Суперстан: Үйлөнүү оңойбу же ажырашуубу ? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Үйлөнүү оңойбу же ажырашуубу ? Сиздин пикириңиз?

#1 Пользователь офлайн   SARMAT   20 Ноябрь 2018 - 14:26

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 243
  • Катталган: 27 Январь 11
  • Соңку аракети: 06 Фев 2025 08:11
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Заман дөңгөлөгү алга карай чимирилип, көз илешпей учуп барат. Ал алдыга чимирилген сайын, артынан сая кууган турмуш илеби күндөн-күнгө өзгөрүп, адамдык асыл сапаттар өчүп бараткансыйт. Адамдын кыска акылына сыйбаган "заманбаптык" , жолунан кезиккендин баарын талкалап, өз өкүмүн жүргүзүп келүүдө. Канча кылымдын кырын ашса да кылы кыйшайбай келе жаткан кыргыздын каада-салты, үрп-адаты да туруштук бере албады, бул ажыдаарга. Кайран кыргыз отко күйүп, сууга түшсө да жоготпогон "асылдыгын" колунан кантип жулдуруп жибергенин билбей олтуруп калды го чиркин. Башкасын кой, Ала-Тоонун түпкүрүнөн чыпкаланып, оргуп чыккан мөлтүр булактай таза "сүйүү" сезимин да сактай албай калдык көрүнөт. Кайран сүйүү, кыл мурут жигиттин жүрөгүндө күндөп-түндөп орун алып, кези келгенде таш ортосун жарып чыккан тоо суусундай атып чыгып, тазалыгын, тунуктугун жоготпой өз ээсине агып жөнөйт эмес беле. Ал эми күлгүн курак кыз-келиндин жүрөгүнөн түнөк тапкан сүйүү сезими, алардын намыс коргонунан сыртка чыга албай, тең арып, тең карып, алар менен чогуу кетчү. Көрсө, сүйүүнүн ыйыктыгы да, тунуктугу да ушунда турбайбы. Дал ушул "улуулукту" бекем кармап, ыйык туткан кыргыз түгөнгөн сайын түтөнүп, урпагын сактап келген экен. Ал эми, бүгүнкү "сүйүүнү" карасаң, абалына мышык ыйлайт. Кайран сүйүүнүн каны тамчылап, так ортосуна жебе сайылып, "үчүнчү класстын" дептеринде жатат. Баш көтөрүп карасаң сүйүү каны тамбаган жер жок. Үчүнчү класстан башталып, канча күндүн табына какталган "сүйүү" , күн нуруна бозоруп, өңү өчүп, эми башталчу жерине келгенде, эрте туулуп, телчикпей калган немедей алсырап, араң жан болуп турат. Жаңы курулган үй-бүлөнүн сүйүүнүн таптуу жалынына ысыбай, оту өчкөн коломтодой муздап калуусунун себеби ушунда окшойт. Көрсө, тээ мектептен эле башталып алган "сүйүү шамы" мектепте, лицейде, университетте, паркта, театрда, көчөдө ж.б. күйүп олтуруп, үй-бүлө курчу убакка келгенде "лып" этип өчүп калат тура. Күн өткөн сайын ажырашуу көбөйүп бара жатат. 2012-жылы январь айынан декабрь айына чейин өлкө боюнча 8 678 ажырашуу катталыптыр. Албетте бул, көзгө көрүнүп, кулакка илинип, катталып калган сандар. Ал эми эч кимге билинбей канча үй-бүлө бузулуп жатат, аны бир гана Кудай билет. Кыргыз Туусу гезитинин билдирүүсүнө караганда, жыл башынан бери эле Бишкектин Ленин районунда 500 түгөй никеге турса, 300 үй-бүлө кайра ажырашкан. Социалдык изилдөөлөр боюнча Кыргызстанда никеленген он үй-бүлөнүн алтоосу, эки-үч айдын ичинде кайра ажырашат. Ал эми муфтияттын фатва бөлүмүнүн айтуусунда, муфтиятка кайрылган он адамдын тогузу ажырашуу маселеси менен келет. Мунун баарына ким күнөөлүү, же бул эч кимди түйшөлтпөйбү, же бүгүн бирөө менен, эртең дагы бирөө менен жашай берген батыш маданияты бизге да көнүмүш болуп бара жатабы? Жаның кейип, өзөгүң өрттөнүп турса да мындай суроолорго жооп таба албай башың катат. Эгерде "Ажырашса ажырашыптыр да, эртең дагы бирөөнү таап алат" - деп өзүбүздү өзүбүз сооротуп койсок, анда ажырашуунун артынан болуп жаткан жамандыктарга ким жооп берет. Бир жылда 8 678 ажырашуу деген сөз, жок эле дегенде 8 678 наристе тирүүлөй жетим калды деген сөз эмеспи? Ата-эненин тарбиясын бирдей көрбөгөн 8 678 баланын келечеги эмне болот? Бир жылда 8 678 ажырашуу деген сөз, ушунча эркекке арак ичип кетүүгө, ушунча аялга бузулуп кетүүгө эшик ачылып калды деген сөз эмеспи? Никеленген 500 түгөйдөн 300 үй-бүлө ажырашты деген сөз, 600 адамдын жашоосу бузулду деген сөз эмеспи? Аттиң, үй-бүлөнү сактоодогу кыргыздын темирдей бекемдиги кайда калды? Ажырашуу деген ары турсун анын аты да угулбайт эмес беле. "Баланчанын кызы эрден чыгып келиптир" - деген сөз "Баланчанын кызы өлүптүр" дегенден да катуу тийчү эмес беле? Үй-бүлөсүн сактай албай, аялы менен ажырашып кеткен эркекти көргөндө "Ой, бул катын коё берген неме турбайбы" - деп жаа бою качат эле го кыргыз. А бүгүнчү? Акын эжекебиз Зуура Сооронбаева айткандай:

Никеси жок аялдыгын жашырып,
Шуркуялар кыздын атын талашат.
Биз да көндүк, кулакты ары жапырып,
Келини ким, кызы ким баш адашат?

Айтса, айтпаса бүгүн кимдин-ким

happiness
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   SARMAT   20 Ноябрь 2018 - 14:30

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 243
  • Катталган: 27 Январь 11
  • Соңку аракети: 06 Фев 2025 08:11
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

экенин айырмалай албай калдык. Жапжаш жигиттер эки аял коё берген, жапжаш кыздар эки турмуштан ажыраган. Мунун себеби эмнеде? Албетте, мындай учурда күнөөнүн баарын заманга шылтай салып, жашоо-турмуштун оор болуп жатканын колубузга колко кылып кармасак болот. Бирок, бир эле турмуштун оорчулугу бул нерсеге себеп болуп жатпаганы көрүнүп эле турат. Адамдар ачарчылыкка белчесинен батып, бир чөйчөк талкан менен кыштан чыккан учурларда деле ажырашуу деген нерсе жок эле го. Менимче, кептин баары ыймандан алыстап, ата-бабанын баалуу каадасын унутуп бара жатканыбызда болсо керек. Илгертен эле ата-эненин эң негизги максаты уул үйлөп, кыз чыгаруу болгон. "Ушул баламды үйлөп өлсөм, арманым жок эле" - деген аталардын сөзүн көп эле угуп калчубуз. Жашыраак аял кайтыш болсо "Байкуш аял, кызын да турмушка чыгара элек эле" - деп кайгырып калчу апалар. Демек, бала үйлөп, кыз узатуу абдан маанилүү да, машакаттуу да иш болгон. Уулуна ылайыктуу кыз издеп ата-эне жер кезип, эл кыдырган. Ылайыктуу кыз табылса, алгач ага жуучуга барышкан. Жуучулугун кабыл кылышса, сөйкө салуу үчүн барышкан, жеңелер. Эки жак тең элди чакырып, тойду качан өткөзүшөрүн кеңешкен. Тойго эркектер эркектик, аялдар аялдык камылгасын көрүшкөн. Бир канча айлап, кээде жылдап келиндин себин даярдашкан. Ошентип той белгиленип, кыздын үйүнөн нике кыйылып, келин кайын журтуна жөнөтүлгөнчө бир канча каадалар жасалган. Мына ушундай барктуу да баалуу да каада менен үйлөнгөн эки жаш никенин, үйлөнүүнүн баркын билишкен. Алар жыйырма ак Мерседес менен шаарды башына так көтөрүп кыйкырып, айланып чыгышпаса да, үйлөнгөн күнү алардын эсинен өмүр бою чыккан эмес. Ата-эне кызга жуучу болгон күндөн баштап, кыз менен баланын жүрөк түпкүрүндө пайда болгон таттуу сезим уламдан-улам күчөп отуруп бири-биринен ажырагыс болуп ширелип калган. Ал эми азыркы үйлөнүүлар болсо, жогоруда айтылган жеңил "сүйүү" менен коштолууда. Интернеттен, көчөдөн, дискотекадан, театрдан тааныша калып, "сүйүшүп- күйүшүп" үйлөнө калган турмуштун аягы "сөгүшүп- тебишүү" менен аяктабай эмне кылсын. Баса, той демекчи, көпчүлүк ажырашуулар дал ушул тойдон улам болуп жатканы да жашыруун эмес. Кафеге, той канага адамдарды чакырып алып, аракка тоюп алган кудалар бири-бирин жакалып жүрсө, аларды көргөн күйөө-кыздан эмнени үмүт кылса болот? Күрүү-күү, ызы-чуу менен коштолгон тойдун эртеси да ызы-чуу менен аяктабай койбойт тура. "Эсиң барда этегиңди жап" - дейт элибизде. Бизге да этегибизди жапчу убакыт келип, андан ары өтүп бара жаткансыйт. Кыздарыбыз кыргыздан жарытылуу эр таппай четке кетип жатышат. Эркектерибиз аял-бала бага албай үй күчүк болуп казандын башында олтурат. Кайран кыргыздын "Кыргыз" деген аты эле калып, заты жоголуп барат. Эртерээк эсибизге келип, ата-бабадан бери кылы кыйшайбай келген ыйманыбызды сактап, каада-салтыбызды жоготпой кармап калбасак, жакында башка элдин сөзүн сүйлөп, жолун жолдоп, өз жеринде өзгөгө кор болгон тексиз "элге" айланып каларыбыз турган кеп.

happiness
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   aizirek...   20 Ноябрь 2018 - 14:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 689
  • Катталган: 05 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 09:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Екатеринбург

Экоо тен эле кыйын
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Sagyn.91   21 Ноябрь 2018 - 20:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 565
  • Катталган: 26 Май 16
  • Соңку аракети: 19 Янв 2025 19:49
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ата-бабам өткөн жер...

Уйлоно элек болсом да байкаштырыып журом. Кээде караап корсок, Уй було кээбирооно оюнчуктай эле болуп калыптыр.
Бугун уйлонуп, эртен ажырашканын угасын, коросун. Аялына очошуп эртеси кыз алып качып келгендерине кантесин.

Демек кээбирооно экоотен эле оной экен деп койдум.

Антип билип-билбей эле чон суйлоп коем,
Тообо, Кудай сактасын, бизде да уул-кыз бар деп жаканы кармайм, сабырдуу болсон баарын женесин деп. Сразу ажырашканды ойлобой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Rembo2018   23 Ноябрь 2018 - 19:25

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 9
  • Катталган: 04 Ноябрь 18
  • Соңку аракети: 26 Янв 2019 20:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Каракол

Андай болбой еле койсун.азыр коп жаштар ойлонбой.1-2ай
суйлошуп.суйом куйом деп уйлонуп алып кайра ажырашып жатышат.албетте ажырашкан оор.ортодо бала болсо андан дагы оор.бала кыйналат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   vikidiki   29 Декабрь 2018 - 11:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 646
  • Катталган: 16 Февраль 18
  • Соңку аракети: 10 Фев 2021 00:49
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Экоо тен оор кимдир бироолор учун. А кимгедир эски буюмун ыргытып жанысын алгандай эле жепженил. Негизи коом куноолуу. Ошол коом ушундай деп ан сезим баш ийген учун куноолуу. Жашоо шарт десен, жооок, илгери деле куйоолору ичип келген, сабаган, ала жипти аттаган, кайын энелери корбогонду коргозгон, жокчулукта жашап келишкен кыргыздар. "Эл эмне дейт? "деген тушунук бар болчу анда. "Коой балдар эмне болот? "деп чыдап жашай беришчу. Эркектерибиз ичсе да, соксо да уй булону сактап келиишчу. Ойноп кулуп кетишсе да кайра баягы эле аялына кайтып келишчу. Азыр эмне? коом бузулду. Элдин ан сезими озгорду. "Качанкыга чейин чыдайсын? Сенин эмнен кем? Сен деле адамсын да? Сени эч ким карабай калат бекен?" ж. б у. с. угуттоолор коп азыр. "Кыз толтура, чекесинен чертип алып алам"деп дердейген эркектер толтура. Эми баары эмес конечно. "Эрин жыргатпагандан кийин, озум эле ал жок сонун жашайм"деп кетишет Тээ Турцияны, Россияны коздой аялдарыбыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Sushi_wok   29 Декабрь 2018 - 17:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Турмуш куруу оной, жашап кетуу кыйын.
Ажырашып кетуу деле оной, сактап калуу кыйын. Азыр копчулугу жоопкерчиликти сезишпейт.
Уйбулодо аял оз ордун, эркек оз ордун билсе, экоо тен оз жоопкерчиликтерин мойнуна ала билсе баары оз жолуна тушот. Уйбулодо туура онугуу болсо, балдарга туура тарбия берилсе, анан коом да онолот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Kyrgyz_bloger   06 Январь 2019 - 07:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 021
  • Катталган: 12 Март 17
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:36
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чындык жашаган жер.

Менин оюмча ар кимге ар кандай го кээ бирлер уйлоно албай журот кээ бирлер экинчисин учунчусун алып жиберет
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Pandora   21 Январь 2019 - 02:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 082
  • Катталган: 14 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 26 Сен 2020 20:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ата-энемдин журогу...

Мен үчүн,экөөсү тең оор.
Мен дуйнону апам менен тааныгам..... ...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Asers99   22 Январь 2019 - 18:28

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 55
  • Катталган: 17 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 31 Янв 2019 05:10

Уйлонуу оной, ажырашуу кыйын. Себеби, эч ким озун зордоп уйлонбойт. Жакшы коруп алат, убарачылык чыгым да болгону мн аялындын кылыктары жакпай баратса, конулун калат, туугандарына жакпаса тем более алысташат. Ошондо ажырашуудан башка аргасын издебейсин, аялына камкордугун конулун, зынаа дегендер башталат. Конулун жок болсо,жаткын келбейт го. Ортодо бала болсо, ажырашуу татаал болот. Кээ бир уйбулону бала гана бекемдеп тургандарын коргом, ортодо балабыз бар учун жашайбыз дегендер толтура. Эми ар кимге, ар кандай ситуацияда бири женил, бири оор болушу мумкун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Мен кыргызмын!
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 14 Авг 2025 22:31

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: