, өмүр бою кулун болууга даяр болмок." деп ойлоно ушул азыр мыйзамды, ааламды, көзү көр адамдарды, жектеп өзүн алсыз сезип жерге сунгуп кеткиси келди. Кантип корушпойт бул баланын жарык жүзүн, ушундай кен жүрөк менен адам өлтүрүү мүмкүнбу? Азыр журу деп жетелеп бирге алып кете албасам мен эмнеме чиренем, каалаган учурумда жардамга жарабаса мага анча акчанын эмне кереги бар, деп сыздап кетти . Албетте бул жерден эртели кеч алып чыгат дечи бар кудуретин жумшап болсо да, бирок аны бир мүнөткө да ушул жерге кыйбай турду.
Коштошуп чыгып баратып тергоочуго учурай кетейин деп кайрылып, чакырылган күбөлөрго туш келди. Ар бири өзүнчө чакырылып көргөзмө берип жатышкан экен. Кызынын курбуларын таанып жакын басып келип саламдашып ал акыбал сурап, алардын деле ою өзүнүкүндөй экенин байкады. Жанар жасашы мүмкүн деген ойдон алыс турушкан экен, болгону Жанар Гулини сабактан алып чыгып кеткенин, алардын жолугушуусу жөнүндө Назиктин кабары болбогонун айтышыптыр. Алардан Улан тууралуу да угуп калды. Назик акыркы күндөрү Гулиге жакын болуп ал Улан экөөнү байланыштырып жүргөнүн айтышып, көрсө Гулинин көздөгөнү Жанар экенин жөн жерден андай жасап журбогонун, ал үнсүз журчуу жалтаак кыздан мындайды кутушпогондорун айтып таң калгандарын билдирип жатышты. Кадыр үчүн өз кызы жөнүндө мындай кеп угуу өтө оор эле. Жер жарылып кирип кетсем деп тиленип, араң аягын сүйрөп ал жайдан чыгып эле жанында жүргөн жигитине тезинен Уланды тап деп буйрук берип калтырды да айдоочусуна,
-үйгө айда деди.
Сырттан кирип келген жолдошунун жүзүн көрүп коркуп кеткен Жамила куйполоктоп алдынан тосуп чыгып жетелеп келип жумшак эмерекке отургуза калды.
-Жанар абакта, деп жүрөгүн мыкча кармап отурган Кадырдын көздөрүнөн жаш кете берди. Бул анын күнөөлүү көз жаштары эле, кылган үмүтү акталбай жашоосундагы негизги максаты ойрон болгондой, аны оңдоого күчү жетпоочудой алсыздыктан аккан көз жаштар эле. Азыр эле кыздардан уккан сөздөр жүрөгүн тешип бара жаткандай.
-эмне дейт? деп ыргып тура калган Жамила куйөөсүнүн дем алуусу солгундап баратканын сезе коюп дарысын көтөрүп жетип келди.
-Кадыр суранам өзүңдү колго ал, кайда болсо да аман экен го акыры.
-Аман, аман, бирок ал менин айымдан отурат тиги жерде.
-Кадыр жетишет, кийин айтасын кана таза абага чыгалычы, деп далысынан сүйөп тургузуп сыртка жөнөдү.
Таза абадан кере кере дем алып эми сөзүн баштамакчы болгондо телефонуна конгуроо келип, дайындаган жигити Уланды тапканын айтып калды.
-алып кел үйгө.
Жамила ашыкча суроо берип кимдигин да сурабады, жөн гана болушунча тынчтандырганга аракет жасап жатты. Ал Жанар келет го деп ойлогон качан Уланды ээрчитип кирип келген жигитти көргөндө көздөрү чоное түштү. Эне эмеспи Уланды көргөндө кызы менен байланышкан маселе болгон экен деп жүрөгү туйлап кетти. Ата башка канча эркелетсе да башкаларга салыштырып коёт, эне башка канча катуу тарбияласа да өз чурпосун эч кимге салыштырбайт, кудум азыр Жамила Назикти Жанардын жанына салыштырбай тургандай.
Кадыр жубайын үйгө кир дегендей ишаарат кылып, Уланды жанына чакырды.
-кана сүйлө! Эмнеге андай кылдың?
-Саламатсызбы, эмнени сүйлөшүм керектигин тушундурсонуз суйломокмун, деген Улан оозун жапканга улгурбой ичине катуу сокку жеди. Аны жетелеп келген бала Кадырдын жан сакчысы кожоюнуна кол эмес сөз тийгизчуу эмес, Уландын каяша айткан сөзү ага жакпай калды көрүнөт. Кадыр ага кереги жок деп ымдап жанына жакын басып келди.
-уулум, ал кыз эмне күнөөсү үчүн жан берди дебейм, антип сурап алчуу ата энеси бардыр, мен өз балдарым үчүн сурап жатам сенден. Эмнеге Жанардын короосуна койдун, же али да Назиктен үмүт этип жүрөсүңбу?
Ал кыздардын сөзүн укканда эле Уландын катышы бар экенин болжоогон.
-сиз өлгөн кыз тууралуу айтып жаткан болсонуз адашасыз, менин тиешем жок. Кийин бул сиздин биринчи адашуунуз эмес, кызынызды мага ыраа көрбөй жан алгычтын өзүнө тапшырып жатканда да адашкансыз. Өзүңүз көрүп тургандай убакыт баарын ачыктап койду кимдин ким экенин. Байкуштук кембалдык да түбөлүк эмес экен, байлык менен мурастай эле.
Кадыр ачуусу менен колун көтөрүп алаканынын арка тарабы менен Уландын жаагына чаап жиберди.
-сен ошондо ааламдын байлыгына ээлик кылсаң да кызымды сага бермек эмесмин, акмак!
Улан ачууга алдырып өзүн кармай албай калдыбы же баары бир жакшылыктан үмүтү очтубу алдында ким турганын унутуп ачык каяшага өттү. Кызарган жаагын басып аста басып келди да кулагына шыбырап,
-бир убакта баштаган ишимдин аягына чыгуум керек экенин эскертип койдунуз. Анда сиздин ордунузга жанын берип досунуз куткарып калды эле, эми ким куткарат? кызынызбы?
Кадыр уккан кулагына ишенбей көздөрүн алайта Уланга карап туруп жүрөгүн мычкып жыгылып баратканын билет, көзүн ачса ооруканада жаткан экен. Керебеттин жанында жубайы ыйлап колдорун кармап отуруптур, башында дарыгер турат. Аларды көрбөй тургандай шашылыш жан сакчысын чакыртты.
Жамила эми чындап корко баштады, мени тааныбай жатабы деп. Жан сакчысы кирип келгенде, жанындагыларга
- бизди жалгыз калтыргыла, деди.
Экөө жалгыз калганда,
-Бала кайда? деп Уланды сурады.
-сиз эсинизди жоготкондон бир саат өтүп ал да эсин жоготкон, азыр бизде.
-анчалык сабаба, коюп жибер.
-шеф!
-бир жолу эркиндикке эмес, артынан көзөмөл жүргүз. Ал азыр мага керек, күйөө баламдын эркиндиги ал менен баалык. Ур токмок менен чындыкты айттыра албайсыңар андан, бирок ал жанылат бир жолдон, ал учурду көз жандымда калтырба.
-жарайт шеф, деп артка бурулуп чыгып кетти жигит ашыкча сөзү жок.
Жамила кирип келгенде ордунан туруп жаткан экен.
-жок! турба деп жетип келип басып калды.
- Жами азыр жатып алчуу убакыт эмес.
Жубайы;
-мени ойло Кадыр, мени өзүңсүз калтырып жазалаба. Жүрөк оорун бар экенин жакшы билесиң, мени азыр сенин ден соолугундан башка эч нерсе кызыктырбайт. Жерге кирсин бүт дүйнө! деп кыйкырып жибергенде гана кайра ордуна жата калды.
-эх Жами, мени эркектердин эң бактылуусу кылып койгон экен Жаратканым. Бир кездер аталардын да бактылуусу элем, эми да ал сезимдер кайтып келеби же... деп сөзүн андан ары улабай токтоп калды. Ал сөздөрдүн артында "же кызымдын жүзүнөн бир гана кыянатчы аялды көрүп туруп аламынбы" деген ойлор жаткан.

Улан үйүнө келип күзгүдөн өзүн көрүп, таанылбай калган жүзүнүн арасынан көзүнүн заарын чачып турду. - албетте мунун жообун алам! деп ызырынып кузгуну бир муштап сындырып басып кетип, төшөккө жатып алып баарын башынан ойлонуштуруп жатты. Бул ишти баштаганда аягы эмне менен бүтөт деп максат койду эле, токтой турчу өзү бул бир максат менен жасалган ишпи? Кокустук болбоду беле баары. Башта да адамдарга өлүм жолун ачып жүргөнү менен, бул анын биринчи жолу өз колдору менен адам олтуруп көзү менен көрүп турганга колдору калтырап корккон, эмнеден коркту эле, Назик билип койсо кечирбейт деп корккон. Анан эле акылына бул жакшы ой келе калган эле го, курбусун өлтүргөнү үчүн кечирбейт, бирок кимди? Ким күнөөлүү деп табылса ошону деп жебени Жанар тарапка бурган да.
Жанарга жолуккандан кийин "Гули, сүрөт" деген сөздөр мээсинен чыкпай койбодубу кашайып. Кийин Гулини таап сурак салды.
-сен менин устумдон аттап Жанарга мени саткансын, кайсыл сүрөттөрдү алып барып жүрөсүн ага? деп колунан кармап силкип жиберген.
-Улан эмне кылсаң да бүттү, жеңилдин. Алар кетишти, эми көрбөйбуз, деген Гули кайдыгер.
-сенин айындан, сенин акылсыздыгындан алдагы тооктукундай мээндин туура эмес тарапка айланганынын айынан мен жакын калган бактымдан узактап отурам!
-койчу, кайдагы бакытты айтасын. Мен го алымдын барынча күрөштүм өз бактым учун, а сен аны сатып жибербедин беле, эми сага бакыт керек болуп калдыбы?
-сен эмнени тушунмок элең, мен баарын Назик үчүн жасап жатам, деп келип муунтуп туруп түртүп жибергенде унаанын тепкичине башы менен тийип кан жайыла түшкөн. Коркуп кетип телефонун көтөрүп тез жардам чакырайын деп турганда кыздын кырылдап дем алганы угулуп токтоп калган. Эч кимдин кабары болбогону жакшы деп ойлонуп эки тарабын карап алып унаага салып, асфальттын кан тийген жерин суу менен жууп, жүрүп кеткен. Андан кийин акылына келген ой менен Жанардыкына алып барды, унаасына салып коём деп. Улан үчүн кулпу ачуу маселе эмес, сейфтин коддорунан бери ачууга жөндөмдүү. Ал келгенде Жанар кетип болгон экен, үйдүн жарыгы өчүп эч ким жоктугунан кабар берип турду. Кароолго туташылган болсо керек деп дарбазаны ачууга ашыкпай гараж тарабынан ашып кирип барып, баарын даярдап коюп муздап болгон денени дарбазадан ыргытып көмүп чыккан. Үйдү кыдырып видео көзөмөлдөрго тушпогонун текшерип бүтүп гана жөнөп кеткен.
Болгон окуяны көз алдынан өткөрүп бүтүп, бүгүнкү күн тартыла баштады. Кадырга айткан сөздөрү. Өзүнүн бетин ачып алды, эми эмне кылуусу керек. Качса жарабайт, араң ар кандай жаман иштерди аткаруудан тапкан акчасы менен баштаган бизнесин таштап кете албайт, кийин Кадыр аны качырбайт. Ал жөн эле коюп жибербегенин, көзөмөлдөп турганын жакшы түшүнүп турду. Алардан биринчи мен кол салышым керек, деп жолун издеп жатты. Бирок каршысындагы адамга тиши отпосун да билет, ал кааласа Уланды эки чайнап бир жутчуу адам. Бирок ал адамдын эң алсыз жерин да билет, кызы. Мына ал тараптан сокку урмакчы, тезинен Назиктин дарегин табуу керек. Издеген табат демекчи аны да таап, телефондон сүйлөшүп Жанар жөнүндө үйдөгүлөрү жашырып жаткан маалыматты жеткирди.
-жалгызым, эгер мен сенин бактынды бузгум келгенде башта эле тапмакмын. Болгону сени тынч жашасын, бактылуу болсун деп гана тим болгом. Бул жакта болуп кеткен жаман окуя болбогондо дегеле сенин тынчынды алмак эмесмин, мени мажбур кылышты. Мен да ишенмек эмесмин эгер өзүм күбө болбогондо, Жанардын бардык мүлкүн ижарага коюп Гулиге жумшап салганын укпаганда. Араларында эмне болгонун билбейм ал аны өлтүрүп алыптыр. Жаным сен кыжаалат болбо, ал кокустук болсо керек, канча жаман корбоюн Жанардын атайлап андай жасашына ишенбейм. Эми алар күчүнө таянып баарын мен байкушка жүктөп койгулары келип жатат. Мен коркпойм жаным, мойнума жалганды илип камашса камашсын, бир гана сен ага ишенбе. Бүгүн атаң чакырткан экен бардым, ал кишини деле куноолобойм. Сени кандай көрсө Жанарды сенден артык көрөт, силерди сактап калуу үчүн жанын үрөп жатса керек. Бул кылмышты мен жасадым деп мойнума алып Жанардын бошошуна шарт тузбосом анын ата энесинин өлүмүнө да куноокор экенинди да далилдетип коём деди. Атаңдын колунда бийлик бар баары колунан келет, бирок билгин эгер бир нерсе жасасам андан коркуп эмес, сенин бактын үчүн жасашым мүмкүн баарын. Эгер сен кааласан азыр барып Жанар менен орун алмашып коём, жалгызым.

Мындай узун жүрөк титиреткен сөздү угуп бүткөнчо Назиктин денеси калтырап чыкты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   kakukani   20 Декабрь 2018 - 20:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 333
  • Катталган: 27 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 27 Окт 2023 09:38
  • Жынысы:Аялзаты

Улан аябай таш боор адам болуп кетиптир го
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 9 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 9, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 06 Авг 2025 00:05

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: