2018- жылдын 6- декабрынан тарта Кыргызстандын жана Өзбекстандын кинотеатрларында Ч.Айтматовдун "Кызыл жоолук жалжалым"
повестинин негизинде тартылган "Делбирим"
кинотасмасы көрсөтүлө баштады.
Каармандарга жан берген актёр-актрисалар:
Элина Абай кызы, Мадина Талипбек, Адиз Раджабов и Улугбек Кадыров.
Режиссёр : Сарвар Каримов
Эми ушул тартылган тасма боюнча өз оюнуздарды жаза кетсениздер?
Тасма купулунузга толдубу? Кандай таасир калтырды?
"Делбирим" "Делбирим" кино тасмасы боюнча оюңуз.
#3 23 December 2018 - 05:54
Эски варианты эле жакшы болчү. Азыркысында Иляьз менен Аселди кичинекей баланын денгээлиде ой жүгүрттүрүп койгондой сезилди.
Жашоо бир келет!
#4 23 December 2018 - 17:55
Кино жакшы эле тартылыптыр (Кээ бир жерлерин эске албаганда). Баарынан да Элина Абай кызынын ойногону жакты. Кадичанын образын күчтүү деңгээлде ачып берген.
Тасманын аягы өтө аянычтуу болду баары үчүн (кандай аяктаарын билишсе да баары нааразы болуп чыгышты))). Албетте, актёрлордун күчтүүлүгүнөн деп ойлойм.
Тасманын аягы өтө аянычтуу болду баары үчүн (кандай аяктаарын билишсе да баары нааразы болуп чыгышты))). Албетте, актёрлордун күчтүүлүгүнөн деп ойлойм.
#5 23 December 2018 - 19:45
Мен кинону коро элекмин, бирок Курманжан датка энебиздин образын жараткан кыз эмне учун Кадиченин ролун ойноду эч тушуно албайм.Ооба ал актриса, бирок андай образды ыраа корбойт элем, Озбекстанда деле актисалар коп эле , Кадиченин ролуна ылайык.
#6 04 January 2019 - 07:32
Ушул киного кызыгып жатам коруш керек эле интернетке чыкканча кутпой барсам окшойт

Супер-Инфо
super.kg
видео











